Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 15-марты № 1-дп
Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссияны түзүү тууралуу
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык, мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда берүүчүлөр (подрядчылар) үчүн мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда тең жана адилет шарттарды түзүү максатында, ошондой эле даттанууларды жана кайрылууларды объективдүү кароо үчүн,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия өз ишинде мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарды жетекчиликке алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 149-п "Даттанууларды жана нааразылыктарды, ошондой эле ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү үчүн сунуштарды кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаменти ушул буйрукту баардык кызыктар жактарга жеткирсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы Баямановага З.Э. жүктөлсүн.
Министр |
| А.Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 1-дп буйругуна тиркеме |
Жумабаев Д.Э., Кыргыз Республикасынын Соода-өнөржай палатасынын "Кыргызэкспертиза" департаментинин жетекчисинин орун басары, Көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Жолдошев Н., "Айкын бюджет үчүн" альянсынын юридикалык жактардын бирикмесинин эксперти, Көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
- Кадыркулов Б.А., Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин инфраструктура жана мамлекеттик сатып алуулар секторунун бөлүм башчысы;
- Шарипов М.З., Кыргыз Республикасынын Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитетинин сатып алуулар башкармалыгынын начальниги;
- Советов С.К., Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин экономика, финансы жана ички аудит башкармалыгынын башкы адиси;
- Эшенкулова А.А., Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казынасынын нак акчаларды болжолдоо жана контракттарды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси;
- Байханов И.А., Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адиси;
- Тупчибаева А.А., Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин уюштуруу-техникалык жана финансыны камсыздоо башкармалыгынын уюштурууну колдоо жана сатып алуулар бөлүмүнүн бөлүм башчысы - сатып алуулар боюнча адиси;
- Молдокулов К.А., мамлекеттик сатып алуулар боюнча көз карандысыз эксперт.