Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 14-марты № 2
"Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү методикасын бекитүү жөнүндө"
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын электр энергетикалык тармагынын туруктуу өнүгүшүн, ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, ошондой эле электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди белгилөө үчүн эсептөө жол-жобосунун ачыктыгын жогорулатуу максатында
БУЙРУК КЫЛАМЫН:
1. Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пресс-катчы ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде:
- "Эркин Тоо" гезитине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин веб-сайтына жарыяласын.
3. Укуктук камсыздоо бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоо үчүн жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор | Т.Нурбашев |