Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 14-мартындагы № 2 буйругуна тиркеме |
Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү МЕТОДИКАСЫ
(КР Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2017-жылдын 19-октябрындагы № 2, КР Энергетика министрлигинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 01-13/177, КР Энергетика Министрлигинин 2022-жылдын 2-декабрындагы, 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 01-13/238 буйруктарынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүүнүн ушул методикасы (мындан ары - Методика) "Электр станциялары" ААКнын, "Бишкек жылуулук тармагы" ААКнын, "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин, "Бишкек жылуулук энергиясы" КИнин ишине, ошондой эле башка жылуулук менен жабдуучу ишканаларга (мындан ары - жылуулук менен жабдуучу ишканалар) колдонулат.
(КР Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2017-жылдын 19-октябрындагы № 2 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Методиканын максаттары жана милдеттери
2. Методиканын негизги максаты жылуулук менен жабдуучу ишканалардын продукциясынын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын түзүү принциптерин аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди белгилөө болуп эсептелет.
3. Методика төмөнкү милдеттерди аткарат:
- керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздоонун коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү жылуулук менен жабдуучу ишканалардын өндүрүштүк чыгымдарын техникалык негизделишин камсыздоо;
- жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу, берүү жана бөлүштүрүү процессинде технологиялык өндүрүш процессинин стадиялары боюнча продукциянын чыныгы экономикалык наркын чагылдыруу;
- жылуулук энергиясына (продукциянын, жумуштардын жана кызматтардын башка түрлөрүнө) тарифти аныктоо үчүн жылуулук менен жабдуучу ишканаларда энергияны иштеп чыгаруунун, берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн пландалган, эсепке алынган жана калькуляцияланган чыгымдарын негиздөө;
- жылуулук менен жабдуучу ишканаларда жылуулук энергиясынын (продукциянын, жумуштардын жана кызматтардын башка түрлөрүнүн) өздүк наркын аныктоо боюнча жалпы принциптерди жана эрежелерди көрсөтүү.
3. Методикага сереп
4. Ушул Методика отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ОЭКти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жылуулук менен жабдууга жана ысык суу менен жабдууга тарифтерди түзүүнүн тартибин аныктайт. Биринчи этапта чыгымдар суммаланат. Экинчи этапта алынган жыйынтык бөлүктөргө аларды керектөөчүлөрдүн ар бир тобуна бекитүү менен бөлүнөт. Үчүнчү этапта керектөөчүлөрдүн ар түрдүү топторуна бөлүнгөн чыгымдарды төлөөчү тарифтер иштелип чыгат.
Методиканын продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү этаптары:
1) Компаниянын талап кылынган кирешесин баалоо: пайдалануу сарптоолорун жана капиталдык чыгымдарын кучагына алууну талап кылат.
2) Талап кылынган кирешени керектөөчүлөрдүн топторунун арасына бөлүштүрүү.
3) Акыркы керектөөчүлөр үчүн тарифтерди иштеп чыгууда керектөөчүлөрдүн ар бир тобу үчүн тарифтер талап кылынган кирешени жабууга тийиш.
Компаниянын талап кылынган кирешесин баалоо жана акыркы керектөөчүлөр үчүн тарифтерди иштеп чыгуу бардык чыгымдарды чагылдыруу менен байланышта болууга тийиш.
5. Ушул Методикага ылайык кабыл алынган чечимдер төмөнкүчө төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) Талап кылынган киреше "талап кылынган кирешенин негизиндеги ыкманы" пайдалануу менен суммаланат. "Талап кылынган кирешенин негизиндеги ыкма" карызды тейлөөнүн чыгымдары (негизги сумма жана пайыздар боюнча төлөмдөр), ошондой эле оңдоого ар жылдык чыгымдар талап кылынган кирешеге кирет. Акча каражатына муктаждык ыкманын негизине жатат, анткени иш жүзүндө талап кылынган сумманы пайдалануу тарткан чыгымдарды так негиздөөгө мүмкүндүк берет.
2) Чыгымдарды бөлүштүрүү процесси маалыматтардын болушун талап кылат. Керектөөчүлөрдүн топтору арасында чыгымдардын статьяларын пропорциялуу бөлүштүрүү үчүн керектөөчүлөр жөнүндө маалыматтардын негизинде эсептелген пайыздык катышта чыгымдар керектөөчүлөрдүн топторуна тиешелүү. Чыгымдарды бөлүштүрүүнү аныктаган факторлор жалпы керектөө жана керектөөчүлөрдүн саны болуп эсептелет.
3) Тариф боюнча чечимдер социалдык таасирин жана жеткиликтүүлүгүн эсепке алуу менен кабыл алынат. Тариф продукциянын баасы катары социалдык түзүүчүнү өз ичине киргизбейт же чарбакер субъекттердин эсебинен камсыз кылынат.
4. Талап кылынган киреше
6. "Талап кылынган киреше" - бул ар бир жылуулук менен жабдуучу ишкана тарткан чыгымдардын жыйындысын жабуу үчүн жетиштүү пландык киреше. Талап кылынган кирешенин чоңдугу төмөнкүчө аныкталат:
RR = DS + WC + CR + R + PC + AC - ELA - OR
мында:
- RR - талап кылынган киреше;
- DS - кирешени тейлөө боюнча милдеттенмелер;
- WC - айланма капиталды каржылоо үчүн тартылган каражаттарды тейлөө менен байланыштуу чыгымдар;
- CR - оңдоо, капиталдык салымдар жана техникалык тейлөө боюнча чыгымдар сметасы менен каралгандар;
- R - оңдоо жана алмаштыруу үчүн резервдеги эсеп;
- PC - өндүрүштүк чыгымдар;
- АС - административдик чыгымдар;
- ELA - жылуулуктун ченемден ашыкча жоготууларын эсепке алган түзөтүү;
- OR - кирешенин башка түрлөрүнүн жалпы суммасы.
7. Базалык жыл.
Базалык жыл - бул 12 ырааттуу айдан турган мезгилде чыгымдар жана керектөөнүн көлөмү жөнүндө маалыматтар, ушул 12 айдагы маалыматтар тарифтерди эсептөө үчүн база катары колдонулат. Иш жүзүндөгү базалык жыл өткөн 12 айдын иш жүзүндөгү маалыматтарынын негизинде эсептелет. Пландык базалык жыл - бул алдыдагы 12 айга божомолдонгон же пландалган маалыматтар. Тарифтерди аныктоо үчүн негиз катары пландык базалык жыл колдонулат. Базалык жыл 1-январда башталат жана 31-декабрда бүтөт.
8. Карызды тейлөө.
Жылуулук менен жабдуучу ишканалар өзүнүн чарба ишин каржылоо астында кредиттерди алуу аркылуу карыз милдеттенмесин калыптандырышат. Бул кредиттердин ар жылдык наркы негизги суммадан да, кошуп эсептелген пайыздардан да түзүлөт. Негизги сумма жана бардык жактырылган кредит боюнча пайыздык төлөмдөр жылуулук менен жабдуучу ишканалардын тарифтерине кошулууга тийиш.
9. Жылуулук менен жабдуучу ишканалар кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мүнөзүндөгү зайым капиталын пайдаланышат:
- узак мөөнөттүү зайымдар жеңилдетилген каржылоо түрүндө алынат, алар капиталдык инвестициялардын долбоорлорун каржылоого жөнөтүлөт;
- кыска мөөнөттүү зайымдар операциялык чыгымдарды жабуу үчүн колдонулат.
Жылуулук менен жабдуучу ишканалар акча каражаттарынын тартыштыгын жабуу үчүн кыска мөөнөттүү каржылоону колдонушат.
10. Зайымдардын негизги суммасы жана алардын пайыздары боюнча чыгымдар тарифти түзүүгө ар жылдык арызга Насыялоо жөнүндө макулдашуунун шарттарында кандай жазылса, так ошондой жазылууга тийиш.
11. Жылуулук менен жабдуучу ишканалардын акча каражатынын тартыштыгын жабуу үчүн кыска мөөнөттүү кредиттер акча каражатынын төлөнүшү анын түшүүсүнөн ашкан учурда колдонулат. Жылуулук менен жабдуучу ишканалар кошумча зайымдык капиталды тартуу максатын, ошондой эле каржылоонун күтүлүүчү шарттарын көрсөтүү менен ОЭКти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга отчет жөнөтөт.
12. Айланма накталай капитал.
Айланма накталай капитал тарткан чыгымдар менен алган пайданын арасындагы айырманы жабуу үчүн талап кылынган кирешеге киргизилген каражаттардын суммасы болуп эсептелет. Айланма накталай капиталдын талап кылынган кирешеге киргизилген суммасы 45 күн мурун компаниянын кирешесинин өлчөмүндө жана пайызды кошуп эсептөө менен белгиленет.
13. Айланма накталай капиталды каржылоо үчүн тартылган каражаттарды тейлөө менен байланышкан чыгымдар төмөнкү формуланы пайдалануу менен эсептелет:
Мында:
- WC - айланма накталай капиталды каржылоо үчүн тартылган, талап кылынган кирешеге кошулган каражаттарды тейлөө менен байланышкан чыгымдар;
- AR - тарифтер күчүнө кирген жылы болжолдонгон киреше;
- IR - КР коммерциялык банктар тарабынан насыялоонун орточо ставкасы.
14. Оңдоо, капиталдык салымдар жана техникалык тейлөө.
Оңдоо - бул объекттин бузугун же иштешин калыбына келтирүү жана объекттин ресурсун же анын курамдык бөлүктөрүн калыбына келтирүү боюнча операциялардын комплекси.
Техникалык тейлөө - жабдууну максатына карай пайдаланууда, күтүүдө, сактоодо жана ташууда иштешин же бузугун колдоо боюнча пландалган иш.
Капиталдык салымдар - жаңы активдерге, кайра конструкциялоого, модернизациялоого жана колдонуудагы активдерди алмаштырууга салуу менен байланыштуу тарткан чыгымдар.
15. Сунушталган чыгымдарды негиздөө үчүн жылуулук менен жабдуучу компаниялар үч жылдык иш мезгилине пландалган капиталдык салуулардын планын көрсөтөт.
16. Үч жылдык план оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча пландалган иштерди, ошондой эле үч жылдык мезгилге болжолдонгон чыгымдарды камтууга тийиш. Үч жылдык план төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
1) Аналитикалык сереп. Капиталдык оңдоонун, негизги оңдоо муктаждыктарынын жакынкы долбоорлорун, ошондой эле кийинки үч жылга милдеттерди кыскача жалпылоо.
2) Компаниянын активдерине сереп. Компаниянын активдери жөнүндө маалымат (кубаттуулук, тилкелик километраж, кызматтын мөөнөтү).
3) Пландалган долбоорлордун резюмеси. Пландалган мезгилге техникалык тейлөө боюнча бардык жумуштарды көрсөткөн таблица. Ар бир пландалган долбоор үчүн төмөнкү деталдар келтирилүүгө тийиш:
- долбоордун номери. Жылуулук менен жабдуучу ишканалар белгилөөнүн жеке форматын, эгер ал тутумдук болуп калса, колдоно алышат;
- жайгашкан орду. Ишкананын же долбоорго киргизилген жалпы тейленүүчү аймактын так жайгашкан дареги;
- жыйынтыкталган маалымат. Долбоорду, анын ичинде аны жүргүзүүнүн негиздемесин кошуп жалпылоо;
- долбоордун бюджети. Жыйынтыктаган наркын көрсөтүп жана жылдарга бөлүү менен долбоордун эсептик наркы;
- тейлөө сапатынын деңгээли боюнча максаттар. Жылуулук менен жабдуучу ишкана ар бир жыл үчүн план түрүндө тейлөө сапатынын деңгээли боюнча максаттарын иштеп чыгат. Бөлүштүрүүчү жана берүүчү компаниялар ЖЭБ (отканалар) иши боюнча жоготууларды кыскартуу боюнча максаттуу көрсөткүчтөрүн белгилешет.
17. Оңдоо иштеринин максаттарына жыл сайын өздөштүрүлгөн сумма пайдаланылуучу жабдуунун наркына жана анын кызмат кылуу мөөнөтү кошулууга тийиш. Мурдагы жылга салыштырмалуу оңдоого бюджетти жогорулатуу сунушу мындай жогорулатууга болгон муктаждыкты негиздеген бир топ кеңири маалымат берүүнү талап кылат.
18. Оңдоо жана алмаштыруу.
Талап кылынган кирешеге жабдууларды авариялык оңдоо (иштөө) алмаштыруу үчүн каражаттарды которуу үчүн белгилүү бир сумма кошулат. Бул эсепте каражаттардын көлөмү компаниянын активдеринин баштапкы наркынан пайыздык үлүш менен чектелет. Аталган пайыздык үлүш жылуулук менен жабдуучу компаниялардын иш жүзүндөгү чыгымдары жөнүндөгү маалыматтардын негизинде акыркы 3 жылдагы орточо деңгээлде планды эмес (авариялык) оңдоого (иштөөгө) жана техникалык тейлөөгө эсептелет.
Жылуулук менен жабдуучу ишканалардын финансы отчетторунда бул которуулар өзүнчө статья менен берилет. Тарифти түзүү үчүн финансы отчетторун жыл сайын берүүнүн жүрүшүндө ишканалар мындай статьялардын ар жылдык балансы боюнча жыйынтыкталган маалыматтарды берет.
19. Өндүрүштүк чыгымдар.
Жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга чыгымдар (жумуштар, кызматтар) төмөнкү элементтер боюнча алардын экономикалык түзүлүшүнө ылайык топтолот:
- материалдык чыгымдар;
- эмгек акы төлөөгө чыгымдар;
- камсыздандырууга чегерүүлөр;
- башка чыгымдар;
- салыктар.
1) Материалдык чыгымдар
Материалдык чыгымдардын наркы төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
- сатып алуунун баасы (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, салыктарды (КНС) жана акциздерди эсепке албастан);
- ушул ресурстарды жеткирүүчүлөр тарабынан берилген кредитти алууга пайыздардын төлөмү;
- бажы алымдарынын наркы;
- тараптагы уюмдардын күчү менен ташууга, сатууга жана жеткирүүгө чыгымдар.
Материалдык чыгымдар төмөнкү статьялардан турат:
"Өндүрүштүк эмес мүнөздөгү кызматтар" статьясы
"Өндүрүштүк эмес мүнөздөгү кызматтар" элементине өндүрүштүк мүнөздөгү уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга чыгымдар салыктарды эсепке албастан (КНС) кирет:
- жабдуунун оңдоо, продукция жасоо, чийки затты жана материалдарды иштетүү, керектелүүчү чийки заттын жана материалдардын сапатын аныктоо үчүн сыноолорду жүргүзүү, белгиленген технологиялык процесстердин сакталышын контролдоо, негизги өндүрүштүк фонддорду оңдоо боюнча өзүнчө операциялардын тараптагы уюмдардын аткарышы;
- ишкананын ичинде жүктөрдү ташуу боюнча тараптагы уюмдардын транспорттук кызматтары (чийки затты жана материалдарды, шаймандарды, деталдарды, даярдыктарды, жүктүн башка түрлөрүн базистик (борбордук) кампадан цехтерге (бөлүмдөргө) жылдыруу жана даяр продукцияны сактоо кампаларына, жөнөтүү станцияларына жеткирүү).
"Көмөкчү материалдар" статьясы
Көмөкчү материалдардын чыгымдары төмөнкүлөрдүн наркынан түзүлөт:
- иштелип чыгуучу продукциянын негизин түзүү менен анын курамына кирген же продукцияны жасоодо (жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө) зарыл курамдык бөлүгү болуп эсептелген чийки зат жана материалдардан алынуучу;
- продукцияны (жумуштарды, кызматтарды) өндүрүү процессинде нормалдуу технологиялык процессти камсыз кылуу, продукцияны таңгактоо үчүн сатып алынуучу же башка өндүрүштүк жана чарба муктаждыктарына (сыноо, контроль жүргүзүү, жабдууну, имараттарды, курулмаларды, башка негизги фонддорду кармоо, оңдоо жана иштетүү) сарпталуучу материалдардын;
- жабдууну, аспаптарды, куралдарды, инвентарларды, шаймандарды, лабораториялык жабдууларды жана башка материалдарды оңдоо үчүн камдык бөлүктөрдүн, негизги фонддорго кирбеген атайын кийимдердин;
- ушул ишканада андан ары куралуучу же кошумча иштетилүүчү сатып алынуучу себилдөөчү буюмдардын жана чала фабрикаттардын.
Материалдык ресурстардын наркына материалдык ресурстарды жеткирүүчүлөрдөн алынган идишти сатып алуу жана таңгактоо боюнча ишкананын чыгымдары да ушул идиштин баасы бул ресурстарга баадан өзгөчө жогору белгиленген учурларда пайдаланууга мүмкүн болгон баа боюнча ушул идиштин наркын эсептен чыгаруу менен кошулат. Материалдык ресурстарды жеткирүүчүдөн алынган идиштин наркы анын баасына кошулган учурда аны сатып алуу боюнча чыгымдардын жалпы суммасынан идиштин аны пайдалануу мүмкүндүгү же сатуу баасы боюнча идиштин наркынан чыгарылат (материалдар жагынан аны оңдоого чыгымдарды эсепке алуу менен).
Материалдык ресурстарды транспорт жана жылуулук менен жабдуучу ишканалардын кызматкерлери тарабынан жеткирүү (жүктөө-жүк түшүрүү иштерин кошуп) менен байланыштуу чыгымдар өндүрүштүн чыгымдарынын тиешелүү элементтерине (эмгек акы төлөөгө чыгымдар, негизги фонддордун амортизациясы, материалдык чыгымдар) кошууга жатат.
Көмөкчү өндүрүштүн продукциясынын наркына кошулуучу материалдардын чыгымдарынан кайтарылма калдыктардын наркынан чыгарылат. Өндүрүштүн кайтарылма калдыктары катары баштапкы материалдарды даяр продукцияга айландыруу процессинде пайда болгон, баштапкы материалдын керектелүүчү сапаттарын (химиялык же физикалык касиеттерин ж.б.) толугу менен же жарым-жартылай жоготкон же түздөн-түз максаты боюнча такыр пайдаланылбаган чийки заттын, материалдардын же чала фабрикаттардын калдыктарын түшүнүүгө болот.
Калдыктарга башка деталдарды же буюмдарды жасоо үчүн толук кандуу материал катары субъекттин башка цехтерине белгиленген технологияга ылайык берилүүчү материалдардын калдыктары кирбейт.
Калдыктарга коштоочу (байланыштуу) продукция да кирбей, анын тизмеси жылуулук менен жабдуучу ишкананын эсепке алуу саясаты менен белгиленет.
Калдыктар кайтарылма (өндүрүштө колдонулуучу жана колдонулбоочу) жана кайтарылбас болуп бөлүнөт. Өндүрүштө колдонулуучу кайтарылма калдыктар болуп субъекттин өзү негизги же көмөкчү өндүрүштү жасоо үчүн колдонгон калдыктар эсептелет. Кайтарылбас калдыктар техниканын ушул абалында колдонулбаган калдыктар эсептелет, технологиялык жоготуулар: күйүү, кургоо, учуп кетүү ж.б.у.с.
Өндүрүштө колдонулбаган кайтарылма калдыктар болуп субъекттин өзү материал, отун катары, башка чарба муктаждыктарына колдонулушу же тараптарга сатылышы мүмкүн.
Кайтарылма калдыктар төмөнкү тартипте бааланат (кайтарылбас калдыктар бааланбайт):
- баштапкы чийки заттын жана материалдардын төмөндөтүлгөн баасы боюнча (пайдалануу мүмкүн болгон баа боюнча), эгер калдыктар жогорку чыгымдар менен (даяр продукциянын төмөн чыгышы менен) негизги өндүрүш үчүн колдонулса же көмөкчү өндүрүштүн муктаждыктары же кеңири керектелүүчү буюмдарды (маданий-тиричилик багытындагы жана күндөлүк тиричилик товарларын) жасоо үчүн колдонулса;
- калдыктарды жыйноо жана иштетүү чыгымдарын эсептен чыгаруу менен аларга белгиленген баалар боюнча, ал эми калдыктар, кесиндилер, кырынды жана башкалар субъекттин ичинде кайра иштетүүгө кетет же тарапка өткөрүлөт;
- баштапкы чийки заттын же материалдардын толук баасы боюнча, эгер калдыктар тарапка кондициялык чийки зат же толук кандуу (толук кандуу материал) катары пайдалануу үчүн сатылган учурда.
"Технологиялык максаттарга отун" статьясы
Бул статья боюнча жылуулук энергиясын өндүрүүгө түз сарпталган шалган технологиялык отундун гана наркы чагылдырылат.
Ушуга салыктарды эсепке албастан тарап сатып алган отундун түрлөрүнүн гана наркы кошулат, отундун чыгымдары белгиленген ченемдердин жана аны төмөнкүлөргө керектөөнүн негизинде аныкталат:
- белгиленген иштеп чыгарууга, продукцияга бирдигине жана шарттуу отундун бир тоннасынын баасына отундун орточо сарпталышына ылайык жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу боюнча технологиялык муктаждыктарга;
- технологиялык максаттарга отунду сарптоого казандарды оңдоодон кийин кургатууга, от жагууга жана ысык резервге анын сарпталышын эсепке алуу менен отканада сарпталган бардык отун кошулат.
Өндүрүштө сарпталган отун накта өлчөмдөрдө орточо өлчөнгөн иш жүзүндөгү баасы боюнча (сатып алуу жана кампага жеткирүү наркы боюнча), ошондой эле отундун маркасы жана көмүр бассейндери боюнча бааланат, эгер мындай сактоо жана өндүрүштө чыгаруу камсыз болсо.
Отундун толук наркына жеткирүүчүлөрдүн эсептери боюнча келишим баада, отундун төмөн сапаты (күлдүүлүктүн жана нымдуулуктун эсептик ченемдерден четтеши) үчүн баасын түшүрүү (кошумча акы), темир жол тарифи, жүктөө жана жеткирүү боюнча чыгымдар (эгер тараптагы уюмдардын транспорту), бажы алымдары жана жылуулук менен жабдуучу ишканалардын сактоо кампаларына чейин башка чыгымдарды кошуу менен отундун наркы кирет.
Өндүрүшкө газды сарптоо газ жеткирүүчүнүн эсеби жана жылуулук электр борборлорунда жана отканаларда орнотулган газ эсептегичтердин айдын аягындагы көрсөткүчтөрү боюнча алынат.
"Күйүүчү-майлоочу материалдар" статьясы
Күйүүчү-майлоочу материалдарга чыгымдарда өндүрүштү, чарбаны тейлеген негизги, көмөкчү өндүрүштүн цехтеринде технологиялык максаттарга жана чарба муктаждыктарына сарпталган сатып алынуучу отундун бардык түрлөрүнүн (бензин, дизел отуну, автол, дизел майы, солидол жана башка түрлөрү) наркы салыктарды (КНС) эсепке албастан чагылдырылат.
"Электр энергиясы" статьясы
Бул статьяда көмөкчү өндүрүштүн цехтеринде технологиялык жана чарба муктаждыктарына жана ишкананын чарба муктаждыктарына (жайды, материалдык кампаларды ж.б. өндүрүштүк эмес имараттарды жарык кылуу жана жылытуу) сарпталган, жеткирүүчүлөрдүн эсеби боюнча төлөнгөн сатып алынуучу электр энергиясынын бардык түрлөрүнүн наркы салыктарды (КНС) эсепте албастан чагылдырылат.
"Жылуулук" статьясы
Жылуулук энергиясынын бул статьясында көмөкчү өндүрүштүн цехтеринде технологиялык жана чарба муктаждыктарына жана ишкананын чарба муктаждыктарына (жайды, материалдык кампаларды ж.б. өндүрүштүк эмес имараттарды жарык кылуу жана жылытуу) сарпталган, жеткирүүчүлөрдүн эсеби боюнча төлөнгөн сатып алынуучу жылуулуктун бардык түрлөрүнүн наркы салыктарды (КНС) эсепте албастан чагылдырылат.
"Толтуруучу суу" статьясы
Борбордук жылытуу системасында суунун агып кетүүсүнүн натыйжасында жоголгон же иштетилген сууну толтуруу үчүн сууну алуу менен байланыштуу ишкана тарткан чыгымдар.
2) Эмгек акы фонду
Жылуулук менен жабдуучу ишканалардын негизги өндүрүштүк кызматкерине эмгек акы төлөмү төмөнкүлөрдөн турат:
- ишкананын негизги өндүрүштүк персоналына мыйзамдарга ылайык төлөнүүчү эмгек акы төлөмүнө чыгымдар;
- мыйзамдарга ылайык бала белгилүү бир жашка жеткенге чейин багуу боюнча жарым-жартылай төлөнүүчү өргүүдө жүргөн аялдарга мыйзамдарда белгиленген өлчөмдөрдө төлөнүүчү компенсациялар.
Эмгек акы төлөмүнө чыгымдардын курамына төмөнкүлөр кирет:
- коюлган баалардын, тарифтик ставкалардын жана кызмат акынын негизинде эсептелген, ишканада кабыл алынган эмгек акы төлөө түрүнө жана системасына ылайык аткарылган ишке эмгек акы төлөмдөрү;
- мыйзамдарга ылайык тарифтик ставкаларга жана эмгек акыга кошумча акылар;
- иш режимине жана иштөө шарттарына байланыштуу компенсациялоочу мүнөздөгү төлөмдөр, анын ичинде түнкү убакта иштөөгө, мөөнөттөн ашыкча жумушка, көп сменалуу режимде иштөөгө, кесиптерди айкалыштырууга, тейлөө аймагын кеңейтүүгө, оор, зыяндуу, эмгектин өзгөчө зыяндуу шарттарында иштөөгө ж.б.у.с. эмгек акыга жана тарифтик ставкаларга мыйзамдарга ылайык үстөктөр жана кошумча төлөмдөр;
- кайра уюштурууга жана жумушчулардын санын кыскартууга байланыштуу ишканалардан жана уюмдардан бошотулган жумушчуларга төлөмдөр;
- учурдагы мыйзамдарга ылайык иштеген жылдарга сый акы (ушул чарбада адистиги боюнча иштеген жылдарга кошумча акы);
- эмгек акы төлөөнү райондук жөнгө салуу менен шартталган учурдагы мыйзамдарга ылайык төлөнүүчү төлөмдөр, анын ичинде райондук коэффициенттер жана бийик тоолуу жерлерде иштөө үчүн коэффициенттер боюнча төлөмдөр, республиканын айрым региондорунда үзгүлтүксүз эмгек стажы үчүн каралган эмгек акыга кошумча төлөмдөр, анда жаратылыш-климат шарттары өзгөчө (бийик тоолуу, жетүүгө кыйын, элдин жайгашуусу аз, ээн жаткан талаа, кургакчыл, ыраактыгы) райондордо жагымсыз иштөө шарттары үчүн эмгек акыга компенсациялар каралат;
- вахтада иштөө графигинде каралган, ишкана жайгашкан жерден (жыйноо пункту) иштеген жерге чейин жана кайра артка карай жолдогу күндөргө, ошондой эле метеорологиялык шарттар боюнча жумушчулардын жолдо кармалган күндөргө эмгек акынын, тарифтик ставканын өлчөмүндө вахталык усул менен ишти аткарган учурда төлөнүүчү суммалар;
- мамлекеттик уюмдар менен атайын (жумуш күчүн берүүгө) келишимдерге ылайык ишканада иштөө үчүн тартылган адамдарга аткарылган иш үчүн эсептелген, мыйзамдарга ылайык түздөн-түз ушул адамдарга берилген, ошондой эле мамлекеттик уюмдарга эсептелген сумма;
- квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо системасында жумуштан бошотуу менен кызматкерлерди окутуу убагында негизги иштеген орду боюнча эмгек акы.
3) Социалдык камсыздандырууга чегеримдер
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарына: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген ченемдер боюнча жумушчулардын "Эмгек акы" статьясы боюнча товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) наркына кошулган эмгек акысынын (камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелбеген төлөмдүн түрлөрүнөн башка) чыгымдарынан милдеттүү чегерүүлөр чагылдырылат.
4) Башка чыгымдар
Элементтер боюнча бөлүнбөгөн башка чыгымдардын курамына өзүнүн мүнөзү боюнча мурда саналып өткөн элементтердин бирөөнө да түз кирбеген бардык чыгымдар кирет.
Ошону менен бирге бул статьяга төмөнкүлөр кирет:
- ижара төлөмү;
- илимий-изилдөө иштерине, стандартташтырууга жана нормалдаштырууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө чегерүүлөр;
- өндүрүштүк фонддордун курамында эсепке алынган ишкананын, ошондой эле продукциянын (жумушчулардын, кызматтардын) өндүрүшүнө тартылган жумушчулардын айрым категорияларынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу боюнча чыгымдар;
- жылуулук менен жабдуучу ишканалар тарабынан чет элдик валюталарда жүргүзүлгөн операциялар боюнча курстук айырмачылыктар;
- өндүрүштүк ишке байланыштуу иш сапар чыгымдары;
- каттам барактары боюнча көздөгөн жерге барууга төлөм, кыдырма мүнөздөгү ишке компенсация;
- ишканаларды өрттөн жана күзөттөн сактоо боюнча тараптагы уюмдардын кызматтары, байланыш кызматтары, банктар, типография кызматтары, сыноолор, лабораториялык талдоолор боюнча иштер;
- атайын кийимди жуу жана аны оңдоо сыяктуу өзүнүн тейлөөчү чарбасынын кызматтары;
- текшерилген күнгө, кан тапшырууга жана ар бир кан тапшыруудан кийин берилүүчү эс алууга донор - жумушчуларга төлөө;
- жылуулук энергиясын (жумуштарды, кызматтарды) өндүрүүнүн жана жылуулук энергиясына төлөмдү жыйноо боюнча кызматтардын өздүк наркынын курамына кирген чыгымдар.
Бул чыгымдар жабдууну кармоо жана иштетүү боюнча иш жүзүндөгү чыгымдар жана эсептер, цех чыгымдары, жалпы чарба чыгымдары, көмөкчү өндүрүштүн цехтерин кармоо боюнча чыгымдар менен негизделет.
5) Салыктар
Бул элемент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктарды, жыйымдарды жана милдеттүү чегеримдерди өз ичине камтыйт.
20. Административдик чыгымдар
Административдик чыгымдар өндүрүштүн көлөмүнө көз каранды эмес жана сатылган продукциянын же кызматтын так түрү менен байланышпаган туруктуу чыгымдар катары аныкталат. Жылуулук менен жабдуучу ишканалар бул чыгымдарды белгилүү бир мезгилдин ичинде эч нерсе ишке ашырбаган учурда да тартышат.
21. Административдик багыттагы ушул чыгымдарга төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот:
- административдик персоналга кирген жумушчулардын эмгек акысын төлөө;
- мыйзамдарда белгиленген ченемдер боюнча административдик персоналдын эмгек акысын төлөөдөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарына чегерүүлөр;
- жылуулук менен жабдуучу ишканалардын түзүмдүк бөлүктөрүн тейлеген жумушчуларды башкаруу административдик аппаратын кармоо, аларды материалдык-техникалык жана транспорттук тейлөө. Анын ичинде кызматтык жеңил автотранспортун кармоого чыгымдар жана техникалык ченемдерге жана параметрлерге ылайык менчик жеңил автомобилдерди иш сапары үчүн пайдаланууга компенсациялар;
- башкармалыктын техникалык каражаттарын, байланыш түйүндөрүн, сигнализация каражаттарын, эсептеп чыгаруу борборлорун жана башкармалыктын өндүрүшкө тиешелүү болбогон башка техникалык каражаттарын кармоого жана тейлөөгө чыгымдар (жалпы чарбалык максаттагы негизги каражаттардын эскириши, имараттарды, курулуштарды жана жалпы чарбалык максаттагы инвентарга чыгымдар);
- административдик башкаруу системасын жана каражаттарын түзүү (куруу, модернизациялоо) жана өркүндөтүү боюнча чыгымдар капиталдаштырылат жана алардын баланстык наркын көбөйтүүгө тиешелүү;
- субъекттин штаттык расписаниесинде тигил же бул иш кызматтары каралбаган учурда жалпы чарбалык башкаруу боюнча тараптагы уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга төлөө;
- административдик башкаруу аппаратынын персоналынын иш сапар чыгымдары;
- салыктар, жыйымдар жана чегеримдер;
- коммуналдык кызматтарга, жумушчулардын (башкаруу аппаратынын) эмгегин коргоого чыгымдар, жылуулук менен жабдуучу ишкананы коргоого чыгымдар, эмгекти коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү боюнча чыгымдар;
- бейтап барагы боюнча убактылуу эмгекке жарамдуулугун жоготкон учурда кошумча төлөмдөр;
- өндүрүштүк эмес жумушчуларга (башкаруу аппараты) иштеген жылдары үчүн сый акы;
- кеңеш берүү (аудитордук) жана маалыматтык кызматтарды төлөө, анын ичинде тендер өткөрүүгө чыгымдары;
- мекемени кайра уюштуруу. Жумушчулардын санын жана штатты кыскартуу менен байланыштуу бошотулган жумушчуларга (башкаруу аппараты) мыйзамдарга ылайык төлөө.
- жөнгө салынуучу субьекттердин жыл сайын төлөөчү төлөмдөрү.
(КР Энергетика Министрлигинин 2022-жылдын 2-декабрындагы буйругунун редакциясына ылайык)
22. Жоготууга карата түзөтүү.
Жоготууга карата түзөтүү жылуулукту өндүрүү жана сатып алуу боюнча чыгымдардын орточо маанисине көбөйтүлгөн жогоруда аныкталган иреге мааниден жогору жоголгон жылуулук бирдигинин маанисине барабар. Түзөтүүдө талап кылынган киреше ашыкча жоготуунун чоңдугуна карата кыскартылат.
Ченемдик жоготуунун көлөмү жана пайыздары мыйзамдарга ылайык компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат. Жоготуунун ченемден ашкан көлөмү жана пайыздары ченемден ашыкча жоготуулар деп эсептелет.
23. Башка кирешелер.
Жылуулук менен жабдуучу ишканалар чыгымдары жылуулук энергиясынын тарифтерди түзүү үчүн колдонулган негизги өздүк наркынын (түз чыгымдардын) курамына кирген инфратүзүмдүн кандайдыр бир объекттерин же кызматкерлерди пайдалануунун жыйынтыгында алган башка кирешелеринин бардык булактарын көрсөтүүгө тийиш. Жылуулук менен жабдуунун ата мекендик керектөөчүлөрүнө кызмат көрсөтүү менен байланышпаган кирешенин көлөмү талап кылынган кирешенин курамынан чыгарылат.
Керектөөчүлөргө суу алуу менен байланыштуу компания тарткан чыгымдар түз эсептелет. Толтуруучу суунун наркы талап кылынган кирешеде эсепке алынат. Талап кылынган кирешеден мындай келип түшүүлөрдү чыгаруу толтуруучу сууга эки жолу чыгымдарды жабуу үчүн каражаттарды өндүрүп алуудан алыс болууга мүмкүндүк берет.
24. Жылуулук электр станциялардын чыгымдарын бөлүштүрүү.
Талап кылынган кирешенин өлчөмү жылуулук үчүн өзүнчө жана электр энергиясы үчүн өзүнчө аныкталат. Жылуулук энергиясы боюнча талап кылынган кирешенин өлчөмү кызматтын ушул түрүн көрсөтүү менен байланыштуу тарткан чыгымдарды чагылдырууга тийиш. Энергетика кызматтарын көрсөтүү менен байланыштуу жылуулук электр станциясы тарткан чыгымдар үч бөлүккө - гидроэлектр станциялары, жылуулук электр станциялары жана административдик функцияларга бөлүнөт.
1) Гидроэлектр станциялары
Гидроэнергетика менен байланыштуу бардык чыгымдар электр энергиясы боюнча кызматтарга кирет. Гидроэлектр энергиясынын экспортунан түшкөн киреше жылуулук электр энергиясы тарткан чыгымдарды субсидиялоо үчүн пайдаланууга тийиш. Субсидиялоонун өлчөмү жылуулук электр станциянын өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө электр энергиясы канча үлүштү, ал эми жылуулук энергиясы канча үлүштү түзөрүнө ылайык электр жана жылуулук энергиясынын арасында пропорциялуу бөлүштүрүлөт.
2) Жылуулук электр станциялары
Жылуулук электр станциялары жылуулук да, электр да энергиясын беришет. Жылуулук электр станциялардын чыгымдары чыгымдардын конкреттүү статьясына коюу менен иштеп чыгууга ылайык болууга тийиш. Чыгымдардын (өндүрүштүк чыгымдар) жана туруктуу иштеп чыгаруунун (карыз милдеттенмелерин тейлөө, ошондой эле капиталдык оңдоо жана техникалык тейлөө) негизинде бөлүштүрүүнүн ыкмалары:
25. Жылуулук электр станциялардын өндүрүштүк чыгымдары
Өзгөрүлмө чыгымдар (анын ичинде отун) иштелип чыгуучу жылуулук жана электр энергиясынын көлөмүнө ылайык жылуулук энергиясына же электр энергиясына пропорциялуу болот. Жөнөкөйлөтүү үчүн электр да, жылуулук энергиясы да бир эле бирдик менен өлчөнөт. Иштелип чыккан жылуулук энергиясынын саны жылуулук коэффициентине көбөйтүлөт (1 ГКалл = 1163 кВтс) жана кВтсга которулат. Электр станциясы тарабынан иштелип чыккан жалпы көлөм төмөнкү формула аркылуу эсептелет:
W = E + Q
Мында:
- W - иштелип чыккан энергиянын жалпы көлөмү (кВтс);
- Е - иштелип чыккан электр энергиясы;
- Q - иштелип чыккан жылуулук энергиясы.
Жалпы иштеп чыгууда электр жана жылуулук энергиясынын үлүшү өзгөрүлмө чыгымдарга кошуу үчүн пайдаланылат. Чыгымдар үлүштөрдүн төмөнкү коэффициенттерине ылайык кошулат:
Мында:
- - электрдин үлүшүнүн коэффициенти;
- - жылуулук энергиясынын үлүшүнүн коэффициенти.
Жогоруда аталган жол жылуулук энергиясынын өздүк наркынын чукул кымбатташына алып келерин эске алып, чыгымдарды бөлүштүрүүнүн өзүн актоочулугун камсыз кылган жылуулук энергиясына тарифтерди колдонууга чейин шарттуу отундун сарпталышына пропорциялуу жүргүзүү керек.
26. Карызды тейлөө, оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча жумуштар. Бардык туруктуу чыгымдар (карызды тейлөө жана оңдоо боюнча чыгымдар) энергиянын ар бир түрү боюнча белгиленген кубаттуулуктун негизинде бөлүштүрүлөт.
Cw = Ce + Cq
мында:
- Cw - белгиленген жалпы кубаттуулук;
- Ce - электрди иштеп чыгаруунун белгиленген кубаттуулугу;
- Cq - жылуулук энергиясын иштеп чыгаруунун белгиленген кубаттуулугу.
Бардык чыгымдар үлүштөрдүн төмөнкү коэффициенттерине ылайык бөлүштүрүлөт:
Мында:
- - электрдин үлүшүнүн коэффициенти;
- Pq - жылуулук энергиясынын үлүшүнүн коэффициенти.
27. Административдик чыгымдар.
Административдик чыгымдар белгиленген кубаттуулуктун негизинде жылуулук жана электр энергиясынын арасында бөлүштүрүлүүгө тийиш (бул учурда электр энергиясы боюнча белгиленген кубаттуулук - гидроэнергия боюнча жана жылуулук электр станциясы иштеп чыгарган электрдик түзүүчү боюнча кубаттуулуктардын суммасы).
5. Тарифти түзүү жана талап кылынган кирешени бөлүштүрүү
28. Талап кылынган кирешени бөлүштүрүү
Талап кылынган кирешени бөлүштүрүү бул талап кылынган кирешенин бөлүктөрүн керектөөчүлөрдүн ар бир тобуна бекитүү процесси. Топтор боюнча талап кылынган кирешенин көрсөткүчтөрү чыгымдардын пайда болушунун негизинде аныкталат. Конкреттүү топ боюнча кирешеге талап ушул топту тейлөөнүн наркын эсептөө менен белгиленет. Ар бир топ боюнча бөлүнгөн талап кылынган киреше жылуулук менен жабдуучу ишкана тарткан кубаттуулук, жылуулук энергиясы жана ушул топторду тейлөө үчүн административдик чыгымдар түрүндөгү чыгымдарын чагылдырат. Кирешенин көлөмүн керектөөчүлөрдүн ар бир тобуна эсептөө чыгымдарды бөлүштүрүү болуп эсептелет.
29. Чыгымдарды бөлүштүрүү процесси үч этаптан турат: түз чыгымдарды бөлүштүрүү, чыгымдардын классификациясы жана өзү чыгымдарды бөлүштүрүү.
1) Түз чыгымдарды бөлүштүрүү
Бөлүштүрүү процессинде чыгымдар кантип тартылганына жараша керектөөчүлөрдүн топторуна так жана пропорциялуу бөлүнөт. Чыгымдардын чоң бөлүгү бардык керектөөчүлөрдү тейлөөдөн түзүлөт жана тигил же бул керектөөчүлөрдүн тобу менен ассоциацияланбайт. Керектөөчүлөрдүн конкреттүү тобун тейлөө үчүн түзүлгөн инфратүзүмдүк объекттер болгон учурда, инвестициялык чыгымдар жана ушул инфратүзүм менен байланыштуу техникалык тейлөө чыгымдары керектөөчүлөрдүн ушул тобуна түздөн-түз тиешелүү.
2) Чыгымдардын классификациясы
Чыгымдар төмөндө келтирилген үч классификациянын бирөөнө туура келет:
- Товардык же энергетикалык чыгымдар, алар өндүрүлгөн жылуулуктун көлөмүнө жараша ар түрдүү болот. Товардык чыгымдарга отун, сатып алынган жылуулук жана өзүнүн кубаттуулуктарын пайдалануу жана техникалык тейлөө чыгымдарынын катары кирет.
- Билдирилген максимум жүккө же кубаттуулукка чыгымдар, алар керектөөчүлөрдүн жылуулук энергиясына болгон суроо-талабынын деңгээлине жараша ар түрдүү болот. Билдирилген максимум жүккө чыгымдар орточо-системалык жүктөн жогору деңгээлди канааттандыруу үчүн талап кылынган бардык жабдууларды же өндүрүштүк объекттерди өз ичине камтыйт.
- Керектөөчүлөрдү тейлөөгө чыгымдар. Керектөөчүлөрдү тейлөөгө чыгымдар керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүдөн түзүлөт жана кызматтардын көлөмүнө же жылуулук энергиясын пайдалануу ченеминен көз каранды эмес. Керектөөчүлөрдү тейлөөгө чыгымдар өз ичине маалыматтар базасын, эсепке алуу шаймандары жана алардын көрсөткүчтөрүн алуу менен байланыштуу чыгымдарды, ошондой эле керектөөчүлөрдү эсепке алуу жана эсептер боюнча жыйналышына байланыштуу көпчүлүк чыгымдарды камтыйт.
Чыгымдардын классификациясы көрсөтүлүүчү кызматтын түрлөрүнө жараша болот. Талап кылынган кирешенин курам бөлүктөрү үчүн колдонулуучу классификациялык жол.
1-таблица: Талап кылынган кирешенин курам бөлүктөрүнүн классификациясы
Талап кылынган кирешенин курам бөлүктөрү | Иштеп чыгаруу | Бөлүштүрүү |
Карызды тейлөө | Суроо-талап | Суроо-талап |
Капиталдык оңдоо | Суроо-талап | Суроо-талап |
Айланма накталай капитал | Суроо-талап | Суроо-талап |
Резервдер | Суроо-талап | Суроо-талап |
Материалдык чыгымдар | Товар | Товар |
Эмгек акы төлөө фонду | Суроо-талап | Керектөөчү |
Социалдык фондго чегеримдер | Суроо-талап | Керектөөчү |
Башка чыгымдар | Суроо-талап | Керектөөчү |
Салыктар | Суроо-талап | Керектөөчү |
Башка кирешелер | Суроо-талап | Товар |
3) Чыгымдарды бөлүштүрүү
Чыгымдарды бөлүштүрүү төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- - "i" керектөөчүлөр тобу үчүн "j" чыгымдарын бөлүштүрүү;
- - "i" керектөөчүгө керектөөчүлөрдүн мүнөздөмөсү жөнүндө маалыматтар (керектөөчүлөрдүн саны, кВт, гКал, калория, мегаватт ж.б.);
- - классы "i" дан "n" чейинки бардык керектөөчүлөр үчүн CCD суммасы.
Тейлөөнүн ушул талабы үчүн чыгымдарды бөлүштүрүүнүн суммасы 100%га барабар. Жыйынтыгы төмөнкү формулада берилет:
мында:
"i" керектөөчүлөр тобу үчүн "j" чыгымдарын бөлүштүрүү.
Чыгымдарды бөлүштүрүү эсептеринде колдонулуучу керектөөчүлөрдүн мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтардын түрү бөлүнгөн классификацияга жараша болот:
- чыгымдарды бөлүштүрүүнү аныктоо үчүн категориялардын ар биринин (тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн жылуулук жана ысык сууга бирдей тариф бар же ар бир кызмат үчүн бирдей бойдон калат. Мындай тариф жылуулук менен жабдуу сыяктуу, ысык суу менен жабдуу кызматын да алкагына алат, ушул категориянын керектөөчүлөрү чыгымдарды бөлүштүрүүнү эсептөөдө эки жолу эске алынат);
- керектөө чыгымдары ар бир топ керектеген жылуулуктун көлөмүн (Гкал) чыгымдарды бөлүштүрүү үчүн колдонулат.
Чыгымдарды бөлүштүрүүнүн негизинде талап кылынган кирешенин ар бир курам бөлүгү керектөөчүлөрдүн ар бир тобуна бөлүнүүгө тийиш. Ар бир топко бөлүнгөн талап кылынган киреше деп аталган талап кылынган кирешенин бөлүгү бекитилет. Бөлүнгөн талап кылынган киреше төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ARRi = DS x CAFij + Сl x CAFij + WC x CAFij + PC x CAFij + AC x CAFij - ELA x CAFij - OR x CAFij
мында:
- ARRi - "i" керектөөчү үчүн бөлүнгөн талап кылынган киреше;
- DS - карызды тейлөө боюнча милдеттенмелер;
- Cl - бюджетке киргизилген капиталдык оңдоого жана техникалык тейлөөгө чыгымдар;
- PC - өндүрүштүк чыгымдар;
- АС - административдик чыгымдар;
- ELA - электр энергиясынын ченемдик эмес жоготууларын эсепке алуу үчүн түзөтүү;
- OR - башка чыгымдардын жалпы сумма;
- CAFij - талап кылынган кирешенин курам бөлүгүнө карата колдонулган "i" керектөөчү үчүн "j" бөлүштүрүүнүн бардык фактору.
Бардык топтор үчүн бөлүнгөн талап кылынган кирешенин суммасы жалпы талап кылынган киреше болуп эсептелет:
мында: RR (талап кылынган киреше) - "i" дан "n" чейинки топтордогу керектөөчүлөр үчүн бөлүнгөн бардык талап кылынган кирешенин суммасы.
30. Тарифти түзүү.
Тарифти иштеп чыгуунун негизги милдети жылуулук менен жабдуучу ишканаларды талап кылынган киреше менен камсыз кылган тарифтерди белгилөөдө турат.
Тарифтерди иштеп чыгууда ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "акырындык менен баруучулук" факторун эсепке алат. "Акырындык менен баруучулук" - керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясынын эсептеринин бир кылка эмес өсүшүнөн коргоо үчүн тарифтердин чукул жогорулашын минимумга алып барган жол.
1) Тарифтин түзүлүшү
Эсепке алуу шаймандары бар бардык керектөөчүлөр үчүн тарифтер өлчөнгөн чыгымдардын негизинде белгиленет.
Эсепке алуу шаймандары болбогондо акыркы тиричилик керектөөчүлөргө төлөө ченемдик тариф боюнча керектөөнүн белгиленген деңгээли үчүн бирдикке эсептелет.
2) Актоочу тарифтерди эсептөө
Өзүн актоочу тарифтер керектөөчүлөрдүн ар түрдүү топторун жылуулук менен жабдууда продукциянын бирдигине карата чыгымдарды чагылдырат. Актоочу тарифтер төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- - "i" тобундагы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясынын бирдигине тариф;
- - "i" тобундагы керектөөчүлөр үчүн бөлүнгөн талап кылынган киреше;
- - "i" тобундагы керектөөчүлөр үчүн керектөө көлөмү.
Жогоруда келтирилген формула боюнча тарифти эсептөө өзүнчө алынган компаниянын же жылуулук менен жабдуу кызматтарынын орточо баасы үчүн аткарылат.
Тарифтерди аныктоо жол-жобосу жана тарифтин акыркы түзүлүшү өзүн актоочу тарифтерден айырмаланышат.
Валюталардын курсун жана инфляциянын деңгээлин жыл сайын түзөтүү расмий маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
3) Тиричилик керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тариф
Тиричилик керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тариф Кыргыз Республикасынын бардык тиричилик керектөөчүлөрү үчүн кайсы жылуулук менен жабдуучу компания тейлегенине карабастан бирдей өлчөмдө белгиленет. Бирдиктүү тариф "Бишкекжылуулуктармагы" ААК жана "Электр станциялары" ААК тейлеген тиричилик керектөөчүлөр үчүн эсептелген өзүн актоочу тариф менен бирдей деңгээлде белгиленет. Бул тариф өз ичине ЖЭБде жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу чыгымдарын, ошондой эле борбордон жылытуу системасын пайдалануу боюнча чыгымдарды камтыйт. Тиричилик керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына бирдиктүү тарифти эсептөө үчүн формула төмөнкүчө:
мында:
- - тиричилик керектөөчүлөр үчүн белгиленген жылуулук энергиясына жалпы тариф;
- - "Электр станциялары" ААК үчүн эсептелген өзүн актоочу тариф;
- - "Бишкекжылуулуктармагы" ААК тейлеген тиричилик керектөөчүлөр үчүн эсептелген өзүн актоочу тариф.
Тиричилик керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтердин өзүн актоочулугуна этаптык тартипте жетүүгө болот. ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жылуулук энергиясына тарифтик саясаттын алкагында белгиленген тарифтик пландарды колдонот.
4) Тиричилик керектөөчүлөр үчүн ысык сууга тариф
Тиричилик керектөөчүлөр үчүн ысык суу менен жабдууга тариф Кыргыз Республикасынын бардык тиричилик керектөөчүлөрү үчүн кайсы жылуулук менен жабдуучу компания тейлегенине карабастан бирдей өлчөмдө белгиленет. Бирдиктүү тариф "Бишкекжылуулуктармагы" ААК жана "Электр станциялары" ААК тейлеген тиричилик керектөөчүлөр үчүн эсептелген өзүн актоочу тариф менен бирдей деңгээлде белгиленет. Бул тариф өз ичине ЖЭБде жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу чыгымдарын, ошондой эле борбордон жылытуу системасын пайдалануу боюнча чыгымдарды камтыйт.
Ысык суу менен жабдууга Гкалдын негизинде тарифти эсептөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- - Г кал менен эсептелген ысык суу менен жабдууга тариф;
- - "Электр станциялары" ААК үчүн эсептелген өзүн актоочу тариф;
- - "Бишкекжылуулуктармагы" ААК тейлеген тиричилик керектөөчүлөр үчүн эсептелген өзүн актоочу тариф.
Ысык суу менен жабдуунун керектөөчүлөрүнө төлөм керектелген ысык суунун куб. метринин санына жараша эсептелет.
Тиричилик керектөөчүлөр үчүн куб. метрдин негизинде эсептелген ысык сууга тариф төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Мында:
- - тиричилик керектөөчүлөр үчүн куб. метрин эсептөө менен белгиленген ысык сууга жалпы тариф;
- - ысык сууда жылуулуктун болушу (Гкал/куб. метр).
5) "Электр станциялары" ААК жана "Бишкекжылуулуктармагы" ААК тейлеген тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен жабдууга тариф.
"Электр станциялары" ААК жана "Бишкекжылуулуктармагы" ААК тейлеген тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен жабдууга тарифтер өзүн актоочу тариф менен бирдей деңгээлде белгиленет. Бул тарифте ЖЭБде иштелип чыккан жылуулук энергиясына чыгымдар, ошондой эле борбордон жылытуу системасын пайдалануу чыгымдары бар. Тариф из расчета Гкал менен эсептелген тариф төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- - ЖЭБ тейлеген тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн Гкалдын саны боюнча эсептелген жылуулук энергиясына жана ысык сууга тариф;
- - "Электр станциялары" ААК тейлеген тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн эсептелген өзүн актоочу тариф;
- - "Бишкекжылуулуктармагы" ААК тейлеген тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн эсептелген өзүн актоочу тариф.
Ысык суу менен жабдууга төлөм керектелген ысык суунун куб. метринин эсебинин негизинде берилет. Тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн куб. метри эсептелген ысык сууга тариф төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Мында:
- - тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн куб. метрине эсептелген ысык сууга жалпы тариф;
- - ысык суудагы (Гкал/м3) орточо жылуулуктун болушу.
6) Башка жылуулук менен жабдуучу ишканалар тарабынан тейленүүчү тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен жабдууга тарифтер.
Башка жылуулук менен жабдуучу ишканалар тарабынан тейленүүчү тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн тарифтер конкреттүү жылуулук менен жабдуучу ишкана үчүн жеке белгиленет. Ар бир откана ээси-компанияга белгиленген тарифтер ушул методикага ылайык түзүлүүгө тийиш. Тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн тарифтер жылуулукту иштеп чыгарууда жана жеткирүүдө өзүн актоочулукту камсыз кылган деңгээлде белгиленүүгө тийиш.
7) Толтуруучу сууга чыгымдар
Жылуулук менен жабдуучу ишкананын чыгымдарын керектөөчүлөргө алар тарабынан алынган суунун чыгымдары түрүндө түз өткөрүүнү билдирет.
8) Акыркы тариф боюнча чечим
Тарифтер төмөнкү принциптер боюнча белгиленет:
- Учурдагы саясаттын алкагында тарифтердин жогорулашын чектеген же социалдык коргоонун белгилүү бир механизмдерин талап кылган ченемдик укуктук акттарды сактоо Соблюдение нормативных правовых.
- Жөнөкөйлүк. Керектөөчүлөрдүн бир нече категориясына же компания үчүн бирдиктүү тарифти түзүүнүн артыкчылыгы.
- (абзац Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 01-13/238 буйругуна ылайык күчүн жоготту).
- Калыстык. Керектөөчүлөрдүн тобуна аны тейлөөдө тарткан чыгымдарына пропорциялуу тариф белгиленет.
9) "Бишкекжылуулуктармагы" ААК жана "Электр станциялары" ААК арасында тартыштыкты бөлүштүрүү
Акыркы керектөөчүлөр үчүн тарифтер өзүн актоочу деңгээлден төмөн белгиленген учурда тартыштык пайда болот:
мында:
- - "i" классындагы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясынын бирдигине тариф;
- - "i" тобундагы керектөөчүлөр үчүн керектөөнүн жалпы көлөмү;
- - "i" дан "n" чейинки бардык топтордун керектөөчүлөрүнөн алынган жалпы киреше;
- - "j" компания үчүн талап кылынган киреше.
Жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлине жетүүгө чейин "Бишкекжылуулуктармагы" ААКнын тартыштык үлүшүн бөлүштүрүү жыл сайын акырындык менен көбөйтүү менен жүргүзүлөт.
Акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясынын наркына жеткенден кийин божомолдонгон тартыштык төмөнкү формула боюнча жылуулук энергиясынан талап кылынган кирешеге пропорциялуу бөлүштүрүлөт:
Мында:
- - "j" компаниясына бөлүнгөн тартыштыктын бөлүгү;
- - "Бишкекжылуулуктармагы" ААК жана "Электр станциялары" ААКнын божомолдонгон жалпы тартыштыгы;
- - "j" компаниясы үчүн талап кылынган киреше;
- - "Бишкекжылуулуктармагы" ААК жана "Электр станциялары" ААК үчүн тармактык талап кылынган кирешенин сумма.
Бөлүштүрүлгөн тартыштыктын суммалары иштеп чыгаруучу компанияга бөлүштүрүүчү компания тарабынан төлөнгөн тарифти аныктоодо эске алынат.
10) Башка жылуулук менен жабдуучу ишканалар боюнча тартыштык жабуу
Башка жылуулук менен жабдуучу ишканалар тарабынан тиричилик керектөөчүлөргө жылуулук энергиясын берүүдөн тарткан зыянды жабуу үчүн cубсидиялоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жабылат.
11) ЖЭБде иштеп чыгарууга түзөтүлгөн тариф
ЖЭБде иштеп чыгарууга түзөтүлгөн тариф төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Мында:
- -жылуулук энергиясынын бирдигине түзөтүлгөн иштеп чыгуунун баасы;
- - "i" иштеп чыгаруучу компаниянын талап кылынган кирешеси;
- - "j" иштеп чыгаруучу компанияга эсептелген тартыштыктын суммасы;
- - "i" компаниясы тарабынан бардык керектөөчүлөргө жеткирилген жылуулук энергиясынын жалпыланган көлөмү.
Акыркы керектөөчү үчүн тариф өзгөрбөгөн бойдон калат.
ЖЭБде иштеп чыгаруу үчүн тариф бөлүштүрүүчү жана иштеп чыгаруучу компанияларды арасында транзакциялар үчүн гана пайдаланылат. Жыйынтыгында, ЖЭБ ээлери-компанияларынын божомолдонгон кирешеси бардык иштеп чыгаруучу жана бөлүштүрүүчү компаниялар эсептер боюнча тартыштыктын бардык түзөтүүлөрүн кошпогондо талап кылынган кирешеге чыккандай бөлүштүрүлөт.
6. Отчеттуулук жол-жобосу
31. Жылуулук менен жабдуучу ишканалар ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тарифтерди белгилөө үчүн пайдаланылуучу документтерди жыл сайын берет. Тарифтерди белгилөө процессинин алкагында ишканалар отчеттордун төмөнкү түрлөрүн көрсөтүүгө тийиш:
- компания жөнүндө маалымат;
- чыгымдарды деталдаштыруу;
- жыйынтык чыгымдар;
- резервдеги эсеп.
32. Ишкананын жетекчиси жана башкы бухгалтери тарабынан кол коюлган жана ушул юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн коштоочу кат менен катар бардык түрүнүн бир басылма көчүрмөсү ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Берилген маалыматтар жетекчилери жана жооптуу аткаруучулар тарабынан кол коюлууга, ошондой эле ишкананын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Бардык документтер электрондук форматта да берилет.
33. Компания жөнүндө маалымат.
Ишкана керектөөчүлөрдүн иши жана мүнөздөмөлөрү жөнүндө ар түрдүү маалыматтарды берет. Бул отчеттор өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- компаниянын активдерин сом менен баалоо (акыркы финансы жылынын аягына);
- техникалык жоготуу;
- техникалык эмес жоготуу;
- жеке керектөө;
- өндүрүштүк жылуулук энергиясы;
- алынган жылуулук энергиясы (жогору турган булактардан);
- жылуулук энергиясы (жылытуу максатында);
- керектөөчүлөрдүн топтору боюнча бөлүнгөн коюлган жылуулук энергиясы;
- керектөөчүлөрдүн топтору боюнча бөлүнгөн коюлган жылуулук энергиясы (ысык суу менен жабдуу үчүн).
34. Эгер маалыматтар жеткиликсиз болсо, ишкана документтер тапшырылган кезде маалыматтын жоктугу жөнүндө билдирүү берет. Эгер башкасы көрсөтүлбөсө, өлчөө бирдиги болуп Гкал эсептелет.
Компания жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен отчет сыноо жылына божомолду чагылдыруу менен берилет. Андан башка, мурдагы эки финансы жылындагы иштин көрсөткүчтөрүн камтыган өзүнчө толук отчеттор берилет (мында ар бир жылды пландык жана иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр боюнча бөлүү менен).
35. Чыгымдарды деталдаштыруу.
Жалпылоочу таблицаларды чыгымдарды детализациялоону көрсөтүү менен түзүү керек. Бюджетте каралган чыгымдар менен катар мурдагы үч жыл үчүн ар бир категория боюнча чыгымдардын динамикасы берилет. Төмөндөгү ар бир категория үчүн өзүнчө таблицаларды берүү каралат:
- Компаниянын активдеринин сом менен наркы (акыркы финансы жылынын аягындагы абалы боюнча);
- карызды тейлөө;
- оңдоо жана техникалык тейлөө;
- материалдык чыгымдар;
- эмгек акы төлөө фонду;
- социалдык камсыздандырууга чегеримдер;
- башка чыгымдар;
- салыктар;
- административдик чыгымдар;
- башка чыгымдар.
36. Жыйынтыкталган чыгымдар.
Жыйынтыкталган чыгымдар жөнүндө отчетто тарифтерди белгилөө үчүн талап кылынган кирешенин сунушталган тиешелүү деңгээлин кыскача берилет. Ведомостто талап кылынган киреше чыгымдарды деталдаштыруу менен отчеттор боюнча жыйынтыктын жыйындысы түрүндө берүү керек.
7. Тарифтерди кароо жана бекитүү
37. Бардык тиешелүү маалыматтар берилгенден кийин ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бардык чыгымдарга/чыгымдардын статьяларына, анын ичинде компаниянын мурдагы жылдарга отчеттук чыгымдары менен макулдашылбаган чыгымдарга талдоо жүргүзөт.
38. ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди жыл сайын белгилейт. Тарифтер ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери менен жылуулук энергиясына тарифтик саясатка ылайык белгиленет.
8. Аткарууга жоопкерчилик жана контролдоо
39. Мыйзам бузуулар. Мыйзам бузууларга төмөнкүлөр кирет:
- ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чыгымдарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө белгиленген продукцияга (жумуштарга, кызматтарга) жөнгө салуучу тарифтердин (баалардын) жогорулашы;
- белгиленгендер болсо да, тарифтерге каралбаган үстөктөрдү, кошумча бааларды колдонуу;
- продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) наркына иш жүзүндө аткарылбаган же толук эмес көлөмдө аткарылган жумуштарды кошуу;
- тарифтерди (бааларды) чийки заттын, материалдардын жана башка технологиялык өзгөрүүлөрдүн арзандашын эсепке албастан колдонуу;
- продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркына эсептелген каражаттарды жана оңдоо, капиталдык салуулар жана техникалык тейлөө жүргүзүү боюнча чыгымдарга багытталган чыгымдын бөлүгүн, оңдоо жана алмаштыруу үчүн резервдеги эсепти, карызды тейлөө боюнча милдеттенмелерди толук эмес көлөмдө жана максатына боюнча эмес пайдалануу;
- продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) наркына жогоруда бекитилген ченемдерден жана/же бир катар жыл мурда иш жүзүндө түзүлгөндөрдөн жогору чыгымдарды киргизүү;
- ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чыгымдарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) наркын түзүүдө чыгымдардын статьяларын атайын көбөйтүлүшү;
- ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чыгымдарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө белгиленгендей, макулдашууда белгиленген көлөмдөргө салыштырганда продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) бирдигине иш жүзүндөгү эмгек акынын орточо салмагынын азайтылышы;
- ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тарифтерди (бааларды) белгилөөгө материалдарды бербөө же ушул Методика менен белгиленген талаптарды бузуу менен берүү;
- ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленбеген тарифтер боюнча продукцияны (жумуштарды, кызматтарды) сатуу;
- жөнгө салынуучу продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) ар бир түрү боюнча чыгымдарды, кирешенин жана активдерди өзүнчө эсепке алуунун жоктугу.
40. Укук колдонуу.
1) Ушул Методика бузулган учурда мыйзамсыз алынган кирешенин суммасы чечим берилген күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө же ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими менен белгиленген мөөнөттө республикалык бюджетке которулууга жатат.
2) Мыйзамсыз алынган кирешени которуу жөнүндө чечим мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат. Көрсөтүлгөн суммалар өз убагында которулбаган учурда ар бир мөөнөтү өтүп кеткен күн үчүн өнбөгөн калдыктын өлчөмүнүн 0,09 пайызына барабар өлчөмдөгү туум кошуп эсептелет. Кошуп эсептелген туумдун жалпы суммасы эсептелген өндүрүлүүчү сумманын өлчөмүнөн 100 пайыздан ашып кетпөөсү керек. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 37-беренесиндеги каралган учурларда туумдар эсептелбеши мүмкүн.
3) Башка контролдоочу органдар тарабынан табылган ушул Методиканы бузуу фактылары жана алар боюнча материалдар ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.
4) Ушул Методиканы бузууну жыйынтыгында мыйзамсыз алынган кирешенин суммасын аныктоо мүмкүн эмес болгон учурда ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча орточо айлык кирешенин суммасынан 25 пайыз төлөтүп алынат.
5) Тарифтерди (бааларды) белгилөө үчүн ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган материалдарды бербегендиги үчүн мыйзам бузууну жоюу мөөнөтү көрсөтүлгөн тиешелүү эскертүү берет. Эскертүүнүн талаптары аткарылбаган учурда бир айлык кирешенин суммасынан 5 пайыз төлөтүп алынат.
6) ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мыйзамсыз алынган кирешени которуу жөнүндө чечими сотто даттанылышы мүмкүн.
(КР Энергетика министрлигинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 01-13/177 буйругунун редакциясына ылайык)