Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын11-апрели № 3
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2015-жылдын 6-августундагы № 1 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуучу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөө усулдугун бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрдагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуунун ата мекендик долбоорлорун ишке ашырууга инвестицияларга түрткү берүү максатында
БУЙРУК КЫЛАМЫН:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2015-жылдын 6-августундагы № 1 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуучу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөө усулдугун бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуучу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөө усулдугунда:
4-пункттун экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Т = Тм х К
Т - ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына белгиленүүчү тарифтин чоңдугу (сом/кВт.с);
Тм - акыркы керектөөчү үчүн колдонулуучу тарифтин максималдуу чоңдугу (сом/кВт.с);
К - акыркы керектөөчү үчүн электр энергиясына максималдуу тариф көбөйтүлүүчү коэффициент;
жетинчи абзацта "импорттун баасын эсепке алуусуз" сөздөрү алып салынсын;
он үчүнчү, он төртүнчү, он бешинчи, он алтынчы жана он жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Тарифтер ОЭКти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын 1-августтан тартып кайра каралат.".
2. Пресс-катчы ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяласын:
- "Эркин Тоо" гезитине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин веб-сайтына.
3. Укуктук камсыздоо бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоо үчүн жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору |
Т.Нурбашев |