Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ
ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ
БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН
БУЙРУГУ
2015-жылдын 6-августу ПЖ № 1
Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуучу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөө усулдугун бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрдагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык жана энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуунун ата мекендик долбоорлорун ишке ашырууга инвестицияларга түрткү берүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуучу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөө усулдугу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пресс-катчы ушул буйрукту «Эркин Тоо» гезитине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин веб-сайтында катталган күндөн кийин үч күндүн ичинде жарыяласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин тарифти, бааны жөнгө салуу жана комплекстүү талдоо бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоо үчүн жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөнтсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыялангандан тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирет.
Директор Государственного агентства по регулированию топливно-энергетического комплекса при Правительстве Кыргызской Республики |
Н.Элебаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 6-августундагы № 1 буйругуна тиркеме |
Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыккан станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөө УСУЛДУГУ
(КР ОЭК жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 3, 2018-жылдын 20-ноябры №1, 2019-жылдын 25 ноябрындагы №1, 2020-жылдын 2-сентябрындагы №3, 2020-жылдын 21 декабрындагы №4 буйруктарынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул усулдук энергиянын кайра жаралуучу булактары (мындан ары - ЭКБ) пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыккан станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөөнүн бирдиктүү жолун түзүү максатында иштелип чыкты.
2. Ушул усулдук ЭКБны, анын катарында суунун, биомассанын, күн, жер жана шамалдын энергиясын пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына тарифтерди эсептөөнүн тартибин белгилейт.
3. Ушул усулдукка ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча иштетүүгө жаңыдан берилген объекттер үчүн тарифтер эсептелет.
2. Тарифтерди эсептөө
4. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кубаттуулуктарды квоталоо алкагында курулган ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына тарифтерди төмөндөгүдөй эсептик формула боюнча бекитет жана кайра карайт:
Т = Тм х К
Т - ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына белгиленүүчү тарифтин чоңдугу (сом/кВт.с);
Тм - акыркы керектөөчү үчүн колдонулуучу тарифтин максималдуу чоңдугу (сом/кВт.с);
К - акыркы керектөөчү үчүн электр энергиясына максималдуу тариф көбөйтүлүүчү коэффициент;
- Кыргыз Республикасынын "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамына ылайык ЭКБна пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына тариф акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына максималдуу тарифти тиешелүү коэффициентке (k0) көбөйтүү жолу менен белгиленет, ал төмөнкүнү түзөт:
- суунун энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3 барабар;
- биомассанын энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3 ке барабар;
- шамалдын энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3 ке барабар;
- күн энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3 гө барабар;
- жер энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 1,3 ке барабар;
(13-абзац КР ОЭК жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 3 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
(14-абзац КР ОЭК жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 3 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
(15-абзац КР ОЭК жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 3 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
(16-абзац КР ОЭК жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 3 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
(17-абзац КР ОЭК жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 3 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
(КР ОЭК жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 3 буйругунун редакциясына ылайык)
“- кубаттуулуктарды квоталоо алкагынан тышкары курулган, ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор үчүн алар тарабынан иштелип чыгуучу электр энергиясына тариф өзүн-өзү актоо мезгилин колдонуу мөөнөтүндө электр энергетикалык компаниялардын транзитинин кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын чыгарып таштоо менен акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифтин деңгээлинде белгиленет;
(19-абзац КР ОЭК жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2020-жылдын 2-сентябрындагы № 3 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
(КР ОЭК жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2020-жылдын 2-сентябрындагы № 3 буйругунун редакциясына ылайык)
- ээлери жеңилдик мезгили боюнча тарифтик преференцияга талапкер болбогон, кубаттуулуктарды квоталоо алкагынан тышкары курулган ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор үчүн өзүн-өзү актоо мезгилин колдонуу мөөнөтүн белгилөө долбоордук-сметалык документтердин негизинде ишке ашырылат.
(КР ОЭК жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2019-жылдын 25 ноябрындагы №1 буйругунун редакциясына ылайык)
- кубаттуулукту шартүлүштөөнүн чегинен тышкары тургузулган ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор тарабынан иштелип чыккан электр энергиясына тарифтер төмөндөгү эсептөө формуласы боюнча эсептелет :
Ткв = Тм - Ттр,
мында:
Ткв - кубаттуулукту шартүлүштөөнүн чегинен тышкары тургузулган ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына белгиленген тарифтин көлөмү (сом/кВт.с);
Тм - акыркы керектөөчү үчүн максималдуу колдонуудагы тарифтин көлөмү (сом/кВт.с);
Ттр – электр энергетикалык компаниялар үчүн отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген электр энергиясын түз жеткирүүгө (берүүгө) тариф.
(КР ОЭК жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2020-жылдын 21 декабрындагы №4 буйругунун редакциясына ылайык)
3. Тарифтерди белгилөөнүн жана кайра кароонун тартиби
5. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамына жана ушул усулдукка ылайык ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлордун акталуу мезгилинде ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына тарифтерди белгилейт.
51. Иштин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө лицензия алгандан кийин отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ЭКБ иштелип чыккан электр энергиясына тарифтерди белгилөөгө арыз берилет.
52. ЭКБ иштелип чыккан электр энергиясына тарифтерди белгилөө үчүн арыз ээси отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Усулдуктун тиркемесиндеги тизмеге ылайык документтерди берет.
53. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү тарифтерди белгилөө же баш тартуу жөнүндө чечимди арызды каттаган күндөн ратып отун календардык күндөн кеч эмес кабыл алат.
54. ЭКБ иштелип чыккан электр энергиясына тарифтерди белгилөөдөн баш тартууда чечим отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан негизделет жана мыйзамдарда каралган мөөнөттөрдө арыз ээсине маалымат жеткирилет.
6. Электр энергиясын сатууга тарифтерди кайра кароо ЭКБнын субьектинин кайрылуусунун негизинде акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифтин көлөмү өзгөргөн учурда отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
(КР ОЭК жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 3 , 2018-жылдын 20-ноябры №1 буйругунун редакциясына ылайык)
7. Жеңилдик мезгилинде жана өзүн-өзү актоо мезгилинде ЭКБнын субьекттеринин лицензиялык ишмердүүлүгүнө мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатында чарба жүргүзүүчү субьекттер электр энергиясын сатууга тарифтер белгиленген учурдан тартып иш жүзүндөгү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана финансылык отчеттуулукту квартал сайын милдеттүү түрдө беришет.”.
2) жогорудагы көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялоочу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөөнүн Усулдугунун 1-тиркемеси:
(КР ОЭК жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2019-жылдын 25 ноябрындагы №1 буйругунун редакциясына ылайык)