Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2015-жылдын 28-июлу № 143
Комплекстүү психология-лингвистикалык жана дин таануу экспертизаларын жүргүзүү методологиясын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү тууралуу
Комплекстүү психология-лингвистикалык жана дин таануу экспертизаларын жүргүзүү методологиясын иштеп чыгуу максатында, 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 1-тиркемесинин 2-пунктун ишке ашырууга жана 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө» жобонун 11-пунктуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Комплекстүү психология-лингвистикалык жана дин таануу экспертизаларын жүргүзүү методологиясын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ, тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Комплекстүү психология-лингвистикалык жана дин таануу экспертизаларын жүргүзүү методологиясынын 2016-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарылдыгына жараша топчолорду уюштуруу, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко жүктөлгөн тапшырмаларды ишке ашыруу максатында зарылчылыкка жараша бекитилген тартипте мамлекеттик органдардан усулдук жана кеңештик жардам алуу, материалдарды суратуу укугу бекитилсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишмердүүлүгүн уюштуруу, усулдук жана дагы башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
7. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр | Ж.Мамбеталиева
|
| 2016-жылдын «____»____________ №___ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругуна Тиркеме
|
Кадырова Аида Букарбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; | |
Абакиров Кубанычбек Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти, ведомстволор аралык жумушчу топтун тең-жетекчиси (макулдашуу боюнча); | |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | |||
Пышкин Денис Владимирович | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын экспертиза жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси; | |
Дыйкамбаева Гульнур Кыныбековна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун улук илимий кызматкери; | |
Бит-Аврагим Артур Яковлевич | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын улук прокурору (макулдашуу боюнча); | |
Тилекматов Азамат Жетишевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык борборунун атайын экспертизалар жана изилдөөлөр бөлүмүнүн начальниги; | |
Жолдошев Бектур Анарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын 4-кызматынын кызматкери; | |
Адилет Марат | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү; | |
Асаналиев Уланбек Кантурсунович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Укуктук пропаганда жана СЭМБ, БККК менен иштөө боюнча башкармалыгынын башкы адиси; | |
Винокурова Ольга Сергеевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги; | |
Булатов Эмид Эмисович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун психологиялык жана лингвистикалык экспертизалар бөлүмүнүн начальниги; | |
Абдыкожоев Таалайбек Ташбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун психологиялык жана лингвистикалык экспертизалар бөлүмүнүн эксперти. | |
Эксперттик топ: | |||
Асланова Индира Шахиминовна | - | Эксперт (макулдашуу боюнча); | |
Маликов Кадыр Курманбекович | - | Эксперт (макулдашуу боюнча); | |
Сикорская Инга Александровна | - | Эксперт (макулдашуу боюнча); | |
Абдирасулова Гюлшайыр Жанызаковна | - | Эксперт (макулдашуу боюнча); | |
Иванова Ирина Ивановна | - | Эксперт (макулдашуу боюнча). | |