Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-августу № 3
«Максималдуу тастыкталган учуу массасы 5700 кг чейин болгон Кыргыз Республикасынын өтө жеңил жана жеңил аба кемелеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, тастыктоо» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин - 22 бекитүү жөнүндө»
Максималдуу тастыкталган учуу массасы 5700 кг чейин болгон Кыргыз Республикасынын өтө жеңил жана жеңил аба кемелеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө» токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. «Максималдуу тастыкталган учуу массасы 5700 кг чейин болгон Кыргыз Республикасынын өтө жеңил жана жеңил аба кемелеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, тастыктоо» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери – 22» бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 21-январындагы №12 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул буйрук расмий жарыялангандан тартып он күндүн ичинде күчүнө кирет.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги бул буйрукту аткарууга кабыл алсын.
5. Бул буйрукту аткарууну көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Э.Мамыркалиевге жүктөлсүн.
Министрдин орун басары | Э. Осоев |
Тиркеме
Мазмуну
1.Жалпы жоболор
2. Жарандык авиация органы.
3. Кыргыз Республикасында жеңил жана өтө жеңил аба кемелерин каттоо же эсепке алуу.
4. Жеңил/өтө жеңил аба кемелериндеги белгилер.
5. Аба кемесин каттоодон/эсепке алуудан чыгаруу.
6. Жеңил/өтө жеңил аба кемесин каттоодон чыгаруунун тартиби.
7. Жеңил жана өтө жеңил аба кемелеринин учуусуна жол берүүнүн тартиби.
8. Авиациялык персонал.
9. Жеңил же өтө жеңил аба кемелеринин тастыктамалоо
10. Жеңил же өтө жеңил аба кемелеринин эксплуатанттарын жана кызмат көрсөтүүлөрдү тастыктамалоо.
11. Жеңил жана өтө жеңил аба кемелеринде учууларды аткарууну уюштуруу боюнча негизги талаптар.
12. ЖАК/ӨАК эксплуатантынын жоопкерчилиги, укуктары жана милдеттери.
13. Жеңил жана өтө жеңил аба кемелеринин КР аба мейкиндигин пайдалануу эрежелери.
14. ЖАК жана ӨАК эксплуатанттарынын аэродромдорду жана кондуруу аянтчаларын пайдалануусу.
Кыскартуулар:
КРАЭ – Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери
ӨАК – өтө жеңил аба кемеси
ЖАК – жеңил аба кемеси
УЭК – учуу эксплуатациясынын колдонмосу
ТТЭК – техникалык тейлөө эксплуатациясынын колдонмосу
КММ – күйүүчү-майлоочу материалдар
АЭЧК – авиацияны эл чарбасында колдонуу
АХИ – авиациялык химиялык иштер
УЖК – учууларды жүргүзүү боюнча колдонмо
КР АКТ – Кыргыз Республикасынын аба кыймылын тейлөө
Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери Кыргыз Республикасынын максималдуу тастыкталган , учуу массасы 750 килограмм жана андан аз болгон өтө жеңил аба кемелерине жана максималдуу тастыкталган , учуу массасы 750 килограммдан жогору 5700 кг чейинки өтө жеңил аба кемелерине, анын ичинде максималдуу тастыкталган учуу массасы 3175 килограммдан аз болгон тик учакка карата колдонулат.
2. Ушул Авиациялык эрежелер метеорологиялык максаттарда пайдаланылуучу шар-учкучтарга, ошондой эле учкучсуз башкарылбоочу аэростаттарга карата колдонулбайт.
3. Ушул Авиациялык эрежелер максималдуу тастыкталган учуу массасы 750 кг тартып 5700 кг чейинки Кыргыз Республикасынын жеңил бир учкучтуу аба кемелеринин ишин жөнгө салат.
1.1. Өтө жеңил аба кемеси - максималдуу тастыктамалган, учуу массасы 750 килограмм жана андан аз болгон аба кемеси.
1.2. Дельтаплан – көтөрүлүү күчү негизинен учууда кыймылдап туруучу, ийкемдүү беттеги аэродинамикалык реакциялардын эсебинен улам пайда боло турган, күч орнотмолору менен кыймылга келтирилбеген, теңдемделген башкаруу тутуму менен, катуу каркастагы ийкемдүү бет менен абадан оор өтө жеңил аба кемеси.
1.3. Дельталет – күч орнотмосу менен кыймылга келтирилүүчү, тең салмактанган башкаруу тутуму бар, катуу каркастагы ийкемдүү бет менен абадан оор өтө жеңил аба кемеси.
1.4. Жеңил/өтө жеңил аба кемелеринин далил документтери - жеңил жана өтө жеңил аба кемелерин жана анын курамдык бөлүктөрүн тастыктамалоонун жыйынтыктарын камтыган (техникалык отчеттор, корутундулар; актылар, сыноо протоколдору), ушул эрежелерге ылайык таризделген жана бекитилген документтер.
1.5. Катуу канат – элерондордун жана учкучтун салмагын жылдыруунун жардамы менен крендер боюнча башкаруусу бар, ошондой эле жапкычы бар дельтаплан.
1.6. Жеңил жана өтө жеңил аба кемелерин даярдоочу – аба кемесин өндүргөн жана ар бир нусканын жана конструктордук документтердин учуу жарактуулугунун ченемдеринин талаптарына шайкештигин камсыздоо үчүн жоопкерчилик тартуучу жеке же юридикалык жак.
1.7. Жеңил/өтө жеңил аба кемелеринин техникалык абалына жана учууга даярдыгына баалоо жүргүзүү боюнча комиссия –техникалык баалоону, жеңил же өтө жеңил аба кемелеринин жана анын пайдалануу документтеринин учуу жарактуулугунун ченемдеринин талаптарына шайкештигин баалоону, жеңил же өтө жеңил аба кемелерин жана документтерди бул талаптардын деңгээлине чейин жеткирүүнү өткөрүүчү жарандык авиация органы тарабынан уюштурулган комиссия.
1.8. Жеңил/өтө жеңил аба кемелерин модификациялоо – авиациялык техниканын конкреттүү үлгүсүнүн учуу жарактуулугуна таасирин тийгизген жана зарыл көлөмдө үлгүнү тастыктамалоону талап кылган, авиациялык техниканын үлгүсүнүн кабыл алынган типтүү конструкциясын өзгөртүү.
1.9. Мотодельтаплан – көтөрүлүү күчү негизинен учууда кыймылдап туруучу, ийкемдүү беттеги аэродинамикалык реакциялардын эсебинен улам пайда боло турган, күч орнотмолору менен кыймылга келтирүүчү, теңдемделген башкаруу тутуму менен, катуу каркастагы ийкемдүү бет менен абадан оор өтө жеңил аба кемеси.
1.10. Мотопланер – планердин учуусун жана конуусун камсыздоочу көмөкчү энергетикалык орнотмо болуп саналган, өзүнүн конструкциясында алынуучу же алынбоочу кыймылдаткычы жана винти бар планер.
1.11. Жеңил/өтө жеңил аба кемелеринин учуу жарактуулугунун ченемдери – учуулардын коопсуздугун камсыздоого багытталган, жеңил жана өтө жеңил аба кемелерине, алардын кыймылдаткычтарына, аба винттерине карата талаптарды камтыган документтер.
1.12. Параплан – аэродинамикалык формасы жана көтөрүлүү күчү карама-каршы аба менен ийкемдүү бетти үйлөөнүн эсебинен түзүлө турган, катуу каркасы жок ийкемдүү бет менен абадан оор өтө жеңил аба кемеси.
1.13. Жеңил/өтө жеңил аба кемесин иштеп чыгуучу - жеңил же өтө жеңил аба кемесин түзүүнү жүзөгө ашыруучу жана жеңил же өтө жеңил аба кемесинин учуу жарактуулугунун ченемдери үчүн жоопкерчилик тартуучу жеке же юридикалык жак.
1.14. Жеңил/өтө жеңил аба кемесинин учуу жарактуулугунун сертификаты (күбөлүгү) - жеңил же өтө жеңил аба кемесинин нускасынын колдонуудагы учуу жарактуулугунун ченемдерине шайкештигин күбөлөндүрүүчү, бул жеңил же өтө жеңил аба кемеси үчүн белгиленген учуу эксплуатациясына укук берүүчү документ.
1.15. Жеңил/өтө жеңил аба кемесин тастыктамалоо - жеңил же өтө жеңил аба кемесинин түрүнүн, анын кыймылдаткычынын жана жабдууларынын бул жеңил же өтө жеңил аба кемесинин учуу эксплуатациясынын колдонуудагы колдонмосуна шайкештигин аныктоо процедурасы.
1.16. Жеңил/өтө жеңил аба кемесинин менчик ээси – менчик укугунда жеңил жана/же өтө жеңил аба кемесине ээлик кылуучу жеке же юридикалык жак (жактар).
1.17. Жеңил/өтө жеңил аба кемесинин курамдык бөлүктөрү: кыймылдаткыч (кыймылдаткычтар), аба винттери жана борт жабдуулары.
1.18. Жеңил/өтө жеңил аба кемесинин эксплуатанты - жеңил жана/же өтө жеңил аба кемесин пайдалануу менен алектенүүчү жана бул чөйрөдө өз кызматтарын сунуштоочу жеке же юридикалык жак (жактар).
1.19. Жеңил/өтө жеңил аба кемесинин эксплуатациялык документтери – учуу жана техникалык эксплуатацияны, анын ичинде жеңил же өтө жеңил аба кемесин, анын кыймылдаткычын, жабдууларын техникалык тейлөөнү жөнгө салуучу жана милдеттүү эксплуатациялык процедураларды, чектөөлөрдү жана сунуштарды камтыган документтер.
Эксплуатациялык документтер камтыйт:
а) учуу эксплуатациясы боюнча колдонмо;
б) техникалык эксплуатация боюнча колдонмо;
в) ЖАК/ӨАК техникалык тейлөө программасы;
г) ЖАК/ӨАК авиациялык персоналынын сертификаттары жана лицензиялары.
1.20. Кыргыз Республикасынын жеңил/өтө жеңил аба кемелеринин реестри - жеңил же өтө жеңил аба кемелерин каттоо (эсепке алуу) жүргүзүлө турган документ.
1.21. Контролдонбоочу аба мейкиндиги – милдеттүү эки тараптуу байланыш менен, визуалдык учуулардын эрежелери боюнча гана учуу-маалыматтык тейлөөдө учууларды аткаруу бөлүгүндө аба кыймылын уюштуруунун түрдүү класстарынын аба мейкиндигин бириктирүүчү мейкиндик.
1.22. Кыргыз Республикасынын жеңил/өтө жеңил аба кемесин каттоо/эсепке алуу жөнүндө күбөлүк - Кыргыз Республикасынын жеңил же өтө жеңил аба кемелеринин каттоону/эсепке алууну күбөлөндүрүүчү документ.
Кыргыз Республикасынын жеңил/өтө жеңил аба кемесин каттоо/эсепке алуу жөнүндө күбөлүктүн формасы жарандык авиация органы тарабынан бекитилет.
2.1. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы ЖАК/ӨЖК ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ага жүктөлгөн функцияларга ылайык укуктуу:
2.1.1. ЖАК/ӨАК ишин жөнгө салуу, каттоо, сертифкациялоо, ЖАК/ӨАК авиациялык персоналын даярдоо жана тастыктамалоо жана кондуруу аянтчаларын эсепке алуу боюнча ага жүктөлгөн функцияларды квалификациялуу авиациялык персоналга ээ болгон жеңил же өтө жеңил авиация эксплуатанттарын бириктирүүчү коммерциялык эмес юридикалык жакка өкүлдөө;
2.1.2. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органына көзөмөл функциясы сакталат.
3.1. ЖАК/ӨАК каттоо же эсепке алуу ушул КРАЭ ылайык жүргүзүлөт.
3.2. Колго жасалган аба кемелери Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органында эсепке алууга жатат.
3.3. ЖАК/ӨАК каттоо/эсепке алуу үчүн арыз ээси (менчик ээси, эксплуатант, ижарачы) жарандык авиация органына берет:
а) жарандык авиация органы тарабынан бекитилген белгиленген формадагы арыз;
б) сатып алуу-сатуу же ижара келишими;
в) арыз ээсинин өздүгүн ырастоочу документтер;
г) ЖАК/ӨАК техникалык абалын баалоо акты (Кыргыз Республикасынын ЖАК/ӨАК техникалык абалын баалоо актысынын формасы жарандык авиация органы тарабынан бекитилет).
3.4. Кыргыз Республикасында ЖАК/ӨАК каттоо/эсепке алуу факты Кыргыз Республикасынын ЖАК/ӨАК реестриндеги тийиштүү жазуу жана ЖАК/ӨАК каттоо/эсепке алуу жөнүндө күбөлүктү берүү менен ырасталат.
4.1 Каттоо/эсепке алуу жөнүндө күбөлүгү бар ЖАК/ӨАК ага ыйгарылган мамлекеттик каттоо таануу белгилерине ээ болушу керек.
4.2. Кыргыз Республикасында ЖАК/ӨАК улуттук белгилери "ЕХ" 2 латын баш тамгасынын айкалышынан турат.
4.3. «77000/88000» беш араб сандарынын айкалышынан турган каттоо белгилери. ЖАК/ӨАК конструкциясынын элементтерине улуттук жана каттоо белгилерин коюу, ошондой эле аларды боео Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы №1 буйругу менен бекитилген КРАЭ - 7 «Жарандык аба кемелерин каттоого» ылайык жүргүзүлөт.
5.1. Жеңил же өтө жеңил аба кемеси төмөндөгү учурларда реестрден/каттоодон чыгарылат:
а) ЖАК/ӨАК менчик ээсинин жана/же эксплуатантынын, ижарачысынын арызы боюнча;
б) ЖАК/ӨАК эсептен чыгаруу же башкача жол менен алуу;
в) ЖАК/ӨАК коопсуз пайдалануу же учуу жарактуулугун кармап туруу камсыздалбаганда же бул ЖАК/ӨАК учуу жарактуулугун калыбына келтирүү же пайдалануу мүмкүн эмес же максатка ылайыксыз деп эсептөөгө негиздемелер болгондой ЖАК/ӨАК менчик ээсинин жана/же эксплуатантынын, ижарачысынын ушул эрежелердин талаптарын сактабоосу;
г) ЖАК/ӨАК эсептен чыгаруу/башкача жол менен алуу же ЖАК/ӨАК коопсуз пайдалануу мүмкүн болбогон же максатка ылайыксыз болгондой ЖАК/ӨАК менчик ээси жана/же эксплуатанты, ижарачысы ушул эрежелердин талаптарын сактабаган учурларда ЖАК/ӨАК каттоо/эсепке алуу жөнүндө күбөлүк күчүн жоготот.
6.1. ЖАК/ӨАК каттоодон чыгаруу үчүн арыз ээси төмөндөгү документтерди берет:
а) жарандык авиация органы тарабынан бекитилген белгиленген формадагы ЖАК/ӨАК каттоодон чыгаруу жөнүндө арыз;
б) ЖАК/ӨАК каттоо жөнүндө күбөлүк;
в) ЖАК/ӨАК учуу жарактуулугунун сертификаты же жекече нускадагы сертификаты;
г) ЖАК/ӨАК эсептен чыгаруу жөнүндө акты же сатууну, берүүнү же бул ЖАК/ӨАК боюнча башка аракеттерди ырастоочу документтер.
6.2. ЖАК/ӨАК реестрден/каттоодон чыгарууда ЖАК/ӨАК реестрден чыгаруу жөнүндө күбөлүк берилет.
7.1. ЖАК/ӨАК учууларга жолбермеси ушул КРАЭ талаптарына ылайык жана төмөндөгүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
а) ЖАК/ӨАК техникалык абалын жана учуу жарактуулугун баалоо актысы;
б) ӨАК/ЖАК учуу жарактуулугунун же ЖАК/ӨАК жекече нускасынын сертификаты;
в) ӨАК/ЖАК каттоо же эсепке алуу жөнүндө күбөлүк;
г) ӨАК/ЖАК техникалык эксплуатациялоо боюнча колдонмо;
д) ӨАК/ЖАК техникалык боюнча колдонмо;
е) ӨАК/ЖАК учуу эксплуатациясы боюнча колдонмо;
ж) ЖАК/ӨАК учууларды жүргүзүү боюнча колдонмо;
з) аянтча боюнча нускама.
8.1. Авиациялык персоналга ЖАК/ӨАК чөйрөсүндөгү ушул КРАЭге ылайык авиация чөйрөсүндө кесипкөй же атайын даярдыкка ээ болгон, аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздуктун алгылыктуу деңгээлин камсыздоо боюнча ишмердикти жүргүзүүчү адамдар кирет.
8.2. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде же анын чегинен тышкары учууларды жүзөгө ашыруучу ЖАК/ӨАК авиациялык персоналы ЖАК/ӨАК даярдоочусу же жарандык авиациянын окуу борбору тарабынан берилген, анын эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө укугун ырастоочу сертификаттарга (күбөлүктөргө) ээ болууга милдеттүү.
8.3. Кыргыз Республикасында ЖАК/ӨАК авиациялык персоналына күбөлүктөрдү берүүгө карата талаптар ушул КРАЭ менен аныкталат.
8.4. ЖАК/ӨАК авиациялык персоналын квалификациялык текшерүү жарандык авиация органы тарабынан бекитилген, ЖАК/ӨАК ишмердигин жөнгө салуу чөйрөсүндө тажрыйбасы бар авиациялык адис (учкуч-инструктор) тарабынан жүргүзүлөт.
8.5. ЖАК/ӨАК авиациялык персоналын окутуу жана даярдоо (учкуч-сүйүүчү, ӨАК учкучу, коммерциялык учкуч, ЖАК/ӨАК техниги, ЖАК/ӨАК инженери) жогорку же орто авиациялык окуу жайларда, ЖАК/ӨАК авиациялык персоналын даярдоо борборлорунда, жарандык авиация органы тарабынан бекитилген баштапкы даярдоо жана кйра даярдоо билим берүү программаларынын негизинде иштелип чыккан ассоциацияларда, авиациялык клубдарда жүргүзүлөт.
ӨАК учкучунун, ӨАК технигинин же инженеринин күбөлүктөрүнүн формалары жарандык авиация органы тарабынан бекитилет.
8.6. Окуу жайларынын, ассоциациянын учуу шарттарын имитациялаган тренажерлорду пайдаланууга жактыруу жарандык авиация органы тарабынан берилет.
8.7. Учкуч-сүйүүчүлөрдү жана коммерциялык учкучтарды даярдоо үчүн окуу-машыгуу учуулар ЖАК/ӨАК пайдаланган ассоциациялардын, бирикмелердин жана коммерциялык эмес уюмдардын базасында жарандык авиация органы тарабынан бекитилген программалар боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
8.8. ӨАК жана ЖАК авиациялык персоналын даярдоону, чет мамлекеттерде, ассоциацияларда жана бирикмелерде алынган күбөлүктөрдү жана квалификациялык бааларды таануу:
а) жарандык авиация органы эгерде мындай программа эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлсө жана Кыргыз Республикасында белгиленген талаптарга шайкеш келсе, чет мамлекетте, ассоциацияларда жана бирикмелерде өткөрүлгөн ЖАК/ӨАК авиациялык персоналын даярдоону тааныйт;
б) жарандык авиация органы эгерде алар авиациялык персоналдын күбөлүктөрүн берүү үчүн белгиленген талаптарга жана Кыргыз Республикасындагы квалификациялык бааларга шайкеш келсе, чет мамлекетте, ассоциацияларда жана бирикмелерде берилген ЖАК/ӨАК авиациялык персоналынын күбөлүгүн жана квалификациялык бааны тааныйт;
г) ЖАК/ӨАК авиациялык персоналынын күбөлүгүн таануу процедурасы жарандык авиация органы тарабынан бекитилет.
8.9. Өтө жеңил жана жеңил аба кемелеринде учууларды медициналык камсыздоо:
а) Кыргыз Республикасынын жеңил жана өтө жеңил авиациясынын авиациялык персоналын медициналык күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы №1 буйругу менен бекитилген КРАЭ – 1 6-главасына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын адистешкен медициналык мекемелеринде жүргүзүлөт;
б) ден соолугунун абалы боюнча учууга жол берүү үчүн жоопкерчилик ЖАК-ӨАК учкучуна жүктөлөт;
в) билим алып жаткан студенттерди ден соолугунун абалы боюнча учууга жол берүү үчүн жоопкерчилик ЖАК-ӨАК учкуч-инструкторуна жүктөлөт.
9.1. ЖАК/ӨАК учуу жарактуулугунун сертификаты ЖАК/ӨАК коопсуз учууларды аткарууга жөндөмдүүлүгүн күбөлөндүрөт.
9.2. ЖАК/ӨАК учуу жарактуулугунун сертификаты бир жыл мөөнөткө берилет.
9.3. ЖАК/ӨАК учуу жарактуулугунун сертификатынын формасы жарандык авиация органы тарабынан бекитилет.
9.4. ЖАК/ӨАК иштеп чыгуучунун мамлекети тарабынан белгиленген, учуу жарактуулугунун белгиленген ченемдерине шайкеш келбегенде сертификаттын аракети токтотулат.
9.5. ЖАК/ӨАКнин иштеп чыгуучунун мамлекетинин учуу жарактуулугун белгиленген ченемдерине шайкештигин ырастоо үчүн, зарыл болгондо контролдук-сыноо учуулары жүргүзүлөт.
9.6. Жеңил/өтө жеңил аба кемесинин чанда учуроочу нускасын тастыктамалоо:
а) ЖАК/ӨАК чанда учуроочу нускасын тастыктамалоо ушул КРАЭ талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы же ыйгарым укуктуу уюм тарабынан жүргүзүлөт.
б) ЖАК/ӨАК чанда учуроочу нускасын тастыктамалоону өткөрүү үчүн арыз ээси жарандык авиация органына же ыйгарым укуктуу уюмга кыймылдаткычты жана жабдууну алдын ала сыноонун жыйынтыгы менен бул ЖАК/ӨАК карата техникалык документтерди тиркөө менен жарандык авиация органы тарабынан бекитилген белгиленген үлгүдөгү өтүнмөнү берет.
в) ЖАК/ӨАК техникалык абалын текшерүү жана учууларга жарактуулугун аныктоо үчүн, жарандык авиация органы ал тарабынан ыйгарым укуктар берилген, ЖАК/ӨАК эксплуатанттарын бириктирүүчү коммерциялык уюм менен макулдашуу боюнча, ЖАК/ӨАК текшерүү боюнча туруктуу иштеген техникалык комиссияны (мындан ары – техникалык комиссия) түзүшөт.
Эскертүү: Жарандык авиация органынын функцияларын ушул КРАЭ 2.1.1. пункттунда каралган ЖАК/ӨАКне ээлик кылган жеке жана юридикалык жактарды бириктирүүчү коммерциялык эмес уюмга өкүлдөгөн учурда, техникалык комиссия жарандык авиацияя органы менен макулдашуу боюнча ЖАК/ӨАК эксплуатанттарын бириктирүүчү коммерциялык эмес уюм тарабынан түзүлөт.
г) техникалык комиссиянын курамына квалификациялуу инженердик-техникалык персонал жана орто же жогорку кесиптик авиациялык билимге, ЖАК/ӨАК пайдалануу чөйрөсүндө үч жылдан кем эмес практикалык тажрыйбага ээ болгон учкучтар киргизилет.
д) арыз ээси техникалык комиссиянын мүчөлөрүнө ЖАК/ӨАК жана эксплуатациялык документтерге карата тоскоолдуксуз жетүү мүмкүндүгүн камсыздайт.
е) баалоо жүргүзүүдө ЖАК/ӨАК техникалык комиссиясы тарабынан анын техникалык абалы бааланат.
ж) колго жасалган ӨАК учуусуна жол бергенде арыз ээси ӨАК тастыктамалоого жана/же даярдоого укуктуу юридикалык же жеке жакты тартышы керек.
з) баалоонун жыйынтыктары боюнча, техникалык комиссия бир жыл мөөнөткө ЖАК/ӨАК чанда учуроочу нускасынын сертификатын алуу үчүн негиз болуп саналган учуу эксплуатациясы боюнча колдонмого киргизилген учуу чектөөлөрүн эске алуу менен, арыз ээсине ЖАК/ӨАК техникалык абалын баалоо жана учууларга жарактуулугун аныктоо актысын берет.
Эскертүү: колго жасалган ӨАК техникалык абалын балоодо учуу жарактуулугунун сертификаты берилбейт.
9.7. ЖАК/ӨАК учуу жарактуулугунун сертификатын берүү же узартуу үчүн жарандык авиация органы же ал ыйгарым укук берген уюм техникалык комиссия тарабынан берилген ЖАК/ӨАК техникалык абалын баалоо актысынын жана берилген документтердин оң корутундусунун негизинде, арыз ээсине ЖАК/ӨАК учууга жарактуулук сертификатын берет.
9.8. ЖАК/ӨАК учуу жарактуулугунун сертификатын алуу же узартуу үчүн арызга төмөндөгү документтер тиркелет:
а) түр сертификаты (эгерде мындай болсо);
б) техникалык комиссия тарабынан берилген, ЖАК/ӨАК техникалык абалын баалоо жана учууларга жарактуулугун аныктоо актысы;
в) ЖАК/ӨАК ресурсун аныктоочу аны иштеп чыгуучунун же даярдоочунун документи;
г) кезектеги техникалык тейлөөнү аткаруу жөнүндө күбөлүк.
Кезектеги техникалык тейлөөнү аткаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жарандык авиация органы тарабынан бекитилет.
9.9. Учууга жарактуулук сертификаты төмөндөгү учурларда артка чакыртылып алынат:
а) эксплуатациялоо процессинде учуу жарактуулугуна таасирин тийгизүүчү оңдолбой турган кемчиликтерди аныктоо;
б) ЖАК/ӨА бузулуусу;
в) белгиленген тартипте ушул ЖАК/ӨАК бүтүндөй паркын, сериясын, нускасын же түрүн пайдаланууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу.
г) учуу жарактуулугуна таасирин тийгизүүчү жеткире иштеп чыгууларды өткөрүү үчүн учууларды токтотуу, иштеп чыгуучу тарабынан каралбаган, пайдалануу вариантына кайра жабдуу.
9.10. 9.9. пунктта саналган учурларда эксплуатант учууларды дароо токтотот жана учууларды токтоткон күндөн тартып он күндүк мөөнөттө тийиштүү учууга жарактуулук сертификатын кайтарып берет.
9.11. Учууга жарактуулук сертификатын атайылап эмес бузуп же жоготуп (уурдоо) учурунда, ал арыздын негизинде жупнускасын берүү аркылуу алмаштырууга жатат.
Жупнускасы тийиштүү арызды берген учурдан тартып 10 күн аралыгында берилет.
9.12. Учууга жарактуулук сертификатынын жупнускасын алуу үчүн, арыз ээси арызга учууга жарактуулук сертификатын жоготуу же уурдатуу фактысын ырастоочу документтерди тиркеши керек.
9.13. Учууга жарактуулук сертификатын атайылап эмес бузганда, жоготкондо (уурдатканда) ЖАК/ӨАКны пайдалануу дароо токтотулушу керек.
9.14. Чет мамлекет тарабынан берилген, ЖАК/ӨАК учууга жарактуулук сертификаты же учууга жарактуулукту ырастаган башка каалаган документ ал берилген же ал күчкө киргизилген талаптар Кыргыз Республикасында белгиленген ченемдерге ылайык келгендигин шартында Кыргыз Республикасында анык деп таанылат.
10.1. Авиациялык иштердин түрлөрү боюнча кызмат көрсөтүлөр сыйлык үчүн келишим боюнча авиациялык иштерди аткаруучу, ЖАК/ӨАК эксплуатант тарабынан берилет.
10.2. Авиациялык иштердин тизмеги, аларды аткаруу тартиби жана авиациялык иштерди аткаруучу ӨАК же ЖАК эксплуатантын тастыктамалоо процедурасы ушул КРАЭ менен аныкталат.
10.3. Авиациялык иштерди аткарууга келишим боюнча авиациялык иштерди аткаруучу ЖАК/ӨАК эксплуатанты тапшырыкчы үчүн авиациялык иштерди ушул келишим менен каралган тартипте, мөөнөттөрдө жана көлөмдө аткарууга милдеттенет. Тапшырыкчы белгиленген мөөнөттөр келишим менен каралган авиациялык иштердин көлөмүн берүүгө жана авиациялык иштерди аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө милдеттенет.
10.4. Тең салмактанган башкаруу тутуму бар ӨАКдан тышкары, ЖАК/ӨАК эксплуатантынын сертификаты Кыргыз Республикасында катталган, менчик ээсинин укугунда же ижара шарттарында (учкучсуз) учууларга карата бир жылдык ЖАК/ӨАК, ӨАК/ЖАК учуу жарактуулугунун сертификатына ээ болгон, ошондой эле даярдалган авиациялык персоналга, бул ЖАК/ӨАК учуу жана техинкалык эксплуатациялоо жана учууларды аткарууну камсыздоо үчүн керектүү жабдууга, имаратка, курулмага ээ болгон юридикалык жакка берилет.
10.5. ӨАК же ЖАК эксплуатантынын сертификатынын формасы жарандык авиация органы тарабынан бекитилет.
10.6. ЖАК/ӨАК эксплуатантынын сертификаты (мындан ары - ЖАК/ӨАК эксплуатантынын сертификаты) жарандык авиация органы тарабынан берилет жана ажыратылгыс болуп саналат жана башка жакка берилбейт.
10.7. ЖАК/ӨАК эксплуатантынын сертификаты бир жылдык мөөнөткө берилет.
10.8. ЖАК/ӨАК эксплуатантынын сертификатын алуу үчүн арыз ээси жарандык авиация органына ушул КРАЭ менен аныкталган документтер тизмесин берет.
10.9. ЖАК/ӨАК эксплуатантынын сертификатын алуу үчүн арыз ээси (юридикалык жак) милдеттүү:
10.9.1. ЖАК/ӨАК ишмердиги чөйрөсүндө үч жылдан кем эмес тажрыйбага ээ болуу;
10.9.2. пландалган иштерди аткаруу үчүн тийиштүү приборлор жана жабдуулар менен жабдылган, ЖАК/ӨАК чанда учуроочу нускамынын учуу жарактуулугунун сертификатына ээ болуу;
10.9.3. ЖАК/ӨАК түрлөрүнө ылайык учуулардын түрлөрүн, ички аба линияларын жана аянтчаларын тандоо;
10.9.4. тийиштүү авиациялык персоналга ээ болуу;
10.9.5. билдирилген учууларды коопсуз аткарууну камсыздоо;
10.9.6. учуулардын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча учуу-техникалык курамдын милдеттеринин жана жоопкерчилигинин чөйрөсүн аныктоо;
10.9.7. ЖАК/ӨАК түрүнүн сертификатына ээ болуу (эгерде болсо);
10.9.8. атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүккө ээ болуу;
10.9.9. ЖАК/ӨАК учууларды жүргүзүү боюнча колдонмого ээ болуу;
10.9.10. коопсуздук техникасы боюнча колдонмого ээ болуу;
10.9.11. ЖАК/ӨАК техникалык тейлөө боюнча колдонмого (ТТК) ээ болуу;
10.9.12. ЖАК/ӨАК КММ куюу боюнча нускамага ээ болуу;
10.9.13. экипаждын мүчөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү боюнча нускамага ээ болуу;
10.9.14. АЭЧК аэродромдорунда учууларды жүргүзүү боюнча нускамага ээ болуу;
10.9.15. АХИ учууларды аткаруу боюнча нускамага ээ болуу;
10.9.16. эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана санитария боюнча нускамага ээ болуу;
10.9.17. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүү.
10.10. Арыз ээсинин арызын баалоо үчүн жарандык авиация органы 14 жумушчу күндүн аралыгында төмөнкүлөрдү аныктайт:
10.10.1. авиациялык персоналдын (коммерциялык учкуч, ӨАК учкучу, ЖАК/ӨАК тастыкталган инженердик-техникалык персоналы) даярдыгынын деңгээлин;
10.10.2. арыз ээси сунуштаган ЖАК/ӨАК техникалык тейлөө тутумун жана программасын баалоо жана ЖАК/ӨАК жана башка жабдуунун учуу эксплуатациясын, техникалык абалын инспекциялоону (контролдоо);
10.10.3. арыз ээси аткарышы керек болгон көрсөтмөлүү же далилдүү (техникалык) учууларды аныктоону.
10.11. Эгерде өтүнмө ушул КРАЭ талаптарына шайкеш келбесе же документтер бузуулар менен же толук эмес көлөмдө берилсе, өтүнмө боюнча чечимде кайтаруунун себебин көрсөтүү менен кайра кайтарууга жатат.
10.12. Өтүнмө боюнча эскертүүлөр жок болгондо (эскертүүлөрдү четтеткенден кийин), жарандык авиация органынын жетекчисинин буйругунун негизинде, тастыктамалоо текшерүүсүн жүргүзүү үчүн тийиштүү (мындан ары – комиссия) адистерди тартуу менен комиссиянын курамы боюнча буйрук түзүлөт.
10.13. Комиссиянын курамы тарабынан арыз ээсинин төмөндөгү документтери милдеттүү текшерилүүгө тийиш:
а) учууларды уюштуруу жана аткаруу боюнча (УЖК);
б) учуулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча;
в) ЖАК/ӨАК учкучтарынын өздүк делолору;
г) эксплуатациялык жана борттук жазмалар.
10.14. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча арыз ээсинин объекттеринин иш жүзүндөгү абалын, ЖАК/ӨАК эксплуатантынын сертификатын берүүнүн мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жөнүндө жыйынтыктоолорду, сунуштоолорду жана корутундуларды көрсөтүү менен акты түзүлөт. Актыга комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
10.15. Текшерүү актысынын негизинде жарандык авиация органы ЖАК/ӨАК эксплуатантынын сертификатын берүүнүн мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө чечим кабыл алат.
10.16. ЖАК/ӨАК эксплуатантынын сертификатын берүүдөн баш тартканда арыз ээсине баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен чечим берилет.
10.17. ЖАК/ӨАК эксплуатантынын сертификатынын аракети эгерде эксплуатант ушул КРАЭ, берилген уруксаттардын шарттарын сактабагандыгы же бузгандыгы аныкталса токтотулушу мүмкүн.
10.18. Мындай Эксплуатантка карата эскертүү, ага берилген сертификаттардын жана уруксаттардын аракетин токтото туруу же жокко чыгаруу түрүндө санкциялар колдонулат.
10.19. ЖАК/ӨАК эксплуатантынын сертификатынын аракетин калыбына келтирүү эксплуатант аныкталган кемчиликтерди же бузууларды жоюп, эксплуатант жарандык авиация органына ырастоочу документтерди берип жана жарандык авиация органы зарыл текшерүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана, жарандык авиация органы тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
10.20. ЖАК/ӨАК эксплуатантынын сертификатын бузуп же жоготуп (уурдатып) алган учурларда, жарандык авиация органы эксплуатанттын өтүнмөсүнүн жана ырастоочу документтердин негизинде ага жуп нускасын берет.
10.21. ЖАК/ӨАК эксплуатанттарынын тастыктамалоо талаптарын сактоо үчүн контролду жарандык авиация органы жүргүзөт.
10.22. ЖАК/ӨАК эксплуатантында чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактардын катышуу үлүшү уставдык капиталдын 49 пайызынан ашпаган шарттарда Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын катышуусу менен ЖАК/ӨАК эксплуатанттарын түзүүгө жол берилет.
10.23. ЖАК/ӨАК авиациялык иштери УЭК талаптарын так сактоодо аткарылат.
10.24. Жеке же юридикалык жактын жалпы багыттагы авиациянын жеңил жана өтө жеңил аба кемесин пайдалануусу бул жактардын аба кемелеринин эксплуатантынын сертификатын алуу милдетине алып келбейт.
11.1. ЖАК/ӨАКде учуулар ушул КРАЭ талаптарына ылайык аткарылат:
а) ЖАК/ӨАК учууларын жүргүзүү боюнча колдонмо (УЖК);
б) учуу эксплуатациясы боюнча колдонмо (ЖАК/ӨАК УЭК);
в) авиациялык коопсуздук боюнча колдонмо;
г) ЖАК/ӨАК техникалык тейлөө боюнча регламент (программа).
11.2. Учууларды аткаруу үчүн ЖАК/ӨАК бортунда милдеттүү түрдө төмөндөгү документтер болушу керек:
а) ЖАК/ӨАК каттоо/эсепке алуу жөнүндө күбөлүк;
б) ЖАК/ӨАК учууга жарактуулугунун күбөлүгү же ЖАК/ӨАК техникалык абалын жана учууга жарактуулугун баалоо актысы;
в) тийиштүү жолбермелери менен ЖАК/ӨАК учкучунун күбөлүгү;
г) үчүнчү жактарга зыян келтирүүдөгү жарандык жоопкерчиликтин камсыздандыруу полиси;
д) отургузуу орундарынын саны боюнча экипаж мүчөлөрүнүн өмүрүн жана ден соолугун камсыздандыруу полиси.
12.1. Учууларды аткаруудагы ЖАК/ӨАК коопсуз колдонууну сактоо үчүн жоопкерчилик ЖАК/ӨАК менчик ээсине же эксплуатантына жүктөлөт.
12.2. ЖАК/ӨАК экипажынын курамына КР жарандары гана киргизилет.
12.3. ЖАК/ӨАК эксплуатанты же менчик ээси жарандык авиация органынын инспекторлоруна бардык документтерге, авиациялык техникаларга, ЖАК/ӨАК учууларына жетүү мүмкүндүгүн камсыздоого милдеттүү.
12.4. ЖАК/ӨАК эксплуатанты же менчик ээси ЖАК/ӨАК УЖК, УЭК жана РТЭ учууларды жүргүзүү боюнча колдонмого ылайык учууларды жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат.
12.5. ЖАК/ӨАК эксплуатанты же менчик ээси өзүнүн милдеттерин аткарууда, ЖАК/ӨАК пайдалануу акыркы ыйгарым укуктарына ээ болот.
12.6. ЖАК/ӨАК эксплуатанты же менчик ээси учууларды аткаруунун коопсуздугу үчүн толук жоопкерчилик тартат.
12.7. Кабарлоо жана авариялык-куткаруу иш-чараларын уюштуруу үчүн жоопкерчилик ЖАК/ӨАК менчик ээлерине же эксплуатанттарына таандык.
12.8. Аптечкаларды комплектациялоо жана курамынын пайдаланууга жарактуулугу үчүн жоопкерчилик ЖАК/ӨАК эксплуатантына же менчик ээсине жүктөлөт.
12.9. ЖАК/ӨАК эксплуатанты же менчик ээси тийиштүү жолбермелери менен авиациялык адистин күбөлүгү бар персоналдын техникалык тейлөөсү үчүн жоопкерчилик тартат.
12.10. Коммерциялык максаттарда учууларды аткарууда ЖАК/ӨАК коопсуз колдонууну сактоо үчүн жоопкерчилик эксплуатантка жүктөлөт.
12.11. Коммерциялык ишмердик менен байланышпаган учууларды аткарууда ЖАК/ӨАК коопсуз колдонууну сактоо үчүн жоопкерчилик ЖАК/ӨАК менчик ээсине жүктөлөт.
13.1. ЖАК/ӨАК Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануусу Кыргыз Республикасынын Авиациялык Эрежелеринин талаптарынын негизинде жүргүзүлөт.
13.2. А, С класстарында, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде ЖАК/ӨАК менен учууларды аткарууну пландоодо Кыргыз Республикасынын Аба Кыймылын Тейлөө Борборунан уруксат алуу жана учуулар планын берүү керек.
13.3. А, С класстарындагы учууларды аткарууда ИИО органдары менен милдеттүү эки тараптуу байланыштын талаптарын сактоо керек.
13.4. G классында Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учууларды аткарууну пландоодо учканга (учуп келгенге) чейин 1 сааттан эрте эмес, ИИО тейлөөчү органын пландуу маалымат менен камсыздаган, байланыштын каалаган каналын пайдалануу менен, КР АКТ Аскердик органын кабарлоо керек.
13.5. КР АКТ Аскердик органына бардык жеткиликтүү байланыш каражаттары менен учууларды аяктоо же токтотуу жөнүндө маалымдоо керек.
13.6. Мамлекеттик маанилүү объекттердин жанында (1000 метрге чейинки аралыкта), ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мамлекеттик күзөт объекттеринин убактылуу болуу орундарында ЖАК/ӨАК менен учууларды аткарууга тыюу салынат.
13.7. Бортунда мамлекеттик күзөт объекттери бар ЖАК/ӨАК менен учууларды пландоо жана аткаруу литердик рейстерди аткарууну жөнгө салуучу КРАЭга ылайык камсыздалат.
13.8. Аба мейкиндигин пайдалануу үчүн тарифтер жана жыйымдар жыл сайын бир жолку салык түрүндө төлөнөт.
14.1. ЖАК/ӨАК эксплуатанты/менчик ээси колдонуудагы учуулардын эрежелерине, квалификациялык мүмкүн чектерге жана атайын максаттарга мүмкүн чектерге ылайык, ЖАК/ӨАК техникалык мүнөздөмөлөрүнө жана уруксат берилген учуу ишмердүүлүгүнө ылайык келген аэродромдорду жана учуу жана конуу үчүн аянтчаларды пайдаланышы керек.
14.2. ЖАК/ӨАК пайдаланган аэродромдор жана вертодромдор Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы №1 буйругу менен бекитилген КРАЭ-14 талаптарына жооп бериши керек.
14.3. ЖАК/ӨАК үчүн кондуруу аянттары жарандык авиация органы тарабынан бекитилген талаптарга жооп бериши керек.
Эгерде ЖАК же ӨАК эксплуатациялык документтери менен кондуруу аянтчаларына карата жарандык авиация органы белгиленген талаптарга караганда, башкача талаптар белгиленсе, анда ЖАК/ӨАК эксплуатациялык документтеринин талаптары колдонулат.
14.4. 110 жана 111-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген ЖАК жана ӨАК пайдаланган аэродромдор, вертодромдор, кондуруу аянтчалары ЖАК/ӨАК эксплуатациялоого жол берилбейт.
14.5. Аэродромдорду жана учуу жана кондуруу үчүн аянтчаларын тандоо үчүн жоопкерчилик ЖАК /АК эксплуатантына/менчик ээсине жүктөлөт.
14.6. ЖАК/ӨАК пайдаланган аэродромдор, вертодромдор жана кондуруу аянтчалары Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын контролдоосуна жатат.
14.7. ЖАК/ӨАК аэродромунун, вертодромунун жана/же кондуруу аянтчаларынын эксплуатанты өзүнүн аэродромун, вертодромун жана/же кондуруу аянтчасын даярдоо, пайдалануу жана камсыздоо үчүн жоопкерчилик тартат.