Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2016-жылдын 19-майындагы № 499 буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милициясы башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгиси жөнүндө ЖОБО
1. "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгиси катардагы жана жетектөөчү курамдын штаттык кызматын ээлеген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милициясы башкы башкармалыгынын (мындан ары - ПМББ) кызматкерлерине гана берилет.
2. "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгиси Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын (мындан ары - ПМББ) жол кыймылына көзөмөл жүргүзгөн, административдик укук бузуулар тууралуу иш караган жана протокол толтурууга ыйгарым укук берилген, ошондой эле административдик чара көрүү ыйгарым укугу берилген штаттык кызмат ордун ээлеген кенже жана жетектөөчү курамындагы кызматкерлерине гана берилет.
3. "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгисин берүү кабыл алуу жана берүү журналына катталат.
4. "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгиси атайын жасалгаларды сактоо шартына ылайык ИИОнун бөлүктөрүнүн нөөмөт бөлүмдөрүндө сакталат.
5. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ПМББнын бөлүктөрүнүн кызматкерлерине "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгини берүү ПМББнын (ПМБ) башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери, саптык бөлүктөрдүн командирлери тарабынан ишке ашырылат.
6. "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгини тапшырууда бөлүктөрдүн жетекчилиги тарабынан аны пайдалануунун жана сактоонун эрежелери тууралуу тиешелүү нускама иштери жүргүзүлөт.
7. ПМББнын бөлүктөрүнүн жетекчилери жана командирлери "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгинин бар экендигин, катталышын жана сакталышын мезгили менен текшерип турууга милдеттүү.
8. "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгиси кызмат өтөп жаткан учурда гана алмаштыргыч-карточка менен берилет жана кызмат бүткөндөн кийин ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык сактоого кабыл алынат.
9. ПМББнын кызматкерлери формалык кийим менен кызмат өтөп жатканда "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белги көкүрөктүн сол тарабына бекитилет.
10. Кызмат өтөп бүткөндөн кийин айырмалоочу төш белгилерди тапшырууга мүмкүн болбогон алыскы райондордо жана аймактарда кызмат өтөгөн ПМББнын кызматкерлери анын сакталышын өздөрү камсыздайт.
11. "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгини жоготуп алган учурда, кызматкер жоготкон жагдайды түздөн башчысына билдирме менен маалымат берүүгө милдеттүү. Айырмалоочу төш белгини жоготкон, бузуп алган, башка адамга берип койгон ар бир фактыга бөлүктүн жетекчилери он күндүк мөөнөттө кызматтык териштирүү жүргүзүп, жоголгон белгини издөөгө, аны жоготкон себептерди жана шарттарды жоюуга чара көрөт.
12. "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгини жоготкон же бузган күнөөлүүлөр айырмалоочу төш белгинин баасын кайтарат жана ички иштер органынан бошотууга чейинки тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
13. Жоголгон айырмалоочу төш белги жараксыз деп эсептелет, бул жөнүндө ПМББнын кызматкерлерине айырмалоочу төш белгилерин берүү китебине белгиленет.
14. Жоголгон же жараксыз деп эсептелген айырмалоочу төш белгинин номери калыбына келтирилбейт. Айырмалоочу төш белгинин көчүрмөсүн даярдоого тыюу салынат.
15. ПМББнын кызматкеринин жоголгон же жараксыз деп эсептелген айырмалоочу төш белгисинин ордуна белгиленген тартипте жаңы айырмалоочу төш белги бекитилип берилет.
16. Жараксыз деп эсептелген айырмалоочу төш белги аны берген ПМББнын бөлүгүнө өткөрүлүп берилет.
17. Жумуштан бошогондо же башка кызмат ордуна которулганда ПМББнын кызматкери айырмалоочу төш белгисин аны берген ПМББнын бөлүгүнө өткөрүп берүүгө милдеттүү.
18. Өткөрүлүп берилген, андан ары пайдаланууга жарактуу болгон айырмалоочу төш белги ПМББнын башка кызматкерине берилет.
19. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ПМББнын бөлүктөрүнүн жетекчилери жарым жылда бир жолудан кем эмес карамагындагы бөлүктөрдө айырмалоочу төш белгинин бар экендигин текшерүүнү уюштурат. Текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалыматты ПМББнын бөлүктөрүнүн жетекчилигине билдирет.
20. Ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери жана "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгини кабыл алууга, берүүгө жана сактоого жооптуу адам алардын сакталуусуна, катталуусуна жана пайдалануусуна жеке жоопкерчиликти алат.
21. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ПМББнын түзүмүнө кирбеген, ИИОнун башка кызматынын кызматкерлерине "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгини берүүгө катуу тыюу салынат.
22. Бөлүктөрдө айырмалоочу төш белгилерди каттоонун, берүүнүн жана сактоонун тартибине көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ПМББ жүргүзөт.