Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 19-майы № 499
"Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгисин киргизүү жөнүндө
Жаңы түзүлгөн бөлүктүн ишин жана милдетин кайра кароо жана кызматты кайрадан атоо менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милициясы башкы башкармалыгы деп кайра түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишмердигин уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" № 112 токтомун аткарууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" № 530 токтомунун ченемдерин жетекчиликке алуу менен,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Бекитилсин:
1.1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милициясы башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгиси жөнүндө жобо бекитилсин (1-тиркеме);
1.2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милициясы башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгинин үлгүсү (2-тиркеме);
1.3. "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгисин алуу үчүн "Алмаштыргыч-карточканын" үлгүсү (3-тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милициясы башкы башкармалыгынын башчысы:
2.1. 2016-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милициясы башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгисин иш-аракетке берсин;
2.2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милициясы башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин штаттык санына ылайык жана резервди, келечекте штаттын көбөйүшүн эске алуу менен, ээ болгон акча каражаттарынын эсебинен, белгиленген тартипте "Патрулдук милиция" айырмалоочу төш белгилерин даярдоону камсыз кылсын;
2.3. бул буйрук расмий каттоодон өткөндөн кийин үч күндүн ичинде төмөнкү чараларды көрсүн:
- "Эркин-Тоо" гезитине буйрукту расмий жарыялоо;
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 21-майында № 46 жарыяланды
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин расмий веб-сайтына буйрукту жайгаштыруу;
2.4. Расмий жарыяланган күндөн кийин бир жумушчу күн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдериндеги эки нускасын кагаз жана электрондук түрүндө, аталган ченемдик укуктук актынын жарыяланган булактарын көрсөтүү менен мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
2.5. Буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын ИИМдин 15.08.2008-жылдагы "Жол кыймылынын коопсуздугу" айырмалоочу төш белгисин киргизүү жөнүндө" № 793 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги А.К.Орозалиевге жүктөлсүн.
Министр |
| М.Турганбаев |
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2016-жылдын 19-майындагы № 499 буйругуна |
Сүрөт.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милициясы башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн айырмалоочу төш белги 70 мм диаметрдеги алтын түстөгү тегерек формада алюминийден даярдалган жана эки бөлүктөн турат: негизи жана код белгиси менен жалпак темир.
1. Белгинин борборунда Кыргыз Республикасынын герби тартылган.
2. Анын алдында ак эмаль менен куюлуп "ИИМ" деп жазылган.
3. Негиздин борбордук нур чачкан бөлүгүнүн фонуна кызыл эмаль куюлган.
Борбордук бөлүктүн үстүндө тегеректелип алтын түстөгү "Патрулдук милиция" көк эмаль менен куюлуп жазылган.
4. Күмүш түстөгү код белгиси менен жалпак темир.
5. Код белгисинин жазуусу кара эмаль менен куюлуп жазылган.
6. Код белгиси тамга сериясынан жана үч сандан турган комбинацияны өзүнө камтыйт.
7. Айырмалоочу төш белгини бекиткен - илмек, атайын топчуга кадалып бекитилет.
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2016-жылдын 19-майындагы № 499 буйругуна |
"Патрулдук милиция" төш белгисине АЛМАШТЫРГЫЧ-КАРТОЧКА № ________Берилди ____________________________________________________________________________________ наамы, аты-жөнү Анткени андан серия ________ № _________ айырмалоочу төш белги сактоого алынды Кызматкердин өздүк колу ________________________________________________________ Бөлүктүн башчысы ______________________________________________________________
|
өлчөмү: 90 мм х 60 мм
Премьер-министри | Д.Үсөнов |