Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ ЖАНА ЭТНОСТОР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
от 12 октябрь 2016 года № 01-24/ 166
Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку компенсациялоо жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесинин 10-бөлүмүн турмушка ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомунун 1-тиркемесинин 19-пунктунун негизинде,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1.Тиркемеге ылайык Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку компенсациялоо жөнүндө жобосу бекитилсин.
2. Айылдык кеңештердин төрагаларына бир жолку компенсациясын жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп берүү жагы ушул буйруктун тиркемесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунушталсын.
3. Административдик жана кадр иштери боюнча бөлүмүнө: (Султакеева А.Т.):
- ушул буйрук катталгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде, бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө жобонун 17- жана19- пункттарына ылайык, ушул буйрукту белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинен мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин жүргүзсүн;
- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумалык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирүүнү камсыздасын.
4. Пресс-катчы (Босумбаев С.Р.) аталган буйрук катоодон өткөндөн кийин үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Агенттиктин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
4.Бул буйруктун аткарылышынын көзөмөлдөөсү директордун орун басары М.Халитовго жүктөлсүн.
Директор | Дж. Эгамбердиева |
| ЖӨБЭММА “ 12 ”октябрь №01-24/166 буйругуна тиркеме
|
Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку компенсациялоо жөнүндө Жобосу
Айылдык кеңештин сессииясы иштеген мезгилде, айылдык кеңештин төрагасынын бир жолку компенсациясын эсептөө үчүн айыл өкмөт башчысынын кызматтык эмгек акысы негиз катары болот. Эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
Кызматтык эмгек акы тиешелүү айда иш күндөрдүн санына бөлүнөт, ошондо компенсациянын бир иш күндүк суммасын түзөт жана ошол сумма кеңеш иштеп жаткан сессиялык күндөргө көбөйтүлөт. Бир календардык айдын ичинде 23 жумушчу күнгө чейин болушу мүмкүн. Ошондуктан, айылдык кеңеште кайсыл айда сессия өткөрүлгөнүнө жана ошол айда канча иш күн болгонуна ылайык эсептөө жүргүзүлөт.
Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку компенсациясы, кийинки формага ылайык аныкталат:
БКС- сессия иштеген мезгилиндеги айылдык кеңештин төрагасынын бир жолку компенсациясынын суммасы;
К1- Аыйлдык кеңештин бир иш күндүк компенсациясы;
СКС - Сессиялык күндөрдүн саны;
КЭА - Айыл өкмөт башчысынын кызматтык эмгек акысы;
ИК(N) - тиешелүү айдагы иш күндөр. Бир жолку төлөөнүчү компенсация, киреше салыгын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү кармап алуу менен жүргүзүлөт.
Мисал: формага ылайык БКС=К1*СКС 14300=650*22:
650*1=650(К1)
К1=КЭА/ИК(N) К1=14300/22;