Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2016- жылдын 28-декабры №212-Б
“Ички аудиттин сапатын кепилдөө жана жогорулатуу программасын түзүү боюнча колдонмону бекитүү жɵнүндɵ”
“Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынын 10-беренесинин 3-пунктуна жана “Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №296 токтомунунун 2-пунктуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
Тиркелген Ички аудиттин сапатын кепилдөө жана жогорулатуу программасын түзүү боюнча Колдонмо бекитилсин.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, башка аткаруу бийлигинин органдарынын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын ведомстволук уюмдарынын, мамлекеттик ишканалардын ички аудит кызматтары Ички аудиттин сапатын кепилдөө жана жогорулатуу программасын түзүү боюнча Колдонмону өзүлөрүнүн функционалдык милдеттерин ишке ашырууда колдонсун.
Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясы башкармалыгы:
бул буйрукту, ал катталган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин-Тоо» гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяласын;
бул буйрукту, ал расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
бул буйрукту, ал күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
Коомчулук менен байланышуу сектору бул буйрук каттоодон өткөн үч жумуш күнүнүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.
Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн он күн ɵткɵндɵн кийин күчүнө кирет.
Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы З.Э.Баямановага жүктөлсүн.
Министр | А. Касымалиев |
1-тиркеме
Баалоону өткөрүү күнү:
| Аудитордук тапшырманын аталышы: | |||
Идентификация | ||||
Аудитордун фамилиясы, аты жана атасынын аты:
| ||||
Аудитордук тапшырманын жетекчисинин аты:
| ||||
Баллдардын деңгээлдери: эң жакшы (5), жакшы (4), канааттандыраарлык (3), жакшыртуу талап кылынат (2), колдонулбайт (1) | ||||
№ | Негизги сапаттар | Балл | ||
| Аудитти уюштуруу |
| ||
1 | Аудитти пландоо |
| ||
1.1 | Тапшырманы толук жана негиздүү пландоону камсыздоо үчүн керектүү документтерди жана маалымат булактарын туура аныктоо жөндөмдүүлүгү |
| ||
1.2 | Тапшырманын максаттарын туура аныктоо жөндөмдүүлүгү |
| ||
1.3 | Контролдун маанилүү түйүндөрүн туура аныктоо жөндөмдүүлүгү |
| ||
1.4 | Тиешелүү тобокелдиктерди туура аныктоо жөндөмдүүлүгү |
| ||
1.5 | Тапшырманы пландоо боюнча таризделген документтердин сапаты |
| ||
1.6 | Жумушчу убактысынын туура бюджетин аныктоо жөндөмдүүлүгү |
| ||
2 | Аудитордук тапшырманы өткөрүү |
| ||
2.1 | Тапшырманын максаттарына жетүү |
| ||
2.2 | Тапшырманын белгиленген көлөмүн, мөөнөттөрүн жана мезгилдерин сактоо |
| ||
2.3 | Иштеги шайкеш келбестиктерди жоюунун өз убагында аткарылышы жана сапаты, анын ичинде аудитордук отчетту жеткире иштеп чыгуу |
| ||
2.4 | Аудитордук далилдердин жетиштүүлүгү |
| ||
2.5 | Даярдалган жумушчу документтеринин толуктугу жана сапаты |
| ||
3 | Кесиптик компетенттүүлүк |
| ||
3.1 | Ченемдик-укуктук актыларды билүү |
| ||
3.2 | Көйгөйлүү маселелер боюнча кырдаалды билүү |
| ||
3.3 | Көйгөйлүү маселелерди талкуулоодо, ошондой эле жыйынтыктоочу жумушчу аудитордук документтерди макулдашууда ички аудитордун сылыктыгы |
| ||
3.4 | Ички аудитордун тыянактарынын негиздүүлүгү |
| ||
3.5 | Олуттуу көйгөйлөрдү анчалык олуттуу эмес көйгөйлөрдөн айырмалай билүү жөндөмү |
| ||
3.6 | Көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча сунуштардын максатка ылайыктуулугу |
| ||
3.7 | Ички аудитордун өзүнүн аракеттерин тапшырманын жетекчиси менен макулдашуусу |
| ||
3.8 | Тапшырманын жыйынтыктары боюнча ички аудитордун сунуштарынын тууралыгы жана максатка ылайыктуулугу |
| ||
3.9 | Ички аудиттин кандайдыр бир маселелер боюнча шектенүүлөр жаралганда кесиптештери, тапшырманын жетекчиси жана компетенттүү адамдар менен кеңешүү жөндөмү |
| ||
4 | Кесиптик жүрүм-турум |
| ||
4.1 | Жумушчу убактысын пайдалануу |
| ||
4.2 | Өз алдынча ишин уюштуруу |
| ||
4.3 | Аудиттин материалдарын жумушчу кагаздарда баяндоо |
| ||
4.4 | Оозеки сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү |
| ||
4.5 | Демилгелүүлүк |
| ||
4.6 | Коюлган милдеттерди аткаруудагы чыгармачылык мамиле |
| ||
4.7 | Жаңы, көнүмүн эмес шарттарга тез ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгү |
| ||
4.8 | Тактык |
| ||
4.9 | Аудит объектисинин ишин билүү |
| ||
| Балл менен жыйынтыктоочу баалоо = критерийлер боюнча баллдардын суммасы (max 145)/баалоо критерийлердин саны (29) |
| ||
Аудитордук тапшырманынын жетекчисинин баасы ( Аудитордук тапшырманынын жетекчиси жок болгон учурда ички аудит кызматынын жетекчиси тарабынан бааланат) | ||||
| ||||
Маанилүү күчтүү тараптары: | ||||
| ||||
Маанилүү начар тараптары: | ||||
| ||||
Ишти жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштар: | ||||
Зарыл тренингдер/окуулар: | ||||
| ||||
Аудитордун комментарийлери: | ||||
| ||||
| ||||
Тапшырманын жетекчиси «____»__________20__г. ___________________________ колу
Ички аудит кызматынын/ жетекчиси «____»__________20____ж. _________________________ колу
| Тааныштым:
Ички аудитор
«____»__________20__-ж. _______ _____________________ колу | |||
2-тиркеме
Баалоону өткөрүү күнү: | Аудитордук тапшырманын аталышы: | |||
Идентификация | ||||
Аудитордук тапшырманын жетекчисинин фамилиясы, аты жана атасынын аты:
| ||||
Ички аудит кызматынын/бөлүмүнүн жетекчисинин аты:
| ||||
Баллдардын деңгээлдери: эң жакшы (5), жакшы (4), канааттандыраарлык (3), жакшыртуу талап кылынат (2), колдонулбайт (1) | ||||
№ | Аудитти уюштуруу | Балл | ||
1 | Аудитордук тапшырманы пландоо
| |||
1.1 | Тапшырманы толук жана негиздүү пландоону камсыздоо үчүн керектүү документтерди жана маалыматтар булактарын туура аныктоо |
| ||
1.2 | Тапшырманын максаттарын туура аныктоо |
| ||
1.3 | Тапшырманын методдорун жана көлөмүн туура аныктоо |
| ||
1.4 | Ишмердикти жана контролдун маанилүү түйүндөрүн туура талдоо |
| ||
1.5 | Тиешелүү тобокелдиктерди туура талдоо жана баалоо |
| ||
1.6 | Жумушчу убактысынын бюджетин туура аныктоо |
| ||
2 | Аудитордук тапшырманы өткөрүү | |||
2.1 | Жобого (аудитордук тапшырманы аткарууга карата талаптарды аныктоочу башка документке) ылайык тапшырманы жана тапшырманын максаттарын аткаруу |
| ||
2.2 | Тапшырманын белгиленген көлөмүн, мөөнөттөрүн жана мезгилдерин сактоо |
| ||
2.3 | Иштеги шайкеш келбестиктерди жоюунун өз убагында аткарылышы өткөрүү жана сапаты, анын ичинде аудитордук отчетту жеткире иштеп чыгуу |
| ||
2.4 | Аудитордук далилдердин жетиштүүлүгү |
| ||
2.5 | Даярдалган жумушчу документтеринин толуктугу жана сапаты |
| ||
3 | Жумушчу документтерди тариздөө жана тапшырманын материалдарын ишке ашыруу | |||
3.1 | Тапшырманын жетекчисинин тыянактарынын негиздүүлүгү |
| ||
3.2 | Олуттуу көйгөйлөрдү анчалык олуттуу эмес көйгөйлөрдөн айырмалай билүү жөндɵмү |
| ||
3.3 | Көйгөйлүү маселелер боюнча кырдаалды билүү |
| ||
3.4 | Тапшырманын жыйынтыктары боюнча кыскача тыянакты (резюме) өз убагында даярдоо |
| ||
3.5 | Тапшырманы ишке ашыруу боюнча документтерди өз убагында тариздөө |
| ||
3.6 | Аудитордук отчетто, резюмеде чагылдырылган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча сунуштардын максатка ылайыктуулугу |
| ||
3.7 | Тапшырманын жыйынтыктары боюнча сунуштардын тууралыгы жана максатка ылайыктуулугу |
| ||
| Балл менен жыйынтыктоочу баалоо = критерийлер боюнча баллдардын суммасы (max 90)/баалоо критерийлердин саны 18
|
| ||
Ички аудит кызматынын жетекчисинин баасы
| ||||
Маанилүү күчтүү тараптары: | ||||
| ||||
Маанилүү начар тараптары: | ||||
| ||||
Ишти жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштар: | ||||
| ||||
Зарыл тренингдер/ окуулар: | ||||
| ||||
Тапшырманын жетекчисинин комментарийлери: | ||||
Ички аудит кызматынын жетекчиси :
«____»__________20__г. _____________ колу
| Тааныштым: Аудитордук тапшырманын жетекчиси
«____»__________20__-ж___________ колу | |||
3-тиркеме
№ | Ишмердиктин натыйжалуулугунун маанилүү көрсөткүчтөрүнүн (ИНМК) тизмеги | ИНМК баалоонун максималдуу өлчөмү | Ич. аудитордун ФАА | Ич. аудитордун ФАА | Ич. аудитордун ФАА | Ич. аудитордун ФАА | Ич. аудитордун ФАА | Ич. аудитордун ФАА | ||
1 | Ички аудиторлордун этикалык стандарттарды сактоосу | 25 |
|
|
|
|
|
| ||
1.1. | Чынчылдык |
|
|
|
|
|
|
| ||
1.2 | Көз карандысыздык жана объективдүүлүк |
|
|
|
|
|
|
| ||
1.3 | Купуялуулук |
|
|
|
|
|
|
| ||
1.4 | Кесиптик компетенттүүлүк |
|
|
|
|
|
|
| ||
1.5 | Эмгек тартибин сактоо |
|
|
|
|
|
|
| ||
2
| Аткарылган иштердин сапаты, өз убагында аткарылышы жана натыйжалуулугу, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.1 | Ички аудитордун аудитордук тапшырманы пландоо процедураларын сактоосу | 20 |
|
|
|
|
|
| ||
2.1.1 | Аудитордук тапшырманын жетекчисинин аудитордук тапшырманын максаттарын туура аныктоосу |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.1.2 | Ички аудитордун аудитордук тапшырманын максаттарына жетүүсү |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.1.3 | Ички аудитордун аудитордук тапшырманы алдын ала пландоо процедурасын сактоосу |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.1.4 | Аудитордук тапшырманын жетекчисинин аудитордук тапшырманы аткаруу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгүн аныктоосу |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.2
| Аудитордук тапшырманы аткаруу | 15 |
|
|
|
|
|
| ||
2.2.1 | Аудитордук тапшырманын жетекчисинин жана ички аудитордун аудитордук тапшырманы аткаруу боюнча талаптарды сактоосу (методология боюнча) |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.2.2 | Аудитордук тапшырманын жетекчисине жана ички аудит кызматынын жетекчисине аудитордук корутундунун мазмунуна таасирин тийгизе турган ички аудиттин негизги жыйынтыктарын өз убагында маалымдоосу |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.2.3 | Ички аудитордун аудитордук тапшырманы аткаруу мөөнөттөрүн сактоосу |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.3 | Аудитордук отчет | 15 |
|
|
|
|
|
| ||
2.3.1 | Ички аудтордун эгерде аудитордук отчет олуттуу эскертүүлөрдү камтыган учурда мүмкүн болуучу жаңжалдуу кырдаалдарга даярдыгынын деңгээли |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.3.2 | Ички аудитордун өзүнүн көз карашын жактай билүү жөндөмү, көшөргөндүгү жана өзүнүн күчүнө ишенгендиги жана фактыларды дароо ырастоого жана аудиттин жыйынтыктарын деталдаштырууга даярдыгы |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.3.3 | Аудитордук отчет формасына карата белгиленген талаптарды (методология боюнча) сактоосу |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.4 | Аудитордук аныктоолор жана сунуштар | 15 |
|
|
|
|
|
| ||
2.4.1 | Сунуштарды берүү үчүн аныкталган аныктоолорду (фактыларды) ырастоо үчүн маалыматтардын жетиштүүлүгү, негиздүүлүгү, маңыздуулугу, пайдалуулугу |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.4.2 | Ички контроль тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдорун жана методдорун өркүндөтүүгө багытталган сунуштардын болушу, маанилүүлүгү (баалуулугу) |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.4.3 | Кырдаалды оңдоо боюнча чараларга байланыштуу сунуштар пайдалуу болушу үчүн аныкталган аныктоолордун (фактылардын) себептерин аныктоонун деңгээли |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.5 | Сунуштарды аткарууга мониторинг жүргүзүү | 5 |
|
|
|
|
|
| ||
2.5.1 | Сунуштарды аткарууга тутумдук мониторинг жүргүзүү |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.6 | Жумушчу документтер | 5 |
|
|
|
|
|
| ||
2.6.1 | Жумушчу документтерди белгиленген талаптарга ылайык тутумдаштыруу, сактоо жана пайдалануу |
|
|
|
|
|
|
| ||
| ИНМК аткаруунун деңгээли, (балдардын суммасы) | 100 |
|
|
|
|
|
| ||
| Тааныштым (колу, дата) |
|
|
|
|
|
|
| ||
ТЫЯНАКТАР: __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Ички аудит кызматынын жетекчиси ___________________ ________________
(колу) (ФАА)
20__-жылдын «___» ____________
(кол койго күн)
4-тиркеме
Аудитордук тапшырманын аталышы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
Аудитордук тапшырманын максаттары: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
Аудит объектиси: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
Аудит объектисинин жетекчиси: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
Аудитордук тапшырманын жетекчиси: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
Аудитордук топтун мүчөлөрү: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
Аудитордук тапшырманы өткөрүү мезгили: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||
Урматтуу__! |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
Сизге “Жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүдөн Сиздин күтүүлөрүңүз канчалык деңгээлде акталды?” анкетасы толтуруу үчүн сунушталды. Анкетанын суроолоруна аны алган учурдан тартып 3 күн аралыгында жооп берүүнү көптөн-көп өтүнөбүз. Аудиторлор менен иштешүүдөгү жеке тажрыйбасында тийиштүү маалымат жок болгон учурда, Сиз жооп берүүдө кыйналган суроолорго байланыштуу пикирди билдирүү үчүн Сиздин жооптор/бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан толтурулат. Ошондой эле бул анкета аудитордук текшерүүлөрдү өткөрүүнүн натыйжалуулугун баалоо үчүн арналганын тактай кетмекчибиз. Суроого жооп берүүдө уч жооптон бир жоопту тандап жана белгилеп коюу керек. “Комментарийлер” графасында суроолорго жоопторду, мүмкүн болушунча комментарийлөөнү көптөн-көп өтүнөбүз. Алдын ала ыраазычылык билдиребиз, ички аудит кызматы_________________ мамлекеттик бийлик башкаруу секторунун органы
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||
Баалоого жаткан критерийлер | Баалоо критерийлеринин мүнөздөмөсү | Коммента-рийлер |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||
жогорку деңгээл | орточо деңгээл | төмөнкү деңгээл |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||
1. Сиздин көз карашыңызда, жүргүзүлгөн аудитордук текшерүү натыйжалуу болдубу? | Текшерүү натыйжалуу уюштуруган жана өткөрүлдү, ишмердиктин маанилүү жана азыраак маанилүү чөйрөлөрү тийиштүү көлөмдө жана талаптагыдай текшерилди. | Текшерүү натыйжалуу эмеске караганда, болушунча натыйжалуу уюштурулган жана өткөрүлдү, бирок, айрым учурлар аудит өткөрүү үчүн алгылыктуу эместей көрүндү (“Комментарийлер” графасын кара.). | Текшерүү жетиштүү эмес деңгээлде уюштурулган жана өткөрүлдү, менин көз карашымда, эч кандай тобокелдик жаратпаган ишмердик чөйрөлөрү текшерилди. |
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||
2. Сиздин көз карашыңызда, бул аудитордук текшерүүнү жүргүзүү үчүн аудиторлордун командасы канчалык деңгээлде кесипкөй болушту? | Команда жакшы кесиптик деңгээлде, уюшкандык менен иштеди, аудиторлор ортосунда маалымат алмашуу тийиштүү деңгээлде жүргүзүлдү. | Аудиторлор командасы канааттандыраарлык кесиптик деңгээлде, бɵлүмдүн процесстерин жакшы деңгээлдеги түшүнүүнүсу менен. | Аудиторлор командасы болуп жаткан жумушчу процесстерди жетишсиздик түшүнөөрүн көрсөттү.
|
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||
3. Текшерүүдө аудиторлор канчалык сыпайы болушту? | Аудиторлор өзүлөрүн сыпайы жана сылык алып жүрүштү. | Мамлекеттик кызматчынын этикасын сакташты, бирок ɵзүлɵрүн бир аз туура эмес алып жүрүштү (өзүн кармай албастык). | Аудиторлордун одоно жүрүм-турумунун (орой, корс) айрым учурлары болду.
|
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||
4. Сиз текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ички аудит кызматынын сунуштарынын сапатын кандай баалайсыз? | Айрым маселелерге байланыштуу абдан баалуу сунуштарды алдык. | Негизинен бардык сунуштар менен биздин уюм макул болду. | Бардык сунуштар жумушчу мүнөзгө ээ, башкача айтканда олуттуу эч нерсе жок деп эсептейбиз. |
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||
5. Сиздин бɵлүмдүн кызматкерлерин аудитордук текшерүүлөргө алагды кылууну кандай баалайсыз? | Текшеруу учурда сөзсүз болот турган, кызматкерлерди анчалык маанилүү эмес алагды кылуу байкалды. | Кызматкерлерди алагды кылуу, иш процессине таасирин тийгизди деп айтууга болбойт, бирок алагды кылуу байкаларлык болду. | Кызматкерлер аудиторлор үчүн материалдарды даярдоого, аудиторлор менен аңгемелешүүгө ж.б. өтө көп алагды кылынды |
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||
6. Аудитордук текшерүүдөн Сиздин күтүүлөрүңүз канчалык деңгээлде аткарылды? | Толук ченемде акталды. | Акталбаганга салыштырмалуу акталды. | Акталган жок. |
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||
Аудитордук текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн сиздин каалоолор? |
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||
Толтурган күн |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||
Толтурган адамдын колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||
5-тиркеме
I. Тышкы баалону уюштуруу
1.1. Тышкы баалону жүргүзүүгө даярдык
1.2. Тышкы баалоону жүргүзүү
II. Тышкы баалоонун жыйынтыктарын тариздөө
III. Тышкы баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу жана бузууларды, кемчиликтерди жоюунун жана сунуштарды жүзөгө ашыруунун абалына мониторинг жүргүзүү
6-тиркеме
Бул тутум ички аудиттин сапатын тышкы баалоону пландоодо ички аудит кызматын тандоого карата бирдиктүү ыкмаларды камсыздоо максатында иштелип чыккан.
Ички аудит кызматын тобокелдикке багытталган тандоо процедурасы ички аудиттин сапатын тышкы балоолорду жүргүзүүдɵ алардын ишиндеги тобокелдик жогору болгон ички аудит кызматтарын тандоо максатында тобокелдиктерди талдоого жана баалоого негизделет.
Тобокелдиктерди баалоо негизги эки көрсөткүч боюнча жүргүзүлөт: тобокелдиктин деңгээли менен, ал тобокелдиктерди өлчөɵнүн конкреттүү индикаторлору (критерийлери) боюнча ар бир ички аудит кызматы боюнча өзүнчө аныкталат жана тобокелдиктин олуттуулук деңгээли менен, ал туруктуу чоңдук болуп саналат (1-таблицада аныкталган) жана иш жүзүндө тобокелдиктердин приоритеттүүлүгүнүн шкаласын белгилейт.
тобокелдиктин олуттуулук деңгээли |
|
|
| ||
3 |
|
3
| 6 | 9 |
|
2 |
|
2
| 4 | 6 |
|
1 |
|
1
| 2 |
3 |
|
|
|
|
|
|
тобокелдик деңгээли |
| 1 | 2 | 3 | ||
1-сүрөт. Ички аудит кызматын тобокеликке багытталган тандоо модели
Бул моделге ылайык тобокелдиктин деңгээли үч деңгээлдүү шкала боюнча бааланат: төмөнкү деңгээл - 1 балл, орточо деңгээл - 2 балл жана жогорку деңгээл - 3 балл. Олуттуулук туруктуу, белгилүү чоңдук болуп саналат, иш жүзүндө ар бир ички аудит кызматы алардын ар бири боюнча тобокелдиктин деңгээли боюнча гана бааланат.
Ушундан улам, балдардын жалпы суммасы төмөндөгү формула боюнча аныкталат:
R суммасы = (R1 + R 4) х 3 + (R5 +...+ R9) х 2 + (R10 + R11) х 1, мында
R суммасы – ар бир ички аудит объектисинин жалпы баллдык баасы;
R1-11 – бул тобокелдиктин олуттуулугунун тийиштүү деңгээлинин баллына көбөйтүлгөн, 1 ден тартып 3 кө чейинки шкала боюнча ар бир конкреттүү тобокелдикти 1-таблицага ылайык баалоо.
Тобокелдиктерди олуттуулук деңгээли боюнча бөлүштүрүү. Жогорку деңгээлдеги тобокелдиктер (3 балл) – бул функционалдык тобокелдиктер (же аларды “аудитордук процесстин тобокелдиктери” деп дагы аташат). Орточо деңгээлдеги тобокелдиктер (2 балл) – бул уюштуруу тобокелдиктери. Төмөнкү деңгээлдеги тобокелдиктер (1 балл) – тутумдук уюштуруучулук жана финансылык тобокелдиктери, алар жалпысынан ички аудит кызматынын ишин жана ички аудит кызматынын анын жыйынтыктарына таасирин мүнөздөйт.
Функционалдык тобокелдиктердин тобу ички аудит кызматынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө мезгилдүү отчеттуулукту жалпылоонун жана талдоонун, анын ишинин пландарын макулдашуунун, ички аудит кызматынын жетекчилерин жана кызматкерлерин сурамжылоонун, ишкердик кат алышуунун жана жеке баарлашуунун негизинде ички аудит кызматынын ишине туруктуу камералык мониторинг жүргүзүү аркылуу аныкталат. Алар ички аудит кызматынын ишинин бардык негизги аспекттерин, ички аудит кызматынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоосун мүнөздөйт.
Уюштуруу тобокелдиктеринин тобу ички аудит кызматынын иш алып баруусунун уюштуруучулук-укуктук негиздерин жана анын кадрдык камсыздалышын талдоо жана мониторинг жүргүзүү аркылуу аныкталат. Алар ички аудит объектисинин жетекчиликтеринин тийиштүү органдын тутумунда ички контролду жана ички аудитти уюштуруу көйгөйүнө карата мамилесин, алардын ички аудит объектисиндеги финансылык-бюджеттик тартиптин абалына жеке жоопкерчилигин түшүнүүсүн мүнөздөшөт.
Тутумдук тобокелдиктердин тобу ички аудит кызматы жөнүндө тышкы маалыматты, институционалдык, функционалдык, ченемдик укуктук чөйрөнү, финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрдү кошо талдоонун жыйынтыктары боюнча аныкталат. Алар ички аудит объектисинин жалпы нжыйынтыгына ички аудит кызматынын таасиринин көз карашынан алганда ички аудит кызматынын ишмердигинин натыйжалуулугун мүнөздөйт.
Пландоодо ички аудит кызматынын ишинин өткөн 2 жылдагы жыйынтыктары боюнча көрсөткүчтөр эске алынат (отчеттуулуктун жалпы көрсөткүчү боюнча жана/же тобокелдикке жараша отчеттук мезгилдин тийиштүү датасына карата абал боюнча).
1-таблицада берилген тобокелдиктердин тизмеги акыркы болуп саналбайт, бирок кеңири жайылган тобокелдиктерди камтыйт. Белгиленген тобокелдиктердин тизмеги кайра кароого жана жаңылоого жатат.
Ички аудит кызматын тандоодо жогоруда берилген формула боюнча балдардын жалпы суммасы аныкталат. Максималдуу санда балдарды топтогон ички аудит кызматы тандоодо эң приоритеттүү деп эсептелет.
Сапатты тышкы баалоо жүргүзүү үчүн тандалган ички аудит кызматынын тизмеги сапатты тышкы баалоо жүргүзүүнүн белгиленген мезгилдүүлүгүн, кеминде 2 жылда 1 жолу, эске алуу менен өзгөртүлɵт.
1 Таблица
1-тобокелдик (R1)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик деңгээли | Баалоо |
Ички аудитти уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча ички документтердин жоктугу
Көрсөткүчтү аныктоодо акыркы 2 жылдагы маалымат эске алынат | Ички документтердеги олуттуу кемчиликтер, алардын ички аудит чɵйрɵсүндɵгү укуктук ченемдик актыларына толук дал келбөөсү | жогору | 3 |
Ички документтерде бир аз кемчилдиктер, алардын ички аудит чайрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына дал келбөөсү | орточо | 2 | |
Ички документтердин ички аудит чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына толук дал келүүсү | төмөнкү | 1 |
2-тобокелдик (R2)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик деңгээли | Баалоо |
Ички аудитти сапатсыз пландоо; пландарды аткарбоо
Көрсөткүчтү аныктоодо акыркы 2 жылдагы маалымат эске алынат | Аудитти пландоодо олуттуу кемчиликтердин болушу 1) тобокелдикке багытталган пландаштыруунун жоктугу; 2) системалуу пландарды аткарбоо | Жогору | 3 |
Аудитти пландоодо айрым кемчиликтердин болушу 1) тобокелдикке багытталган анча мынча кемчиликтери бар пландаштыруунун болуусу; 2) пландарды жарым-жартылай аткарбоо | орточо | 2 | |
Мындай фактылардын жоктугу | төмөнкү | 1 |
3-тобокелдик (R3)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик деңгээли | Баалоо |
Аудиттин жыйынтыктары боюнча сунуштарды жүзөгө ашырууну мониторинг жүргүзүү жол-жоболорунун жоктугу
Көрсөткүчтү аныктоодо акыркы 2 жылдагы маалымат эске алынат | Аудиттин жыйынтыктары боюнча сунуштарды жүзөгө ашырууну мониторинг жүргүзүнүн жол-жоболорунун жоктугу | жогору | 3 |
Аудиттин жыйынтыктары боюнча сунуштарды жүзөгө ашырууну мониторинг жүргүзүүнүн жол-жоболору бар, бирок сунуштарды жүзөгө ашыруу натыйжалуу кɵзɵмɵлдɵнбɵйт | орточо | 2 | |
Мониторинг жүргүзүү жол-жоболору бар жана сунуштарды жүзөгө ашыруу тутумдуу көзөмөлдөнөт | төмөнкү | 1 |
4-тобокелдик (R4)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик деңгээли | Баалоо |
Финансы министрлигине берилген маалыматтын анык эместиги
Көрсөткүчтү аныктоодо акыркы 2 жылдагы маалымат эске алынат
| Финансы министрлигине берилген отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүнүн туура эместигинин эки жана андан көп фактылары | жогору |
3 |
Берилген отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүнүн туура эместигинин айрым фактылары | орточо | 2 | |
Мындай фактылардын жоктугу | төмөнкү | 1 |
5-тобокелдик (R5)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик деңгээли | Баалоо |
Ички аудит объектисинин (мындан ары - ИА объектиси), анын ведомстволук жана аймактык бɵлүмдɵрүнүн статусуна, түзүмүнө жана штаттык санына карата ички аудит кызматынын (мындан ары – ИАК) статусу, түзүмү жана штаттык саны; ИАК штаттык санын негизсиз кыскартуу
Көрсөткүч баалоону жүргүзүү учуруна карата акыркы отчеттор боюнча аныкталат жана камералдык мониторингдин маалыматтарын эске алат | ИАК, анын штаттык саны жана статусу жагынан алганда ИА объектисиндеги финансылык-бюджеттик тартиптин абалына таптакыр таасирин тийгизбейт (1 аудиторго - 30 ведомстволук жана аймактык бөлүктөр / 30 бюджеттик программалар); ИАК штаттык санын негизсиз кыскартуу фактыларынын болушу | жогору | 3 |
ИАК, анын штаттык саны жана статусу жагынан алганда ИА объектисиндеги финансылык-бюджеттик тартиптин абалына жарым жартылай таасирин тийгизет (1 аудиторго - 20 ведомстволук жана аймактык бөлүктөр / 20 бюджеттик программалар); анын статусу же түзүмү ИА объектисинин масштабдарына адекваттуу эмес | орточо | 2 | |
ИАК, анын штаттык саны жана статусу жагынан алганда ИА объектисиндеги финансылык-бюджеттик тартиптин абалына таасирин тийгизет (1 аудиторго - 10 ведомстволук жана аймактык бөлүктөр /10 бюджеттик программалар); | төмөнкү | 1 |
6-тобокелдик (R6)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик деңгээли | Баалоо |
ИАК уюштуруучулук жана функционалдык көз карандысыздыгы
Көрсөткүч баалоо жүргүзүү учуруна карата аныкталат | Көрсөтүлгөн кемчиликтердин көпчүлүгүнүн болушу (6 дан 3 тɵн көбү): ИАК өз алдынча эместиги; башка сыйышпаган функциялар менен жасалма бириктирүү; ИАК үчүн мүнөздүү эмес функциялар менен жүктөлүү; ИА объектисинин жетекчисине түздөн түз баш ийбөөсү; ИАК ишине үчүнчү жактардын кийгилишүү фактыларынын болушу; ИАК жетекчиси ИА объектисинин жетекчисине түз кирүү мүмкүндүгүнө ээ эместиги. | жогору | 3 |
Жогорку денгээлдеги тобокелдиктин критерийлеринде келтирилген 6 кемчиликтен 2 бар болушу | орточо | 2 | |
Бул маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына толук шайкештиги | төмөнкү | 1 |
7-тобокелдик (R7)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик деңгээли | Баалоо |
ИАК жетилгендик деңгээли (качан түзүлгөн), кадр саясатынын туруктуулугу, ИАК толук комплекттенгендиги, персоналдын квалификациялык талаптарга шайкештиги
Көрсөткүч баалоо учуруна карата аныкталат жана акыркы 2 жылдагы маалыматтарды эске алат
| Көрсөтүлгөн аспекттердин көпчүлүгүнүн болушу (5 пункттардын 3 төн көбү болушу): ИАК 2 жылдан аз иш алып барат; ИАК жетекчилигин тезден алмаштырылышы; персоналга карата квалификациялык талаптардын сакталбоосу; ИАК жетекчисинин жана кызматкерлеринин адистик боюнча азыраак иш стажы; ИАК олуттуу комплекттенбегендиги | жогору | 3 |
Ички аудит функцияларын ишке ашыруунун сапатына олуттуу таасирин тийгизбей турган, жогорку деңгээлдеги тобокелдиктин критейлиринде келтирилген 5 аспекттисинен 2 сүнүн болушу | орточо | 2 | |
Мындай аспекттердин жоктугу | төмөнкү | 1 |
8-тобокелдик (R8)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик деңгээли | Баалоо |
Бекитилген ички аудиттин сапатын камсыздоо жана жогорулатуу программасынын жоктугу; аны аткарбоо мезгилдүү сапатты ички баалоолорду өткөрбөө
Көрсөткүч баалоо жүргүзүү учуруна карата аныкталат жана акыркы 2 жылдагы маалыматтарды эске алат | Программанын жоктугу жана мезгилдүү сапатты ички баалоолорду өткөрбөө | жогору | 3 |
Программада кемчиликтер бар; сапатты ички баалоолор сейрек жана/же формалдуу өткөрүлөт | орточо | 2 | |
Иштин бул участогу бул маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына толук шайкеш келет | төмөнкү | 1 |
9-тобокелдик (R9)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик деңгээли | Баалоо |
Финансы министрлиги менен талаптагыдай эмес өз ара кызматташуусу, анын ичинде өткөрүлгөн сапатты тышкы баалоонун жыйынтыктары боюнча Финансы министрлиги тарабынан берилген талаптарды жана сунуштарды ишке ашыруу боюнча иштерди уюштуруу бөлүгүндө
Көрсөткүчтү аныктоодо акыркы 2 жылдагы маалымат эске алынат | Финансы министрлигинин кайрылууларын/суроо-талаптарын системалык тоготпостук; суроо-талаптар боюнча, анын ичинде Финансы министрлик тарабынан өткөрүлгөн сапатты тышкы баалоонун жыйынтыктары боюнча берилген талаптарды жана сунуштарды ишке ашыруу боюнча иштерге тиешелүү формалдуу, сапатсыз маалыматтарды берүү | жогору | 3 |
Мындай фактылардын айрым учурлары | орточо | 2 | |
Мындай фактылардын жоктугу | төмөнкү | 1 |
10 -тобокелдик (R10)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик деңгээли | Баалоо |
ИА объектисинин уюштуруу түзүмү, ведомстволук жана аймактык бɵлүмдɵрүнүн штаттык саны, каржылык ресурстардын көлөмү, ишмердиктин функционалдык багыттарынын, бюджетин программалардын саны
Көрсөткүч баалоо жүргүзүү учуруна карата аныкталат жана акыркы 2 жылдагы маалыматты эске алынат | ИА объектиси татаал түзүлүшү менен, жок дегенде, 100 ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү, жалпы республикалык бюджеттин чыгымдарынын 2% тине көп каржы ресурстарынын көлөмү, ишмердиктин функционалдык багыттарынын, бюджетин программалардын кɵп саны менен | жогору | 3 |
ИА объектиси салыштырмалуу татаал түзүлүшү менен, жок дегенде, 50 дɵн 100 гɵ чейин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү, жалпы республикалык бюджеттин чыгымдарынын 1% тен 2% тине чейин каржы ресурстарынын көлөмү, ишмердиктин функционалдык багыттарынын, бюджетин программалардын орто саны менен | орточо | 2 | |
ИА объектиси татаал эмес түзүлүшү менен, жок дегенде, 50 гɵ чейин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү, жалпы республикалык бюджеттин чыгымдарынын 1% тине чейин каржы ресурстарынын көлөмү, ишмердиктин функционалдык багыттарынын, бюджетин программалардын кɵп эмес саны менен | төмөнкү | 1 |
11-тобокелдик (R11)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик деңгээли | Баалоо |
Сапатты ички баалоонун жыйынтыктары
Көрсөткүч баалоо жүргүзүү учуруна карата аныкталат жана акыркы 2 жылдагы маалыматтарды эске алат | Көпчүлүк компоненттер боюнча терс баалоо; сапатты ички баалоонун анык эместигинин фактылары аныкталган | жогору | 3 |
Айрым компоненттер боюнча терс баалоо | орточо | 2 | |
Сапатты ишенимдүү баалоо | төмөнкү | 1 |
7-тиркеме
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болгондо кыскача түшүндүрмө берүү) |
A1: ИАК жетекчисинин ИА объектисинин жетекчиси менен өз ара байланышы | |
ИАК түздөн-түз ИА объектисинин жетекчисине баш ийеби? |
|
ИАК жетекчиси ИА объектисинин коллегиялык органынын мүчөсүбү? |
|
ИАК жетекчиси бардык уюмдук өзгөртүүлөргө, ИА объектисиндеги башка маанилүү маселелерге байланыштуу маалыматты өз убагында алабы? |
|
ИАК жөнүндө жобо ИА объектисинин жетекчиси тарабынан бекитилгенби; ал үзгүлтүксүз кайра каралып жана тиешелүү түрдө такталып турабы? |
|
ИАК жөнүндө жободо (башка ички документтерде) ИА объектисинин жетекчисинин жана ИАК жетекчисинин ортосундагы өз ара байланыш, ИАК максаты, ыйгарым укуктары жана жоопкерчилик чөйрөлөрү аныкталганбы? |
|
ИА объектисинин жетекчиси ИАК иш планын, бекитеби? |
|
ИАК жетекчиси ИАК ишмердигинин жыйынтыктары жөнүндө түздөн-түз ИА объектисинин жетекчисине отчет береби? |
|
ИА объектисинин жетекчилиги аудитордук сунуштарды жүрөгө ашыруу үчүн керектүү кадамдарды жазайбы? |
|
A2: ИАК түзүмү жана штаттык саны, анын көз карандысыздыгы | |
ИАК түзүмү жана штаттык саны аудитке жаткан объекттердин санына жараша ички аудит функцияларын натыйжалуулугун ишке ашырууну камсыздай алабы? |
|
ИАК ИА объектисинин өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналабы? |
|
ИАК жөнүндө жобо бөлүмгө бекитилген, ички аудиттин ишине тиешелүү эмес жана/же аны менен сыйышпаган функцияларды камтыйбы? |
|
ИАК же анын айрым кызматкерлери ички аудиттин ишине тиешелүү эмес жана/же аны менен сыйышпаган функцияларды аткарышабы? |
|
Жобо же ички аудит ишмердигинин маселелери боюна башка ички документтер менен ички аудиторлор тарабынан ишине үчүнчү жактардын аларды ишине кийлигишүүсүнө жооп кылуу (коргоо) чаралары каралганбы? |
|
ИАК ишине үчүнчү жактардын кийлигишүүсүнүн далилдери барбы? |
|
Ички документтер менен аудиторлордун аларга тапшырылган тапшырмаларды аткаруусунда кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу чаралары каралганбы? |
|
Практикада кызыкчылыктардын кагылышуу фактылары барбы жана ИАК жетекчиси мындай фактыларды болтурбоо максатында чараларды көрөбү? |
|
ИАК иш алып баруусунун уюштуруучулук- укуктук негиздерин баалоонун жыйынтыктары (А1+А2)
1-деңгээл: Калыптануу
|
2-деңгээл: Өнүгүү | 3-деңгээл: Ишмердик | 4-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү | |||
ИА объектисин жетекчиси ички контролду жана ички аудитти камсыздоодогу өзүнүн ролуна байланыштуу түшүнүктү калыптандырат. ИАК түзүмү жана штаттык саны ИА объектисинде тутумдуу ички аудитти камсыздай албайт жана андагы финансылык-бюджеттик тартиптин абалына таасирин тийгизбейт.
| ИА объектисин жетекчиси ички аудит функцияларын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоого карата пландарды киргизет жана айрым кадамдарды жасайт. Бирок ИАК түзүмү жана штаттык саны айрым тайкы милдеттерди гана чечүүчү абалда жана жалпысынан тутумга таасирин тийгизбейт. | ИА объектисин жетекчилиги ИА функцияларын ишке ашырууга мүмкүндүн берген шарттарды түзгөн. Ошол эле убакта аны ишке ашыруунун жана өнүктүрүүнүн толуктугун чектеген бир катар уюштуруучулук функционалдык кемчиликтер бар.
| ИА объектисин жетекчилиги ИАК ролун толук түшүнөт жана уюмдун ишмердигинин максаттарына, тобокелдиктерди башкарууга жана бардык деңгээлдеги контролго жетүүгө ички аудиттен салым алууга кызыкдар. Муну менен катар ички аудит функцияларын өнүктүрүү үчүн резервдер бар. | ИА объектисинин жетекчилиги тарабынан ИА объектисиндеги финансылык контролдун жана башкаруунун маанилүү куралы катары кабыл алынат. ИАК системалык сапаттуу ички аудитти камсыздайт, стратегиялык деңгээлде натыйжалуу иштөөгө тартылган жана таанылган. |
Далил болуучу база | |||
ИАК иш алып баруусунун уюштуруучулук- укуктук негиздерин баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу
| |||
Сунушталуучу иш-чаралар
| Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар |
|
|
|
|
В. ИАК кадр саясатын жана этикалык стандарттардын сакталышын баалоо
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болгондо кыскача түшүндүрмө берүү) |
В1: ИАК кызматкерлеринин этикалык стандарттарын сактоо предметине карата ИА объектисиндеги ички чөйрөнү баалоо | |
Ички документтерде ички аудиторлор тарабынан этикалык стандарттарды сактоо боюнча талаптары каралганбы? |
|
ИАК бардык кызматкерлери этикалык стандарттардын негизги жоболору менен таанышканбы? |
|
Ички аудиторлор өздөрүнүн милдеттерин аткарууда этикалык стандарттардын жоболорун сакташабы? |
|
Ички документтерде кызматкерлердин этикалык стандарттардын талаптарын сактабоо учурларын кароонун жана даттанууларга көңүл буруунун тартиби каралганбы? |
|
ИАК кызматкерлеринин өздөрүнүн милдеттерин аткарууда этикалык стандарттардын талаптарын бузуусуна тиешелүү аракеттерине карата даттануулар болдубу? |
|
Этикалык стандарттарды бузуу фактыларына, мындай бузуулар болгон учурда, мониторинг жүргүзүлөбү (документ түрүндө катталабы) жана чечим кабыл алынабы? |
|
Этикалык стандарттарды сактоо жөнүндө ИАК бардык кызматкерлери тарабынан кол коюлган декларациялар барбы? |
|
В2: ИАК өнүгүүсүнүн деңгээли, кадр саясатынын туруктуулугу, комплекттенгендигинин абалы | |
Аудитордук тапшырмаларды аткарууга ИАК кызматкерлери натыйжалуу жана пропорционалдуу тартылабы? |
|
ИАК жетекчиси жарым жылда бир жолудан көп алмашабы? |
|
ИАК адистер менен жетиштүү камсыздалганбы? |
|
ИАК штаттык саны “аудит мейкиндигинин” жогорку тобокелдиктери менен элементтерин камтууну камсыз кыла алабы? |
|
Ички документтерде ички аудиторлордун квалификациясына карата талаптар белгиленгенби? |
|
ИАК кадр саясатын жана этикалык стандарттарын сактоо боюнча баалоонун жыйынтыктары (В1+В2)
1-деңгээл: Калыптануу | 2-деңгээл: Өнүгүү | 3-деңгээл: Ишмердик | 4-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү | |||||
Ички аудит функциясы ага коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн жетиштүү сандагы кадр ресурстары менен камсыздалган эмес. Этикалык стандарттар сакталбайт. | ИАК жетекчилигинин тезден алмаштырлышы жана ИАК кадрдык курамынын толук комплекттенбегенди-ги, ички аудит функциясын натыйжалуу ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө тоскоолдук кылат. Ички аудиторлор тарабынан этикалык стандарттардын сакталбаган учурлары бар. | Учурдагы ИАК кадрдык курамы уюмдун тутумунда ички аудит функциясын колдой, жетекчинин тапшырмаларын аткара алышат. Ошол эле убакта ички аудиттин функциясынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кадр саясатын өркүндөтүүгө багытталган бир катар иш-чараларды ишке ашыруу керек. Ички аудиторлор тарабынан этикалык стандарттар сакталат, бирок бир аз бузуулар менен.
| ИАК ички аудит функциясын ишке ашыруу үчүн квалификациялуу кадрлар менен толук комплекттелген. Ички аудиторлор өздөрүнүн милдеттерин этикалык стандарттарды сактоо менен сапаттуу аткарышат. Муну менен катар ИАК кадрдык курамын өнүктүрүү үчүн резервдер бар.
| ИАК этикалык стандарттар-ды сактоо менен ички аудит функциясын ийгиликтүү ишке ашырат жана жогорку тобокелдиктери менен аудиттин объектилерин камтуу үчүн жетиштүү комплекттел-ген. | |||||
Далил болуучу база | |||||||||
ИАК кадр саясатын жана этикалык стандартарды сактоо боюнча баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу | |||||||||
Сунушталуучу иш-чаралар
| Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар | ||||||
|
|
|
| ||||||
С. ИАК ички ченемдик укуктук базасын баалоо
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болгондо кыскача түшүндүрмө берүү) |
С1: ИАК өнүктүрүү стратегиясын аныктоого тиешелүү ички ченемдик укуктук базаны баалоо | |
ИА объектисинин жетекчиси тарабынан ички аудиттин сапатын кепилдөө жана жогорулатуу программасы бекитилеби? |
|
Ички аудиттин сапатын кепилдөө жана жогорулатуу программасы менен коюлган максаттарга жетүүнүн деңгээлин өлчөөнүн көрсөткүчтөрү аныкталганбы; Программа актуалдуулукту жана орундуулукту камсыздоо үчүн үзгүлтүксүз (жылына 1 жолудан кем эмес) кайра кароонун предмети болуп саналабы? |
|
Ички аудиттин сапатын кепилдөө жана жогорулатуу программасы кадр потенциалын талдоону жана коюлган максаттарды камсыздоо үчүн керектүү квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыктарды баалоону камтыйбы? |
|
Сапатты ички баалоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруунун абалы көзөмөлдөнөбү, эгерде ооба болсо, анда алар толук жүзөгө ашырылабы, аларды ишке ашырууга эмне тоскоолдук кылат? |
|
Персоналды окутуу планы барбы жана эгер бар болсо, анда персоналдын реалдуу муктаждыктары канчалык толук эске алынган? |
|
Ички аудиторлор үчүн тармактык маселелер боюнча сабактар өткөрүлөбү; мындай окууну өткөрүүнүн документтик далили барбы; сабактар окутуу планына (ал болгондо) толук шайкеш келеби? |
|
Бардык ички аудиторлор кесиптик квалификациясын мезгилдүү жогорулатуудан өтөбү? ИАК бардык мындай пландаштырылган жана өткөрүлгөн курстардын реестрин жүргүзөбү? |
|
ИА объектисинин деңгээлинде бардык өткөрүлгөн окутуулардын жана ички аудиторлардын жетишкендиктеринин жалпы реестри жүргүзүлөбү? |
|
ИАК ишин пландоодо персоналды окутууга жетиштүү өлчөмдө убакыт бөлүү эске алынабы? |
|
Ички аудиттин сапатын ички баалоо өткөрүлөбү жана канчалык көп жолу? |
|
Өткөрүлгөн сапатты ички баалоонун жыйынтыктары боюнча ички аудиттин сапатын жогорулатууга багытталган иш-чаралар иштелип чыгабы жана алар кийинки мезгилге карата ички аудиттин сапатын кепилдөө жана жогорулатуу программасында чагылдырылабы? |
|
ИАК жетекчиси ИА объектисинин жетекчисинин алдында ички аудиттин сапатын кепилдөө жана жогорулатуу программасын ишке ашыруу, анда коюлган максаттарды, ошондой эле ички аудиттин сапатын ички баалоонун жыйынтыктарын кошуп отчет береби? |
|
С2: ИАК ишин регламенттөөчү ички ченемдик укуктук базаны баалоо | |
ИАК кызматтык нускамалары бекитилгенби? |
|
Жоболордо жана кызматтык нускамаларда ишмердиктин бардык негизги аспекттери ачылганбы, алар мыйзамдын негизги талаптарына шайкеш келеби? |
|
Ички аудитти өткөрүү жана документтештирүү боюнча тармактык нускама бекитилгенби? |
|
Ички аудитти өткөрүү жана документтештирүү боюнча нускама ички аудиттин бардык багыттарын камтыйбы, ал мыйзам талаптарына шайкеш келеби? |
|
Ички документтер менен аудитти пландоонун тартиби аныкталганбы (өзүнчө документ же башка ички документтин бөлүмү катары)? |
|
Ички аудитти уюштуруу жана өткөрүү боюнча ички документтер жумушчу убакыттын пландаштырылган жана чыныгы иш фондун эсептөөнүн, аны аудит багыттары боюнча бөлүштүрүүнүн, планга киргизүү үчүн объекттерди тандоонун тартибин, ошондой эле мындай тандоонун критерийлерин аныктайбы? |
|
Ички аудитти өткөрүү үчүн объекттерди тандоо ар жылдык тобокелдиктерди баалоого негизделгенби? Тобокелдиктердин негизинде аныкталган ички аудиттин ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары ИА объектисинин ишмердигинин максаттары менен байланыштуу экенине далилдер барбы? |
|
ИАК ички ченемдик укуктук базасын баалоонун жыйынтыктары (С1+С2)
1-деңгээл: Калыптануу
|
2-деңгээл: Өнүгүү | 3-деңгээл: Ишмердик | 4-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү | |||||||
ИА объектисинде ички аудиттин функцияларын ишке ашырууну регламенттөөчү ички ченемдик укуктук база жок (ИАК ишин камсыздоо бөлүгүндө, ошондой эле аны өнүктүрүү бөлүгүндө). | ИА объектисинде ички аудиттин ишмердиги жана аны өнүктүрүү боюнча ички документтерде ченемдик укуктук актыларыдын бир катар талаптары эске алынган эмес, ошондуктан алар олуттуу кайра иштеп чыгууну талап кылат. | ИАК ишмердигин регламенттөөчү ички документтерде анын ишмердигинин, андан ары өнүктүрүүнүн жана ички аудит функциясынын сапатын жогорулатуунун айрым аспекттери эске алынган эмес. | ИАК ички ченемдик укуктук базасы ишмердикти жүргүзүү, жана өнүктүрүү, ички аудиттин сапатын жогорулатуу үчүн жетиштүү. Ошол эле убакта, ал айрым аспекттерди кеңири чагылдырууну же бир катар тактоолорду талап кылат.
| Ички ченемдик укуктук базасы бул чөйрөдөгү мыйзамдардын талаптарына толук шайкеш келет, ички аудит функцияларын ишке ашыруунун жана аны өнүктүрүүнүн бардык негизги аспекттерин чагылдырат. | |||||||
Далил болуучу база
| |||||||||||
ИАК ички ченемдик укуктук базасын баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу | |||||||||||
Сунушталуучу иш-чаралар
| Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар | ||||||||
|
|
|
| ||||||||
D. ИАК ишин пландоо тутумун жана пландарды аткаруунун абалын баалоо
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болгондо кыскача түшүндүрмө берүү) |
D1: Пландарды түзүүнүн жана бекитүүнүн, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби | |
Баалоо менен камтылган мезгилдерге ИАК ишинин планы барбы? |
|
ИАК төмөндөгүлөргө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын жана ички документтердин талаптарын сактайбы: |
|
тобокелдиктерди баалоонун, объекттерди тандоонун башка белгилүү критерийлеринин негизинде пландарды түзүү (объекттерди аудит менен камтуунун толуктугу жана мезгилдүүлүгү ж.б.)? |
|
пландуу жана иш жүзүндөгү жумушчу убакыттын фонддорун эсептөө? |
|
пландарга өзгөртүүлөрдү киргизүү? |
|
пландан тышкаркы аудиттерди өткөрүү үчүн негиздердин мыйзамдуулугу? |
|
D2: Пландарды аткаруунун абалы | |
Ички аудитти жүргүзүүнүн пландарын жүз пайыздык аткаруу камсыздалганбы? |
|
Пландарды аткарбоо үчүн негиздүү себептер барбы (аткарбоо фактылары болгондо)? |
|
Пландарды аткарбоо фактылары аларды түзүү баскычындагы кемчиликтер жана жаңылыш эсептөөлөр менен байланыштуубу? |
|
Пландарды аткаруу фактылары тутумдуу мүнөзгө ээби? |
|
Пландан тышкаркы тапшырмалардын саны пландарды аткаруунун абалына, ошондой эле ички аудит менен аудит объекттерин камтуунун тутумдуулугуна таасирин тийгизеби? |
|
ИА объектисинин жетекчиси ички аудитти жүргүзүү пландарын аткаруунун абалы жөнүндө маалымдалабы? |
|
ИАК ишин пландоо тутумун жана пландарды аткаруунун абалын баалоонун жыйынтыктары (D1+D2)
1-деңгээл: Калыптануу | 2-деңгээл: Өнүгүү | 3-деңгээл: Ишмердик | 4-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү | ||||
Ичи аудитти пландоо тутуму жок. Пландар тобокелдиктерди же башка критерийлерди баалоосуз түзүлөт. Натыйжада айрым объекттердин аудити бир нече жолу пландалган, ошол эле убакта тобокелдиги жогору объекттер ички аудит менен камтылган эмес. Пландар формалдуу жана дайыма аткарыла бербейт. | ИАК ишти пландоодо тобокелдиктерди жана башка критерийлерди баалоону пайдаланууга аракет кылат. Бирок контролдоо чөйрөсүн же жок дегенде тобокелдиги жогору объекттерин камтуунун тутумдуулугун камсыздабайт. Пландан тышкаркы тапшырмалардын көптүгүнөн пландар аткарылбайт.
| Пландар бекитилген тартипке ылайык түзүлөт, тобокелдиги жогору объекттерди камтыйт жана негизинен аткарылат. Ошол эле убакта пландоо тутуму айрым кемчиликтерге жана четтөөлөргө ээ.
| ИА объектисинин деңгээлинде тобокелдиктерди баалоонун негизинде ички аудит боюнча ишти пландоо тутуму бекитилген жана иш жүзүндө киргизилген. Пландар ченемдик укуктук базанын талаптарына ылайык түзүлөт жана толук аткарылат. | Пландоо тутуму так, айкын жана натыйжалуу. Тобокелдикке багытталган пландоо ишмердикти эң тобокелдүү чөйрөлөргө багыттону шарттайт жана ички аудиттин максаттарына жетүү үчүн ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууну камсыздайт. | ||||
Далил болуучу база
| ||||||||
ИАК ишин пландоо тутумун жана пландарды аткаруунун абалын баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу
| ||||||||
Сунушталуучу иш-чаралар
| Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар | |||||
|
|
|
| |||||
E. Ички аудитти өткөрүүнүн уюштуруучулук жана функционалдык аспекттерин баалоо
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болгондо кыскача түшүндүрмө берүү) |
E1: Ички аудитти уюштуруу жаатында ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу | |
Төмөндөгү жаатта ченемдик укуктук актылардын жана ички документтердин талаптары аткарылуудабы: |
|
ички аудитти өткөрүүгө даярдоодо: аудит объектисин изилдөөдө, талдоодо, максаттарды аныктоодо, пландоодо жана эмгек ресурстарын бөлүштүрүүдө? |
|
ички аудит программаларын түзүүдө жана бекитүүдө? |
|
ички аудит жүргүзүүнүн программалары аудитордук тапшырманын белгиленген максаттарына шайкештигин камсыздоодо? |
|
текшерүүлөрдүн көлөмүнүн аларды өткөрүү үчүн программаларда аныкталган мөөнөттөргө жана ресурстарга шайкештигин камсыздоодо? |
|
ички аудит жүргүзүүгө башка бөлүмдөрдүн/уюмдардын адистерин тартуу процедураларын аныктоодо? |
|
аудит жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн аныктоодо жана сактоодо? |
|
E2: Аудитордук иш аракеттердин натыйжалуулугу жана ички аудиттин материалдарын документтештирүүнүн сапаты | |
Ички аудиттин материалдары аудиттин программасынын ар бир маселеси боюнча аудитордук далилдери чогултуу учурундагы ички аудиторлордун иш-аракетеринин толуктугун ырыстайбы? |
|
Ички аудитти документтештирүүгө, аудитордук отчеттордун формасына тиешелүү ченемдик укуктук актылардын талаптары аткарылабы? |
|
Аудитордук отчеттордо фактылар, аудитордук далилдер, аныкталган кемчиликтер жана бузуулар толук көлөмдө жана жетиштүү документтештирилгенби (фактылар так жана түшүнүктүү баяндалганбы, ченемдик укуктук актыларга карата шилтемелер барбы ж.б.)? |
|
Аудит материалдарындагы аудитордук далилдер аудитордук отчеттордогу аудиторлордун корутундуларына дайыма шайкеш келеби? |
|
Аудитордук отчеттордо документтештирилген бузуулар жана кемчиликтер дайыма туура квалификацияланганбы? |
|
Ички аудиттин материалдары ИАК жетекчиси / аудитордук топтун жетекчиси тарабынан ички аудитти өткөрүүнүн мониторинг жүргүзүлүшүнүн документалдуу далилдерин камтыйбы? |
|
Аудитордук материалдарды түзүү жана сактоо боюнча ченемдик укуктук актылардын жана ички документтердин талаптары аткарылабы? |
|
Ички аудитти өткөрүүнүн уюштуруучулук жана функционалдык аспекттерин баалоонун жыйынтыктары (E1+E2)
1-деңгээл: Калыптануу
|
2-деңгээл: Өнүгүү | 3-деңгээл: Ишмердик | 4-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү | |||
Ички аудит канааттандыраарлык эмес деңгээлде уюштурулат жана өткөрүлөт. Иш жүзүндө ички аудит функциясы өз максатына жетпейт жана толук көлөмдө бузууларды аныктап же алдын ала албайт. Айрым маселелер гана текшерилет, муну менен катар аудитордук иш аракеттер үстүртөн жүргүзүлөт, документтештирүү-нүн кемчиликтери аныкталган бузууларды жана учурдагы көйгөйлөрдү квалификациялоо мүмкүнчүлүгүн бербейт. | Аудитти уюштурууда жана өткөрүүдө бир катар кемчиликтер бар, алар ички аудит функциясын ишке ашыруунун майнаптуулугуна шарт түзбөйт. Бирок бул функция Ички аудит стандарттарына ылайык өнүгүүдө жана ИА объектисинин жетекчисине айрым маселелерди чечүүдө жардам берет.
| Ички аудиттер туруктуу мүнөзгө ээ болбогон айрым кемчиликтер менен уюштурулат жана өткөрүлөт жана белгилүү (бир катар учурларда ал эмес салыштырмалуу жогорку) жыйынтыктарга жетүүнү камсыздайт. Ошол эле убакта ички аудиттин сапатын жогорулатуу үчүн айрым чараларды көрүү керек. | Ички аудит талаптагыдай деңгээлде уюштурулат жана өткөрүлөт. Айрым гана кемчиликтер бар, аларды жоюу ички аудиттин сапатын жогорулатуу үчүн резерв болушу мүмкүн. | Ички аудит кесипкөй деңгээлде уюштурулат жана өткөрүлөт. ички аудит функциясы ИА объектисинде-ги бузууларды, кемчиликтерди жана көйгөйлүү маселелерди максималдуу аныктоону камсыздайт. |
Далил болуучу база | |||
Ички аудитти өткөрүүнүн уюштуруучулук жана функционалдык аспекттерин баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу | |||
Сунушталуучу иш-чаралар
| Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар |
|
|
|
|
F. Жүргүзүлгөн ички аудиттин майнаптуулугун жана алардын жыйынтыктарын ишке ашырууну баалоо
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болгондо кыскача түшүндүрмө берүү) |
F1: Жүргүзүлгөн ички аудиттин майнаптуулугун жана отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүн талдоо | |
ИАК ички аудиттин жыйынтыктары боюнча отчеттук көрсөткүчтөрдү эсепке алуу жана топтоо тутуму киргизилгенби? |
|
ИАК өзүнүн ишинин жыйынтыктары жөнүндө ИА объектисинин жетекчисинин алдында отчет береби (белгиленген мезгилдүүлүк менен)? |
|
Отчеттук көрсөткүчтөрдүн туура эместигинин, бурмаланганынын, алардын ИА объектисинин жетекчилигине берилген отчеттор менен шайкеш эместигинин фактылары барбы? |
|
Аудит объектилеринин ички аудиттин жыйынтыктары, эскертүүлөрү менен макул эместик, ички аудиторлордун иш аракеттерине даттануулардын фактылары барбы? |
|
Аудитордук отчетторго эскертүүлөрдү/каршылыктарды, ички аудиторлордун иш аракеттерине даттанууларды кароонун ички тартиби белгиленгенби? |
|
F2: Ички аудиттин жыйынтыктарын ишке ашыруу | |
Ички аудиттин жыйынтыктарын ишке ашыруунун тартибин регламенттөөчү бекитилген ички документтер барбы? |
|
Ички аудиттин жыйынтыктары боюнча берилген сунуштар: |
|
- конкреттүү конструктивдүү мүнөзгө ээби? |
|
- баалоо материалдарында баяндалган фактыларга шайкеш келеби? |
|
ИАК жетекчисине ар бир өткөрүлгөн ички аудиттин жыйынтыктары берилеби жана мындай факттылардын документалдуу далилдери барбы? |
|
ИА объектисин жетечиси ички аудиттин жыйынтыктары боюнча берилген бардык сунуштарга дайыма макул болобу? |
|
Укук коргоо жана башка кызыкдар органдары ички аудиттин жыйынтыктары жөнүндө бардык учурларда жана өз убагында маалымат алышабы? |
|
F3: Ички аудиттин жыйынтыктары боюнча аудитордук сунуштарды жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн абалы | |
Ички аудиттин жыйынтыктары боюнча сунуштарды жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн формасын жана процедурасын регламенттөөчү бекитилген ички документтер барбы? |
|
Ички документтер аудитордук сунуштарды жүзөгө ашырууну мониторинг жүргүзүүнү, аларды ишке ашыруунун так мөөнөттөрүн, ар бир конкреттүү иш-чараны ишке ашыруу үчүн жооптуу кызмат адамдарын, ошондой эле сунуштарды жүзөгө ашыруунун күтүлгөн жыйынтыктарын аныктайбы? |
|
Аудитордук сунуштарды жүзөгө ашырууга иш жүзүндө мониторинг жүргүзүлөбү? |
|
Кемчиликтерди жоюунун жана аудитордук сунуштарды жүзөгө ашыруунун документ түрүндө далили барбы? |
|
Аудитордук сунуштарды алардын сапатсыз туюндурулушуна (кимге, эмнени жана эмне үчүн аткарышы керектигинин так эместиги, түшүнүксүздүгү) байланыштуу аткарбоо фактылары барбы? |
|
ИАК аудит объектисине карата, алар тарабынан сунуштардын белгилүү мөөнөттөрдө аткарылбаган учурда, чараларды (эскертүү каты, ведомстволук буйруктар ж.б.) демилгелейби? |
|
Өткөрүлгөн ички аудиттин майнаптуулугун жана алардын жыйынтыктарын ишке ашырууну баалоонун жыйынтыктары (F1+F2+F3)
1-деңгээл: Калыптануу
|
2-деңгээл: Өнүгүү | 3-деңгээл: Ишмердик | 4-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү | ||||||||
ИАК иши дээрлик майнапсыз. Тобокелдиктерди алдын алуу тутуму жок. ИАК ИА объектисиндеги финансылык-бюджеттик тартиптин абалына таптакыр таасирин тийгизбейт. | ИАК ишинин майнаптуулугунун деңгээли жогору эмес же ИА объектисинин жетекчиси аудиттин жыйынтыктарын ишке ашырууга талаптагыдай көңүл бурбайт. ИАК маанилүү пайда жок. | ИАК ишинин майнаптуулугунун деңгээли орточо же орточодон жогору. Муну менен катар аудиттин жыйынтыктарын ишке ашырууда айрым көйгөйлөр, анын ичинде өздүк сунуштарды жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн начардыгы менен байланыштуу көйгөйлөр бар. | ИАК ишинин майнаптуулугунун деңгээли кыйла жогору. ИАК ИА объектисиндеги финансылык-бюджеттик тартиптин абалына таасирин тийгизет, актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүдө жетекчиге жардам берет. Ошол эле учурда, ички аудит ишинин бул компонентин жакшыртуу үчүн резервдер бар. | Ички аудит функциясы анын алдына коюлган иш максаттарын аткарат, натыйжалуу жана майнаптуу ишке ашырылат. Бузууларды жоюуну, андан ары аларга жол бербөөнү жана ИА объектисиндеги финансылык башкарууну жана контролдоону талаптагыдай колдоого алууну кепилдөөнүн жогорку деңгээли камсыздайт. |
| |||||||
Далил болуучу база | ||||
Өткөрүлгөн ички аудиттин майнаптуулугун жана алардын жыйынтыктарын ишке ашырууну баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу | ||||
Сунушталуучу иш-чаралар
| Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар | |
|
|
|
| |
G. Финансы министрлиги менен өз ара кызматташуусунун абалын баалоо
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болгондо кыскача түшүндүрмө берүү) |
G1: Ички аудиттин сапатын мурдагы баалоо убагында Финансы министрлиги тарабынан аныкталган кемчиликтерди жоюунун жана берилген сунуштарды киргизүүнүн абалы | |
Сапатты тышкы балоолордун жыйынтыктары боюнча ар бир сунуштар боюнча конкреттүү аткаруу мөөнөттөрүн жана жооптуу аткаруучуларды аныктоо менен берилген сунуштарды ишке ашыруу боюнча пландар (башка ички документтер) иштелип чыкканбы? |
|
ИА объектисинин жетекчилиги берилген сунуштарды ишке ашыруу боюнча пландарды бекитеби? |
|
Финансы министрлигинин сунуштары иш жүзүндө аткарылабы жана алардын аткарылышы көзөмөлгө алынганбы? |
|
Мурдагы баалоонун жыйынтыктары боюнча берилген, Финансы министрлигинин ар бир сунушун аткаруунун абалы: |
|
1)______________ |
|
2)______________ |
|
3)______________ |
|
G2: ИАК Финансы министрлиги менен ички аудиттин функциясын ишке ашыруу жаатындагы өз ара кызматташуусунун абалы | |
Финансы министрлигине отчеттор дайыма жана өз убагында берилеби? |
|
Отчетторду аларды сапатсыз толтурууга, отчеттук көрсөткүчтөрдүн ишенимсиздигине байланыштуу Финансы министрлиги тарабынан аларды кайра иштеп чыгууга (кошумча түзөтүүгө) кайтарган фактылар барбы? |
|
ИАК кызматкерлери Финансы министрлиги уюштурган окууларга, семинарларга, башка иш-чараларга катышабы? |
|
Финансы министрлигинин кайрылууларын/суроо-талаптарын тоготпой коюу, анын ичинде жүргүзгөн сапатты тышкы балоолордун жыйынтыктары боюнча берилген Финансы министрлигин талаптарын жана сунуштарын ишке ашыруу боюнча иштерди уюштурууга тиешелүү, фактылары барбы? |
|
Финансы министрлиги менен өз ара кызматташуунун абалын баалоонун жыйынтыктары (G1+G2)
1-деңгээл: Калыптануу
|
2-деңгээл: Өнүгүү | 3-деңгээл: Ишмердик | 4-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү | |||
ИАК Финансы министрлиги менен өз ара кызматташпайт. Финансы министрлигинин сунуштарын толук тоготпойт. | ИАК Финансы министрлиги менен өз ара кызматташат, бирок мыйзам менен аныкталган бардык аспекттер боюнча эмес. Финансы министрлигинин көпчүлүк сунуштары аткарылган эмес же формалдуу аткарылган, бул ички аудит функциясынын сапатын өнүктүрүүгө жана жогорулатууга шарт түзбөйт. | ИАК Финансы министрлиги менен өз ара кызматташат (саналуу учурлардан тышкары). Финансы министрлигинин көпчүлүк сунуштары аткарылган. Баалоонун жыйынтыктары боюнча ички аудит функциясынын сапатынын жогорулашы байкалат. | ИАК Финансы министрлиги менен ар тараптуу өз ара кызматташат. Сунуштар дээрлик толук көлөмдө аткарылган. Ошол эле учурда сунуштарды толук ишке ашыруу үчүн объективдүү тоскоолдуктар бар. | ИАК Финансы министрлиги менен тутумдуу жана ар тараптуу өз ара кызматташат. Сунуштар толук көлөмдө аткарылган. |
Далил болуучу база | |||
Финансы министрлиги менен өз ара кызматташуунун абалын баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу
| |||
Сунушталуучу иш-чаралар
| Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар |
|
|
|
|
| |||
Н. Ички аудиттин сапатын ички баалоону өткөрүүнүн объективдүүлүгүн баалоо
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болгондо кыскача түшүндүрмө берүү) |
H1: Тышкы баалоонун жыйынтыктарынын баалоо мезгили аралыгында өткөрүлгөн ички баалоолордун мурдагы жыйынтыктары менен катышы | |
Ички аудиттин сапатын мурдагы ички жана тышкы балоолорду салыштырууда төмөндөгүлөргө тиешелүү четтөө фактылары аныкталдыбы: |
|
ички аудит кызматынын уюштуруу түзүмүнө, анын статусуна жана штаттык санына? |
|
ИАК көз карандысыздыгына? |
|
- ИА объектисинин жетекчилиги менен өз ара байланышна? |
|
- кадр саясат маселелерине? |
|
- ички аудиторлордун этикалык стандартарды сактоосуна? |
|
- ички аудиттин сапатын камсыздоо жана жогорулатууга? |
|
- ички аудит боюнча ички ченемдик укуктук базаны даярдоого, тариздөөгө жана бекитүүгө, анын Ички аудит стандарттарына, этикалык стандарттарга шайкештигине? |
|
- ички аудитти өткөрүүнүн пландарын түзүүнүн жана бекитүүнүн тартибине? |
|
- ички аудитти өткөрүүнүн пландарын аткарууга? |
|
- ички аудитти уюштурууга? |
|
- ички аудитти өткөрүүгө жана аларды документтештирүүгө? |
|
- отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүнө? |
|
- ички аудиттин майнаптуулугуна |
|
- ички аудиттин жыйынтыктарын ишке ашырууга? |
|
- аудитордук сунуштарды жүзөгө ашырууга мониторингге? |
|
- ички аудиттин функциясын ишке ашыруу жаатында Финансы министрлиги менен өз ара кызматташуусуну абалына? |
|
Ички аудиттин сапатын ички баалоону өткөрүүнүн объективдүүлүгүн баалоонун жыйынтыктары (H1)
1-деңгээл: Калыптануу
|
2-деңгээл: Өнүгүү | 3-деңгээл: Ишмердик | 4-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү | |||
Ички аудиттин фукциясы алсыз жана жөндөмсүз Ички аудиттин ички сапатын баалоо өткөрүлбөйт же өкөрүлсө да толук эмес жана сапатсыз жүргүзүлөт, натыйжада алардын жыйынтыгын салыштырууга болбойт. | Ички аудиттин фукциясы баштапкы өнүгүү баскычында. Сапатты ички баалоо өткөрүлөт, бирок, көпчүлүк учурда, ИАК башчысы ички аудиттин функциясын ишке ашырунун сапатын толук жана объективдүү баалай албайт. | Ички аудиттин фукциясы өнүгүүдө, анын сапатын жогорулатууга умтулуу байкалат. Ички аудиттин сапатын ички баалоо толук жана объективдүү, айрым аспектилери боюнча гана четтөөлөр аныкталган.э | Ички аудиттин фукциясы натыйжалуу жана майнаптуу ишке ашырылып жатат. Ички аудиттин сапатын баалоонун жыйынтыктары ички аудиттин бардык аспектилери жогорку денгээлде түшүнүлɵрүн жана калыс бааланарын баса кɵрсɵтүшɵт. Тышкы баалоонун жыйынтыктарынан четтөөлөр иш жүзүндө жок, ошол эле учурда баалоонун жыйынтыктары боюнча тыянактар жана сунуштар толуктоолорго жана бир аз өзгөртүүлөргɵ муктаж. | Ички аудиттин фукциясы ɵнүккɵн, сырткы баалоону жүргүзүүгɵ муктаж эмес. ИАК башчысы ɵз алдынча ички аудитти объективдүү баалоону жүргүзүүгө, тыянак чыгарууга жана ИАК ишинин сапатын кепилдɵɵ жана жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоого жарайт. |
Далил болуучу база | |||
Ички аудиттин сапатын ички баалоону өткөрүүнүн объективдүүлүгүн баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу | |||
Сунушталуучу иш-чаралар
| Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар |
|
|
|
|
| |||
8-тиркеме
(жетекчи)
_________________ ички аудит кызматынын ______ - жылга карата ички аудиттин сапатын кепилдөө жана жогорулатуу Программасы
Программанын максаты: (үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү милдеттүү шарты болуп саналган, ички аудит кызматынын ишинин жалпы максаттарынын бир бөлүгү)
Камтуу чөйрөсү (бардык иш-чаралар/аудитордук текшерүүлөр жана/же иштин башка аспекттери, ишмердикти башкаруу, мониторинг, отчеттуулук ж.б.)
№ п/п
| Сапатты балоолордун жыйынтыктары боюнча сапатты жакшыртуу үчүн сунушталуучу иш-чаралар
| Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруу жөнүндө белги |
Сапатты ички баалоолор | ||||
I. Ички аудиттин жалпы стандарттары (Этикалык стандарттар) | ||||
Кесипкөйлүк жана ишке карата кесипкөй мамиле | ||||
|
|
|
| |
Ички аудиттин көз карандысыздыгы жана объективдүүлүгү | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
II. Ишмердиктин стандарттары | ||||
Ички аудит жүргүзүүнүн багыттары | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ички аудит боюнча ишти пландоо | ||||
|
|
|
| |
|
|
|
| |
Аудитордук текшерүүлөрдүн маалыматтар базасын жүргүзүү | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ички аудитти уюштуруу | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ички аудит жүргүзүү | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ички аудиттин жүрүшүн жана жыйынтыктарын документтештирүү | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
III. Ички аудиттин жыйынтыктары боюнча отчеттуулуктун, иштерди түзүүнүн, сактоонун жана сапатты баалоонун стандарттары | ||||
Ички аудит кызматынын иши жөнүндө отчет | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ички аудиттин иштерин түзүү жана сактоо | ||||
|
|
|
| |
Сапатты тышкы баалоо | ||||
I. Ички аудит кызматынын иш алып баруусунун уюштуруучулук-укуктук негиздери | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
II. Ички аудит кызматынын кадр саясаты | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
III. Ички аудит кызматынын ички ченемдик укуктук базасы | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
IV. Ички аудит кызматынын ишин пландоо жана пландарды аткаруунун абалы | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
V. Ички аудит жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана функционалдык аспекттери | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
VI. Өткөрүлгɵн ички аудиттин жана алардын жыйынтыктарын ишке ашыруунун майнаптуулугу | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
VII. Финансы министрлиги менен өз ара кызматташуусунун абалы | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
VIII. Ички аудиттин сапатына ички баалоолорду жүргүзүүнүн объективдүүлүгү | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ички аудит кызматынын жетекчиси
«_____» _________20___-ж. ________________________ _____________________________
(колу) (ФАА)
1.Форманын түзүмү учурдагы милдеттерди эске алуу менен жана ички аудит кызматтарынын иши боюнча актуалдуу көйгөйлүү маселелердин жаралышына байланыштуу өзгөртүлɵт.
2. Тиркемелер (зарыл болгон учурда).