Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 129 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-июну № 296
Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө
Ички аудит тутумун өркүндөтүү максатында, "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин стандарттары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ички аудит боюнча методикалык документтерди, ички аудиторлордун квалификациясын жогорулатууга, тастыктоого карата талаптарды белгиленген тартипте буйрук менен бекитүүгө укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудит системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн. 2008-2013-жылдарга карата программасын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдары жана мекемелери үчүн ички аудит стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |