Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2017-жылдын 17-апрели № 324
Кыргыз Республикасындагы жарандардын ар кыл категориялары үчүн, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин Формасын бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы ченемдик-укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасындагы жарандардын ар кыл категориялары үчүн, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин формасы бекитилсин (тиркемеге ылайык).
2. Бул буйрук расмий жарыялангандан тартып 10 күн ичинде күчүнө кирет.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары А.Мурзалиевге жүктөлсүн.
Министр |
| Т.Батыралиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2017-жылдын 17-апрелиндеги № 324 буйругу менен бекитилген |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси