ПриказКүчүндө

КР Транспорт жана жол министрлинин 2017-жылдын 30-мартындагы № 124 «Кыргыз Республикасынын темир жол транспортундагы поезддердин кыймылы жана маневрдик иштер боюнча Нускаманы бекитүү жөнүндөгү» буйругу

Редакция30.03.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ

БУЙРУК

 2017-жылдын 30-марты № 124

Кыргыз Республикасынын темир жол транспортундагы поезддердин кыймылы жана маневрдик иштер боюнча Нускаманы бекитүү жөнүндөгү

“Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 сандуу токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасында темир жол транспортун коопсуз пайдалануу жана укуктук негизди камсыздоо максатында,

БУЙРУК КЫЛАМ:

Кыргыз Республикасынын темир жол транспортундагы поезддердин кыймылы жана маневрдик иштер боюнча Нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.

Бул буйрук расмий түрдө жарыялангандан тартып он күндөн кийин  күчүнө кирет.

Ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.

Бул Буйруктун аткарылышын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Жусубалиев А.И. көзөмөлдөөгө алсын.

 

Министр

Ж.Калилов