Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Мүлктү башкаруу боюнча фонддун 2017-жылдын 24-февралындагы №1буйругуна №4 тиркеме |
Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрин пайдалануучуга колдонмо
1. Кыскача мазмуну
Ушул документ Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри маалыматтык системасынын колдонуучусунун колдонмосу болуп саналат жана мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо, эсепке алуу жана пайдаланууга көзөмөлдүк кылуу процессине катышышкан мамлекеттик уюмдардын кызмат адамдарына арналган.
Ушул колдонмодо төмөнкү маалымат келтирилет:
Киришүү
Системада иштөөгө карата даярдык
Колдонуучулардын ыйгарым укуктарын типтери
Системадагы негизги аракеттер
Глоссарий
Предметтик көрсөткүч
Ушул документ «Мамлекеттик мүлктү иденттештирүү жана классификациялоо: жөнгө салуу жана саясат» I компонентинде белгиленген Функционалдык талаптардын адистешүүсүнө ылайык даярдалган.
2. Мазмуну
3.2 Мүмкүндүктөрдүн кыскача сүрөттөлүшү 1
3.3 Колдонуучу алар менен таанышуусу зарыл болгон документтер тизмеги. 1
4. Системадагы иштөөгө карата коюулуучу талаптар 2
5. Ыйгарым укуктардын жана колдонуучулардын типтери 3
6. Системадагы негизги аракеттер 4
6.3 Колдонуучунун жумушчу областы 6
6.4 Отчетторду тапшыруу үчүн формаларды тандоо 8
6.5 Отчетордун формаларын толтуруу 9
6.6 Отчеттордун формаларын бекитүү үчүн жөнөтүү 11
6.7 Системадагы негизги жумушчу процесстер 12
6.7.1 Формалардын жазууларын кошуунун жумушчу процесси 12
6.7.2 Формалардын жазууларын актуалдаштыруунун жумушчу процесси 13
6.7.3 Формалардын жазууларын чыгарып салуунун жумушчу процесси 14
6.8 ММБР МСдагы маалыматты издөө 15
6.8.1 Бардык жазуулар боюнча издөө 15
6.8.2 Бардык бекитилген формалар боюнча издөө 16
6.9 Жыйынтыкталган отчеттор 17
3. Киришүү
ММБР МСсы мамлекеттик менчик жөнүндө маалыматты киргизүү, иштеп чыгуу жана чыгарууну жүзөгө ашырууга шарт түзө турган карап чыгуу үчүн жеткиликтүү маалыматтар базасынын негизинде мамлекеттик менчик жана активдер жөнүндө маалыматты сактоого, башкарууга жана пайдаланууга мүмкүндүк берет.
3.1 Колдонуу тармагы
ММБР МСсы мамлекеттик менчиктин бардык объекттер жана субъекттер жөнүндө негизги иденттештирүү маалыматтарын топтоону жүзөгө ашырат жана мамлекеттик мүлктүн маалыматтык ресурстарын мамлекеттик башкаруу органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин ишмердигинде натыйжалуу колдонулушун камсыздайт
3.2 Мүмкүндүктөрдүн кыскача сүрөттөлүшү
ММБР МСдагы мамлекеттик мүлктү эсепке алуу төмөнкү процесстерден турат:
Объекттердин келип түшүшү (сатып алуу, конфискациялоо, улутташтыруу);
Объекттерди чыгарып салуу (алып салуу, сатуу);
Объекттерди актуалдаштыруу (эсепке алуу объектинин атрибуттарынын өзгөрүүсүн каттоо);
Ушул процесстердин жыйынтыктары документтердин төмөнкү түрлөрү менен чагылдырылышат:
Укук белгилөөчү документтер – аракеттердин легитимдүүлүгүн тастыктоочу документтер;
Укук тастыктоочу документтер – сатып алуу учурундагы мүлккө карата менчик укугун тастыктоочу документтер же ыйгарым укуктуу орган тарабынан эсепке алуу объекти боюнча маалыматтын чыгып кетүүсүн же жаңыртылуусун тастыктоочу документ;
Бул документация ММБРден тышкары даярдалат жана башкарылат, бирок объекттердин айрым категориялары үчүн маалыматтар базасы тиешелүү документтердин сканерленген сүрөттөрүн сактайт.
Эсепке алуу процесстеринин негизги субъекттери, ээлери болуп бардык отчет берүүчү уюмдар эсептелишет.
3.3 Колдонуучу алар менен таанышуусу зарыл болгон документтердин тизмеги.
Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана эсепке алуу процессин деталдаштырып изилдөө үчүн, ушул колдонмодон тышкары, ошондой эле ушул долбоордун алкактарында даярдалган төмөнкү материалдар менен таанышуусу сунушталат:
ММБР МСсында иштөө үчүн ЭСКны белгилөө боюнча кыскача нускама
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестринде колдонулуучу классификаторлор
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча методикалык нускамалар
Мамлекеттик сектордун активдерин жана финансылык милдеттенмелерин инвентаризациялоону жүргүзүү боюнча методикалык нускамалар
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөүндөгү Кыргыз Республикасынын саясатын жакшыртуу жана мыйзамдарын өзгөртүү боюнча сунуштоолор
Сунуштоолорго карата тиркемелер – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдорунун долбоорлору:
“Мүлктүн бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө”
“ Мүлктүн бирдиктүү мамлекеттик реестрине маалыматтарды берүүнүн формаларын, көлөмүн жана мезгилдүүлүгүн бекитүү жөнүндө”
4. Системадагы иштөөгө карата коюлуучу талаптар
ММБР МСсындагы үзгүлтүксүз иш үчүн колдонуучулук жумушчу станциялар төмөнкү минималдык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
Аппараттык бөлүгү:
Компоненти | Минималдык конфигурациясы |
Процессор | Intel Core 2 Duo 6450/2.3Ghz, Cache 4 Mb |
Ыкчам эс тутуму | 1Гб SDRAM |
Катуу диск | 20 Gb |
Видеоадаптер | Системалык платага кошо орнотулган |
Түйүндүк плата | Ethernet 100 Мб |
Кошумча жабдуу | Монитор SVGA 1024x768, мышь, клавиатура |
Программалык камсыздоого карата коюлуучу талаптар
Компоненти | Конфигурациясы |
Ыкчам система | Microsoft Windows XP жана жогору же Linux family OS |
|
|
Браузер | Google Chrome-40 жана жогору, Microsoft Edge, Mozilla Firefox 37 жана жогору, |
Кошумча программалык камсыздоо | Драйвер Рутокен ViPNet CSP Adobe Acrobat Reader |
5. Ыйгарым укуктардын жана пайдалануучулардын типтери
ММБР МСда бардык катталган колдонуучулар үчүн колдонуучулардын 5 тиби караштырылган. Колдонуучунун ар бир тиби тиешелүү ыйгарым укуктары менен колдонуучулардын жаңы типтерин өзгөртүүгө жана түзүүгө мүмкүн болгон ыйгарым укуктардын топтомун билдирип турат.
Системада каралган ыйгарым укуктардын типтери:
Эсепке алуу формалары боюнча маалыматтары киргизүү Эсепке алуу формаларын бекитүү Өзүнүн субъектинин формаларын карап чыгуу Өзүнүн субъектинин формалары боюнча издөө Формалар боюнча отчетторду чыпкалоо жана генерациялоо | Формалар боюнча маалыматтарды консолидацияланган чыгарып алуу Өзүнүн чарба субъектинин маалыматтарын чыгарып алуу Өзүнүн чарба субъектинин маалыматтарын редакциялоо Өзүнүн субъектинин маалыматтарын чыгарып салуу Системаны башкаруу |
| Карап чыгуу | издөө | Чыпкалоо | Маалыматтарды консолидацияланган чыгарып алуу | Өзүнүн чарба субъектинин маалыматтарын чыгарып алуу
| Өзүнүн чарба субъектинин маалыматтарын редакциялоо | Эсепке алуу объекттеринин маалыатарын редакциялоо | Өзүнүн субъектинин маалыматтарын өчүрүп салуу | Администрлөө мүмкүндүгү |
Колдонуучу-1 | X |
|
|
|
|
|
|
|
|
Колдонуучу-2 | X | X | X | X | X | Х |
|
|
|
Чарба субъектинин оператору | Х | Х | Х |
| Х | Х |
| Х |
|
ММБФ оператору | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х |
|
Администратор | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х |
6. Системадагы негизги аракеттер
ММБР МСсы менен иштөөнү баштоонун алдында кичи пейилдикке, Сиздин жумушчу станция аппараттык бөлүккө карата коюлуучу минималдык техникалык талаптарга шайкештигине жана анда бардык зарыл болгон программалык пакеттер орнотулгандыгына ынаныңыз. Ошондой эле «ММБР МСсы менен иштөө үчүн ЭСКны орнотуу боюнча кыскача нускама» менен таанышыңыз жана жумушчу станцияда ЭСКнын сертификатын системага кирүүнү жүзөгө ашыруу үчүн орнотуңуз.
6.1 Системадагы каттоо
ММБР МСдагы ишти баштоо үчүн ар бир колдонуучу системада катталган болууга, колдонуучунун атына, сыр сөз жана ЭСКга ээ болууга тийиш. ЭСК тиешелүү сертификатталган борборго берилүүгө жана мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген шифрлөөнүн методдоруна жана протоколдоруна карата коюлуучу техникалык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
Системада катталуу үчүн ММБР МСсынын сайтына кирүү жана тиешелүү шилтемени басып катталуу керек (1-сүр).
1-сүр.
Ачылган каттоо терезесиндеги (2-сүр.) талааларды толтуруу үчүн милдеттүү тиешелүү талааларды толтуруу зарыл.
Толтуруу үчүн милдеттүү болуп төмөнкү талаалар саналышат:
Колдонуучунун аты – англис тамгаларынан турган топтом, мисалы колдонуучунун imja_familia
Сыр сөз – англис тамгаларынан, сандардан жана тыныш белгилеринен турган топтом жана 8 символдон кем болбоого тийиш.
Сыр сөздү кайталоо – “Сыр сөз” талаасына киргизилген символдордун топтомун так кайталоо зарыл.
Ты – Паспорттук маалыматтарында көрсөтүлгөн колдонуучунун толук аты.
Фамилиясы – Паспорттук маалыматтарында көрсөтүлгөн колдонуучунун толук аты.
Паспорттун номуру – колдонуучунун инсандыгын тастыктоочу аракеттеги документтин номуру.
Корпоративдик идентификатор – колдонуучу анын кызмат адамы болуп саналган уюмдун ИННи.
Эл. почта – андан аркы аракеттер боюнча көрсөтмөлөр ага жөнөтүлө турган электрондук почтанын иштеп турган дареги.
2-сүр.
Маалыматтарды толтургандан кийин “Каттоо” баскычын басуу керек жана жазууну ММБФ операторлору тарабынан бекиткенден кийин СИЗ системага кире аласыз.
6.2 Системага кирүү
Системага кирүүнү жүзөгө ашыруу үчүн колдонуучу колдонуучунун атын, сыр сөзүн киргизип, ЭСК файлын көрсөтүп жана кирүү баскычын басуу керек (3-сүр).
ЭСК файлы “ММБР МСсы менен иштөө үчүн ЭСКны орнотуу боюнча кыска нускамага” ылайык локалдык компьютерде сакталып жана кирген учурда ушул файлга карата жолду көрсөтүү зарыл болот.
Эгерде Сиз системага кирүү үчүн сыр сөздү унутуп калган болсоңуз, “Сыр сөздү унутуп калдыңызбы” шилтемесин басыңыз, Сизге электрондук почтаңызга сыр сөздү калыбына келтирүү боюнча көрсөтмөлөрү менен кат келет.
6.3 Колдонуучунун жумушчу областы
Системага ийгиликтүү киргенден кийин колдонуучу өзүнүн жумушчу областына кире алат, бул жакта ММБР МС менен иш алып баруу боюнча негизги курал-жарактар жайгаштырылган (4-сүр).
4-сүр.
Колдонуучунун жумушчу областы төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
Меню бөлүмдөрү | Бул бөлүм ММБР МСнын бардык бөлүмдөрүнө жана папкаларына кирүү уруксатын берет. Системанын негизги бөлүмдөрү болуп төмөнкүлөр саналат: Жумушчу стол – бул бөлүм тууралуу кененирээк ушул таблицанын 3-пунктун караңыз. Жазуулар – бул бөлүмдө системада Сиз тараптан түзүлгөн бардык жазуулар сакталышат. Отчеттор – кызмат адамдары тарабынан бекитилген, ММБФга тапшырылган отчеттордун формалары.
Архив – бул бөлүмдө системадагы Сиз алардын авторлору болуп эсептелген же Сиз тараптан кайсы бир аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн алынган бардык жазуулар сакталат (бекитүү, ийине жеткире иштетүү, ММБФга тапшыруу ж.б.у.с.). Мүлктүн каттоосу – Сиздин уюмга бекитилген жана ММБФда катталган мамлекеттик мүлктүн реестри Кеңиртилген издөө – маалыматтардын ММБР МСга киргизилген маалыматтардын бардык формалары боюнча издөө Жыйынтыкталган отчеттор – киргизүүнүн бардык формалары боюнча жыйынтыктоочу отчеттордун конструктору |
Курал-жарактар панели | Бул бөлүм өзүнө жазуулардын негизги талаалары боюнча формаларды толтуруу жана маалыматты издөө боюнча курал-жарактарды камтып турат (жазуунун аталышы, жазуунун макамы, түзүлгөн күнү, формасынын жана жумушчу процессинин номуру). |
Жумушчу стол | Бул бөлүм ушул кезге карата Сизден керектүү аракеттерди талап кыла турган бардык жазууларды чагылдырат. Бул жерде Сиз тараптан түзүлгөн же Сизге бекитүүгө жөнөтүлгөн жазуулар чагылдырылат. |
6.4 Отчетторду берүү үчүн формаларды тандоо
Отчеттордун формаларын тапшыруу үчүн “Жаңы” баскычын курал-жарактар панеелинен басыңыз жана ачылган терезеден (8-сүрөт) сиз жазууну ММБФда каттоого даярданып жаткан форманы тандаңыз. Форманын түрүн тандоо учурунда Кыргыз Республикасынын мүлкүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча документтерди жана сунуштоолорго карата тиркемелерди жетекчиликке алыңыз:
“Мүлктүн бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө ”
“Мүлктүн бирдиктүү мамлекеттик реестрине маалыматтарды берүү формаларын, көлөмүн жана мезгилдүүлүгүн бекитүү жөнүндө”
5-сүр.
Тизмеден форманы тандап (бир маалда жазуу үчүн бир гана форманы тандоого мүмкүн болот), “Тандоо” баскычын басыңыз жана форманын тиешелүү талааларын толтурууну баштаңыз.
6.5 Отчет формаларын толтуруу
Отчеттордун формаларын толтурууну Кыргыз Республикасынын мүлкүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча кабыл алынган укуктук акттарды катуу кармануу менен гана жүргүзүлүүгө тийиш.
Формалар төмөнкү түрлөрдөгү маалыматтарды киргизүү үчүн талаалардын топтомун түшүндүрүп турат:
Талаасынын тиби | Сүрөттөлүшү | Тышкы түрү |
Текст маанилерин киргизүү үчүн талаа | Бул талаа каалагандай сандык-тамгалык маанилерди чектөөлөрсүз киргизүүгө арналган | |
Сандык маанилерди киргизүү үчүн талаа | Бул талаа 0-9дан 13-символго чейинки сандык гана маанилерди киргизүүгө арналган | |
Күнүн жана убактысын киргизүү үчүн талаа | Бул талаа күндү АЙ-КҮН-ЖЫЛ форматында киргизүүгө арналган, маалыматтарды сунушталуучу жылнаамадан тандоого же кол менен киргизүүгө мүмкүн болот | |
Жөнөкөй тизмеден тандоо үчүн талаа | Бул талаа мүмкүн болгон варианттардын алдын ала белгиленген тизмесинен маанилерди тандоого арналган | |
Электрондук китепканадан тандоо үчүн талаа | Бул талаа электрондук китепканалардан (классификаторлордон) маанилерди тандоо, маанилерди толтуруу үчүн [+] белгисине басуу үчүн арналган | |
Файлдарды бекитүү үчүн талаа | Бул талаа локалдуу жумушчу станциялардан файлдарды бекитүүгө арналган. Файлдын өлчөмү 20 Мбдан ашпоого тийиш |
Формалардын бардык талааларын толтуруп «Түзүү» баскычын басуу керек (6-сүр.)
6-сүр
Жана эгерде Сиз экрандан “Тапшырма түзүлдү” билдирүүсүн көрсөтүңүз (7-сүр.), демек баары ийгиликтүү өттү жана бул жазууну бекитүүгө жөнөтө аласыз.
7-сүр.
6.6 Отчеттордун формаларын бекитүүгө жөнөтүү
6.7 Системадагы негизги жумушчу процесстер
ММБР МСда системанын администраторуна системада жаңы жумушчу процесстерди түзүү жана түзүлгөндөрүн редакциялоого мүмкүндүк берген жумушчу процесстердин конструктору түзүлгөн.
Отчетторду берүүнүн ар бир формасы өздүк жумушчу процессине ээ болууга же мурда орнотулган стандарттын жумушчу процесстерден пайдаланууга мүмкүндүгү бар. ММБР МСтин Релиз 2.0 версиясында 3 стандарттуу жумушчу процесстери бар.
6.7.1 Формалардын жазууларын кошуунун жумушчу процесси
Ушул процесстин алкактарында (5-сүр.) ММБР МСсынын субъекттери тарабынан мам.мүлктүн объектинин келип түшүү (сатып алуу, конфискациялоо, улутташтыруу) факты катталат. Отчетторду толтуруу методологиясына ылайык маалыматтар системага киргизилишет жана ММБР МСда тиешелүү укуктар берилген субъекттин кызматтык адамы бекитилгенден кийин катталышат.
Процессте колдонулуучу аракеттер. |
Жазуу түзүү |
Бекитүүгө жөнөтүү |
Ийине жеткире иштетүүгө жөнөтүү |
Бекитүү |
ММБР МСда каттоодон өтүү |
Процессте колдонулуучу макамдар |
Жаңы жазуу |
Бекитүүгө жөнөтүү |
Ийине жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү |
Аякталды |
6.7.2 Формалардын жазууларын актуалдаштыруунун жумушчу процесси
Ушул процесстин алкактарында (6-сүр.) ММБР МСсында мурда катталган эсепке алуу объекттеринин атрибуттарынын маанилеринин өзгөрүүсү жүзөгө ашырылат. Өзгөртүүлөр кызматтык адам тарабынан бекитилгенден кийин өзгөртүүлөр жөнүндө жазуу ММБР МСда каттоодон өткөртүлөт.
Процессте колдонулуучу аракеттер. |
Жазууну тандоо |
Бекитүүгө жөнөтүү |
Ийине жеткире иштетүүгө жөнөтүү |
Бекитүү |
ММБР МСда актуалдаштыруу |
Процессте колдонулуучу макамдар. |
Жаңы өзгөртүү |
Бекитүүгө жөнөтүлгөн |
Ийине жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү |
Аякталды |
6.7.3 Формалардын жазууларын чыгарып салуулардын жумушчу процесси
Ушул процесстин алкактарында(7-сүр.) ММБР МСсында мурда катталган эсепке алуу объекттеринин чыгарып салуулары жүзөгө ашырылат. Кызматтык адам тарабынан бекитилгенден кийин чыгарып салуулар жөнүндө жазуу ММБР МСда каттоодон өткөртүлөт.
Процессте колдонулуучу аракеттер. |
Жазууну тандоо |
Бекитүүгө жөнөтүү |
Ийине жеткире иштетүүгө жөнөтүү |
Бекитүү |
ММБР МСдан чыгарып салуу |
Процессте колдонулуучу макамдар. |
Жазууларды чыгарып салуу |
Бекитүүгө жөнөтүлдү |
Ийине жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү |
Аякталды |
6.8 ММБР МСда маалыматты издөө
ММБРда жазууларды натыйжалуу издөө жана топтоштурууну камсыздоо үчүн маалыматты иштеп чыгуунун бир нече курал-жарактары караштырылган.
Бардык жазуулар боюнча издөө
Бардык бекитилген формалар боюнча издөө
6.8.1 Бардык жазуулар боюнча издөө
Бул курал операторлор тарабынан системага киргизилген жаңы жазуулар сыяктуу эле, маалыматтарды актуалдаштыруу жана чыгарып салуу жазуулары боюнча издөө мүмкүндүгүн берет. Издөөнү жүзөгө ашыруу үчүн меню бөлүмүнөн «Жазуулар боюнча издөө» кошумча бетин тандоо керек (11-сүр.)
11-сүр.
Ачылган беттен ал боюнча издөөнү жүргүзүү зарыл болгон форманы тандаңыз жана издөөнүн жыйынтыгында Сизге маалыматты чагылдыруу керек болгон бардык талааларды тандаңыз (12-сүр.).
12-сүр.
Издөө бир нече параметрлер жана талаалардын маанилери боюнча маанилер ортосундагы байланышты көрсөтүү менен мүмкүн болот
Мисалы: 7-форма боюнча, аталышында баштапкы баасы = 200 сом “Математика” жана “Окуу китеби” мааниси бар болсо издөө.
1-талаага “Окуу китеби” маанисин киргизиңиз жана 2-сапты басыңыз, издөө шарты тизмеге ЖАНА шарты менен кирет, балким ошондой эле шарттардын байланышын ЖЕ шартын өзгөртүүгө мүмкүн болот, «Баштапкы баасы» талаасына 200 маанисин киргизиңиз.
Кийинки кадам менен издөө шартын, «Тастыктоо» баскычын басуу менен тастыктаңыз, эгерде издөө жыйынтыгын экранга чыгаруу керек болсо, эгерде Сизге CSV форматында көчүрүү зарыл болсо “Көчүрүү” баскычын “Сактоо” баскычын чыпкалардан издөө шарттарын сактоо үчүн басыңыз.
Издөө жыйынтыктарын тизмеден 25,50,100 жазууларды тандоо менен чектөөгө мүмкүн болот.
6.8.2 Бардык бекитилген формалар боюнча издөө
Бул курал берилген отчеттор боюнча издөө мүмкүндүгүн берет, жана ММБФ персоналы тарабынан берилген отчетторду көзөмөлдөөгө арналган. Издөөнү жүзөгө ашыруу үчүн меню бөлүмүнөн «Кеңиртилген издөө» кошумча бетин тандоо зарыл болот (13-сүрөт).
13-сүрөт
Издөө үчүн киргизүү формасын тандаганда, экранда ушул форма боюнча издөө үчүн жеткиликтүү бардык талаалар пайда болушат.
Ар бир талаанын аталышынын катарында издөө шарттары көрсөтүлүшкөн:
LIKE – Көрсөтүлгөн маани боюнча так дал келишүү
ILIKE – Көрсөтүлгөн маани боюнча дал келишүү (каттоо-көз карандысыз)
IN – Маанилердин тобу боюнча дал келиши
Издөө үчүн талааны тандап, бул талаа боюнча издөө үчүн маанилерди киргизиңиз жана издөө жыйынтыктарын алуу үчүн «Карап чыгуу» баскычын басыңыз.
6.9 Жыйынтыкталган отчеттор
Бардык формалар жана отчет бере турган уюмдар боюнча отчетторду даярдоо үчүн ММБР МСсында мурда түзүлгөн формалардын жардамы менен чыпкаларды издеп жыйынтыктоочу отчетторду алуунун негизинде жыйынтыктоочу отчетторду түзүү боюнча куралдар караштырылган.
Бул модуль өзүнө, анда колдонуучулар ММБР МСнын маалыматтар базасынан талааларды сорттоо, топтоштуруу, чыпкалоо жана жалпылоонун жардамы менен отчеттордун өздүк формаларын түзө ала турган отчеттордун генераторунун ийкемдүү майда системасын камтыйт.
Жыйнактоочу отчетторду түзүү үчүн меню бөлүмдөрүнөн (14-сүр.) «Жыйнактоочу отчеттор» кошумча бетин тандоо зарыл.
Алдын ала сакталган чыпкалар тизмесинен керек болгон жазууну тандап, отчетту түзүүгө киришиңиз.
“Вертикаль боюнча мааниси” талаасынан маалыматтарды топтоштуруу жүргүзүлүшү керек болгон отчеттун формасынан колонканы тандап алуу керек.
“Горизонталь боюнча колонкалар” талаасынан ал боюнча маалыматтардын тандалган топтомуна ылайык маанилерин чыгаруу зарыл болгон отчеттун формасынан колонканы тандоо керек.
“Операциялар үчүн талаа” талаасынан тандалган операцияны жүргүзүү зарыл болгон отчеттун формасынан колонканы тандап алуу зарыл.
Эгерде Сизге горизонталы боюнча бир нече талаалардын маанисин чыгаруу зарыл болсо, анда “Горизонталь боюнча колонкалар” талаасын бош калтырып жана “Эсептөө талаасын кошуу” баскычын басып экранга чыгаруу үчүн зарыл болгон колонканы тандоо керек.
“Отчет түзүү” баскычын басып сиз өзүңүз тандаган маалыматтар топтомун топтоштурулган отчет түрүндө аласыз жана зарыл болгон учурда аны кошо орнотулган браузер функциясынын жардамы менен же «Басып чыгаруу» баскычын басуу менен кагазга басып чыгара аласыз.