Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик
Мүлктү башкаруу боюнча фонддун
2017-жылдын 24-февралындагы №1
Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрин алып баруучу администратор үчүн колдонмо
1. Кыскача мазмуну
Ушул документ мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестринин маалыматтык системасынын администраторунун колдонмосу болуп саналат жана ал ММБР МСны башкаруу жана үзгүлтүксүз ишти камсыздоо үчүн жоопкерчиликтүү болушкан Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун кызмат адамдарына арналган.
Ушул колдонмодо төмөнкү маалымат келтирилет:
Аппараттык жана программалык камсыздоого карата коюлуучу техникалык талаптар
Серверлердин логикалык түзүмү
Серверлерди ишке даярдоо
Системаны орнотуу
Системага алгачкы жолу кирүү
Системаны калыпка салуу
Колдонуучулар жана ролдорду башкаруу
Жумуш процесстерин башкаруу
Реляциялык маалыматтар базасынын сүрөттөлүшү
Ушул документ «Мамлекеттик мүлктү иденттештирүү жана классификациялоо: жөнгө салуу жана саясат» I компонентинде белгиленген Функционалдык талаптардын адистешүүсүнө ылайык даярдалган.
2. Мазмуну
1. Кыскача мазмуну 1
2. Мазмуну 2
3. Киришүү 3
3.1 Колдонуу тармагы 3
3.2 Мүмкүндүктөрдүн кыскача сүрөттөлүшү 3
3.3 Колдонуучу алар менен таанышуусу зарыл болгон документтер тизмеги 3
4. Сервердик түзүм жана техникалык талаптар 4
4.1 Аппараттык платформа 4
4.2 Логикалык сервердик түзүм 4
4.2.1 Виртуалдык серверлерге коюлуучу минималдуу аппараттык талаптар: 6
4.2.2 Серверлерде орнотулган програмалык продукттарга коюлуучу талаптар: 6
5. Серверлерди ишке даярдоо 7
6. ММБР МСсы системасы орнотуу 7
6.1 Туташууну текшерүү 7
6.2 Орнотуу файлын жүктөө жана системаны орнотуу 7
6.3 Системага алгачкы жолу кирүү 8
6.3.1 Системадагы сыр сөздөргө карата коюлуучу жалпы талаптар 8
7. Системаны калыпка салуу 8
7.1 Системанын баштапкы калыпка салынуусу 8
7.2 Жумуш процесстери жана формалары 9
7.3 Жумуш процесстерин түхзүү жана башкаруу 10
8. Колдонуучуларды жана ролдорду башкаруу 11
8.1 Колдонуучулардын эсепке алуу жазууларын кошуу жана башкаруу 11
8.2 Ролдорду (кызмат орундарын) кошуу жана башкаруу 13
8.3 Системадагы артыкчылыктардын типтери 14
9. Маалыматтар базасынын түзүмү 16
3. Киришүү
ММБР МСсы мамлекеттик менчик жөнүндө маалыматты киргизүү, иштеп чыгуу жана чыгарууну жүзөгө ашырууга шарт түзө турган карап чыгуу үчүн жеткиликтүү маалыматтар базасынын негизинде мамлекеттик менчик жана активдер жөнүндө маалыматты сактоого, башкарууга жана пайдаланууга мүмкүндүк берет.
3.1 Колдонуу тармагы
ММБР МСсы мамлекеттик менчиктин бардык объекттер жана субъекттер жөнүндө негизги иденттештирүү маалыматтарын топтоону жүзөгө ашырат жана мамлекеттик мүлктүн маалыматтык ресурстарын мамлекеттик башкаоруу органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин ишмердигинде натыйжалуу колдонуусун камсыздайт.
3.2 Мүмкүндүктөрдүн кыскача сүрөттөлүшү
ММБР МСдагы мамлекеттик мүлктү эсепке алуу төмөнкү процесстерден турат:
Объекттердин келип түшүшү (сатып алуу, конфискациялоо, улутташтыруу);
Объекттерди чыгарып салуу (алып салуу, сатуу);
Объекттерди актуалдаштыруу (эсепке алуу объектинин атрибуттарынын өзгөрүүсүн каттоо);
Ушул процесстердин жыйынтыктары документтердин төмөнкү түрлөрү менен чагылдырылышат:
Укук белгилөөчү документтер – аракеттердин легитимдүүлүгүн тастыктоочу документтер;
Укук тастыктоочу документтер – сатып алуу учурундагы мүлккө карата менчик укугун тастыктоочу документтер же ыйгарым укуктуу орган тарабынан эсепке алуу объекти боюнча маалыматтын чыгып кетүүсүн же жаңыртылуусун тастыктоочу документ;
Бул документация ММБРден тышкары даярдалат жана башкарылат, бирок объекттердин айрым категориялары үчүн маалыматтар базасы тиешелүү документтердин сканерленген сүрөтүн сактайт.
Эсепке алуу процесстеринин негизги субъекттери, ээлери болуп бардык отчет берүүчү уюмдар эсептелишет.
3.3 Колдонуучу алар менен таанышуусу зарыл болгон документтердин тизмеги.
Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана эсепке алуу процессин деталдаштырып изилдөө үчүн, ушул колдонмодон тышкары, ошондой эле ушул долбоордун алкактарында даярдалган төмөнкү материалдар менен таанышуусу сунушталат:
ММБРда иштөө боюнча колдонуучунун колдонмосу
Резервдик көчүрмөлөө жана каталарды оңдоо боюнча план
Өндүрүштүк кубаттуулукка баа берүү боюнча план
ММБР МС менен иштөө үчүн ЭСКны орнотуу боюнча кыскача нускама
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестринде колдонулуучу классификаторлор
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча методикалык нускамалар
Сунуштоолого карата тиркемелер – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдорунун долбоорлору:
“Мүлктүн бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө”
“Мүлктүн бирдиктүү мамлекеттик реестрине маалыматтарды берүүнүн формаларын, көлөмүн жана мезгилдүүлүгүн бекитүү жөнүндө”
4. Сервердик түзүм жана техникалык талаптар
4.1 Аппараттык платформа
ММБР МСсынын үзгүлтүксүз иштеши үчүн виртуалдаштыруу системасы менен аппараттык платформанын төмөнкү схемасын колдонуу сунушталат:
Сервер 1ге карата коюлуучу минималдуу талаптар
Процессор (Сокет) | 2 x Intel® Xeon® E5-2680 v3 / 2.4 GHz. / 12 core per CPU. |
Ыкчам эске тутуу | 128 Gb |
HDD | 2 x 120 GB |
Сервер 2ге карата коюлуучу минималдуу талаптар
Процессор (Сокет) | 2 x Intel® Xeon® E5-2680 v3 / 2.4 GHz. / 12 core per CPU. |
Ыкчам эске тутуу | 128 Gb. |
HDD | 2 x 120 GB |
SAN маалыматтарды сактоонун түйүндүк системага карата коюлуучу минималдуу талаптар
HDD | Чийки сыйымдуулугунун көлөмү 22 Тb кем эмес. |
SSD | SSD саны 6 даанадан кем эмес. Ар бир дисктин көлөмү - 400 GB кем эмес. |
Аппараттык RAID | Колдонулуучу RAID деңгээлдери – 0, 1, 10, 5. |
4.2 Логикалык сервер түзүмү
ММБР МСсынын серверлеринин логикалык түзүмү 7 виртуалдык серверлердин бар болушун караштырат
Тиркемелердин сервери
ММБР МСнын негизги сервери киргизүү формалары, жумуш процесстерин, колдонуучуларды жана системадагы ролдорду башкаруу, ЭСК боюнча колдонуучуларды авторизациялоо, ММБРда каттоону жүзөгө ашыруу, маалыматтар базасынын кластери жана ММБР МСнын башка функциялары менен өзьара аракеттенишүү боюнча тиркемелердин иши боюнча функцияларды камсыздайт.
Эл алдындагы жеткиликтүүлүк сервери
ММБФ Порталынын сервери порталдын толтурулушун башкаруу системасынын ишин, порталдык издөө суроо-талаптарын тейлөөнү жана ММБР МСсы менен иштернет-колдонуучулардын өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт.
Отчеттор сервери
ММБР МСсынын маалыматын иштеп чыгуу жана колдонуучулардын жыйнакталуучу отчеттордун бардык түрлөрүн даярдоо боюнча функцияларды камсыздайт, ММБР МСнын отчеттор конструкторунун ишин камсыз кылат.
Маалыматтар базасынын кластери
Реляциялык маалыматтар базасы кластеризациялоону колдоону PostreSQL башкаруу системасынын негизинде жүргүзөт. ММБР МСдагы бардык маалыматтарды сактоону жана индексациялоону камсыздайт.
Башкаруу сервери
Виртуалдык чөйрөнү башкаруу, ММБР МСнын резервдик көчүрмөлөнүүсүн башкаруу боюнча функцияларды жана башка ММБР МСнын үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн функцияларды камсыздайт (системадагы аракеттер жөнүндө маалыматты сактоо, электрондук сурап-билүүнү жаңыртуу ж.б.у.с.)
Маалыматтарды алмашуу сервери
Маалыматтар менен башка электрондук башкаруу системалары менен алмашуу, XML жана JSON форматтарындагы маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча фукнцияларды камсыздайт.
Брандмауэр
Системанын маалыматтык коопсуздугу, ММБР МСсына кирүү уруксатын түйүндүк деңгээлде чектөө жана системага санкцияланбаган кирүүнүн алдын алуу боюнча функцияларды камсыздайт.
Серверлердин өз ара аракеттенүүсүнүн логикалык схемасы 1-сүр. берилген.
1-сүр.
4.2.1 Виртуалдык серверлерге карата коюлуучу минималдуу аппараттык талаптар:
| Сервердин сүрөттөлүшү | Процессор Intel Xeon CPU E5-2407 же эквиваленттүү | ГБлардагы ыкчам эске тутуу | ТБдагы катуу диск |
1 | Тиркемелер сервери | 4 core x 2.4 Ghz | 16 | 10 ТБ |
2 | Эл алдындагы жеткиликтүүлүк сервери | 2 core x 2.4 Ghz | 16 | 0.5 |
3 | Отчеттор сервери | 2 core x 2.4 Ghz | 16 | 1 |
4 | Маалыматтар базасынын кластери | 4 core x 2.4 Ghz | 32 | 5 |
5 | Башкаруу сервери | 2 core x 2.4 Ghz | 8 | 0.5 |
6 | Маалыматтар менен алмашуу сервери | 2 core x 2.4 Ghz | 8 | 0.5 |
7 | Брандмауэр | 2 core x 2.4 Ghz | 8 | 0.5 |
4.2.2 Серверлерде орнотулган программалык продукттарга карата коюлуучу талаптар:
| Сервердин сүрөттөлүшү | Операциялык системa | Сервердик программалар | Колдонмо программалары |
1 | Тиркемелер сервери | Linux ядросу менен системалар сунушталат CentOS 6.5
| NGINX, Docker 1.9, SSHD | Python 3.5 PIP for Python 3.5 Docker-compose 1.9 Python 3.5 DEVEL Psycopg2 Subversion VIM |
2 | Эл алдындагы жеткиликтүүлүк сервери | |||
3 | Отчеттор сервери | |||
4 | Маалыматтар базасынын кластери | PostreSQL 9.4 | phpPgAdmin | |
5 | Отчеттор сервери | Windows системаларынын топтому | NGINX IIS | ESXI 5.x PGdump HandyBackup |
6 | Маалыматтар базасынын кластери | Linux ядросу менен системалар сунушталат CentOS 6.5 | NGINX, Docker 1.9, SSHD | Python 3.5 PIP for Python 3.5 Docker-compose 1.9 Python 3.5 DEVEL |
7 | Брандмауэр | APACHE PHP 5.3.x SSHD | Iptables IPFW |
5. Серверлерди ишке даярдоо
Серверлерди ММБР МСсын орнотууга карата даярдоо боюнча иштерди баштоо үчүн, ушул колдонмонун 4.2.1 пунктунда көрсөтүлгөн аппараттык жана сервердик программалык камсыздоого карата коюлуучу тиешелүү минималдык талаптардын 7 бөлүнгөн в иртуалдык же физикалык серверлердин бар болушу жана ушул серверлерге карата администратор (root) деңгээлинин жеткиликтүү болушу зарыл.
Колдонмо программаларды орнотуу үчүн ар бир серверге администратор укугу менен кириңиз жана төмөнкү командаларды иштетиңиз:
1. yum install epel-release
2. yum update
3. yum install python34
4. curl https://bootstrap.pypa.io/get-pip.py | python3.4
5. yum group install "Development Tools"
6. yum install postgresql-devel
7. yum install python34-devel
8. pip3.4 install psycopg2
9. curl -fsSL https://get.docker.com/ | sh
10. pip3.4 install docker-compose
11. yum install subversion vim
Системанын көрсөтмөлөрүн аткарыңыз жана эгерде бардык программалык модулдар орнотулган болсо, ММБР МС системасын орнотууга өтө аласыз.
6. ММБР МС системасын орнотуу
ММБР МС системасын орнотуу svn.vxsoft.com дареги боюнча жайгашкан репозитарийден жүзөгө ашырылат. Орнотууну баштоонун алдында, кичи пейилдикке, ушул дарекке карата SSH протоколу боюнча туташуунун бар экендигине ынаныңыз.
6.1 Туташууну текшерүү
Туташууну текшерүү үчүн Сиздин системанын команда сабында төмөнкү команданы териңиз:
ssh mul2read@svn.vxsoft.com , эгерде система Сизден mul2read@svn.vxsoft.com's password: : кирүү уруксатына карата сыр сөздү сураса, демек, системаны орнотуу үчүн зарыл болгон туташтыруу бар.
6.2 Орнотуу файлын жүктөө жана системаны орнотуу
Орнотуучу файлды жүктөө үчүн файлды серверге төмөнкү команданын жардамы менен көчүрүңүз
жана setup.sh файлын системанын администраторунун атынан иштетиңиз.
Бардык зарыл болгон файлдарды жүктөгөндөн жана орноткондон кийин система Сизге системаны орнотуунун ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу төмөнкү билдирүү менен маалымдайт:
Installation complete ! Mulberry 2.0 ready to useВ
Орнотуунун жыйынтыгында системада mulberry2 жаңы колдонуучу түзүлөт жана маалыматтар базасынын серверинде mulberry2 жаңы маалыматтар базасы таблицалардын жана индекстердин зарыл болгон түзүмү менен түзүлөт.
ММБР МСсын орнотууну текшерүү үчүн http://сервер_тиркемелер дареги боюнча кириңиз жана экранда системага кирүү терезеси пайда болууга тийиш, 2-сүр.
2-сүр.
Системаны андан ары орнотуу жана калыпка салууну системанын веб-интерфейсинин жардамы менен жүзөгө ашыруу зарыл.
6.3 Системага алгачкы жолу кирүү
Системага биринчи жолу кирүүнү системанын администраторунун алдын ала аныкталган колдонуучунун жардамы менен жүзөгө ашыруу мүмкүн болот.
Система дароо Сизден администратордун сыр сөзүн өзгөртүүнү талап кылат, ал ММБР системасындагы сыр сөзгө карата жалпы талаптар шайкеш келүүгө тийиш.
6.3.1 Системадагы сыр сөздөргө карата коюлуучу жалпы талаптар
Системага кирүүнүн коопсуздугунун тиешелүү деңгээлин камсыздоо үчүн, системадагы колдонуучулардын сыр сөзүнө карата коюлуучу төмөнкү талаптар белгиленген:
Минимум бир баш тамганын бар болушу
Минимум бир тыныш белгисинин бар болушу
Минимум бир сан белгисинин бар болушу
Майда тамгалардын бар болушу
Сыр сөздүн минималдуу узундугу – сегиз символ.
7. Системаны калыпка салуу
7.1 Системанын баштапкы калыпка салынышы
Системаны баштапкы калыпка салуу үчүн жумушчу столдон «Система->Калыпка салуулар» бөлүгүнө кирип, ачылган терезеде керектүү маанилерди киргизүү керек 3-сүр.
3-сүр.
Уюмдун аталышы – Бул талаанын мааниси аталыштын жогорку сол бөлүгүндө чагылдырылат. Бул учурда, уюмдун аталышы «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ БОЮНЧА ФОНД» деп киргизилген.
Биринчи тили –ISO 639 ылайык интерфейстин тилдеринин эки сандуу мааниси
Экинчи тили - ISO 639 ылайык интерфейстин тилдеринин эки сандуу мааниси
Үчүнчү тили - ISO 639 ылайык интерфейстин тилдеринин эки сандуу мааниси
Негизги тили – Берилгендиги боюнча тилдин мааниси.
Сыр сөздүн мөөнөтүнүн аяктоосу (күндөр) – Коюлган сыр сөздүн аракетте болуу мөөнөтүн орнотуу, ал аяктагандан кийин система аны алмаштырууну сурайт.
Колдонуучунун аты эл.почтанын дарек формасында гана болушу мүмкүн – колдонуучунун атынын форматы үчүн шаблонду орнотуу.
Колдонуучулардын каттоосун верификациялоо эл.почта боюнча гана – колдонуучунун активдештирүүсүнүн калыпка салуусун орнотуу эл.почтанын билдирүүсү боюнча же колдонуучуну кошумча аракеттерсиз активдештирүү.
Онлайн-каттоого уруксат берүү – колдонуучуларды каттоо функциясын орнотуу, ал колдонуучулардын өздөрүн- өзү тууралуу маалыматтарды толтурууга шарт түзөт, системага кирүү бетинде «Каттоо» шилтемесин камтыйт.
7.2 Жумуш процесстери жана формалар
ММБР МС системасында иштөөнүн негизги компонеттери болуп жумуш процесстери жана маалыматтарды киргизүү формалары эсептелишет. Системаны берилгендиги боюнча орнотуу учурунда «Система» бир жумушчу процесси, жана бир «default» формасы орнотулат, аларды жаңы формаларды жана жумуш процесстерин түзүү үчүн мисал катары колдонууга мүмкүн болот.
ММБР МСдагы жумуш процесстери маалыматтарды киргизүү формаларына карата колдонулат жана өз ара бирге бир байланыш менен байланышта. Башкача айтканда бир жумуш процессине киргизүүнүн бир формасы шайкеш келет.
7.3 Жумуш процесстерин түзүү жана башкаруу
Жаңы жумуш процесстерин түзүү үчүн раздел “Система > Жумушчу процесстери” бөлүмүнө кирүү зарыл, бул жакта системанын администратору түзүлгөн процесстерди башкарууга жана жаңыларын кошууга мүмкүн болот.
«Жаңы жумушчу процесс» шилтемесин басып ачылган терезеде жумуш процесси жөнүндө негизги маалыматты киргизүү зарыл:
Процесстин идентификатору: бул талаа система боюнча уникалдуу болгон латынь тамгаларынын жана сандарынын топтомун камтууга тийиш.
Жумуш процессинин тиби: ММБР МСдагы жумуш процесси 3 типте болушу мүмкүн, кириш, чыгыш жана ички, берилген тизмеден процесстин тибин тандоо зарыл.
Колдонуучулардын тиби: жумушчу процесси системанын бардык колдонуучулары үчүн түзүлгөн болушу мүмкүн, белгилүү топтор же кызматтар үчүн, тизмеден колдонуучулардын тибин тандоо керек («Эч ким» колдонуучу тиби бадык колдонуучуларга ушул процесске катышууга мүмкүндүк берет).
Аталышы: орус тилиндеги жумуш процессинин кыскача аталышы
Сүрөттөлүшү: орус тилиндеги жумуш процессинин кыскача сүрөттөлүшү
Бардык жогорула көрсөтүлгөн талааларды толтуруп «Түзүү» баскычын басуу керек болот.
Жумушчу процесстери жөнүндө маалыматтарды өзгөртүүнү жумуш процессинин аталышына мышканын оң баскычын басуу менен, «Редакциялоо» аракетин тандоо менен жүзөгө ашырууга болот.
Жумуш процессин башкарууга өтүү жана аракеттер менен макамдарды түзүү үчүн жумуш процессинин аталышына мышканын сол баскычын басуу зарыл, жана ачылган терезеден тиешелүү аракеттерди жүзөгө ашыруу керек.
8. Колдонуучулар жана ролдорду башкаруу
ММБР МС системасында толук кандуу иштөө үчүн ар бир колдонуучуга колдонуучунун эсепке алуу жазуусуна, системадагы ролуна (кызматы) жана ЭСКга ээ болуусу керек. Системага алгачкы жолу кирүү учурунда ушул ЭСКнын эл алдындагы ачкычы ЭСКны сактоо түзүлүшүнөн окулат жана системада ушул колдонуучунун андан ары верификациялануусу үчүн сакталат. Ар бир эсепке алуу жазуусуна бир кызмат орду шайкеш келиши мүмкүн, аны ММБР МСсында каттоо учурунда системанын администратору бекитет.
8.1 Колдонуучулардын эсептик жазууларын кошуу жана башкаруу
Колдонуучулардын эсепке алуу жазууларын кошуу үчүн «Система-> Колдонуучулар» «Система» бөлүмүнө кирүү зарыл жана «Жаңы колдонуучу» шилтемесин басуу керек. Ачылган киргизүү терезесинен жаңы колдонуучуну сүрөттөй турган талааны толтуруу керек:
Толтуруу үчүн милдеттүү болуп төмөнкүлөр эсептелишет:
Колдонуучунун аты – латынь тамгалары жана сандары менен гана толтурулат. Колдонуучунун imja_familia форматында жазуу сунушталат.
Сыр сөз – латынь тамгалары менен гана толтурулат жана ушул колдонмонун 6.3.1 бөлүмүндө белгиленген системадагы сыр сөздөргө карата коюлуучу минималдуу талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
Сыр сөздү кайталоо– сыр сөз талаасына, сыр сөздү орнотуу учурунда каталады болтурбоо үчүн киргизилген маани.
Аты –колдонуучунун инсандыгын тастыктоочу документине ылайык аты
Фамилиясы – колдонуучунун инсандыгын тастыктоочу документине ылайык фамилиясы
Паспортунун номуру – колдонуучунун инсандыгын тастыктоочу документинин номуру
Эл.почта – системанын бардык маалымдоолору жана сыр сөздү өзгөртүү үчүн шилтемелер жөнөтүлө турган электрондук почтанын аракеттеги дареги.
Корпоративдик идентификатор – ушул колдонуучу аны көрсөтүп турган уюмдун ИННи.
Толтуруу үчүн милдеттүү эмес болуп төмөнкүлөр саналышат:
Экинчи аты – колдонуучунун инсандыгын тастыктоочу документине ылайык экинчи аты
Атасынын аты - инсандыгын тастыктоочу документине ылайык колдонуучунун атасы.
Туулган күнү – колдонуучунун инсандыгын тастыктоочу документине ылайык туулган күнү.
Берилген – инсандыгын тастыктоочу документти берген мам. орган
Тартып аракеттенет – инсандыгын тастыктоочу документти берген күнү
Чейин жарактуу: инсандыгын тастыктоочу документтин аракетте болуу мөөнөтү
Өлкөсү – колдонуучунун жашаган өлкөсү
Областы - колдонуучунун жашаган областы
Округ - колдонуучунун жашаган округу
Калктуу пункт – колдонуучу жашаган калктуу пункт
Көчөсү – колдонуучунун жашаган көчөсү.
Эл алдындагы ачкыч талаасын бош калтырыңыз, ал система тарабынан автоматтык түрдө колдонуучу системага биринчи жолу кирген учурда толтурулат.
Бардык зарыл болгон талааларды толтуруп, «Каттоо» баскычын басуу керек жана бул колдонуучу үчүн эсепке алуу жазуусу ММБР МСсы түзүлөт.
Андан ары колдонуучунун маалыматтарын редакциялоо үчүн «Система-> Колдонуучу» бөлүмүнө кирүү, колдонуучуну тандоо, жана мышканын оң баскычын колдонуучунун атында басуу керек (4-схр.) жана «Редакциялоо» шилтемесин тандоо керек.
4-сүр.
Ачылган терезеден, колдонуучунун маалыматтарын өзгөртүү үчүн тиешелүү талааларды жаңыртуу жана «Жаңыртуу» баскычын басуу зарыл, 5-сүр.
5-сүр.
Бул бөлүмдө ошондой эле колдонуучунун сыр сөзүн сыр сөз жоголуп кеткен учурда алып салууга мүмкүн болот. Ал үчүн «Сыр сөздү өчүрүп салуу» баскычына басуу керек, система бир жолку сыр сөздү генерациялайт, андан кийин колдонуучу аны системага биринчи жолу кирген учурда өзгөртүүгө тийиш.
8.2 Ролдорду (кызматтарды) кошуу жана башкаруу
Ролдорду (кызматтарды) кошуу үчүн «Система->Кызматтар» бөлүмүнө кирүү жана «Жаңы кызмат» шилтемесине басуу керек. Ачылган терезеден жаңы кызматты сүрөттөй турган талааны толтуруу зарыл:
Толтуруу үчүн милдетттүү талаалар болуп төмөнкүлөр саналышат:
Аталышы – Кызматтын штаттык тизимге ылайык сүрөттөлүшү
Түзүлүштүн коду – ушул кызмат адамы билдирип турган уюмдун ИННи
Колдонуучу – штаттык тизимге ылайык ушул кызматты ээлеп турган колдонуучунун эсептик жазуусу
Толтуруу үчүн милдеттүү эмес болуп төмөнкүлөр саналышат:
Түзүлүш – Ушул кызмат адамы көрсөтүп турган юридикалык жактын толук аталышы
Жогору турган кызмат орду – ушул кызмат штаттык тизимге ылайык анын кол алдында болгон кызмат.
Алмаштыруучу кызмат орду – Ушул кызматты алмаштыра турган кызмат орду.
Катчы – ушул кызмат үчүн катчы болуп саналган кызмат адамы
Макам – ушул кызмат үчүн утурумдук макам
Дайындалган күнү - Кызматка дайындалган күнү
Укуктар – ушул кызмат үчүн артыкчылыктар топтому, артыкчылыктардын толук тизмеси ушул колдонмонун 8.3 бөлүмүндө көрсөтүлгөн
8.3 Системадагы артыкчылыктар түрлөрү
ММБР МСдагы ар бир кызмат орду үчүн системанын администратору төмөнкү артыкчылыктарды белгилеши мүмкүн:
Артыкчылыктын аты | Артыкчылыктын сүрөттөлүшү |
Кошумча беттерин башкаруу | Колдонуучунун жумушчу столунун кошумча беттерин башкаруу укугу. |
Маалыматтарды издөө | Издөө формасына карата жазуулардын негизги талаалары боюнча кирүү уруксаты |
Кызматтарды башкаруу | Кызматтарды кошуу, редакциялоо жана өчүрүү укугу жана системадагы алардын артыкчылыктары. |
Топторду башкаруу | Топторду кошуу, редакциялоо жана өчүрүү укугу
|
Калыпка салууларды редакциялоо | Системанын бардык негизги калыпка салууларын башкаруу укугу |
Жумуш процесстерин башкаруу | Жумушчу процесстерин жана маалыматтарды киргизүү формалары менен кошуу, редакциялоо жана өчүрүү укугу |
Ички документти түзүү | ММБР МСсына маалыматтарды киргизүү формаларынын жазууларын түзүү укугу |
Системаны башкаруу | Системанын бардык негизги калыпка салууларын жалпы башкаруу укугу |
Жылнааманы башкаруу | Жумуш/жумуш эмес күндөрдү, отчетторду берүү мөөнөттөрүн жана башка зарыл болгон күндөрдү белгилөө үчүн ММБР МСсынын жыл наамасын башкаруу укугу. |
Бардык документтерди карап чыгуу | Системада түзүлгөн бардык жазууларды карап чыгуу укугу. |
Колдонуучуларды башкаруу | Системанын колдонуучуларынын эсепке алуу жазуусун башкаруу укугу |
Китепканаларды башкаруу | Электрондук китепканаларды жана классификаторлорду башкаруу укугу |
ММБР МСсындагы субъекттердин жазууларын карап чыгуу | Ушул субъекттин маалыматтарын киргизүү формаларынын жазууларын карап чыгуу укугу. |
ММБР МСсындагы бардык субъекттердин жазууларын карап чыгуу | Аракеттеги жана жаңыртылган ММБР МСсындагы бардык катталган жазууларды карап чыгуу укугу. |
ММБР МСсынын бардык формалары боюнча издөө | ММБР МСга маалыматтарды киргизүүнүн бардык формалары боюнча кеңиртилген издөөгө карата кирүү уруксат укугу |
Веб кызматтарды башкаруу | Электрондук башкаруунун башка системалары жана каттоолор менен электрондук маалымат алмашууну башкаруу. |
9. Маалыматтар базасынын түзүмү
ММБР МСнын реляциялык маалыматтар базасы PostgreSQL маалыматтар базасын башкаруу системасына негизделген. Төмөндө системанын бардык таблицаларынын тизмеси келтирилген:
account_settings | Эсепке алуу жазууларын орнотууну сактоо таблицасы |
accounts | Системанын эсепке алуу жазууларын сактоо таблицасы |
actions | Аракеттердин тизмелерин сактоо таблицасы |
address_book | Даректик китепти сактоо таблицасы |
calendar | ММБР МСнын жылнаамасын сактоо таблицасы |
calendar_settings | Жылмаанамынын калыпка салууларын сактоо таблицасы |
data_source | Тышкы маалыматтардын булактарын сактоо таблицасы |
db_changes | Базанын системалык калыпка салууларын сактоо таблицасы |
deadlines | Акыркы мөөнөттөрдү сактоо таблицасы |
groups | Колдонуучулардын топторун сактоо таблицасы |
libraries | Электрондук китепканаларды жана классификаторлорду сактоо таблицасы |
role_accounts | Кызматтардын жана колдонуучулардын байланыштарын сактоо таблицасы |
role_log | Кызматтардын тарыхын сактоо таблицасы |
roles | Кызматтар тизмесин сактоо таблицасы |
service_log | Башка системалардан маалыматтары жүктөө тарыхынын сактоо таблицасы |
service_users | Маалыматтардын тышкы булактарын сактоо таблицасы |
settings | Системанын калыпка салууларын сактоо таблицасы |
statuses | Системанын макамдарын сактоо таблицасы |
tabs | Колдонуучулардын кошумча беттеринин калыпка салууларын сактоо таблицасы |
task_files | Формалар жазууларынын кошо тиркелген файлдарын сактоо таблицасы |
task_relations | Жазуулардын байланыштарын сактоо таблицасы |
task_states | Жазуулардын макамдарын сактоо таблицасы |
tasks | Кирүү формаларынын жазууларын сактоо таблицасы |
templates | Жазуулардын шаблондорун сактоо таблицасы |
workflows | Жумушчу процесстерин сактоо таблицасы |
Таблицалар ортосундагы байланыш төмөндө келтирилген 6-сүрөттө келтирилген.
Рис. 6