Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик
Мүлктү башкаруу боюнча фонддун
2017-жылдын 24-февралындагы №1 буйругуна №6 тиркеме
Маалыматтарды резервдик көчүрмөлөө планы
3. Резервдик көчүрмөлөр тартиби 2
5. Ченемдик-укуктук камсыздоо 3
6. Резердик көчүрмөнү алып жүрүүчүлөрдү ротациялоо 3
7. Резервдик көчүрмөдөн маалыматты калыбына келтирүү 4
1-тиркеме Командалардын мисалдары 5
2-тиркеме Резервдик көчүрмөлөө үчүн жоопкерчиликтүү адамдар тизмеги 6
2. Жалпы жоболор
Ушул План Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун серверлериндеги маалыматтар базаларында сакталып турган программаларды жана маалыматтарды резервдик көчүрмөлөөнү (калыбына келтирүүнү) уюштурууга карата негизги талаптарды белгилейт.
Документ төмөнкү максаттарда иштелип чыгарылган:
милдеттүү резердик көчүрмөлөнүүгө тийиш болушкан маалыматтардын категориясын аныктоо;
аппараттык же программалык камсыздоолордун бузуктуктары же иштебей калууларынан, колдонуучулардын катачылыктарынан, өзгөчө кырдаалдардан (өрт, жаратылыш кырсыктары ж.б.у.с.) улам пайда болгон маалымат толук же жарым-жартылай жоголгон учурлардагы маалыматтык системалардын ишке жөндөмдүүлүгүн кийин калыбына келтирүү үчүн маалыматтарды резервдөө жол-жобосун аныктоолор;
мындай зарылдык пайда болгон учурда маалыматты калыбына келтирүү тартибин аныктоо;
маалыматты резервдик көчүрмөлөө жана калыбына келтирүү менен байланышкан кызматтык адамдардын иштөө тартибин жана жоопкерчилигин аныктоо.
Маалыматты резервдик көчүрмөлөөнүн алдында, өзү менен маалыматтардын бузулушуна же жоголушуна алып келген авариялык кырдаалдар пайда болгон учурда ММБР МСсынын иштөө жөндөмдүүлүгүн тез калыбына келтирүү үчүн маалыматтар базасын жана файлдык системаны толук көчүрмөлөө түшүнүлөт.
Бардык аракеттеги реляциялык маалыматтар базасы жана файлдык система резервдик көчүрмөлөнүүгө тийиш болушат.
Резервдик көчүрмөлөр сервердик имараттын чегинен тышкары сакталышат, резервдик көчүрмөлөргө кирүү уруксаты чектелүү. Маалыматтарга кирүү уруксаты бар адамдар тизмеси, бекитилген ведомстволук акттардын негизинде калыптанат. Резервделүүчү техникалык каражаттарга, массивдерге жана мааалыматты алып жүрүүчүлөргө кирүү уруксаты укугун өзгөртүү тиешелүү МТ бөлүмүнүн жетекчисинин билдирмесинин негизинде жүргүзүлөт. Резервделген маалыматтарга жана аппараттык каражаттарга санкцияланбаган кирүү аракети табылгандыгы, жана ошондой эле МКнун резервдик көчүрмөлөө процессинде жүргөн башка бузулгандыктары жөнүндө МК түзүмүнө көрсөтүлгөн окуя табылгандан кийинки бир жумуш күнү ичинде кызматтык кат менен билдирилет.
3. Резервдик көчүрмөлөө тартиби
Резервдик көчүрмөлөө PostgreSQL СУБД штаттык каражаттары менен жүргүзүлөт. Резервдик көчүрмөлөө төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн:
Кол менен – резервдик көчүрмөлөө үчүн жоопкерчиликтүү оператор PostreSQL экспорт жол-жобосун иштетет (жол-жобону иштете баштоо мисалы 1-тиркемеде келтирилген).
Автоматтык түрдө – PostreSQL экспортунун жол-жобосун чакырууну жүргүзө турган аткарылуучу файлды иштетүү операциялык система тарабынан жүгүртмө боюнча автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
МБны резервдик көчүрмөлөө суткасына 1 жолудан кем эмес ирет жүргүзүлөт. МБнын резервдик көчүрмөсүн сактоо мөөнөтү 1 айдан кем эмес.
Резервдик көчүрмөлөө стратегиясы МБнын ар түрдүү схемаларында жайгашкан маалыматтарды синхрондуу калыбына келтирүүнү кепилдөөгө тийиш.
Резервдик көчүрмөлөө системасынын материалдык-техникалык каражаттары маалыматты белгиленген мөөнөттөрдөжана берилген мезгилдүүлүгү менен сактоо үчүн жеткиликтүү өндүрүмдүүлүктү камсыздоого тийиш. Резервдик көчүрмөлөөнү уюштуруу үчүн жоопкерчиликтүү адамдар күн сайын резервдик көчүрмөлөөүчүн зарыл болгон диск мейкиндигинин болушуна көзөмөлдүктү жүзөгө ашырышат.
4. Жыйынтыктарын көзөмөлдөө
Резервдик көчүрмөлөө жол-жоболорунун бардыгынын жыйынтыктарына көзөмөлдүк кылуу 2-тиркемеде көрсөтүлгөн жоопкерчиликтүү кызмат адамдары тарабынан, ушул жол-жоболорду аткаруунун белгиленген күнүнөн кийинки жумуш күнүнүн саат 10.00гө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
Ката табылган учурда, жыйынтыктарын көзөмөлдөө үчүн жоопкерчиликтүү адам ал тууралуу иштеп чыгуучунун техникалык колдоо кызматына утурумдук жумуш күнүнүн саат 11инен кечиктирбестен билдирет.
5. Ченемдик-укуктук камсыздоо
Резервдик көчүрмөлөө процессин уюштуруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
• Резервдик көчүрмөлөө процессин аткаруу жана анын жыйынтыктарын көзөмөлдөө үчүн жоопкерчиликтүү адамдар тизмесин аныктоо (2-тиркеме).
Резервдик көчүрмөлөөнү аткаруу графигин даярдоо жана бекитүү.
Маалыматтардын резервдик көчүрмөлөнүүсү үчүн жоопкерчиликтүү адамдарды дайындоо жөнүндө ички буйрутма документтерди даярдоо жана бекитүү.
6. Резервдик көчүрмөнү алып жүрүүчүлөрдү ротациялоо
Резервдик көчүрмөлөө системасы резервдик алып жүрүүчүлөрдү алардагы маалыматтарды жоготпостон мезгил-мезгили менен алмаштыруу мүмкүндүгүн камсыздоого, ошондой эле автоматташтырылган системалардын утурумдук маалыматын резервдик көчүрмөлөөнүн түзүлүштөрүнүн ичинен каалагандайы бузулган учурда калыбына келтирүүнү камсыздоого тийиш. Резервдик көчүрмөлөө системасына алып жүрүүчүлөрдү жүктөө, чыгаруу боюнча бардык жол-жоболор, ошондой эле алардын ММБР МС администратору тарабынан жылдырылышы ММБФнын жоопкерчиликтүү кызматкеринин талабы жана катышуусу менен жүргүзүлөт (№2 тиркемеге ылайык).
Жаңы алып жүрүүчүлөр катары аларда камтылган маалыматтын сактоо мөөнөтү өтүп кеткендерди гана кайталап колдонууга жол берилет.
7. Маалыматты резервдик көчүрмөдөн калыбына келтирүү
Зарыл болгон учурда резервдик көчүрмөлөрдөн маалыматтарды калыбына келтирүү, системанын №2 тиркемеде көрсөтүлгөн системанын администратору тарабынан жүргүзүлөт.
Резервдик көчүрмөлөрдөн маалыматтарды калыбына келтирүү ал жоголгон же системага санкцияланбаган кирүүнүн натыйжасында бузулган, вирустар таасир кылган, программалык катачылыктар, кызматкерлердин катачылыктары болгон жана аппараттык бузуктуктар табылган учурда жүргүзүлөт.
Системалык программалык камсыздоону жана жалпы багыттагы программалык камсыздоону калыбына келтирүү аларды алып жүрүүчүлөрдөн өндүрүүчүнүн нускамаларына ылайык жүргүзүлөт.
Адистештирилген программалык камсыздоону калыбына келтирүү дистрибутивдик алып жүрүүчүлөрдөн же алардын резервдик көчүрмөлөрүнөн ушул программалык камсыздоолорду орноштуруу же калыбына келтирүү боюнча нускамаларга ылайык жүргүзүлөт.
Маалыматтардын туруктуу өзгөрүлүүчү базаларына кире турган маалыматты калыбына келтирүү резервдик алып жүрүүчүлөрдөн жүргүзүлөт. Мында маалыматтын акыркы көчүрмөсү пайдаланылат.
Маалыматтар базасынын жазуулары жарым-жартылай бузулган же жоголгон учурда калыбына келтирүү акыркы бузулбаган күнүмдүк көчүрмөдөн жүргүзүлөт. Маалымат толугу менен акыркы көчүрмөдөн калыбына келтирилет.
1-тиркеме Командалардын үлгүлөрү
PostgreSQL маалыматтар базасынын көчүрмөлөрүн түзүү боюнча командалар
backup@backup ~ $ pg_basebackup -x -h db01.example.com -U backup -D /backup
IO операцияларынын төмөндөтүлгөн артыкчылыктары менен ionice жардамы менен көчүрмөлөө, резервдик көчүрмөлөөдөн дискке киргизүү-чыгарууга карата күч келүүнү төмөндөтүү керек болгон учурлар үчүн
postgres@db01 ~ $ ionice -c 3 pg_basebackup -x -h db01.example.com -U backup -D /backup
bzip2де кысуу менен көчүрмөлөө, pg_basebackup үчүн стандарттуу эмес болгон кысууну пайдалануу керек болгон учурлар үчүн (gzip).
backup@backup ~ $ pg_basebackup -x --format=tar -h db01.example.com -U backup -D - |bzip2 -9 > /backup/db01/backup-$(date +%Y-%m-%d).tar.bz2
бир нече агымдарга кысуу менен көчүрмөлөө (lbzip2ди пайдаланабыз жана 6 ядрону иштетебиз).
backup@backup ~ $ pg_basebackup -x --format=tar -h db01.example.com -U backup -D - |lbzip2 -n 6 -9 >
/backup/db01/backup-$(date +%Y-%m-%d).tar.bz2
Башка жакта турган серверге өткөрүү тилкесин 10Мбга чейин чектөө менен pv жардамы менен көчүрмөлөө жана башка жактан аны кийин архивдөө
backup@backup ~ $ pg_basebackup -x --format=tar -h 127.0.0.1 -U backup -D - |pv -r -b -L 10M |ssh backup@backup.example.com "bzip2 -9 > /backup/db01/backup-$(date +%Y-%m-%d).tar.bz2"ни эки түйүндө тең иштетүү менен көчүрмөлөө, түйүндө кичинекей өткөрүү мүмкүндүгү болгон учурлар үчүн, адегенде поток кысылат, андан кийин түйүн боюнча берилет жана андан кийин башка жактан кое берилет. Бул жерде tar пайдаланылат жана postgres тарабында pg_start_backup('label_name') аткаруу талап кылынат.
postgres@master # cd /var/lib/pgsql/9.3/data
postgres@master # tar cfO - ./ |lbzip2 -n 2 -5 |ssh postgres@standby "lbunzip2 -c -n 2 |tar xf - -C /var/lib/pgsql/9.3/data"
Резервдик көчүрмөнү чечмелөө үчүн төмөнкү команданы аткаруу керек болот
backup@backup ~ $ bzcat /backup/backup-09-May-2014.tar.bz2 |gpg -r backup -d |tar xf - -C /example/dir/
2-тиркеме. Резервдик көчүрмөлөө үчүн жоопкерчиликтүү адамдар тизмеси
Катар № |
| Аткарылуучу ролу | Жоопкерчиликтүү кызматкердин ФААсы |
1 |
| Резервдик көчүрмөлөө системасын баштапкы калыпка салуу. |
|
2 |
| Резервдик көчүрмөлөө системасын калыпка салууларга олуттуу өзгөртүү киргизүү. |
|
3 |
| Резервдик көчүрмөлөөнүн логдоруна талдоо жүргүзүү, резервдик көчүрмөлөөнү калыпка салууларды өзгөртүү зарылдыгына көз салуу, алып жүрүүчүлөрдү ротациялоону камсыздоо. |
|
4 |
| Маалымат алып жүрүүчүлөрдү ротациялоо, резервдик көчүрмөнүн тууралыгын текшерүү, резервдик көчүрмөнүн кеңседен тышкары сакталышын катастрофа учурунда камсыздоо. |
|