Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик
Мүлктү башкаруу боюнча фонддун
2017-жылдын 24-февралындагы №1 буйругуна №7 тиркеме
Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестринин сыйымдуулугун баалоо планы
Кыскача мазмуну
Системанын сыйымдуулугуна баа берүү
3. 1-тиркеме. Системага карата коюлуучу аппараттык талаптар
1. Кыскача мазмуну
Ушул документ Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри маалыматтык системасынын сыйымдуулугуна баа берүү Планы болуп эсептелет
2. Системанын сыйымдуулугуна баа берүү
Системанын техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн параметрлерине ылайык ММБР МСнын техникалык мүмкүндүктөрүнө жана масштабдалуусуна баа берүү жүргүзүлгөн. Тесттик иш-чаралардын жыйынтыгында системанын төмөнкү мүмкүндүктөрү аныкталган
Параметри | Талап | Жыйынтык | |
Өндүрүмдүүлүгү | |||
Чечилиштердин минималдуу талап кылына турган түзүмү | Чечилиштердин түзүмүнүн матрицасы ишке ашырылган болууга тийиш (ролдук матрицаны караңыз). | Анын жардамы менен администратор системада 20 ролго чейинкини түзө ала турган артыкчылыктар топтомунун механизми ишке ашырылган | |
Маалыматтарды тышкаркы маалыматтык системаларга жана тиркемелерге берүүнү интерфейстери | JSON форматынын жана SOAP протоколунун, транспорт – HTTP жана SMTPнын колдоого алынышы ишке ашырылган болууга тийиш | Төмөнкү стандарттардын: JSON, AJAX, XML жана протоколдордун: SOAP жана WSDL колдоого алынышы ишке ашырылган | |
Маалыматтардын форматтарын колдоого алуу | XML жана CSV форматтарын колдоо талап кылынат | Төмөнкү форматтарды колдооишке ашырылган: XML, CSV, ODS | |
|
|
| |
Интерфейстин жооп кылуу убактысы | Кадимки жүктөө учурунда синхрондуу жана блокировкалоочу операцияларда 1 мүнөттөн ашык эмес. Асинхрондуу жана блокировкалабай тургандарга 1 сек ашык эмес | Тесттик тапшырмалардын жыйынтыгында төмөнкүдөй статистика аныкталган: Синхрондуу жана блокировкалоочу операцияларда: 20 сек.чейин Асинхрондуу жана блокировкалабай турган операцияларда: 0.4 миллисекундага чейин | |
Натыйжалуулук | ||
Түйүндүк операциялардын натыйжалуулугу | Жазууларды берүүгө карата жүктөлгөн чыгашалар түйүн байланыштарынын ичинде жазуунун 10 эселенген өлчөмүнөн кичине болууга тийиш | Тесттик тапшырмалардын жыйынтыгында түйүн байланышынын ичинде максималдуу чыгашалоо катталган: жазуунун 6 эселенген өлчөмү |
Сыйымдуулук |
| |
Жазып алуулардын максималдуу саны | Жазып алуулардын санынын чейрек ичинде 1 млнго жана 40 миллион жазып алууларга чейин өсүшү | Тесттик тапшырмалардын жыйынтыгында системада 50 млн жазып алууларга чейин катталган |
Колдонуучулардын максималдуу саны | Система бир маалдагы 2000 колдонуучулук сессияларына даяр болууга тийиш | Тесттик тапшырмалардын жыйынтыгында бир маалда 25000 туташууларга чейин жүргүзүлүшкөн |
Оңдоого жарактуулугу |
| |
Технологиялардын таркатылгандыгы | Системаны түзө турган компоненттер, платформа, фреймворк, программалоо каражаттары туруктуу, белгилүү жана жалпыга бирдей кабыл алынган, ошондой эле ушуга окшош долбоорлордо колдонулууга тийиш | Системанын иши төмөнкү компонеттерге негизделген: Сервердик платформа: Linux Familiy OS, Apache, Nginx Порталды иштеп чыгуу Python тилин колдонуу менен жүзөгө ашырылган PostgreSQL маалыматтар базасы phpPgAdmin башкаруу системасын кошо орнотуу менен Резервдик көчүрмөлөө системасы: PgDump, Rsync Компонеттерди тандоо дефект жыштыгы боюнча аныкталган (коддун миң сабына карата дефекттер саны), ал үчүн: Linux Familiy OS 0.62ге барабар PostgreSQL 0.21 үчүн. |
Конфигурациялануусу | ||
Бизнес-логика өзгөргөн учурда системаны пайдалануу мүмкүндүктөрүн сактоо | Системада колдонуучулардын бизнес-логика өзгөргөн учурда Система менен өз ара аракетенүүсүнүн логикасын өзгөртүү мүмкүндүгү караштырылган болууга тийиш. | Системаны натыйжалуу эксплуатациялоо үчүн ММБР МСсынын бизнес-логикасын толугу менен конфигурациялоого шарт түзө турган бизнес-процесстердин конструктору жана электрондук формалардын конструктору түзүлгөн. |
Модулярдуулук |
| |
Коштолуп жүрүүсү | Утурумдук иштеп туруусу боюнча анын мүмкүндүгүн бузбастан жаңы функционалдык модулдарды кошуу мүмкүндүгү. | Системаны өнүктүрүүнү камсыздоо үчүн кошумча орнотула турган модулдар менен системанын өз ара аракеттенишүүсүн камсыздай турган программалык модулдарды кошо орнотуу компоненти түзүлгөн. |
Тексттик тапшырмалардын келтирилген жыйынтыктары системаны иштеп чыгуучунун тесттик аппараттык платформасында жүргүзүлүшкөн, анын сыйымдуулугу 1-тиркемеде көрсөтүлгөн параметрлерге шайкеш келип турат.
ММБР МСсынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо үчүн системанын аппараттык параметрлерин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн маанилерге чейин, системанын маалыматтар менен толушуна жана жаңы отчет бере турган уюмдардын туташуусуна жараша өстүрүп туруу сунушталат.
1-тиркеме. Системага карата коюлуучу аппараттык талаптар
Системадагы ролу: ММБР МСнын сервери | ||
1 | Процессор (Сокет) | Intel® Xeon® E5-2680 v3 сериясындагы 2 процессор (сокет) |
Бир процессорго 12 ядродон кем эмес. | ||
Ар бир процессордун жыштыгы 2.4 GHz кем эмес. | ||
Intel® интеллектуалдык кэш-эс тутуму 30MB кем эмес | ||
Эсептелген кубаттуулугу 120W кем эмес | ||
Эске тутуу каналы - DDR4-2133 | ||
2 | Ыкчам эске тутуусу | Жалпы көлөмү - 128 Gb кем эмес. |
DDR4-2133 эске тутуу тиби | ||
Эске тутуунун ар бир модулунун көлөмү 16 Gb. | ||
3 | HDD | SAS туташуу интерфейси менен 2 катуу диск. |
Ар бир катуу дисктин айлануу ылдамдыгы 10000 RPM кем эмес. | ||
Ар бир дисктин көлөмү 120 GB кем эмес | ||
4 | RAID контроллер | Аппараттык RAID-контроллер. |
0, 1, 10 деңгээлдеринин RAID колдоосу. | ||
5 | Fibre Channel контроллер (HBA FC) | Fibre Channel HBA (Host Bus Adapter) модели боюнча 2 окшоштон кем эмес. |
HBAнын ар биринде 1 порттон кем эмес Fibre Channel LC (ShortWave) 8/16Gbit/sec кем эмес өткөрүү жөндөмү менен. Бардык порттор small form-factor pluggable 8Gb (SFP+) трансиверлер менен комплектацияланган болууга тийиш. | ||
6 | Интерфейстер | 4 PCI 3.0 слоттордон кем эмес. |
USB 2.0 2 порттон кем эмес | ||
100/1000/10000Mb/s Base-T 4 Ethernet порттон кем эмес. | ||
Remote media capability (USB, DVD, CD, ISO image) | ||
10 | Операциялык система | vSphere ESXi колдоп турушу |
11 | Виртуалдаштыруу | VMware Vsphere 6 жана VCentre колдоп турушу |
Системадагы ролу: Маалыматарды сактоо системасы | |
HDD | Чийки сыйымдуулук көлөмү 22 Тb кем эмес. |
HDD саны 18 даанадан кем эмес | |
Ар бир дисктин көлөмү - 1.2 TBден кем эмес. | |
Бардык dual port 2.5 SAS катуу дисктери 10000 RPM кем эмес айлануу ылдамдыгы менен. | |
SSD | SSD саны 6 даанадан кем эмес. |
SAS SSD дисктери үчүн – туташуу интерфейсинин өткөрүү жөндөмү - 6 Gbit/sec кем эмес. | |
Ар бир дисктин көлөмү - 400 GB кем эмес. | |
Аппараттык RAID | RAID иштей турган деңгээлдери – 0, 1, 10, 5. |
Алыстан туруп башкаруу | Ethernet түйүнүнө туташтырыла турган алыстан башкаруу порту жана ал төмөнкүгө шарт түзөт: жабдууну башкаруу, абалдын мониторингин жүзөгө ашыруу, окуялар тууралуу билдирмелерди кабыл алуу. |
Башкаруунун ПКсы | Мониторинг жүргүзүү жана башкаруу мүмкүндүгүн жана дисктердин, контроллерлордун, вольюмдордун ж.б.у.с. жүккө толуусу боюнча real-time аналитикасын жүргүзүүнү камсыздай турган GUI - интерфейс. |
block-level протоколдорунун протоколдорун колдоп турушу | ISCSI, Firbe channel, |
file-level протоколдорунун протоколдорун колдоп турушу | NFS V2/V3/V4 , FTP, HTTP |
Азыктандыруу блоктору | Ар бир дисктик текчеге карата 2 азыктандыруу блокторунан кем эмес, алардын каалагандайы иштен чыккан учурда толук кандуу иштөө мүмкүндүгү менен. |
Монтаждоочу комплекти | Rack Mounting Kit менен комплектацияланган |
Кошумча дисктин текчелерди колдоп турушу | 9 текчеден кем эмес |