Загрузка документа…
КР энергетика министрлигинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 01-13/185 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БУЙРУК
2017-жылдын 28-апрели № 1/1
Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануучу иштеп чыгаруучу уюм тарабынан иштелип чыгарылган электр энергиясын электржабдуучу уюмга жеткирүүнүн типтүү келишими жөнүндө
Кыргыз Республикасында энергиянын жаңыланма булактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн, ошондой эле “Электроэнергетика жөнүндө”, “Энергетика жөнүндө” жана “Энергиянын жаңыланма булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуучу укуктарын бир катар мамлекеттик аткаруу бийлик органдарына берүү жөнүндө” токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМЫН:
Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануучу иштеп чыгаруучу уюм тарабынан иштелип чыгарылган электр энергиясын электржабдуучу уюмга жеткирүүнүн типтүү келишими тиркемеге ылайык бекитилсин;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Энергиянын жаңыланма булактарын өнүктүрүү жана энергия үнөмдөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.К.Оморовго жүктөлсүн;
Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Күчүнө киргенден кийин ушул буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага | Д. Зилалиев |
Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануучу иштеп чыгаруучу уюм тарабынан иштелип чыгарылган электр энергиясын электржабдуучу уюмга жеткирүүнүн типтүү келишими
Бишкек ш. (Ош ш., Каракол ш., Жалалабат ш.)
20___ж. «____»______________
___________________________ - Электроэнергиясын иштеп чыгаруучу уюм, мындан ары «Жеткирүүчү» деп аталып, Уставдын негизинде иш-аракет кылган, _____________________ жетекчисинин атынан бир тараптан, мындан ары «Сатып алуучу» деп аталып, Уставдын негизинде иш-аракет кылган бөлүштүрүүчү ишкана _____________________ ФАА атынан экинчи тараптан, биргеликте Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
АНЫКТАМАЛАР
Ушул Келишимдин максаттары үчүн төмөнкү аныктамаларга ылайык түшүнүктөр колдонулат:
- Электроэнергияны иштеп чыгаруучу ишкана – электрэнергияны өндүрүү жана электростанцияларды эксплуатациялоо боюнча ишмерликти аткарган каалаган мамлекеттик, жеке юридикалык же жеке жак;
- Геотермалдык орнотмо – геотермалдык энергияны (жер түпкүрүндөгү энергия) электрэнергиясына айландыруу үчүн шаймандар системасы;
- Күн орнотмосу – күндүн энергиясын жылуулук же электр энергиясына айландыруу үчүн шаймандар системасы;
- Шамал орнотмосу - күндүн энергиясын электр энергиясына айландыруу үчүн шаймандар системасы;
- Электроэнергиясын берүү – Жеткирүүчү тарабынан Берүүчү уюмдун тармагына жеткирилген электр энергиясынын Тараптарынын менчигинин чектерине чейин берүүчү электр тармактары аркылуу электр энергиясын ташуу кызматы;
- Электрэнергиясын сатып алуу-сатууга келишим – Жеткирүүчү менен Сатып алуучунун ортосундагы электрэнергиясын сатып алуу-сатууга түзүлө турган келишим;
- Электроэнергиянын көлөмү – Тараптардын менчигинин чектеринде берилген жана учеттун эсептөө каражаттарынын көрсөткүчтөрү боюнча электр энергиясынын физикалык көлөмү;
- Техникалык жоготуулар – электрэнергиянын өндүрүүдөгү, электр тармактарына берүүдөгү жана бөлүштүрүүдөгү технологиялык чыгашасы;
- Финансылык эсептер системасы – эсептөөлөрдү ченемдик актыларга ылайык жүргүзүү үчүн электрэнергиясы үчүн төлөм бериле жана алына турган система;
- Эсептөө убактысы – бул берилген электрэнергиясы үчүн төлөнө турган ушул Келишимде көрсөтүлгөн мезгил;
- Энергетика жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - энергетика жаатындагы мамилелерди контролдоо жана жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
- Учеттун эсептөө каражаттары – төлөнө турган иштелип чыккан жана берилген электрэнергиясын эсепке алуу шаймандары. Эсепке алуу каражаттары тармактын бөлүштүрүү чектеринде орнотулат (баланстык таандыктыгы боюнча);
- Эсепке алуунун контролдук каражаттары – электрэнергиянын чыгымдалышын контролдоо үчүн электроэнергиянын техникалык эсебин алуу шайманы;
- Баланстык таандыктык чектери – ар кайсы менчик ээлерине таандык электр тармактарын кошуу жайы, бул Тараптардын менчигинин чектери менен аныкталат;
- Электрэнергиянын коммерциялык эсебин алуучу автоматташтырылган маалыматтык өлчөө системасы (ЭКЭААМӨС) – адистештирилген, метрологиялык жактан аттестацияланган техникалык каражаттардын, программалык каражаттардын, байланыш каражаттарынын комплексинен жана электрэнергиянын коммерциялык эсебин (КЭ) алууну автоматташтырылган режимде жүргүзүүгө, КЭнин маалыматтарын берүүгө, аларды иштетүүгө, мунун ичинен маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгү менен аныктыгын баалоого, мүмкүндүк түзө турган тийиштүү персоналдардан турган система;
- Маанилүү бузулуу – ушул Келишимдин маанилүү бузууларына ушул Келишимде белгиленген милдеттерди аткаруу мөөнөтүнүн 3 (үч) же андан көп айга бузулушу кирет.
2. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ
2.1. Жеткирүүчү электрэнергияны менчиктин чектерине 6-10кВ бөлүштүрүүчү түзүлмөгө (БТ) _________________ берет, ал эми Сатып алуучу ушул Келишимдин 1-тиркемесинде келтирилген Жеткирүүчү менен Сатып алуучунун менчигинин чектери болуп эсептелген, электр энергиясынын эсебин алуунун эсептөө каражаттары менен жабдууланган жайларда электр тармактарына кошулууларда жана Сатып алуучунун менчигинде турган ар бир кошулуу үчүн орнотула турган, техникалык шарттар менен уруксат берилген кубаттуулуктун өлчөмүндөгү электрэнергиясын кабыл алат.
2.2. Жеткирүүчү тарабынан Сатып алуучуга бериле турган электроэнергиянын көлөмү кварталдарга бөлүштүрүлүп, ушул Келишимдин 2-тиркемесидеги формада таризделет жана жыл сайын 1-ноябрга чейин кайрадан каралып турууга тийиш.
2.3. Жеткирүүчү сатып алуучуга ушул Келишимдин 2-тиркемеси боюнча кварталдарга бөлүштүрүп, келе жаткан жылга бериле турган электрэнергиянын пландалган көлөмүн Сатып алуучуга берет.
2.4. Диспетчердик башкаруу тартиби шайманды ыкчам тейлөө боюнча Тараптардын өз ара мамилелери жөнүндөгү келишимдин жана башка жоболору менен аныкталат.
3. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ
3.1. Жеткирүүчү милдеттенет:
3.1.1. Ушул Келишимдин шарттарына ылайык Жеткирүүчү ЭЖБ пайдалануу менен өндүрүлгөн электрэнергиясын Сатып алуучуга берүүгө милдеттенет, ал эми Сатып алуучу Жеткирүүчү тарабынан өндүрүлгөн электрэнергияны КР “Энергиянын жаңыланма булактары жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгилене турган электрэнергиясынын тарифи боюнча толук көлөмдө сатып алууга милдеттенет.
3.1.2. Ушул Келишимдин 1-тиркемесинде келтирилген пункттарда Мамстандарттын “50Гц ± 0,2Гц ылдамдыктагы жана ± 5% чыңалуу деңгээлиндеги жалпы багыттагы электр тармактарына электрэнергиясынын сапатына талаптар” Мамстандарттын ГОСТ 13109-97 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартизация жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциянын 25.12.1997г. №43-СТ буйругу менен КР мамлекеттик стандарты катары 01.01.1999ж. тартып киргизилген) талаптарына жооп бере турган сапатта Ушул Келишимдин 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн көлөмдө жана мөөнөттө жана “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКынын иштөө системасынын Орто Азия жана Казакстандын Бириккен энергосистемасында параллелдүү иштөө шарты менен менчик чектерине электрэнергиясын жеткирүүнү камсыздайт. Электрэнергиянын сапатынын көрсөтмөлөрү Тараптардын менчик чектеринде орнотула турган жана сапат көрсөткүчтөрүн каттоочу шаймандардын көрсөтмөлөрү боюнча белгиленет.
3.1.3. Ушул Келишимдин 2-тиркемесинде аныкталган көлөмдө жана мөөнөттө электроэнергиянын берилишин камсыздайт.
3.1.4. Ушул Келишимдин 2.4-пункттарына ылайык Сатып алуучуга электрэнергияны жеткирүү режимдерин диспетчеризациялоону камсыздайт.
3.1.5. Жеткирүүч милдеттүү түрдө Сатып алуучуну 3 күндөн кем эмес мөөнөттө пландуу өчүрүү жөнүндө кабарландырат. Кабар жеткенден кийин 3 күндүн ичинде Сатып алуучу электрэнергияны берүүдөгү сунушталган тыныгуу убактысын макулдашпаса, анда Жеткирүүчү өчүргөнгө чейин 24 сааттан кем эмес мезгил ичинде Сатып алуучуга кайталап кабар берүү менен, бул убакытты өз алдынча белгилөөгө укуктуу болот.
3.2. Сатып алуучу милдеттенет:
3.2.1. Жеткирүүчү менен макулдашылган, ушул Келишимдин 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн көлөмдөрдө электрэнергиясын керектөө көлөмүн сактоого.
3.2.2. КР “Энергиянын жаңыланма булактары жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгилене турган алынган электрэнергиясынын тарифтери боюнча Жеткирүүчүгө төлөмдөрдү төлөөгө.
3.2.3. Жеткирүүчү менен макулдашылган Жеткирүүчүнүн энергиясын Сатып алуучунун тармактарына берүүнү камсыздоочу кошулмаларды кошуунун резервдик схемасын колдонуу варианттарын берүүгө. Резервдик схемасын пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгондо, жүктөмдү азайтуу жана Жеткирүүчү тарабынан шаймандарды пландуу оңдоо иштери учурунда мүмкүн болгон минималдуу белгилерге чейин төмөндөтүү варианттары иштелип чыгууга жана макулдашууга тийиш.
4. ЭЛЕКТРОЭНЕРГИЯНЫН ЭСЕБИН АЛУУ ТАРТИБИ
4.1. Ушул Келишим боюнча эсептөө мезгили бир календарлык ай болуп белгиленет.
4.2. Жеткирүүчү тарабынан иштелип чыккан электрэнергиянын иш жүзүндөгү көлөмү комиссия тарабынан эсепке алуунун эсептөө каражаттарынын көрсөтмөсү боюнча эсептик айдан кийинки айдын биринчи күнүндө (эсепке алуунун эсептөөчү жана контролдоочу шаймандарын орнотуу жайлары, счетчиктердин номерлери жана алардын таандыктуулугу ушул Келищимдин 1-тиркемесинде келтирилди) ай сайын Бишкек убактысы боюнча саат 05-00дө аныкталат (Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин 22.10.2007ж. №131 буйругуна ылайык Гринвич боюнча убактысына бир саат кошулат) жана эсептик айдан кийинки айдын 2 иш күнүнөн кечиктирбестен, ушул Келишимдин 3-тиркемесиндеги форма боюнча эсептик мезгил ичинде Жеткирүүчү менен Сатып алуучунун ортосундагы электрэнергиясын берүүнүн эки тараптуу акты менен ырасталат.
4.3. Тараптардын колдору коюлган акт жана ушул Келишимдин 3-тиркемеси боюнча электр тармактарына берилген электрэнергиянын аныкталган көлөмдөрү финансылык эсептерди жүргүзүү үчүн негиз болуп эсептелет.
4.4. Жеткирүүчү менен Сатып алуучунун ортосундагы керектелген электрэнергиясы үчүн эсептөөлөрдө колдонула турган электрэнергиянын эсебин алуунун жана ЭКЭАМӨСтүн эсептөө жана контролдук каражаттарынын бардык электр чынжыры, кыскычтар топтому, ТН, ТТ ж. б. коммутациялык аппараттар КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКынын жана Тараптардын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан Тараптардын ар бири өз пломбасын орнотуусу менен пломбаланат.
4.5. Эсепке алуунун эсепиөө шаймандарынын схемаларында колдонула турган өлчөөчү трансформаторлорду орун алмаштыруу, алмаштыруу, жүктөмгө өзгөртүү жана Жеткирүүчү менен Сатып алуучунун ортосундагы эсептөөлдөрдө Тараптардын макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Тараптар бири бирине иш башталганга чейин 5 күн ичинде, ал эми эсепке алуунун эсептөө каражаттары бузулган болсо – тез арада кабар берүүгө тийиш, экинчи тарапка расмий түрдө билдирет.
4.6. Электрэнергиянын эсепке алуусунун эсептөө каражаттары тактык классы боюнча электрорнотмолорунун курулмалары боюнча ченемдик документке жана КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы №576 “Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык мамлекеттик текшерүү мөөнөтү боюнча метрология боюнча ченемдик документтерге шайкеш келүүгө тийиш.
4.7. КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы №576 “Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык метрология боюнча ченемдик документтерде белгиленген мезгилдерде Тараптар өздөрүнүн эсебинен Тараптардын ар биринин балансында турган электрэнергиянын эсебин алуу каражаттарына метрологиялык текшерүү жүргүзүшөт.
4.8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Жеткирүүчүдөн Сатып алуучуга бериле турган электрэнергиянын тарифи киргизилген же өзгөртүлгөн учурда, Тараптар жаңы тарифтерди киргизүү датасы менен аныкталган Бишкек убактысы боюнча саат 05-00дө (Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин 22.10.2007ж. №131 буйругуна ылайык Гринвич боюнча убактысына бир саат кошулат) өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу счетчиктердин көрсөтмөлөрүн комиссиялык түрдө алышат, ушул Келишимдин 4.2-пунктуна окшош эки тараптуу акт түзүшөт.
4.9. Эсепке алуунун эсептөө каражаттары бузулган учурда, эсептөөлөрдө электрэнергиясын эсепке алуунун контролдук каражаттары колдонулат, булар КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы №576 “Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык электрэнергиянын эсепке алуусунун эсептөө каражаттарына коюлган талаптарга туура келүүгө тийиш.
Эсепке алуунун контролдук каражаттары жок болсо же бузулган болсо, Тараптар ортосунда берилген электрэнергиянын көлөмү да эки тараптуу акт түзүп, эсептөө жолу менен аныкталат.
5. ТӨЛӨӨ ТАРТИБИ
5.1. Жеткирүүчүдөн Сатып алуучуга бериле турган электрэнергиянын тарифтери Кыргыз Республикасынын “Энергиянын жаңыланма булактары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында табигый монополиялар жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык белгиленет.
5.2. Электрэнергиянын тарифи өзгөртүлгөн учурда Тараптар ал (алар) иш-аракетке киргизилгенден тартып Келишим боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүдө ушул Келишим боюнча бааларды эсептөөгө тактоо киргизүүгө милдеттүү.
5.3. Ушул Келишимдин 4.3-пунктуна ылайык таризделген жана Жеткирүүчүдөн Сатып алуучуга келип түшкөн электрэнергиянын иш жүзүндөгү көлөмүн ырастоочу актыга кол коюлгандан кийин, акыркы эсептөө үчүн белгиленген үлгүдөгү актынын негизинде счет фактураны берет.
5.4. Эсептелген мезгил ичиндеги акыркы эсеп счет фактура берилген күндөн тартып 10 банк күнүнүн ичинде Жеткирүүчү тарабынан берилген счет фактуранын негизинде Сатып алуучу тарабынан жүргүзүлөт.
5.5. Жеткирүүчүнүн эсептик счетуна акча каражаттарын чегерүү менен төлөнөт. Бардык төлөмдөр кыргыз сому менен төлөнөт.
5.6. Форс-мажордук учурлардан тышкары, төлөө мөөнөтү келген учурга эсеп төлөнбөсө, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Жеткирүүчү Сатып алуучуга төлөө мөөнөтү келген учурдан тартып, төлөм төлөнгөн күнгө чейин төлөнбөгөн суммалар, бирок негизги карыздардын суммасынан 30%дан көп эмес боюнча үстөк айыпты чегерет. Каалаган мөөнөтү өткөн суммага Жеткирүүчү Сатып алуучудан ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,5% өлчөмүндөгү үстөк айыпты төлөп берүүнү талап кыла алат. На любые просроченные суммы Поставщик вправе требовать от Покупателя уплаты денежными средствами неустойки в размере 0,5% задолженности за каждый просроченный день, но не более 30% от суммы основного долга денежными средствами в соответствии с действующим законодательством.
5.7. Эсептелген мезгил ичинде берилген счет-фактураларды эсептөөдө жана тактоолорду киргизүүдө кандайдыр бир техникалык каталар табылган учурда, Тараптар бул өзгөртүүлөрдү кийинки эсептөө мезгилине киргизишет.
5.8. Сатып алуучу коюлган эсептин тууралыгын жокко чыгарса, ал эсепти алгандан тартып 10 күндүн ичинде Жеткирүүчүгө кабар берет жана Жеткирүүчүгө каршы пикирин кат жүзүндө берет.Мында Сатып алуучу жогоруда аталган мөөнөттө эсептин жокко чыгарылган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттүү.
5.9. Ар бир отчеттук мезгил (квартал) аяктаганда Тараптар 10 күндүн ичинде кайчы пикирлери менен же анысы жок өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актыларына кол коюуга милдеттенишет.
6. ТАРАПТЫРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ
6.1. Ушул Келишим Сатып алуучунун каалаган Жеткирүүчү менен электрэнергияны сатып алуу-сатуу боюнча кошумча контракттарды түзүүдөгү укуктарын чектебейт.
6.2. Ушул Келишим Жеткирүүчү каалаган Сатып алуучу менен электрэнергияны сатып алуу-сатуу боюнча кошумча контракттарды түзүүдөгү укуктарын чектебейт.
6.3. Жеткирүүчү Сатып алуучуга Электрберүүчү уюмдун электр тармактарындагы өчүрүүлөргө байланыштуу болгон өчүрүүлөрүнөн, мунун ичинен Орто Азия жана Казакстандын Бириккен энергосистемасына кирген мамлекеттердин электр тармактарынын жана станцияларынын иштеринин бузулушуна байланышкан себептерден улам системдүү автоматикасынын ишинен улам чыккан электрэнергиясын жеткирүүдөгү тыныгуулары үчүн жооп бербейт.
Автоматтык кайталап күйгүзүү иштеринин учурундагы коргоо иш-аракетинен улам чыккан авариялык өчүрүүлөр электржабдуунун тыныгуулары болуп эсептелбейт.
6.4. Ушул Келишимдин шарттарын бузууда жана персоналдын же Сатып алуучунун шайманынын иши туура эмес болгондо, Жеткирүүчү электрэнергиясын жеткирүүдөгү тыныгуулар жана жеткире берилбей калган көлөмдөрү үчүн жооп бербейт.
6.5. Тараптар контролдоо жана көрсөтмөлөрдү алуу үчүн баланстык таандык чектеринде (ушул Келишимдин 1-тиркемеси) турган эсепке алуунун эсептөө жана контролдоо каражаттарын ачууга укуктуу болушат. Эсепке алуунун эсептөө жана контролдоо каражаттарына укуктуу Тараптардын жактарынын тизме-курамы, ага коюлган талаптары жана иш шарттарын Тараптар кошумча макулдашышат.
6.6. Тараптардын ар бири экинчисинен комиссиясыз кезексиз текшерүүнү, ал эми зарыл болгон учурда – төмөнкүлөргө негиздүү шек туулган учурда, эсепке алуу каражатын алмаштырууну талап кылууга укуктуу: эсепке алуу каражаттарынын туура эмес иштеши, эсепке алуу шайманынын бузулганы, мамлекеттик текшерүү мөөнөттөрүн бузуу, эсепке алуу системасындагы бузулуу, мамлекеттик текшерүү документтер пакетинин толук болбой калышы, өлчөөлөрдүн биримдигин камсыздоо жаатындагы ченемдик актылардын талаптарынын сакталбашы ж. б.. Ар бир ушундай учурларда эки тараптуу акт түзүлөт. Натыйжалары ырасталбай калган текшерүүнү демилгелеген Тарап башка катышуучуга тартылган зыяндарын төлөп берет.
7. ФОРС-МАЖОР
7.1. “Форс-мажор” атоосу зыян тарткан Тараптын ушул Келишимде каралган милдеттеринин баарын же жарым-жартылайын аткаруусун токтотуу үчүн киргизилет деп таанышат.
7.2. “Форс-мажор” атоосу ушул Келишим күчүнө кирген датасына туура келген маңызы боюнча Тараптын акылга сыйарлык контролдоо алкагына кирбеген кайсы болбосун учур, окуя, же окуялардын жана учурлардын тутуму, булар ушул Келишимдин күчүнө кирген датасына же анын иш-аракет мезгилине туура келет, ошондой эле олуттуу жана жагымсыз таасирди жабыр тарткан Тарап тийиштүү аракет аркылуу жана сактык кылуу аркылуу толугу менен же жарым-жартылай алдын алууга, жеңүүгө же оңдоого мүмкүн болбогон шартта Тараптын Келишимде каралган өз милдеттерин аткаруусуна таасир эткен же өзгөрткөн учурлар. Мында сактык кылуу дегенде - тийиштүү документтер жана Келишимдин Объектилерин кырсыктан коргоо ишмерлигинин түрлөрү түшүндүрүлөт, булар мындай учурдун чыгуусун, мындай учурдун болуучу кесепеттерин жана коргоо чараларынын эффективдүүлүгүн алдын ала билип турмак.
7.3.Форс-мажорго төмөндөгү учурлардын, окуялардын ар бири кирет, эгерде алар жогоруда аталган талаптарга жооп берсе:
а) кандай болбосун согуш учуру (жарыяланган же жарыяланган эмес), чет элдик каршылаштын басып кирүүсү, куралдуу кагылышы же иш-аракети, блокада, эмбарго абалы, революциялар, бунт, жарандык толкундоолор, террористтик акт же кампаниялар же саботаж;
б) көтөрүлүш, башкаруудагы өзгөрүүлөр же Келишим Объектисинин чегинен ары жайылтылган, саясий сыпаттагы, мисалы, Кыргыз Республикасынын саясий бийлигине каршы багытталган, же Тараптарга же чет элдик өкүлчүлүктөрдүн ээлигиндеги, жетекчилигиндеги курулмаларга каршы чыккан жумушчулардын жалпы аракетинин бир бөлүгү (бирок бул мисал менен чектелбейт);
в) табигый кырсыктар (чагылгандар, өрт, жер титирөө, суу ташкындоо же суунун, шамалдын, бороон-чапкындын, куюндун таасиринин натыйжалары, химиялык жугуу ж. б.);
7.4. Жогоруда айтылган учурлардын бири болсо, Тараптар бул үчүн форс-мажордук жагдайларды жана форс-мажорго байланыштуу берилбей калган же алынган кВтс электрэнергиясынын санын белгилөө максатында паритетттик негизде биргелешкен комиссия түзүүгө милдеттүү;
7.5. Форс-мажордук жагдайлардын кесепетинен ушул Келишим боюнча милдетин тийиштүү түрдө аткара албай калган Тарап төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) аталган жагдайлар болгон күндөн 3 күндөн кечиктирбестен, экинчи Тарапка жеңилгис күчтүн жагдайлары жөнүндө кат түрүндө билдирүүгө жана аталган жагдайлардын зарыл далилдерин берүүгө;
б) жеңилгис күчтүн жагдайларынын кесепеттерин азайтуу үчүн ага көз каранды болгон жана ага мүмкүн болгон зарыл иш-чараларды көрүүгө, милдеттерди аткаруудагы тоскоолдуктарды жоюуга жана Келишимге ылайык өз милдеттерин толук көлөмдө аткарууну жандандырууга;
в) экинчи Тарапка ушул Келишимге ылайык өз милдеттерин аткара баштаганы тууралуу билдирүүгө;
7.6. Кабар берилбесе же кабар өз убагында берилбесе Тараптын жеңилгис күчтүн жагдайларына шилтеме жасоосу - Келишим боюнча милдеттерин аткаруу жоопкерчилигинен бошото турган негиздемеден куру калат (эгерде форс-мажордук жагдайлардан улам кабар берилбей калса). Жеңилгис күч жагдайлары болсо, Тараптардын Келишим боюнча милдеттерин аткаруусу – жеңилгис күч жагдайларынын күчүндө турган убакытка же Тараптардын бул жагдайлардын кесепетин жоюу үчүн керектүү болгон убактысына ылайык жылдырылат.Эгерде жеңилгис күч жагдайлары 10 күндөн ашык удаа уланса, же мындай жеңилгис күч жагдайларынын кесепеттерин жоюу үчүн Тараптарга керектүү убакыт 15 күндөн ашып кетсе, Тараптар Келишимди аткаруунун алгылыктуу альтернативалуу ыкмаларын табуу үчүн кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.
7.7. Жеңилгис күчтүн жагдайлары токтогондон кийин өз милдетин аткарбаган (тийиштүү түрдө аткарбаган) Тарап жеңилгис күчтүн жагдайлары токтогондон тартып 7 күндүн ичинде милдеттерди аткарууну жандандырууга тийиш.
8. ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ
8.1. Ушул Келишимдин жүрүшүндө чыга турган бардык талаштарды жана кайчы-пикирлерди Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
8.2. Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир бүтүмгө келе албаган ушул Келишим боюнча талаштын же кайчы-пикирдин болушу жөнүндө билдирген Тарап экинчи Тарапка кат жүзүндө дооматын билдирет, аны алгандан кийин 30 календарлык күндүн ичинде арыз ээсине жооп берилүүгө тийиш.
8.3. Эгерде жооп аталган мөөнөттө берилбесе, доомат кабыл алынган болуп эсептелет.
8.4. Ушул Келишим боюнча жана мындан келип чыккан бардык талаштар жана кайчы-пикирлер жогоруда айтылган тартипте чечилбесе, Тараптар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чечүүнү макулдашышат.
9. КЕЛИШИМДИН ИШ-АРАКЕТ МӨӨНӨТҮ ЖАНА АНЫ БУЗУУ ШАРТТАРЫ
9.1. Ушул Келишим эки Тарап кол койгондон кийин күчүнө кирет.
9.2. Иш-аракет мөөнөтү аяктаганга чейин ушул Келишимди бир тараптуу бузууга жол берилбейт.
9.3. Ушул Келишим төмөнкү учурларда өз иш-аракетин токтотот:
а) Тараптардын өз ара Макулдашуусу менен;
б) Тараптар ушул Келишимдин шарттарын олуттуу бузган учурда.
9.4. Ушул Келишимдин иш-аракет мөөнөтүнүн аякташы же муну мөөнөтүнө чейин токтотуу – ушул Келишим боюнча жана иш-аракети токтогон учурга аткарылбай калган эсептөөлөргө байланыштуу Тараптардын милдеттерин козгобойт жана токтотпойт.
9.5. Макулдашуунун шарттарын Тараптардын бири олуттуу бузган учурда, экинчисинин талабы боюнча соттун чечиминин негизинде, Тараптар таянып Келишим түзгөн жагдайдын олуттуу өзгөрүүсүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча Келишим бузулат.
9.6. Ушул Келишим 1 (бир) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Ушул Келишимдин иш-аракет мөөнөтү аяктаганга чейин бир ай эрте Тараптардын бири экинчисине себебин негиздеп берүү менен Келишимди токтотуу жөнүндө кат жүзүндөгү кабарды билдирбесе, жыл сайын узартылган болуп эсептелет.
10. БАШКА ШАРТТАР
10.1. Ушул Келишимде колдонулуучу тиркемелер анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет:
№1 “Тараптардын менчигинин чектери жана электрэнергиянын эсебин алуунун эсептөө каражаттарынын тизмеги”;
№2 “Жеткирүүчү тарабынан Сатып алуучунун электр тармактарына бериле турган электр энергиянын көлөмү”;
№3 “201__ жылдын _______ айында Сатып алуучунун менчигинин чегине Жеткирүүчүдөн электр энергиясын берүү акты”;
10.2. Тараптар ыкчам тартипти, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан колдонмолордун, көрсөтмөлөрдүн, жоболордун жана башка ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бекем сакташат.
10.3. Ушул Келишимге болгон кандай болбосун өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын биринчи адамдары же кол коюуга укуктуу адамдары тарабынан кол коюлган кат жүзүндө болсо, колдонуудагы негиздөөчү документтерге ылайык таризделген болсо же кол коюуга ишеним каты бар Тараптардын башка жактары тарабынан кол коюлуп, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык таризделген болсо анык болуп эсептелет.
10.4. Реквизиттер өзгөргөн учурда Тараптар үч күндүн ичинде бири-бирине бардык өзгөрүүлөр жөнүндө билдирүүгө милдеттүү, антпесе билдирбей коюудан же өз убагында билдирбей коюудан улам тартылган зыянды белгиленген мөөнөттө кабар бербей калган күнөөлүү тарап төлөйт.
10.5. Тараптардын кимисинин болбосун юридикалык статусу өзгөргөн учурда (тактап айтканда, өзгөртүп түзүү, жоюу, уюштуруучулук-укуктук формасын өзгөртүү ж. б.) ал экинчи Тарапка өзгөрүү болгондон 15 күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү. Бул жөнүндө белгиленген мөөнөттө экинчи Тарапка билдирбей коюу ушул Келишимдин бузулушуна алып келет.
10.6. Тараптар юридикалык жакты же юридикалык статусту кандай болбосун кайра түзүү жана өзгөртүү же башкалар милдеттер боюнча азайтуу же толук бошотуу, ошондой эле ушул Келишимде белгиленген тартипти бузуу максатында пайдаланылбайт деп макулдашышат.
10.7. Ушул Келишимдин жоболорунун бири кайсы бир компетенттүү орган тарабынан бүтүндөй же жарым-жартылай анык эмес деп табылса, ушул Келишимдин калган жоболору жана пункттары өзүнүн мыйзамдуу күчүн жоготпойт.Тараптар адилеттүү жана акылга сыйарлык альтернативалуу чечимдерди кабыл алуу максатында талкуу жүргүзүүгө тийиш.
10.8. Тараптардын бири да экинчи Тараптын кат жүзүндөгү макулдугу жок чет уюмдарга Ни одна из Сторон не может быть без письменного согласия другой Стороны производить уступку прав требования сторонним организациям.
10.9. Келишим расмий тилде бирдей юридикалык күчкө ээ эки окшош нускада 8 баракта түзүлдү. Тараптар эки нускага тең жана ушул Келишимдин Тиркемесине кол коюшат.
11. ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕР, БАНК РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА ТАРАПТАРДЫН КОЛДОРУ
Жеткирүүчү: Сатып алуучу:
Реквизиттер: Реквизиттер:
__________________________ «__________электр» ААК
1-тиркеме
20__ж. ________ №_____ жеткирүү келишимине
Тараптардын менчигинин чектери жана Жеткирүүчүдөн Сатып алуучу ала турган электрэнергиянын
эсебин алуу үчүн эсептөө каражаттарынын тизмеги
№№
| ПС, диспетч. кошулуун. аталышы | Тараптардын менчигинин чектери | Эсепке алуунун эсептөө каражатын орнотуу жайы | Э/э эсепке алуунун контролдоо каражатын орнотуу жайы | Счетчиктер | Токтун трансформаторлору
| Чыңалуу трансф. | Эсептик коэф- фициент | Эскертүү | |||
|
|
|
|
| Но мер | Тип | Кл. точн | К тр. | Кл.точн | Трансф |
|
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
| Эсепке алуунун эсептөө каражатын эксплуатациялоодон убактылуу чыккан жана жоготкон учурда керектелген электр энергиянын көлөмдөрү төмөнкү формула менен аныкталат
Wрасч = Wпредш * k,
мында: Wрасч – учурдагы эсептөө мезгилинде керектелген электр энергиянын көлөмү, кВт•ч; Wпредш – мурунку учурдагы эсептөө мезгилинде керектелген электр энергиянын көлөмү, кВт•ч; k – коэффициент, равный k = W1 / W2 , (где: W1 – мурунку жылдын ошол мезгилиндеги эсептик айда керектелген электр энергиянын көлөмү, кВт•ч; W2 - мурунку жылдын ошол мезгилиндеги мурунку айда керектелген электр энергиянын көлөмү, кВт•ч.).
Жеткирүүчү: Сатып алуучу:
|
| |||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
| |||
|
|
|
|
|
|
| 20__ж. ________ №_____ жеткирүү келишимине |
| |||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
|
| 20__-жылга Жеткирүүчү тарабынан Сатып алуучунун электр тармактарына бериле турган электр энергиянын көлөмү
|
|
| ||||||||||||
| 20___ год | январь | февраль | март | апрель | май | июнь | июль | август | сентябрь | октябрь | ноябрь | декабрь | Жыйынтыгы |
| ||
| Электроэнергиянын көлөмү, кВт*с. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
| Квартал боюнча жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
| ||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| Жеткирүүчү: |
|
|
| Сатып алуучу: |
|
|
| ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| ____________________________ |
|
|
| ____________________________ |
|
|
| ||||||||
3-тиркеме
N _____ жеткирүү келишимине
20 __ ж.___________________
Жеткирүүчүнүн электр энергиясын иштеп чыгаруу акты
20___-жылдын ____________ айында