Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ ЖАНА ТУРИЗМ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 15-декабры № 617
Кыргыз Республикасынын музейлеринде жайгашкан музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо боюнча нускаманы бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" 2015-жылдын 24 июлундагы № 193 Мыйзамын иш жүзүнө ашыруу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15 сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык, жана Кыргыз Республикасынын музейинде турган музей коллекцияларын жана музей буюмдарын сактоону камсыз кылуу жана толук эсепке алуу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМЫН:
1. Кыргыз Республикасынын музейинде турган музей коллекцияларын жана музей буюмдарын сактоо жана эсепке алуу боюнча нускама бекитилсин.
2. Ушул буйрук "Эркин-Тоо" газетасына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 31-январында № 9 жарыяланды
3. Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин бир жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.
4. Маалымат жана коммуникация департаменти Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин веб-сайтына буйрукту жарыялоону камсыз кылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Статс-катчы Б.Секимовго жүктөлсүн.
Министр | Т.Казаков |