Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2017-жылдын 24-майы № 1
Электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объекттерди технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын электр энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү, стабилдүү жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, ошондой эле технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн эсептөөнүн бирдиктүү жолун белгилөө максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына объекттерди технологиялык кошууга төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пресс-катчы ушул буйрукту катталгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде жарыяласын:
- "Эркин Тоо" гезитине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин веб-сайтына.
3. Укуктук колдоо жана эл аралык кызматташуу бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоо үчүн жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин м.а. |
А.Абдыжапаров |