Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин 2017-жылы 7-июлунун № 2 буйругуна тиркеме |
Тарамдар аралык байланыштыруу боюнча талаш-тартыштарды бейтарап кароонун тартиби
Тарамдар аралык байланыштыруу боюнча талаш-тартыштарды бейтарап кароонун тартиби (мындан ары – Тартип) “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын бейтарап соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
Тартип талаш-тартыштарды сотко чейин (бейтарап) жөнгө салуунун жол-жоболорун колдонуу менен тарамдар аралык байланыштыруу боюнча чыр-чатактарды жөнгө салуунун жана чечүүнүн жол-жоболорунун өзгөчөлүктөрүн, мөөнөттөрүн жана шарттарын аныктайт, талаш-тартыштарды жөнгө салууга катышкан тараптардын укуктарын жана милдеттерин, талаш-тартыштарды жөнгө салуу жөнүндө арыздардын формасы боюнча талаптарды, анын мазмунун жана берилишин, далилдерди топтоо жана берилишин, элдешүү жол-жоболорун, ошондой эле талаш-тартыштарды жөнгө салуунун жол-жоболорун толук аныктайт.
Бул Жободо төмөнкү аныктамалар колдонулат:
Байланыш тармагын жөнгө салуучу орган – электр жана почта байланышы тармагын жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ведомстволук бөлүмдөрү, тарамдар аралык байланыштыруу боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу, чечүү боюнча маселелерди кароону кошуу менен
Тараптар – талаш-тартыштарды бейтарап кароо менен кызыкчылыктарына зыян келтирилген электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөр,
Арбитраж – тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндө талаш-тартыштарды кароого ыйгарым укуктуу, байланыш тармагын жөнгө салуучу органдын буйругу менен бекитилген арбитрлардын курамы.
Арбитрлардын тизмеси байланыш тармагын жөнгө салуучу органдын буйругу менен бекитилет. Арбитраждын сандык курамы 17 кем эмес жана 21 көп эмес арбитрдан туруусу зарыл. Ошону менен бирге, арбитрлардын сапаттык курамы ар бир байланыш тармагынан (электр байланышы, почта байланышы, маалымат жиберүү, радио жыштык спектри) 3 кем эмес мүчө, ошондой эле 3 жылдан кем эмес байланыш чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы менен техникалык, экономикалык, юридикалык билими бар адамдар да көрсөтүлүүгө тийиш.
Арбитраждын төрагалыгына талапкер арбитрлардын иш таржымалынын негизинде байланыш тармагын жөнгө салуучу органдын директору тарабынан сунушталат. Көрсөтүлүүчү талапкерлердин саны 3 кем эмес жана 5 көп эмес болбошу керек.
Арбитр болууну каалаган адамдар ар бир жылдын октябрь айынан кечиктирбестен жөнгө салуучу органга иш таржымалын берет.
Арбитраждын төрагасы жөнөкөй көпчүлүктүн добуштары менен добуш берүү жолу менен талапкерликке көрсөтүлгөн арбитрлардын ичинен тандалат.
Арбитрлардын тизмеси жыл сайын жаӊыланат. Эгерде талаш-тартыштарды чечүү 1 жылдан ашса, анда талаш-тартыштарды караган арбитрлардын ыйгарым укуктары талаш-тартыштар боюнча чечим кабыл алынганга чейин узартылат.
Төрага ар бир талаш-тартышты кароо үчүн арбитрлардын курамынан 7 кем эмес арбитрды тандайт, жооптуу катчыны белгилейт (байланыш тармагын жөнгө салуучу органдын кызматкерлеринин ичинен, добуш берүү укугу жок). Арбитрлардын курамына талаш-тартыштарды бейтарап кароонун катышуучулары менен аффилиацияланган адам кирбейт.
Арбитрлардын чечимине байланыш тармагын жөнгө салуучу органдын жетекчисинин кол коюлат.
Арбитраж байланыш тармагын жөнгө салуучу органдын кызматкерлеринен, ошондой эле талаш-тартыштарды кароо жана жөнгө салуу жөнүндө келип түшкөн арыздарды кароого мүмкүндүк берген керектүү билими, тажрыйбасы жана квалификациясы бар адамдардан түзүлөт, мамлекеттик кызматкерлерди кошпогондо. Арбитрлардын бекитилген курамы байланыш тармагын жөнгө салуучу органдын расмий сайтында жайгаштырылат.
Арбитрлардын отурумуна бардык материалдарды арбитрлардын курамынан дайындалган жооптуу катчы даярдайт. Арбитрлардын отурумуна чейин жооптуу катчы зарыл болгон учурда талаш-тартыштардын тараптарынан бардык материалдарды сурап алат, талаш-тартыштардын материалдарын түзөт жана аталган ишти кароого дайындалган арбитрларга таанышууга жөнөтөт. Арбитрлар иштин материалдары менен таанышып, зарыл болгон учурда талаш-тартыштар боюнча кошумча материалдарды катчы аркылуу сурап алат. Отурумда жооптуу катчы иштин жагдайын баяндайт жана керектүү материалдар бар экендиги тууралуу арбитрларга маалымдайт. Жооптуу катчы протокол жазат.
Арбитрлардын отуруму тараптардын макулдугу менен видеокамерага жазылат.
Талаш-тартышты кароо жөнүндө арыздарды кароо өз ара байланышкан баскычтардан турат: иштин козголушу, каралышы жана жол-жоболордун бүтүшү .
Талаш-тартышты кароо боюнча иш жактын (жактардын) арызынын же байланыш тармагын жөнгө салуучу органдын демилгесинин негизинде козголот.
Административдик иш ушул Жобого ылайык каралууга тийиш.
Административдик актынын кабыл алынышы ишти кароонун аяктоочу баскычы болуп эсептелет.
Талаш-тартыштарды бейтарап кароонун катышуучулары арыз ээси, жоопкер, кызыкдар адамдар болуп саналат.
Электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү өзүнүн арызынын негизинде, арыз ээсинин өтүнүчү боюнча жана байланыш тармагын жөнгө салуучу органдын демилгеси боюнча талаш-тартышты кароонун катышуучусу болот.
Талаш-тартышты кароого тартылган башка жактар каралып жаткан талаш-тартыштын маселелеринин тармагын белгилүү бир билимге, компетенцияларга жана көндүмдөргө ээ болгон адистер, эксперттер, бейтарап соттор жөнүндө мыйзамга ылайык котормочулар боло алат.
Жол-жоболордун катышуучулары жеке, өкүл аркылуу же алар менен бирге ушул Жобо менен жөнгө салынуучу мамилелерге катышууга укуктуу.
Жол-жоболордун катышуучуларынын өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр таанылат:
- мыйзамдын же уюмдаштыруу документтеринин негизинде юридикалык жак катары таанылган жактар;
- жарандык мыйзамга ылайык өкүл катары чыккан жактар.
Арыз ээсинин өкүлү болууга төмөнкү жактар укуктуу эмес:
- байланыш тармагын жөнгө салуучу органда же ага түздөн-түз баш ийген же көзөмөлүндө болгон органда кызмат;
- байланыш тармагын жөнгө салуучу органда же ага түздөн-түз баш ийген же көзөмөлүндө болгон органда бошотулган учурдан баштап бир жыл ичинде кызматтан бошогон;
Ушул Тартиптин 14-пунктунда көрсөтүлгөн башка жактар ишти кароодо түздөн-түз катышат.
Талаш-тартыштарды кароого катышкан жактар төмөнкүлөргө укуктуу:
- иштин материалдары менен таанышуу, көчүрмө кылуу, арбитрлардын кароосуна берилген купуя материалдарды кошпогондо, өзүнүн эсебинен көчүрмө чыгарууга;
- ушул Тартиптеги 21-бапта каралган учурларда териштирүүлөрдүн катышуучуларына четтөө жарыялоого;
- далилдерди берүүгө жана аларды изилдөөгө катышууга;
- териштирүүлөргө катышкан башка жактарга суроолорду берүүгө;
- өтүнүч жарыялоого, анын ичинде талаш-тартыштын предметине түздөн-түз тиешеси бар кошумча далилдерди талап кылуу жөнүндө;
- оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө;
- иш боюнча териштирүүлөрдүн жүрүшүндө келип чыккан бардык маселелер боюнча өз жүйөлөрүн келтирүүгө;
- иш боюнча териштирүүлөргө катышкан башка жактардын өтүнмөлөрүнө жана жүйөлөрүнө каршы болууга;
- ишти кароо отурумунун протоколу менен таанышууга жана ага жазуу жүзүндө сын пикир берүүгө.
20. Талаш-тартыштарды кароодо ниети менен жүзөгө ашырган жактардын төмөнкү иш-аракеттерине жол берилбейт:
- Башка тарапка зыян келтирүүгө;
- Маңызы боюнча, талаштын тез жана объективдүү чечилишине тоскоолдук кылууга.
21. Тараптардын бири ушул Тартиптин 20-пункутун бузган учурда жана арбитрлар бир добуштан же көпчүлүк добуш менен мындай пикирге келишсе, арбитрлардын ушул тартиптин 20-пункутун бузган тараптардын катышуусусуз талаш-тартышты кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
22. Арыз бир нече арыз ээлери менен бирдикте же бир нече жоопкерлерге берилиши мүмкүн. Тараптардын же жоопкерлердин ар бири талаш-тартышты кароо процессинде экинчи тарапка карата өз алдынча чыгып сүйлөйт. Биргелешкен катышуучулар ишти алып барууну катышуучулардын бирине тапшыра алышат. Мындай учурда тапшырма жазуу түрүндө таризделет жана тараптар тарабынан кол коюлат. Тапшырманын бир нускасы жооптуу катчыга берилет.
23. Талаш-тартышты кароодо белгилүү болгон купуя маалыматтар талаш-тартыштын катышуучулары тарабынан да, талаш-тартышты караган жактар тарабынан да ачыкка чыгарылбоого тийиш.
24. Тараптар иш боюнча териштирүүнү жүргүзүү тилин өз ыктыяры боюнча сүйлөшүп алууга укуктуу.
Тараптар тил боюнча сүйлөшүп бир пикирге келишпесе, иш боюнча териштирүүнү жүзөгө ашыруучу арбитрлардын төрагасы иш боюнча териштирүүдө колдонулуучу тилди өз алдынча аныктайт.
Териштирүүнүн тили жөнүндө макулдашуу же чечим тараптардын ар кандай жазуу жүзүндөгү арызына, иш боюнча териштирүүнү жүзөгө ашырган далилдерге жайылтылат. Териштирүүнүн тили тараптар тарабынан аныкталса, арбитрлар өтүнүчү боюнча тараптарды котормочу керек болгон талаш тараптын эсебинен котормочунун кызматы менен камсыздайт.
Арбитрлар тараптардан ар кандай жазуу жүзүндөгү далилдерди териштирүү тилине которулушун талап кылууга милдеттүү.
Ушул Тартипке ылайык тараптардан талап кылынган же талап кылынышы мүмкүн болгон кабарламалар же билдирүүлөр жазуу жүзүндө байланыш тармагын жөнгө салуучу органга берилет жана жеткирүүнү каттоого мүмкүн болгон заказдык кат менен же курьердик кызматтын жардамы менен, же факс менен, электрондук почта же дагы башка телекоммуникациялык байланыш каражаттарынын жардамы менен жөнөтүлөт.
Бардык тараптарга, арбитрларга берилген даректин өзгөрүлгөндүгү жөнүндө расмий кабарлама жок болсо, бул тараптын акыркы белгилүү үй же иш номуру териштирүү мезгилинин ичинде кабарламаларды же кандайдыр бир билдирүүлөрдү берүү максатында колдонулуучу тараптын чыныгы дареги болуп эсептелет.
Убакытты эсептөөнүн башталыш күнүн белгилөө максатында, ар кандай кабарлама же билдирүү аларды жөнөткөн күнүндө жөнөтүлдү деп эсептелет, ал эми электрондук байланыш каражаттары болсо – аларды берген күнүндө.
31. Ушул Тартипте каралган же белгиленген мөөнөттөр датадан кийинки күндөн баштап эсептелине баштайт, кабарлама же билдирүү жеткирилди деп эсептелгенде. Эгерде мындай датадан кийинки күн өлкөдө майрам же жумуш күнү эмес болуп саналса, мөөнөт биринчи кезектеги жумуш күнүнөн эсептелине баштайт. Майрам же жумуш күнү эмес күндөр мөөнөттөрдү саноодо киргизилбейт. Эгерде тийиштүү мөөнөттүн акыркы күнү өлкөдө майрам же жумуш күнү эмес болуп саналса, мөөнөт биринчи кезектеги жумуш күндүн соӊунда бүтөт.
32. Арбитрлар каалаган убакта ушул Тартипте белгиленген ар кандай мөөнөттөрдү узарта алат, иш боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүүнү камсыздоо максатында, тараптар ортосунда ар кандай кабарламаларды же билдирүүлөрдү берүү мөөнөттөрүн кошуу менен.
33. Арбитрлар ушул Тартип боюнча териштирүү мөөнөттөрү арыз берүү учурунан баштап үч айдан ашпашы үчүн бардык чараларды көрүшөт жана мөөнөттү узарткан учурда ушул Тартиптин 33-пунктуна ылайык белгиленген тартипте арыз кабыл алынган күндөн 6 айдан ашырбашы керек.
Арызда төмөнкүлөр камтылат:
- арыз берилген күнү;
- тараптардын толук аталышы, алардын почта даректери;
- арыздын наркы, эгерде арызды баалоого тийиш болсо;
- арыз ээсинин талаптары;
- негиздүүлүгүн тастыктоочу жагдайлар жана мыйзам ченемдери жана аларга негизделген талаптар;
- талаш-тартыштарды туура кароо үчүн маанилүү болгон дагы башка далилдер;
- арызга тиркелүүчү документтердин тизмеси жана дагы башка далилдер;
- юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн арыз ээсинин колу;
- арыз ээсинин аты жана фамилиясы.
Арызга төмөнкү тастыктоочу документтер тиркелүүгө тийиш:
- арыздын көчүрмөсүн жана ага тиркелүүчү бардык документтерди жоопкерге жөнөтүү. Ошону менен бирге, аталган учурда почталык кабарлама, кириш документтин штампы же күнү, арызды кабыл алган адамдын аты жөнү көрсөтүлгөн документти алгандыгы тууралуу белги тастыктоочу документ болуп саналат;
- өкүлдүн ыйгарым укугун ырастоочу ишеним кат;
- материалдык залалдын өлчөмүнүн негиздүүлүгү;
- тарификациянын (эсептердин) өзгөрүүсүнүн негиздүүлүгү;
- өткөрмө трафигинин (фрод) санкцияланбагандыгы;
- тарамдар аралык байланыштырууну уюштуруу үчүн техникалык мүмкүнчүлүктүн жоктугу;
- салыштыруу актыларын, чалуулар жөнүндө толук маалыматтарды, трафик каттамын камтыган өткөрмө трафиги үчүн бейукук эсептөөлөр
Жооптуу катчы арыз берилген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде арызды берүү жөнүндө жоопкерге билдирүү берет жана ал боюнча тийиштүү далилдер менен бекитилген өз пикирин, билдирүүнү алган күндөн тартып 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө берүүнү сунуштайт. Билдирүү эгерде ал кол койдурулуп тапшырылса, заказдык кат же мындай билдирүүнү жеткирүүдө белгилөөнү камсыздаган дагы башка ыкма менен жөнөтүлгөн болсо жеткирилди болуп саналат.
Катчы ишти кароого даярдыктын абалын текшерет, эгерде зарыл болсо, тараптардан жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү, далилдерди жана башка кошумча документтерди талап кылат жана бул кошумча документтердин берилиш мөөнөттөрүн аныктайт.
Тараптар ишти кароо даярдыгы менен байланышкан иш-аракеттерди катчы аркылуу жүзөгө ашырууга укуктуу. Бардык документтер, тараптардан чыккан ар кандай жазуу жүзүндөгү кабарламаларды кошуу менен байланыш тармагын жөнгө салуучу органга жөнөтүлүүгө тийиш.
Арбитрлардын биринчи отуруму талаш-тартыштын тараптарынын катышуусуз талаш-тартыштын материалдары менен таанышуу максатында болот.
Кийинки отурумдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен же катышуусуз арбитрлардын чечими боюнча оозеки угуу түрүндө өткөрүлөт.
Иш боюнча угууну өткөрүүнүн убактысы жана жайы тууралуу угуу күнүнө чейин 7 жумуш күнүнөн мурда жазуу жүзүндө тараптарга билдирилет.
Угууну өткөрүү тууралуу тараптарга билдирүү жөнөтүлөт.
Тараптардын ар бири талаш-тартыштарды кароонун катышуучуларына четтөө жөнүндө билдирүүгө укуктуу, эгерде алардын калыстыгына же көз карансыздыгына тийиштүү негиздүү шек жаратуучу жагдайлар болсо, ошону менен бирге эгерде алар жеке иштин натыйжасына түз же кыйыр түрдө кызыкдар болгон болсо. Четтөө, тартылган адистер же эксперттер тараптардын макулдашуусу менен шартталган квалификацияга ээ болбогон учурларда да жарыяланышы мүмкүн.
Четтөө жана өзүн-өзү четтөө ишти кароо башталганга чейин жүйөлөнүп, билдирүүлүгө тийиш. Талаш-тартышты кароо башталгандан кийин четтөөнүн негизи белгилүү болгон учурларда гана талаш-тартыштарды кароонун жүрүшүндө четтөө тууралуу арызга жол берилет.
Талаш-тартыштарды кароонун катышуучуларынын четтөөсү, тууралуу маселе арбитрлардин төрагасы тарабынан чечилет.
Арбитр териштирүүлөр башталганга чейин өз демилгеси боюнча өзүн-өзү четтөө жөнүндө төмөнкү учурларда билдирүүгө милдетүү:
- эгерде ал иш боюнча тараптардын же анын өкүлүнүн жакын тууганы болуп эсептелсе;
- эгерде ал талаш-тартыштын натыйжасына жеке, түз же кыйыр түрдө кызыкдар болгон болсо же анын калыстыгына же көз карансыздыгына шек жаратуучу дагы башка жагдайлар болсо.
Арбитрлар ушул Тартиптин 44-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер болгон учурда, арбитрди четтөө тууралуу маселени өз демилгеси боюнча чечүүгө укуктуу.
Ушул Тартиптин 44-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер териштирүүгө катышкан эксперттерге, адистерге жана котормочуларга да берилет. Бул учурда четтөө жөнүндө маселе арбитрлардын төрагасы тарабынан чечилет.
Берилген далилдердин негизинде тараптардын өз позицияларын баяндоо үчүн ишти угуу жүзөгө ашырылат.
Тараптардын макулдугу менен териштирүүгө катышпаган адамдар да угуу жараянына катыша алат.
Угуу жабык режимде жүргүзүлүшү мүмкүн, тараптардын бири же эки тарап теӊ бул жөнүндө билдирген учурда, жана арбитрлар тараптын жана тараптардын жүйөлөрү жабык режимде угууну өткөрүүгө негиздүү деп чечишсе.
Тараптар териштирүү процессинде түздөн-түз же өз ыктыяры боюнча тараптар тарабынан дайындалган өкүлдөрү аркылуу өз иштерин алып барууга укуктуу. Өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары тийиштүү ишеним кат менен ырасталат.
Угуунун күнү жана орду тууралуу тийиштүү түрдө билдирилген тараптын келбеши ишти териштирүүгө жана чечим чыгарууга кедергисин тийгизбейт, эгерде келбеген тарап белгилүү себептер боюнча ишти угунуу кийинкиге калтыруу тууралуу жазуу жүзүндө өтүнмө бербеген болсо жана бул себеп арбитрлар тарабынан жөнү бар деп табылса.
Тарап катышуусуз ишти угуу жөнүндө билдирүүгө укуктуу.
Каалаган тарап чечим чыгарганга чейин арызга өз талаптарын же каршы пикирлерин өзгөртүүгө же толуктоого укуктуу.
Арыз ээси акыркы чечим чыгарганга чейин ишти кароонун каалаган баскычында талаш-тартыштарды токтотуу жөнүндө өтүнүүгө укуктуу.
Жоопкер утурлама арыз берүүгө укуктуу, эгерде ал талаш-тартыштын предметинин алкагынан чыкпаган болсо.
Утурлама арыз талаш-тартышты козгоо же кароо баскычында берилиши мүмкүн.
Утурлама арыз ушул Тартиптеги 16-бапта каралган эрежелер боюнча берилүүгө тийиш.
Арыз ээси ушул Тартиптеги 16-бапта белгиленген жоболорго ылайык жазуу түрүндө утурлама арызга каршы пикирлерди арбитрларга берүүгө укуктуу.
Тараптар өз талаптарынын же каршы пикирлеринин негизи катары таянган жагдайларды далилдөөгө милдеттүү. Арбитрлар тараптардын талаш-тартыштардын предметине тиешелүү дагы башка далилдеринин берилишин талап кылууга укуктуу. Алар өз ыктыяры боюнча экспертизадан өткөрүүнү дайындоого жана үчүнчү жактар тарабынан далилдердин берилишин өтүнүүгө, ошондой эле тараптардын өтүнмөсү боюнча иштин жагдайын түшүндүрүүгө чакырылган дагы башка адамдарды чакырууга жана аларды угууга укуктуу.
Тарап түп нускада же түп нусканын көчүрмөсү тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн түрдө жазуу жүзүндөгү далилдерди берүүгө укуктуу.
Тараптар тарабынан тийиштүү далилдердин берилбеши арбитрлардын териштирүүлөрдү улантууга жана анда болгон башка тараптын берген далилдеринин негизинде чечим чыгарууга кедергисин тийгизбейт.
Арбитрлардын чечими боюнча үчүнчү жактын териштирүүгө кирүүсүнө жол берилет.
Териштирүү төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
- экспертиза өткөрүүнүн зарылдыгы;
- иште тарап болуп саналган юридикалык жактын кайра уюштурулушу, эгерде талаш укуктук мамиле укук улантуучулукка жол берсе;
- оператордун – жеке жактын каза болгондогунун натыйжасында лицензияны кайра тариздөө;
- конститутциялык, жарандык, жазык сот өндүрүшү тартибинде же административдик тартипте каралган башка иштин чечилишине чейин аталган ишти кароонун мүмкүн эместиги
Териштирүүнү токтотуу жөнүндө арбитрлардын протоколдук чечими чыгарылат.
Териштирүүнүн токтотулушу мөөнөттү токтотот, ал мөөнөттүн ичинде ишти кароо жүргүзүлүүгө тийиш. Мөөнөттүн ичинде ишти кароону кайта баштагандан кийин улантылат.
Ишти кароо тараптардын арызы боюнча, же ишти токтотуунун мөөнөтү бүткөндүгүнүн негизинде кайра башталат, ал үчүн негиз ушул Тартиптеги 31-баптын 63-пунктунда белгиленген. Ишти кароонун кайра башталышы жана күнү жөнүндө арбитрлардын протоколдук чечими чыгарылат жана тараптарга билдирилет.
Иш боюнча териштирүү төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
- тараптын аракетке жөндөмдүүлүгүнүн жоготуусу;
- талаш-тартышты кароо учурунда лицензиянын күчүнө кирүү мөөнөтүнүн токтотулушу же лицензиянын жокко чыгарылышы;
- чечим чыгарылбастан иш боюнча өндүрүштүн токтотулушу эгерде иш боюнча чечим кабыл алынбаса;
- арыз ээсинин өз талабынан баш тартуусу;
- тараптардын териштирүүнү токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкен учурда;
- эгерде талаш-тартыш арбитрлар тарабынан каралууга тийиш болбосо;
- талаш-тартыштын предметине тиешелүү арыздын Кыргыз Республикасынын сот органдарына берилүүсү
- тараптар тарабынан тынчтык макулдашуунун түзүлүшү.
Иш боюнча кароону токтотуу жөнүндө чечим арбитрлардын протоколдук чечиминин негизинде буйрук түрүндө байланыш тармагын жөнгө салуучу орган тарабынан чыгарылат.
Ишти кароону токтотуу жөнүндө протокол түзүүгө ушул Тартиптеги 30-бапта белгиленген эрежелер тийиштүү түрдө колдонулат.
Териштирүүнүн процесси, жүрүшү тууралуу протокол түзүлөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- аталышы
- иштин номуру;
- угууну өткөрүү жайы жана күнү;
- талаш тараптардын аталышы;
- тараптардын өкүлдөрүнүн угууга катышуусу жөнүндө маалыматтар;
- отурумдун катышуучуларынын, күбөлөрдүн, эксперттердин, котормочулардын жана угуунун дагы башка катышуучуларынын аттары жана фамилиялары;
- угуугун жүрүшү жөнүндө кыскача баяндоо;
- тараптардын талаптары жана тараптардын башка дагы маанилүү арыздарын баяндоо;
- ишти кийинкиге калтырууну көрсөтүү, угууну токтотуу же териштирүүнү бүткөрүү жана алардын негиздери;
- арбитрлардын чечими;
- байланыш тармагын жөнгө салуучу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн арбитрлардын төрагасынын колу.
71. Тараптар протоколдун мазмуну менен таанышууга укуктуу.
Тараптардын өтүнмөсү боюнча протоколго өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилиши мүмкүн, эгерде өтүнүч негиздүү деп табылса.
Протоколго өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү бардык тараптардын катышуусу менен арбитрлардын отурумунда жүзөгө ашырылат.
Тараптар протоколдун көчүрмөсүн же көчүрмө бөлүгүн алууга укуктуу.
Иштин маӊызы боюнча талаш-тартышты чечүүдө арбитрлар протоколдук чечим чыгарышат. Чечим мыйзамдуу жана негиздүү болууга тийиш. Протоколдук чечимдин негизинде байланыш тармагын жөнгө салуучу органдын буйругу чыгарылат.
Арбитрлардын чечими иштин бардык жагдайлары изилденгенден кийин көпчүлүктүн добушу менен арбитрлардын жабык кеӊешмесинде кабыл алынат.
Чечим бардык жагдайларды толук жана объективдүү кароого негизделет.
Арбитрлардын төрагасы чечимдин корутунду бөлүгүн гана жарыялоого укуктуу, бул учурда жүйөлүү чечим чечимдин корутунду бөлүгү жарыяланган учурдан баштап 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен тараптарга жөнөтүлүүгө тийиш.
Байланыш тармагындагы арбитраждын көпчүлүк чечими менен макул болбогон арбитр өзүнүн өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу, ал чечимге тиркелет. Тараптар арбитрдин өзгөчө пикири менен таанышууга укуктуу.
Арбитраж чечимди кабыл алууну кийинкиге калтырууга жана тараптарды кошумча отурумга чакырууга укуктуу, эгерде бул талаш-тартышты чечүү үчүн зарыл деп табылса.
Арбитраждын чечими териштирүү ордунда жана күнүндө кабыл алынды деп эсептелинет, ал арбитраждын төрагасы тарабынан жарыяланганда.
Арбитрлар талаш-тартыштар менен байланышкан бардык жагдайлар изилденип, такталды деп эсептегенден кийин, төрага ишти угуунун аяктагандыгын жарыялайт жана чечимди чыгарууга киришет.
Арбитраждын чечими жазуу түрүндө кабыл алынат жана арбитрлардын курамы тарабынан кол коюлат.
Чечимде төмөнкүлөр камтылат:
- арбитраждын аталышы;
- иштин номуру;
- чечимди чыгаруу жайы жана күнү;
- талаш-тартышты кароого катышкан арбитрлардын аттары жана фамилиялары;
- териштирүүнүн (талаш-тартыштын) тараптарынын аталышы, ыйгарым укуктарын көрсөтүү менен алардын өкүлдөрүнүн фамилиялары жана кызмат орундары;
- талаш-тартыштын предмети, териштирүүгө катышкан жактардын арыздары, өтүнмөлөрү, түшүндүрмөлөрү;
- териштирүүгө катышкан жактардын арыздарынын, алар жөнүндө пикирлеринин, түшүндүрмөлөрүнүн жана өтүнмөлөрүнүн кыскача баяндамасы;
- арбитрлар тарабынан белгиленген иштин жагдайлары, бул жагдайлар жөнүндө арбитрлардын тыянактары негизделген далилдер, чечим кабыл алууда арбитрлар колдонмо катары алган мыйзамдар жана башка дагы ченемдик укуктук актылар;
- чечим негизделген жүйөлөр;
- корутунду бөлүк, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- ишти кароо менен байланышкан чыгымдарды бөлүштүрүү;
- кабыл алынган чечимди аткаруунун мөөнөтү жана тартиби;
- арбитрлардын колдору;
- байланыш тармагын жөнгө салуучу органдын мөөрү.
Каалаган тарап экинчи тарапка билдирүү менен, чечимди алгандан кийин отуз жумуш күнү ичинде жооптуу катчыдан чечимде кетирилген каталарды, жаӊылыштыктарды же басмадан кеткен каталарды же чыгарылган чечимдин маанисине таасирин тийгизбеген ушул сыяктуу мүнөздөгү башка дагы каталарды оӊдоону өтүнүүгө укуктуу.
Жооптуу катчы, арбитрлардын макулдугу менен, эгерде өтүнүчтү себептүү деп эсептесе, билдирүүнү алгандан кийин отуз жумуш күнү ичинде тийиштүү оӊдоолорду киргизүүгө милдеттүү.
Мындай оӊдоолор чечимдин тараптарга жөнөтүлгөн күнүнөн баштап эсептөө менен, отуз жумуш күндүн ичинде арбитрлардын өтүнүчү боюнча да киргизилиши мүмкүн.
Каалаган тарап, экинчи тарапка алдын ала билдирүү менен, чечимди алгандан кийин отуз жумуш күндүн ичинде кайсы бир конкреттүү пунктка же чечимдин бөлүгүнө төрагадан түшүндүрмө берүүнү өтүнүүгө укуктуу.
Арбитраждын төрагасы, эгерде ал өтүнүчтү туура деп эсептесе, отуз жумуш күндүн ичинде талаш-тартышты чечүүгө катышкан арбитрлар менен макулдашып керектүү чечмелөөнү берүүгө жана аны тараптарга жөнөтүүгө милдеттүү.
Каалаган тарап, экинчи тарапка билдирүү менен, чечимди алгандан кийин отуз жумушчу күндүн ичинде арбитраждан териштирүүнүн жүрүшүндө тийиштүү түрдө айтылган, чечимдин кабыл алынышына олуттуу таасири бар, бирок чечимде киргизилбеген талаптарга карата кошумча чечимди чыгарууну өтүнүүгө укуктуу.
Арбитраж, эгерде өтүнүчтү туура деп эсептесе, отуз жумуш күндүн ичинде анын алганы боюнча кошумча чечимди чыгарууга жана аны тараптарга жөнөтүүгө милдеттүү.
Төрага, зарыл болгон учурда, аталган бөлүмдө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү узартууга укуктуу.
Чечимди оӊдоо жана (же) чечмелөө жөнүндө протоколдук чечим, ошондой эле кошумча чечим баштапкы чечимдин курамдык бөлүгү болуп эсептелет.
Эгерде чечим чыгарганга чейин тараптар тынчтык келишими менен талаш-тартышты жөнгө салышса, анда териштирүү токтотулат.
Тынчтык келишими арбитраждын төрагасы тарабынан бекитилет.
Тынчтык келишими бекитилгенден кийин, байланыш тармагын жөнгө салуучу орган талаш-тартыш боюнча териштирүүнүн токтотулушу жөнүндө буйрук чыгарат.
Чечим тараптар тарабынан өз ыктыяры менен чечимде белгиленген мөөнөттө аткарылат. Эгерде аткаруунун мөөнөтү чечимде көрсөтүлбөсө, ал токтоосуз аткарылууга тийиш.
Чечим соттук тартипте тараптар тарабынан даттанылышы мүмкүн.