Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
БУЙРУК
2017-жылдын 26-июлу № 2
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө медициналык камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын медициналык камсыздоону уюштуруу боюнча маселелерди ирээтке келтирүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө медициналык камсыздоо жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысы төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:
- катталгандан тартып үч жумуш күнүнүн ичинде «Эркин Тоо» гезитине расмий түрдө жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин веб-сайтына жайгаштыруу;
- ченемдик актынын жарыяланган булагын көрсөтүү менен буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги, кагаз жана электрондук алып жүрүүчү, эки нускадагы көчүрмөсүн, расмий жарыялангандан тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат катары жиберүү.
3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын (материалдык-техникалык камсыздоо боюнча) орун басарына жүктөлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы полковник |
М.А. Касымкулов |