Загрузка документа…
| КР Коргоо иштери боюнча мамлекетик комитетинин төрагасынын 2017-жылдын 26- июлу № 2 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө медициналык камсыздоо жөнүндө
ЖОБО
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык иштетилип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө медициналык камсыздоону уюштуруунун тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн медициналык кызматы аскерлерди медициналык камсыздоо үчүн дайындалган медициналык кызматтын аскердик башкаруу органдарын, медициналык аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин тутумун түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн медициналык кызматы мамлекеттик саламаттык сактоо тутумунун курамдык бөлүгү болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскер кызматчылардын жана башка жарандардын ден соолукту коргоо жана медициналык жардамга укуктарын ишке ашырууну камсыздайт. Өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жарандардын ден соолугун коргоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырат.
4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө медициналык камсыздоо – бул аскер кызматчылардын жана аскердик жыйындарга чакырылган жарандардын ден соолугун сактоо жана бекемдөө боюнча медициналык, тарбиялык жана административдик башкаруучулук мүнөздөгү чаралардын тутуму.
5. Медициналык камсыздоо өзүнө: өздүк курамды аскердик-медициналык даярдоону, гигиенаны окутууну жана аскер кызматчыларын тарбиялоону, өздүк курамдын турмуш-тиричилигинин шарттарына медициналык контролду, сергек жашоо образын пропагандалоо, дарылоо-алдын алуу иш-чараларын, аскердик-дарыгердик экспертизаны, медициналык техника жана мүлк менен камсыздоону камтыйт.
6. Өздүк курамды аскердик-медициналык даярдоо - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгынын предметтеринин бири.
7. Аскердик-медициналык даярдоонун тапшырмасы болуп жаракаттарда, травмаларда жана кыйроолордо өз алдынча жана өз ара жардамдашуу көлөмүндө биринчи жардам көрсөтүүгө өздүк курамды даярдоо саналат.
8. Аскердик-медициналык даярдык командирдик жана күжүрмөн даярдоо программаларына ылайык ишке ашырылат.
9. Өздүк курамды аскердик-медициналык даярдоону уюштуруу аскердик бөлүктүн медициналык кызматынын башчысына жүктөлөт.
10. Аскердик-медициналык даярдоо төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
а) өздүк курамга жөнөкөй шокко каршы иш чараларды өткөрүүнүн эрежелерин жана ыктарын окутууну жана аларды жүргүзүү ыктарын адат алдырууну;
б) өздүк курамга медициналык коргонуунун табелдик жеке каражаттарын колдонуунун эрежелерин, ошондой эле биринчи жардам көрсөтүү үчүн колдогу каражаттарды колдонууга окутууну;
в) издөөнүн ыктарын өздүк курамга окутууну, күжүрмөн техникалардан, кыйынчылык менен жеткен жерлерден алып чыгуу ыктарын адат алдырууну, жарат алган жана булганган адамдарды ташууну жана транспортировкалоону;
г) өздүк курамды жүрүм-турум эрежелерине жана радиоактивдүү, ууландыруучу заттар жана бактериялык каражаттар менен булгануу шарттарында профилактика кылуу чараларын, ошондой эле бөлүк-бөлүгү менен санитардык тазалоо өткөрүүнүн эрежелерине окутууну;
д) өздүк курамды инфекциялык оорулардын белгилери, алардын профилактикасы, жеке жана жалпы гигиенанын эрежелери менен тааныштырууну.
11. Аскердик-медициналык даярдоону пландоо аскердик бөлүктөрдүн, бөлүкчөлөрдүн командирлери тарабынан, аскердик бөлүктүн медициналык кызматынын башчысынын катышуусунда ишке ашырылат.
Аскердик-медициналык даярдоо боюнча сабактар аскердик бөлүктөрдүн дарыгерлери (фельдшерлери, санитардык инструкторлор), бөлүкчөлөрдүн командирлери тарабынан өткөрүлөт. Окутууда аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр) тарабынан аткарылуучу тапшырмалардын өзгөчөлүгү эске алынат.
12. Аскер кызматчыларды гигиеналык окутуу жана тарбиялоо, сергек жашоо образын пропагандалоо аскер кызматчыларында өзүнүн ден соолугун сактоо жана бекемдөөгө, санитардык нормаларды жана эрежелерди сактоого, курчап турган айлана чөйрөнү коргоого түшүнүү менен мамиле кылууну түзүү процессин өзүнө камтыйт.
13. Аскер кызматчыларды гигиеналык окутуу жана тарбиялоо, сергек жашоо образын пропагандалоо медициналык кызмат тарабынан өткөрүлүүчү профилактикалык иштердин курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Анын тематикасы өздүк курамдын окуу-күжүрмөн ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү, гарнизондордун аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамынын жана калктын оорусу, региондун климаттык географиялык мүнөздөмөлөрү менен аныкталат.
14. Гигиеналык окутуу жана тарбиялоо, сергек жашоо образын пропагандалоо боюнча иш чараларды пландоодо жана өткөрүүдө аскер кызматчыларды азык-түлүк жана кийим менен камсыздоодо, соода-тиричилик жана мончо-кир жуу боюнча тейлөөдө гигиеналык нормативдерди аткаруу үчүн жооп берген кызмат адамдарына өзгөчө көңүл бурулат. Мында аскердик бөлүктөрдөгү өздүк курамдын ден соолугунун көрсөткүчтөрүнүн гигиеналык анализдеринин маалыматтарын колдонуу зарыл.
15. Аскердик бөлүктө аскер кызматчыларды гигиеналык окутууну жана тарбиялоону, сергек жашоо образын пропагандалоону уюштуруу аскердик бөлүктүн командиринин тарбия иштери боюнча орун басары менен өз ара аракеттенип, аскердик бөлүктүн медициналык кызматынын башчысы тарабынан, ал эми медициналык аскердик бөлүктөрдө, мекемелерде медициналык аскердик бөлүктүн, мекеменин башчысы же анын орун басарлары тарабынан ишке ашырылат.
16. Аскер кызматчыларды гигиеналык окутуу жана тарбиялоо, сергек жашоо образын пропагандалоо көрсөтмө куралдарды, тарбиялоонун техникалык каражаттарын колдонуу менен консультацияларды, лекцияларды, жеке жана топтук маектерди өткөрүү формасында ишке ашырылат.
17. Аскер кызматчыларды гигиеналык окутууну жана тарбиялоону, сергек жашоо образын пропагандалоону уюштуруу-методикалык жетектөөнү Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин (мындан ары-КР Мамкомитет) аскердик-медициналык башкармалыгы ишке ашырат.
18. Өздүк курамдын жашоо ишмердүүлүгүнүн шарттарына медициналык контроль (мындан ары – медициналык контроль) – бул медициналык кызматтын кызмат адамдарынын өздүк курамдын санитардык-эпидемиялык саламаттыгын камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын санитардык мыйзамдарынын бузулууларын эскертүү, табуу, тыюу салуу боюнча ишмердүүлүгү.
19. Медициналык контролду санитардык-эпидемиялык мекемелердин (СЭМ) башчылары жана адистери, ошондой эле медициналык кызматтын башчылары, аскердик бөлүктөрдүн дарыгерлери жана орто медициналык персоналы ишке ашырат.
20. Ушул Жобонун 19-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
а) Кыргыз Республикасынын санитардык мыйзамдарын сактоо, керектүү санитардык-эпидемияга каршы иш чараларды өткөрүү, өздүк курамдын ден соолугун сактоо жана бекемдөө, курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоо, аскердик кызматтын шарттарын жакшыртуу суроолору боюнча сунуштарды тийиштүү кызмат адамдардын карап чыгуусуна киргизүү;
б) аскердик бөлүктө санитардык-эпидемиялык изилдөөнү (текшерүүнү) жүргүзүүгө;
в) абанын, суунун, топурактын, продукциялардын, анын ичинде азык-түлүк чийки заттарынын жана тамак-аш продукцияларынын үлгүлөрүн сыноо жана изилдөө үчүн тандоону аскердик бөлүктө жүргүзүүгө;
г) азык-түлүктөрдү жана тамак-аш продукцияларын ташуу үчүн дайындалган аскердик бөлүктөрдүн транспортторунун санитардык абалын текшерүү;
д) аскердик бөлүктө санитардык эрежелер менен ылайык келишин белгилөө максатында жашаган чөйрөнүн факторлоруна өлчөө жүргүзүү;
е) ишке кирүүдө жана мезгилдүү медициналык кароолору милдеттүү болгон Иштердин тизмеси менен каралган иштерге инфекциялык ооруларды алып жүрүүчү адамдарды убактылуу киргизбөөнү тийиштүү кызмат адамдарына сунуштоо;
ж) аскердик бөлүктүн өздүк курамы үчүн коркунуч алып келген инфекциялык оорулардын пайда болуусунда жана таралуусунда төмөнкү чечимдерди кабыл алуу:
инфекциялык оорулары бар оорулууларды жана ушундай ооруга шектүү адамдарды текшерүү үчүн госпиталга жаткырууга же башкалардан бөлүп коюуга;
бар болгон тартипке ылайык, инфекциялык оорулары бар оорулуулар менен байланышта болгон адамдарга милдеттүү медициналык кароону, лабораториялык текшерүүнү, медициналык байкоону (башкалардан бөлүп коюуну, госпиталга жаткырууну) жүргүзүүгө;
аскердик бөлүктүн объекттеринде, инфекциялык оорулар табылган жерде, ошондой эле инфекциялык оорулардын пайда болушу жана таралышы үчүн шарттар сактала турган жайларда жана аймактарда дезинфекцияны, дезинсекцияны жана дератизацияны жүргүзүүгө;
21. Медициналык контроль төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
а) аскердик бөлүккө кайтадан келген мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын медициналык текшерүүлөрдүн жыйынтыктарынын анализинин негизинде өздүк курамдын ден соолугунун абалын изилдөөнү, баалоону жана божомолдоону, аскер кызматчыларды терең жана контролдук медициналык кароолорду, күжүрмөн даярдык процессинде күнүмдүк медициналык байкоолорду, диспансердик динамикалык байкоолорду;
б) аскердик бөлүктө санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш чараларды өткөрүүнүн сапатын жана толуктугун билүүнү;
в) кызмат адамдары жана өзүнчө аскер кызматчылары тарабынан ден соолукту сактоо жана бекемдөө боюнча талаптардын аткарылышын текшерүүнү.
22. Аскердик бөлүктөгү медициналык контролдун конкреттүү көлөмү жана мезгилдүүлүгү КР Мамкомитетинин аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысы тарабынан аныкталат.
23. Дарылоо-профилактикалык иш-чаралар – бул аскер кызматчылардын ден соолугун сактоо жана бекемдөө, алардын жогорку согушуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо, ооруну, иш жөндөмдүүлүгүн жоготууну, өздүк курамдын оорусу жана өлүмү боюнча аскердик кызматтан бошотулууну алдын алуу жана төмөндөтүү, ошондой эле ооруп калган аскер кызматчыларын өз убагында табуу жана дарылоо, алардын ден соолугун тез калыбына келтирүү боюнча чаралардын жыйындысы.
24. Дарылоо-профилактикалык иш-чараларга төмөнкүлөр кирет:
а) аскер кызматчыларын диспансерлөө;
б) ооруп калган аскер кызматчыларына керектүү медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү, аларды амбулаториялык жана стационардык шарттарда дарылоо;
в) медициналык реабилитацияны өткөрүү;
г) аскер кызматчыларынын санитардык-курорттук дарылануусу жана уюшулган эс алуусу;
д) донордукту уюштуруу.
25. Дарылоо-профилактикалык иш-чаралар оорулардын, госпиталга жаткыруунун, иш жөндөмдүүлүгүн жоготуунун жана оорусу боюнча аскердик кызматтан аскер кызматчыларынын бошотулушунун деңгээлинин жана түзүлүшүнүн статистикалык көрсөткүчтөрүнүн өздүк курамдын ден соолугун сактоо боюнча өткөрүлүүчү иш-чаралардын динамикасынын, натыйжалуулугунун системалык анализинин негизинде жүргүзүлөт,
Бул иш-чаралар, өздүк курамдын жашоо ишмердүүлүгүнүн шарттарына мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөлдү, медициналык контролду өткөрүүгө; аскер кызматчыларынын эмгек жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга тыгыз байланышкан.
26. Аскер кызматчылары, аскер кызматынан бошотулган (кадыр-баркын кетирген негиздерди кошпогондо) жана 20 жыл жана андан ашык иштеген аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле аскердик милдеттерин аткарууда алган жаракаттын (контузиянын), травманын, майыптыктын же болбосо аскер кызматын өтөө убагында алынган оорулардын кесепетинен майып болуп бошотулган аскер кызматчылары иштеген жылдарына карабастан аскердик дарылоо мекемелеринде акысыз медициналык жардамга укуктуу. Аскер кызматы жеринде жана аскер кызматчылары жашаган жерде аскердик-медицина мекемелери, аларда тиешелүү адистер, же болбосо атайын медициналык жабдуулар жок болсо медициналык-санитардык жардам мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо жайларында акысыз көрсөтүлөт.
Акысыз медициналык камсыздоону пайдаланууга жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү – аялы (күйөөсү), 18 жашка чейинки балдары укуктуу.
27. 26-пунктта көрсөтүлгөн адамдардарга саламаттык сактоо мекемелеринде медициналык жардам көрсөтүүгө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
28. Медициналык тез жардам шашылыш учурларда, аскер кызматчыларына, аскер кызматынан бошогон жарандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө бардык саламаттык сактоо мекемелеринде алардын аймактык жана ведомстволук таандыгына жана менчик формасына карабастан акысыз көрсөтүлөт.
29. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздандыруу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык мөөнөттүү аскер кызматчыларына медициналык жардам Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо мекемелеринде акысыз көрсөтүлөт.
30. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2012ж. №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестринин алкагында Куралдуу Күчтөрдүн аскердик медициналык бөлүктөрү жана мекемелери белгиленген тартипте жарандарга акылуу медициналык кызмат көрсөтө алышат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат боюнча органдары менен макулдашылат жана КР Мамкомитетинин жетекчилиги тарабынан бекитилет.
31. Санаториялык-курорттук дарылоо жана ующтурулган эс алуу дарылоо-профилактикалык системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат. Санаториялык-курорттук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14.07.2004 ж. №531 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобого ылайык уюштурулат жана жүзөгө ашырылат.
Аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү аскердик санаторияда санаториялык-курорттук дарыланууга укуктуу (жылына бир жолудан ашык эмес).
Жеңилдетилген санаториялык-курорттук дарылоо укугу 20 жыл иштеп аскер кызматынан бошогон аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө сакталат.
Жолдомонун жеңилдик берилген бөлүмүнүн ордун толтуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
32. Аскердик-дарыгердик экспертиза аскердик кызматка (альтернативдик аскердик эмес кызматка) чакырылууга жаткан, контракт боюнча аскердик кызматка өтүп жаткан, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн запасында (резервинде) турган жарандардын ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуулугун аныктайт, жана аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчылардын оорусунун, жаракатынын, майыптыгынын аскердик кызмат (аскердик жыйындарды өтүү) менен себептик байланышын белгилейт, аскер кызматчыларына медициналык-социалдык жардамды берүүнүн жана алардын реабилитациясынын түрүн, көлөмүн жана мөөнөтүн аныктайт.
33. Аскердик-дарыгердик экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү тартиби 2012-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №508 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү аскердик-дарыгердик экспертиза органдары жөнүндө жободо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №771 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана аларда мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш убагында) жободо аныкталган.
34. Аскердик-дарыгердик экспертизанын курамдык бөлүгү болуп дарыгердик-учкучтук экспертиза эсептелет, ал Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн учуучу курамына карата аскердик-дарыгердик экспертизанын тапшырмаларын чечет. Өздүк курамды күбөлөндүрүү тартиби, Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин 2.08.2013-ж. №354 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн авиациясынын учуучу курамын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо аныкталган.
35. Аскерлерди медициналык техникалар жана мүлк менен жабдуу (мындан ары – медициналык жабдуу) өзүнө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн медициналык камсыздоо тапшырмаларын чечүү, медициналык кызматынын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын колдоо үчүн аскерлерди медициналык техникалар жана мүлк (мындан ары – медициналык мүлк) менен өз убагында, толук жана сапаттуу камсыздоого багытталган уюшулган-пландык, өндүрүштүк, пайдалануучу жана контролдук иш чаралардын комплексин түзөт.
Медициналык жабдууга медициналык мүлккө муктаждыкты аныктоо, аны талап кылуу, жасоо, кабыл алуу, сактоо, даярдоо, берүү, каттоо, сапатын контролдоо, техникалык жана метрологиялык камсыздоо, контролдоо-текшерүү иши, экономикалык жана башка иш чаралар кирет.
36. Медициналык жабдуунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
а) аскердик бөлүктөрдү медициналык мүлк менен өз убагында, толук жана үзгүлтүксүз камсыздоо;
б) согуш убагына медициналык мүлктүн запастарынын бардык түрлөрүн чогултуу жана дайындалышы боюнча колдонуу үчүн аларды дайым даярдыкта кармоо;
в) дайындалышы боюнча медициналык техникаларды колдонууну, техникалык тейлөөнү, медициналык кызматта пайдаланылган ченөөчү каражаттарды оңдоо жана метрологиялык камсыздоону даярдоо боюнча иш- чараларды кошуу менен медициналык техникаларды пайдаланууну уюштуруу;
г) медициналык мүлктүн туура талап кылынуусуна, дайындалышынын максатка ылайыктуулугуна, колдонуунун натыйжалуулугуна, сактоонун камсыздалышына контроль жүргүзүү.
37. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставына ылайык материалдык каражаттарды, анын ичинде медициналык мүлктү да өз убагында талап кылууга жана алууну, сактоону, каттоону, ташып келүүнү жана кол алдындагыларга берүүнү уюштурууга, жоготууларды, кемчиликтерди, бузулууну жана жоготууну алдын алууга аскердик бөлүктөрдүн жана бөлүкчөлөрдүн командирлери жооп беришет.
38. Куралдуу Күчтөрдүн аскердик бөлүктөрү жана мекемелери медициналык мүлк менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин тынч убакта медициналык техника жана мүлк менен жабдуу Ченемдери боюнча, алардын штаттарына жана штаттык табелдерине ылайык камсыздалат. Жабдуу ченемдер КР Мамкомитетинин төрагасынын 6.04.2017-ж. №1 буйругу менен бекитилген.