Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын
2025-жылдын 11-январындагы № 8-п
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2017-жылдын 1 августундагы № 94-б буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Аудитордук ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин (мындан ары - реестрлер) жүргүзүүнү ишке ашырат.
2. Реестр деп Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн, өзгөртүп түзүлгөн, жоюлган аудитордук уюмдар жана кесиптик аудитордук бирикмелер; аудиторлор жана жеке ишкерлер катары катталган аудиторлор жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтардын банкы түшүнүлөт.
3. Мамлекеттик реестрлер кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө жүргүзүлөт. Кагаз түрүндөгү жазмалары электрондук алып жүрүүчүдөгүгө шайкеш келбеген учурда кагаз түрүндө жазмалар артыкчылыкка ээ болот.
Электрондук сактагычтын реестринде камтылган маалыматтардын толук жоготууну алдын алуу максатында электрондук алып жүрүүчүдөгү резервдик көчүрмөлөрү түзүлөт, алар түп нуска менен бирге эле алардын жоголушун жокко чыгарган жерлерде сакталууга тийиш.
4. Мамлекеттик реестр катуу мукабалуу, кагаздан жасалган китеп болот. Жазуу жүргүзүдөн алдын китеп номер коюлган, көктөлгөн, мамлекеттик кызматтын мөөрү коюлган жана төраганын колу коюлган болууга тийиш.
5. Реестрдеги жазуулар мамлекеттик же расмий тилде, так жазылат, кырып өчүрүүгө жол берилбейт. Оңдоолор реестрге жазуу киргизген адамдын колу менен ырасталууга тийиш. Реестрге жазууну реестр жүргүзүү үчүн жоопту адам жазат.
6. Эгер номердөөдөн ката кеткен болсо же жазууларга оңдоо киргизилсе, эскертүүгө өзгөчө белгилер жазылат.
7. Реестрге кирүү мүмкүнчүлүгү реестр жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу адамда, ошондой эле түзүлүш бөлүмүнүн (аудит боюнча маселени тейлеген) жетекчисинде, төраганын орун басарында, мамлекеттик кызматтын төрагасында бар.
8. Реестр ыйгарым укуктуу органда катталган күнгө карата хронологиялык тартипте түзүлөт.
9. Мамлекеттик кызматтын реестр жүргүзүүгө жооптуу адамына төмөнкүдөй жоопкерчилик жүктөлөт:
- өз учурунда жана туура реестр жүргүзүү;
- реестрдеги маалыматты кызыкчылыгы бар адамдарга алардын суроосу боюнча өз учурунда даярдап берүү жоопкерчиликтери жүктөлөт;
- Реестрдеги документтерге жана маалыматтарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун сакталышы үчүн.
10. Ыйгарым укуктуу орган реестрди жабат:
- реестрдин бардык барактары жазып толтурулгандан кийин.
II. Аудиторлордун реестри
11. Аудиторлордун реестринде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) катар номери;
2) аудитордун Ф.А.А., паспортунун маалыматтары;
3) аудитордун турган жери жана телефон номери;
4) аудитордун квалификациялык сертификатынын номери жана берилген күнү;
5) квалификациялык сертификаттын дубликаты берилгендиги жөнүндө маалымат жана берилген күнү;
6) аудиторду квалификациялык сертификаттан ажыратуу (алып коюу), күнү жана негизи жөнүндө маалымат;
7) аудитордун иштеген жери жана кызмат орду жөнүндө маалымат;
8) аудитордун колу;
9) жазуу киргизген жооптуу адамынын Ф.А.А., колу;
10) эскертүү.
III. Аудитордук уюмдардын реестри
12. Аудитордук уюмдардын (мындан ары - уюмдар) реестринде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) катар номери;
2) уюмдун фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы;
3) уюмдун турган жери, телефон жана башка байланыш каражаттарынын номерлери;
4) уюштуруучу(лар) жөнүндө маалымат;
5) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо, кайра каттоо, жоюу (каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номери жана берилген күнү, каттоону кайсы орган өткөргөн), ишканалар менен уюмдардын жалпы идентификациялык коду (мындан ары - ИУЖК) жөнүндө маалыматтар;
6) идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН);
7) камсыздандыруу акыларын төлөөчү катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк;
8) лицензиянын берилген күнү, колдонуу мөөнөтү, каттоо номери;
9) лицензиянын күчүн токтото туруунун, улантуунун, кайра алуунун, кайра каттоонун, жарактуулугун токтотуунун негиздери жана күнү;
10) лицензиянын дубликаты берилгендиги жөнүндө маалымат жана берилген күнү;
11) уюмдун штатында экиден кем эмес аудитор бар экенин аныктаган маалымат (буйруктан көчүрмө);
12) эгер аудитордук уюмдун жетекчиси чет өлкөнүн жараны болсо, анда уюмдун штатынын 75 пайыздан кем эмесин Кыргыз Республиканын жарандары түзгөндүгүн аныктаган документ берилет (буйруктан көчүрмө);
13) уюмдун жетекчисинин Ф.А.А., паспортунун маалыматтары, колу;
14) уюмдун мөөрү;
15) жазуу киргизген жооптуу адамынын Ф.А.А., колу;
16) эскертүү.
III. Жеке ишкер катары катталган аудиторлордун (жеке аудиторлор) реестри
13. Жеке аудиторлордун реестринде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) катар номери;
2) жеке аудитордун Ф.А.А., паспортунун маалыматтары;
3) жеке аудитордун турган жери жана телефон номери;
4) жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери жана берилген күнү, каттоону кайсы орган өткөргөндүгү, ИУЖК идентификациялык коду жөнүндө маалымат;
5) ИСН;
6) лицензиянын берилген күнү, жарактуулук мөөнөтү, каттоо номери;
7) лицензиянын күчүн токтото туруунун, улантуунун, кайра алуунун, кайра каттоонун, жарактуулук мөөнөтүн токтотуунун негиздери жана күнү;
8) лицензиянын дубликаты берилгендиги жөнүндө маалымат жана берилген күнү;
9) жеке аудитордун колу жана мөөрү;
10) жазуу киргизген жооптуу адамынын Ф.А.А., колу;
11) эскертүү.
IV. Кесиптик аудитордук бирикмелердин реестри
14. Кесиптик аудитордук бирикмелердин (мындан ары - бирикмелер) реестринде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) катар номери;
2) бирикменин аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы;
3) бирикменин турган жери, телефон жана башка байланыш каражаттарынын номерлери;
4) уюштуруучу(лар) жөнүндө маалымат;
5) бирикменин курамындагы аттестацияланган аудиторлордун саны боюнча маалымат;
6) юридикалык жакты каттоо, кайра каттоо, жоюу (каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери жана берилген күнү, каттоону кайсы орган өткөргөн), ИУЖК идентификациялык коду жөнүндө маалыматтар;
7) ИСН;
8) бирикменин жетекчисинин Ф.А.А., паспортунун маалыматтары, колу;
9) бирикменин мөөрү;
10) жазуу киргизген жооптуу адамынын Ф.А.А., колу;
11) эскертүү.
VI. Реестрде катталган маалыматты берүү
15. Реестрде катталган маалымат кызыкчылыгы бар бардык жактарга таанышуу үчүн ачык болот. Мындай адамдар реестрден маалыматты көчүрмө түрүндө акысыз алууга укугу бар. Аудитордун жеке маалыматтарынан тышкары Реестрде катталган маалымат ыйгарым укуктуу органдын сайтында мезгилдүү жайгаштырылып турат. Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерине кирген аудитордун жеке маалыматтары кызыгуучу тараптарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө белгиленген мыйзамдары тарабынан негизде жана тартипте берилет.
Ошондой эле реестрде катталган маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында мезгилдүү жарыялоого жол берилет.
16. Реестрге берилген маалымат өзгөргөн учурда, аудит иши менен алектенген адамдар жана аудитордук кесиптик бирикмелер андай өзгөрүүлөр жөнүндө керектүү документтердин ошол өзгөртүүлөрдү бекиткен орган күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен Мамлекеттик кызматка беш күндүн ичинде жазуу түрүндө билдирүүгө милдеттүү.
Реестрге өзгөртүү киргизүүнүн жол-жобосу ыйгарым укуктуу орган тийиштүү чечим чыгарган убакыттан тартып үч күндөн ашпоого тийиш жана беш күндүн ичинде реестрге өзгөртүүлөр кирген күндөн тарта беш күндүн ичинде өзгөртүүлөр туурасында маалымат ыйгарым укуктуу органдын сайтында жайгаштырылат.
Реестрге каттоого тийиш болгон маалымат берилбеген учурда, жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Реестрдеги камтылган маалыматтар документтерде камтылган маалыматтарга шайкеш келбей калган учурда аудитордук уюмдар, аудитор тарабынан берилген Реестрде камтылган маалыматтар аларга тийиштүү өзгөртүүлөр киргенге чейин ишенимдүү деп саналат. Реестрде камтылган маалыматтардын өзгөрүлүшү аларга жаңы жазманы киргизүү аркылуу анда өзгөрүлгөн жазманы көрсөтүү менен иш жүзүнө ашырылат.
17. Реестрлер ыйгарым укуктуу органда беш жыл сакталат, андан кийин архивге белгиленген тартипте өткөрүлөт.