Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын
2025-жылдын 11-январындагы № 8-п
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ФИНАНСЫ РЫНОГУН ТЕСКӨӨ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН
БУЙРУГУ
2017-жылдын 1-августу № 94-б
Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу жобосун бекитүү ошондой эле аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши тууралуу отчёт берүүнүн тартиби жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомунун 1-тиркемесинин 26-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Бекитилсин:
- ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу жобо;
- ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши тууралуу отчёт берүүнүн тартиби.
2. Бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулук жана аудит өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрукту тиркемелери менен жарыялоону камсыз кылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын веб-сайтына.
3. Ушул буйруктун тиркемелеринин көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышы үчүн көзөмөл Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары М.Т.Пирназаровго жана аткаруучу кеңештин мүчөсү Б.М.Джолдошевго жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана "Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу жобосун бекитүү ошондой эле аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши тууралуу отчёт берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 127 токтому күчүн жоготкон деп таанылган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары |
М.Пирназаров |