Загрузка документа…
КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 25-январындагы № 41-нпа буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН
БУЙРУК
2016-жылдын 13-июлу № 8-нпа
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 27-майындагы № 5-нпа "Кыргыз Республикасынын шааркуруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө эрежелер топтомун бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун 2017-жылга иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун жетекчиликке алып, бизнес коомчулугунун, коомдук уюмдардын жана аймактык архитектура жана шааркуруу органдарынын кайрылууларын эске алуу менен
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жогоруда көрсөтүлгөн Буйрук менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Шааркуруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө Эрежелер топтомуна" төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-главада 1.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1.3. Шааркуруу документтерине төмөнкү терминдер, аныктамалар, ошондой эле түшүнүктөр кирет жана колдонулат:
Кыргыз Республикасынын жайгаштыруу, жаратылышты пайдалануу жана өндүргүч күчтөрдү аймактык уюштуруунун башкы схемасы, экономикалык жана ири географиялык региондордун жаратылыштык-климаттык чөлкөмдөрдүн, дарылоо-ден соолук чыңдоо жана рекреациялык аймактардын жайгаштыруу, жаратылышты пайдалануу, өндүргүч күчтөрдү аймактык уюштуруунун региондук схемасы (мындан ары - жайгаштыруунун, жаратылыш пайдалануунун жана өндүргүч күчтөрдү аймактык уюштуруунун региондук схемасы);
улуттук-мамлекеттик жана административдик түзүмдөрдүн, башка аймактык объекттердин аймактык комплекстик схемалары жана районду пландаштыруунун схемасы (мындан ары - районду пландаштыруунун схемалары);
шаарлардын, кыштактардын, айылдагы калктуу конуштардын башкы пландары (мындан ары - шаарлардын, башка конуштардын башкы пландары);
айылдагы аймактардын башкы пландары (мындан ары - айылдык аймактардын башкы пландары);
тарыхый-маданий, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана башка аймактардын башкы пландары (мындан ары - функциялык аймактардын башкы пландары);
шаарлардын, кыштактардын, айылдагы калктуу конуштардын башкы пландары (мындан ары - шаарлардын, башка конуштардын башкы пландары);
айылдагы аймактардын башкы пландары (мындан ары - айылдык аймактардын башкы пландары);
тарыхый-маданий, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана башка аймактардын башкы пландары (мындан ары - функциялык аймактардын башкы пландары);
башкы подрядчы - тийиштүү уруксаттамасы бар курулуш уюму, ал тапшырыкчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде объектти пайдаланууга берүүнү кошкондо объекттин курулушу боюнча башкы подрядчы менен келишим боюнча долбоор-го ылайык иштин атайын же айрым түрлөрүнүн бөлүгүн аткарган субподрядчы катары зарыл учурда башка уюмдарды тартуу менен, объектти куруу боюнча бардык долбоордук документ-терде жана келишимде каралган иштерди аткарат;
башкы долбоорчу - долбоорлоо (долбоорлоо-изилдөө) иштеринин белгилүү түрүнө уруксаттамасы бар долбоорлоо уюму, ал инвестор же тапшырыкчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде долбоордук документтердин айрым бөлүмдөрү боюнча субподрядчыларды жана адистерди тартуу менен долбоордук документтерди иштеп чыгуу боюнча иштерди аткарат;
шаардын чеги, калктуу конуштун чеги - шаардын жана башка калктуу конуштун жерлерин, жерлердин жана жер фондусунун башка категорияларынан бөлүп турган тышкы чек ара;
турак жай, өнөр жай, рекреациялык, тарыхый жана башка функциялык зоналардын, айрым шаардык түйүндөрдүн, көчөлөрдүн, магистралдардын деталдуу пландаштыруу долбоорлору (мындан ары - ДПД);
шаарлардын жана башка калктуу конуштардын кварталдарынын, кичи райондорунун, шаар куруучулук, архитектуралык, ландшафтык комплекстеринин, парктарынын, ансамблдеринин жана башка пландаштырылуучу элементтеринин курулуш долбоорлору (мындан ары - КД).
Ушул эрежелер топтомунда ошондой эле төмөнкү терминдер, аныктамалар, түшүнүктөр колдонулат:
архитектуралык-пландоо шарты (АПШ) - архитектуралык шарттарды жана талаптарды, анын ичинде курулуш объектисинин функциялык арналышына, жайгашуусуна жана негизги параметрлерине, ошондой эле инженердик тарамдарга кошулууга техникалык шарттарды, санитардык, өрткө каршы, экологиялык шарттарды жана шаар куруу документтерине ылайык объекттерди долбоорлоого чектөөлөрдү камтыган архитектуранын жана шаар куруунун аймактык органдары тарабы-нан берилүүчү документ;
мамлекеттик ченемдер (мамлекеттик ченемдик документтер) - ченемдик укуктук актылардын, шаар куруу жана техникалык регламенттердин, ченемдик - техникалык документтердин, адамдын турмушуна жана жашоо - тиричилигине жагымдуу, коопсуз, зарыл шарттарды камсыз кылуучу башка милдеттүү талаптардын, шарттардын жана чектөөлөрдүн тутуму;
шааркуруу документтери - муниципалдык түзүлүштөрдүн аймактарындагы шаар курууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү башкаруу чечимдерин кабыл алууга жана жергиликтүү өзүн-өзү баш-каруу органдарынын тиешелүү ыйгарым укуктарын ишке ашырууга керектүү болгон аймактарды өнүктүрүүнү жана курууну шаар куруучулук мерчемдөө боюнча документтердин комплекси жана шаардын, башка калктуу конуштардын башкы планы, шаардын чегинин долбоору, мерчемдөө, куруу долбоорлору, жана башка документтер;
долбоорлоого тапшырма - долбоордун тапшырыкчысы жана башкы долбоордук уюм менен биргеликте, долбоорлоо үчүн шарттарды жана талаптарды көрсөтүү менен, долбоордук документтин курамын, иштеп чыгуунун мөөнөтүн, макулдашуу тартибин аныктоо менен түзүлөт жана жогорку инстанция же тапшырыкчынын жетекчилиги менен бекитилет;
тапшырыкчы - жеке же юридикалык жак, ошондой эле мамлекеттик органдар жана ал өзүнө таандык же берилген жер участогунда капиталдык курулуш объекттерин долбоорлоону жана курууну, болгон объекттерди реконструкциялоону, капиталдык оңдоону, ошондой эле инженердик изилдөөлөрдү аткарууну, аларды куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо үчүн тийиштүү адистештирилген уюмдар менен келишимдерди түзүү аркылуу өздүк жана башка каражаттарды пайдаланып, долбоорлоо документтерин даярдоону камсыз кылат;
кызыл сызыктар - кварталдардын, кичи райондордун аймактарын бөлүп туруучу чек аралар жана пландоо түзүмүнүн калктуу конуштардагы көчөдөн, өтмөктөн жана аянттардан бөлүп туруучу башка элементтери;
ченемдик техникалык документ - иштин белгилүү бир түрүнө же анын натыйжаларына тиешелүү болгон эрежелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү белгилеген жана керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү болгон документ;
тарых жана маданият эстеликтеринин коргоо зонасы - тарых жана маданият эстеликтеринин табигый сакталышын бузууга, ошондой эле аны кабылдоо шарттарын жана баалуу шаар куруу чөйрөсүнүн салттуу параметрлерин бузууга алып келиши мүмкүн болгон ишке тыюу салган, жерлерди пайдалануунун өзгөчө катуу режими бар коргоо зонасынын долбоору менен аныкталуучу тарых жана маданият эстеликтерине тийиштүү аймак;
калктуу конуштарды куруунун жана жерлерин пайдалануунун эрежелери - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген, шаар курууну пландоо долбоорлорун жана аймактарды куруу долбоорлорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан калктуу конуштарды куруу жана абаттоо боюнча эрежелердин жыйнагы;
өндүрүштүк аймактар - өндүрүштүк-ишкер (тажрыйба участоктору жана өндүрүштөрү бар илим изилдөө институттары, техникалык тейлөө цехтери бар соода ишканалары, басма типографиялык бөлүмү бар маалымат борборлору ж.б.), өнөр жайлык (тамак-аш жана жеңил өнөр жай, алет чыгаруу, машина куруу, курулуш материалдарын өндүрүү ж.б.), коммуналдык-кампалык (ЖЭБ аймактары, тазалоочу курулмалар, от казандары, электр станциялары, газ бөлүштүрүү түйүндөрү, шаардык инженердик инфратүзүмдүн башка курулмалары, кампа курулмалары, аймактарды механикалык тазалоо машиналарынын токтотмо жайлары, мүрзөлөр), транспорттук жана инженердик объекттерди жайгаштыруу үчүн арналган аймактар;
ишке киргизүү комплекси - өзүнчө пайдаланууга киргизүү үчүн долбоордук документтерде аныкталган негизги, өндүрүштүк, кошумча арналыштагы имараттардын, курулмалардын бөлүгү же тобу, ал продукциянын болушун, чыгарылышын, кызмат көрсөтүүнү, пайдаланууну, анын ичинде адамдардын жашоосун камсыздайт;
реконструкциялоо - имараттардын, курулмалардын (бийиктигин, кабаттардын санын, аянтын, тыш өлчөмдөрүн, томоолорун), технологиялык жана инженердик жабдуулардын, өндүрүштүк кубаттуулуктун көрсөткүчтөрүн, инженердик-техникалык камсыздоонун көлөмүн жана сапатын көлөмдүк - пландоочу жана жөндүү чечимдерин өзгөртүү;
рекреациялык аймактар - шаар токойлорун, токойлуу сейил бактарын, токойлорду коргоо чөлкөмдөрүн, көлмөлөрдү, айыл чарбасында пайдаланылуучу жерлерди жана сейил бактар, бакчалар, гүлзарлар жана бульварлар менен бирге селитебдүү аймакта жайгаштырылган жана адамдардын эс алуусу (эмгектүүсү) үчүн ачык мейкиндик тутумун түзүүчү башка жерлерди камтыган аймактар;
курулма - жасалма курулган көлөмдүү, жер менен бекем байланышкан, жалпак же тилкелик объект (жер үстүндөгү/суу үстүндөгү же жер алдындагы/суу алдындагы), анда табигый же жасалма чек аралары бар жана долбоорго ылайык функционалдык же өндүрүштүк процесстерди аткаруу, ошондой эле инженердик жабдууларды же коммуникацияларды жайгаштыруу (төшөө) үчүн арналган;
функциялык чөлкөмдөр - аймактык пландоо документтери менен чек аралары жана функциялык багыты аныкталган чөлкөмдөр;
эскиздик долбоор (концепция) - долбоордук архитектуралык-шааркуруу сунуштары - долбоорлордун концепциясы - анын ичинде, шааркуруу документтеринин - схемалардын, генпландардын, деталдык пландоо долбоорлорунун, айрым аймактардын, комплекстердин, имараттардын жана курулмалардын курулуш долбоорлору, курулуш объекттеринин айрым элементтери жана башкалар;
таянуу планы - шааркуруу документацияларынын негизги графикалык материалдары.".
3.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "3.4. Тапшырыкчынын тапшырмасы боюнча шааркуруу документтеринин башка түрлөрү да иштелип чыгат.
Долбоорлоого тапшырма долбоордун тапшырыкчысы тарабынан, долбоорлоонун шарттарын жана талаптарын көрсөтүү менен, долбоорлоо документинин курамын, иштеп чыгуу мөөнөтүн, макулдашуу тартибин аныктоо менен башкы долбоорлоо уюму менен биргеликте түзүлөт жана тапшырыкчынын жетекчиси менен бекитилет.".
- 3.12-пунктунда "шааркуруу документтерин" деген сөздөрүнөн кийин "жана архитектура жана шааркуруу аймактык органдары" деген сөздөрү менен толукталсын.
- 3.13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "3.13. Шааркуруу документтеринин курамынан тиешелүү аймакта шааркуруу ишмердигине катышуучулардын бардыгы аткарууга ала турган бекитилүүчү бөлүгү бөлүнүп чыгат.
Кварталдарда жана айрым участоктордо долбоорлоочу объектинин функциялык багытын жана конфигурациясын өзгөртүү, башкы пландын негизги чечими менен байланышта архитектура жана шааркуруу аймактык органдарынын макулдашуусу боюнча жол берилет.
Деталдуу пландаштыруу долбоорлорунун (курулуш долбоорунун) шааркуруу документтеринин милдеттүү (бекитилүүчү) бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү деталдуу пландаштыруу долбоорунун авторунун макулдугу боюнча, (Шааркуруу кеңеши) кароо жана коомдук талкуу аркылуу шааркуруу документтерин иштеп чыгуунун кийинки этабын иштеп чыгуу шартында ишке ашырылат.".
3-главаны 3.17-пункту менен кийинкидей мазмунда толукталсын: "3.17. ДПДларды жана жаңыдан иштелип чыккан курулуш долбоорлорун иштеп чыгуусуна чейин бекитилген башкы пландарга ылайык калктуу пункттардын жана (кварталдардын, кичи райондордун, шааркуруу түйүндөрүнүн) аймактарында мурда иштелип чыккан жана бекитилген ДПД жана курулуш долбоорлору күчүндө деп эсептелинет.".
- 12.1-пунктундагы "аз кабаттуу турак үйлөрдү" деген сөздөрдү "турган курулуштарды" деген сөздөрү менен алмаштырылсын.
- 12.2-пункту экинчи абзац менен кийинкидей мазмунда толукталсын:
"Курулуштун эскиздик долбоору курулуштун айрым объекттерин долбоорлоосуна уруксаат алууда негизги техникалык документ боло алат.".
- 12.2, 12.3-пункттарындагы "Долбоордун концепциясы" сөздөрүн "Башкы пландардын, ДПДлардын, курулуш долбоорлорунун, анын ичинде курулуштун эскиздик долбоорлорунун концепциясы" деген сөздөрү менен алмаштырылсын.
- 12.3-пунктунда "конкреттүү аймакка долбоордун концепциясын иштеп чыгууга келишим түзүлөт" деген сөздөрүнөн кийин "Курулуш долбоорунун эскизи курулуш долбоорунун бекитилүүчү бөлүгү болуп саналат" деген мазмундагы сүйлөм менен толукталсын.
- 12.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "12.4. Долбоорчу (долбоорлоо уюму) тарабынан белгиленген тартипте иштелип чыккан курулуш долбоорунун концепциясын тапшырыкчы тиешелүү аймактык архитектура органына кийинки долбоорлоо үчүн макулдашууга киргизет.".
- 12.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "12.5. Аймактык архитектура жана шааркуруу органы тапшырыкчынын кварталдардын, кичи райондордун (туюк аймактарга) жана/же айрым шааркуруу түйүндөрүнүн курулуш долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө сунуштарын кийинки иштеп чыгуулар үчүн кабыл алат.".
- 12.7-пунктунун 3-абзацындагы "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен" сөздөрүн Мамкурулуштун 2015-жылдын 31-декабрындагы № 1-нпа буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаарларда, калктуу конуштарда кызыл жана башка сызыктарды долбоорлоо жана белгилөө тартиби жөнүндө Жобонун В тиркемесине ылайык" деген сөздөрү менен алмаштырылсын.
- 12.11-пунктунда 1-эскертүүдөн кийин төмөндөгүдөй мазмундагы 2-пункту менен толукталсын: 2. Эгерде өз алдынча турган объекттерди жайгаштыруу, колдонуудагы кварталдардын, кичи райондордун жана башка шаардын шааркуруу түйүндөрүнүн түзүмүндө каралган болсо, колдонуудагы кварталдардын, кичи райондордун жана башка шаардын шааркуруу түйүндөрүнүн жалпы схемасын өз алдынча турган объекттерди транспорт жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын уюштуруу схемасы менен биргеликте жайгаштыруу жана жалпы кичи районго (кварталга) демонстрациялык материалдарды аткаруу жана шааркуруу кеңешинин отурумунда долбоорлоого АПШнын мындан аркы иштеп чыгуусун кароо менен иштеп чыгуу зарыл.
- 12.21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "12.21. Курулуш долбоорунун курамына төмөнкүлөр кирет:
- таянуу планы;
- кичи райондордун, кварталдардын жана шааркуруу түйүндөрүнүн схемасы.
Бекитилүүгө сунушталуучу курулуштун эскиздик долбоорунун курамына төмөнкүлөр кирет:
- таянуу планы;
- кичи райондордун, кварталдардын жана шааркуруу түйүндөрүнүн схемасы;
- колдонуудагы, долбоорлоодогу жана түзөтүүдөгү кызыл сызыгы менен курулуштун башпланы;
- ТЭК (ирилештирилген көрсөткүчтөрү менен).".
12.23-пунктунун 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"12.23. Бул курулуштун эскиздик долбоорунун курамында төмөнкүлөр аткарылат:
рельефти уюштуруу боюнча сунуштары менен башплан;
демонстрациялык материалдар жана макеттер.".
- 14.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "14.6. Кварталдардын, кичи райондордун шааркуруу түйүндөрүнүн башкы пландарынын, ДПД, курулуш долбоорлорунун, ошондой эле курулуштун эскиздик долбоорлорунун концепциялары, тийиштүү шааркуруу Кеңешинин жыйынында каралат жана архитектура жана шааркуруу органдары тарабынан, коомчулукту тааныштыруу (талкуулоо) мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн аларды аймактык архитектура жана шааркуруу органынын расмий сайтына жайгаштыруу менен макулдашылат.
Курулуштун эскиздик долбоорлору, шааркуруу документи статусун алуу менен, шааркуруу Кеңешинин жана коомдук талкуунун жыйынында кароо менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан шааркуруу кеңешинин жана коомдук угуунун отурумунун кароосунан кийин аймактык архитектура жана шааркуруу органынын расмий сайтына жайгаштыргандан 2 (эки) айдын ичинде бекитилет.
Эскертүү:
1. Шааркуруу Кеңешинде каралган, архитектура жана шааркуруу органы тарабынан жактырылган жана макулдашылган курулуштун эскиздик долбоорлору, Эрежелер топтому күчүнө кире элекке чейин бекитилген шааркуруу документтери болуп эсептелет.
2. Бекитилген ДПДлардын негизинде жана өнүгүүгө иштелип чыккан курулуштун эскиздик долбоорлору, архитектура жана шааркуруу органдары менен макулдашылат.".
2. Мамкурулуштун бардык ведомство карамагындагы жана аймактардагы бөлүнүштөрүнүн жетекчилери бул Эрежелер топтомун жетекчиликке алсын.
3. Мамкурулуштун басма сөз катчысы Мамкурулуштун Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институту менен биргеликте төмөнкүлөр боюнча чара көрсүн:
- буйруктун "Эркин Тоо" газетасына расмий жарыяланышы боюнча;
- Мамкурулуштун веб-сайтына буйрукту жайгаштыруу боюнча.
4. Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институтуна:
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдеринде, бул ченемдик укуктук акттын жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоого жөнөтсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары А.А.Абдыкаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору |
| Б.Абдиев |