Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ, ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МАМЛЕКТТИК КОМИТЕТИ
БУЙРУК
2016-жылдын 28-декабры №1/2
Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендерди иштетүүдө жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелери
Пайдалуу кендерди комплекстүү, туура пайдалануу жана жер казынасын коргоо боюнча бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” № 530 токтомуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
Тиркемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендерди иштетүүдө жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелери бекитилсин;
Комитеттин жер казынасын пайдалануу боюнча саясат башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул буйрукту мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жиберсин жана аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн.
Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Комитеттин төрагасынын орун басары А.А.Сапаралиевге тапшырылсын.
Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул буйруктун көчүрмөсүн, күчүнө киргенден кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага | Д.Т. Зилалиев |