Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2016-жылдын «28» декабрындагы № 1/2 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендерди иштетүүдө жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелери
1. Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендерди иштетүүдө жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) пайдалуу кендерди өнөр жайлык өздөштүрүү баскычында жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу боюнча комплекстүү ченемдик талаптарды камтыйт.
2. Эрежелер пайдалуу кендерди долбоорлоого карата, иштетүүгө, геологиялык-маркшейдердик тейлөөгө, казып алуу жана кайра иштетүү көлөмдөрүн маркшейдердик өлчөө, геологиялык-маркшейдердик камсыздоо бөлүгүндө – Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендерин иштетүүдөгү эсепке жана отчеттуулукка карата жана аткарылган тоо иштери боюнча жылдык отчетту жана тоо иштерин өнүктүрүү жылдык программасын (планын) түзүүгө, ошондой эле пайдалуу кендердин запастарын ишкананын эсебинен чыгарууга карата негизги талаптарды белгилейт.
3. Эрежелер, пайдалуу кенди иштетүү, шахталарды (карьерлерди) консервациялоо жана жоюу менен байланыштуу бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн, ошондой эле ведомстволук баш ийүүчүлүгүнөн, менчик түрүнөн жана чарба ишмердигинен көз карандысыз долбоордук-конструктордук, илимий-изилдөө жана башка мекемелер жана уюмдар үчүн милдеттүү.
4. Эрежелер, Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендерин иштетүүдө Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын жана ушул Эрежелердин ченемдерин бузуу үчүн экономикалык жоопкерчилигин белгилейт.
5. Пайдалуу кенди иштетүүнүн техникалык долбоору (мындан ары - Техникалык долбоор) долбоорлоого карата техникалык тапшырманын жана иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугунун негизинде түзүлөт.
6. Пайдалуу кенди иштетүү Техникалык долбоору жер казынасын пайдалануу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Эрежелердин талаптарына жооп бериши керек.
7. Техникалык долбоордун негизинде пайдалуу кенди иштетүү боюнча жана/же конкреттүү лицензияланган кенде же анын участогунда пайдалуу кенди казуу менен байланышпаган бардык пландалган тоо иштери жүргүзүлөт.
8. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан макулдашылган Техникалык долбоорлор пландардан, технологиялык схемалардан, кайра иштетүү технологиялык регламенттерден, башка кайра иштетүү боюнча долбоордук документтерден жана тиешелүү техникалык долбоорлоого болгон тапшырмасынан түзүлөт (мындан ары - Долбоордук документтер).
Долбоордук документтер өзүнө төмөндөгүлөр боюнча негиздемелерди жана техникалык чечимдерди камтыйт:
- тоо-кен бөлүндүсүнүн чек араларын тактоо;
- жер үстүндөгү жана жер астындагы курулмаларды жана объекттерди жайгаштыруунун оптималдуу варианты, жер казынасын жана курчап турган чөйрөнү коргоо, пайдалуу кенди ачуу ыкмалары жана иштетүү тутумдары, пайдалуу кенди толук, комплекстүү жана экономикалык жактан максатка ылайыктуу чыгарууну камсыздоочу өндүрүштүк процесстерди механизациялоо жана автоматташтыруу каражаттарын пайдалануу, ошондой эле жер казынасын сактоо жана баланстан тышкаркы запастарды андан ары өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн топтоо;
- бош жана сыйдырылган тоо тектерин, ошондой эле тоо-кен казуу жана тоо-кен кайра иштетүү өндүрүштөрүнүн калдыктарын сарамжалдуу пайдалануу;
9. Калган баланстык запастардын сапатын төмөндөтүүгө, алардын кунарсыздануусуна жана кендин арыктоосуна, пласттардагы жана кен катмарларындагы пайдалуу кен запастары өнөр жайлык маанисин жоготуп жана жоголгон катары эсептелгендей, аларды кошумча иштетүүгө жана жеткире иштетүүгө алып келүүчү пайдалуу бай же жагымдуу тоо-геология шарттарында жайгашкан кендин участокторун, пласттарды жана кен катмарларын иргеп иштетүү боюнча долбоордук документтерди түзүүгө жол берилбейт.
10. Техникалык долбоорлор Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамына, ошондой эле лицензиялык макулдашууда белгиленген мөөнөткө ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
11. Техникалык долбоорду ушул Эрежелердин 10-пунктунда каралган мөөнөттөрдү бузуу менен берүү учурунда, бул Техникалык долбоор лицензиялык макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн узартканга чейин экспертизадан өткөрүлбөйт.
12. Ушул Эрежелерге жана колдонуудагы Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамга ылайык келбеген Техникалык долбоорду бергенде, белгиленген тартипте негиздүү эскертүүлөрдү жана сунуштоолорду көрсөтүү менен, терс эксперттик корутунду берилет жана Техникалык долбоор кайра иштеп чыгууга кайтарылат.
13. Техникалык-экономикалык негиздөөгө же Техникалык долбоорго толуктоолорду же/жана өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда жер казынасын пайдалануучу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга экспертизага берүү жана оң эксперттик корутунду алууга милдеттүү.
14. Пайдалуу кендерди байытуу жана кайра иштетүү Кыргыз Республикасынын аймагында гана акыркы товардык продукцияны алууну эске алуу менен долбоорлонот.
15. Кыргыз Республикасы аймагында түпкү товардык продукцияны алуу экономикалык жана/же экологиялык максатка ылайыксыз болгон учурларда жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын экономикалык жана техникалык эсептөөлөргө негизделген техникалык корутундусун жана/же макулдугун алуу керек.
16. Техникалык долбоордун жалпы бөлүгүндө кыскача маалыматтар берилет: лицензиялык объекттин жайгашкан орду жөнүндө, кен жана өздөштүрүү объекти жайгашкан регион жөнүндө, объект жайгашкан региондун экономикалык потенциалы жөнүндө, жер казынасын өздөштүрүүдө алынган товардык продукциянын негиздери, сатуу рыноктору жана бул объектти өздөштүрүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маалыматтар.
17. Техникалык долбоордун геологиялык бөлүгүндө төмөндөгүлөр берилет:
- чалгындоо иштери, чалгындоо категориясы, пайдалуу кендин запастарынын саны жана сапаты жана Кыргыз Республикасынын Казып алынуучу пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссияда алардын сынамдары жөнүндө маалыматтар;
- чалгынданган кен тулкуларынын (катмарларынын, көмүр пласттарынын) параметрлери, анын ичинде алардын кубаттуулугу, жайылуусу жана төмөндөө боюнча өлчөмдөрү;
- кен тулкаларынын (катмарларынын) катмарлашуусунун тоо-геология шарттары, анын ичинде катмарлашуунун тереңдиги, түшүүсү жана эңкейүү бурчтары;
- кендин лицензиялык участогунун контурларындагы технологиялык мүнөздөмөлөр;
- пайдалуу кен жайгашкан талаанын жайылуусу жана жайылуусуна кайчылашуу боюнча жана тереңдикке карата өлчөмдөрү;
- пласттардын, кен тулкуларынын, кабатталуунун, катмарлануунун жана чалгындалган тилкелер боюнча катмарлардын кубаттуулугу;
- пластка, тулкуга, катмарга жана башкаларга карата, чалгындоо тилкелери жана эсептелген геологиялык блоктор боюнча тоо массасына карата пайдалуу компоненттин орточо курамы жана пайдалуу компоненттердин сапаты жөнүндө маалымат;
- тоо-кен бөлүндүсүнүн чек араларында баланстык жана баланстан тышкаркы запастарды эсептөө;
- пайдалуу кендерди иштетүүнүн тоо-техникалык жана гидрогеологиялык шарттары жөнүндө маалыматтар;
- пайдалуу кендердин жана сыйышкан тоо тектеринин, кенди иштетүүнү татаалданткан тектоникалык бузулуулардын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү;
- пайдалуу кендин тоо-кен бөлүндүсүнүн контурунда жайгашкан минералдык чийки заттардын байытылуусунун технологиялык мүнөздөмөлөрү;
- кенге жатпаган чийки заттардын гранулометриялык, петрографиялык жана минералогиялык курамы (кенге жатпаган пайдалуу кендер үчүн);
- табият ташынын кендери үчүн товардык блоктордун (дубал ташынын) жана капталуучу плиталардын чыгуусу боюнча технологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары;
- көмүрдүн сапаты жана алардын көмүрдүүлүгү (көмүр кендери үчүн);
- көмүр пласттарынын геологиялык жана технологиялык мүнөздөмөлөрү менен кендин же кендин лицензиялык участогунун көмүрдүүлүгү (көмүр кендери үчүн);
- көмүр пласттарынын геологиялык жана жумушчу кубаттуулугу жана түшүүсү жана жайылуусу боюнча алардын өлчөмү (көмүр кендери үчүн);
- долбоорлонгон объекттин тектеринин стратиграфиялык тиешелүүлүгү жана литологиялык мүнөздөмөлөрү (мунай жана газ кендери үчүн);
- тоо тектеринин коллектордук касиеттери (мунай жана газ кендери үчүн);
- тоо тектеринин түзүмдүк өзгөчөлүктөрү жана алардын катмарлашуусунун мүмкүн болуучу шарттары (мунай жана газ кендери үчүн);
- мунай жана газ белгилеринин болушу (мунай жана газ кендери үчүн);
- мунай-газдуу пласттардын, катмарлардын катмарлашуусунун гидрогеологиялык шарттары (мунай жана газ кендери үчүн);
- тик бурчтуу координаттар тутумундагы скважинанын (булактын) борбонунун тик бурчтуу координаттары (жер астындагы, тузсуз жана термоминералдык суулар чыккан жерлер үчүн);
- кендин эксплуатациялык запастары жана анын гидрогеологиялык мүнөздөмөсү (жер астындагы, тузсуз жана термоминералдык суулар чыккан жерлер үчүн);
18. Таблица түрүндө берилет:
- мамлекеттик баланс тарабынан эсепке алынган кендердин контурунда пайдалуу кендин баланстык жана баланстан тышкаркы запастары, алардын апробрациясы жөнүндө пайдалуу кендердин запастары боюнча Мамлекеттик комиссиянын протоколунун көчүрмөсү менен;
- лицензиялык участоктун (тоо-кен бөлүндүсүнүн) контурундагы пайдалуу кендердин баланстык жана баланстан тышкаркы запастарын эсептөө жана алардын апробрациясы жөнүндө Казып алынуучу пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиянын протоколунун көчүрмөсү;
- эксплуатациялык блоктор (полигондор), эксплуатациялык горизонттор боюнча жана өзүнчө пласттар боюнча баланстык жана өнөр жай запастарын эсептөө, лицензиялык участоктун (тоо-кен бөлүндүсүнүн) контурларындагы иштетүүлөр.
19. Техникалык долбоордун тоо бөлүгүндө төмөндөгү негиздемелер берилет:
- тик бурчтуу координаттар тутумундагы бурч чекиттеринин координаттары менен тоо-кен жана жер бөлүндүлөрүнүн чек аралары;
- эксплуатациялык блоктор (полигондор), горизонттор боюнча эксплуатациялык жоготуулар жана кунарсыздануу (булгануу) жана жер казынасындагы пайдалуу компоненттин жалпы карьердик (жалпы шахталык) жоготуулары;
- тоо-кен бөлүндүсүнүн контурларындагы пайдалуу кендин жана пайдалуу компоненттердин өнөр жайлык жана эксплуатациялык запастары;
- тоо-техникалык жана экономикалык чен белгилер боюнча кендин (шахтанын, карьердин) өндүрүштүк кубаттуулугу;
- иштетүү жылдары боюнча пайдалуу кенди казуунун жана пайдалуу компонентти иштетүүнүн көлөмү;
- аткарылган тоо-капиталдык жана тоо-даярдык иштеринин көлөмү;
- кенди ачуунун, даярдоонун жана иштетүүнүн календардык планы
- өнөр жай инфраструктурасынын объекттерин жайгаштыруунун башкы планы, анын ичинде өнөр жай аянты, байытуу фабрикасы, калдык сактагыч, технологиялык жолдор, электр берүү линиялары жана башка объекттер.
- пайдалуу кендердин запастарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоочу уюмдун жер үстүндөгү жана жер астындагы курулмаларын жайгаштыруу;
- негизги жана коштоочу пайдалуу кендердин запастарын толук, комплекстүү жана экономикалык максатка ылайыктуу алууну камсыздоочу пайдалуу кендерди ачуунун ыкмалары жана иштетүү тутумдары. Мында варианттык техникалык-экономикалык эсептөөлөр боюнча ар тараптан негиздүү болушу керек;
- дренаждык сууну, бош жана сыйышкан тектерди, ошондой эле пайдалуу кендерди иштетүүдөгү жана минералдык чийки затты кайра иштетүүдөгү өндүрүштүн калдыктарын сарамжалдуу пайдалануу;
- кошо казылып алынган жана убактылуу пайдаланылбаган пайдалуу кендерди топтоо, эсепке алуу жана сактоо;
- технологиялык схемалардын (алуу бирдиктеринин) оптималдуу параметрлерин, жер казынасынан пайдалуу кенди алуунун толуктугун жана сапатын, тоо-техникалык иштерди жүргүзүүнүн техникалык коопсуздук шарттарын иштеп чыгуунун жана аныктоонун ыкмаларын жана тутумдарын негиздөө;
- мунайдын жана газдын геологиялык жана эксплуатациялык запастарын эсептөө (мунай жана газ кендери үчүн);
- пласттар боюнча мунайдын жана газдын алынган запастарын эсептөө (мунай жана газ кендери үчүн);
- горизонттор боюнча мунай жана газ катмарынын контурлары (мунай жана газ кендери үчүн);
- кендин эксплуатациялык горизонтторун бургулоонун кезектүүлүгү (мунай жана газ кендери үчүн);
- эксплуатациялык горизонтту иштеп чыгуунун тутумдарын негиздөө жана тандоо, анын ичинде эксплуатациялык скважиналарды жайгаштыруу (скважиналардын жайгашуусунун торунун формасы жана алардын ортосундагы аралык), алардын бургулоонун тартиби жана темптери, пласттарга таасир этүү боюнча иш-чаралар (мунай жана газ кендери үчүн);
- скважиналарды пайдалануу жолу жана иштөө режими (мунай жана газ кендери үчүн);
- скважиналарды, көзөнөк жана скважина ичиндеги жабдууларды пайдалануу жолдору жана режимдери;
- мунайды жана газды алуунун коэффициенттери, скважиналар фондун пайдалануу;
- скважина продукцияларын топтоо жана алууга даярдоо тутумдарына, пласттык басымды кармап турууга, пайдаланылган агенттердин сапатына, скважиналардын конструкцияларына жана бургулоо иштерин жүргүзүүгө, пласттарды ачуу жана скважиналарды өздөштүрүү методдоруна карата талаптар;
- скважинанын (булактын) жалпы дебити, анын техникалык параметрлери жана жер астындагы сууну топтоонун лицензияланган көлөмү (жер астындагы, тузсуз жана термоминералдык суулар чыккан жерлер үчүн);
- режимдик байкоолор үчүн техникалык жабдууну сүрөттөө (жер астындагы, тузсуз жана термоминералдык суулар чыккан жерлер үчүн);
- адистешкен институттардын корутундулары боюнча жер астындагы суулардын бальнеологиялык мүнөздөмөлөрү (жер астындагы, тузсуз жана термоминералдык суулар чыккан жерлер үчүн);
- белгиленген лицензиялык мөөнөткө карата жер астындагы сууларды топтоонун жана пайдалануунун календардык планы (жер астындагы, тузсуз жана термоминералдык суулар чыккан жерлер үчүн).
20. Техникалык долбоордун технологиялык бөлүгүндө төмөндөгү негиздемелер берилет:
- кенди, концентраттарды жана өнөр жай продукттарын кайра иштетүүдө байытуунун жана металлургиянын технологиялык жана суу-шламдык схемалары;
- акыркы товардык продукцияны алуу менен пайдалуу компоненттерди товардык компоненттерге жана өнөр жай продукттарына алуу;
Кайра иштетүү объектиси татаал, көп баскычтуу болгондо жана ушул бөлүмдө техникалык жана долбоордук чечимдерди толук сүрөттөөнү киргизүүгө мүмкүн болбогондо, өзүнчө түзүлүүчү техникалык долбоорго же технологиялык схемаларга шилтеме кылуу менен жалпы жоболорду сүрөттөө.
Кайра иштетүү объекттеринин жана лицензия боюнча өз алдынча пайдалуу кен катары алынуучу сууну топтоонун технологиялык схемалары өзүнчө басылма түрүндө берилиши мүмкүн (жер астындагы, тузсуз жана термоминералдык суулар чыккан жерлер үчүн).
21. Техникалык долбоордун экономикалык бөлүгүндө төмөндөгү негиздемелер берилет:
- капиталдык жана эксплуатациялык чыгымдар;
- салыктардын жана төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн эсепке алуу менен товардык продукциянын өздүк наркынын калькуляциясы;
- кенди өнөр жайлык өздөштүрүүнүн финансылык-экономикалык моделдери;
- тоо-техникалык долбоорунун капиталдык жана эксплуатациялык чыгымдардын өзгөрүүлөрүнө, товардык продукциянын бааларына, кендин же анын участогунун запастарындагы пайдалуу компоненттердин орточо курамына, пайдалуу компонентти товардык продукцияга технологиялык алууга карата сезгичтиги;
- жер казынасын пайдалануучунун жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен, сатуу рыногунун конъюнктурасы жана товардык продукцияны сатуулардын оптималдуу схемалары.
22. Техникалык-экономикалык баалоонун акыркы жыйынтыктары тоо-техникалык долбоорунда тоо долбоорун баалоонун негизги критерийлерин чыгаруу менен пайдалуу кендерди өнөр жайлык өздөштүрүүнүн финансылык-экономикалык моделдери түрүндө берилет:
- таза учурдагы баасы (NPV)– миң сом;
- капиталдык салымга карата пайданын ички ченемдери (IRR)- %;
- рентабелдүүлүк индекси (PI)- үлүштө бирдиги.;
- капиталдык салымдардын актоо мөөнөтү (T)- жыл.
- скважиналарды (булакты) ыңгайлаштыруу боюнча каржылоонун көлөмдөрү (жер астындагы, тузсуз жана термоминералдык суулар чыккан жерлер үчүн).
23. Графикалык бөлүгүндө берилет:
-кендин өлчөмүнө жараша 1:10000 же 1:5000 же 1:2000 же 1:1000 масштабындагы тоо жана жер бөлүндүлөрүнүн чек араларындагы кендин участогунун топографиялык планы;
- 1: 1:5000 же 1:2000 же 1:1000 масштабдарында кендин же анын участогунун геологиялык картасы;
- иштетүүнүн долбоордук контурун белгилөө менен 1:1000 же 1:500 же 1:200 масштабдарында чалгындоо тилкелери боюнча геологиялык бөлүктөр;
- иштетүүнүн долбоордук контурун белгилөө менен эсептик геологиялык блоктор жана иштетүүнүн чек аралары менен, 1:500 же 1:1000 же 1:2000 масштабдарында эксплуатациялык блоктордун геологиялык пландары;
- иштетүүнүн долбоордук контурун белгилөө менен 450 чейинки төмөн түшүү бурчтары менен кендер үчүн, эсептик геологиялык блоктор жана иштетүүнүн чек аралары менен, :500 же 1:1000 же 1:2000 масштабдарында эксплуатациялык горизонттордун геологиялык пландары;
- иштетүүнүн долбоордук контурун белгилөө менен 450 көп төмөн түшүү бурчтары менен кендер үчүн, эсептик геологиялык блоктор жана иштетүүнүн чек аралары менен, 1:1500 же 1:1000 же 1:2000 масштабдарында кендин (кендин участогунун) вертикалдык проекциялары;
- 1:10000 же 1:5000 масштабдарындагы кендин геологиялык картасы;
- 1:10000 масштабындагы кендин түзүмдүк картасы;
- 1:10000 же 1:5000 масштабында мунай жана газ катмарларынын контурларын белгилөө менен эксплуатациялык скважиналарды жайгаштыруу картасы;
- скважинанын (булактын) борборун жана тоо-санитардык коргоонун биринчи жана экинчи объекттерин, бальнеологиялык объекттердин (ванна, чайынма ж.б.) тосмолорун белгилөө менен жер астындагы сууларды топтоонун жана пайдалануунун технологиялык схемасы.
24. Тоо бөлүгүнө карата:
- координаттардын тик бурчтуу тутумунда бурч чекиттеринин координаттары менен кендин өлчөмдөрүнө жараша 1:5000 же 1:2000 же 1:1000 масштабдарындагы тоо жана жер бөлүндүлөрүнүн пландары;
- кендин өлчөмүнө жараша 1:5000 же 1:2000 же 1:1000 масштабдарында негизги ачылуучу иштеп чыгуулар боюнча вертикалдык бөлүктөр менен кенди же анын участокторун ачуунун жана даярдоонун схемасы;
- кендин же анын участогунун өлчөмүнө жараша 1:500 же 1:1000 же 1:2000 масштабдарында кенди же анын участогун өнөр жайлык иштетүүнү баштоого тоо иштеринин айкалыштырылган планы;
- 1:5000 же 1:2000 масштабында тоо тек жана кен бөлүндүлөрүнүн пландары;
- өнөр жай инфраструктура объекттерин жайгаштыруунун башкы планы, анын ичинде өнөр жай аянты, байытуу фабрикасы, калдык сактагыч, технологиялык жолдор, электр берүү линиялары жана башка 1:10000 же 1:5000 же 1:2000 масштабындагы объекттер.
25.Технологиялык бөлүгүнө карата:
- минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн технологиялык жана суу-шламдык схемалары;
- кумду жуу үчүн аппараттардын чынжырынын схемасы (алтын кендери үчүн);
- жабдууну тандоо боюнча эсептөөлөр;
- металлдын жана суунун балансы боюнча эсептөөлөр;
26. Пайдалуу кендердин запастарын өздөштүрүүнүн тоо иштерин өнүктүрүүнүн жылдык программалары (пландары) (мындан ары – жылдык программалар) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга пландалган жылдын 31-январына чейин, кыскача аналитикалык кат жана графикалык тиркеме түрүндө берилет.
27. Ишкананын техникалык жетекчилиги тарабынан бекитилген жылдык программалар бардык керектүү экспертизалардан өткөн техникалык долбоордун негизинде жана жылдык контролдук маркшейдердик сүрөткө тартуунун базасында иштелип чыгат.
Техникалык долбоордон четке чыгып түзүлгөн жылдык программалар макулдашууга уруксат берилбейт.
28. Жер казынасын пайдалануучунун кайра иштетүү боюнча технологиялык комплекс болгондо жылдык планга мурдагы геологиялык-технологиялык карталардын жана сынамдан өткөрүүнүн маалыматтарын эске алуу менен төмөндөгүлөр киргизилет:
- товардык продукттарга алууга жаткан негизги жана коштоочу компоненттердин номенклатурасы, технологиялык процесстин ар бир баскычы үчүн аларды алуу жана жоготуу ченемдери;
- минералдык чийки заттын түрлөрү жана сорттору боюнча кайра иштетүүнүн көлөмдөрү, алардагы пайдалуу компоненттердин жана зыяндуу аралашмалардын курамы, орто аралык жана товардык продукттардын чыгуусу;
- өткөн жылдагы кайра иштетүүдөгү пайдалуу кенди жоготууларды талдоо жана алардын деңгээлин кыскартуу (оптималдаштыруу) боюнча иш-чаралар;
- баштапкы чийки затта жана аны кайра иштетүү продукттарында көлөмдү жана сапатты аныктоо менен, технологиялык процессти жүргүзүүнү контролдоонун колдонулган метрологиялык жана аналитикалык методдору.
29. Жылдык программанын талдоо каты жалпы геологиялык, тоо, технологиялык жана пайдалуу кендерди өздөштүрүүнүн экономикалык бөлүктөрүн камтышы керек.
30. Жылдык программанын жалпы бөлүгү төмөндөгүлөр жөнүндө кыскача (негизгинен таблица формасында) маалыматтарды камтышы керек:
-лицензиялык объекттин жайгашкан орду;
-лицензиялык макулдашуунун шарттарын жана отчеттук мезгилдин макулдашылган жылдык программасы боюнча сунуштоолорду аткаруу;
- тоо иштерин өнүктүрүү пландарын жана лицензиялык макулдашуулардын шарттарын аткаруу боюнча ар жылдык отчеттуулуктун стандарттарына (мындан ары “Отчеттуулук стандарттары”) ылайык берилген, отчеттук жылдагы аткарылган иштер.
31. Жылдык программанын геологиялык бөлүгү төмөндөгүлөрдү камтышы керек:
- баланстык (экономикалык) жана баланстан тышкаркы (потенциалдуу экономикалык) запастардын 5-ГР формасы боюнча кыймылы: (отчеттук жылдын башталышына карата запастар) кемитүү (отчеттук жылда төлөнгөн запастар) кошуу (отчеттук жылдагы запастардын өсүшү) кемитүү (отчеттук жылдагы запастарды эсептен чыгаруу) барабар (пландалган жылга карата запастар);
-иштетүүгө пландалган кендин участогунун кыскача геологиялык мүнөздөмөсү.
32. Жылдык программанын тоо бөлүгү төмөндөгүлөрдү камтышы керек:
-лицензиялык объектте тоо иштерин өнүктүрүүнүн багыттарын, эксплуатациялык (алуу) блокторунун жайгашкан ордун кыскача сүрөттөө жана ар бир жаңы киргизилген алуу бирдиги (камерасы, тепкичи) боюнча жер казынасындагы эксплуатациялык жоготуулардын негиздеме-эсептөөлөрү;
- «Отчеттуулук стандарттарына» ылайык техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр.
33. Жылдык программанын технологиялык бөлүгү төмөндөгүлөрдү камтышы керек:
-байытууда, аффинажда же металлургияда минералдык чийки заттан пайдалуу компоненттерди алуунун технологиялык схемаларынын негиздемеси;
- бөлүктөрү боюнча форма боюнча жана «Отчеттуулук стандарттарына» ылайык минералдык чийки затты кайра иштетүүдөгү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр;
- кенден, кайра иштетүүдөн (байытуудан) жана металлургияда жана аффинажда алуудан металлды алуунун пайызы жана көлөмү;
- калдыктардагы металлдардын өлчөмү.
34. Жылдык программанын экономикалык бөлүгү пайдалуу кендин иштетүү объекттери боюнча гана берилет жана жылдык программанын негизги финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүн камтышы керек:
-капиталдык салымдын көлөмү;
-товардык продукцияны сатуунун көлөмдөрү;
-товардык продукциянын өндүрүштүк жана толук баасы;
-салыктар жана салыктык эмес төлөмдөр;
- товардык продукциянын рентабелдүүлүгү.
35. Жылдык программага карата графикалык тиркемелер төмөндөгүлөрдү камтышы керек:
- кен тулкуларын отчеттук мезгилде иш жүзүндөгү иштетүүлөрүнүн (маркшейдердик өлчөмдөрдүн негизинде) жана пландалган иштетүүлөрүнүн контурларын белгилөө менен, 1:2000 кем эмес масштабда пландалган календардык жылдын башталышына жана аягына карата тоо-кен бөлүндүлөрүнүн чек араларындагы тоо иштеринин жыйынды (айкалышкан) планы. Кен катмарларынын же көмүр пласттарынын төмөн түшүүсүнүн тик ылдый бурчтары менен кендер үчүн 1:2000 кем эмес масштабда бардык кен тулкуларынын (пласттарынын) вертикалдык бетине карата тоо иштеринин проекциялары берилет;
-кен тулкуларын (пласттарын) пландалган иштетүүнүн контурларын белгилөө менен жайылуусу жана төмөн түшүүсү боюнча катмарлардын өлчөмдөрүнө жараша, 1:2000 же 1:1000 же 1:500 масштабдарында тоо-кен бөлүндүлөрүнүн чек араларындагы кен тулкуларынын (пласттарынын) жайылуусуна кайчылаш вертикалдык кесилиштери;
-сыноодон өткөрүүнүн жыйынтыктарын, кен тулкуларынын контурларын, иштетүү тутумунун, коргоо жана таяныч целиктеринин элементтерин белгилөө менен, ар бир жаңы киргизилген алуу бирдиги (блогу, камерасы, тепкичи) боюнча 1:200 же 1:500 масштабындагы кен тулкуларынын жайылуусунун пландары (вертикалдык проекциялары) жана кайчылаш вертикалдык кесилиштери.
36. Мунай, газ кендери жана жер астындагы суулар боюнча:
- 1:10000 же 1:5000 масштабында мунай-газдуулук (суулуулук) контурларын белгилөө менен продуктивдик горизонтторду иштетүү карталары;
- бургуланган скважиналар боюнча геологиялык бөлүктөрдү, 1:500 масштабында ар бир скважина боюнча жыйынды каротаждык диаграммаларды, 1:200 масштабында продуктивдик горизонттордун каротаждык диаграммаларын тиркөө менен, 1:10000 же 1:5000 масштабында жаңы киргизилген кендер үчүн түзүмдүк карталар.
37. Отчеттуулуктун стандарттары тиркелген №№ 1, 2, 3, 4, 5 таблицаларына ылайык берилет.
38. Пайдалуу кендерди иштетүү оң корутундулар болгон бардык керектүү мамлекеттик экспертизадан өткөн техникалык долбоорго жана белгиленген тартипте макулдашылган Жылдык программага ылайык жүргүзүлөт.
39. Пайдалуу кендерди иштетүү тоо долбоору менен негизделген жана лицензиялык макулдашуу менен аныкталган, бурч чекиттеринин мейкиндик тик бурчтуу координаттары менен, тоо-кен бөлүндүсүнүн чек араларында жүргүзүлөт.
40. Тоо-кен бөлүндүсүнүн чек аралары карьердин бортторунун, тоо тектеринин жылуу зоналарынын жана жардыруу иштерин жүргүзүү ордунан коопсуз аралыктардын таралуусун эске алуу менен, чалгындалган кендин же анын бөлүгүнүн контурлары менен аныкталат.
41. Аралаш тоо-кен бөлүндүлөрүнүн ортосундагы карьерлер ортосундагы запастар жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын оң экспертизасынан кийин лицензиаттардын атайын биргелешкен долбоору боюнча төлөнөт.
42. Жер казынасын коргоо бөлүгүндө пайдалуу кендерди иштетүү төмөндөгү шарттарды сактоодо ишке ашырылат:
- казып алууда жер казынасында долбоор менен белгиленген ченемдерден ашыкча эксплуатациялык жоготуулардын пайда болушуна жол берилбейт;
- сарамжалдуу эмес иргеп иштетүүнүн жыйынтыгында минералдык чийки затты казып алуудагы жана кайра иштетүүдөгү пайдалуу кендин ченемден ашыкча жоготууларынын пайда болушуна жол берилбейт;
- техникалык долбоордо белгиленгенден ашыкча кайра иштетүүдө пайдалуу компонентти технологиялык алуунун деңгээлин төмөндөтүүгө жол берилбейт;
- тоо-кен бөлүндүсүнүн чек арасынан тышкары же чек арасында чала иштетилген участокторду (чала иштетмелерди) калтырууга жол берилбейт, аларды өз алдынча иштетүү баалардын жана өнөр жай технологияларынын бул деңгээлинде чыгашалуу болуп саналат;
- чала иштетүү менен калтырылган баланстык запастардын өнөр жайлык баалуулуктарын жоготуу менен кенди иштетүүгө тыюу салынат;
- жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты жок, бош тектердин бөлүндүлөрүн жайгаштырууга жана пайдалуу кен катмарларынын аянттарында уруксатсыз курууга тыюу салынат;
- жер казынасын пайдалануу укугун алуусуз кенди уруксатсыз иштетүүгө тыюу салынат;
- тийиштүү тоо иштерин жүргүзүүгө лицензиялык макулдашууну алуусуз кенди иштетүүгө тыюу салынат;
- кендин баланстык жана баланстан тышкаркы запастарын кошумча иштетүүгө тыюу салынат;
43. Пайдалуу кендерди иштетүүдө, өзгөчө алтын кендерин иштетүүдө төлөнгөн запастарды мамлекеттик эсептен чыгарганга чейин рекультивациялык иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
44. 5-ГР формасы боюнча отчетко ылайык төлөнгөн запастардын кыймылын эсепке алуу жүргүзүлөт.
45. Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамына ылайык, минералдык чийки заттын жер казынасынан алынуучу баштапкы кайра иштетүүнү жүргүзүүчү жер казынасын пайдалануучулар төмөндөгүлөрдү камсыздоого милдеттүү:
- минералдык чийки затта камтылган пайдалуу компоненттерди сарамжалдуу, комплекстүү алууну камсыздаган, минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн технологиялык схемаларын так сактоо; кайра иштетүүнүн ар кандай баскычтарында пайдалуу компоненттерди бөлүштүрүүнү жана аларды минералдык чийки заттан алуунун деңгээлдерин эсепке алуу жана контролдоо;
- минералдык чийки заттын технологиялык касиеттерин жана курамын андан ары изилдөө, минералдык чийки затты кайра иштетүү технологияларын өркүндөтүү максатында тажрыйбалуу технологиялык сыноолорду өткөрүү;
- кайра иштетүүнүн продуктуларын жана калдыктардын толук пайдалануу (шламдарды, калдыктарды, агынды сууларды ж.б.); убактылуу пайдаланылбаган продукттарды жана пайдалуу компоненттерди камтыган өндүрүштүн калдыктарын топтоо, эсепке алуу жана сактоо.
46. Жер казынасын пайдалануучу төмөндөгүлөрдү камсыздоого милдеттүү:
- жер казынасын пайдалануу менен байланыштуу иштерди жүргүзүү технологиялары боюнча жана минералдык чийки заттарды баштапкы кайра иштетүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдардын талаптарын, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген стандарттарды (ченемдерди, эрежелерди) сактоо;
- тоо иштеринин Техникалык долбоорлорун, Жылдык программалардын талаптарын сактоо, пайдалуу кендерди ченемден ашыкча жоготууларга, кунарсызданууга жана иргеп иштетүүгө жол бербөө;
- жер казынасын пайдалануунун бардык түрлөрүнүн процесстеринде геологиялык, маркшейдердик жана башка документтерди жүргүзүү жана анын сакталышы;
- жер казынасын, атмосфера абасын, жерлерди, токойлорду, сууларды, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды жер казынасын пайдалануу менен байланыштуу иштердин зыяндуу таасиринен коргоо шарттарын регламенттөөчү, белгиленген тартипте бекитилген стандарттарды (ченемдерди, эрежелерди) сактоо.
47. Жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо боюнча негизги талаптарга төмөндөгүлөр кирет:
- геологиялык изилдөөнүн толуктугун, жер казынасын сарамжалдуу комплекстүү пайдаланууну жана коргоону камсыздоо;
- суу алуу аянттарында жана ичүү же өнөр жайлык суу менен камсыздоо үчүн пайдаланылган жер астындагы суулар бар жерлерде өнөр жай жана тиричилик калдыктарынын топтолушунун алдын алуу.
48. Эрежелердин 45, 46 жана 47-пункттарында саналып өткөн талаптар бузулган учурда, кенди иштеп чыгуу тандалма катары бааланат дагы, экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюна мамлекеттик контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан коюла турчу экономикалык санкциялар көрсөтүлөт.
49. Долбоордук документтердин техникалык чечимдери жер казынасын жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды эске алуу менен минералдык чийки заттарда камтылган пайдалуу компоненттерди сарамжалдуу, комплекстүү алууну камтыйт жана камсыздайт.
50. Юридикалык жана жеке жактар долбоордук документтерди иштеп чыгууда объекттерди жайгаштыруунун варианттарын, технологиялык схемаларын жана режимдерин техникалык-экономикалык салыштырууларды, оптималдуу (акыркы) вариант боюнча сунуштарды даярдоону жүргүзөт. Бул материалдардын жана сунуштардын көлөмү жана курамы минералдык чийки заттардын баалуулук көрсөткүчтөрүн жана байытылуусун, аны сарамжалдуу жана комплекстүү пайдаланууну, жер казынасын коргоону камсыздоону эсепке алуу менен аныкталат.
51. Долбоордук документтер төмөндөгүлөр боюнча негиздемелерди жана техникалык чечимдерди камтыйт:
- бөлүндү продукттары менен алардын минималдуу жоготуулардын камсыздоочу негизги пайдалуу компоненттерди оптималдуу алуу;
- жогорку өтмө алууларды камсыздоочу, концентраттардагы пайдалуу компоненттин оптималдуу курамын аныктоо;
- коштоочу компоненттерди продукциянын өз алдынча түрлөрүнө бөлүү;
- агынды суулардан, жүгүртүү сууларынан жана газ тазалоо продукттарынан баалуу компоненттерди алуу;
- кайра иштетүү өндүрүшүнүн калдыктарын пайдалануу (тоо иштетүүлөрүн топтоо, жер участокторун рекультивациялоо, курулуш материалдарын өндүрүү жана башкалар);
- кайра иштетүүнүн кондицияланбаган продукттарын жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн калдыктарын өзүнчө топтоо, аларды эсепке алуу жана андан ары пайдалануу үчүн сактоо;
- милдеттүү өндүрүштүк документтердин курамы;
- минералдык чийки затты толук жана комплекстүү пайдаланууну техникалык контролдоо кызматынын (мындан ары – кайра иштетүү боюнча иштердин сапатын контролдоо кызматы) курамы жана ченемдик саны, акыркы (товардык) продукцияны техникалык аныктоо;
- минералдык чийки заттарды баштапкы кайра иштетүү боюнча иштерди геологиялык жана маркшейдердик камсыздоо;
- кайра иштетүүнүн ар кандай баскычтарында пайдалуу компоненттерди бөлүштүрүүнү жана аларды алуу деңгээлдерин эсепке алуу жана контролдоо;
- минералдык чийки заттын технологиялык касиеттерин жана курамын изилдөө;
- кайра иштетүүчү өндүрүштүн тапшырылган пайдалануу мөөнөтүндөгү калдыктарды сактоо чарбасынын тутумунун (калдыктарды сактагычтын) сыйымдуулугу;
- жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды булгоонун алдын алуу;
- өндүрүштүн зыяндуу калдыктары болгондо аларды зыянсыздандыруу же көмүү, бузулган жер участокторун рекультивациялоо.
52. Жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону, жер казынасын коргоо экспертизасын өткөрүүнү мамлекеттик контролдоодо аныкталган белгиленген талаптарды бузуулар долбоордук документтерге керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен четтетүүгө жатат.
53. Долбоордук документтерди түзүүдө эске алынат:
- кендин геологиялык мүнөздөмөлөрү, негизги жана коштоочу пайдалуу компоненттердин тизмеги, кайра иштетүү продукттарын жана бөлүндү калдыктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү;
- түрү жана сорту боюнча пайдалуу кенди изилдөө, технологиялык сынамдардын мүнөздөмөлөрү, ар бир түр жана сорт боюнча изилдөө, заттык курам жана компоненттердин курамы боюнча алардын берилиши;
- түрлөрү жана сорттору боюнча кенди геологиялык-технологиялык карталардын жыйынтыктары; кенди стандартка жакындаштыруунун сунушталган методдору; кендин технологиялык түрлөрүн селективдик казып алуу мүмкүнчүлүгү;
- түрлөрү жана сорттору боюнча минералдык чийки заттардын заттык курамы (химиялык, минералогиялык, фазалык), минералдардын чоңдугу жана мүнөзү боюнча маалыматтар, аларды ачуу үчүн майдалоонун керектүү деңгээли;
- түрлөрү жана сорттору боюнча пайдалуу кендердин физикалык-механикалык касиеттери (бекемдик коэффициенти, көлөмдүк жана үймө салмагы, абразивдүүлүк, табигый нымдуулук жана башкалар);
- минералдык чийки заттын майдалыгы жана майдаланышы жөнүндө маалыматтар, шламдоого карата ыктагандык; майдаланышы боюнча кенди стандартка жакындаштыруунун зарылчылыгын баалоо;
- кайра иштетүүчү өндүрүшкө түшкөн минералдык чийки заттын чоңдугу;
- алдын ала концентрация мүмкүнчүлүгүн баалоо (оор суспензиялардагы байытуу, радиометрикалык байытуу ж.б.).
54. Долбоордук документтердин графикалык материалдарында көрсөтүлөт:
- талкалоо, майдалоо баскычтары жана операциялары, жиктелиши, кайра иштетүү продукттарын байытуу жана суусуздандыруу;
- ар бир операцияда алынган продукттардын чыгышы, пайдалуу компоненттин курамы, операциялар боюнча пульпадагы катуу чийки заттын пайыздык курамы, ошондой эле операциялар боюнча катуу чийки заттын, суунун жана пульпанын көлөмү;
- кайра иштетүүнүн акыркы көрсөткүчтөрүнүн таблицасы жана негизги бөлүктөрдүн жана процесстердин иштөө режими;
- флотациялоо убактысы (аны колдонуу учурунда), флотациялоонун температура режими, реагенттерди берүүнүн чыгымы жана чекити.
55. Минералдык чийки затты кайра иштетүү боюнча иштерди жүргүзүүдө негизги жана коштоочу пайдалуу компоненттерди толук алуу жана эсепке алуу, ченемден ашыкча жоготуулардын алдын алуу, убактылуу пайдаланылбаган минералдык чийки затты, кайра иштетүү өндүрүшүнүн калдыктарында камтылган негизги жана коштоочу компоненттерди эсепке алуу, топтоо жана сактоо, ошондой эле жер казынасын жана курчап турган чөйрөнү коргоо камсыздалат.
56. Уюмдун долбоордук документтердин негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча технологиялык процессти ыкчам башкарууну камсыздоосу жана кайра иштетүүнүн тапшырылган параметрлерин сактоосу үчүн өзүнчө технологиялык операциялар жана процесстин чынжырчалары боюнча, чийки заттын технологиялык түрлөрүн, сортторун жана сапатын эсепке алуу менен, технологиялык жана режимдик нускамалар (карталар) жана башка технологиялык документитер (мындан ары – технологиялык документтер) түзүлүшү мүмкүн.
57. Белгиленген тартипте долбоордук жана технологиялык документтерде бекитилгенден четтөө менен кайра иштетүү боюнча иштерди жүргүзүүгө жол берилбейт.
58. Кайра иштетүү иштерин жүргүзүү боюнча талаптар төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- кайра иштетүү боюнча иштерди жүргүзүүчү уюмда тийиштүү жогорку кесиптик билими жана көрсөтүлгөн чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы бар кызматкерлердин болушу;
- кайра иштетүүнүн технологиялык процесстерин башкарууга тийиштүү профилдеги адистерди киргизүү;
- уюмдун кызматкерлерин жүргүзүлгөн иштер жана жер казынасын коргоо жаатындагы стандарттардын (ченемдердин, эрежелердин) талаптарын билүүгө карата белгилеген тартипте аттестациялоо;
- пайдаланылуучу приборлорду жана аспаптарды метрологиялык тейлөө;
- кайра иштетүү боюнча иштердин сапатына контролдоо тутумунун, анын ичинде ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган тийиштүү жобонун болушу;
- жоопкерчиликтүү иштерди кайра иштетүүнүн тийиштүү жаатында үч жылдан кем эмес иш стажы бар кызматкерлердин жүргүзүүсү.
59. Кайра иштетүү боюнча иштердин сапатын контролдоо кызматынын жетекчиси камсыздайт:
- иштерди ар жылдык пландоо;
- иштердин иш жүзүндө жүргүзүүнүн долбоордук документтерге шайкештигин текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- минералдык чийки затты сарамжалдуу жана комплекстүү пайдалануу, жер казынасын жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууга катышуу;
- келишимдик негизде четтик уюмдар тарабынан аткарылуучу иштерди кабыл алууга катышуу;
- геологиялык, маркшейдердик жана башка документтерди кайра уюштурулган уюмдардын укук улантуучуларына туруктуу сактоого берүү, ал эми уюмду жоюуда – акт боюнча тийиштүү мамлекеттик же муниципалдык архивге берүү;
- уюмдун бөлүмдөрүнүн жетекчилерине аткаруу үчүн милдеттүү болгон кайра иштетүү боюнча иштердин сапатын камсыздоо маселелери боюнча, ошондой эле жер казынасын жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын, долбоордук документтерди бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөрдү жеткирүү;
- долбоордук документтерден четтөө менен аткарылган иштерди жараксыз кылуу;
- жер казынасын коргоо жаатында уюмдун кызматкерлерин даярдоону жана аттестациялоону уюштуруу;
- кайра иштетүү боюнча иш өндүрүшүнө илимдин жана техниканын жаңы жетишкендиктерин киргизүү;
- уюмдун кызматкерлерине кайра иштетүү жана жер казынасын коргоо жаатындагы белгиленген талаптардын өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматты жеткирүү;
- прогрессивдүү технологияларды киргизүүнүн негизинде кайра иштетүүнүн сапатын өркүндөтүү;
- уюмдун жетекчисине жер казынасын коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү, талаптар менен белгиленген бузууларды жоюу, жер казынасын коргоо жана кайра иштетүү боюнча иштин жогорку сапаты үчүн уюмдун кызматкерлерин сыйлоо боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө сунуштарды киргизүү.
60. Кайра иштетүүдө, кайра иштетүүнүн калдыктары менен пайдалуу компоненттерди жоготуулардын өсүшүн шарттаган техникалык бузуктары бар жабдууну пайдаланууга жол берилбейт.
61. Кайра иштетүү калдыктарындагы негизги жана коштоочу пайдалуу компоненттердин максималдуу жол берилген курамы (жоготуулардын ченемдери) долбоордук документтер менен негизделет жана такталат жана иштетилген кендин баланстык запастарындагы негизги жана коштоочу компоненттердин минималдуу өнөр жайлык курамынан жогору аныкталбайт. Отчеттук мезгилде кайра иштетүү калдыктары менен жоголгон, жоготуулардын белгиленген ченемдеринен ашкан негизги жана коштоочу компоненттердин көлөмдөрү ченемден ашыкча жоготууларга кирет.
62. Сапатты контролдоо тутумун техникалык өркүндөтүү автоматташтыруунун жана компьютерлештирүүнүн деңгээлин жогорулатууга, алынган технологиялык процесстер жөнүндө маалыматтын ишенимдүүлүгүнө, технологиялык режимдерди оптималдаштыруу боюнча чечимдерди кабыл алуунун ыкчамдыгына негизделет.
63. Кайра иштетүүдө алынган маалыматтын ишенимдүүлүгүн төмөндөтүүгө алып келе турган сынамдардын тандоо орундарын жайгаштырууга жол берилбейт.
64. Минералдык чийки затты кайра иштетүү продукттарынын баланстарын түзүү боюнча сунуштоолор:
- кайра иштетүү продукттарынын баланстары (технологиялык жана товардык) нөөмөт, сутка, ай, квартал жана жыл үчүн түзүлөт жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн же анын секцияларынын жана бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө сапаттык жана сандык маалыматтарды камтыйт;
- товардык балансты туура түзүүнүн чен белгилери анын технологиялык баланс менен айырмасынын же эсепке алынган продукттарда кайра иштетүү өндүрүшкө түшкөн жана анын чегинен чыккан пайдалуу компоненттин салмактарынын ортосундагы айырманын азыраак көлөмү (2-3 %), ошондой эле товардык баланстын катары менен 3 айдан кем эмес айырмасы (дал келбөө) болуп саналат;
- айырманын (дал келбөө) чегинде, белгиге жараша, пайдалуу компонент продукттар ортосунда бөлүштүрүлөт: ашыкчасы баштапкы кендеги курамды жогорулатууга кирет, жетпегени баштапкы кендеги (төмөндөтүү менен) жана бөлүндү калдыктарында (жогорулатуу менен) анын курамын пропорционалдуу өзгөртүү менен оңдолот;
- товардык баланстын айырмасын (дал келбөө) бөлүштүрүү бир айлык баланстар үчүн жүргүзүлөт.
65. Минералдык чики затты кайра иштетүүдө аны иш жүзүндө пайдалануу жөнүндө бир жылдагы жыйынтыктоочу маалыматтар мамлекеттик статистикалык байкоонун белгиленген формаларында чагылдырылат.
66. Чийки заттын сапаты өзгөргөндө баштапкы минералдык чийки заттын сапатынын параметрлерине ылайык бир эле түрдүн (сорттун) чегине жоготуулардын ченемдерин кайра эсептөө жүргүзүлбөйт. Түрдүн (сорттун) өзгөрүүсүнө алып келе турган, чийки заттын сапаты олуттуу өзгөргөндө, ошондой эле кайра иштетүүнүн экономикалык шарттарын олуттуу өзгөртүүдө (кайра иштетүү продукциясына баалардын конъюнктурасынын, анын өздүк наркынын жана башкалардын өзгөрүшү) жоготуулардын ченемдерин кайра эсептөө техникалык-экономикалык негиздемелерге ылайык жүргүзүлөт. Зарыл болгондо жер казынасын коргоо экспертизасы жүргүзүлөт.
67. Кайра иштетүүнүн бардык баскычтарындагы жоготуулар ченемдөөгө жатат.
68. Ченемден ашыкча жоготуулар пайдалуу компоненттер жана технологиялык сорттор боюнча жоготуулардын иш жүзүндөгү жана ченемдик маанилеринин ортосундагы айырма катары аныкталат.
74. Жер казынасынын участогун пайдаланууну геологиялык жана маркшейдердик камсыздоо төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- алгачкы чалгындоо жана тоо-өтмө даярдык жана казып алуу иштерин жүргүзүүдө мурдагы эксплуатациялык чалгындоо, анын ичинде тоо иштеп чыгууларын жана ар кандай багыттагы скважиналарды геологиялык документтештирүү жана сынамдан өткөрүүнү, пайдалуу компоненттерге жана зыяндуу аралашмаларга карата сынамдын химиялык, спектралдык жана башка түрлөрүн, пайдалуу кендин жана анда камтылган компоненттердин технологиялык касиеттерин изилдөөнү;
- чалгындалган пайдалуу кендердин так баа камсыздоо кылуу үчүн маркшейдердик жана геологиялык иштерин өндүрүү;
- белгиленген геологиялык жана маркшейдердик документтерди жүргүзүү, аны сактоо, ошондой эле жер астындагы сууларга байкоочу режимдик скважиналарды, маркшейдердик белгилерди, санитардык (тоо-санитардык) зоналардын жана округдардын белгилерин, пайдалуу кендердин сынамдарынын жуп нускасын жана жер казынасын андан ары пайдаланууда, ошондой эле аны коргоодо керек боло турган кернди сактоо;
- пайдалуу кендердин жоготууларынын ченемдеринин жана мунай жана газды казып алууда аларды чыгаруунун коэффициенттеринин негиздемеси;
70. Пайдалуу кендердин бардык чалгындалган баланстык жана баланстан тышкаркы запастары өлчөмү, сапаты жана көлөмү боюнча геологиялык-маркшейдердик эсепке алууга жатат.
71. Геологиялык-маркшейдердик эсепке алуу эсептик геологиялык блоктор менен айкалышкан, катуу пайдалуу кендин эксплуатациялык же өнөр жайлык запастары боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
72. Тындырылган запастардын геологиялык-маркшейдердик эсеби, аралашма тектерди кунарсызданууну жана пайдалуу кенди казып алуудагы жана кайра иштетүүдөгү жоготууларды эсепке алуусуз өткөрүлөт.
73. Геологиялык-маркшейдердик эсепке алуу төмөндөгүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- пайдалуу кендерди казып алуу;
- казып алуудагы пайдалуу кендин жоготуулары жана кунарсыздануусу;
- тоо-кен бөлүндүсүнүн чек араларында өнөр жайлык (эксплуатациялык) чалгындоолордун жыйынтыгында чалгындалган запастардын өсүшү;
- жер казынасын пайдалануучунун эсебинен чыгаруунун жыйынтыгында чалгындалган запастарды өзгөртүү.
74. Казып алууну, жоготууларды жана кунарсызданууну эсепке алуу эсептик геологиялык блоктор менен айкалышкан, эксплуатациялык запастардын ар айлык маркшейдердик өлчөөлөр жана геологиялык документтери боюнча жүргүзүлөт.
75. Геологиялык чалгындоо жана эксплуатациялык иштердин жыйынтыгында запастардын өзгөрүүлөрүн эсепке алуу запастарды ыкчам эсептөө маалыматтары боюнча жүргүзүлөт жана андан ары Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын сыноодон өткөрүлөт.
76. Ишкананын эсебинен чыгаруунун жыйынтыгында чалгындалган запастардын өзгөрүүлөрүн эсепке алуу пайдалуу кендин запастарынын кыймылы боюнча кабыл алынган отчетко ылайык жер казынасын пайдалануучунун геологиялык-маркшейдердик кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
77. Чалгындалган, пайдаланууга тартылган запастардын абалын жана кыймылын геологиялык-маркшейдердик эсепке алуу төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- баштапкы наряддык, талаа, акт түзүлгөн геологиялык-маркшейдердик жана аларга карата графикалык документтердин негизинде запастарды ар айлык баштапкы эсепке алуу;
- запастардын кыймылы боюнча баштапкы эсепке алуунун базасында запастарды жылдык жыйынды эсепке алуу, жыйынды эсепке алуунун негизинде 5-ГР формасы боюнча түзүлгөн запастардын отчеттук балансы.
- аткарылган тоо иштеринин көлөмү жана маркшейдердик өлчөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча тоо иштеринин фронтунун кыймылы тийиштүү масштабдын Тоо иштеринин жумушчу планына киргизилет.
78. Бардык баланстык жана баланстан тышкаркы запастар эсепке алууга жатат. Баланстык жана баланстан тышкаркы запастардын абалы жана кыймылы 5-ГР формасы боюнча отчеттук баланста чагылдырылат. Эгерде пайдалуу кенди пайдалануу процессинде иштетүү долбоору менен баланстан тышкаркы запастарды казып алуу каралса же иш жүзүндө киргизилсе, анда алар баланстык запастардын тобуна которууга жатат.
79. Тоо иштерин геологиялык-маркшейдердик камсыздоо боюнча методикалык көрсөтмөлөргө ылайык эсепке алууну жүргүзүү.
80. Негизги, ошондой эле алар менен чогуу катмарлашкан пайдалуу кендердин жана аларда камтылган компоненттердин запастарынын изилдөө деңгээли боюнча жогорку категорияларга өсүшү жана которуу иш жүзүндөгү геологиялык материалдар боюнча аларды эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт жана белгиленген тартипте бекитилет.
81. Пайдалуу кендердин запастарын эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Пайдалуу кендин жана пайдалануу компоненттин баланстык запастары запастардан чыгарууга жатат:
- жер казынасынан казылып алынган;
- пайдалуу кенди казып алуудагы жоготулган, анын ичинде казып алуудагы ченемден ашыкча жоготуулар;
- кайра иштетүүдө – байытууда, кайра иштетүүдө, кумду жууганда, концентратты аффинирлөөдө жана металлургия процесстеринде жоготулган;
- долбоорлоодо же пайдалуу кенди иштетүү процессинде же аны өнөр жайлык алгачкы чалгындоону өткөрүүдө, техникалык-экономикалык негиздемелер боюнча аныкталган иштетүүгө жараксыз кондицияланбаган запастар;
- келтирген зыяндын ордун толтуруу боюнча тийиштүү санкциялык чараларды көргөндөн кийин, пайдалуу кенди иргеп иштетүүнүн жыйынтыгында пайдалуу кендин өнөр жайлык маанисин жоготкон бөлүгү;
- тоо экспертизасынын жыйынтыктары боюнча гана, тоо-кен бөлүндүсүнүн контурларында геологиялык чалгындоо, анын ичинде эксплуатациялык чалгындоо жана (же) тоо-даярдык иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында ырасталбаган запастар.
82. Запастарды 81-пунктунун 2, 3 жана 4-абзацтары боюнча эсептен чыгаруу, жер казынасын пайдалануучу тарабынан жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга запастардын кыймылынын отчеттук балансы боюнча ар жылдык статистикалык отчеттуулукту, жер казынасындагы жоготуулар боюнча отчетту жана кайра иштетүүдө комплекстүү пайдалануу жана калдыктарды, калдык сактоочу жайларды пайдалануу жөнүндө отчетту берүү жана каттоо түрүндө өткөрүлөт.
83. Запастарды 81-пунктунун 5-абзацы боюнча эсептен чыгаруу, жер казынасын пайдалануучу тарабынан кенди иштетүү процессинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тоо-кен бөлүндүсүнүн контурунда пайдалуу кендин эсептен чыгарууга берилген баланстык запастарын иштетүүнүн максатка ылайыктуулугунун техникалык-экономикалык негиздемелерин берүү түрүндө өткөрүлөт.
84. Запастарды 81-пунктунун 6-абзацы боюнча эсептен чыгаруу, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иргеп иштетүүнүн жыйынтыгында өнөр жайлык маанисин жоготкон запастар аныкталышына жараша, жер казынасын пайдалануучунун күнөөсү боюнча, тийиштүү санкциялык чараларды көргөндөн кийин өткөрүлөт.
85. Запастарды 81-пунктунун 7-абзацы боюнча эсептен чыгаруу, жер казынасын пайдалануучу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эксплуатациялык полигондор менен айкалышкан, өзүнчө эсептик геологиялык блоктор боюнча ырасталбаган запастардын негиздемелерин берүү түрүндө, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Эрежеге ылайык, мындай бузууга жол берген тарапка тийиштүү санкциялык чараларды көргөндөн кийин жана чала иштетилип калтырылган кендин бөлүгүн толук иштеткенден кийин өткөрүлөт.
86. Алтын кендерин иштетүүдө запастарды эсептен чыгаруу ар бир эксплуатациялык блок (полигон) боюнча өзүнчө өткөрүлөт.
87. Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын жана ушул Эрежелердин ченемдерин бузган күнөөлү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш, адиминстративдик жана экономикалык жоопкерчилигин тартылат.
88. Жоопкерчиликке тартуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекси жана Кылмыш-жаза кодекси менен белгиленет.
94. Экономикалык санкциялар түрүндө жер казынасын коргоо Эрежелерин бузуу үчүн экономикалык жоопкерчилик төмөндөгү учурларда пайда болот:
- пайдалуу казындыларды казып алууда жана кайра иштетүүдө Техникалык долбоор менен белгиленген ченемдерден ашыкча жоготуулардын пайда болушу;
- кайра иштетүүдө технологиялык чыгарып алуунун азайтуу, Техникалык долбоорго белгиленген ашыкча нормативдер;
- участоктордун тоо-кен бөлүндүсүн чек арадан тышкары же чек арада калтыруу (чала иштетүү), аларды өз алдынча иштетүү баалардын жана өнөр жай технологияларынын бул деңгээлинде чыгашалуу болуп саналат;
-кайра иштетүүдө жер казынасынан пайдалуу кенди казып алууну геологиялык-маркшейдердик эсепке алууну жана товардык балансты түз же жашыруун бурмалоо.
- пайдалуу кенди иштетүүдө жер казынасын уруксатсыз пайдалануу.
90. Экономикалык зыянды баалоо.
Казып алууда пайдалуу кендерди ченемден ашыкча жоготуулар пайда болгондо, экономикалык зыян ченемден ашыкча жоготуулардагы пайдалуу кендин рыноктук баасы катары аныкталат;
91. Кайра иштетүүдөгү технологиялык алууларды төмөндөтүүдөн улам болгон экономикалык зыян чың көңдө жана гале-эфелдик катмарларда, калдык сактоочу жайларда ж.б. техникалык долбоор менен белгиленген ченемден ашыкча жоготулган пайдалуу кендин рыноктук баасы катары аныкталат;
92. Жер казынасында пайдалуу кендин баланстык запастарын иштетпей калтыруудан улам болгон экономикалык зыян мамлекеттик баланс тарабынан эсепке алынган иштетилбей калган эсептик геологиялык блоктордогу пайдалуу кендин рыноктук баасы катары аныкталат;
93. Кайра иштетүүдө жер казынасынан пайдалуу кенди казып алууну геологиялык-маркшейдердик же статистикалык эсепке алууну жана товардык балансты түз же жашыруун бурмалоодон улам экономикалык зыян казып алуудагы жана товардык баланстагы бурмалоонун көлөмүндөгү алтындын рыноктук баасы катары аныкталат.
94. Жер казынасын уруксатсыз пайдалануудан улам экономикалык зыян пайдалуу кендин уруксатсыз алынган запастарындагы пайдалуу кендин рыноктук баасы жана жер казынасын пайдалануу үчүн төлөнбөгөн салыктардын суммасы катары аныкталат.
95. Экономикалык санкцияларды берүүнүн тартиби.
Ушул эрежелер менен каралган экономикалык санкциялар экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюна мамлекеттик контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча тоо иштеринин өндүрүш орундарында текшерүүлөрдү жана (же) пайдалуу кендин жер казынасынан алынган контролдук маркшейдердик өлчөөлөрдү жүргүзүүдө аныкталат.
96. Экономикалык санкциялар боюнча акча каражаттарынын суммасы жер казынасын пайдалануучу тарабынан республикалык бюджетке тийиштүү документти тапшыруу учурунан тартып 1 айдан кеч эмес төлөнөт.
97. Экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюна мамлекеттик контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын экономикалык санкция колдонулушу менен макул болбогон жак, сот тартибинде даттанууга укуктуу.
Техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү | Өлчөө бирдиги | Өлчөмү | ||
План 20__ | Факт 20__ | План 20__ | ||
1. Тоо иштетүүнүн өткөөлү: - тоо-капиталдык - тоо-даярдык - бөлүү |
п.м/м3 п.м/м3 п.м/м3 |
|
|
|
2. Бош тоо тек | миң м3 |
|
|
|
3. Товардык кенди казуу - пайдалуу компоненттин орточо курамы - пайдалуу компонент (металл) | миң т, миң м3 г/т, % кг, т |
|
|
|
4. Жер казынасынан алуу | % |
|
|
|
5. Товардык кенди кайра иштетүү: - металлдын орточо курамы - пайдалуу компонент (металл) | миң т, миң м3 г/т, % кг, т |
|
|
|
6. Байытуу фабрикасында металлды технологиялык алуу |
% |
|
|
|
7. Металлургия (кайра иштетүү) заводунда металлды технологиялык алуу |
% |
|
|
|
8. Товар продукциясын өтмө алуу | % |
|
|
|
9. Байытуу жана металлургия калдыктарында металлды жоготуулар |
% |
|
|
|
10. Алынган товардык продукция | кг |
|
|
|
11. Концентрат түрүндө алынган товардык продукция |
кг |
|
|
|
12. Концентраттагы металлдын курамы | гр/т |
|
|
|
13. Сатуулардын көлөмү | кг т |
|
|
|
14. Сатуу баасы | сом/кг, сом/т |
|
|
|
15. 20__-жылдын 01-январына карата баланстык запастардын калдыгы - кен - орточо курамы - металл |
миң т, миң м3 г/т, % кг, т |
|
|
|
16. Капиталдык салым, бардыгы: анын ичинде: - тоо-капиталдык иштер - технологиялык жабдуу | миң сом миң сом
миң сом |
|
|
|
17. Акыркы товардык продукциянын өндүрүштүк наркы | сом/кг сом/т |
|
|
|
18. Салыктар төлөндү, бардыгы: анын ичинде бонустар роялти | миң сом миң сом миң сом |
|
|
|
19. Даяр продукциянын калдыгы | кг |
|
|
|
20. 20__-жыл үчүн ПУЛ төлөндү. | миң сом |
|
|
|
Техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү | Өлчөө бирдиги | Өлчөмү | ||
План 20__ | Факт 20__ | План 20__ | ||
Пайдалуу кендерди иштетүүгө лицензиялар боюнча | ||||
1. Тоо иштетүүнүн өткөөлү: - тоо-капиталдык - тоо-даярдык - бөлүү |
п.м п.м п.м |
|
|
|
2. Бош тоо тек | миң м3 |
|
|
|
3. Көмүр казуу | миң т |
|
|
|
4. Жер казынасынан алуу | % |
|
|
|
5. Сатуулардын көлөмү | миң т, |
|
|
|
6. Сатуу баасы | сом/т, |
|
|
|
7. 20__-жылдын 01-январына карата баланстык запастардын калдыгы | миң т |
|
|
|
8. Капиталдык салым, бардыгы: анын ичинде: - тоо-капиталдык иштер - технологиялык жабдуу | миң сом миң сом миң сом |
|
|
|
9. Өндүрүштүк наркы | сом/т |
|
|
|
10. Салыктар төлөндү, бардыгы: анын ичинде бонустар роялти | миң сом миң сом миң сом |
|
|
|
11. Даяр продукциянын калдыгы | миң т |
|
|
|
12. 20__-жыл үчүн ПУЛ төлөндү | миң сом |
|
|
|
Мөөр менен жооптуу адамдын колу
Техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү | Өлчөө бирдиги | Өлчөмү | ||
План 20__ | Факт 20__ | План 20__ | ||
Пайдалуу кендерди иштетүүгө лицензиялар боюнча | ||||
1. Бош тоо тек | миң м3 |
|
|
|
2. Пайдалуу кенди казуу | миң тн миң м3 |
|
|
|
3. Жер казынасынан алуу | % |
|
|
|
4. Кайра иштетилди | миң тн миң м3 |
|
|
|
5. Алынган товардык продукция | миң т, миң м3 миң дн |
|
|
|
6. Сатуулардын көлөмү | миң т, миң м3 миң дн |
|
|
|
7. Сатуу баасы | сом/т, сом/м3 сом/дн |
|
|
|
8. 20__-жылдын 01-январына карата баланстык запастардын калдыгы | миң т |
|
|
|
9. Капиталдык салым, бардыгы: анын ичинде: - тоо-капиталдык иштер - технологиялык жабдуу | миң сом миң сом
миң сом |
|
|
|
10. Акыркы товардык продукциянын өндүрүштүк наркы | сом/м3 сом/т сом/дн |
|
|
|
11. Салыктар төлөндү, бардыгы: анын ичинде бонустар роялти | миң сом миң сом миң сом |
|
|
|
12. Даяр продукциянын калдыгы | миң т, миң м3 миң дн |
|
|
|
13. 20__-жыл үчүн ПУЛ төлөндү. | миң сом |
|
|
|
Мөөр менен жооптуу адамдын колу
Техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү | Өлчөө бирдиги | Өлчөмү | ||
План 20__ | Факт 20__ | План 20__ | ||
Мунай | ||||
1. Бургулап тешилди: - чалгындоо скважиналары - эксплуатациялык скважиналар |
п.м п.м |
|
|
|
2. Скважиналардын эксплуатациялык фонду анын ичинде: - иштеп жаткан - шыкагыч - контролдук - иштебеген | бирдик |
|
|
|
3. Мунай казуу, бардыгы: анын ичинде: - жаңы скважиналардан - эски скважиналардан | миң т миң т миң т |
|
|
|
4. Мунай берүү коэффициенти | % |
|
|
|
5. Суу жеткирүү | % |
|
|
|
6. 20__-жылдын 01-январына карата алынган запастар | миң т |
|
|
|
7. Капиталдык салым, бардыгы: анын ичинде: - тоо-капиталдык иштер - технологиялык жабдуу | миң сом миң сом миң сом |
|
|
|
8. Өндүрүштүк наркы | сом/т |
|
|
|
9. Салыктар төлөндү, бардыгы: анын ичинде бонустар роялти | миң сом миң сом миң сом |
|
|
|
10. Даяр продукциянын калдыгы | миң т |
|
|
|
11. 20___-жыл үчүн ПУЛ төлөндү | миң сом |
|
|
|
Газ | ||||
1. Бургулап тешилди: - чалгындоо скважиналары - эксплуатациялык скважиналар |
п.м. п.м. |
|
|
|
2. Скважиналардын эксплуатациялык фонду: - иштеп жаткан - иштебеген - контролдук | бирдик |
|
|
|
3. Газ казуу, бардыгы: анын ичинде: - жаңы скважиналардан - эски скважиналардан | млн.м3 |
|
|
|
4. Пайдалануу коэффициенти | % |
|
|
|
5. Жылдын башталышына карата алынган запастар | млн.м3 |
|
|
|
6. Капиталдык салым, бардыгы: анын ичинде: - тоо-капиталдык иштер - технологиялык жабдуу | миң сом миң сом миң сом |
|
|
|
7. Өндүрүштүк наркы | сом/1000м3 |
|
|
|
8. Салыктар төлөндү, бардыгы: анын ичинде бонустар роялти | миң сом миң сом миң сом |
|
|
|
9. Даяр продукциянын калдыгы | миң м3 |
|
|
|
10. 20__-жыл үчүн ПУЛ төлөндү | миң сом |
|
|
|
Мөөр менен жооптуу адамдын колу
Техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү | Өлчөө бирдиги | Өлчөмү | ||
План 20__ | Факт 20__ | План 20__ | ||
Минералдык жер астындагы суулар | ||||
1. Бальнеологиялык дарылоого суу алуу | м3/жыл |
|
|
|
2. Куюштурууга суу алуу | м3/жыл |
|
|
|
3. Капиталдык салым, бардыгы: анын ичинде: - курулуш - технологиялык жабдуу | миң сом миң сом миң сом |
|
|
|
4. Өндүрүштүк наркы | сом/м3 |
|
|
|
5. Салыктар төлөндү, бардыгы: анын ичинде бонустар роялти
| миң сом миң сом миң сом
|
|
|
|
Тузсуз жер астындагы суулар | ||||
1. Ичүүчү сууну алуу | миң м3/жыл |
|
|
|
2. Айыл чарба өндүрүшүнө суу алуу | миң м3/жыл |
|
|
|
3. Өнөр жай өндүрүшүнө суу алуу | миң м3/сутка |
|
|
|
4. Капиталдык салым, бардыгы: анын ичинде: - курулуш - технологиялык жабдуу | миң сом миң сом миң сом |
|
|
|
5. Өндүрүштүк наркы | сом/м3 |
|
|
|
6. Салыктар төлөндү, бардыгы: анын ичинде бонустар роялти | миң сом миң сом миң сом |
|
|
|
Мөөр менен жооптуу адамдын колу