Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы № 258 буйругу менен бекитилди |
Мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын узак мөөнөткө сактоо жөнүндө НУСКАМА
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Жалпы маалыматтар
1. Бул нускама мамлекеттик резервге узак убакытка салынуучу материалдык баалуулуктарды кабыл алуу, кампага түшүрүү, сактоо мөөнөттөрүн жана шарттарын, сапаттык абалына көзөмөл жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Төмөндөтүлбөй турган запастын материалдык баалуулуктарынын номенклатурасы жана көлөмү, ошондой эле аларды колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Материалдык баалуулуктарды узак убакыт бою сактоодо негизги милдет алардын сапаттык жана сандык сакталышын камсыз кылуу жана дайындалышы боюнча колдонуу үчүн дайыма даярдыкта сактоо болуп саналат. Бул милдет материалдык баалуулуктарды туура кабыл алууну, кампага түшүрүүнү жана сактоону, ошондой эле өз убагында иштетүүнү, жаңылоону жана алмаштырууну уюштуруу жолу менен ишке ашырылат.
4. Мамлекеттик резервге коюлуучу материалдык баалуулуктар, техникалык жөнгө салуу жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына дал келиш керек, узак мөөнөткө сактоого даяр болушу керек, ал эми алардын сапаттык абалы товардын сапатын тастыктаган сертификаттар, изилдөөлөрдүн протоколдору менен тастыкталышы керек.
5. Мамлекеттик резервге салынуучу материалдык баалуулуктардын, алардын сапатын тастыктаган тийиштүү документтери болушу керек.
6. Сапаты боюнча ылайык келбеген, ошондой эле бузулган таңгакта, товардын сапатын ырастаган документи жок материалдык баалуулуктар сапат документтерин көрсөтүүгө, товарды алмаштырууга же жеткирүүчүгө кайтарып берүүгө чейин убактылуу сактоого кабыл алынат (3 айга). Товарлар убактылуу сактоодо бир айдан ашык болгон учурда, биринчи айда сакталуусун эсепке албай убактылуу сактоо үчүн акы алынат, ал кампанын ээлеген аянтына жана товарды сактоо убактысына жараша эсептелет.
О= S x (T-1) x Cт, сом;
мында:
О - убактылуу сактоого төлөм, сом менен;
S - товар ээлеген аянт, кв.м;
Т - кампада сактоо убактысы, ай менен;
Ст - 1 кв.м. кампалык аянттардын ижара акысы, сом менен.
7. Заводдук таңгагы жок товарлар мамлекеттик резервге сактоого коюлбайт.
8. Мурун сактоодо турган материалдык баалуулуктарды узак убакытка сактоого коюуга тыюу салынат.
9. Тамак-аш азыктарын товарлардын бул түрүнүн таңгагына тийиштүү материалдардан тышкары башка материалдык-техникалык баалуулуктар менен чогуу сактоого тыюу салынат. Тамак-аш азыктарын сактоого өзүнчө кампалар бөлүнүп берилиши керек.
10. Узак убакытка сактоого келип түшкөн бардык материалдык баалуулуктар ченемдик-техникалык документтерге ылайык кайра эсептөөгө, таразага тартууга, таңгакты, маркалоону, таңгаксыз материалдардын үстүңкү бетинин абалын, консервациянын бар экендигин кароого дуушар болушат.
11. Кампага келип түшкөндө продуктусу бар тара штабелге бийиктиги 15 см кем эмес, өлчөмү 1200х1500 мм, иштелип чыккан айга ылайык кургак жыгач поддондорго салынышы керек. Салуу ыкмасы штабелдердин, пакеттердин туруктуулугун камсыз кылышы керек. Штабелдин бет жактары сөзсүз вертикалдуу болушу же штабелдин ичин көздөй бир аз жантаюусу болушу керек.
Штабелдер бир түрдөгү таңгакка салынган, бирдей ченемдик салмакты түзгөн, товардын категориясы боюнча бирдей түрдөгү жана сапаттагы болуп түзүлөт.
12. Штабелдер квартал ичинде иштелип чыккан продуктудан кампанын аянтын туура пайдалануу, азыктын сапатынын жана санынын сакталышын камсыз кылууну эсепке алуу менен түзүлөт. Штабелдердеги ящиктер, каптар жана коробкалар жакшы эсептелиши керек. Поддондордо пакетти түзүү трафарет менен сыртка банкаларды сөзсүз вертикалдуу коюу менен жасалат.
13. Ар бир штабель боюнча штабелдик көрнөк жүргүзүлөт, анда товардын аталышы, ылгамы (категориясы), тапшыруучунун аты, коштомо кагаздын номуру, качанын түрү, орундун саны, даярдоо датасы, товардын келген датасы, нетто салмагы (саны), даярдалган товарга ылайык ченемдик документтин аталышы, сапат тууралуу документтин номуру көрсөтүлөт. Штабелдик көрнөккө товарларды факт түрүндө жайгаштыруу схемасы тиркелет. Сактоо процессинде көрнөккө накта товар тууралуу бардык өзгөртүүлөр, ошондой эле кароо жана кайра иштетүү жыйынтыктары киргизилет.
14. Узак сактоо үчүн жарактуу деп табылган товарга белгиленген формадагы кабыл алуу актысы түзүлөт. Кабыл алууда жараксызга чыгарылган товарларга, коюуга жана сактоого жараксыз болгон жана жеткирүүчүгө кайтарууга тийиш болгон алынган азыктын накта сапатын көрсөтүү менен жараксыздыкка чыгаруу актысы түзүлөт, анын көчүрмөсү жеткирүүчүгө берилет. Мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарынын жарактуулугу Ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Алуучу жараксыздыкты жол-жоболоштуруу үчүн жеткирүүчүнүн өкүлүн чакырууга милдеттүү.
15. Жеткирүүчүнүн өкүлү келбеген учурда товарды жараксыздыкка чыгаруу, жеткирүүчү продукцияны бир тараптуу кабыл алууга макулдук берсе, бир тараптуу ишкана - алуучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Соода- өнөр жай Палатасынын өкүлүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.
16. Материалдык баалуулуктар сактоого өндүрүүчү көрсөткөн мөөнөттөрүн эске алуу менен колдонулуп жаткан ченемдик-техникалык документацияга ылайык кабыл алынат.
17. Мамлекеттик резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу сактоо мөөнөтү аяктаганга6 ай калганга чейин жүргүзүлөт.
Материалдык баалуулуктарды мөөнөтүнөн мурда жаңылоо зарылдыгы ар бир учурда өзүнчө, сактоо мөөнөттөрүнө карабастан көрсөткүчтөрдүн сапатына жана контролдук анализдерге жараша иш өткөрүү убагында Мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органынын буйругу менен түзүлгөн курамында жетекчинин орун басары, бөлүмдүн начальниги, аталган товарларды алып барган адис жана бухгалтер, материалдык жактан жооптуу тарап болгон комиссия тарабынан аныкталат.
18. Мамлекеттик резервден товардык-материалдык баалуулуктарды чыгаруу мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органы белгилеген формадагы иш көрсөтмөлөр боюнча биринчи кезекте иштеп чыгуунун эрте мөөнөттөрүндөгү же сактоого туруктуу эмес жана сактоо мөөнөттөрү өткөндөрдү мөөнөтүнөн мурда алмаштырууга тийиштүү партиялардан жүргүзүлөт
19. Жүктөп бүткөндө жүктөлгөн орундардын жалпы саны, штабелдеги орундардын саны, орундардын калдыгы эсептелет жана алынган маалыматтар штабель көрнөгүнүн көрсөткүчтөрү менен салыштырып текшерилет.
20. Товарды кабыл алуу, кароо же чыгаруу боюнча ар бир операциядан кийин кампаны жыйнап, шыпыруу керек. Кампаны толук жыйноону айына бир жолудан кем эмес жасоо керек.
21. Кампага кирүүгө мамлекеттик резервдин продукциясына түздөн-түз тиешеси бар адамдарга, ошондой эле көзөмөл жүргүзгөн адамдарга уруксат берилет. Кампага сакталуучу материалдарга түздөн-түз тиешеси жок адамдардын киришине таптакыр тыюу салынат.
22. Бул Нускаманы так сактоо үчүн жоопкерчилик мамлекеттик резервдердин материалдык баалуулуктарды сактоочу ишканасынын жетекчисине жана кампа башчысына жүктөлөт.
2. Терминдер жана аныктамалар
23. Ушул нускамада төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
сактоо милдеттенмелеринин актысы - жооптуу сактоочу тарабынан толтурулуп, жетекчи, башкы бухгалтер, лаборатория башчысы жана материалдык жактан жооптуу адам тарабынан күбөлөндүрүлүп жана мөөр басылуучу документ;
узак мөөнөткө сактоо - сактоонун белгиленген ченемдик - техникалык мөөнөттөрүнө ылайык сактоо:
убактылуу сактоо - үч айдан ашпаган мөөнөттө сактоо;
штабель - ушул нускаманын талаптарына ылайык товардын ар бир түрү үчүн белгиленген ыкма менен салынган материалдык баалуулуктар;
техникалык документация - техникалык регламенттер, эл аралык ченемдер, улуттук ченемдер жана товарларга белгилүү талаптарды койгон башка документтер;
кайра таңгактоо - келген товарды товардын сактыгын камсыздабаган таңгактан белгиленген талаптарга ылайык таңгакка салуу.
коммерциялык акт - темир жол өкүлдөрүнө берилүүчү белгиленген формадагы документ;
Өндүрүштүк-техникалык комиссия (ӨТК) - Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басарынан, аталган продукциянын сактоосун жетекке алган бухгалтерия бөлүмүнүн, азыктын жайгашкан жериндеги кампа башчысынын жана юридикалык бөлүмдүн адистеринин өкүлдөрүнөн турган мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органынын ар дайым иш алып баруучу комиссиясы.
3. Кампаларга коюлуучу талаптар
24. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын узак сактоо үчүн терезелери жок, жылытылбаган, отко чыдамдуулуктун үчүнчү деңгээлинен төмөн эмес, тышы жана ичи шыбалган, кургак, зыянкечтер жукпаган, нымдуу эмес жана продукцияга өтчү башка жыттары жок кампалар колдонулат.
25. Кампалардын бардык жыгач конструкциялары, эшиктерди герметизациялоо үчүн тыгыздоочу валиктер оттон сактоочу курам менен иштетилип чыгышы керек.
26. Кампалар техникалык жактан оң, кургак, табигый шамалдатуусу бар, желдетүү үчүн темир тор менен, ал эми жумушчу эшиктер брезент пардалар менен жабдылган болушу керек.
27. Кампаларды жарык кылуу торлуу айнек капкактары бар электр чырактарын колдонуу менен с электр орнотууларын коюу эрежелерине толук ылайык аткарылууга тийиш.
28. Кампаларда өрт коопсуздугун камсыздоо Кыргыз Республикасынын "Өрт коопсуздугу жөнүндө Техникалык регламент" Мыйзамынын талаптарына ылайык келиши керек жана өрт шаймандары жана өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттары менен камсыздалышы керек.
29. Товарларды сактоо үчүн кампалардын эшиктери күзөт сигнализациясы менен жабдылышы керек.
30. Кампада иштөө үчүн техникалык жактан оң электр жүктөгүчтөр колдонулат. Ичинен күйчү кыймылдаткычы бар жүктөгүчтөрдү колдонууга тыюу салынат.
31. Кампалардын тегерегиндеги аймак системалуу түрдө чөптөн жана таштандыдан тазаланып турушу керек.
32. Кампаларда кемирүүчүлөр менен механикалык каражаттар ошондой эле химиялык каражаттар менен системалуу күрөш жүргүзүлүшү керек.
4. Мүлктүк жоопкерчилик
33. Материалдык баалуулуктардын сандык жана сапаттык сакталышы үчүн шарттарды камсыз кылуу жоопкерчилиги алар сактоодо турган ишкананын жетекчисине жүктөлөт.
Сандык жана сапаттык сакталышы үчүн жоопкерчилик материалдык жактан жооптуу жакка жүктөлөт.
34. Заводдук таңгак бузулбаган жана маркалоочу көрнөк жана заводдук трафарет болгон учурда сактоонун кепилдик мөөнөтү ичинде товарлардын саны жана сапаты үчүн жоопкерчиликти жеткирүүчү (даярдоочу) тартат.
35. Материалдык баалуулуктардын жашыруун кемчиликтери үчүн жоопкерчиликти аларды табуу мөөнөтүнө жана сактоо мөөнөтүнө карабастан жеткирүүчү тартат.
II. КАНТЫ БАР КОЮЛТУЛГАН ЫНАК СҮТТҮ КАБЫЛ АЛУУ, САКТОО ЖАНА БЕРҮҮ
5. Жалпы маалыматтар
36. Канты бар коюлтулган ынак сүт белгиленген талаптарга ылайык келиши жана белгиленген тартипте бекитилген санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо менен иштелип чыгышы керек.
37. Чийкизаттын коопсуздугуна, өндүрүш процесстерине, сактоо, ташуу жана сатуу процесстерине коюлуучу талаптар "Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентте көрсөтүлгөн нормаларга шайкеш келиши керек.
38. Майлуулуктун салмактык үлүшүнө жараша төмөнкү түрлөрдөгү азыкты иштеп чыгышат жана мамлекеттик резервге жеткиришет:
- коюлтулган ынак сүт;
- коюлтулган майлуу эмес сүт;
-Канттын массалык үлүшү - 43,5%.
6. Таңгак, маркалоо, ташуу
39. Узак сактоого канты бар коюлтулган ынак сүттү (мындан ары азык) ысык же электролит менен каңдалган ак калай банкаларда кабыл алышат.
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга чыгарылган сүт жана андан алынган азыктар Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 токтому менен бекитилген "Сүт жана андан алынган азыктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке ылайык, аталган Регламенттин техникалык жөнгө салуу обьекти болуп саналат..
Мында, көрсөтүлгөн Регламент сүттүн мындай коюлтулган майлуу эмес түрүн карабайт.
40. Мамлекеттик резервге сактоо үчүн банкалар горизонталдык төшөөлөр менен гофрленген картондон жасалган жаңы ящиктерге таңгакталат. Көбүрөөк туруктуулукту берүү үчүн картон ящиктерге темир шакекчелер кийгизилет.
41. Ящиктер темир таңгакталуучу лента, полимер лента же зым менен тыгыз тартылат.
42. Консервалар майлоосуз, банкаларга этикеткалар чапталган, ящиктин ичинде жылбагандай кылып салынып жеткирилет. Ченемдик-техникалык документация уруксат берген башка таралар колдонулушу мүмкүн.
43. Транспорт тарасын маркалоо "Нымдуулуктан сакталсын" деген алдын алуучу белгини жазуу менен жүргүзүлүшү керек.
44. Азыкты жеткирүүчү вагондор, машиналар абдан тазаланып, дезинфекцияланган болушу керек. Транспорт үстү жабылган жана нымдын түшүшүнөн сакталган болушу керек.
7. Кабыл алуу
45. Азыкты узак сактоо үчүн жарамдуу калай банкаларда партиялар менен кабыл алышат. Партия деп сапат тууралуу бир документ менен таризделген бир эле учурда кабыл алууга, жүктөөгө же сактоого арналган бир түрдөгү жана сорттогу азыктын белгилүү санын эсептешет.
46. Канты бар коюлтулган ынак сүт бузулбаган идиште орундардын саны боюнча кабыл алынат. Мында таранын, таңгактын жана маркалоонун ченемдик-техникалык документация талаптарына шайкеш келиши текшерилет.
Азыктын келип түшкөн партиясында бузулган орундардын 5 пайыздан ашыгы табылганда продукт сактоого кабыл алынбайт. Бузулган орундардын саны 5 пайыздан аз болгондо партия жеткирүүчүнүн эсебинен кийин жаңы таңгакка салуу менен кабыл алынат.
Нымдалган, суу тийген, кир тарадагы азык сактоого кабыл алынбайт, өзүнчө кампага коюлат жана аны алмаштыруу же жеткирүүчүгө кайтарып берүү тууралуу кийинки чечимге чейин убактылуу сактоого акт менен таризделет.
47. Канты бар коюлтулган ынак сүттү кабыл алуу сапаты боюнча ящиктерди 100 пайыздык тышкы кароо, ошондой эле 3% контролдук орундарды бирок экиден кем эмес ачуу жолу менен жүргүзүлөт. Ачылган ящиктерде банкалардын тышкы абалы жана консервалардын түрүнүн жана иштелип чыккан күндүн коштоочу документтерге шайкештиги текшерилет. Банкаларды тышкы кароодо алардын аба өткөрбөй турганына, агууларга, капкактардын көбүшүнө, даттын бар экендигине, корпустун деформациясына, банкалардын фальцаларына жана тигиштерине, товардык түргө көңүл бурулат. Ошол эле учурда органолептикалык баалоо жана химиялык изилдөөлөр үчүн 2 банка тандалып алынат, ошондой эле төмөнкү кемчиликтери бар банкалар сорттолот:
- бомбаждык, тешик жана аккан;
- дат басып бузулган;
- калай өтө ийилип катуу деформацияланган, ошондой эле фальцасы жана тигиши ийилген;
- банканын дефектери боюнча түптөрү жана капкактары тарсылдаган;
- сырткы тарабында банканын ичиндеги аккан, жуулган, өзүнүн герметикасын жоготкон санитардык иштетүүсү начар банкалар.
48. 0,4% аз кемчиликтүү банкалар табылган учурда консервалар сактоого сорттоосуз кабыл алынат. Көрсөтүлгөн кемчиликтери бар банкалардын саны 0,4% көптү түзсө, кемчиликтүү банкаларды алып таштоо менен 100% сорттоо жүргүзүлөт, чыгымдар жеткирүүчүгө жазылат же консервалар убактылуу сактоого кабыл алынат жана жеткирүүчүнүн көрсөтмөсү боюнча сатылат.
49. Ар бир келип түшкөн партия товардык-транспорт накладнойлору менен коштолушу керек жана жеткирилүүчү продукциянын сапатын ырастаган документтери болушу керек: шайкештик сертификаты, башка республикалардан жеткирүүдө - даярдоо сертификаты.
50. Азык талаптарына шайкеш келбегенде, ошондой эле керектүү документтер жок болгондо акт түзүлөт, ага ылайык аны кабыл алуу же жеткирүүчүгө кайтаруу тууралуу маселе чечилгенге чейин азык убактылуу сактоого кабыл алынат.
8. Сактоо
51. Канты бар коюлтулган ынак сүттү сактоо үчүн муздаткычтардын жана кампалардын жертөлө камералары колдонулат, аларда +10 ºС жогору эмес абанын туруктуу температурасы жана 75% жогору эмес абанын салыштырма нымдуулугу сакталып турат. Муздатуучу имараттар жетишсиз болгондо ушул нускаманын 25 пунктунда баяндалган талаптарга окшош кампаларда сактоого жол берилет.
52. Үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү, ошондой эле штабелдер ортосунда кампаны шамалдатуу үчүн кампадан 0,7 м бош жерлер калтырылышы керек. Жүктөө-түшүрүү иштерин аткаруу үчүн кампада туурасы 2,5 м кем эмес эки борбордук өтүүчү жер калтырылат. Штабелдин үстүнөн жабуу жана электр өткөргүч конструкцияларына чейин - 0,5 м.
53. Муздаткычтардын жертөлө камераларында өтүүчү жерлер жана чегинүүлөр калтырылат: тегиз дубалдан, дубалга жакын колонналардан, батареялардан, аба муздаткычтардан штабелге чейин - 0,3 м, шыптан баштап штабелдин үстүнө чейин - 0,2 м. Өтүүчү жердин туурасы- 1,6 м.
54. Кампаны шамалдатуу Температура-нымдуулук режимин жөнгө салуу тартиби тууралуу көрсөтүлгөн нускаманын 80-бөлүмүнө ылайык жүргүзүлөт. Жай мезгилинде шамалдатуу суткалардын суук убактысында жүргүзүлүшү керек.
Кампа башчылары азык салынган штабелдердин абалына үзгүлтүксүз көзөмөл (жумасыны бир жолу) жүргүзүшү керек. Банкалардын тышкы абалы, штабелде ящиктердин 0,5% кем эмес болушу квартал сайын текшерилет. Органолептикалык көрсөткүчтөрдү ар бир алты ай сайын текшеришет.
55. Банкалардын тышкы үстүңкү бетинин өзгөрүү белгилери пайда болгон учурларда мындай штабелдерди кайра салуу, сорттоо же тандоо жүргүзүлөт.
9. Сактоо режими
56. Сүт консервалары муздаткычтардын жертөлө имараттарында 75% ашпаган абанын салыштырма нымдуулугунда жана -5 ºС баштап +10 ºС чейин абанын температурасында же жылытылган кампаларда, жертөлө имараттарында абанын 10 ºС жогору эмес температурасында сакталат.
57. Консерваларды нымдалууга жол бербөө максатында күз-кыш мезгилинде кампаларды жылуулоого, эшиктерди аба өткөрбөй жабууга карата чараларды көрүү керек. Жазгы мезгилде температура жогору болгон учурда эшиктин оозу брезент пардалар менен тыгыз жабылышы керек, кампага кирүү бир эшик аркылуу болушу керек.
58. Жаздын келиши менен, эшиктеги абанын температурасы туруктуу түрдө жогорулаган мезгилде эшиктеги жылуураак аба менен кампаны катуу шамалдатуу жолу менен консерваларды жылытуу керек.
Консерваларды абанын температурасы 20 °С ашпаган убакта сактоо керек, ошондуктан кампадагы абанын температурасын төмөндөтүү максатында жай мезгилинде суткалардын суук мезгилинде кампаларды шамалдатуу керек.
10. Берүү
59. Таңгагы бузулбаган коробкаларга таңгакталган консервалар ачылбастан чыгарылып берилет, ал эми алардын санын ар бир жүк орунда жеткирүүчү көрсөткөн орундардын саны боюнча аныкташат.
60. Таңгактын тууралыгын текшерүү үчүн чыгарылуучу орундардын жалпы санынан 3% ачылат.
61. Сактоо процессинде банкалардын сыртын конденсацияланган нымдан дат басышы мүмкүн. Табылган бомбаждык жана дат болгон консерва банкаларын чыгарууга жол берилбейт
III. БУУРЧАКТЫ КАБЫЛ АЛУУ, САКТОО ЖАНА БЕРҮҮ
11. Жалпы маалыматтар
62. Мамлекеттик резервге салынуучу буурчак ченемдик-техникалык документациянын белгиленген талаптарына шайкеш келиши керек.
63. Мамлекеттик резервге буурчак түрлөрүнө ылайык бөлүштүрүү менен салынат: ак буурчак (сүйрү: ассорти, канттуу; күрөк: күрөк, түрмөк, юбочка, мотоцикл), түстүү бир өңдүү буурчак (эрте бышкан, томат); ала була түстүү буурчак (ала була, боксер, лиахви).
64. Белгиленген ченемдерден жогору көрсөтүлгөн башка түрдөгү же түрчөдөгү буурчактын аралашмасын камтыган буурчакты тийиштүү түрдө пайыздарда түрдү жана түрчө курамын көрсөтүү менен "түрлөрдүн аралашмасы" же "түрчөлөрдүн аралашмасы" катары аныкташат.
65. Мамлекеттик резервге бузулбаган, ысыбаган абалдагы, бузулбаган данга таандык түстүү, бул сорт үчүн мүнөздүү бир түрдөгү жана түрчөдөгү 1-класстагы буурчак салынат.
12. Таңгактоо, маркалоо, ташуу
66. Узак сактоого 50 кг ашпаган стандарттык салмактагы каптарга таңгакталган буурчакты кабыл алышат, капты лубок жиптерден жасалган шпагат менен машинада же кол менен тигишет. Толтурулган каптардын салмагы боюнча жол берилген четтөөсү +/-1,0% ашык эмес.
67. Буурчакты жеткирүүчү вагондор, машиналар тазаланган, дезинфекцияланган болушу, башка жыттары жок болушу керек. Полдорго кагаз салынган, чети чыккан бөлүктөр кагаз же кездеме менен оролгон болушу керек. Транспорттун үстү жабылган жана нымдын түшүшүнөн корголгон болушу керек.
68. Керектөөчү жана ташуучу тарага таңгактоо, ошондой эле маркалоо белгиленген талаптарга шайкеш келиши керек, ошондой эле "нымдуулуктан сакталсын" манипуляциялык белгиси коюлушу керек.
Капта азыктын аталышын, стандарт белгисин, өлкөнүн жана чыккан жердин аталышын (даярдоочунун дарегин), түшүм жыйналган күндү, сактоо шарттарын, бөлүштүрүп салуу датасын, таза салмагын (брутто), сертификациялоо тууралуу маалыматты, генетикалык модификацияланган чийкизатты колдонуу тууралуу маалыматты камтыган көрнөк тигилиши керек.
Буурчактын партиясын ташууда маркалоону бир транспорттук каражатта бир жүк алуучунун дарегине бир түрдү же түрчөнү ташууда 4төн кем эмес жүк ордуна коюу керек.
Керектөөчү үчүн маалымат басма ыкмасы менен тарага белгиленген ченемдерге ылайык түшүрүлүшү мүмкүн.
13. Кабыл алуу
69. Буурчакты партиялар менен белгиленген ченемдердик-техникалыгына ылайык кабыл алышат. Партия деп бир эле учурда кабыл алууга, жүктөөгө же сактоого арналган, сапат тууралуу бир документ менен таризделген буурчактын үрөндөрүнүн белгилүү санын түшүнүшөт.
70. Буурчакты сан боюнча кабыл алуу бузулбаган тарада орундардын саны боюнча жана стандарттык таза салмагы боюнча жүргүзүлөт. Ошол эле учурда таранын, таңгактын жана маркалоонун ченемдик-техникалык документациянын талаптарына шайкештиги текшерилет.
Буурчактын келип түшкөн партиясында бузулган орундардын 5 пайыздан ашыгы табылганда партия сактоого кабыл алынууга жатпайт. Бузулган орундардын саны 5 пайыздан аз болгондо партия жеткирүүчүнүн эсебинен жаңы таңгакка кийин кайра таралоо менен кабыл алынат.
71. Каптар же таңгактоочу тара бузулганда кабыл алуу факт түрүндөгү таза салмагы боюнча жүргүзүлөт. Табылган жетишпеген суммага белгиленген тартипте акт түзүлөт. Бузулган таңгактоочу тарадагы буурчак стандарттык салмак боюнча кабыл алынган буурчактан өзүнчө эсепке алынат жана кампага салынат жана биринчи кезекте факт түрүндөгү таза салмагы боюнча чыгарылып берилет.
72. Вагондон же машинадан түшүрүүдө чогултулуп алынган буурчактын төгүндүлөрү башка аралашмалардан тазаланган, капка салынган, таразага тартылган, коммерциялык актыларга же кабыл алуу актыларына ылайык ар бир жеткирүүчү боюнча өзүнчө баланска кабыл алынган жана эске алынган болушу керек. Айрылган каптарда буурчактын факт түрүндө жетишсиздиги аныкталганда төгүндүлөрдү кабыл алууда чогулгандардын саны жетишпегендин азайышы катары эске алынбайт. Буурчактын төгүндүлөрү жеткирүүчүгө буурчакты толук кабыл алгандан кийин өткөрүлүп берилет. Жеткирүүчүлөр төгүндүлөрдү чыгарып кетүүгө карата чараларды көрбөгөн учурда, бир ай өткөндөн кийин мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органынын жетекчилиги аларды чыгарып кетүүгө карата чараларды көрөт.
73. Сапат боюнча буурчакты кабыл алуу каптарды 100 пайыздык тышкы кароо, ошондой эле аларды ачып көрүү жана дан корунун зыянкечтерин жуктуруу бар экендигине текшерүү жолу менен жүргүзүлөт. Тандоо өлчөмү таблицада көрсөтүлгөн:
Партиянын көлөмү (каптардын саны) | Тандоо өлчөмү (алардан пробаларды алган каптардын саны) |
10 чейин кошо | Ар бир экинчи каптан |
10дон көп 100 чейин | 5 каптан, партиянын каптарынын ичинен дагы 5% |
100 көп | 10 каптан, партиянын каптарынын ичинен дагы 5% |
Орточо пробадагы анализдин жыйынтыктары буурчак данынын бардык партиясына тийиштүү болот.
Нымдалган, суу тийген, кир тарадагы буурчак сактоого кабыл алынбайт, өзүнчө кампага коюлат жана аны алмаштыруу же жеткирүүчүгө кайтарып берүү тууралуу кийинки чечимге чейин убактылуу сактоого акт менен таризделет.
74. Буурчактын ар бир келип түшкөн партиясы товардык-транспорт коштомо кагаздары менен коштолушу жана жеткирилүүчү продукциянын сапатын ырастаган документтери болушу керек.
Түрү жана түрчөсү боюнча бир түрдүү, бир нече автомобилдерге же вагондорго жүктөлүүчү буурчактын бир нече партияларына бир документти берүүгө жол берилет.
75. Аралашмалар менен чогуу 8% көп башка буурчак жана дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн аралашмасынан турган буурчакты башка өсүмдүктөр менен буурчактын аралашмасы катары анын курамын пайыздарда көрсөтүү менен кабыл алышат.
76. Буурчактын саны жетишсиз болгондо же ал белгиленген талаптарга шайкеш келбегенде, ошондой эле ченемдик-техникалык документтер жок болгондо акт түзүлөт, ага ылайык буурчак аны кабыл алуу тууралуу маселе кийин чечилгенге чейин убактылуу сактоого кабыл алынат.
77. Узак сактоо үчүн арналган буурчактын нымдуулугу 14,5% ашык эмес болушу керек.
14. Сактоо
78. Кампага келип түшкөндө буурчак түшүм жыйналган айга ылайык штабелге салынышы керек. Бир штабелге ар кайсы айда жыйналган же ар түрдүү сорттордогу буурчактарды чогуу салууга жол берилбейт. Буурчак салынган каптар бийиктиги 10 см кем эмес, өлчөмү 1200 х 1500 мм, кургак жыгач поддондорго, "үчилтик" же "бештик" болуп, оозу штабелдин ичине карай, 5 катардан бийик эмес жыйылат.
79. Штабелдерге салынган буурчактын каптарын төрт айда бир жолудан кем эмес которушат, ошол эле учурда жогорку катардагы каптарды төмөнкү катарга, ал эми төмөнкүлөрдөн өйдөкү катарларга коюшат.
80. Буурчакка үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү, ошондой эле кампаны шамалдатуу үчүн штабелдер ортосунда 1,5 м жана дубалдан тийиштүү түрдө 1,5 жана 0,75 м. бош жерлер калтырылышы керек. Жүктөө-түшүрүү иштерин аткаруу үчүн кампада туурасы 2,5 м кем эмес эки борбордук өтүүчү жер калтырылат.
81. Буурчак нормативден жогору нымдалганда жана тийиштүү температуралык шарттар болгондо микроорганизмдердин жашоосу күчөйт, бул буурчактын өзүн-өзү ысытышына, көгөрүшүнө алып келиши мүмкүн. Өзүн-өзү ысытуу аныкталган учурда штабель чечилип алынат, ысуучу продукциясы бар каптар ачык бойдон муздатуу үчүн бири-биринен өзүнчө аралыкта коюлат, ал эми кампа шамалданат.
82. Муздатуудан кийин буурчак салынган каптар алардын ортосунда абанын жакшы айланышы үчүн аралыктар калгандай болуп жыйылат: биринчи катардагы эки капты капталынан, бири-биринен бир нече аралыкта коюшат; кийинки жупту биринчиге туурасынан коюшат ж.б. Штабелдин бийиктиги 6 катардан көп эмес болушу керек.
83. Буурчакка ошондой эле дан запастарынын ар түрдүү зыянкечтери жугушу мүмкүн. Бул учурда буурчакты зарыл иштетүү жүргүзүлөт жана аны сатуу үчүн чаралар көрүлөт.
84. Кампаны шамалдатуу Температура-нымдуулук режимин жөнгө салуу тартиби тууралуу көрсөтүлгөн нускаманын 80-бөлүмүнүн негизинде жүргүзүлөт. Жай мезгилинде шамалдатуу суткалардын муздак убактысында жүргүзүлүшү керек.
85. Сактоо процессинде 15 күндө бир жолудан кем эмес буурчактын сапатын текшерүү керек. Буурчактын ар бир партиясынын температурасын термометрлердин жардамы менен ченөө жылдын суук мезгилинде айына бир жолудан кем эмес, ал эми жылдын жылуу мезгилинде беш күн сайын жүргүзүлүшү керек.
Кампа башчылары буурчактар салынган каптардын абалын текшерүүнү үзгүлтүксүз (жумасына бир жолу) жүргүзүп турушу керек.
15. Сактоо режими жана берүү
86. Кампадагы абанын салыштырма нымдуулугу 70% ашык эмес, абанын температурасы жайкы шарттарда 30 ºС жогору эмес, кышкы шарттарда 1 ºС төмөн эмес болушу керек.
87. Ченемдүү салмак менен таңгакты бузбоо менен каптарга салынган буурчак таразаланбай берилет, ал эми алардын салмагы орундун саны жана ченем салмагы 50 кг же тапшыруучу ар бир жүк орун көрсөткөн салмак боюнча аныкталат.
88. Буурчак таза, кургак жана техникалык жактан бузуксуз вагондорго же машиналарга жүктөлөт.
IV. МАКАРОН АЗЫКТАРЫН КАБЫЛ АЛУУ, САКТОО ЖАНА БЕРҮҮ
16. Жалпы маалыматтар
89. Макарон азыктар белгиленген талаптарга ылайык келиши керек.
Сактоо, ташуу, сатуу жана керектөө маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.07.2012. № 502 токтому менен бекитилген "Нандын, нан азыктарынын жана макарон азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинде көрсөтүлгөн.
90. Чийки заттын коопсуздугуна, өндүрүш процесстерине, сактоо, ташуу жана сатуу процесстерине коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.07.2012. № 502 токтому менен бекитилген "Нан, нан-азыктары жана макарон азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентте көрсөтүлгөн ченемдерге ылайык келиши керек.
91. Мамлекеттик резервге салууга кошулмаларсыз макарон азыктарынын бардык түрлөрү тийиштүү.
17. Таңгактоо, маркалоо, ташуу
92. Узак сактоого таразага тартылган жана бөлүштүрүлүп салынган макарон азыктарын кабыл алышат. Азыктар төмөнкү ташуучу тарага таңгакталган болушу керек: жыгач ящиктерге, гофрленген картондон жасалган, ичине таза ороочу кагаз салынган, анын жогорку четтерин анын аяктары бири-бирин жапкандай кылып бүктөшөт. Бөлүштүрүп салынган макарон азыктарды кагаз салбастан ящиктерге таңгактоого жол берилет.
93. Гофрленген же куюлган картондон жасалган ящиктерди колдонгондо таразага тартылуучу макарон азыктарын кагаз салбастан таңгактоого уруксат берилет. Гофрленген картондон жасалган ящиктер кагаздан жасалган клей лента менен чапталышы керек, фанера жана доскадан жасалган ящиктер - үстүнөн мык менен фанера жана тактайдан жасалган капкак урулат.
94. Макарон азыктарынын таза салмагынын азаюу жагына жол берилген четтөөсү стандарттык нымдуулукта иштеп чыгуу учурунда төмөнкүдөн ашпашы керек:
- орточо салмактан 1% 10 таңгактоочу бирдик;
- бөлүштүрүп салынган азыктар үчүн таңгактоочу бирдиктен 2%;
- таразага тартылуучу буюмдар үчүн таңгактоочу бирдиктен 0,5%.
95. Макарон азыктары ящиктерге тыгыз салынышы керек. Бош жерлер кагаз менен толтурулат. Кыска кесилген макарондорду таңгактоодо алардын аягынын ортосунда узунунан кагаздын катмарлары салынышы керек. Ящиктер жана башка таңгактоочу материалдар бекем, таза, кургак, нан азыктарынын зыянкечтери жуктурулбаган, башка жыты жок болууга тийиш.
96. Мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органдын макарон азыктарын даярдоочу ишканада жалпы көлөмдө сактоого жол берилет. Бул учурда макарон азыктары продукциянын сакталышын камсыз кылган кагаз каптарга же полипропилен каптарга кабыл алуунун жана ташуунун негизги эрежелерине ылайык таңгакталышы мүмкүн.
97. Капка көрнөк тигилип, маркалоо басылышы мүмкүн. Макарон азыктарынын таза салмагы 30 кг ашык эмес болушу керек.
98. Мамлекеттик резервге салынууга стандарт салмак менен бөлүштүрүп салынган макарон азыктары тийиштүү.
99 Жүктөрдү транспорттук маркалоо "Морт. Этияттагыла", "Нымдуулуктан сактагыла" аттуу манипуляциялык белгилерин жазуу менен ченемдик-техникалык документацияга ылайык жүргүзүлөт.
Транспорт тарасынын ар бир бирдигинде бөлүштүрүп салынган продукциянын бирдиктеринин саны көрсөтүлөт.
100. Макарон азыктарын жеткирүүчү вагондор, машиналар тазаланган, дезинфекцияланган болушу, башка жыттары жок болушу керек. Полдорго кагаз салынган, чети чыккан бөлүктөр кагаз же кездеме менен оролгон болушу керек. Транспорттун үстү жабылган жана нымдын киришинен корголгон болушу керек.
18. Кабыл алуу
101. Макарон азыктарын партиялар менен кабыл алышат. Партия деп бир эле учурда кабыл алууга, жүктөөгө же сактоого арналган, бир күндө иштелип чыккан, сапат тууралуу бир документ менен таризделген макарон азыктарынын белгилүү санын түшүнүшөт.
102. Макарон азыктарын сан боюнча кабыл алуу бузулбаган тарада орундардын саны боюнча жана стандарттык таза салмагы боюнча жүргүзүлөт. Ошол эле учурда таранын, таңгактын жана маркалоонун ченемдик-техникалык документациянын талаптарына шайкештиги текшерилет.
103. Макарон азыктарынын келип түшкөн партиясында бузулган орундардын 5 пайыздан ашыгы табылганда партия сактоого кабыл алынууга жатпайт. Бузулган орундардын саны 5 пайыздан аз болгондо партия жеткирүүчүнүн эсебинен жаңы таңгакка кийин кайра таӊгактоо менен кабыл алынат.
104. Каптар же таңгактоочу тара бузулганда кабыл алуу факт түрүндөгү таза салмагы боюнча жүргүзүлөт. Табылган жетишпеген суммага белгиленген тартипте акт түзүлөт. Бузулган таңгактоочу тарадагы макарон азыктары стандарттык салмак боюнча кабыл алынган макарон азыктарынан өзүнчө эсепке алынат жана кампага салынат жана биринчи кезекте факт түрүндөгү таза салмагы боюнча чыгарылып берилет.
105. Сапат боюнча макарон азыктарын кабыл алуу каптарды 100 пайыздык тышкы кароо, ошондой эле аларды ачып көрүү жана дан запастарынын зыянкечтерин жуктуруу бар экендигине текшерүү жолу менен жүргүзүлөт. Партиянын ар кайсы орундарынан тандоо өлчөмү партиядагы таңгактоочу бирдиктердин 1,5%, бирок үчтөн кем эмести түзөт.
106. Продукция сапатынын канааттандыралык эмес көрсөткүчтөрү алынганда ошол эле партиянын кайра тандалып алынган топтомунун эки эсе санында кайра аныктоо жүргүзүшөт.
107. Нымдалган, суу тийген, кир тарадагы макарон азыктары сактоого кабыл алынбайт, өзүнчө кампага коюлат жана аны алмаштыруу же жеткирүүчүгө кайтарып берүү тууралуу кийинки чечимге чейин убактылуу сактоого акт менен таризделет.
108. Макарон азыктарынын ар бир келип түшкөн партиясы товардык-транспорт накладнойлору менен коштолушу жана жеткирилүүчү продукциянын сапатын ырастаган документтери: шайкештик сертификаты жана башка республикалардан жеткирүүдө - келип чыгуу сертификаты болушу керек.
109. Макарон азыктарынын саны жетишсиз болгондо же ал белгиленген талаптарга шайкеш келбегенде, ошондой эле керектүү документтер жок болгондо акт түзүлөт, ага ылайык макарон азыктары аны кабыл алуу тууралуу маселе кийин чечилгенге чейин убактылуу сактоого кабыл алынат.
19. Сактоо
110. Кампага келип түшкөндө макарон азыктары иштеп чыгылган убакытка ылайык штабелге салынышы керек. Бир штабелге ар кайсы айда иштелип чыккан же ар түрдүү сорттордогу макарон азыктарын чогуу салууга жол берилбейт.
111. Каптар же ящиктер бийиктиги 10 см кем эмес, өлчөмү 1200 х 1500 мм, кургак жыгач поддондорго, гофрленген картондон жасалган ящиктер үчүн бийиктиги 6 катардан көп эмес, каптар үчүн 7 катардан көп эмес жыйылат.
112. Макарон азыктарын өзгөчө жыты бар товарлар менен чогуу сактоого жол берилбейт.
113. Үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү, ошондой эле кампаны шамалдатуу үчүн штабелдер ортосунда жана дубалдан 0,7 м өтүүчү жерлер калтырылышы керек. Жүктөө-түшүрүү иштерин аткаруу үчүн кампада туурасы 2,5 м кем эмес эки борбордук өтүүчү жер калтырылат.
114. Кампа башчылары макарон азыктары салынган каптардын абалын текшерүүнү үзгүлтүксүз (жумасына бир жолу) жүргүзүп турушу керек.
20. Сактоо режими жана мөөнөттөрү
115. Кампадагы абанын салыштырма нымдуулугу 70% ашык эмес, кампадагы абанын температурасы 30 ºС ашпаган болушу керек.
116. Макарон азыктарын сактоо мөөнөттөрү өндүрүүчү көрсөткөн мөөнөттөргө ылайык кабыл алынат.
21. Берүү
117. Таңгагы бузулбаган стандарттык салмактагы каптарга же ящиктерге таңгакталган макарон азыктары таразага тартпастан чыгарылып берилет, ал эми алардын салмагын ар бир жүк орунда жеткирүүчү көрсөткөн салмак боюнча, орундардын саны жана стандарттык салмак боюнча аныкташат.
118. Стандарттык таңгакта узак сактоодо нымдуулук эсебинен алынган кемүү ушул нускамага ылайык сатуучуга тийиштүү болот.
119. Макарон азыктарын белгиленген мөөнөттөрдөн ашык сактоодо айына бир жолудан кем эмес жолу бышырылган макарондорду даамдап көрүп, аларды андан ары сактоо мүмкүндүгүн аныктоо керек.
V. ЧАЙДЫ КАБЫЛ АЛУУ, САКТОО ЖАНА БЕРҮҮ
22. Жалпы маалыматтар
120. Чай ченемдик - техникалык документациянын талаптарына шайкеш келиши керек.
121. Жалбыракты механикалык иштетүү мүнөзү боюнча чайды байховый (чууруй турган), гранулданган жана экстракцияланган (тез эрий турган) деп бөлүштүрүшөт.
122. Жыпар жыттын болушу, өзгөчөлүгү жана күчү боюнча чайды жыпар жыт кошулбаган жана жыпар жыт кошулган деп бөлүштүрүшөт.
123. Чайды эки түрдө: кара жана көк чайды иштеп чыгышат. Чай Жалбырактарынын өлчөмү боюнча чайды жалбырак жана гранулданган деп бөлүшөт. Белгиленген ченемдерге ылайык чайды аралаштырууга жол берилет.
124. Чайда көктүн, чириген жыттын, кычкыл даамдын, башка жыттардын жана даамдардын болушуна жол берилбейт.
23. Таңгак, маркалоо жана ташуу
125. Узак сактоого төмөнкү чайды кабыл алышат:
- жумшак же жарым-жартылай катуу таңгакка бөлүштүрүп салынган, салмагы 500 г көп эмес, бир жолу демдөө үчүн пакеттерге таза салмагы 2; 2,5 жана 3 г , таза салмагы 1,5 кг ашпаган коробкаларга таңгакталган.
Чай салынган пачкалар, коробкалар фанера ящиктерге же гофрленген картондон жасалган ящиктерге таңгакталышы керек.
- бөлүштүрүп салынбаган, ченемдик-техникалык документациянын талаптарына шайкеш келген, салмагы 50 кг ашпаган ящиктерге таңгакталган. Ящиктерге полиэтилен пакет-бүктөмөлөрдү салышат жана таза ороочу кагазды түбүнө салышат.
126. Жалбырактуу чайдын таза салмактан четтөөсү - 0,5% көп эмес.
Чайдын ар бир таңгактоочу бирдигинин таза салмактан четтөөсү төмөнкүдөн ашпашы керек:
- 3 гр. чейин фасовкалоодо 5% көп эмес;
- 1500 гр. чейин фасовкалоодо 1% көп эмес.
127. Башка өлкөлөрдөн келип түшкөн чай салынган ар бир таңгактоочу бирдикте бажы маркасы чапталышы керек.
128. Чай салынган керектөөчү таңгактын ар бир бирдигинде белгиленген талаптарга ылайык маркалоо каралышы керек.
129. Маркалоонун реквизиттери мамлекеттик жана расмий тилдеринде жазылышы керек. Сертификатталган продукция мыйзамдар менен белгиленген шайкештик белгиси менен маркаланышы керек.
130. Транспорттук маркалоо "Нымдуулуктан сакталсын" манипуляциялык белгисин жазуу менен болушу керек.
131. Чайды жеткирүүчү вагондор, машиналар тазаланган, дезинфекцияланган болушу, башка жыттары жок болушу керек. Транспорттун үстү жабылган жана нымдын киришинен корголгон болушу керек.
24. Кабыл алуу
132. Чайды партиялар менен кабыл алышат. Партия деп бир сорттогу, бир күндө иштелип чыккан, бир таңгактагы, сапат тууралуу бир документ менен таризделген чайдын таңгакталган бирдиктеринин белгилүү санын түшүнүшөт.
133. Чайды сан боюнча кабыл алуу бузулбаган стандарт тарада орундардын санын, стандарттык таза салмагын эсептөө жолу менен жүргүзүлөт.
134. Керектөөчү жана транспорттук тарадагы таңгактын жана маркалоонун сапатын аныктоо үчүн II деңгээлдеги тандоочу көзөмөлдү колдонушат:
Партиядагы ташуучу таранын бирдиктеринин саны, даана | Тандоо өлчөмү, даана | Кабыл алуучу сан | Жараксыз сан |
26 баштап 50 чейин | 8 | 2 | 3 |
51-90 | 13 | 3 | 4 |
91-150 | 20 | 5 | 6 |
151-280 | 32 | 7 | 8 |
281-500 | 50 | 10 | 11 |
501-1200 | 80 | 14 | 15 |
135. Партияны таңгак жана маркалоо боюнча ченемдик-техникалык документациянын талаптарына жооп бербеген ташуучу таранын бирдиктеринин саны кабыл алуучу сандан аз же ага тең болсо кабыл алышат, жана эгер ал жараксыздык санынан көп же тең болсо жараксыздыкка чыгарышат.
136. Бузулган таңгактоочу тарадагы чай мамлекеттик резервге сактоого кабыл алынбайт.
137. Чайды сапаты боюнча кабыл алуу тараны 100 пайыздык тышкы кароо, ошондой эле аны ачып көрүү жана тандалма бир баскычтуу көзөмөлдү жүргүзүү жолу менен органолептикалык көрсөткүчтөрдү аныктоо үчүн чайды тандоо аркылуу жүргүзүлөт:
Партиядагы ташуучу таранын бирдиктеринин саны, даана | Тандоо өлчөмү, даана |
50гө чейин | 3 |
51 баштап 150 чейин | 5 |
151-500 | 8 |
501-1200 | 13 |
138. Нымдалган, суу тийген, кир тарадагы чай сактоого кабыл алынбайт, өзүнчө кампага коюлат жана аны алмаштыруу же жеткирүүчүгө кайтарып берүү тууралуу кийинки чечимге чейин убактылуу сактоого акт менен таризделет.
139. Чайдын ар бир келип түшкөн партиясы товардык-транспорт коштомо кагаздары менен коштолушу жана жеткирилүүчү продукциянын сапатын ырастаган документтери: шайкештик сертификаты жана башка республикалардан жеткирүүдө - келип чыгуу сертификаты, товар ташуучу накладнойлору болушу керек.
140. Саны жетишсиз же сапаты белгиленген ченемдик-техникалык документациянын талаптарына шайкеш келбегенде, ошондой эле кабыл алуу үчүн керектүү документтер жок болгондо акт түзүлөт, ага ылайык чай талап кылынуучу документтер берилгенге жана аны кабыл алуу тууралуу маселе кийин чечилгенге чейин убактылуу сактоого кабыл алынат.
25. Сактоо
141. Чай салынган ящиктер кургак, таза, жакшы желдетилген, зыянкечтер жуктурулбаган имаратта сакталышы керек, бийиктиги полдон 10 см кем эмес, өлчөмү 1200х1500 мм, кургак жыгач поддондорго, иштеп чыгуу күнүнө ылайык салынышы керек.
142. Ящиктерди штабелге салуу түбүнөн капкагын көздөй, бийиктиги фанера 9 ящиктен ашпастан жана 6-гофрленген картондон жасалган ящиктер үчүн жүргүзүлөт, эки-үч катарлар ортосунда өтүүчү жерлер болот. Бир штабелге ар кайсы айда иштелип чыккан же ар түрдүү сорттордогу чайды чогуу салууга жол берилбейт. Чайды салуу ыкмасы штабелдердин туруктуулугун камсыз кылышы керек.
143. Чайга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү, ошондой эле кампаны шамалдатуу үчүн штабелдер ортосунда жана дубалдан 0,7 м өтүүчү жерлер калтырылышы керек. Жүктөө-түшүрүү иштерин аткаруу үчүн кампада туурасы 2,5 м кем эмес эки борбордук өтүүчү жер калтырылат.
144. Кампаны шамалдатуу Температура-нымдуулук режимин жөнгө салуу тартиби тууралуу көрсөтүлгөн нускаманын 80-бөлүмүнүн негизинде жүргүзүлөт. Жай мезгилинде шамалдатуу суткалардын суук убактысында жүргүзүлүшү керек.
145. Чайды сактоо процессинде анын сапатын айына 1 жолудан кем эмес текшерип туруу зарыл. Жайкы сактоого өтүү мезгилинде товардын жана таңгактын сырткы абалы, органолептикалык көрсөткүчтөрү (аромат, тундурмасы, даамы, кайнатылган жалбырактын түсү), нымдуулуктун массалык үлүшү текшерилет. Сактоо мөөнөтү эки жылдык чайды сактоодо кампанын түрүнө көз карандысыз сапаты 12 жана 18ай сакталгандан кийин текшерилет.
146. Лабораториялык изилдөөгө үлгүлөрдү алуу контролдук пакеттен, кабыл алууда калыптанган ар бир ассортименттен жүргүзүлөт. (ящиктен бир куту)
26. Сактоо мөөнөттөрү жана режими
147. Кампадагы абанын салыштырма нымдуулугу 70% ашпаган болушу керек, кампадагы абанын температурасы нормага келтирилбейт.
148. Абанын жогорку нымдуулугу жай мезгилинде шамалдатуу менен, кыш мезгилинде кургак таарындыларды колдонуу менен төмөндөтүлөт.
149. Чайдын жарамдуулугунун мөөнөттөрү ченемдик-техникалык документацияга ылайык, өндүрүүчү белгилеген мөөнөттү эсептөө менен кабыл алынат.
27. Берүү
150. Заводдук таңгагы бузулбаган стандарттык салмактагы каптарга же ящиктерге таңгакталган фасовкаланган, ошондой эле фасовкаланбаган чай таразага тартпастан чыгарылып берилет, ал эми алардын салмагын ар бир жүк орунда жеткирүүчү көрсөткөн салмак боюнча, орундардын саны жана стандарттык салмак боюнча аныкташат.
151. Стандарттык таңгакта узак сактоодо нымдуулуктан улам алынган азаюу бул нускамага ылайык сатуучуга тийиштүү болот.
152. Санды жана сапатты көзөмөлдөөнү кабыл алгандагыдай жүргүзүшөт.
153. Чайды таза, кургак, техникалык жактан бузук эмес вагондорго же машиналарга жүктөшөт.
VI. АКШАКТЫ КАБЫЛ АЛУУ, САКТОО ЖАНА БЕРҮҮ (күрүч, гречка)
28. Жалпы маалыматтар
154. Гречка жана күрүч акшагы белгиленген талаптарга шайкеш келиши керек. Мамлекеттик резервге салынууга гречка акшагынын жана акталган күрүчтүн төмөнкү: ядрица (биринчи, экинчи сорт) жана акталган күрүч (жогорку, биринчи жана экинчи сорт) түрү тийиштүү.
Сактоо, ташуу, сатуу жана таштандыны иштетүү маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 184 токтому менен бекитилген "Ун-акшак өнөр жайы азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинде көрсөтүлгөн.
29. Таңгактоо, маркалоо, ташуу
155. Узак сактоого төмөнкү акшакты кабыл алышат:
- белгиленген талаптарга ылайык жаңы каптарга жана чыгаруунун, кабыл алуунун жана ташуунун негизги эрежелерине ылайык продукциянын сакталышын камсыз кылган башка НТД таңгакталган. Салынууга стандарт салмак менен гана бөлүштүрүп салынган, машиналык ыкма менен тигилген акшак тийиштүү. Капка даярдоочу ишкананын аталышын, азыктын аталышын, сортту, таза, (брутто) салмакты, иштеп чыгарылган күндү, стандарттын белгисин, акшакты сактоо мөөнөтүн камтыган көрнөк тигилиши керек, белгиленген талаптарга ылайык маркалоо басылышы мүмкүн.
- ысыкка чыдамдуу материалдардан жасалган, тамак-аш полиэтилен пленкадан таза салмагы 0,5 баштап 1,0 кг чейин пакеттерге таңгакталган. Пакеттер декстринден жасалган же белгиленген талаптарга ылайык поливинилацетат дисперсиядан жасалган клей менен чапталышы керек. Акшак салынган пакеттерди белгиленген талаптарга ылайык гофрленген картондон жасалган белгиленген талаптарга ылайык таза салмагы 15 кг ашпаган жыгач ящиктерге таңгакташат.
Гофрленген картондон жасалган ящиктер кагаздан жасалган клей лента менен чапталышы керек. Фанера жана доскадан жасалган ящиктердин түбүнө ороочу кагаз салышат, пакеттерге салышат жана ороочу кагаз менен жабышат, үстүнөн мык менен фанера жана доскадан жасалган капкак урулат.
Өзүнчө таңгак бирдиктеринин таза салмагынын жол берилген четтөөсү +/-1,0% ашпашы керек.
156. Акшакты жеткирүүчү вагондор, машиналар абдан тазаланган, дезинфекцияланган болушу, башка жыттары жок болушу керек. Полдорго кагаз салынган, чети чыккан бөлүктөр кагаз же кездеме менен оролгон болушу керек. Транспорттун үстү жабылган жана нымдын түшүшүнөн корголгон болушу керек.
157. Керектөөчү жана ташуучу тарага таңгактоо, ошондой эле маркалоо белгиленген талаптарга ылайык келиши керек.
30. Кабыл алуу
158. Акшакты партиялар менен белгиленген талаптарга ылайык кабыл алышат. Партия деп бир эле учурда кабыл алууга, жүктөөгө же сактоого арналган, сапат тууралуу бир документ менен таризделген акшактын белгилүү санын түшүнүшөт.
159. Акшакты сан боюнча кабыл алуу бузулбаган тарада орундардын саны боюнча жана стандарттык таза салмагы боюнча жүргүзүлөт. Ошол эле учурда таранын, таңгактын жана маркалоонун ченемдик-техникалык документациянын талаптарына шайкештиги текшерилет.
Акшактын келип түшкөн партиясында бузулган орундардын 5 пайыздан ашыгы табылганда партия сактоого кабыл алынууга жатпайт. Бузулган орундардын саны 5 пайыздан аз болгондо партия жеткирүүчүнүн эсебинен жаңы таңгакка кийин кайра таралоо менен кабыл алынат.
160. Каптар же таңгактоочу тара бузулганда кабыл алуу факт түрүндөгү таза салмагы боюнча жүргүзүлөт. Табылган жетишпеген суммага белгиленген тартипте акт түзүлөт. Бузулган таңгактоочу тарадагы акшак стандарттык салмак боюнча кабыл алынган акшактан өзүнчө эсепке алынат жана кампага салынат жана биринчи кезекте факт түрүндөгү таза салмагы боюнча чыгарылып берилет.
161. Вагондон же машинадан түшүрүүдө чогултулуп алынган акшактын төгүлгөндөрү башка аралашмалардан тазаланган, капка салынган, таразага тартылган, коммерциялык актыларга же кабыл алуу актыларына ылайык ар бир жеткирүүчү боюнча өзүнчө баланска кабыл алынган жана эске алынган болушу керек. Айрылган каптарда акшактын факт түрүндө жетишсиздиги аныкталганда төгүлгөндөрдү кабыл алууда чогулгандардын саны жетишпегендин азайышы катары эске алынбайт. Акшактын төгүлгөндөрү жеткирүүчүгө акшакты толук кабыл алгандан кийин өткөрүлүп берилет. Жеткирүүчүлөр төгүлгөндөрдү чыгарып кетүүгө карата чараларды көрбөгөн учурда, бир ай өткөндөн кийин мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органынын жетекчилиги аларды чыгарып кетүүгө карата чараларды көрөт.
162. Сапат боюнча акшакты кабыл алуу каптарды 100 пайыздык тышкы кароо, ошондой эле аларды ачып көрүү жана дан запастарынын зыянкечтерин жуктуруу бар экендигине текшерүү жолу менен жүргүзүлөт.
Тандоо өлчөмү :
Партиянын өлчөмү (каптардын саны) | Тандоо өлчөмү (алардан пробаларды алган каптардын саны) |
10 чейин кошо | Ар бир кап |
10дон көп 100 чейин | 10 кап жана үстүнө 10 - ар бир онунчу кап |
100 көп | 20 кап жана үстүнө 100 - партиянын калган каптарынын 5% |
Нымдалган, суу тийген, кир тарадагы акшак сактоого кабыл алынбайт, өзүнчө кампага коюлат жана аны алмаштыруу же жеткирүүчүгө кайтарып берүү тууралуу кийинки чечимге чейин убактылуу сактоого акт менен таризделет.
163. Акшактын ар бир келип түшкөн партиясы товардык-транспорт накладнойлору менен коштолушу жана жеткирилүүчү продукциянын сапатын ырастаган документтери: шайкештик сертификаты жана башка республикалардан жеткирүүдө - келип чыгуу сертификаттары болушу керек.
164. Саны жетишсиз болгондо же белгиленген талаптарга шайкеш келбегенде, ошондой эле керектүү документтер жок болгондо акт түзүлөт, ага ылайык акшак кабыл алуу же алмаштыруу тууралуу маселе кийин чечилгенге чейин убактылуу сактоого кабыл алынат.
31. Сактоо
165. Кампага келип түшкөндө акшак түшүм жыйналган айга ылайык штабелге салынышы керек. Бир штабелге ар кайсы айда жыйналган же ар түрдүү сорттордогу буурчактарды чогуу салууга жол берилбейт. Буурчак салынган каптар бийиктиги 10 см кем эмес, өлчөмү 1200х1500 мм, кургак жыгач поддондорго, "үчилтик" же "бештик" болуп, оозу штабелдин ичине карай, 8 катардан бийик эмес жыйылат.
166. Поддондор жок болгон жана акшакты кабыл алуу керек болгон учурда убактылуу, каптар асфальт полго каптарды поддондорсуз полиэтилен пленкага коюлушу мүмкүн, аны штабелди койгондон кийин булгануудан жана нымдануудан сактоо үчүн эки төмөнкү катарга бүктөшөт. Ошол эле учурда төмөнкү катардагы каптар бири-бирине тыгыз коюлушу керек, анткени алардын ортосунда боштуктардын болушу азыктын нымдануу коркунучун көбөйтөт.
167. Акшакка үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү, ошондой эле кампаны шамалдатуу үчүн штабелдер ортосунда жана дубалдан 0,7 м бош жерлер калтырылышы керек. Жүктөө-түшүрүү иштерин аткаруу үчүн кампада туурасы 2,5 м кем эмес эки борбордук өтүүчү жер калтырылат.
168. Очоктук өзүн-өзү ысытуу көбүнчө бузук чатыр аркылуу штабелдеги каптардын нымданышынан улам пайда болот. Өзүн-өзү ысытуу аныкталган учурда штабель чечилип алынат, ысуучу продукциясы бар каптар ачык бойдон муздатуу үчүн бири-биринен өзүнчө аралыкта коюлат, ал эми кампа шамалданат. Муздатуудан кийин акшак салынган каптар алардын ортосунда абанын жакшы айланышы үчүн аралыктар калгандай болуп жыйылат: биринчи катардагы эки капты капталынан, бири-биринен бир нече аралыкта коюшат; кийинки жупту биринчиге туурасынан коюшат ж.б. Штабелдин бийиктиги 6 катардан көп эмес болушу керек.
169. Жылдын жылуу мезгилинде абанын жогорку салыштырма нымдуулугу болгон учурда сактоо процессинде баарыдан мурда жогорку нымдуулугу бар тыгыздалган төмөнкү катарларда каптардын үстүңкү бетинде көгөрүүнүн белгилери пайда болушу мүмкүн.
170. Акшакка ошондой эле дан запастарынын ар түрдүү зыянкечтери жугушу мүмкүн. Бул учурда акшакты зарыл иштетүү жүргүзүлөт жана аны сатуу үчүн чаралар көрүлөт.
171. Ар бир партия үчүн штабелдерди кайра коюу мөөнөттөрүн белгилөөдө анын абалы жана сапаты, сактоо узактыгы жана жыюу бийиктиги каралат. Штабелдин төмөнкү катарларынан каптар өйдөкү катарга, ал эми өйдөкүлөрдөн төмөнкү катарларга коюлушу керек.
172. Кампаны шамалдатуу температура-нымдуулук режимин жөнгө салуу тартиби тууралуу көрсөтүлгөн нускаманын 80-бөлүгүнүн негизинде жүргүзүлөт. Жай мезгилинде шамалдатуу суткалардын муздак убактысында жүргүзүлүшү керек.
173. Акшакты сактоо процессинде, кампа башчылары акшак салынган каптардын абалын текшерүүнү үзгүлтүксүз (жумасына бир жолу) жүргүзүп турушу керек.
32. Сактоо режими
174. Кампадагы абанын салыштырма нымдуулугу 60% ашпаган болушу керек, кампадагы абанын температурасы нормага салынбайт.
33. Берүү
175. Таңгагы бузулбаган стандарттык салмактагы каптарга таңгакталган акшак таразага тартпастан чыгарылып берилет, ал эми алардын салмагын ар бир жүк орунда жеткирүүчү көрсөткөн салмак боюнча, орундардын саны жана стандарттык салмак боюнча аныкташат.
176. Стандарттык таңгакта узак сактоодо нымдуулук эсебинен алынган азаюу бул нускамага ылайык сатуучуга тийиштүү болот.
177. Акшакты белгиленген мөөнөттөрдөн ашык сактоодо айына бир жолудан кем эмес акшактан бышырылган боткону даамдап көрүп, акшакты андан ары сактоо мүмкүндүгүн аныктоо керек.
VII. ЭТ ЖАНА ЭТ-ӨСҮМДҮК КОНСЕРВАЛАРЫН КАБЫЛ АЛУУ САКТОО ЖАНА БЕРҮҮ
34. Жалпы маалыматтар
178. Узак сактоого тийиштүү белгиленген ассортиментке ылайык келген, сапаты жана таңгагы боюнча колдонуудагы стандарттардын жана техникалык шарттардын бардык талаптарына жооп берген, узак сактоого жарактуу консервалар кабыл алынат.
179. Сактоого жеткирилүүчү консервалардын ассортименти: дымдалган эт, колбаса фаршы (ветчина-майдаланган, өзүнчө, сүйүктүү), туристтин эртең мененки тамагы, уй этинен гуляш, паштет, эт менен ботко (күрүч, гречка, перловка).
35. Таңгактоо, маркалоо, ташуу
180. Сактоого арналган консервалар ташууда банкалардын деформациясынын алдын алуу үчүн, банкалардын катарларына калыңдыгы 0,4-1,0 мм картондон жасалган төшөөлөр салынышы керек, обечайкалары бар гофрленген картондон жасалган ящиктер зым же темир тасма менен тегерете байланышы керек.
181. Полимер материалдардан жасалган лента менен же жабышкак катмары бар полиэтилен лента менен эки кат чаптоого жол берилет
182. Литографталбаган банкаларда сактоого жүктөлүүчү эт жана эт-өсүмдүк консервалардын нейтралдуу майланган дат бастырбаган каптоосу болушу керек.
183. Банкалардын саны боюнча ченемдик документацияга ылайык таризделген этикеткалар алардын сакталуусун камсыз кылган консервалар менен ар бир ящикке өзүнчө пакетте салынышы керек.
184. Консервалар белгиленген талаптарга ылайык гофрленген картондон жасалган жаңы, бекем, таза, кургак, ящиктерге таңгакталышы керек.
185. Этикеткада төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: даярдоочунун аталышы жана жайгашкан жери, консервалардын аталышы, сорт, таза салмагы, продукцияга ченемдик-техникалык документациянын белгиси, консервалардын негизги курамы, колдонууга карата даярдоо ыкмасы, консервалардын тамак-аш жана энергетикалык баалуулугу тууралуу маалыматтар, иштеп чыгарылган күндөн баштап сактоо мөөнөтү, иштеп чыгарылган күн.
36. Кабыл алуу
186. Консерваларды саны боюнча кабыл алуу пакеттелген түрдө, орундарды кайра эсептөө, коробкалардагы трафареттик маалыматтарды жеткирүүчүнүн жүктөөчү документтери менен салыштыруу жолу менен жүргүзүлөт. Бузулган тарадагы консерваларды кабыл алуу банкаларды кайра эсептөө жолу менен жүргүзүлөт.
187. Жетишпестик аныкталган, тара көп бузулган, банкалар деформацияланган, таңгак белгиленген талаптарга ылайык азыктын аталышы документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келбегенде, акт түзүлөт, ал эми консервалар маселени кийинки чечүүгө чейин убактылуу сактоого кабыл алынат.
188. Консервалардын келип түшкөн партиясында 5 пайыздан ашык бузулган ящиктер табылганда же гофрленген картондон жасалган жогорку нымдуулуктагы доска ящиктерге же суу тийген ящиктерге салынган консервалар келип түшкөндө консервалар сактоого кабыл алынбайт.
189. Партияда бузулган ящиктердин саны 5 пайыздан аз болгондо, аталган операция боюнча чыгымдар консерва жеткирүүчүнүн эсебинен милдеттүү түрдө консерваларды жаңы ящикке салуу менен консервалар кабыл алынат.
190. Консерваларды сапаты боюнча кабыл алуу ящиктерди 100 пайыздык тышкы кароо, ошондой эле 3% контролдук орундарды бирок экиден кем эмес ачуу жолу менен жүргүзүлөт. Ачылган ящиктерде банкалардын тышкы абалы жана консервалардын түрүнүн жана иштелип чыккан күндүн коштоочу документтерге шайкештиги текшерилет. Банкалардын тышын кароодо алардын аба өткөрбөй турганына, агууларга, капкактардын көбүшүнө, даттын бар экендигине, корпустун деформациясына, банкалардын фальцаларына жана тигиштерине, товардык түргө көңүл бурулат.
191. Төмөнкү кемчиликтери бар банкалар сорттолот:
- бомбаждык, тешик жана аккан;
- калай өтө ийилип катуу деформацияланган, ошондой эле фальцасы жана тигиши боюнча ийилген;
- түптөрү жана капкактары "тарсылдаган";
- дат менен бузулган, ошондой эле лак каптоосу бузулган;
- санитардык иштетүүсү начар банкалар (шорпонун тактары, үстүңкү бетте азыктын жана кирдин болушу).
192. Көрсөтүлгөн кемчиликтери бар 3% текшерүүдө банкалардын 0,4% азы табылса, лаборатория үлгүлөрүнүн анализдеринин текшерилген санынан стандарттын нормаларынан четтөөлөр аныкталса, консервалар сактоого кабыл алынат. Кемчиликтүү банкалар 0,4 жана андан көп пайыз табылган учурларда дагы орундардын 3% кошумча текшерилет. Кошумча текшерүүдө кемчиликтүү банкалардын саны 0,4 андан көп пайызды түзсө, консервалардын мындай партиясы жараксыздыкка чыгарылат.
193. Консерваларды жараксыздыкка чыгарууну тариздөө үчүн алуучу даярдоочунун өкүлүн жана Соода - өнөр жай палатасынан экспертти чакырууга милдеттүү. Соода - өнөр жай палатасы экспертти бөлүп берүүдөн баш тартса, текшерүү төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
- даярдоочу продукцияны бир тараптуу кабыл алууга макулдук берсе, бир тараптуу ишкана - алуучу тарабынан.
194. Продукцияны жараксыздыкка чыгаруу жыйынтыктары боюнча алынган продукциянын факт түрүндөгү сапаты тууралуу акт түзүлөт, бомбаждалган, аккан, тешилген, дат баскан консерваларды жок кылууга тийиш, кемчиликтүү консервалардын саны жана сактоого салынууга жарактуу эмес жана жеткирүүчүгө кайтарып берилүүгө тийиш продукциянын саны көрсөтүлөт. Аталган консервалар туруктуу техникалык комиссия тарабынан жокко чыгарылат. Консерваларды жокко чыгаруунун актысы жараксыздык актысына тиркелет.
195. Жеткирүүчү жараксыздыкка чыгаруу актысын алган учурдан баштап бир айлык мөөнөттө сапаттуу консервалардын тең санын жеткирүүгө милдеттүү.
196. Консерваларды өндүрүү технологиясын бузуу натыйжасы болуп эсептелген өндүрүштүк мүнөздөгү кемчиликтер үчүн (бомбаж, тарсылдоо, агуу, даамдын жана жыттын кемчиликтери, лак менен полуданын биригиши) даярдоочу-ишкана бул кемчиликтер аныкталган учурга карабастан толук жоопкерчилик тартат.
197. Жараксызга чыгарылган, жок кылынган же утилизацияланган консервалардын баасын, жараксызга чыгарылган консерваларды кабыл алууга, сактоого жана жүктөөгө байланыштуу факт түрүндөгү чыгымдарды талашсыз тартипте даярдоочу (жеткирүүчү) төлөйт.
37. Сактоо
198. Консерваларды кампага жыюу штабелдердеги орундардын санын толук эсептөө мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жайгаштыруунун рационалдуу схемалары боюнча, консервалардын жана таранын сакталышын, штабелдердин туруктуулугун, кампа аянттарын натыйжалуу колдонуу менен жүргүзүлүшү керек.
199. Пакеттелбеген түрдө консервалар келип түшкөндө пакеттерди түзүү аларды вагондон же автомашинадан түшүрүүдө жүргүзүлөт. Ошол эле учурда ящиктер трафарет менен сыртка банкаларды сөзсүз тигинен жайгаштыруу менен жүргүзүлөт. Пакеттерди түзүү өлчөмү 1200x1000x150 мм же 1200x800x150 мм таза кургак поддондордо жүргүзүлөт.
200. Консервалардын штабелдери сапаты, ассортименти жана сорттору, иштеп чыгуу убактысы (бир кварталдын чегинде) боюнча бирдей бир же бир нече партиядан, сактоонун бирдей кепилдик мөөнөтү бар бир типтеги жана өлчөмдөгү банкаларда жана ящиктерде, бир өлчөмдөгү жана бир бийиктиктеги поддондордо түзүлөт.
201. Консервалар штабелге туурасы 3-4 пакет болуп салынат. Штабелдин узундугу борбордук бойлото өтүүчү жерден дубалдын жанындагы өтүүчү жерге чейинки аралык менен аныкталат, штабелге туурасынан салынат.
202. Штабелдер ортосунда өтүүчү жерлер 0,5 метрден кем эмес жана дубалдардын жанынан - 0,7 метр болушу керек. Өтүүчү жердин туурасы - 1,6 метр.
203. Температуранын кескин өзгөрүүлөрүнө жол бербөө жана салыштырма нымдуулукту сактоо максатында төмөнкүлөрдү жүргүзүү керек:
- күз-кыш мезгилинде эшиктерди жана аба өткөн жерлерди герметизациялоо жолу менен кампаларды жылуулоого карата чараларды көрүү. Кирүү бир эшик аркылуу болушу керек;
- жазында тыштагы жылуураак аба менен интенсивдүү шамалдатуу жолу менен консерваларды жылытуу; жана алардын температурасынын кампадагы абанын температурасынан кескин артта калуусуна жол бербөө. Шамалдатуу температура-нымдуулук режимин жөнгө салуу тартиби тууралуу көрсөтүлгөн нускаманын 80-бөлүмүнүн негизинде жүргүзүлөт: температура +25°, нымдуулук 75%.
204. Сактоо режимин жакшыртуу үчүн жай мезгилинде суткалардын суук мезгилинде шамалдатуу жүргүзүлүшү керек.
205. Кампада абанын температурасын жана нымдуулугун өлчөгөн приборлор болушу керек.
206. Консерваларды сактоо процессинде алардын сапатына системалуу байкоо жүргүзүү керек. Банкалардын тышкы абалын текшерүү 15-ноябрдан баштап 1-мартка чейин айына бир жолу, калган учурда - айына эки жолу жүргүзүлөт. Бул учурда сөзсүз штабелдерди кайра жыйноо менен үстүңкү жана астыңкы катарлардагы ящиктердин 0,2% кем эмес саны текшерилет. Сактоого тоңдурулган же муздатылган түрдө өткөрүлгөн консервалардын банкаларынын абалына өзгөчө көңүл бөлүнөт. Пакеттелген консервалардын сапаттык абалын кароо жана текшерүү көзөмөл пакеттер боюнча гана жүргүзүлөт.
Калайдын үлүшүн аныктоо кабыл алуу жана сактоо учурунда полуда заты жылып билинсе же сырткы лак (эмаль) бузулуп калса текшерилет. Ал эми товарды чыгарып берүүдө калайдын үлүшү милдеттүү түрдө аныкталышы зарыл.
Эт консерваларына органолептикалык баалоо жүргүзүүдө даамы, жыты, түсү, эттин коюулугу, сорпосунун сапаты, банкалардын ички абалы текшерилет.
Сактоо учурунда консервалардын сапатына органолептикалык баалоо жүргүзүүдө ар бир штабелден ар бир ассортименттен 2 банка алынат. Текшерүү үчүн сактоого кабыл алуу учурунда ачылган банкалар алынат.
Эт консерваларынын сапатына баа берүү төмөнкү мөөнөттө жүргүзүлөт:
- сактоо мөөнөтү 5 жыл деп аныкталган эт консервалары кабыл алынып жатканда, 3 жылдан кийин жана андан ары - 6 ай сайын текшерилет; 3-4 жылдык сактоо мөөнөтү бар эт консервалары 2 жылдан кийин жана андан ары 6 ай сайын текшерилет;
- 2 жылдык сактоо мөөнөтү бар эт-өсүмдүк аралашкан консервалар кабыл алынын жатканда, андан кийин болсо 6 ай сайын.
Консерванын органолептикалык сапатын баалоо кабыл алуу учурунда жүргүзүлөт, андан ары 2 жыл сакталгандан кийин, андан кийин ар бир алты ай сайын. Эт өсүмдүк консерваларды даамдап көрүү кабыл алууда, андан кийин ар бир алты ай сайын жүргүзүлөт.
Бузулган (бомбаж, агып калган, банкасы перфорация болгон) консервалар ӨТК комиссия тарабынан бөлүмдүн адисинин, ишкананын бухгалтеринин жана материалдык жоопкерчилик жүктөлгөн адамдардын катышуусу менен жок кылынат.
Банкаларды жок кылууда ачылып көрүлөт,кычкылдык (кислота) менен тазаланат жана жерге көмүлөт.
Консервалардын бузулган банкаларын жок кылуу тууралуу Акт консерваларды бракка чыгаруу актысына тиркелет.
Консерваларды малга жем катары жөнөтүү ветеринардык кызматтын тийиштүү уруксаты менен жүргүзүлөт.
207. Банкалардын тышынын үстүнүн өзгөрүү белгилери пайда болгон учурда (бомбаж, дат ж.б.) мындай штабелдерди которуштуруу, сорттоо жана чыгаруу жүргүзүлөт. Партиядан 0,5% өлчөмүндө жараксыз консервалар болгондо аны мөөнөтүнөн мурда чыгаруу жана жаңылоо тууралуу маселе чечилет. Сорттоодо алынган кемчиликтүү банкалар сатылат же ушул Нускаманын 13, 14-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте жок кылынат.
38. Берүү
208. Консервалардын сактоо мөөнөтүн узартууда химиялык жана бактериологиялык анализдерди жүргүзүү керек, аларга ылайык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тийиштүү документтерди берет: консерванын коопсуздугу жөнүндө документ, изилдөө протоколунан көчүрмөлөр.
209. Консерваларды берүү кабыл алгандай эле пакеттер менен, иштеп чыгарылган схемаларга ылайык, ташууда сакталышын эске алуу менен жүргүзүлөт.
210. Жүктөп бүткөндөн кийин жүктөлгөн консервалардын жалпы саны, штабелдеги орундардын калдыгы эсептелет жана алынган маалыматтар штабель көрнөгүнүн көрсөткүчтөрү менен салыштырылат.
VIII. КУМШЕКЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ, САКТОО ЖАНА БЕРҮҮ
39. Жалпы маалыматтар
211. Кумшекер сапат көрсөткүчтөрү боюнча белгиленген талаптарга ылайык келиши керек.
212. Сапат көрсөткүчтөрүнө карата кристалл кумшекерди төрт категорияга: 1, 2, 3, 4 бөлүшөт.
213. Мамлекеттик резервге биринчи жана экинчи категориялардагы кумшекер салынууга тийиш.
214. Кумшекерди кабыл белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүшөт.
215. Чийки заттын коопсуздугуна, өндүрүш процесстерине, сактоо, ташуу жана сатуу процесстерине коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 01.08.2011-ж. № 437 токтому менен бекитилген "Кумшекердин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентте көрсөтүлгөн нормаларга шайкеш келиши керек.
40. Таңгак, маркалоо, ташуу
216. Мамлекеттик резервде кристалл кумшекерди таза салмагы 50 кгдан жаңы кездеме же полипропилен каптарга, ичинен полиэтилен каптар менен, же сапат көрсөткүчтөрү боюнча тең каптарга, анын ичинде импорттук, продукциянын сакталышын камсыз кылган жана колдонуу үчүн саламаттыкты сактоонун мамлекеттик органдары тарабынан колдонууга уруксат берилген каптарга салышат. Ички каптарынын оозун бүктөшөт, буушат же ысык менен бириктиришет.
Кристалл кумшекерди полипропилен каптарга тышкы кап менен чогуу оозунан тигилген ички кап менен таңгактоого уруксат берилет.
217. Транспорттук тараны маркалоону (кездеме же пропилен каптарды) каптын оозуна көрнөктү тиркөө жана капты тигүү менен бир убакта жүргүзөт.
Кумшекер салынган каптарды түздөн-түз каптын кездемесине даярдоочу ишкананын аталышын жана анын дарегин, азыктын аталышын, таза салмагын, бул стандарттын белгисин көрсөтүү менен боёк түшүрүп маркалоого жол берилет. Азыктын аталышын маркалоо тамгалардын өлчөмү боюнча башка маалыматтардан айырмаланышы керек.
Көрнөктөрдө эки тилде маркалоого жол берилет.
218. Транспорттук маркалоону белгиленген талаптарга ылайык манипуляциялык белгисин жазуу менен жүргүзүшөт. Бир көрнөктө продуктуну өлчөмү 15 мм 825 мм. манипуляциялык белгини чогуу жайгаштырууга жол берилет.
219. Маалымат керектөөчү жана транспорттук качага ченемдик документацияга ылайык жазылат (пакеттер, пачкалар, коробкалар, каптар, ящиктер, топтук таңгакты).
220. Кумшекер салынган каптар тигүүнүн механикалык чыдамдуулугун камсыз кылган зыгыр, чыт, синтетика же башка жиптер менен машина ыкмасы менен тигишет.
221. Кумшекерди автомобиль транспорту менен ташууда кумшекер салынган каптарды белгиленген талаптарга ылайык жыгач поддондорго салуу керек. Поддондор жок болгондо, автомобилдин кузовуна брезент, кагаз же таза кагаз кесиндилерин төшөшөт. Жыйгандан кийин кумшекер салынган каптарды брезент менен жабышат.
41. Кабыл алуу
222. Узак сактоо үчүн кумшекер таза салмагы 50 кг дан жаңы кездеме же полипропилен каптарга таңгакталат.
223. Келип түшкөндө кумшекердин температурасы +25 ºС ашпашы керек. Жай мезгилинде 25 ºС жогору абанын температурасында, кумшекерди узак сактоого айлана чөйрөнүн температурасына туура келген температурада сактоого жол берилет.
224. Кумшекерди кабыл алууну белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүшөт.
225. Саны боюнча кумшекерди кабыл алуу орундардын саны жана стандарт таза салмак боюнча бузулбаган тарада жүргүзүлөт.
Кумшекер салынган 10 каптын таза салмагынын орточо арифметикалык маанисинен жол берилген четтөөлөр таза салмагы 50 кг кумшекер салынган бир каптын салмагынан ± 0,125% ашпашы керек жана 100 кг ± 0,25% ашпашы керек.
Айрым таңгактоочу бирдиктердин жол берилген минустук четтөөлөрү белгиленген талаптарга ылайык таблицада көрсөтүлгөн маанилерден ашпашы керек:
Айрым таңгактоочу бирдиктер үчүн жол берилген четтөөлөрүнүн маанилери
Таңгактоочу бирдикте продукция санынын номиналдык мааниси, г | Номиналдык мааниден жол берилген четтөө чегинин мааниси | |
% | гр. | |
2 баштап 50 чейин камтыйт | 9 | - |
50 баштап 100 чейин камтыйт | - | 4,5 |
100 баштап 200 чейин камтыйт | 4,5 | - |
200 баштап 300 чейин камтыйт | - | 9,0 |
300 баштап 500 чейин камтыйт | 3,0 | - |
500 баштап 1000 чейин камтыйт | - | 15,0 |
1000 баштап 1000 чейин камтыйт | 1,5 | - |
10000 баштап 15000 чейин камтыйт | - | 150,0 |
15000 баштап 25000 чейин камтыйт | 1,0 | - |
226. Кумшекердин таза салмагын көзөмөлдөөнүн тандоо өлчөмү белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
227. Каптар бузулганда кабыл алуу тараны оңдогондон кийин факт түрүндөгү таза салмагы боюнча жүргүзүлөт. Табылган жетишпестикке белгиленген тартипте акт түзүлөт. Капты кампанын жумушчулары оңдойт. Кумшекер стандарттык салмак боюнча кабыл алынган кумшекерден өзүнчө эсепке алынат жана кампага салынат жана биринчи кезекте факт түрүндөгү таза салмагы боюнча чыгарылып берилет.
228. Вагондон же машинадан түшүрүүдө чогултулуп алынган кумшекердин төгүлгөндөрү башка аралашмалардан тазаланган, капка салынган, таразага тартылган, кабыл алуу актыларына ылайык ар бир жеткирүүчү боюнча өзүнчө баланска кабыл алынган жана эске алынган болушу керек. Айрылган каптарда кумшекердин факт түрүндө жетишсиздиги аныкталганда төгүлгөндөрдү кабыл алууда чогулгандардын саны жетишпегендин азайышы катары эске алынбайт. Кумшекердин төгүлгөндөрү жеткирүүчүгө кумшекерди толук кабыл алгандан кийин өткөрүлүп берилет. Жеткирүүчүлөр төгүлгөндөрдү чыгарып кетүүгө карата чараларды көрбөгөн учурда, бир ай өткөндөн кийин мамлекеттик резервдин Ыйгарым укуктуу органынын жетекчилиги аларды жок кылууга карата чараларды көрөт.
229. Кумшекерди сапаты боюнча кабыл алуу сапат тууралуу берилген документтерге ылайык каптарды 100 пайыздык тышкы кароо менен жүргүзүлөт. Сапаты жана таңгагы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келбеген, ошондой эле нымдалган, суу тийген, кир тарадагы кумшекер сактоого кабыл алынбайт, өзүнчө кампага коюлат жана аны алмаштыруу же жеткирүүчүгө кайтарып берүү тууралуу кийинки чечимге чейин убактылуу сактоого акт менен таризделет.
42. Сактоо
230. Кумшекерди өзгөчө жыты бар башка товарлар менен чогуу сактоого жол берилбейт.
231. Кумшекер салынган каптар оозу штабелдин ичине, бийиктиги 25-30 см кем эмес, өлчөмү 1200х1500 мм, жыгач поддондорго жыйылат. Кумшекерди салуу ыкмасы штабелдердин, пакеттердин туруктуулугун камсыз кылышы керек. Штабелдин маңдай жактары сөзсүз вертикалдуу болушу же штабелдин ичин көздөй бир аз жантаюусу болушу керек. Штабелдин бийиктиги боюнча пакеттер ортосунда алардын туурасын жана узунун карай байлоо үчүн туурасы 100 мм чейин жана калыңдыгы 25 мм доскалардан төшөөчү материал салынат.
232. Каптарды поддондорсуз цемент же асфальт полдорго полиэтилен пленкага коюуга уруксат берилет, аны штабелди койгондон кийин булгануудан жана нымдануудан сактоо үчүн эки төмөнкү катарга бүктөшөт. Туруктуулук үчүн штабелдин бурчтарына доскаларды же кездемени төшөшөт.
233. Жылытылбаган кампаларда штабелдердин бийиктиги, кампанын бийиктигине жараша максималдуу мүмкүн болушу керек, штабелдердин жогорку катарлары жана шамчырактар ортосунда - 0,5 м кем эмес аралык калтырылат. Дубалдардан периметр боюнча туурасы 0,5 м кем эмес, штабелдер ортосунда - 0,5 м кем эмес, бирок 24 катардан ашпаган өтүүчү жерлер калтырылат.
Штабелдердин негизги өтүүчү жерин бойлото пакеттерди туурасы бир пакет кылып жыюуга жол берилет, 2,5 м кем машина өтүүчү бөлүк калтырылат.
234. Сактоодо товар менен таранын, калыптын сырткы көрүнүшү текшерилип, органолептикалык көрсөткүчтөрү аныкталат (өңү, даамы), шекердин куюлганы, эригени текшерилет. Штабелдин үстүндөгү жана эң астындагы катарларында сакталган кумшекердин сапаттык абалына өзгөчө көңүл бурулат.
Кумшекердин сапаты жылына бир жолу текшерилет, жылытылбаган кампаларда органолептикалык көрсөткүчтөр жайкы сактоого өткөрүлгөндө аныкталат.
Эгерде кумшекердин нымдалганы байкалса нымдуулуктун үлүшү аныкталып, зарыл учурда штабелдер кайра жыйылат.
Кумшекердин сапатын текшерүү үчүн жытылыбаган кампада бир жылда өндүрүлгөн шекер жыйылган жалпы штабелдердин санын 10% чегинде көзөмөл штабелдердеги шекер алынат. Кумшекерди текшерүү үчүн тандап алуу көзөмөл штабелдердин астыңкы катарындагы 8 мешоктон (ар бир тарабынан экиден) алынат.
Чакмак кантты текшерүү үчүн көзөмөл ящиктен чакмак алынат. Текшерүү үчүн кумшекер ар бир мешоктон 15-20 гр алынып, жалпы салмагы 200 гр. түзөт. Чакмак канттан бир кутуча алынат.
43. Сактоо режими
235. Кант кампада абанын температурасы 40% жогору болбогон жана салыштырма нымдуулугу 70% жогору болбогон температурада сакталат.
236. Кумшекердин сапатынын абалына байкоо жүргүзүп туруу керек. Кароону айына бир жолудан кем эмес, ал эми күз-жаз мезгилинде - жумасына бир жолу өткөрүү керек. Штабелдердин төмөнкү катарларында кумшекердин нымдануу белгилери пайда болгондо которуштуруу жүргүзүлөт: төмөнкү катарлардагы каптар үстүнкү катарга, үстүнкүлөр штабелдин ылдый жагына жыйылат. Кумшекер салынган нымдалган каптар жалпы штабелден сорттолот, кургатылат, өзүнчө жыйылат жана сатууга тийиштүү болот.
237. Жылытылбаган кампаларда кумшекерди сактоо мөөнөтү 4 жыл, аны иштеп чыгуу убактысынан баштап эсептелет (квартал) жана тийиштүү Ыйгарым укуктуу көзөмөлдөөчү органдардын корутундусу боюнча кумшекердин сапатынын абалына жараша узартылышы мүмкүн.
44. Берүү
238. Таңгагы бузулбаган каптарга таңгакталган кумшекер таразага тартпастан каптын көрнөгүндө көрсөтүлгөн стандарттык салмак боюнча чыгарылат.
239. Жүктөп бүткөндөн кийин жүктөлгөн каптардын санын штабелдеги калдыктар менен салыштыруу жана аны штабель көрнөгүнө жазуу керек.
IX. ТАМАК-АШ КАЙНАТЫЛГАН ТУЗУН КАБЫЛ АЛУУ, САКТОО ЖАНА БЕРҮҮ
45. Жалпы маалыматтар
240. Узакка сактоо үчүн ар түрдүү тартылган жана сорттогу белгиленген талаптарга ылайык жооп берген кайнатылган аш тузу кабыл алынат.
241. Кайнатылган тамак-аш тузу төмөнкүчө бөлүнөт:
- сапаты боюнча сортко: экстра, жогорку, биринчи;
- иштетүү ыкмасы боюнча № 0, № I, № 2, № 3.
242. Сырьёнун коопсуздугуна, өндүрүш процесстерине, ташып жеткирүүгө жана сатып өткөрүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.06.2012. № 456 "Йоддолгон тамак-аш тузунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти жөнүндө токтому менен бекитилген ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
46. Таңгак, маркалоо, ташуу
243. Мамлекеттик резервге кайнатылган туз сактоого төмөнкүдөй түрдө алынат:
- байламдарда жана пакетте же полиэтилен пакеттеринде фасовкаланган, гофрленген катуу кагаздан ящиктерге же жыгач ящиктерге таңгакталган.
- төрт же беш кабат, нымга туруктуу, суу өткөрбөгөн оозу машина менен тигилген кагаз каптарга 40 жана 50 килограммдан салынган;
- фасовкаланбаган.
244. Маркировка белгиленген тартипке ылайык келүүгө жана төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: товардык белги, даярдап чыгарган ишкананын аталышы, дареги, продукттун аталышы, сорту, майдаланганы, нетто массасы, чыгарылган күнү, стандарттын белгилениши.
47. Кабыл алуу
245. Тузду саны боюнча кабыл алуу:
- таңгакталган жана идиштерге салынган түрдө, орундарды кайра саноо, таңгакталган маркировкадагы сунуштоочунун маркировкада көрсөтүлгөн нетто массасы боюнча чыгарылган документтери менен трафареттик маалыматтарды салыштырып текшерүү жолу менен жүргүзүлөт.
Каптардагы туздун нетто массасынын өзгөрмөлүүлүгү 0,95 аралыгында болууга тийиш.
246. Байламдагы жана пакеттеги кайнатылган аш тузунун номиналдык нетто массасынын 0,95 аралыгында четтөөсү төмөнкү таблицада көрсөтүлгөндөргө дал келүүсү керек:
Таза салмактын номиналдык мааниси, г | Жол берилген четтөө (номиналдык мааниден алынган массалык үлүш),% |
1ден 5ке чейин кошо алганда | ±10 |
2ден 25ке чейин кошо алганда | ±7 |
25ден 100гө чейин кошо алганда | ±5 |
100дөн 2000ке чейин кошо алганда | ±3 |
- вагондук жана автоунаа таразаларында 100% тартылган, фасовкаланбаган катуз.
247. Тузду сапаты боюнча кабыл алуу сапат сертификаты же күбөлүгү боюнча маалыматтарды текшерүү, туздун курамында башка аралашмалардын жоктугу, таңгакталышы жана маркировкаланышы колдонуудагы стандартка ылайык келүүсүнө карата үймө туздун партиясын тыштан карап чыгуу жолу менен жүргүзүлөт.
248. Белгиленген талаптарга жооп бербеген жана сан жагынан кем чыккан учурда, акт түзүлөт, ага ылайык, тузду алмаштыруу жана сатуу жөнүндө чечим чыкканга чейин убактылуу сактоого алынат.
249. Түшкөн партиядан 5 пайыздан ашык жараксыз болгон жерлер, суу болгон ящиктер табылган учурда, туз сактоого кабыл алынбайт. Эгерде, жараксыз болгон жерлер 5 пайыздан төмөн болсо, анда партия сунуштоочунун эсебинен кийинкиде кайрадан жаңы ящиктерге салуу менен кабыл алынат.
250. Ящиктин (пакеттин, каптын) заводдук таңгактоосунун болушуна жана аш тузунун сандык жана сапаттык жактан сакталышына маркировкалык ярлыктын болушуна жана сортко ылайык келүүсүнө сунуштоочу жоопкерчиликти мойнуна алат.
251. Йод жана фтор кошулган аш тузу сактоо мөөнөтү өткөндөн кийин кошулмасы жок аш тузу катары сатылат.
252. Иригин, таңгагын жана маркировкаланганынын физика-химиялык жана органолептикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү арасынан терип алуу жолу менен ишке ашырылат.
Арасынан бирди тандап алууну кокустук ыкмасы менен бир баскычтуу нормалдуу текшерүүнүн планына ылайык жүргүзүшөт.
Партиянын, ташуучу таранын бирдиктеринин өлчөмү | Ташуучу таранын тандоо өлчөмү, даана | Ас - кабыл алуучу сан | Ре - жараксыз сан |
50 чейин кошо | 5 | 0 | 1 |
50дөн 150 чейин | 20 | 1 | 2 |
150дөн 280 чейин | 32 | 2 | 3 |
280ден 500 чейин | 50 | 3 | 4 |
500дөн 1200 чейин | 80 | 5 | 6 |
1200дөн 3200 чейин | 125 | 7 | 8 |
3200дөн 10000 чейин | 200 | 10 | 11 |
10000ден 35000 чейин | 315 | 14 | 15 |
35000 жана андан көп | 500 | 21 | 22 |
253. Эгерде, тандалганда жараксыз бирдиктин саны аз же Ас санына барабар болсо, анда партия белгиленген талапка ылайык келет деп эсептелет, эгерде, тандалганда жараксыз бирдиктин саны теңме-тең же жараксыз Re саны көп чыкса, анда талапка ылайык келбейт деп эсептелет.
254. Туз тамакка ашканада алдын ала тазаланбастан кошула турган азык болгондуктан, жүктөө-түшүрүү иштеринде жана сактоодо азыкты булгануудан коргоочу санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоо зарыл.
48. Сактоо
255. Тузду жайгаштыруу кампа аянттарын туура пайдалануу, сандык жана сапаттык жактан сакталышын камсыздоо, кабыл алуу жана чыгарып берүү учурундагы жүктөө-түшүрүү иштери үчүн зарыл шарттарды жаратуу жана сактоонун сапатына көзөмөл жасоо аркылуу жүргүзүлөт.
256. Капталбаган туз негизинен төрт капталдуу кесилген пирамида сымал бурт түрүндө идишсиз сакталат. Туздун буртунун үстү жана капталдары тегизделиши керек. Бурттун бийиктиги полдун аянтынын бир квадрат метрине жүктөөгө мүмкүн болгондой оордукка байланыштуу болот, бул учурда электр жарыктыгы менен болгон аралыгы 0,5 метрден кем болбошу керек.
257. Туз бурт түрүндө сакталганда кампалардын асфальт полдору 3-4 мм. калыңдыктагы фанера төшөмдөр менен баштан аяк төшөлөт. Түркүктөр тактай калкандар менен тосулат, кампанын периметри боюнча дубалдан 1 метр аралыкта бийиктиги 0,7-1,0 метр жыгач тосмолор орнотулат. Бурттагы туздун кадимки бурчун эсепке алуу менен жыйылат.
258. Тузду булгануудан, ным тартуудан жана жалпайып кетүүдөн сактоо үчүн кампалардагы жасап коюлган бурттарды тузга таасир этпөөчү жана жыты жок жабуучу материалдар (кап кагаз, брезент, полимер плёнка) менен калкалоо зарыл.
259. Капталган тузду жабык кампаларда бирдей көлөмдөгү 15 см. кем эмес бийиктиктеги таза кургак товар жыйгычка тизилген абалда гана сактоо керек.
260. Тизилген каптагы туздардын аралыгына 0,5 м өтмөк калтырылат, дубал менен тизилген каптардын аралыгына - 0,7 м. калтырылат.
261. Ар башка сорттогу жана ар башка тартылган туз бөлөк-бөлөк сакталат.
262. Тузду сактаганда абанын салыштырма нымдуулугу 70% ашпашы, температурасы чукул өзгөрбөшү керек. Кампаларды шамалдатуу (вентиляциялоо) Температуралык-нымдуулук режимин жөнгө салуу көрсөтүлгөн нускаманын 80 - бөлүгүнүн негизинде жүргүзүлөт.
263. Сактоодо туздун сапаты органолептикалык көрсөткүчү боюнча бир жылда бир жолу инвентаризация өткөргөндө, ошондой эле жүктөө алдынан жана туздун сапаты начарлаганы билинген учурларда жүргүзүлөт.
264. Кайнатылган аш тузунун органолептикалык көрсөткүчтөрү (даамы, түсү, жыты) жана нымдуулуктун массалык үлүшү жылына бир жолу текшерилет.
265. Жүргүзүлгөн бардык операциялар чагылдырылган узак сактоого кабыл алынган туздун эсеби күнүмдүк пайдаланылуучу туздун эсебинен бөлөк жүргүзүлөт.
266. Белгиленген температуралык-нымдуулук режими көрсөтүлгөн нускаманын 80-бөлүмүнүн негизинде сакталса, туздун сакталуу мөөнөтү чектелбейт.
49. Берүү
267. Капталган тузду чыгарып берүү, кабыл алуудагы сыяктуу эле, орундун саны жана неттонун стандарттык массасы боюнча жүргүзүлөт.
Бурт түрүндөгү туз 100% тартып өлчөө жолу менен чыгарып берилет.
268. Чыгарылгандан кийин тизимдеги калганы текшерилет, чыгарып берилген документтер менен тизимдин көрнөктөрү салыштырылат, жүктөлүп чыгарылган продукциянын саны белгиленет жана тизимдеги көрнөктө калдык чыгарылат.
X. ЛАГЕРДИК, АСКЕР, УНИФИКАЦИЯЛАНГАН САНИТАРДЫК-ТЕХНИКАЛЫК (УСТ-56) ЧАТЫРЛАРДЫ, УНИФИКАЦИЯЛАНГАН САНИТАРДЫК-БАРАК СЫЯКТУУ ЧАТЫРЛАРДЫ (УСБ-56), ТИРИЧИЛИК ЧАТЫРЛАРЫН КАБЫЛ АЛУУ, САКТОО ЖАНА БЕРҮҮ
50. Жалпы маалыматтар
269. Чатырлар талаа шарттарында убактылуу жашоо, иштөө, ошондой эле санитардык-медициналык максаттар үчүн турак-жай катары колдонулат.
Чатырлардын комплекттүүлүгү жөнүндө жалпы маалыматтар төмөнкү тиркемелерде берилген: №1 - лагердик, № 2-УСТ - 56, № 3-УСБ - 56.
Турмуш-тиричилик чатырлары индивидуалдуу комплекттүүлүк менен тигилет.
51. Таңгак, маркалоо, ташуу
270. Лагердик, УСТ-56, УСБ-56 чатырларынын негизги бөлүктөрүндө фабриканын белгиси коюлат.
Белгилер түшүнүктүү, суу менен жууганда кетпей турган жана бүктөгөндо үбөлөнбөй турган болуусу керек.
271. Ар бир чатырдын таңылган жерине көрнөк бекитилет, анда басма тамгалар менен төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- даярдап чыгарган ишкананын аталышы;
- чатырдын кыскартылган аталышы жана техникалык документтердин номери;
- чатырдын бөлүгүнүн аталышы, ал эми жабуулар жана жылууланган тарабы үчүн жасалган кездеменин аталышы жана артикулу;
- даярдалган күнү (айы, жылы);
- көрсөтүлгөн жерге таңылган бөлүктөрүнүн саны;
- ылгамы.
Ушундай эле мазмундагы көрнөктөр таңылчактын ички бетине да бекитилет.
272. Лагердик, УСТ-56, УСБ-56 чатырларынын ар бир чыгарылган партиясы сертификацияланууга тийиш.
Чатырлар калың, бышык жана кургак таңгактоочу кездемеге оролуп, жана аны ташып жеткирүүдө, жүктөөдө, кайра түшүрүүдө этият сакталышы керек. Жолдо чатырлардын текстилдик бөлүгүнүн айрылып калышынан сактоо максатында, анын бардык металл жана жыгачтарын өзүнчө топтоп алып жүрүү керек.
52. Кабыл алуу
273. Сапаты боюнча кабыл алуу ар бир жүктүн абалын тыштан карап чыгуу жолу менен, сапатты текшерип кабыл алуу актысынын негизинде жүргүзүлөт.
274. Суу болгон, кир жана сүрүлгөн таңылчактар (таңгактар) сактоого алынбайт.
275. Сапаты жана комплекттүүлүгү жагынан талаптарга жооп бербеген чатырлар, актка ылайык, товар сунуштоочу тарабынан аларды алмаштыруу чечими кабыл алынганга чейин, комплектөөгө же кайра кайтарып берүүгө чейин убактылуу сактоого алынат.
276. Саны боюнча кабыл алуу чатырдын бөлүктөрүнүн ар биринин аталышынын ордун эсептөө жолу аркылуу жана таңылган жүктүн ордунун маркировкаланган маалыматтарына ылайык жүргүзүлөт. Кабыл алууда чатырлардын комплекттүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу керек.
277. Тиричилик чатырларынын комплекттүүлүгү техникалык паспорт боюнча текшерилет.
278. Чатырларды иреттеп жыюу чатырдын ар бир түрү үчүн бөлүктөрдүн аталышы боюнча өзүнчө, сорту жана даярдалган жылы боюнча өзүнчө фабрикалык таңгакта жүргүзүлөт.
279. Чатырлар 15-20 см. ашпаган бийиктикте таза, кургак жыгач тактайдын үстүнө, төмөнкүчө иреттеп жыйылат:
- УСБ-56 жана УСТ-56 чатырларынын кездеме бөлүктөрү менен таңылчактар 5-6 катар бийиктикте тегиз тизилип коюлат;
- Лагердик жоокердик жабуулары менен чатырлардын таңгагы 7-8 катар бийиктикте;
- Такелаж менен каптар 7-8 катар бийиктикте тизилет;
- Штабелдин туруктуу болушу үчүн таңылчактын (таңгак) ар бир 2-8 катарынан кийин таза, кургак жыгач тактайлар коюлат;
- жыгач казыктар, бакандар, кырлар ийилип кетпеши үчүн, устундардын катарынын арасына катмар салынып тизилип коюлат;
- алкагы менен кассеталарды тике тургузуп орнотуу керек.
280. Штабелдер туруктуу болууга тийиш. Штабелдерди жана текчелерди жантайтууга болбойт. Товарлардын штабелдерин кармап туруучу кампалардын конструкцияларына, дубалдарга жана түркүктөргө тийгизип тизүүгө болбойт.
Штабелдердин арасындагы өтүү жолдору 0,5м, дубал бойлой - 0,7 м, негизги узунунан кеткен жана туурасынан кеткен өтүү жолдорунун кеңдиги 2-2,5 м болууга тийиш.
53. Сактоо режими
281. Чатырларды сактоодо негизги көңүлдү нымдуулугун алдын алуусуна буруу керек. Сактоо процессинде кампада абанын салыштырма нымдуулугу 75%дан ашпай, температурасы +25ºСдан жогору болбошу керек.
282. Конденсаттын түшүп калышын болтурбоо үчүн температуранын жана салыштырмалуу нымдуулуктун чукул өзгөрүшүнүн зарылчылыгы жок, ал үчүн кампаларда температуралык нымдуулук режимди жөнгө салуу боюнча көрсөтүлгөн Нускаманын 80-бөлүмүнүн негизинде желдетип туруу керек.
283. Жергиликтүү шарттарга жараша дайыма сыртынан каралып турат, бирок айына бирден аз эмес жолу. Атмосфералык жаан чачындардын маалында тышкы бети күнүгө каралат. Ошол эле убакта штабелдердин туруктуулугу, кампалардын техникалык жана санитардык абалы текшерилет.
284. Белгиленген туруктуу плюс температурасында чатырларды жазгы-жайкы мезгилде сактоонун белгиленген мөөнөтүнүн жарымы аяктагандан кийин чатырлардын текстиль бөлүгүн толугу менен которуштуруу жүргүзүлөт, муну менен катар түктөр (таңгактар) алдыңкы катардан жогорку катарга которулат, ал эми жогорку катардагылар - төмөнкү катарга которулат. Чатырларды тез-тез которуштуруунун зарылчылыгы тышкы кароонун жана тандап которуштуруунун негизинде комиссия тарабынан аныкталат.
285. Кароодо жана которуштурууда нымдалган, көгөргөн көрүнүштөр менен табылган түктөр (таңгактар) ачылат, кылдат кургакталат, андан кийин мөөнөтү аяктаганга чейин алмаштыруу тууралуу маселе чечилгенге чейин башка штабелге салынат.
286. Металл бөлүктөрүнүн (кездемеге тигилген бөлүктөрүнөн башка) сыры же цинктенүүсү бузулса, андай жерлерди техникалык вазелин, ПВК майы же башка консистенттик майлар менен майлап коюу зарыл. Металл бөлүктөрдү майлоо даты жок кылгандан кийин жүргүзүлөт. Дат керосин менен жуулуп, кургактап сүртүлгөндөн кийин кетирилет, муну менен катар өрт коопсуздугунун эрежелери так сакталышы керек.
287. Чатырларды кычкылдык, щелоч, ар кандай майлар, күйүүчү материалдар менен чогуу сактоого тыюу салынат.
54. Чатырларды берүү
288. Чатырлар мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органынын иш көрсөтмөсү боюнча, мурдагы иштеп чыгарылгандардын же мөөнөтүнөн мурда алмаштырууга тиешелүү болгондордун эсебинен, таңгактардын же пакеттердин жана ящиктердин таңгагы бузулбастан, кабыл алынгандай комплекттүү бойдон чыгарып берилет.
289. Автоунаага жүктөөдө чатырдын текстилдик бөлүктөрү анын металл жана жыгач бөлүктөрүнүн үстүнө коюлат.
290. Жүктөп бүткөндөн кийин жүктөлгөн орундардын санын калдыктары менен текшерип чыгып, штабелдик көрнөккө жазып коюу керек.
55. Лагердик чатырларды жеткирүү комплектиси
291. Чатырлар төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
Тышкы жабуусу - тышкы бөлүктөрүн жана чатырын камтыйт, чатырдын негизги бөлүгү болуп саналат, суу өткөрбөй жана чирибей турган катмарлуу пахтадан жасалган катуу кездемеден тигилет;
Чатырларды тигүү үчүн приборлор - казыктардан, бакандардан жана тартма аркандардан турат.
Бир чатырдын комплектисине төмөнкүлөр кирет:
№ к/н | Чатырдын бөлүктөрүнүн аталышы | Саны 1 чатырга | кг |
1 | Чатырдын жабуусу | 1 | 10,6 |
2 | 5 м узундуктагы тартма аркандар | 4 |
|
3 | 2,9 м узундукта орточо жыгач бакан | 1 |
|
4 | 1,6 м узундукта бурчка коюлуучу бакан | 4 | 1,20 |
5 | 1 м узундукта жыгач казыктар же 0,6 м узундукта металл казыктар | 4 4 | 2,00 2,20 |
6 | Жыгач казыктар | 30 | 0,10 |
| Комплекттин жыгач казыктар менен салмагы Комплекттин металл казыктар менен салмагы |
| 30,50 31,30 |
292. Чатырдын жыгач бөлүктөрү жана тетиктери жонулган, шпаклевкаланган жана коргоочу түстөгү майлуу сыр менен сырдалып, кургак жыгачтан жасалууга тийиш. Металл казыктар коргоочу түстөгү майлуу сыр менен сырдалат.
56. Унификацияланган санитардык-техникалык чатырларды жеткирүү комплектиси (УСТ-56)
№ к/н | Бөлүктөрдүн аталышы | Бир жүк ордундагы бөлүктөрдүн саны | Салмагы брутто, кг | Таңгактоонун түрү, анын саны |
1 | Тышкы жабуусу | 1 | ПО | 1 таңылчак |
Ички жабуусу | 1 |
|
| |
Жылуулоонун асма бөлүгү | 2 |
|
| |
2 | Орто бакан (2 бөлүктөн турат) - 3,5 м | 1 | 20,4 | Байламы |
Тамбурдук бакан - 1,79м | 4 |
|
| |
3 | Каптал бакан - 1,89 м | 12 | 30,0 | Байламы |
4 | Металл казыктар - 0,6м | 20 | 56,0 | 2 жыгач ящик |
5 | Тартма аркандар - 2,8 м | 20 | 14,0 | Кап |
Вазик | 1 |
|
| |
6 | Оргайнек менен алкактар | 4 | 18,4 | 1 кассета |
Алкакчалар | 4 |
|
| |
Темир листи | 1 |
|
| |
7 | Сабы менен барскан | 1 | 6,0 | - |
| Жыйынтыгында салмагы: |
| 255 |
|
293. Чатырлар төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
- тышкы жабуусу - суу өткөрбөй турган катмары менен, күнгө оңбой турган калың брезенттен тигилген тышкы бөлүктөрүн жана чатырын камтыйт;
- ички жабуусу жабуулардын ортосунда аба өткөрүүчү катмарды түзүүчү чатырдын экинчи катмары болуп саналат, бөздөн тигилет;
- жылуулоочу асма бөлүктөрү - сырткы жана ички жабуулардын ортосуна жылуулоо үчүн пахтадан жасалган фланель кездемеси капталат;
- чатырды орнотуу үчүн прибор - казыктардан, бакандардан, тартма аркандардан турат.
Чатырдын жыгач бөлүктөрү жана тетиктери тегизделип жонулган, шпаклевкаланган жана коргоочу түстөгү майлуу сыр менен сырдалууга тийиш. Металл казыктар коргоочу түстөгү майлуу сыр менен сырдалышы керек. Металл тетиктери: коуштар, шакектер, гильзалар оцинковкаланышы керек, муфталар жана кырындагы шакекчелери, жыгач казыктардын жана бурчтук бакандардын таянычтары коргоочу түстөгү майлуу сыр менен сырдалуусу зарыл.
57. Унификацияланган санитардык-барак сыяктуу (УСБ-56) чатырларды жеткирүү комплектиси
Орду № | Т Бөлүктөрдүн аталышы | Бир жүк ордундагы бөлүктөрдүн саны | Массасы брутто кг | Таңгактоонун түрү, анын саны |
1 | Тышкы жабуусу |
| 126 | Таңылчак |
2 | Ички жабуусу | 1 | 70 | Таңылчак |
Жылуулоонун асма бөлүгү | 2 |
| ||
3 | Кыры (эки бөлүктөн) узундугу - 3,5 м | 1 | 33 | Байламы |
| Орто бакандар (эки бөлүктөн) - 3,5 м | 2 |
|
|
4 | Каптал бакандар - 1,89 м | 11 | 28 | Байламы |
5 | Каптал бакандар - 1,89 м | 11 | 28 | Байламы |
6 | Тамбурдагы бакандар - 1,79 м | 4 | 10 | Байламы |
7 | Металл казыктар - 0,6 м | 10 | 28 | Жыгач ящик |
8 | Металл казыктар - 0,6 м | 10 | 28 | Жыгач ящик |
9 | Металл казыктар - 0,6 м | 10 | 28 | Жыгач ящик |
10 | Тартма аркандар - 2,8 м | 30 | 22 | Кап |
| Вазиктер | 2 |
|
|
11 | Терезе алкактары | 6 | 24 | Кассета |
Алкакчалар | 6 | 0,15 | ||
Темир листи | 1 |
| ||
12 | Терезе алкактары | 6 | 24 | Кассета |
Алкакчалар | 6 | 3,50 | ||
Темир листи | 1 |
| ||
13 | Сабы менен барскан | 1 | 6 |
|
| Жыйынтыгында массасы |
| 455 |
|
294. Чатырлар төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
- тышкы жабуусу - суу өткөрбөй турган катмарлуу, күнгө оңбой турган калың брезенттен тигилген тышкы бөлүктөрүн жана чатырын камтыйт;
- ички жабуусу - жабуулардын ортосунда аба өткөрүүчү катмарды түзүүчү чатырдын экинчи катмары болуп саналат, бөздөн тигилет;
- асма бөлүк - сырткы жана ички жабуулардын ортосуна жылуулоо үчүн пахтадан жасалган кездемеси капталат - фланель;
- чатырды орнотуу үчүн прибор - казыктардан, бакандардан, тартма аркандардан жана кырлардан турат. Металл тетиктери: коуштар, шакектер, гильзалар оцинковкаланышы керек, калган жыгач жана металл бөлүктөрү коргоочу түстөгү майлуу сыр менен сырдалуусу зарыл.
XI. КЕЗДЕМЕ ЖАНА ПОЛИПРОПИЛЕН КАПТАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ, САКТОО ЖАНА БЕРҮҮ
58. Жалпы маалыматтар
295. Кездеме каптар жана кап кездемелери белгиленген талаптарга ылайык келиши керек.
296. Кызматы боюнча каптар азыктык жана техникалык болуп бөлүнөт. Мамлекеттик резервге салууга бир гана биринчи сорттогу азык каптары жарайт.
59. Таңгак, маркалоо, ташуу
297. Каптарды таңгакка 10 даанадан жарымынан коюп таңгакташат. Таңгактарды чоң таңгактарга массасы 50 кг ашык эмес, полипропилендерин 500 даанага чейин, 25 даанадан иреттеп жыйышат. Ар башка багыттагы, ар башка көлөмдөгү каптарды бир чоң таңгакка жайгаштырууга жарабайт.
298. Каптардын чоң таңгагы бардык жагынан ороочу кездеме менен же оромдун башка материалы менен тегерете тигип чыгылат. Колдонулуучу ороочу кездемелердин бардык түрү оролгон продукциянын сакталышын камсыз кылышы керек.
299. Каптардын ар бир чоң таңгагы белгиленген талапка ылайык "Күн нурларынан сактоо керек", "Илмек менен кармабагыла" белгилери менен маркировкаланышы зарыл.
300. Каптар белгиленген тартипке ылайык унаа каражаттарынын бардык түрү менен ташылат.
60. Кабыл алуу
301. Каптарды саны боюнча кабыл алуу орундарын саноо, чоң таңгактардагы трафареттик маалыматтарды сертификация маалыматтары жана жөнөтүүчүнүн жүктөп жөнөткөн документтери менен салыштырылып жүргүзүлөт.
302. Каптарды сапаты боюнча кабыл алуу ар бир таңгактын сыртын (таңгактын бүтүндүгүн, нымдалгандыгын, булгангандыгын ж.б.) кылдат карап чыгуу, жөнөтүүчүнүн паспортундагы (сапат күбөлүгүндөгү, сертификатындагы) жазылган каптардын сапатынын көрсөткүчтөрүн, кампа башчысынын стандартынын көрсөткүчү менен салыштыруу аркылуу жүргүзүлөт.
303. Каптардын сапатын текшерүү үчүн сапаты тууралуу бир документ менен катталган партиядан таңгактардын жалпы санынын 3%дан кем эмесин, бирок 3төн кем эмес таңгакты алышат. Ар бир таңгактын ар башка жеринен 10дон кем эмес кап тандап алынат.
304. Эгер тандалганда стандартка туура келбеген кап 3% дан ашык эмес чыкса, партия кабыл алынат. Канааттандырарлык эмес натыйжа алынганда кайра текшерүү жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча партия жараксыз деп табылат же башка сортко өткөрүлөт. Колдонулган каптар кайра салууга жарабайт.
305. Жараксыз деп табылган каптарга акт түзүлөт. Зарыл учурда экспертиза жүргүзүлөт. Стандартка туура келбеген каптар убактылуу сактоого кабыл алынат жана аларды сатуу, алмаштыруу же жөнөтүүчүгө кайтаруу тууралуу чечим чыкмайынча бөлөк жыйып коюлат. Каптардын бузулган изи болбогон бузук таңгак кампанын жумушчулары тарабынан оңдолот, каптар узак сактоого алынат. Нымдашып калган чоң таңгакты узак мөөнөткө тизип жыюуга катуу тыюу салынат.
306. Кабыл алуу учурунда каптардын нымдуулугу 14% дан ашпашы керек. Полипропилен каптар үчүн нымдуулук аныкталбайт.
307. Сунуш кылынган көлөмдөр белгиленген тартипке ылайык берилген. Каптардын көлөмдөрүнүн ашык-кеми төмөнкүдөн ашпоосу керек:
- каптын узуну жана эни боюнча (+,-) 1 см.
- каптын массасы боюнча - 7%.
308. Каптардын өндүрүштүк мүнөзгө ээ болгон негизги кемчиликтеринин мүнөздөмөсү: боштук, жиптин үзүлүшү, чатышуулар, жыртыктар, тешиктер, берд менен жырылышы жана эки кат жип, өтө билинген, топондолуу жана түктүүлүк, булгануу, май тактар, башка жыт.
309. Кабыл алынган каптар бийиктиги 15 см ашпаган товар жыйгычка жөнөтүүчүнүн (лён-жуткенаф, жут, полипропилен ж.б.) аталышы, артикулу, чыгарган күнү боюнча бөлөк-бөлөк тизип жыйылат.
310. Тизимдин параметри кампанын көлөмү менен конструкциясына, эшиги менен түркүктөрүнүн жайгашуусуна карап, кампанын ичинин бир топ туура пайдаланылышын, сапаттуу сактоонун камсыз болушун, тизимдердеги орундарды саноо мүмкүнчүлүгүнүн болушун, жүктөө-түшүрүү иштеринде механизация каражаттарынын колдонушун эсепке алуу менен аныкталат.
311. Тизимдердин арасындагы өтмөк 0,5 метрден кем эмес, дубалды бойлото өтмөк 0,5-0,7 метрден кем эмес болушу шарт. Тизимдин жогорку катары менен жалпы жабуунун ортосундагы аралык 1 метрден кем эмес, электр жарыктыгына чейинки аралык - 0,5 метрден кем эмес.
312. Каптардын чоң таңгактары катар кылып тизип жыйылат. Катарлардын пайда болушу чоң таңгактардын арасында тизмекти камсыз кылуучу тартипте жүргүзүлөт, алардын туруктуу абалы ар бир катардын аралыгына таза кургак тактайларды (рейкаларды) туруктуу абал үчүн төшөө жолу менен жүргүзүлөт.
313. Тизимди жантайтууга, дубалга жана кампанын түркүктөрүнө жакын такап жыюуга жол берилбеши керек.
61. Сактоо
314. Сактоо процессинде каптардын сапатын сактоонун негизги шарты алардын нымдын таасиринен сактоо болуп эсептелет. Кампада абанын салыштырма нымдуулугу 75% ашпашы керек. Температура 40 0С жогору эмес, полипропилен каптар үчүн + 5 ºС төмөн эмес.
315. Конденсаттын түшүшүн болтурбоо үчүн кампанын ичинде жана тышта абанын температурасынын жана салыштырма нымдуулугунун кескин өзгөрүшүнө жол берилбейт, ал үчүн Кампаларда температура - нымдуулук режимин жөнгө салуу боюнча көрсөтүлгөн нускаманын 80-бөлүмүнүн негизинде шамалдатуу жүргүзүү керек.
316. Системалуу түрдө, нымдалган киптерди аныктоо үчүн, жергиликтүү шарттарга жараша) бирок айына бир жолудан кем эмес тышкы кароо жүргүзүлөт. Атмосфералык жаан-чачындар жааган учурда кароо күн сайын жүргүзүлөт.
317. Ошол эле учурда штабелдердин туруктуулугу, кампанын техникалык жана санитардык абалы текшерилет. Кароонун жыйынтыктары кампа журналына жазылат.
318. Каптарды которуштуруу, ӨТК комиссиянын аныктамасы боюнча тышкы кароонун негизинде жаз-жай мезгилинде туруктуу плюстук температурада, эки жылда бир жолу жүргүзүлүшү керек.
319. Текшерүүдө табылган нымдалган, суу тийген, көгөргөн, бузулган каптар өзүнчө жыйылат. Таңгагы бузук каптар оңдолууга тийиш.
62. Берүү
320. Каптарды чыгаруу кабыл алуудагыдай эле, киптердин таңгагын бузбастан, иштеп чыгуунун эрте мөөнөттөрүнүн же мөөнөтүнөн мурда алмаштырылууга тийиштердин арасынан жүргүзүлөт.
321. Жүктөө аяктагандан кийин жүктөлгөн орундардын санын калдыктар менен салыштырып, штабель көрнөгүнө жазуу керек.
XII. КИР САМЫНДЫ КАБЫЛ АЛУУ, САКТОО ЖАНА БЕРҮҮ
63. Жалпы маалыматтар
322. 60%, 70%, 72%дык кир самын белгиленген талаптарга шайкеш келиши керек.
323. Узак сактоого коюлууга алдын ала кургатылган жана муздатылган самын дайындалат. Ар бир келип түшкөн партияга товардын сапаты тууралуу күбөлүк, же изилдөөлөр протоколу бар гигиеналык сертификат берилиши керек.
324. Кир самын номиналдуу (шарттуу) салмак түрүндө 150, 200, 250, 300, 350, 400 жана 500 гр., кесиктин номиналдуу салмагын 30 гр азайтуу менен кесик түрүндө чыгарылат.
325. Самындын кесигинин факт түрүндөгү салмагынын номиналдуудан айырмасы жараксыздык фактору эмес, ошол эле учурда сапаттык сандын мааниси нормадан төмөн эмес, 1-топ үчүн - 70,5 гр. кем эмес, 2-топ үчүн - 69 гр кем эмес сакталат.
64. Таңгак, маркалоо, ташуу
326. 60%, 70%, 72%дык кир самын жаңы, бекем тактай ящиктерге таңгакталат, алар капталынан туурасы 15 мм болот тасма менен тартылат, анын учтары кулпуга бекилиши керек. Тасма ящиктин эки капталында ар бир кичине доскага бирден кем эмес мык менен бекитилиши керек.
327. Самынды таңгактоо үчүн колдонулуучу тара таза, кургак, башка жыттары жок болушу керек.
328. Самынды гофротарада же пластик ящиктерде жеткирүүдө, самын жыгач ящиктерге сөзсүз кайра таралоого тийиштүү болот.
329. Самындын ар бир кесигинде төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен даана штамп болушу керек:
- товардык белгини же даярдоочу ишкананын аталышын;
- самындын кыскартылган аталышын (72%, 70%, 65%, "Жаңы" ж.б.);
- ченемдик-техникалык документтин белгисин.
330. Жүктү транспорттук маркалоо «Суудан сактоо» манипуляциялык белги коюу менен жүргүзүлүшү керек.
331. Ташуучу таранын ар бир бирдигине кагаз көрнөккө же этикеткага ченемдик-техникалык документациянын талаптарына ылайык продукцияны мүнөздөгөн маркалоону коюшат.
65. Кабыл алуу
332. Самындын партиясы деп бир накладной боюнча же бир счет менен алынган бир аталыштагы продукциянын санын эсептешет.
333. Самынды кабыл алуу белгиленген талапка ылайык жүргүзүлөт.
334. Бузулган тарадагы жана бузулган заводдук таңгагы бар самын бул ящиктерде кесиктерди толук кайра эсептөө жолу менен кабыл алынат.
335. Сапат боюнча самынды кабыл алуу түшүрүү убагында жүргүзүлөт. Бул учурда таранын, таңгактын жана маркалоонун стандарттын талаптарына шайкештиги аныкталат. Көзөмөлдүк кароону өткөрүү үчүн самын салынган ящиктердин 1% , бирок партиядан 3 орундан кем эмеси ачып көрүлөт. Ошол эле учурда ящиктеги кесиктердин саны, маркалоо, кесиктердин тышкы абалы, органолептикалык көрсөткүчтөр текшерилет.
336. Самынды кабыл алууда кармаганда катуу болуш керек.
337. Өндүрүш технологиясы бузулганда жана май аралашмасын туура эмес түзүүдө төмөнкү кемчиликтер пайда болот:
- Күйүү - самын карарат же тактар менен капталат, жагымсыз күйүк жыт пайда болот, бул самындагы майдын же майлуу кислоталардын күйүшүнөн улам пайда болот;
- Жарылуу - самындын үстү кабырчыктар, тилкелер менен капталат, колдонууда ал өзүнчө бөлүктөргө бөлүнөт;
- Жабышкак - кармаганда жумшак;
- Келип түшкөндө майлуу бөлүп чыгаруулар түрүндө тердөө;
- Кесиктеги боштуктар, башка аралашмалар.
338. Кабыл алууда самындын физико-химиялык көрсөткүчтөрү самындын сапатында шек саноолор пайда болгон учурларда гана текшерилет. Узак сактоого салынуучу самында кайнатылган туздун жана көмүркычкылдуу щелочтун курамы номиналдык салмакка карата 0,5% ашпашы керек.
339. Ченемдик-техникалык документтерге ылайык келбеген жана бузулган тарадагы оңдолбой турган самын актыга ылайык жеткирүүчү тарабынан аларды алмаштыруу же анын баасын арзандатуу жана сатуу тууралуу кийинки чечимге чейин убактылуу сактоого кабыл алынат.
340. Сактоо жана сатуу процессинде табылган самынды чыгаруу технологиясынын бузулушунун натыйжасы болуп эсептелген өндүрүштүк мүнөздөгү жашыруун кемчиликтери бар самынды жеткирүү үчүн самынды даярдоочу ишкана кемчиликтерди аныктоо убактысына карабастан толук жоопкерчилик тартат. Даярдоочу-ишкана дефектилери бар самынды алмаштырууга же мындай самынды сатууга байланышкан чыгымдарды толтуруп берүүгө милдеттүү.
66. Сактоо
341. Самын кургак, жабык, жакшы желдетүүчү имараттарда сакталышы керек. Самынды агартуучулар, жер семирткичтер жана самындын органолептикалык жана физико-химиялык көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизген башка заттар менен чогуу сактоого жол берилбейт.
342. Самын: жаңысы - бийиктиги 2м ашык эмес, кургатылган - бийиктиги 3 метрден ашык эмес, поддондор ортосунда өтүүчү жерлер менен 10-15 см, самынды кургатууда вентиляциялоо үчүн товар салгычтарга жыйылат.
343. Штабель түрү жана сапаты боюнча бир түрдүү, бир кварталдын ичинде иштелип чыккан, сактоодо жана чыгарууда самынга алардын туруктуулугун, эсепке алууну жана көзөмөлдү камсыздоо менен самындын бир партиясынан түзүлөт.
344. Самындын ар бир штабелине аны салгандан кийин штабелдик көрнөк ачылат, ал ящиктерди штабелде жайгаштыруу схемасын тиркөө менен штабелге илинет.
345. Сактоо процессинде самындын сапатын текшерүү үчүн кампаны жүктөөдө штабелдердин жалпы санынан 10% контролдук штабелдер белгиленет.
346. Сактоого келип түшкөн жаңы самын жогорку нымдуулукка ээ. Алгачкы, аны сактоо мезгилинде (6-12 ай) анын интенсивдүү кургашы жүрөт, ошондуктан тыштагы абанын абсолюттук нымдуулугу кампадагы абанын абсолюттук нымдуулугунан төмөн болгондо кампаны желдетүү керек. Ошол эле учурда абанын температурасы эске алынбайт. Кыш мезгилинде шамалдатуу кампадагы абанын температурасы тыштагы абанын температурасына караганда төмөн болгондо жүргүзүлөт.
347. Системалуу түрдө, (жергиликтүү шарттарга жараша), бирок айына 1 жолудан кем эмес самындын сапатына байкоо жүргүзүү максатында штабелдерди тышкы кароо өткөрүлөт.
348. Узак сактоо процессинде самында анын сапатынын көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизбеген өзгөрүүлөр болушу мүмкүн:
- нымдуулукту жоготуу эсебинен кургоо (катуу). Кургаганда самындын сапаты начарлабайт, анткени майлуу кислоталардын салмактын саны өзгөрүүсүз калат жана көбүк пайда кылуусу жакшырат. Кургоо деңгээлине карабастан самын кесиктин номиналдуу салмагы боюнча кабыл алынат жана чыгарылат;
- самындын тердеши, кесикте ным кургагандан кийин суюктук тамчыларынын же ак тактын пайда болушу;
- самындын карарышы - көбүрбөгөн майдын болушунан жана ага абанын кычкылтегинин таасир этишинен улам пайда болот;
- жарылуу - самындын үстү кабырчыктар, тилкелер менен капталат жана колдонууда ал бөлүктөргө чачылат.
349. Кампаларда сактоонун белгиленген режими, туура жыюу так сакталганда самындын штабелдерин которуштуруу зарылдык болуп эсептелбейт.
350. Контролдук штабелде анын борбордук бөлүгүндөгү өйдөкү, ортоңку жана төмөнкү катарлардагы самындын сапатын аныктоо максатында жарым-жартылай ачып кароо жүргүзүлөт.
Самын органолептикалык көрсөткүчтөрү (консистенциясы, өңү, жыты) аныкталып, товар менен таранын сырткы көрүнүшү жана абалы жылына эки жолу текшерилет (жай жана кыш мезгилдеринде).
Самындын сапатын текшерүү үчүн кампадагы бир чейректин ичинде кабыл алынган самындын жалпы санынан 10% өлчөмүндө көзөмөл штабелдер аныкталат. Органолептикалык жактан текшерүү үчүн штабелдин астыңкы, ортоңку жана үстүңкү катарларында белгиленген ящиктерден самын алынат. Мындай текшерүү самындын көзөмөл штабелдерин кайра жыйноо учурунда жүргүзүлөт.
67. Берүү
351. Самынды чыгаруу эрте иштелип чыккан мөөнөттөрдөн же мөөнөтүнө чейин алмаштырылууга тийиш самындардын ичинен жүргүзүлөт.
352. Жүктөп бүткөндөн кийин калдыктар салынган жүктөлгөн ящиктердин санын салыштырып, штабел көрнөгүнө жазуу керек.
XIII. ИЙНЕ ЖАЛБЫРАКТУУ ДАРАКТАРДАН АРААЛАНГАН ТАКТАЙЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ, САКТОО ЖАНА БЕРҮҮ
68. Кампаларга коюлуучу талаптар
353. Мамлекеттик резервге 3-сорттон төмөн эмес, нымдуулугу 22%дан көп эмес тактайлар коюлат.
354. Тактайларды кампага коюу үчүн сактоо жайынын төмөнкүдөй эки түрү колдонулат:
а) бастырмалар, булар жыйылган тактайларды жаан-чачындан жана күн нурларынан коргоп турушат жана атайын төмөнкүдөй жыгачтар үчүн арналган: жонулган тактайлар, устундар жана тактайлар.
Бастырманын алдындагы аянтча, ошондой эле суу аккан арыктарды кошо алганда, бастырманын айланасындагы аянтча да калыңдатылган, бетондоштурулган же асфальтталган болууга тийиш.
Бастырманын салынышы жыгачтарды ишенимдүү сактап гана тим болбостон, алардын арасын жеткиликтүү деңгээлде желдетип тургандай да болууга тийиш.
Бастырманын жыгачтан салынган бөлүгү сапаттуу жыгачтан салынууга жана антисептик менен иштелип чыгууга (ысык креозот менен) тийиш.
б) ал эми ачык аянтчалары тоголок жыгачтар жана тилине элек тактайлар үчүн арналган. Бул аянтча ачык болуп, ар кандай бак-дарактардан, бадалдардан, жыгач кабыктарынан жана чамындыларынан тазаланып, тегизделип жана кум же топурак, күл себилүүгө жана имараттардан жана курулмалардан жайгаштырылууга тийиш.
355. Кампаны аймагы өз ара өтө тургандай жана өрткө каршы ылайыкташтырылган аралыктар калтырылган участкаларга бөлүштүрүлүүгө тийиш.
356. Тактайлар аталыштарына, сортторуна жана өлчөмдөрүнө жараша иргелет жана кампага келип дароо түшкөндө штабелге жаткырылышат.
69. Негизги параметрлери жана өлчөмдөрү
357. Тактайларды шарттуу белгилениши тактайлардын аталышын (такта, чегелдек, устун), сортун белгилеген сандарды, жыгачтын породасынын аталышын (ийне жалбырактуу, жазы жалбырактуу же өзүнчө түрлөрү- кызыл карагай, кара карагай, кедр жана башка), туурасынан тилиниши белгиленген сандарды (тилине электердики- жоондугу) жана ченемдик-техникалык документи камтыйт.
358. Тактайларды маркировкалоо жана даярдоо белгиленген тартипке ылайык ишке ашырылууга тийиш. Бир сорттогу тактайларды ташууда коштомо документтерде сортун көрсөтүү менен маркировкалабай коюуга жол берилет.
359. Жоондугун жана туурасын аныктоо үчүн темир сызгычтарды жана штангенциркульду колдонушат. Так өлчөөгө боло тургандыгы текшерилгендиги тууралуу күбөлүгү бар шаблондор, калибрлер менен өлчөөгө да уруксат берилген.
а) Узундуктары тактайлардын жана даярдалуучу жыгачтардын туурасынан кесилиши ортосундагы эң аз аралыгы боюнча экинчи ондук белгиге чейин тегеректөө менен метрде аныкталат.
б) Туурасы миллиметр менен төмөнкүчө аныкталат:
- жээгинен параллель кесилгендер - тактайдын кайсы болбосун обзол жок жеринен, бирок кесиндиден 150 мм алысыраак жеринен баштап;
- жээгинен парралель эмес кесилгендер - тактайдын обзолу жок пласттын ортосунан;
- тилинбеген, бир багытта тилинген - эки пласттын (кабыгы эске алынбайт) туурасынын жарым суммасы катары тактайдын ортосунан, мында 5 мм ге чейинки үлүшү эске алынбайт, ал эми 5 мм үлүшү 10 мм катары саналат.
в) Жоондугун миллиметр менен тактайдын кайсы жеринен болбосун, бирок туурасынан кесилишинен 150 мм алысыраак жеринен аныкташат.
360. Тактайлардын жоондугунун жана туурасынын номиналдуу өлчөмдөрү 1-тиркемеде көрсөтүлгөн.
361. Тактайлардын узундуктарынын номиналдуу өлчөмдөрүн 0,25 м градациясы менен 1,0дон 6,5 м.ге чейин ички рынок жана экспорт үчүн белгилешет.
362. Тактайлардын номиналдык өлчөмдөрдөн четтөөсүн төмөнкүчө аныкташат: - узундугу боюнча, мм +50 жана - 25;
- жоондугу боюнча, мм 32 мм чейинки өлчөмдөр кошо алынат +/- 1,0;
- 40 ммдан 100 ммга чейинкилер кошо алынат +/- 2,0;
- 100 мм ашыгыраак +/- 3,0;
- тилинген тактайлар үчүн туурасы боюнча, мм 100 ммге чейинки өлчөмдө кошо алынат +/- 2,0;
- 100 мм ашыгыраак +/- 0,3.
Узундугу 1,5 м азыраак болгон тактайлар үчүн узундугу боюнча чектөөлөр белгиленбейт.
363. Тактайлардын жоондугу жана туурасы боюнча номиналдык өлчөмдөрү 20% нымдуулуктагы жыгачтар үчүн белгиленген. Ал эми жыгачтын нымдуулугу 20% ашык болгон шартта, анын жоондугу жана туурасы кургатуунун өлчөмүнө ылайык келген номиналдык өлчөмдөн ашыгыраак болууга тийиш. 2-тиркеме. Жогоруда көрсөтүлгөндөн жогорураак нымдуулуктагы тактайларды кабыл алууда кабыл алынууга тийиш болгон тактайлардын айкын көлөмү кургагандан кийинки көлөмгө азайтылат.
364. Тактайлардын элдик чарбанын муктаждыктары үчүн транспорттук жана блок топтомдору белгиленген тартипке ылайык түзүлөт.
70. Кабыл алуу эрежелери
365. Тактайлар партиялар менен кабыл алынат. Бир сорттогу (сорт топторундагы), породадагы (породалар топторундагы) жана сапаты тууралуу бир документ менен тариздетилген бир багыттагы тактайлардын саны партия деп саналат. Сорттордун топторундагы тактайлар дегенден улам, өзүнчө сортторго бөлүштүрбөөгө жол берилген жана бирдей баа белгиленген тактайларды түшүнүүгө болот.
366. Тактайларды иштетүүнүн түрлөрү боюнча тилинген жана тилинбегендерге, өлчөмдөрү жана сорттору боюнча кайрадан сорттолууга тийиш.
367. Тактайлардын партияларынын сапаты жана өлчөмү тандоо текшерүүчүсү тарабынан текшерилет, ага ылайык ар кайсы партиядан бирдей тандап алышат. Тактайларды текшерүүдө тандоонун жана кабыл алуунун көлөмү таблицада көрсөтүлгөн:
Партиянын көлөмү, даана | Тандоонун көлөмү, даана | Кабыл алынуучу саны |
280 чейин | 32 | 3 |
281ден 500гө чейин | 50 | 5 |
501ден 1200гө чейин | 80 | 7 |
1201ден 3200гө чейин | 125 | 10 |
3201ден 10000ге чейин | 200 | 14 |
10001ден 150000ге чейин | 315 | 21 |
368. Эгерде тандоодо талаптарга жооп бербеген тактайлардын саны кабыл алынуучу санынан аз же барабар болсо, анда партия мамлекеттик резервге коюлууга тийиш болот. Эгерде тактайлардын саны кабыл алынуучу сандан көп болуп калса, анда мамлекеттик резервге кабыл алуу берүүчүнүн эсебинен тыкыр текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин жана сапатсыз тактайлар бракка чыгарылгандан кийин ишке ашырылат.
369. Жыгачтар жана иштетилген тактайлар жана чегелдектер сапаты боюнча "Кемчиликтерин чектөө нормалары" таблицасында көрсөтүлгөн талаптарыга ылайык келүүгө тийиш. Тактайларга эң начар пласты жана узатасынан кесилишинин сапаты боюнча, ал эми төрт бурч болуп кесилген чегелдектер менен устундардыкы эң начары боюнча баа берилет. Жыгачтын негизги кемчиликтери - чиригени, жаракасы, анын түзүлүшүндөгү кемчиликтер, иштетүүдө кетирилген кемчиликтер ар бир сортто 1 метрге же бүтүндөй узундугу боюнча орун алган кемчиликтер 3-тиркемеде көрсөтүлгөн.
370. Тактайлардын ар бир партиясы алардын сапатын тастыктоочу товардык-транспорттук коштомо кагаздар жана жүктөө сертификаттары, ал эми башка республикалардан алып келүүдө - бажы жолдомо кагаздарынын көчүрмөлөрү менен коштолууга тийиш.
371. Коштомо документтери жок тактайлар сактоого кабыл алынбайт, өзүнчө кампага жыйылат жана зарыл документтер берилгенче же товар берүүчүгө кайтарылып берилгенче убактылуу сактоо боюнча акт түзүлөт.
372. Тактайлар саны боюнча жүргүзүлгөн тандоонун негизинде кабыл алынат.
Тактайлардын саны жетпей калган же белгиленген талаптаргаа ылайык келбеген учурлардагы маселелер Ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан, негизги максаты продукциянын сакталышына жана тактайларды кабыл алуу, сактоо жана чыгаруу эрежелерин жана ченемдердин сакталышын контролдоо болуп саналган башка уюмдардын компетенттүү өкүлдөрүнүн темир жол, Соода-өнөр жай Палатасы, Кыргызстандарт катышуусу менен чечилет.
Кемчиликтери бар тактайларды узак мөөнөттө сактоого кабыл алууга жол берилбейт.
373. Кабыл алуу актылары (сактоо милдеттенмелери) ар бир кабыл алынган партияга (анын породасын жана сортун көрсөтүү менен) 2 нускада түзүлөт жана таризделген учурдан тартып 1 суткалык мөөнөттөн кечиктирилбестен: биринчи нускасы - мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органына жөнөтүлөт, ал эми экинчи нускасы жооптуу сактоочу ишканада калтырылат.
374. Ташуу учурунда тактайлардын жоголгондугу же уурдалгандыгы аныкталган шартта, коммерциялык акт түзүлөт.
375. Эгерде тактайлар мамлекеттик резервге коюу үчүн жараксыз деп таанылса, анда алар өзүнчө кампага коюлуп, убактылуу сактоого триздетилет жана белгиленген тартипте мамлекеттик резервге коюуга жарамдуу болгон башка тактайларга алмаштырылат же берүүчү тарабынан жүктөлүп кетет.
71. Тактайлардын көлөмүн аныктоо
376. Тактайлардын көлөмүн аныктоо 0,001 м3 чейинки тактык менен тыгыз куб метрде жүргүзүлөт. Тактайларды кабыл алуу үчүн тилинбеген тактайларды пакеттик, 1 даанада эсепке алуу жана тандоо ыкмасы колдонулат.
377. Эсепке алуунун пакеттик ыкмасы.
Эсепке алуунун пакеттик ыкмасы тактайлардын топтомунун көлөмүн аныктоо дегенди түшүндүрөт жана атайын сорттогуларды кошпогондо, тилине элек тактайлардын партиялардын пакеттерине кошулган кайсы болбосун көлөмдү эсепке алуу үчүн тактайларды кабыл алуудагы негизги ыкма катары колдонулат.
Пакеттин түзүлүшүн белгиленген талаптарга ылайык, төмөнкү эрежелерди сактоо менен жүргүзүү зарыл:
- бир жагынан топтомдогу тактайлар теңештирилген болууга тийиш;
- топтомдун горизонталдык катарындагы тактайлар бири-бирине тыгыз, бирок бири-бирин ийилтпегидей абалда жыйналууга тийиш;
- топтом бүтүндөй узундугу боюнча бирдей жазылыкта болуп, каптал жактары тигинен болууга тийиш. Акыркы тактайларды ичине сыяктуу эле сыртына да тактайдын жарымына чейин, бирок 100 ммдан көп эмес жылдырууга жол берилет.
Топтомдун бийиктиги коюлмаларды эске алуусуз, тегиздетилген туурасынан кесиндилерди өлчөө аркылуу, 10 мм чейинки тактыкта төмөнкү формула боюнча аныкталат :
H = h - n b
мында Н - топтомдун бийиктиги, м;
h - топтомдун өлчөнгөн бийиктиги, м;
n - топтомдун бийиктиги боюнча коюлмалардын саны, даана;
b - коюлмалардын айкын калыңдыгы, м.
Топтомдун жазылыгы тегиздетилген кесинди жагынан топтомдун капталдарын 10 мм тактыкта чектеген тигинен жүргүзүлгөн эки тилкенин ортосунан өлчөө аркылуу аныкталат.
Топтомдун узундугу 0,25 градациясы менен 1,0дөн 6,5 метрге чейинки узундук боюнча тактайлардын градациясына ылайык келген тактыкта тыгыз жана тыгыз эмес бөлүгүнүн узундугунун суммасы катары, төмөнкү формула боюнча аныкталат
L = Lп. + k Lн.
мында L - топтомдун эске алынган узундугу, м;
Lп - топтомдун тыгыз бөлүгүнүн узундугу, м;
Lн - топтомдун тыгыз эмес бөлүгүнүн узундугу, м;
k - топтомдун тыгыз эмес бөлүгүнүн чыгып калган учтарынын үлүшүн эске алган, төмөнкүгө барабар коэфициенти,
2/3 - эгерде чыгып калган учтарынын саны бүтүндөй топтомдогу тактайлардын санынан 50% ашыгыраак болсо;
1/2 - эгерде чыгып калган учтарынын саны бүтүндөй топтомдогу тактайлардын санынан 50% барабар болсо;
1/3 - эгерде чыгып калган учтарынын саны бүтүндөй топтомдогу тактайлардын санынан 50% азыраак болсо;
Топтомдогу тактайлардын тыгыз куб метрдеги (эсепке алынчу көлөм) көлөмү топтомдун бийиктигин, жазылыгын жана эсепке алынган узундугун № 3 тиркемеде келтирилген жыйноонун тыгыздык коэффициентине көбөйтүү аркылуу аныкталат.
Тилинбеген тактайлардын партиясынын көлөмү партиядагы өзүнчө топтомдордун эсепке алынган көлөмдөрүн кошуу аркылуу аныкталат.
Топтомдордо коюлмалар катары колдонулган тилине элек тактайлардын көлөмү коюлмалардын айкын бирден саны боюнча аныкталат.
378. Көлөмдү бирден эсепке алуу ыкмасы
Тактайлардын көлөмүн бирден эсепке алуу ыкмасында калкка сатууда татайлардын, ар бир тактайдын көлөмүн, тактайлардын партиясынын көлөмүн аныктоо каралган.
Тактайлардын өлчөмүн аныктоо белгиленген тартипке жана ушул нускаманын 2-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.
20% ашыгыраак нымдуулуктагы тилинбеген тактайдын көлөмүн (кургак жыгачтын массасына карата) ийне жалбырактуу породалар үчүн жазылыгы боюнча - 0,96 оңдоо коэффициентин колдонуу менен узунунун, жазылыгынын жана жоондугунун өлчөмү боюнча эсептелген көлөм катары аныкташат. Жыгачтын нымдуулугу 20% азыраак болгон учурда оңдоо коэффициенти колдонулбайт.
Тилинбеген тактайлардын партиясынын көлөмү айрым тактайлардын көлөмдөрүн кошуу аркылуу аныкталат.
379. Көлөмдү эсепке алууда тандоо ыкмасы
Тактайлардын көлөмүн эсепке алуунун тандоо ыкмасында партиянын ичинен тандоо, тактайлардын партиясынын чыгышын тездетүү үчүн тандалган тактайлардын көлөмүн, орточо көлөмүн жана партияларынын көлөмүн аныктоо каралган.
Тандоо кайсы болбосун катардагы (онунчу, кыркынчы ж.б.) тактайларды бөлүү аркылуу, партиянын ар кайсы жеринде жүргүзүлөт. Тандоо тактайлардын жоондугу боюнча бирдей партияларда жүргүзүлөт.
Тандоо өлчөмдөрү таблицада келтирилген.
Тандоо багыты | Тандоо өлчөмдөрү | ||
Партиянын тактайлардын узундугу боюнча курамы | |||
Бирдей узундуктагы тактайлар | 15% чейинки кыйла кыска болгон бирдей узундуктагы тактайлар | 4 өз ара чектеш узундуктан ашпаган тактайлар | |
Тактайлардын орточо көлөмүн аныктоо үчүн | Өткөрүлүп берилген партиянын 3% кем эмес, бирок 60 тактайдан кем болбогон | Өткөрүлүп берилген партиянын 4% кем эмес, бирок 80 тактайдан кем болбогон | Өткөрүлүп берилген партиянын 7% кем эмес, бирок 120 тактайдан кем болбогон |
Топтомдун орточо көлөмүн аныктоо үчүн | 3 топтомдон кем болбогон | 4 топтомдон кем болбогон | 8 топтомдон кем болбогон |
Тандалып алынган тактайлардын көлөмү дааналап өлчөө жолу менен аныкталат.
Тандалып алынган тактайлардын орточо көлөмү айрым тактайлардын орточо арифметикалык мааниси катары аныкталат.
Тактайлардын партиясынын көлөмү тактайлардын орточо көлөмүнүн тактайлардын тиешелүү санына көбөйтүндүсү катары аныкталат.
Берүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосунда партиянын көлөмүн аныктоодо талаш маселелер келип чыккан шартта, эки эселенген өлчөмдө кайрадан тандоо жүргүзүлөт, анын натыйжалары тактайлардын бардык партияларын эсепке алуу үчүн кабыл алынат.
72. Атмосфералык кургатуу
380. Нымдуулугу 22% ашпаган тактайлар узак мөөнөттүү сактоого кабыл алынат. Нымдуулугу. 22% ашыгыраак тактайлар узак мөөнөттүү сактоого жыйноо алдында белгиленген тартипте штабелдерде кадимкидей кургатылууга тийиш.
381. Тактайлар сутка ичинде штабелге жаткырылууга тийиш. Кургатуу үчүн сунушталган мөөнөттөр таблицада келтирилген:
Тактайларды кургатуу үчүн коюу айлары | төмөнкүдөй жоондуктагы тактайларды кургатуу мөөнөттөрү, күндөрдө, мм | ||
15-25 | 35-50 | 55-75 | |
март | 12-23 | 25-32 | 35-45 |
апрель-май | 13-15 | 17-22 | 22-30 |
июнь-июль | 8-9 | 13-15 | 17-25 |
август-сентябрь | 11-17 | 20-26 | 30-34 |
октябрь | 12-23 | 25-32 | 35-45 |
382. Узак мөөнөткө сактоо үчүн 20% ашпаган нымдуулукта кургатылган тактайлар тыгыз топтомдордон турган штабелдерге жаткырылууга тийиш
73. Штабелдерди орнотуу
383. Тактайлар желдеп туруучу тегизделген жана кургак жерге штабелдерге, өзүнчө топтор боюнча МСН 2.02-02-2004 долбоорлоонун өрткө каршы нормаларынын талаптарына ылайык, тилиниши (жоондугу боюнча тилинбеген), породалары, сорттору жана иштетилишинин деңгээлдери боюнча өзүнчө жыйналууга тийиш.
384. Штабелдерди топтордо штабель аралык ажырымдар менен бири-биринен алыстатуу зарыл, алар акыркы штабелден ортосундагыга карата узарууга тийиш. 1,5 м. ден кем болбогон жазылыктагы бирдей ажырымдарга жол берилет. Штабелдердин топтору 5 метрден кем болбогон өткөрмө жолдор менен өз ара алыстатылат.
385. Ар бир штабель темир бетон, бетон же жыгач таянгычтардан жасалган фундаментке орнотулууга тийиш. Таянгычтардын ортолору 1,5 метрден ашпоого, ал эми фундаменттин бийиктиги 500 мм.ден кем болбоого тийиш.
386. Тактай топтомдору жана штабелдер түз кесилиште ал эми алардын үстү тигинен болууга тийиш. Тилинбеген тактайлар топтомго жоон кесиндилер менен ар кандай багытка жаткырылат. Ичке тактайлар ортосуна, жоондору топтомдун четтерине жыйналат.
387. Штабелдин узундугу жана жазылыгы 8 метрден ашпоого тийиш, ал эми бийиктиги 4 метрден ашпоого, кол менен жаткырууда 2 метрден ашпоого тийиш 395.
388. Тактайлар штабелге ошол эле тактайлардан жасалган коюлмалар менен жыйналат. Топтомдо акыркы коюлмалар 500 мм.ден ашпаган аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
389. Ачык аянтчага орнотулган ар бир штабелдин үстү 2 сутка чатыр менен жабылып коюлууга тийиш. Чатырдын жантайыңкы абалы анын 1 м узундугуна карата кеминде 60 мм болууга жана өткөрмөлөргө каратып жабылууга тийиш. Чатырды жантайыңкы абалда жабуу, ар кандай бийиктикте штабелге жаткырылган ошол тактай колдонулган жабдууда жасалат.
390. Штабелдер алардын узунунан турушу шамалдын огуна туура келгидей жайгаштырылууга тийиш, мында ичке тактайлар менен (жоондугу 22 мм.ге чейинки) штабелдер кампанын шамал тийген жагына, ал эми жоондор менен (50 мм.ден жоонураак) - кампанын ортосуна, орточо жоондуктагы тактайлар менен (25 ден 48 мм.ге чейин) жел тийбеген жагына жайгаштырылат.
391. Ар кандай породалардагы жана сорттордогу тактайларды бир штабелде мамлекеттик резервге узак мөөнөткө сактоого тыюу салынат.
392. Тактайлардын ар бир штабелдеринде алардын номерин, породасын жана сортторун, штабелге жаткырылган тактайлардын санын жана күнүн көрсөткөн таблица илинип турууга тийиш.
74. Тактайларды сактоо
393. Жыгачты бузулуудан сактоо гана эмес, аларды туура кургатуу менен сапатын жогорулатуу да тактайларды кампага сактоонун милдети болуп саналат.
394. Кампанын аянты таза сакталууга тийиш жана жыгачты бузуучу козу карындар менен курт-кумурскалардын кампада пайда болушуна жол бербөө үчүн антисептик тазалоолорду утур-утур жүргүзүп туруу зарыл. Кампа жана үй бузуучу козу карындар аныкталган аянттарды 1 кв метрге жерге 5 литрди сарптоо менен аки аралашкан 5 пайыздык хлордуу суу менен тазалоо, ал эми 15-20 минуттан кийин күкүрт кислотасы менен ошол эле эрежеде тазалап туруу зарыл.
395. Тактайлардын штабелдерине сыртынан көз салуу аркылуу дайыма байкоо жүргүзүп туруу зарыл жана аларда кандайдыр бир механикалык кемчиликтер, нымдалуусу, ошондой эле алгылыксыз козу карындар, көгөрүп кеткендери аныкталса, аларды дароо алмаштырып, ал эми бул материалдар турган аянтчаны дезинфекциялоо зарыл.
396. Тактайлардын туурасынан кесиндилерин (торец) акиташ менен акталып коюу зарыл. Жылына эки жолу жазында жана күзүндө актап туруу кажет.
397. Мамлекеттик резервдеги тактайларды жоопкерчиликтүү ишканаларда сактоо мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органы менен жоопкерчиликтүү сактоочу жайдын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
398. Жоопкерчиликтүү сактоодогу тактайлардын сандык жана сапаттык жактан сакталышына контролдукту жооптуу сактоочу ишканалардын жетекчилери жүзөгө ашырышат. Жооптуу сактоочу мамлекеттик резервдеги тактайларды эсепке алуу жана алардын жылышы боюнча бардык маалыматтарды, ал эми тактайларды сактоодо алардын көлөмү жана ишкананын тактайларынын көлөмү тууралуу маалыматтарды мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органына сунуштап турууга милдеттүү.
399. Мамлекеттик резервдеги тактайлардын эсебин жооптуу сактоочу өзүндөгү тактайлардын эсебинен өзүнчө жүргүзөт. Жооптуу сактоочу мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органына мамлекеттик резервдеги тактайлардын саны жана алардын жылышы тууралуу жарым жылдык отчетторду жана жылдык отчетторду белгиленген формада, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5-күнүнө чейинки мөөнөттө сунуштап турушат.
400. Жыгачтын негизги кемчиликтери:
1. Башка нерселердин жабышуусу жана чирип кетүүлөргө жол берилбейт.
2. Чиритүүчү козу карындардын тактарына (тилкелери) жана бубак басууларга тактайлардын аянтынын 20% ашпаган жалпы аянтына жол берилет.
3. Рак тактайдардын 1/5 узундугуна чейин, бирок 1 метрден ашпаган өлчөмдө жол берилет.
4. Өскөн, жарым-жартылай өскөн жана өспөгөн бутактарга төмөнкүдөй чектөөлөр коюлат:
- катмарлуу беттеринде жана кырларында 1/3 жазылыкка чейинки өлчөмдө жана кайсы болбосун 1 метрлик участкада 4 төн ашпаган даанада;
- 40 мм чейинки жоондуктагы тактайлардын чабылган жерлеринде 2/3 жазылыкка чейинки жана 2 даанадан ашпаган, ал эми жоондугу 40 мм жана андан жоонураак тактайда 1/2 жазылыктагы жана 1 метр узундукта 3 даанадан ашпаган.
- чегелдектерде бутакчалардын чаңы нормага салынган эмес.
5. Өскөн жана өспөгөн бутакчалар
- катмарлуу беттеринде жана кырларында 1/4 жазылыкка чейинки өлчөмдө жана кайсы болбосун 1 метрлик участкада 3төн ашпаган даанада;
- 40 мм чейинки жоондуктагы тактайлардын чабылган жерлеринде 1/2 жазылыкка чейинки жана 2 даанадан ашпаган, ал эми жоондугу 40 мм жана андан жоонураак тактайда 1/3 жазылыктагы жана 1 метр узундукта 2 даанадан ашпаган.
6. Катмарлуу беттеринде жана кырларындагы, анын ичинде туурасынан кесилишиндеги жаракаларга тактайдын 1/3 узундуктан ашпаган өлчөмдө анчалык терең эмес жаракага жол берилет.
7. Катмарлуу бетиндеги туурасынан кесилип чыккан өтмө жаракалар, 200 мм ашпаган узундукта жол берилет.
8. Туурасынан кесилишиндеги жаракалар (кургатылгандардан кийинкилерди кошпогондо) бир кесилишинде тактайдын 1/3 жазылыгынан ашпаган узундукта жол берилет.
9. Жараксыз катмар тактайдын жоондугунун 1/5 ашпаса, узундугу 1/10 ашпаса жол берилет.
10. Курт жегендерине тактайдын кайсы болбосун 1 метрлик участкасында 2 тешиктен ашыкка жол берилбейт.
11. Катмарлуу беттериндеги жана кырларындагы узунунан одуракайлыгына, ийилүүсүнө тактайдын узундугу боюнча 0,2% ашпаган өлчөмдө гана жол берилет.
12. Туурасынан одуракайлыгына тактайдын узундугу 1% ашпаган өлчөмдө гана жол берилет.
13. Обзол (тилинген тактайларда)
- учтуусуна жол берилбейт;
- кырларынын жазылыгында 1/3 ашпаган өлчөмдө айрым жерлеринде жана тактайдын узундугунун 1/6 ашпаган өлчөмдөгү узундукта жол берилет.
Белгилүү бир сорттогу талаптардын бардык көрсөткүчтөрүнө дал келген, бирок бул сорт үчүн нормадагы ашкан обзолу бар тилинген тактайларды сортун сактоо менен тилине электерге которууга болот.
75. Сактоо режими жана мөөнөттөрү
401. Тактайлардын сактоо мөөнөттөрү белгиленген ченемдик документацияга ылайык аларды сактоо жерине карата (ачык же жабык аянттар, кампалар) кабыл алынат.
402. Сакталып турган тактайлардын сапатынын начарлоосуна алып келиши мүмкүн болгон белгилер аныкталган шартта, аларды дароо жаңыртуу тууралуу сунуш киргизилет.
76. Берүү
403. Тактайлар мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатуралык запасы болуп саналат жана алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечими менен чыгарылат. (Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резервдер жөнүндө" Мыйзамынын 9-беренеси) Тактайлар запастарынын кол тийбестигин бузууга жол берген күнөөлүү адамдар белгиленген тартипте жооп беришет.
404. Тактайларды чыгаруу мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген наряд боюнча жүргүзүлөт, мында эң оболу кыйла мурдагы мөөнөттөгү же алмаштырылууга тийиш болгон партиялар чыгарылат.
405. Эгерде тактайлар жооптуу сактоочу ишканадан иш көрсөтмөдө белгиленген мөөнөттө чыгарылып кетпесе, анда алуучу аларды сакталышына байланыштуу келип чыккан чыгашаларды төлөйт.
77. Өрт коопсуздугу боюнча чаралар
406. Мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органдын тактайларын кампаларга жыйноодо төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
- штабелдердин ортосундагы өрт өткөрмөлөрү- кеминде 6 м;
- штабелдерден турак-жайга же чарба курулмаларына чейинки аралык -кеминде 10 м;
- кампага жакын жайгашкан темир жол рельстеринен штабелге чейинки аралык-кеминде 1,5 м.
407. Ачык жерде сакталуучу тактайлардын штабелдер топторунун аянттары кеминде 1200 кв.м.ден кем болбоого тийиш.
408. Штабелдер топторун өз ара узунунан жана туурасынан кеткен ажырым боюнча ажыратуу зарыл. Узунунан кеткен ажырымдын жазылыгы бир жарым метр бийиктиктен кем болбоого, ал эми туурасынан кеткен ажырымдын жазылыгы бир штабелдин бийиктигинен кем болбоого тийиш.
Туурасынан кеткен ажырымга өрт өчүрүүчү машина өтүүсү үчүн жазылыгы кеминде 3 метр болгон катуу нерсе коюлууга тийиш.
409. Тактайлар сакталуучу кампалар өндүрүштүк жана кампалар үчүн өрт өчүрүүнүн нормаларына ылайык өрт өчүрүүчү жабдуулар менен камсыз болууга тийиш. Өрткө каршы суу өткөрмөлөрүнүн гидранттары алардын тактайлар жыйылган жерге чейинки аралыгы 100 метрден ашык болбогондой аянтчаларда жаткырылууга тийиш.
410. Өрткө каршы суу түтүктөрүнүн гидранттары секундасына 10 литрден кем болбогон суу менен камсыз кылууга тийиш.
XIV. ОПТИМАЛДЫК ТЕМПЕРАТУРАНЫН ЖАНА НЫМДУУЛУКТУН ЭРЕЖЕСИН САКТОО, ТОВАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ЖАНА ЧЫГАРУУ МЕНЕН ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ЖАНА САНИТАРДЫК КӨЗӨМӨЛДҮН ТАРТИБИ
78. Жалпы маалыматтар
411. Кабыл алынган материалдардын сапатын сактоо жана азык-түлүк товарлардын табигый жоготууларын азайтуу товарды кабыл алууну уюштурууга, температуранын жана нымдуулуктун эрежесин сактоого, күнүмдүк сапаттык көзөмөлдү камсыздоого жана сактагычтарга тиешелүү санитардык талаптарды аткарууга көз каранды болот.
412. Товар кабыл алынганга чейин ӨТК комиссия менен кампалардын товар кабыл алууга техникалык даярдыгын, кампалардын санитардык ченемдерге ылайыктыгын, табигый кырсык учурунда туруктуулугун, өрткө каршы коргонуусун, тийиштүү шаймандар жана жабдык менен камсыздалышын текшерүү керек. Кампалардын товар алууга даярдыгы акт аркылуу таризделет.
413. Товарды кабыл алып жатканда ар бир түрү боюнча бекитилген сапаттык көрсөткүчтөрүн аныктоо эрежелерин сактоо. Мамлекеттик резервде узак мөөнөткө сактоого жарабаган товарларды кабыл алуудан баш тартуу. Товарларды сактоо боюнча нускамалар менен схемаларда көлөмдөрдү болушунча пайдаланууну жана алардын сакталышын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу.
414. Сактоо убагында товардын жана идишинин сапатына дайыма байкоо жүргүзүү. Сактоо участкаларынын жумушчулары товардын жана идишинин сапатын текшерүүгө жана товардын сапатынын органолептикалык көрсөткүчтөрүн аныктоого катышат. Органолептикалык баалоо жана лаборатордук анализдер үчүн товарды чыгымдоо 471 пунктунда көрсөтүлгөн ченемдерге ылайык жүргүзүлөт.
415. Сактоо эрежелери боюнча жаңыртылуучу же сактоого туруштук бербеген товарларды биринчи иретте чыгарууну камсыздоо. Сактоодогу товарлардын сапаты физикалык, химиялык жана биохимиялык кубулуштардан улам өзгөрүүгө дуушар болот. Мындай кубулуштардын ылдамдыгы менен мүнөзү товардын касиеттерине, анын сырткы калыбына жана сактоодогу температура жана нымдуулук эрежесине көз каранды келет. Кампалардагы оптималдык температура менен нымдуулук эрежесин туруктуу кармоо товарды узак мөөнөттө сапаттуу сактоону камсыздайт.
416. Технологиялык жабдууну (желдетүүчү, ысытуучу жана муздатуучу приборлорду ж.б.) ырааттуу пайдалануунун негизинде кампаларда температура менен тийиштүү нымдуулукту кармап туруу зарыл.
417. Чай, шекер, туз, кургатылган жашылча сыяктуу гигроскопиялык товарлар абадан суунун буусун тартып алууга жөндөмдүү. Товардагы нымдуулуктун деңгээли абанын температурасы менен чөйрөдөгү нымдуулукка жараша болот. Кампадагы абанын өзгөрүүлөрү товардын нымдуулугун төмөндөтөт же жогорулатат.
418. Кампадагы товардын температурасына, нымдуулук эрежесине сырткы абанын нымдуулугу менен температурасынын мезгилдик жана суткалык өзгөрүүлөрү таасир берет. Айрыкча бул өзгөрүүлөр жылытылбаган кампаларда билинет.
419. Товар сактоонун эрежелеринде жыл мезгилдери алмашкан маалда, кышкы сактоодон жазгы-жайкы сактоо эрежелерине өткөндө орчундуу өзгөрүүлөр болот. Бул жагдайда гигроскопиялык товарлар (кумшекер, туз ж.б) абадан аныкталган ченемден жогору ным тартып алып, ички штабелге бөлүштүргөндүн эсебинен өтө нымдашып кетет.
420. Гигроскопиялык эмес товарлар өзүнө таандык товардык касиеттерин товардын сыртына же анын сырткы калыбына түшкөн конденсаттын айынан жоготот. Себеби, кампанын ичиндеги абанын тийиштүү параметрлерине ылайык келбеген, температурасы менен нымдуулугу жогору болгон сырткы аба кампага кирип кетет. Мында температурасы төмөн келген жайларда (штабель алдындагы жерлерде) конденсат пайда болот.
421. Жылытылбаган кампаларда товар сактоонун температуралык жана нымдуулук эрежесин жөнгө салуу жалпы алмаштыруучу желдетүү аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле кампаларды герметизациялоо жана жылытуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү зарыл. Кампаларда желдетүү жүргүзүп жатканда абанын өз ченемине келтирүү менен жылуулук алмашуу боюнча эрежелерин жана абанын физикалык касиеттерин эске алуу зарыл.
79. Товарды сактоого кабыл алганда, сактоо убагында жана берүүдө коюлган талаптар
422. Товардын сакталышына материалдык жоопкерчилик тарткан Ыйгарым укуктуу адамдар товарды жөнөтүүчүнүн транспорттук жана коштогон документтери боюнча кабыл алат. Кээ-бир документтердин жоктугу товарды кабыл алууну токтотпойт. Бул учурда накталай товар жана жетишпеген документтер көрсөтүлгөн акт түзүлөт.
Жүгү менен вагондор өткөрүлгөн учурда кампа башчысы вагондордун бүтүндүгү менен пломбаларынын жана вагондордун номери маршрут баракчасындагы жазууга шайкеш келишин текшерет. Пломбаларды чечип алардан мурда төмөнкүлөрдү текшерүү зарыл:
- нактаалыкта көрсөтүлгөн жүк жөнөтүүчү менен жүк алуучунун даректерин жана аталыштарын, жүктүн аталышын, темир жолдун нактаалыгында көрсөтүлгөн номер менен вагондун номерин текшерүү;
- вагондун техникалык абалын текшерүү (чатырынын бүтүндүгүн, полу менен дубалдын бүтүндүгүн, бекитме менен люктардын бүтүндүгүн), темир жолдун нактаалыгында көрсөтүлгөн жазуулардын пломбалардагы басылмасына туура келишин текшерүү, көзөмөл белгилерин текшерүү;
423. Эгерде вагондо бузуу табылса (чатыры, полу, дубалдары тешилсе, люктар ачык болсо, үстү жагында, астында, дубалдарында оюктар болсо, же үстү жагынын, астынын, дубалдарынын аралары ачык болсо, башка бузуктар менен техникалык жетишсиздиктер табылса), пломбалары бузулук болсо, бир нерселери жетишпесе, темир жолдун нактаалыгында көрсөтүлгөн жазууларга туура келбесе - вагонду ачпаш керек, тезинен станциянын башчысына же орун басарына расмий түрдө билдирүү зарыл, алар уруксат бергенден кийин гана вагондун жүгүн түшүрсө болот.
Пломбаларды чечүүгө жана темир жол вагонун ачууга темир жолдун өкүлү (бекеттин кабыл алып-өткөрүп берүүчүсү) сөзсүз катышууга тийиш. Товарды кабыл алуу толугу менен таризделгенче пломбалар сакталып турат.
Темир жолдун нактаалыгы жок болсо жана темир жол бекетинин өкүлү катышпаса вагонду ачып, жүктү чыгарууга катуу тыюу салынат. Бул эреже аткарылбаса - жүк толугу менен келбеген учурда жана жетишпеген товардын ордун толтуруу жөнүндө коммерциялык актыны жүк жөнөтүүчүдөн же темир жолдон талап кылуу укугу да каралбайт.
424. Вагон ачылгандан кийин кампа башчысы же жүктү өткөрүп-кабыл алып жаткан комиссия жүктүн аталышы менен маркировкасы товардын санын, сапатын далилдеген темир жолдун нактаалыгындагы жазууларга жана документтерге туура келишин иш жүргүзүү мезгилге Ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген буйруктун негизинде текшерет.
Вагондун жүгүн түшүрөр алдында бүтө элек штабелдерде бош орундардын эсебин алуу менен штабелдик кагазчадагы (көрнөк) жазууларга туура келишин текшерүү зарыл.
425. Вагондун жүгүн түшүрүп жаткан учурда материалдык жактан жоопкер адамдар вагон менен штабелдин жанында болушу керек. Алардын ар бири милдеттүү түрдө иш китебинде жүк ташуучулардын баардык каттамын, пакеттеги орундардын санын, жалпы жүктүн санын белгилеши зарыл.
Жүк түшүрүү, ташуу, жайгаштыруу учурунда кампада жүктү кабыл алуу же жөнөтүү менен байланышкан гана жумушчулар болууга тийиш.
426. Жүк жеткирилген темир жол станциясында жүктүн аталышын, массасын, орундардын санын жана абалын текшерүү убагында жүк жетишпесе, бузулуп калса (бузулган болсо) темир жол станциясы жүк алуучуга коммерциялык акт берүүгө милдеттүү.
427. Эгерде жүк кабыл алынып жатканда транспорттук жана коштомо документтерде көрсөтүлгөндөн ашык болсо же жетпесе, ошондой эле товардын сапаты аракеттеги ченемдик-техникалык документацияга ылайык келбесе, анда кабыл алуучу жүктү кабыл алууга катышуу үчүн жөнөтүүчүгө билдирүү жиберип чакыртууга милдеттүү.
Товарды жөнөтүүчү ошол эле шаардан болсо чакыртуу алгандын эртеси келүүгө милдеттүү. Товарды жөнөтүүчү башка шаардан болсо чакыртуу алгандан кийин 3 күндүн ичинде келүүгө тийиш (жолго кеткен убакыт эсептелбейт).
Эгерде жөнөтүүчүнүн өкүлү келбесе, өндүрүмдү саны менен сапаты боюнча кабыл алуу Соода-өнөр жай палатанын компетенттүү өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.
Өндүрүмдүн коштомо документтеринде көрсөтүлгөн тийиштүү санынан же сапатынан кемчиликтер табылса, ал жөнүндө акт түзүлөт. Бул актыга кабыл алууга катышкан адамдардын баардыгы кол тамгасын коюуга милдеттүү.
428. Өндүрүмдүн жетишпегени же сапатына туура келбегени жөнүндө түзүлгөн актыда төмөнкүлөр белгиленет:
- акт түзгөн кабыл алуучунун аталышы жана дареги;
- өндүрүм кабыл алынган жер, акты түзүлгөн күнү жана номери;
-өндүрүмдү саны менен сапаты боюнча кабыл алууга катышкан адамдардын аты-жөнү, иштеген жери, ээлеген кызматы;
- жөнөтүүчүнүн (өндүрүүчүнүн) аталышы менен дареги;
-жөнөтүүчүнүн өкүлүн чакырган телеграмма же телефонограмма жиберилген күнү, айы, жылы менен номери;
- счет- фактура менен транспорт нактаалыгы жазылган күнү, айы, жылы жана номерлери;
- жөнөтүүчү станциядан же жөнөтүүчүнүн кампасынан өндүрүм жөнөтүлгөн күнү, айы, жылы;
- өндүрүмдүн алуучунун кампасына келген күнү, айы, жылы;
- эгерде транспорт органы тарабынан коммерциялык акты түзүлсө, акт түзүлгөн күнү, айы, жылы менен номери;
- тараза приборлорун текшерүү жөнүндө маалымат (эгер товар таразага тартылса);
- өндүрүмдү кароо убагында тара менен калыптын абалы, таранын сырткы маркировкасынын мазмуну;
- өндүрүмдү тандап текшерүү убагында - тандоо тартиби менен негиздерин көрсөтүү (стандартка ылайык келишин, техникалык шарттары, нускамалар ж.б.);
- пломбалардын бүтүндүгү, көчүрмөлөрүнүн мазмуну, өндүрүмдүн жалпы салмагы - факт боюнча жана документ боюнча, жетишсиздик табылган ар бир орундун салмагы - факт боюнча жана тарадагы трафарети боюнча;
- орундардын маркировкасы (аныгында жана документ боюнча), калып салуучу кагазчалардын бар-жогу;
- жетишпеген өндүрүмдүн саны кандай ыкма менен аныкталганын (таразага тартуу, орундарды саноо, ченөө жолу менен ж.б.);
- жетишпегенди далилдеш үчүн актыда көрсөтүлүүчү башка маалыматтар;
- жетишпеген өндүрүмдүн так саны;
- жетишпегендин себебин жана пайда болгон жери жөнүндө бүтүм чыгаруу.
Эгерде кабыл алууда өндүрүмдүн жетишпегендиги да ашыгы да аныкталса, актыда товардын ашык салмагы же саны жөнүндө маалымат берилиши зарыл.
429. Актыга өндүрүмдү кабыл алууга катышкан баардык адамдар кол тамгасын коёт. Актынын мазмуну менен макул болбогон адам, актыга өзүнүн оюн билдирүү менен кол тамгасын коюуга тийиш.
Өндүрүмдүн жетишсиздиги жөнүндө акт алуучу-ишкананын жетекчиси же анын орун басары тарабынан акт түзүлгөн күндүн эртеси бекитилет.
430. Өндүрүмдүн жетишсиздиги же сапатына ылайык келбестиги жөнүндө түзүлгөн актыга төмөнкүлөр тиркелет:
- коштомо документтердин же жөнөтүүчүнүн документтеринде көрсөтүлгөн маалымат менен өндүрүмдүн аныгын текшерген тизмектин көчүрмөлөрү;
- калыптын кагазчалары;
- жүк келген станциянын жүктүн салмагын текшерген квитанциясы (эгерде жүк таразага тартылса);
- транспорттук документтин түп нускасы, ал эми транспорт органына ушул документке байланыштуу доомат коюлган учурда аталган документтин үлгүсү;
- эгерде өндүрүмдүн саны таразага тартуу жана ченөө менен аныкталса салмактын жана ченегендин маалыматын камтыган документ;
- жетишсиздиктин себептерин күбөлөгөн башка документтер.
431. Жетишсиздикке байланыштуу доомат же жүктүн ашык салмагы жөнүндө билдирүү жөнөтүүчүгө жетишсиздик (ашык салмак) тууралуу акт түзүлгөн күндөн баштап 10 күн ичинде жиберилет. Жетишсиздик тууралуу дооматка жетишсиздик жөнүндө акт тиркелет.
Дооматты алгандан кийин 10 күндөн кеч эмес мөөнөттө жөнөтүүчү маселени кароонун жыйынтыгын алуучуга кат аркылуу билдирүүгө милдеттүү. Ушул эле мөөнөттүн ичинде доомат боюнча кабыл алынган сумма же товар алуучуга которулууга жөнөтүлүүгө тийиш.
Жөнөтүүчү дооматты канагаттандыруудан баш тартса, алуучунун дооматына тиркелген документтердин түп нускасы кайтарылып берилет.
432. Өндүрүмдү кабыл алган адамдар өзүнүн катышуусунда гана аныкталган фактыны кол тамгасы менен күбөлөндүрүүгө укуктуу. Кабыл алууга катышкандар тарабынан аныкталбаган маалыматтарды актыга киргизүүгө тыюу салынат.
433. Эгерде аракеттеги мыйзамдарга ылайык, жүктүн жетишсиздиги үчүн жоопкерчиликти транспорт органдарына арттырууга негиздер бар болсо, алуучу аныкталган тартипте тийиштүү транспорт органына доомат коюуга милдеттүү.
434. Мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын узак мөөнөткө сактоо боюнча Нускамага ылайык түзүлгөн келишим менен тийиштүү ченемдик-техникалык документте каралган учурда бир калыптагы өндүрүмдүн санын текшерүү, жыйынтыгын өндүрүмдүн бүт партиясына жайылтуу ыкмасы менен жүргүзүлөт.
435. Жүктү түшүрүп бүткөндөн кийин сөзсүз жүк ташылган штабелдеги бош орундардын саны жана бузуулары аныкталган орундардын саны эсептелет. Эсеп жыйынтыгы жумушчу китепчедеги маалымат менен темир жолдун нактаалыгындагы маалыматы менен салыштырылат.
Жүктүн партиясын кабыл алып штабелге жыйгандан кийин 3 күндөн кечикпей алгачкы документацияны тариздөө жүргүзүлөт:
- штабелдик кагазчага жазуу киргизилет;
- кабыл алынган өндүрүмдүн саны өзүнчө көрсөтүлүп катталган кабыл алуу актысы жазылат. Кабыл алуу актысына ишкананын жетекчисинин кол тамгасы коюлуп, айдын аягында ишбаян менен чогуу бухгалтерияга өткөрүлөт.
Тарасы бузулган товарлар менен кабыл алынып жатканда бузугу аныкталган товарлар аларды кабыл алуу же жөнөтүүчүгө кайра жиберүү маселеси чечилгенче өзүнчө жыйылып эсептелет.
436. Салмактуу товар вагондук же товардык таразага тартуу жолу менен кабыл алынат. Товардык таразага тартуу алдын ала таразага тартылып номери катталган поддондор аркылуу жүргүзүлөт. Жүк жөнөтүүчүнүн маалыматы менен салыштырып текшерүүдө, жазуулардын тактыгында жетишсиздик байкалса анын себептерин аныктоо - вагондук таразага тартып кабыл алуунун өзгөчөлүгү болуп саналат.
Вагон таразаларында оордугун өлчөөдө кабыл алуунун өзгөчөлүгү жазуулардын тактыгы, жүктү жиберүүчү менен жүктү алуучунун маалыматтарынын салыштырылышы жана кем чыгуу табылганда анын аныктыгын белгилөө болуп саналат.
437. Жүктү түшүрүп жатканда темир жолдун катышуусу менен жетишсиздик, ашыктык же бузуулар табылса ошол заматта милдеттүү түрдө темир жолдун накталык кагазында вагондогу кабыл алынган жүктүн саны тууралуу маалымат жазылып кабыл алуучу-чыгаруучу адамдын кол тамгасы коюлгандан кийин темир жол станциясынын башчысына кабыл алуучу-чыгаруучу адамдар менен жөнөтүлөт. Бул маалыматты алган темир жол станция тарабынан коммерциялык акт бир сутканын же кийинки сутканын ичинде түзүлүшү зарыл.
438. Материалдык жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар кампанын ар бир бөлүгүндөгү товардын абалын күнүгө текшерүүгө милдеттүү. Табылган фактылар ишкананын жетекчилигине билдирилет жана аларды жоюу боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт.
Материалдык жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар товарды бир штабелден башка штабелге же башка кампага которууну документтик тариздөөсүз аткарбайт.
439. Товарды чыгарып берүү ишкананын жетекчиси менен башкы бухгалтеринин кол тамгасы коюлган иш көрсөтмөнүн боюнча гана аткарылат.
Жүк салуудан мурда темир жол вагону дыкаттык менен текшерилет, вагондун асты, дубалдары, үстү каралып, люк жана эшиктердин бекитмелери текшерилет. Эгерде оркоюп чыгып турган нерселер, мыктар табылса алар жок кылынат, зарыл учурда вагондун астыңкы тактайларына калың кагаз же полиэтилен салынат. Жүк ташылып жатканда пайдаланбаган люктар менен эшик бекитилип кошумча бурагычтар коюлуп, эшикке пломба салынат.
Жолдон жүктүн сакталышына жооп бербеген бузук вагондорго жүк салууга тыюу салынат.
Темир жол вагондорун текшерүү жана жүк салуу Ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген буйруктун негизинде комиссиянын катышуусу менен жүргүзүлөт. Эки жактуу көзөмөлдүн алдында жүргүзүлгөндүктөн жүктөлгөн орундардын так эсеби камсыз болот: бир эсеп штабелдин жанында аткарылат, экинчи эсеп вагондун ичинде жумушчу китепчеге жүк ташуучунун каттамдарынын саны, пакеттеги орундардын саны менен жүктүн санын жазуу менен жүргүзүлөт.
Вагондогу жүк жылып эшиктерине такалып калбас үчүн вагондун эшиктеринин тушунан жүктөр тактайлар менен бекитилет.
Вагонго жүк салынып бүткөндөн кийин товардын туура чыгарып берилишин аныктоо зарыл: жумушчу китепчелердеги жазуулар боюнча вагонго жүктөлгөн орундардын саны такталат, штабелдеги товардын анык калдыктары менен штабелдик көрнөктөгү маалымат салыштырылат. Эгерде товардын калдыктарынын саны туура чыкса вагондун эшиктерине пломба салынат.
440. Товарды кабыл жана автотранспортко жүктөө ушул эле тартип боюнча жүргүзүлөт.
441. Мамлекеттик резервдин кампаларына тарага салынган өндүрүм жөнөтүлсө, брутто салмагы менен товардын орундарынын санын текшерүүдөн сырткары, тараны ачып товардын нетто салмагы менен ар бир орундагы товардык бирдиктин санын текшерүү зарыл. Бул эрежени материалдык баалуулуктарды узак мөөнөттө сактоо боюнча Нускамага ылайык аткарылышы керек.
Тарага салынган өндүрүм ар бир орундагы товардык бирдиктин саны менен нетто салмагы боюнча кабыл алынат.
442. Кабыл алууга түшкөн өндүрүмдүн саны анын коштомо документтеринде көрсөтүлгөн ченем бирдиктери менен аныкталат. Эгерде документтерде өндүрүмдүн салмагы менен орундардын саны көрсөтүлсө, анда кабыл алып жатканда товардын салмагы менен орундардын санын текшерүү зарыл.
443. Товарларды кабыл алып жана чыгарып берип жатканда кемчиликтердин алдын алуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
- товардын сакталышына жооп бербеген адамдардан товар кабыл алынбайт жана чыгарылып берилбейт;
- вагондорго жүк салуу же вагондордон жүк түшүрүү иштери бүтө электе материалдык жоопкерчилик жүктөлгөн башка адамдарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат;
- жүктү салуу же түшүрүү убагында башка жумуштарды аткарууга тыюу салынат;
- жүктү салуу же түшүрүү бир убакта бир вагондо гана (автомашинада) жүргүзүлүшү керек;
- бир вагондун товары бир штабелге гана жыйылышы керек, бир нече вагондун товары бир штабелге же бир нече штабелге бир вагондун товарын жыюуга тыюу салынат;
- вагонго айрылган, ичи толбогон, тигилген мешоктогу же тарасы бузук товарды жүктөөгө тыюу салынат. Тарасы бузук товар ордунан эле салмагы (эсеби) боюнча чыгарылып берилүүгө тийиш.
444. Товардын бир бөлүгү ташуу жана сактоо учурунда табигый шарттардын таасиринен улам алгачкы салмагын жоготот. Товардын бул саны табигый жоготуу деп саналат.
445. Кабыл алынган же сакталган жүккө жараша товардын табигый жоготуусунун бекитилген ченемге ылайык жетишсиздиги
- ишти аткарууда мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органынын жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн курамында жетекчинин орун басары, бөлүмдүн начальниги, аталган тайпадагы товарларды алып барган жооптуу адамдан турган комиссиянын акты менен;
- же мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органынын жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн туруктуу Өндүрүштүк-техникалык комиссиянын акты менен таризделет;
- же коммерциялык акт аркылуу далилденип же Кыргыз Республикасынын Соода - өнөр жай палатасынын акты менен жана мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча жокко чыгарылат.
446. Материалдык жоопкер адамдардын иштери ишкананын администрациясынын көзөмөлүндө болууга тийиш.
Материалдык жоопкер адамдар ай сайын ишкананын бухгалтериясына отчет берип турат. Кампаларда товарлардын инвентаризациясы жыл сайын өткөрүүгө тийиш.
447. Кайтаруунун жумушкерлери жалпы жана өрткө каршы кайтаруунун өткөрүү тартибин жана ички тартипти камсыздоо менен ишканалардагы тартип бузуулардын алдын алууга милдеттүү. Ишканага материалдык баалулуктардын, вагондордун жана автотранспорттун алынып келиши менен ишканадан чыгарылып кетишине катуу көзөмөл жүргүзүп, журналга тийиштүү белгилерди жазууга тийиш.
80. Кабыл алууда жана чыгарып берүүдө азык-түлүк товарларынын сапатына көзөмөл жүргүзүү
448. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык номенклатурада белгиленген ассортименттеги узак мөөнөткө сактоого жараган, ченемдик-техникалык документациянын талаптарына жооп берген товарлар мамлекеттик резервге сактоого кабыл алынууга тийиш.
Жөнөтүлгөн өндүрүмдүн сапатын сактоо максатында жөнөтүүчү төмөнкүлөрдү камсыздоого милдеттүү:
- өндүрүмдү калып менен тарага салуунун, маркировканын, кээ-бир жеринде пломба коюунун эрежелерин так аткаруу;
- стандарттар менен ченемдик-техникалык документациянын сапат жана комплект боюнча талаптарына ылайык өндүрүмдү жөнөтүү (өткөрүп берүү);
- жөнөтүлгөн өндүрүмдүн сапатын жана комплектин далилдеген документтерди так жана туура тариздөө (товардын техникалык паспорту, сертификаты, сапат күбөлүгү ж.б.);
- жүктөрдү ташууга өткөрүү, аларды жүктөө жана бекитүү боюнча транспорт түзүмүндө аракеттеги эрежелерди так аткаруу.
449. Товарды кабыл алууда анын жана таранын сапаты аракеттеги ченемдик-техникалык документтин талаптарына жооп бергени менен жөнөтүүчүнүн коштомо документтерине ылайыктыгы текшерилет. Ченемдик-техникалык документтерде каралган, бирок тизмеге киргизилбеген сапаттын башка көрсөткүчтөрү боюнча (физикалык, химиялык, бактериологиялык ж.б.) анализдер жүргүзүлөт. Органолептикалык баалоонун, сырткы кароонун жана текшерүүнүн көрсөткүчтөрү боюнча товар менен таранын сапаты ченемдик-техникалык талаптарына жооп бербеген учурда, же сактоо учурунда товардын сапаты төмөндөп кеткенде анализдер жүргүзүлүүгө тийиш.
450. Товардын сапат сертификаты, техникалык паспорту, сактоонун кепилдүү мөөнөтү жөнүндө көрсөтмөлөр жок болсо, жөнөтүлгөн товарлар сертификат сунушталганга чейин убактылуу сактоого кабыл алынат. Эт консервалары, сүт азыктары, шекер жана башка азык-түлүктү сактоого өткөрүү үчүн физикалык, химиялык, бактериологиялык анализдердин жыйынтыгы болушу зарыл.
451. Транспорт органдарынан жүктү кабыл алып жатканда алынчу товардын саны туура эмес болгон, сапатына төп келбеген, тара бузук болгон жана башка баардык учурларда товар алуучу коммерциялык акт түзүүнү талап кылууга милдеттүү, ал эми товар автотранспорт менен жеткирилген учурда - товардык накталык кагазга товардын кемчиликтерин атайын белгилеп өткөрүп берүүчү менен кабыл алуучунун кол тамгасы менен бекитүүнү же акт түзүүнү талап кылууга милдеттүү. Эгерде транспорт органы көрсөтүлгөн актыларды түзүүдөн баш тартса, товарды алуучу транспорт органынын бул аракетине каршы мыйзам чегинде аракет көрүүгө милдеттүү.
452. Өндүрүмдү сапаты менен комплекти боюнча кабыл алуу ал кампага түшкөндөн кийин 10 күн ичинде жүргүзүлөт. Ал эми тарага салынган өндүрүмдүн сапаты менен комплектин текшерүү тара ачылганда жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде жүргүзүлөт.
Товарларды сапаты боюнча кабыл алуу тартиби, үлгүлөрдү тандап алуу жана изилдөө, товарды кабыл алуу, сактоо жана чыгарып берүү тартиби ченемдик-техникалык документтин талаптарына ылайык узак мөөнөттө сактоо боюнча Нускамага ылайык жүргүзүлөт.
453. Товарды чыгарып берүүгө чейин сактоо учурунда өндүрүмдүн жашыруун жетишсиздиктери жөнүндө Акт товарды кабыл алган убакытка карабастан, бирок сактоонун бекитилген кепилдүү мөөнөтүнүн ичинде жетишсиздиктер аныкталгандан баштап 5 күндүн ичинде түзүлүшү керек.
Өндүрүмдүн бир түрү үчүн тийиштүү текшерүү убагында аныкталбаган, бирок кийин аны иштетүү, сатууга даярдоо, пайдалануу жана сактоо учурунда аныкталган жетишсиздиктер - жашыруун жетишсиздик деп табылат.
454. Өндүрүмдүн сапаттык кабыл алуусу менен бирге анын комплекти, тарасы менен калыбы, маркировкасы стандарттардын жана ченемдик-техникалык документациянын талаптарына жооп бериши текшерилет.
455. Азык-түлүк товарларын сактоо учурунда сапатынын сырткы белгилери өзгөрүлсө, сапатты аныктоо саламаттыкты сактоонун Ыйгарым укуктуу органынын тизмесинде берилген көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт.
456. Сактоо процессинде товарларды сактоо жана сакталышынын шарттарына контролду: материалдык жоопкерчиликтүү тарап күн сайын, Өндүрүштүк-техникалык комиссия материалдык жоопкерчиликтүү тараптын катышуусу менен квартал сайын жүргүзөт.
Жетекчи, жергиликтүү шарттарга, товардын жана идиштин сапатына жараша комиссиялык текшерүүлөрдүн санын көбөйтө алат. Комиссиялык текшерүүлөрдө кампалардын чатырынын техникалык абалы, товар менен идиштин нымдалышынын белгилери, бузулган каптар жана ящиктер товарлардын төгүлгөнү штабелдердиин бекемдиги, кыйшайганы, температуралык-нымдуулук режимди сактоонун жана санитардык эрежелерди сактоо текшерилет.
457. Комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы, аныкталган бузууларды жоюу мөөнөтү жана жооптуу аткаруучулары көрсөтүлгөн сунуштар Акт менен таризделет.
458. Сактоо учурунда товар менен таранын сапатын көзөмөлдөө сырткы кароо, сапаттык органолептикалык баалоо жана лаборатордук анализдерди жүргүзүү жолу менен аныкталат, материалдык баалуулуктарды кроонун убактысы аталган нускаманын бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн.
459. Өндүрүш товарларынын сырткы абалы бир чейректе бир жолу мүлк каттоо убагында штабелдерди кайра жыйноо учурунда жүргүзүлөт.
460. Товардын сапаттык абалына көзөмөлдү кышкы сактоодон жазгы-жайкы сактоого өтүп жатканда күчөтүү зарыл. Анткени, ушул мезгил товар сактаганга, айрыкча жылытылбаган кампаларда, эң кооптуу убак болуп эсептелет.
461. Ченемдик-техникалык документациянын талаптарына сапаты боюнча оӊдоого мүмкүн болгон бузуулары бар товардын кээ бир партияларын сактоого кабыл алып жатканда, мамлекеттик материалдык резервдик Ыйгарым укуктуу органынын буйругу менен түзүлгөн курамында жетекчинин орун басары, бөлүмдүн начальниги, адиси жана бухгалтери бул товардын тобун алып барган материалдык жоопкерчиликтүү жак бар комиссия акт түзөт жана ал партия убактылуу сактоого алынат.
Кийин товарлар толукталат, сорттолот, жана зарыл учурда алмаштырылат же сактоодон биринчи иретте чыгарылып берилет.
462. Узак мөөнөткө сактоого жатпаган товарларды алмаштыруу же пайдалануу маселеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органы жөнүндө Жобого ылайык жөнөтүүчү менен бирдикте чечилет.
463. Товарды сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча мөөнөтүнөн мурда чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде жүргүзүлөт.
464. Товарды кабыл алып же сактап жатканда жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында аныкталган бузулуу жөнүндө акт түзүлөт. Анда бузулган товардын саны, мамлекеттик резервге сактоого жарабаган жана жөнөтүүчүгө кайтарыла турган өндүрүмдүн көлөмү так көрсөтүлүүгө тийиш.
465. Бузулган товар менен жүргүзүлүүчү кийинки аракеттер жөнүндө чечимди өндүрүштүк-техникалык комиссия же мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органынын буйругу менен түзүлгөн комиссия кабыл алат.
466. Сатууга жарабаган товарлар кабыл алуу иштер мезгилинде Мамлекеттик материалдык резервдер фонддун Ыйгарым укуктуу органы тарабынан түзүлгөн буйрукка ылайык комиссия тарабынан өндүрүүчүнүн (жөнөтүүчүнүн), бөлүмдүн адисинин, ишкананын бухгалтеринин жана материалдык жоопкерчилик жүктөлгөн адамдардын катышуусу менен жок кылынат. Товарлар жок кылынганы тууралуу акт түзүлүп, төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- акт түзүлгөн күнү, айы, жылы жана аткарылган жери;
- алуучу ишкананын аталышы;
- жөнөтүүчү ишкананын аталышы;
- комиссия мүчөлөрүнүн аты-жөнү жана кызматы;
- бузукка чыгаруу себептери;
- жок кылынган консервалардын аталышы жана саны;
- жок кылуу ыкмасы.
Консервалардын бузулган банкаларын жок кылуу тууралуу Акт консерваларды бракка чыгаруу актысына тиркелет.
Консерваларды малга жем катары жөнөтүү ветеринардык кызматтын тийиштүү уруксаты менен жүргүзүлөт.
Товарды жок кылуу акты бузукка чыгаруу актына тиркелет.
467. Товарды жок кылуу (жерге көмүү, өрттөө) ишкана боюнча чыгарылган буйруктун негизинде түзүлгөн комиссиянын көзүнчө ишкананын каражаты жана күчү менен аткарылат.
Жашырылган дефекттер боюнча жок кылынган (утилизация кылынган банкалар) товардын ордун жөнөтүүчү толуктайт.
Өндүрүмдү сатуудан чакыртып алуу, комиссиянын иши, сактоо, ташуу жана сыноо, ташып кетүү ошондой эле товар зыяндуу жана пайдаланууга жарабайт деген бүтүмгө ылайык өндүрүмдү жок кылуу процедураларын аткаруу менен байланышкан баардык чыгымдарды жеткирүүчү (өндүрүүчү) төлөйт.
468. Сактоодон чыгарылып бериле турган азык-түлүк товарлары сырткы кароодон өтүп, азык менен таранын сапатына лаборатордук изилдөө жүргүзүлөт. Товарлар сактоодон толугу менен чыгарылып берилгиче (жүктөлгүчө) дайыма бөлүмдүн адиси менен материалдык жоопкерчилик жүктөлгөн адамдардын көзөмөлүндө болот.
Товарды кабыл алууда, сактоодо жана чыгарып берүүдө өз убагында анализ жүргүзүү, сапат боюнча документацияны тариздөө, иштелген мөөнөттөрү боюнча эсеп жүргүзүү менен товарды сактоодон чыгарып берүүгө көзөмөл жүргүзүү ишкананын тийиштүү бөлүмүнүн адисине жүктөлөт.
469. Мамлекеттик резерв ишканаларында сактоо учурунда органолептикалык анализдерди жүргүзүү үчүн товарды коротуу ченемдерди.
Товарлардын аталышы жана анализдердин түрлөрү | Коротуу ченемдери ассортименттин же партиянын көлөмүнөн грамм менен ченелет |
Кумшекер |
|
Сапаттык органолептикалык аныктоо (жыты, даамы, түсү), төгүлүүсү, суюктукта эзилүүсү | 50 г |
Чакмак кант |
|
Сапаттык органолептикалык аныктоо (жыты, даамы, түсү), суюктукта эзилүүсү | 50 г |
Кара байха чайы |
|
Сапаттык органолептикалык аныктоо (даамы, кайнатылган жалбырактын түсү, тунмасы, жыты) | 15 г |
Кайнатылган аш тузу |
|
Сапаттык органолептикалык аныктоо (жыты, даамы, түсү) | 25 г |
Суу май |
|
Сапаттык органолептикалык аныктоо (жыты, даамы, түсү) | 25 г |
Самын |
|
Сапаттык органолептикалык аныктоо (жыты, түсү) | 1 даана |
Эт консервалары |
|
Сапаттык органолептикалык аныктоо (жыты, даамы, коюлугу, сорпосунун сапаты) | 2 банка |
470. Азык-түлүк катары эсептелбеген товарлардын сапаты штабелдерди сырткы кароо аркылуу бир чейректе бир жолу жүргүзүлөт жана штабелдерди кайра жыйноо жолу менен жылына бир жолу өткөрүлөт.
471. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатындагы Ыйгарым укуктуу органдын лабораториялары жана башка лабораториялар анализ жүргүзгөндө товарды коротуу ченеми бекитилген колдонуудагы тийиштүү нормаларга ылайык алынат.
81. Товарлардын сапаты боюнча документация
472. Товарлардын сапаты боюнча негизги документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
- ылайык келүү жөнүндө тастыктама, гигиеналык бүтүм, cапаттык тастыктама;
- материалдык штабелдик көрнөк;
- сапаты жөнүндө күбөлүк.
473. Сактоого өткөрүлө турган милдеттүү түрдө тастыкталчу товардык-материалдык баалуулуктардын ылайык келүүсү жөнүндө тастыктама көрсөтүлүүгө тийиш. Ал эми азык-түлүк өндүрүмүнө аныкталган үлгүдөгү гигиеналык бүтүм же сапаттык тастыктама кошо берилет.
474. Мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органы азык-түлүктүн ар бир чыгарылуучу партиясына сатып алуучунун сурамы боюнча товардын сапаты жөнүндө күбөлүк берет.
Сапаты жөнүндө күбөлүккө төмөнкү маалымат жазылат: өндүрүүчү ишкананын аталышы, алуучунун аталышы, вагондун (машинанын) номери, товардын аталышы, орундардын саны, товардын массасы, салынышы (фасовка) жана сорту, тара менен калыптын түрү менен абалы.
"Негизги көрсөткүчтөр" бөлүгүндө азык-түлүк товарлардын сапатын органолептикалык баалоо менен өнөр жай товарларын сырткы кароонун жыйынтыктары берилет жана жүктү жөнөтөөрдө өткөрүлгөн лаборатордук изилдөөлөрдүн маалыматы кошо жазылат (эгерде бар болсо).
Сапат жөнүндө күбөлүк бир нускада жазылат, жүктү коштогон документтерге тиркелет жана журналга катталат. Товарларды автотранспорт менен бир алуучуга жөнөткөндө сапат жөнүндө жалпы күбөлүк бир нече автомашинага жазылып берилет.
Сапат жөнүндө күбөлүккө тийиштүү бөлүмдүн адиси кол тамгасын коюп, сапаттык документтердин мөөрүн басат. Сапат жөнүндө күбөлүккө кол койгон адам документте көрсөтүлгөн маалыматтын аныктыгына жооп берет.
475. Штабелдик көрнөк - штабелди түзгөндөн баштап баардык товарлар үчүн бир нускада жазылып, штабелге илинет.
Штабелдик көрнөк товар кабыл алынып жатканда жөнөтүүчүнүн коштомо документтеринин жана кабыл алуу актынын негизинде кампанын башчысы тарабынан толтурулат. Штабелдик көрнөккө штабелдеги жана пакеттеги орундардын саны көрсөтүлгөн пакеттердин штабелге жайгаштыруу схемасы тиркелет.
Сактоо учурунда штабелден чыгарылып берилген товардын (анын ичинде лаборатордук анализ үчүн алынган үлгүлөр да бар) көлөмү тууралуу маалымат штабелдик көрнөккө ар бир иш көрсөтмө боюнча жазылат.
Товар чыгарылып берген учурда штабелдик көрнөккө иш көрсөтмөнүн номери менен ар бир алуучуга өткөрүлүп берилген товардын саны, көлөмү жазылат. Товардын калдыктары штабель боюнча иш күнү аяктаганда чыгарылат. Кабыл алынган жана чыгарылып берилген товардын саны тууралуу маалымат участоктун жумушчулары тарабынан операция жүргүзүлгөн күнү жазылат.
Товарды бир кампадан башка кампага которуу, же бир эле кампанын ичинен башка штабелге которуу аркылуу товар менен жүргүзүлгөн баардык операциялар штабелдик көрнөккө белгиленет.
Штабелде аталган товардын бар экендиги жөнүндө текшерүүлөрдүн белгилери штабелдик көрнөктүн ички бетинде коюлуп, текшерүүгө жоопкер болгон адамдын аты-жөнү менен текшерүү жүргүзүлгөн күнү, ай, жылы жазылат.
Сактоо учурунда кампанын башчысы штабелдик көрнөккө ушул штабел боюнча иштелген жумуштардын баардыгын белгилейт жана аткарылган күнү, ай, жылы жазылат.
Эгерде штабелдик көрнөктүн бланкы толуп калса, экинчи бланк ошол эле номер менен ачылат жана "Уландысы" - деп белгиленет. Биринчи бланк болсо штабелге экинчи бланк менен чогуу илинет.
82. Оптималдык температуранын жана нымдуулуктун эрежесин сактоо тартиби
476. Узак мөөнөттүк сактоо убагында өндүрүмдүн товардык касиеттеринин сакталышында кампанын ички абасынын нымдуулугу менен температурасы абдан маанилүү болот. Сактоо боюнча Нускамалар жана көптөгөн товарлардын стандарттары сактоого ылайык болгон оптималдык температура менен нымдуулуктун чеги аныкталган. Температура менен нымдуулуктун көрсөтүлгөн ченемдери абаны желдетүүчү, муздатуучу, нымдоочу жана кургатуучу шаймандар аркылуу камсыздалат. Кампадагы абанын температурасы менен нымдуулугу метеокүркөдө орнотулган метеостанция же метеорологиялык приборлор (термометр, гигрометр) менен ченелет.
477. Гигроскопиялык эмес товарлар өзүнүн товардык касиеттерин таранын же калыптын сыртына конденсат түшкөндө жогото баштайт. Мындай көрүнүштүн себеби температурасы менен нымдуулугу жогору келген сырткы аба кампанын ичине кирип кетишинде. Кампанын ички абасы шүүдүрүмдүн температурасына чейин төмөндөсө, конденсат товар салынган таранын үстүнө тушөт. Конденсат, айрыкча, температура эң төмөн болгон жерге- штабел алдына, кампанын полуна түшөт. Сырткы температура кескин өзгөргөндө, мисалы-жай мезгили келгенде, конденсат пайда болушу мүмкүн.
478. Күзүндө, кампалардын эшиктери, ачык жерлери өз убагында бекитилгендиктен кампа муздабайт жана сырттан кар ширелбейт.
Бул мезгилде товардын ар кандай деңгээлде муздаганы, кампадагы температурага штабель ичиндеги жогорку температура жана штабелдин ортосундагы нымдуулук анын сырт жагына көчкөнү товардын жалпы нымдалышына алып келбейт. Себеби, чөйрөдөгү аба нымды сиңирип алат, ошондуктан күз-кыш мезгилинде кээ бир товарлардын нымдуулугу төмөндөйт.
479. Кышында сырткы абанын нымдуулугу жогору болгону менен, сакталып жаткан товарга терс таасир тийгизбейт, анткени ички абанын нымдуулугу төмөн болот. Бул учурда жандуу айыл-чарбадагы зыянкечтердин таасиринен бузулуучу товарлар тоңдурулат.
480. Жаз маалында жылытылбаган кампаларда товарлардын үстүнкү жана астыңкы катарларынын ортосунда температуралык айырманын алдын алуу максатында кампаларды тез-тез жана көп желдетип турушат. Шамал болуп турганда кампаларды желдетүү жакшы натыйжаларды берет. Мында кампанын баардык эшиктери менен желдеткичтери шамал келген тараптан ачылат, ал эми желдеткичтер бери жагынан ачылат.
Желдетүүнү кампанын ортосундагы полдун температурасы 12-13ºС чейин жеткиче жүргүзүү зарыл.
481. Жайында эн жогорку температура жана абанын абсолюттук нымдуулугу байкалат. Эгерде тийиштүү температуралык жана нымдуулук эрежелерин так аткаруу боюнча чаралар аткарылбаса, июнь же июль айларында штабелдердин астыңкы катарындагы канттын нымдуулугу жогорулайт жана консервалардын банкаларында коррозия байкалат.
Жайдын биринчи жарымында штабелдердин астыңкы катарларындагы товарлардын температурасын жогорулатуу максатында жылытылбаган кампаларды желдетүү улантылат.
Консервалар сакталган кампаларда абанын температурасын төмөндөтүү максатында желдетүү - абанын сырткы температурасы кампадагы температурадан төмөн болгон учурда жүргүзүлөт.
Абанын салыштырма нымдулугун жогорку деңгээлде кармап туруу үчүн жылуулук булактарын азайтуу жана абаны нымдаштыруу боюнча иш-чаралар аткарылат.
482. Температуранын кескин өзгөрүүсүнө каршы жана салыштырма нымдуулукту кармап туруу максатында төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
- күз-кыш мезгилинде кампалардын эшиктери менен желдеткичтерин аба өтпөгүдөй кылып дыкаттык менен бекитүү (герметизация). Кампага бир эшиктен гана кирүү;
- жазында товарларды сырттагы жылуу аба менен жылытып, товарлардын температурасы кампадагы абанын температурасынан төмөн болбошуна көзөмөл жүргүзүү;
Жайында товарларды сактоо эрежесин жакшыртуу максатында сутканын эң салкын кезинде кампаларды желдетүү.
483. Кампаларды желдетүү температуралык жана нымдуулук эрежесин жөнгө салуу боюнча Нускамага ылайык аткарылат.
484. Товардын сапаттык абалына катуу көзөмөл жүргүзүлүүгө тийиш. Кампаларды кароо айына бир жолу, ал эми күз-жаз мезгилинде жумасына бир жолу өткөрүлөт. Штабелдердин астыңкы катарындагы товарлар нымдала баштаса калса, штабелди кайра жыйноо жүргүзүлөт: астыңкы катардагы товар салынган тара үстүнкү катарга коюлат, ал эми үстүндөгү тара - астына тизилет. Нымдалып кеткен товарлар жалпы штабелден тандалып, кургатылып, өзүнчө жыйылгандан кийин сатылууга тийиш.
83. Санитардык эрежелерди сактоо
485. Материалдык баалуулуктар сакталган кампаларды айына бир жолу тазалаш керек, маал-маалы менен товарлар коюлган штабелдеги таралардын чаңын сүртүп туруу зарыл.
486. Шекер сакталган кампаларда пол жууганга тыюу салынат.
487. Товарларды кампага сактоого кабыл алган, чыгарып берген жана башка жерге жылдырган сайын кампанын ичи тазаланат.
488. Кампаларда дайыма кемирүүчүлөр менен тынбай күрөшүү зарыл. Кампанын ар кайсы жерине механикалык каражаттарды коюп, жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы Ыйгарым укуктуу орган уруксат берген химиялык заттарды колдонуу керек.
489. Кампалардын тегерегин ар кандай таштандылар менен кардан тазалап, жаандын жана кардын эринди сууларын агызчу чуңкурлардын ичин бош жана таза кармоо зарыл.
"Бекитемин" Ишкананын жетекчиси ___________________ | КАБЫЛ АЛУУ АКТЫСЫ № _______ товарлар (материалдар) |
|
20___-ж. "____" ______________ |
| Кампа № _____ Секция № ______ |
Жеткирүүчү ______________________________ | Жөнөтүү күнү 20__ж. "____" _____________ | Кабыл алынган күн "____" _____________ 20___г. |
Аталышы, маркасы, сорту, өлчөмү, таңгактоо ж.б. Товардын идиштин түрү, НТД | Коштомо кагаздын № | Вагондун, машинанын № | баасы, сом менен | Жеткирүүчүнүн документтери боюнча | Накталай түштү | жетишпестик | Ашыкчалар | ||||||||
Кабыл алынды | Жараксыздыкка чыгарылды | ||||||||||||||
саны | Сумма сом | саны | Сумма сом | саны | Сумма сом менен | саны | Сумма сом менен | ||||||||
орду | Эсеби салмагы | орду | Эсеби салмагы | орду | Эсеби салмагы | ||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Тескери бети
Товарлардын жана идиштин сапаттык абалы жөнүндө корутунду (материалдардын) _______________________________________________
Өзгөчө белгилер (идиштин категориясы жана башка) ___________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________________________________
Кабыл алуу актысында көрсөтүлгөн товарлардын (материалдардын) (жараксыздыкка чыгарылган - жооптуу сактоого) кабыл алды
Материалдык-жоопкерчиликтүү тарап ________________________________________________________________________________________
Кабыл алууда катышышты:
Бөлүмдүн адиси ________________________ | Акты текшерди ___________________________ | Башкы бухгалтер ____________________ |
Мамлекеттик материалдык резервдин
Ыйгарым укуктуу органы
20____-жыл "____"_________________
САПАТ ЖӨНҮНДӨ КҮБӨЛҮК _____________________________________________
(товардын аталышы)
Өндүрүүчү ишкана ___________________________________________________________________________________
Кабыл алуучу _______________________________________________________________________________________
Вагондун (машинанын) № ___________________________ коштомо кагаз № _________________________________
Расфасовка _____________________________ сорту _____________________________________________________
Орундардын жалпы саны ___________________________________________________________________ (кап, ящик)
Массасы ________________________ тонна, эсеби __________________________________________________ банка
Сапаттын негизги көрсөткүчтөрү:
Сапаттын көрсөткүчтөрү | Мүнөздөмөсү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Тара менен калыптын түрү жана абалы
____________________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________________
Күбөлүк _______________________________________________________________________________ чейин жарактуу
Адис М.О.
ШТАБЕЛДИК КӨРНӨК № __________
Кампа №___________ Секция № _______________
______________________________________________________________________________________________________
(товардын аталышы, сорту жана таңгакталышы)
______________________________________________________________________________________________________
(жеткирүүчү, даярдоочу)
Иштеп чыгуу датасы _________________________ Сактоо мөөнөтү (гарантиялык) _______________________________
Операциянын датасы | Документтин номери | вагондун, машинанын номери | Кириш | Чыгыш | Калдык | |||
орун | счет менен, салмак менен | орун | счет менен, салмак менен | орун | счет менен, салмак менен | |||
Тескери бети
Сапат көрсөткүчтөрү
Дата |
|
|
Кабыл алууда |
| |
|
|
|
|
|
|
Сактоодо |
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Чыгарып берүүдө |
| |
|
|
|
|
|
|
Таранын жана таңгактын абалы _____________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________________
Товарды чыгаруу тууралуу белгилер
Дата | Чыгаруунун түрү |
|
|
|
|
|
|
Контролдук текшерүүлөр:
Дата | Жооптуу адамдын фамилиясы | Кызмат | Текшерүүнүн түрү | Колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кампа башчысы | ______________________ |
| (колу) |
Адис | ______________________ |
| (колу) |
|
|
| Иш көрсөтмөнүн мөөнөтү 10 күндүн аралыгы. | ||||
| ИШ КӨРСӨТМӨ № ___ | 20_____ж. "____" ________ | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
Кампа башчысына |
|
|
|
|
|
|
|
| (фамилиясы, аты жөнү) |
|
|
|
| ||
Бергиле (жүктөгүлө, которуштургула) |
|
|
|
|
|
|
|
Төмөнкүгө ылайык |
|
|
|
|
|
|
|
|
| (кимден, кимге жана кайда) |
|
|
| ||
Негизи: |
|
|
|
|
|
|
|
Товарлардын жана материалдардын аталышы, өлчөмү, сорту, расф. жана башка көрсөткүчтөр | Өлчөм бирдиги | Берилсин | Накта берилгени | ||||
орун саны | салмагы, нетто, даана | орун саны | салмагы, нетто, даана | баасы, сом | суммасы, сом | ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
БАРДЫГЫ: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи _________________ |
| Башкы бухгалтер ________________ |
| ||||
|
|
|
|
|
|
| |
Кабыл алуучу |
|
|
|
|
|
|
|
Ким аркылуу |
|
|
|
|
|
|
|
Ишеним кагаз №. |
|
|
|
|
|
|
|
КОШТОМО КАГАЗ № | |||||||
20____ж. "____" ______________________ | |||||||
Негизи | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
Товардын аталышы | Өлчөм бирдиги | Саны | баасы сом | Суммасы сом | |||
жазылды | берилди | ||||||
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
| ||
БАРДЫГЫ: |
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи _________________ | Башкы бухгалтер ________________ |
| |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
Берди _____________________ |
| Кабыл алды _____________________ |
| ||||
Мамматрезервдер
фондусуна жөнөтүлөт "____"____________________ 20__ж.
ИШ КӨРСӨТМӨ №______
(жооптуу сактоочу үчүн)
Кимге _______________________________________________________________________________________________
(сактоого жооптуунун аталышы)
Дареги ______________________________________________________________________________________________
Берүү _______________________________________________________________________________________________
ишеним каты боюнча № ______ __________________________ 20___ж.
(жүктү кабыл алуучунун аталышы жана анын дареги)
Сиздин жооптуу сактооңузда болгон төмөндө жазылган товарлар (материалдар
Товарлардын (материалдардын) жана качалардын аталыштары | Ылгам, белги | Бир бирдикке болгон баа, сом | Ченөө бирдиги | Саны | Сумма, сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Сөз менен жазылган саны (салмак же бир даана) __________________________________________________________
Берүү төмөнкү тартипте жүргүзүлөт _____________________________________________________________________
Соттоо, жаңылоо, ордун которуу, убактылуу алуу
Берүүнүн бөтөнчө шарттары____________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________
Иш көрсөтмө "_____"__________________20___ жылга чейин жарактуу жана бул мөөнөтү бүткөндөн кийин өзүнүн күчүн толугу менен же колдонулбаган бөлүгүндө жоготот.
Негиз:
______________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________
Берүүнү иш көрсөтмөнүн арткы бетинде басылган форма боюнча акт менен каттагыла жана анын экинчи нускасын Мамматрезервдин Ыйгарым укуктуу органына берилген күндүн кийинки күнүнөн кечиктирбестен салып жибергиле.
Жетекчи ______________________________________
Башкы бухгалтер _______________________________
Тескери бети
АКТ № ______________
(жооптуу сактоочу үчүн)
Иш көрсөтмөнү аткаруу № ____________________________________________ "_____" ______________20____-жылы
Шаар _________________________________________________________, "_____" ___________________20_____-жылы
Биз төмөндө кол койгондор______________________________________________
______________________________________________________________________________________________________
(жетекчинин кызматы, ишкананын, мекеменин аталышы аты жөнү)
______________________________________________________________________________________________________
башкы бухгалтер _______________________________________________________________________________________
(аты жөнү)
Материалдык жактан жооптуу жак ________________________________________________________________________
(кызматы, аты жөнү)
Бул акты Мамматрезервдер фондусунун "___" ____________ 20___-жылдын №______ иш көрсөтмөсүнө ылайык
жооптуу сактоодо турган төмөндө аталган товарларды (материалдарды) берүү үчүн түзүштү:
Товарлардын (материалдардын) жана качалардын аталыштары | Ылгам, белги | Бир бирдикке болгон баа, сом | Ченөө бирдиги | Саны | Сумма, сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Сөз менен жазылган саны (салмак же бир даана) __________________________________________________________
Кошумча маалыматтар _________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________
Жетекчи _____________________________________________________________________________________________
Башкы бухгалтер _________________ техкөзөмөл бөлүмүнөн ______________________________________________
Материалдык жактан жооптуу жак _______________________________________________________________________
Мамматрезерв фондусунун "_____" ____________ 20____-жылдын №______ иш көрсөтмөсүнүн негизинде төмөндө
аталган товарларды (материалдарды) алдык:
Товарлардын (материалдардын) жана качалардын аталыштары | Ылгам, белги | Бир бирдикке болгон баа сом | Ченөө бирдиги | Саны | Сумма, сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ишеним кат № _________________________ "___" ______________ 20___-ж.
Алдым: _______________________________________________________________________________________________
(колу, аты жөнү)
Ыйгарым укуктуу органына 10 күндүн ичинде жиберилет
_______________________________________________________ (жооптуу сактоочу ишкананын аталышы жана дареги)
Кабыл алуу актысы № ______ (сактоо милдеттенмеси)
(жооптуу сактоочу үчүн)
201__ -ж. "___" ________ Биз, төмөндө кол койгондор _______________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________________
(жетекчинин кызматы жана жооптуу сактоочу ишкананын аталышы)
__________________________________________________ башкы бухгалтер ____________________________________,
(аты-жөнү) (аты-жөнү)
сапат боюнча адис ______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
жана материалдык жактан жооптуу жак ___________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
ушул күнү мамлекеттик резервге төмөнкү тартипте __________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________ кабыл алдык
(келишим боюнча, карызды кайтаруу, алынган данды кайтаруу ж.б.)
____________________________________________________________________ келген төмөнкү товарлар (материалдар):
Товарлардын аталышы, түрү, сорту, маркасы, өлчөмү, өлчөнүп оролгону ж.б. көрсөткүчтөр жана таранын түрү | Товардын саны | Товардын баасы | ||
орундун саны | салмагы нетто, саны | баасы | суммасы | |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кабыл алынган товарлардын жана таранын саптаттык көрсөткүчтөрү:
___________________________________________________________________________________________________________
Кабыл алуунун негизи: ______________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________________________
Тескери бети
Ушул акты менен жооптуу сактоого кабыл алынган Ыйгарым укуктуу мамлекеттик материалдык резервдер органына таандык товарлар (материалдар) Ыйгарым укуктуу мамлекеттик материалдык резервдер органын колдонулуп жаткан эрежелерине жана нускамаларына ылайык тийиштүү абалда жана толук сактоого милдеттүү жана алардын Ыйгарым укуктуу мамлекеттик материалдык резервдер органдын иш көрсөтмөсү жок чыгышталбайт.
Жооптуу сактоого кабыл алынган товарлардын сактоо эрежелерин, бүлдүрүү, сапатынын төмөндөшү үчүн, ошондой эле кол тийбестигин бузуу үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартабыз.
Мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарынын сандык жана сапаттык сакталышын камсыз кылбагандыгы үчүн жооптуу сактоочулар, ошондой күнөөлүү адамдар мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарынын жетишпеген же эсептен чыгарылган кесепетинин наркынын 50 пайызы өлчөмүндө үстөк айыпты, ошондой эле жетишпеген материалдык баалуулуктарды мамлекеттик резервге толук калыбына келтиргенге чейинки ар бир күн үчүн алардын наркынын 0,2 пайызы өлчөмүндө туумду тең орток төлөйт.
Мамлекеттик резервге материалдык баалуулуктарды салуу боюнча товардык эмес операцияларды жол-жоболоштуруу учурлары белгиленгенде жооптуу сактоочу мамлекеттик резервге салынбаган материалдык баалуулуктардын наркынын 20 пайызы өлчөмүндө үстөк айып, ошондой эле көрсөтүлгөн операцияны жол-жоболоштуруу учурунан тартып мамлекеттик резервге баалуулуктарды иш жүзүндө салганга чейин ар бир күн үчүн алардын наркынын 0,2 пайызы өлчөмүндө туум төлөйт, ал эми күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарынын негизинде жоопкерчилик тартышат.
Тиркеме: ______________________________________________________________________________________________________
(сапат жөнүндө документ, ченөө актысы ж.б.)
Жетекчи ______________________________________ Башкы бухгалтер ________________________________________________
Сапат боюнча адис _____________________________________________________________________________________________
МО Материалдык жактан жооптуу жак _____________________________________________
Жоондугунун жана жазылыгынын номиналдуу өлчөмдөрү, мм
1-таблица
Жоондугу |
|
|
| Жазылыгы |
|
|
|
| |
16 | 75 | 100 | 125 | 150 | |||||
19 | 75 | 100 | 125 | 150 | 175 | ||||
22 | 75 | 100 | 125 | 150 | 175 | 200 | 225 | ||
25 | 75 | 100 | 125 | 150 | 175 | 200 | 225 | 250 | 275 |
32 | 75 | 100 | 125 | 150 | 175 | 200 | 225 | 250 | 275 |
40 | 75 | 100 | 125 | 150 | 175 | 200 | 225 | 250 | 275 |
44 | 75 | 100 | 125 | 150 | 175 | 200 | 225 | 250 | 275 |
50 | 75 | 100 | 125 | 150 | 175 | 200 | 225 | 250 | 275 |
60 | 75 | 100 | 125 | 150 | 175 | 200 | 225 | 250 | 275 |
75 | 75 | 100 | 125 | 150 | 175 | 200 | 225 | 250 | 275 |
100 | 100 | 125 | 150 | 175 | 200 | 225 | 250 | 275 | |
125 | 125 | 150 | 175 | 200 | 225 | 250 | |||
150 | 150 | 175 | 200 | 225 | 250 | ||||
175 | 175 | 200 | 225 | 250 | |||||
200 | 200 | 225 | 250 | ||||||
250 | 250 | ||||||||
Тактайлардын тар бурчунун жазылыгы, мм
2-таблица
Жоондугу үчүн | кем болбоого тийиш |
от 16 до 50 мм | 50 |
от 60 до 100 мм | 60 |
от 125 до 300 мм тилинбеген тактайлар | 0,6 жоондукта |
от 125 до 300 мм тилинген тактайлар | 0,7 т жоондукта |
2-тиркеме
5тен 37 % түпкү нымдуулук үчүн кара карагай, кызыл карагай, кедра, пихта жыгачтарынын аралаш таарындыларынан алынган жыгач продукцияларын кургатуу ӨЛЧӨМҮ
Тактайдын жоондулугунун жана жазылыгынын номиналдуу өлчөмү, мм | Тактайдын түпкү нымдуулугу, % | |||||||||||
5тен 7ге чейин | 8ден 10го чейин | 11ден 13гө чейин | 14төн 16га чейин | 17ден 19га чейин | 20дан 22ге чейин | 23төн 25ге чейин | 26дан 28ге чейин | 29дан 31ге чейин | 32ден 34гө чейин | 35тен 37ге чейин | ||
13 | 0,8 | 0,8 | 0,7 | 0,7 | 0,6 | 0,5 | 0,4 | 0,3 | 0,3 | 0,2 | 0,1 | |
16 | 1 | 0,9 | 0,9 | 0,8 | 0,7 | 0,6 | 0,5 | 0,4 | 0,3 | 0,2 | 0,1 | |
19 | 1,1 | 1 | 1 | 0,8 | 0,7 | 0,6 | 0,5 | 0,4 | 0,3 | 0,2 | 0,1 | |
22 | 1,2 | 1,2 | 1,1 | 0,9 | 0,8 | 0,7 | 0,6 | 0,5 | 0,4 | 0,3 | 0,2 | |
25 | 1,4 | 1,2 | 1,1 | 1,1 | 0,9 | 0,8 | 0,7 | 0,6 | 0,4 | 0,3 | 0,2 | |
28 | 1,5 | 1,4 | 1,4 | 1,2 | 1,1 | 0,9 | 0,8 | 0,6 | 0,5 | 0,3 | 0,2 | |
32 | 1,7 | 1,6 | 1,4 | 1,3 | 1,1 | 1 | 0,8 | 0,7 | 0,5 | 0,4 | 0,2 | |
40 | 2,1 | 2 | 1,7 | 1,6 | 1,4 | 1,2 | 1 | 0,8 | 0,6 | 0,4 | 0,2 | |
45 | 2,3 | 2,2 | 2 | 1,8 | 1,6 | 1,4 | 1,2 | 0,9 | 0,7 | 0,5 | 0,3 | |
50 | 2,5 | 2,4 | 2,2 | 2 | 1,8 | 1,5 | 1,3 | 1 | 0,8 | 0,6 | 0,3 | |
56 | 2,8 | 2,6 | 2,4 | 2,2 | 2 | 1,7 | 1,5 | 1,2 | 0,9 | 0,6 | 0,3 | |
60 | 3 | 2,8 | 2,6 | 2,4 | 2,1 | 1,8 | 1,6 | 1,3 | 1 | 0,7 | 0,4 | |
63 | 3,1 | 2,9 | 2,8 | 2,5 | 2,2 | 1,9 | 1,6 | 1,3 | 1 | 0,7 | 0,4 | |
66 | 3,3 | 3,1 | 2,9 | 2,6 | 2,3 | 2 | 1,7 | 1,4 | 1,1 | 0,7 | 0,4 | |
70 | 3,4 | 3,2 | 3 | 2,8 | 2,5 | 2,1 | 1,8 | 1,5 | 1,1 | 0,8 | 0,4 | |
75 | 3,7 | 3,5 | 3,3 | 3 | 2,6 | 2,3 | 2 | 1,6 | 1,2 | 0,8 | 0,5 | |
80 | 3,9 | 3,7 | 3,5 | 3,2 | 2,8 | 2,4 | 2,1 | 1,7 | 1,3 | 0,9 | 0,5 | |
86 | 4,2 | 4 | 3,7 | 3,4 | 3 | 2,6 | 2,2 | 1,8 | 1,4 | 1 | 0,5 | |
90 | 4,4 | 4,2 | 3,9 | 3,6 | 3,2 | 2,7 | 2,3 | 1,9 | 1,4 | 1 | 0,5 | |
96 | 4,6 | 4,4 | 4,1 | 3,6 | 3,2 | 2,7 | 2,3 | 1,9 | 1,4 | 1 | 0,6 | |
100 | 4,8 | 4,6 | 4,2 | 3,7 | 3,4 | 2,8 | 2,4 | 1,9 | 1,5 | 1,1 | 0,6 | |
110 | 5,3 | 5 | 4,6 | 4 | 3,5 | 3 | 2,6 | 2 | 1,6 | 1,2 | 0,7 | |
116 | 5,6 | 5,3 | 4,8 | 4,2 | 3,7 | 3,2 | 2,8 | 2,2 | 1,7 | 1,2 | 0,7 | |
120 | 5,8 | 5,4 | 5,1 | 4,4 | 3,8 | 3,3 | 2,9 | 2,2 | 1,7 | 1,3 | 0,7 | |
125 | 6 | 5,6 | 5,1 | 4,7 | 4 | 3,4 | 3 | 2,3 | 1,8 | 1,3 | 0,8 | |
130 | 6,2 | 5,9 | 5,4 | 4,8 | 4,2 | 3,6 | 3,1 | 2,4 | 1,9 | 1,4 | 0,8 | |
140 | 6,7 | 6,4 | 5,8 | 5 | 4,5 | 3,8 | 3,3 | 2,6 | 2 | 1,5 | 0,8 | |
150 | 7,1 | 6,7 | 5,9 | 5,2 | 4,6 | 3,9 | 3,3 | 2,6 | 2 | 1,5 | 0,8 | |
160 | 7,6 | 7,1 | 6,2 | 5,3 | 4,7 | 4,1 | 3,5 | 2,8 | 2,2 | 1,5 | 0,8 | |
165 | 7,8 | 7,3 | 6,4 | 5,5 | 4,9 | 4,2 | 3,6 | 3 | 2,2 | 1,6 | 0,8 | |
170 | 8,1 | 7,6 | 6,7 | 5,7 | 5 | 4,4 | 3,7 | 3 | 2,3 | 1,6 | 0,9 | |
180 | 8,5 | 8 | 7 | 6,1 | 5,2 | 4,4 | 3,8 | 3,1 | 2,3 | 1,6 | 0,9 | |
190 | 9 | 8,4 | 7,3 | 6,4 | 5,5 | 4,7 | 4 | 3,3 | 2,5 | 1,7 | 0,9 | |
200 | 9,4 | 8,9 | 7,8 | 6,7 | 5,8 | 4,9 | 4,2 | 3 | 2,6 | 1,7 | 1 | |
210 | 9,9 | 9,2 | 8,1 | 7,1 | 6,1 | 5,2 | 4,4 | 3,6 | 2,7 | 1,8 | 1 | |
220 | 10,4 | 9,7 | 8,5 | 7,4 | 6,4 | 5,4 | 4,6 | 3,8 | 2,9 | 1,9 | 1,1 | |
230 | 10,8 | 10 | 8,9 | 7,7 | 6,7 | 5,7 | 4,8 | 4 | 3 | 2 | 1,1 | |
240 | 11,3 | 10,5 | 9,3 | 8,1 | 7 | 5,9 | 5 | 4,1 | 3,1 | 2,1 | 1,2 | |
250 | 11,8 | 10,9 | 9,7 | 8,4 | 7,3 | 6,2 | 5,3 | 4,3 | 3,3 | 2,2 | 1,2 | |
254 | 11,9 | 11 | 9,8 | 8,5 | 7,4 | 6,3 | 5,3 | 4,4 | 3,3 | 2,2 | 1,2 | |
260 | 12,2 | 11,3 | 9,9 | 8,5 | 7,4 | 6,4 | 5,4 | 4,5 | 3,3 | 2,2 | 1,3 | |
270 | 12,7 | 11,6 | 10,1 | 8,6 | 7,6 | 6,5 | 5,4 | 4,5 | 3,4 | 2,3 | 1,4 | |
280 | 13,1 | 11,8 | 10,5 | 8,7 | 7,7 | 6,6 | 5,6 | 4,5 | 3,5 | 2,4 | 1,4 | |
290 | 13,6 | 12,3 | 10,7 | 9 | 8 | 6,9 | 5,8 | 4,7 | 3,6 | 2,5 | 1,5 | |
300 | 14,1 | 12,6 | 10,9 | 9,3 | 8,2 | 7,1 | 6 | 4,9 | 3,7 | 2,6 | 1,5 | |
3-тиркеме
Тилинбеген тактайлардын кампага жыйналуучу көлөмүн тапталган жыгачтардын көлөмүнө которуу үчүн тиешелүү КОЭФФИЦИЕНТИ
Тактайдардын узундугу | Тактайлардын жоондугу, мм | |||||||||
16 | 19 | 22 | 25 | 32 | 40 | 44 | 50 | 60 | 75-100 | |
20% ашыгыраак нымдуулуктагы тактайлар үчүн | ||||||||||
f коэффициенти (кургак жыгачтын массасына карата катышы боюнча) | ||||||||||
2,00-6,50 | 0,59 | 0,6 | 0,6 | 0,61 | 0,63 | 0,65 | 0,66 | 0,67 | 0,7 | 0,75 |
1,00-1,75 | бардык жоондуктар үчүн | 0,67 | ||||||||
20% жана андан кемирээк нымдуулуктагы тактайлар үчүн | ||||||||||
f коэффициенти (кургак жыгачтын катышына карата катышы боюнча) | ||||||||||
2,00-6,50 | 0,64 | 0,65 | 0,65 | 0,66 | 0,68 | 0,71 | 0,72 | 0,73 | 0,75 | 0,79 |
1,00-1,75 | бардык жоондуктар үчүн | 0,73 | ||||||||