Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2015-жылдын 3-ноябры № 258
Мамлекеттик материалдык резервдин инструкцияларын жана мамлекеттик материалдык резервдин системасында сактоодо табигый көмүүнүн ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резервдер жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды кабыл алууну, сактоону жана берүүнү уюштурууну тартипке келтирүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган мамлекеттик материалдык резервдердин нускамалары бекитилсин:
- мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык баалуулуктарды узак мөөнөткө сактоо боюнча нускама;
- мобилизациялык резервдеги материалдык баалуулуктарды узак мөөнөткө сактоо боюнча нускама;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик материалдык резервин жооптуу сактоочу ишканаларда дан эгиндери жана нан азыктары менен операцияларды эсепке алуу жана тариздөө тартиби жөнүндө нускама;
- мамлекеттик материалдык резервдин жооптуу сактоочу ишканаларында көмүрдү узак мөөнөткө сактоо боюнча нускама;
- мамлекеттик материалдык резервдер системасында сактоодо табигый көмүүнүн ченемдери.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- мамлекеттик материалдык резервдин системасында сактоодо ушул нускамаларды жана табигый көмүүнүн ченемдерин жетекчиликке алсын.
3. Макроэкономикалык саясат башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 18 жана 19-пункттарын жоболорун аткаруу үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин Тоо" газетасында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин расмий сайтында жарыяласын;
- расмий жарыяланган күндөн кийин бир жумушчу күндүн ичинде кагаз жүзүндөгү жана электрондук алып жүрүүчүдөгү мамлекеттик жана расмий тилдеги эки нускадагы буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоо үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Министр |
| О.Панкратов |
|
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы № 258 буйругу менен бекитилди |
1. Данды жана анын кайра иштетилген азыктарын сактоодо табигый кемүүнүн ченемдери
1. Табигый кемүүнүн ченемдери ишканаларда сакталып турган дан эгиндерин, андан алынуучу азыктарды инвентаризациялоодо же алардын айкын бар экендигин текшерүүдө алардын салмагынын азайгандыгы, бирок сапатынын өзгөрбөгөндүгү аныкталган учурда контролдук жана акыркы ченемдер катары колдонулат.
2. Дан өсүмдүктөрүн үч айга чейин сактоодо табигый кемүү ченеми сактоонун айкын күндөрүнө жараша, ал эми алты айга жана бир жылга чейин сактоодо сакталган айлардын айкын күндөрүнө жараша колдонулат.
3. Дан өсүмдүктөрүн, андан иштетилген азыктарды бир жылдан ашыгыраак мөөнөткө сактоодо ар бир кийинки сакталган жыл үчүн табигый кемүү ченеми сакталган айлардын айкын күндөрүнө жараша 0,04% өлчөмдө кайра эсептөө менен колдонулат.
4. Дан эгиндеринин аралашмасы үчүн кемүү ченеми аралашмадагы негизги өсүмдүк үчүн колдонулат.
5. Продукцияны сактоодо көрсөтүлгөн табигый кемүү ченемдери каптардын стандарттык салмагы боюнча кабыл алынган жана чыгарылган унга, акшакка, данга, буурчактарга жана жүгөрүгө таркатылбайт.
6. Стандарт салмакка салынган продукция, таңгакта көрсөтүлгөн, стандарттык салмагы боюнча чыгарылат. Ушул ченемге ылайык нымдуулуктун эсебинен стандарт таңгакта узак мөөнөттө сактоодо алынган кемүү сатып алуучуга киргизилет.
(Сакталып турган көлөмгө жараша пайызда)
Дан эгиндеринин жана продукциянын аталышы | Сактоо мөөнөтү | Элеваторлордо | Кампаларда | Сактоо үчүн арналган аянтчаларда жана сапеткаларда | |
Эндей | Идиште | ||||
Буудай, кара буудай, арпа | 3 ай | 0,045 | 0,07 | 0,04 | 0,12 |
6 ай | 0,055 | 0,09 | 0,06 | 0,16 | |
1 жыл | 0,095 | 0,115 | 0,09 | - | |
Сулу | 3 ай | 0,055 | 0,09 | 0,05 | 0,15 |
6 ай | 0,065 | 0,125 | 0,07 | 0,20 | |
1 жыл | 0,105 | 0,165 | 0,09 | - | |
Күрүч - дан | 3 ай | 0,045 | 0,08 | 0,05 | - |
6 ай | 0,075 | 0,105 | 0,07 | - | |
1 жыл | 0,10 | 0,145 | 0,10 | - | |
Жүгөрү даны менен | 3 ай | 0,075 | 0,13 | 0,07 | 0,18 |
6 ай | 0,115 | 0,165 | 0,10 | 0,22 | |
1 жыл | 0,155 | 0,21 | 0,13 | - | |
Жүгөрү мардеги менен | 3 ай |
| 0,25 |
| 0,45 |
6 ай |
| 0,30 |
| 0,55 | |
1 жыл |
| 0,45 |
| - | |
Буурчак | 3 ай |
| 0,07 | 0,04 |
|
6 ай |
| 0,09 | 0,06 |
| |
1 жыл |
| 0,115 | 0,08 |
| |
Акшак жана кабыгынан ажыратылган күрүч | 3 ай |
|
| 0,04 | - |
6 ай |
|
| 0,06 | - | |
1 жыл |
|
| 0,09 | - | |
Ун | 3 ай |
|
| 0,05 | - |
6 ай |
|
| 0,07 | - | |
1 жыл |
|
| 0,10 | - | |
Кебек жана тулаң чөп | 3 ай |
| 0,20 | 0,12 | - |
6 ай |
| 0,25 | 0,16 | - | |
1 жыл |
| 0,35 | 0,20 | - | |
Аралаш тоют | 1 айга чейин |
| 0,04 |
| - |
ар бир кийинки ай үчүн |
| 0,01 |
| - | |
| 6 айга чейин |
| 2,7 |
|
|
| 9 айга чейин |
| 4,0 |
|
|
2. Дан өсүмдүктөрүн сактоодо табигый көмүү ченемдерин эсептөө тартиби
7. Данды сактоодо табигый кемүү эки себептен улам пайда болот: биологиялык жана механикалык жоготуулар. Биологиялык жоготуулардын өлчөмү сактоо мөөнөтүнө жана дан сактагычтардын түрүнө жараша эсептелет, ал эми механикалык жоготуулардын өлчөмү туруктуу чоңдук болуп эсептелет. Табигый кемүүнүн жалпы ченеми төмөнкү формула менен эсептелет.
Кампаларда жана аянттарда 3 айга чейинки ортоңку мөөнөттө сактоодо (%):
X = (δ-m) 0,011 b + m;
X - данды 3 айдан азыраак мөөнөткө сактоодо изделүүчү табигый кемүү ченеми,%;
δ - 3 айга чейинкини кошкондогу сактоо мөнөтүндө табигый кемүү ченеми,%;
b - орточо сактоо күндөрүнүн саны;
0,011 - 3 айга сактоодо белгиленген жоготуу ченемдерин кайра эсептөө үчүн коэффициенти, бир сактоо күнүнө (1/90);
m - механикалык жоготуу ченеми: кампаларда механизациялаштырылган ыкмада жүктөө жана түшүрүүдө дан өсүмдүктөрү үчүн - 0,044%, элеваторлордо - 0,03%, идиштеги продукциялар жана мардеги менен жүгөрү үчүн - 0,014%.
1-мисал. Кампада эндей сакталып турган буудайдын партиясын тазалоо актысы боюнча, 75 күн орточо сактоо мөөнөтү менен сарптоодо 500000 кг белгиленген. Буудайды 3 ай кампада сактоодо табигый кемүү ченеми - 0,07, механикалык жоготуу ченеми - 0,44.
X = (0,07 - 0,044) 0,011 75 + 0,044 = 0,065%.
Ошентип, бул партия боюнча сапатынын жакшырышы ордун жаба албаган кемчиликтер катталган шартта, буудайды табигый кемүүнүн эсебинен эсептен алып салса болот:
2-мисал. Элеватордо сакталып турган буудайдын партиясын тазалоо актысы боюнча, 75 күн орточо сактоо мөөнөтүндө сарптоодо 500000 кг белгиленген.
Буудайды 3 ай элеватордо сактоодо табигый кемүү ченеми - 0,045, механикалык жоготуу ченеми - 0,03
X = (0,045-0,03) 0,011 75 + 0,03 = 0,042%.
Эгерде кириштөө менен чыгыштоонун ортосундагы айырма сапатынын жакшыруусу менен жабылбаса, анда табигый кемүү ченеминин эсебинен төмөнкүнү эсептеп алып салса болот
3-мисал. Идиште сакталган сулуунун партиясын тазалоо актысы боюнча, орточо 68 күн сактоо мөөнөтү менен 300000 кг түзгөн.
Сулууну 3 ай бою идиште сактоодо табигый кемүү ченеми - 0,05%, механикалык жоготуу ченеми - 0,014%.
Зарылчылыгына жараша бул партия боюнча төмөнкүдөй эсеп менен табигый кемүүгө 123 кг эсептеп алып салууга болот
X = (0,05 - 0,014) 0,011 68 + 0,014 = 0,041%.
Данды жана уруктарды орточо үч айдан жогорку мөөнөткө сактоодо кемүү ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат (%):
Мында: X - табигый кемүү ченеми;
А - мурдагы сактоо мөөнөтү үчүн (3 айга чейинки) кемүү ченеми;
Д - бул аралык сактоо мөөнөтү үчүн жогорку ченем менен өткөн кемүү ченеминин ортосундагы айырма;
В - бул партияны орточо сактоо мөөнөтү менен мурдагы ченем үчүн белгиленген сактоо мөөнөтүнүн ортосундагы айырма;
Г - кемүү ченемдеринин ортосундагы айырма камтылган сактоо айларынын саны.
4-мисал. Кампада эндей сакталып турган буудайдын партиясын тазалоо актысы боюнча чыгыштоодо орточо 5 ай сактоо мөөнөтү менен 500000 кг белгиленген. Кемүүнүн мурдагы ченеми 0,07%, бул аралык сактоо мөөнөтү үчүн жогорку ченем (6 ай) 0,09%.
Бул учурда сактоо мөөнөтү эки ай (5-3) жана кемүү ченеми мурдагы мезгилге караганда 0,02% (0,09-0,07) көп. Мурдагы ченемге 0,02% кошулушу, кийинки бардык үч айлык (6-3) сактоо мөөнөтүнө да тиешелүү болот.
Мында:
а = 0,07; д = 0,09 - 0,07 = 0,02%;
Зарылчылыкка жараша табигый кемүүдөн төмөнкүнү эсептеп алып салууга болот:
5-мисал. Элеватордо эндей сакталып турган арпанын партиясын тазалоо актысы боюнча чыгыштоодо орточо 16 ай сактоо мөөнөтү менен 300000 кг белгиленген (1 жыл жана 4 ай).
Жыл ичинде арпаны сактоодо,
а = 0,095, ар бир кийинки сактоо жылы үчүн кемүү ченеми
Зарылчылыкка жараша табигый кемүүдөн төмөнкүнү эсептеп алып салууга болот:
8. Дандын жана продукциянын партиясын орточо сактоо мөөнөтү күндөлүк калдыктардын бул партиянын кириштелиши боюнча санына бөлүү аркылуу күндөрдө аныкталат. Айларда орточо сактоо мөөнөтүн аныктоо үчүн сактоо күндөрүнүн орточо саны 30га бөлүнөт.
Ушуга байланыштуу айрым күндөрдө эч кандай кыймыл болгон эмес жана калдыктар өзгөргөн эмес, кошумча эсеп түзүлөт.
Данды жана продукцияны сактоодо табигый кемүү ченеми алардын чыгашада катталган жалпы санына жана тазалоо актысы боюнча калдыктарга карата колдонулат жана белгиленген ченемден ашпашы керек.
9. Дандын жана нан азыктарынын салмагынын өзгөрүшүнүн негиздүүлүгүн белгилөө үчүн алардын сапатынын өзгөрүшүнө карабастан кампаларды жана элеваторлорду тазалоо боюнча комиссия төмөнкүлөр менен жетектелет:
1) нымдуулуктун төмөндөшүнөн дандын жана продукциянын салмагында кемүүнүн өлчөмү мамлекеттик резервдин данынын жана продукциясынын кирешеси жана чыгашасы боюнча нымдуулуктун көрсөткүчтөрүн салыштырмалуудан алынган айырмадан жогору болбошу керек, бул айырма төмөнкү формула менен эсептелинет:
мында Х - салмактагы кемүүнүн изделип жаткан пайызы;
а - киреше боюнча нымдуулуктун көрсөткүчү,%;
б - чыгаша боюнча нымдуулуктун көрсөткүчү,%.
2) керектүү жана керексиз калдыктарды иштетүү актылары боюнча эсептен чыгарылгандан ашык чар аралашмасынын төмөндөшүнөн дандын салмагынын кемүүсү данды кирешелөө жана чыгымдоо боюнча чар аралашмасынын көрсөткүчтөрүн салыштырууда алынган айырмадан ашпашы керек, ал төмөнкү формула менен эсептелет:
мында Х - салмактагы кемүүнүн изделген пайызы;
В- киреше боюнча чар аралашма,%;
Г - чыгаша боюнча чар аралашма,%;
Д - жогоруда көрсөтүлгөн формула менен эсептелген нымдуулукту төмөндөтүүдөн чыккан кемүүнүн өлчөмү,%.
Бул формула менен кемүүнү эсептен чыгаруу 0,2%дан көп эмес өлчөмдө гана жүргүзүлөт.
Мамлекеттик резервдин данын жана продукциясын сактоодо табигый кемүүнүн ченемдери тазалоо актылары боюнча чыгашада жана калдыкта эсептелген алардын жалпы санына колдонулат.
Эгерде нан азыктарынын партиясында нымдуулуктун жогорулагандыгы же чар аралашманын жогорулагандыгы аныкталса, чыгымдоодо, тазалоодо сапатынын начар жагына өзгөрүшүнүн себебин текшерүү зарыл жана материалдык жактан жоопкерчиликтүү адамдын сапатынын өзгөрүшүнө жана тиешелүү ашыкча чыгуу жоктугуна күнөөлүү экендиги тууралуу корутунду берүүгө милдеттүү.
Ашыкча продукция жок болгон учурда же ал нан азыктарынын сапатынын начарлоосунан улам тиешелүү өлчөмдөн аз болсо, санындагы айырма эсептелет, мында сапатынын начарлоосу нымдалышынын же данга башка нерселердин же стандарт боюнча чар аралашмасына кирген башка дан эгиндеринин аралашуусунун эсебинен көбөйүп кетүүсүнө алып келиши мүмкүн болчу.
Санындагы айырманы эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
мында Х - салмагынын санынын көбөйүүсүнүн изделген пайызы;
а - калдык же кириштелиши боюнча нымдулугу же чар аралашмасы .
Мисалы, бардыгы болуп кириштөөдө (тазалоо актысынын 3-сабы) 800000 кг, нымдуулугу 13,22% болгон. Бардыгы болуп чыгашада (тазалоо актысынын 8-сабы) 798000 кг, нымдуулугу - 14,00%
б.а. кошуп эсептөө төмөнкүнү түзөт:
Эгерде комиссия тарабынан сарпталган же инвентаризацияланган нан азыктарынын нымдуулугун жана чар аралашмаларынын артышы, кабыл алууда жана чыгарууда сапатынын так аныкталбагандыгы же нан азыктарынын партиясын салмагынын көбөйүүсүнө алып келбей турган кандайдыр бир башка себептер менен түшүндүрүлө турган болсо, анда ал бул тууралуу тазалоо актысында көрсөтөт жана материалдар менен Ыйгарым укуктуу контролдоочу органды тааныштырат.
Өздүк эсептеги сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдүн тууралыгы аларды баштапкы документтер менен өздүк эсептеги эсептөөлөргө салыштыруу аркылуу текшерилгенден кийин комиссия тазалоо актысын үч нускада түзөт жана аны Ыйгарым укуктуу контролдоочу органга сунуштайт.
Тазалоо актыларынын өз убагында түзүлбөй калышы, айрыкча, бул орун алган кемчиликтерди вуалирлөөгө байланыштуу болсо, анда бул мамлекеттик тартипти бузгандык болуп саналат жана буга күнөөлүү болгон кызмат адамдар жоопкерчиликке тартылышат.
10. I, II жана III категориядагы калдыктар боюнча сандык эсепке алуу гана жүргүзүлөт. Алардын сакталышынын натыйжалары инвентаризациялоо актысы менен таризделет жана материалдык баалуулуктар үчүн белгиленген тартипте каралат жана бекитилет.
Эгер тазалоодо дан же продукция артык чыкса, бул артык ишкананын бухгалтериясы тарабынан ошол маалда Ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын тазалоо актысын күтпөстөн кирешелиши керек.
11. Эсептөөнү жеңилдетүү жана Бүткүл Дүйнөлүк илим изилдөө институнун мүмкүн болгон каталыктарын болтурбоо үчүн данды жана анын кайра иштетилген азыктарынын дандын жана май өсүмдүктөрүнүн уругунун табигый кемүү ченемдерин аныктаган таблица түзүлдү.
Аталган таблицада табигый кемүүнүн ченеми бир күндөн тартып төрт жылга чейин сактоодо турган буудай даны, кара буудай арпа үчүн жана үч жылга чейин башка өсүмдүктөр жана дандын кайра иштетилген азыктары үчүн эсептелди.
Өсүмдүктөр боюнча таблица сактоо мөөнөтү 90 күн (үч ай), 6 айга чейин, 1 жылга чейин жана 1 жылдан жогору түзүлдү.
Ар бир таблицанын жогорку туурасынан жолчодо сактоо мөөнөтү 90 күнгө чейинки жана сактоо айынын мөөнөтү 3 айдан жогору көрсөтүлдү.
90 күндөн ашык мөөнөткө сактоодо айдын ондон бир үлүшүндөгү тактыкта көрсөтүлгөн ар бир ондон бир ай 3 күнгө барабар бир күн убакыт сактоо мөөнөтүн эсептегенде ыргытылат, ал эми 2 жана 3 күн айдын ондон бир үлүшүнө тең келет, 5,6 күн айдын ондон эки бөлүгүнө, 8, 9, 10 айдын ондон үч бөлүгүнө ж.б.
Сол тараптагы тигинен колонкада сактоонун түрү жана орду көрсөтүлгөн: кампада эндей, идиште, элеватордо, аянтта.
Керектүү кемүүнүн ченемин табуу үчүн жогорку жолчодон күндөрдүн санын табуу керек, ал эми сол колонкадан - сактоонун түрүн жана ордун, көрсөтүлгөн жолчонун жана колонканын кесилишкен чекитинде табигый кемүүнүн ченеми пайыз менен көрсөтүлгөн.
Мисалы, кампада эндей сакталып турган, тазалоонун актысы боюнча буудайдын партиялары орточо сактоо мөөнөтү 56 күн деп аныкталган. Жогорку жолчодон 56 санын табабыз, сол колонкадан - сактоонун орду- кампада эндей. Жолчо менен колонканын кесилишкен чекитинен табигый кемүүнүн ченемин табабыз - 0,06%;
Кампада эндей сакталып турган тазалоонун актысы боюнча гречка партияларынын орточо сактоо мөөнөтү - 8,3 ай. Жогорку жолчодон 8,3 санын табабыз сол колонкадан - сактоонун орду- кампада эндей. Жолчо менен колонканын кесилишкен чекитинен табигый кемүүнүн ченемин табабыз - 0,124%;
Элеватордо сакталып турган тазалоонун актысы боюнча кара буудай партияларынын орточо сактоо мөөнөтү бир жыл жана 5,4ай деп аныкталган.(17,4 ай) Жогорку жолчодон 17,4 санын табабыз сол колонкадан - сактоонун орду элеватордо. Жолчо менен колонканын кесилишкен чекитинен табигый кемүүнүн ченемин табабыз - 0,114%.
4. Орточо сактоо мөөнөтүн эсептөө
12. Эсептөө үчүн бул мезгил үчүн эсепке киргизилчү партияга өздүк эсептен төмөнкүдөй маалыматтарды алуу зарыл: жалпы кириштөө Р1, жалпы чыгаша Р2, операцияларды жүргүзгөн күн жана күнүмдүк калдык.
Биздин мисалда Р1 = 1352025 кг; Р2 = 1294950 кг. жана дан жана күндөлүк калдыктар менен операцияларды жүргүзүү күнү шарттуу алынган жана ал төмөндө көрсөтүлгөн эсептөө таблицасынын 1-2 графаларында берилген.
Өздүк эсептерде операциялар жазылган күн | Калдык, кг. | Калдыкты сактоо күнүнүн саны | Күндөлүк калдыктардын суммасы (центнер-күндөр) |
22.08.89 | 190900 | 1 | 1909 |
23.08.89 | 519280 | 1 | 5193 |
24.08.89 | 1034680 | 1 | 10347 |
25.08.89 | 719920 | 6 | 43195 |
31.08.89 | 206475 | 1 | 2065 |
01.09.89 | 172075 | 49 | 84317 |
20.10.89 | 172875 | 8 | 13830 |
20.10.89 | кем чыгуу 57075 | - | - |
Бардыгы |
|
| 160856 |
Эсептөө тартиби:
1) Операциялардын күнүнөн улам ар бир калдык сакталчу күндү аныктайбыз жана Эсептөө таблицасынын 3-графасына жазабыз.
2) Күндөлүк калдыктардын суммасын эсептейбиз (4-графа=2 3-графаларга) центнер-күндөр.
3) Бүтүндөй сактоо мөөнөтүндөгү күндөлүк калдыктардын суммасын эсептейбиз - 160856 центнер-күндөр.
Орточо сактоо мөөнөтүн эсептөө Тазалоо актысына кошо тиркелет.
5. Буурчакты сактоодо табигый кемүүнү эсептөө тартиби
13. Ушул ченемдерге ылайык белгиленген ченемдердин чегинде буурчактын нымдуулугун азайтуунун эсебинен алынган табигый кемүү узак сактоодо, буурчакты стандарт таңгакта бергенде сатып алуучуга киргизилет.
Биринчи түрдүн жоготуулары (сапатынын жакшырышынын эсебинен) кампалардагы таңгакталбаган буурчакты сактоо процессинде нымдуулукту азайтуудан пайда болот.
Мындай шартта кургап жок болуунун эсебинен салмагынын жоготуулары киреше жана чыгаша боюнча нымдуулуктун көрсөткүчтөрүн салыштыруудан алынган айырманы аныктоо жолу менен бул айырма жалпыга белгилүү формула менен эсептелет:
кургап жок болгон % = 100 (а - б) : 100 - б,
мында а - киреше боюнча нымдуулуктун көрсөткүчү, %;
б - чыгаша боюнча нымдуулуктун көрсөткүчү, %.
Табигый кемүүнүн көрсөтүлгөн ченемдери контролдук жана чектүү катары инвентаризациялоодо же буурчак данынын накталыгын текшерүүдө алардын сапатынын өзгөрүшүнө алып келбеген салмагынын азайышы белгиленгенде колдонулат.
6. Азык -түлүк товарларынын табигый кемүү ченемдери
14. Мамлекеттик резервдин сактоосуна жабдуу-идиштерин кошо алганда, транспорттук идиштердин бардык түрү менен алынып келинген таңгакталган бакалея товарларына керектөө идиштерин бузулуудан (сындыруудан) улам жоготуу ченемдери төмөнкү өлчөмдөрдө (пайыздарда) колдонулат:
- ун, таруу, кумшекер, аш тузу - 0,03;
- жана башка бакалея товарлары (таңгакталгандарды кошпогондо стандарттык салмакта коробкада) - 0,01.
15. Чакмак кантты, кумшекерди, макарон азыктарын кошпогондо бакалея товарларын бир айдан ашыгырак сактоодо табигый кемүү ченеми 6 айга чейинки чекте ар бир ай сайын 0,01 пайызга көбөйөт. Чакмак канттын, кумшекердин, макарон азыктарынын 1 айдан ашыгыраак сактоодо табигый кемүү ченеми чакмак кантты жана кумшекер боюнча 1 жылга чейинки; кошулмасыз макарон азыктары боюнча 6 айга чейинки ар бир кийинки ай ичинде 0,008 пайызга көбөйөт.
(Сакталып турган көлөмгө жараша пайызда)
Товардын аталышы | Жыл бою кемүү ченеми, % |
Сүт жана тоң май товарлары |
|
Уй сүтүнөн алынган май (каймак жана сары май), маргарин, сызгырылган тоң май (уй, чочко ж.б. майлар), ашкана майлары (сало, өсүмдүк майлар) жана кондитердик майлар | 0,04 |
Сүт жана кургак сүт, жумуртка порошогу жана меланж | 0,30 |
Өсүмдүк майы | 0,10 |
Бакалея товарлары |
|
Макарон азыктары | 0,06 |
Эт жана сүт консервалары | 0,40 |
Кумшекер | 0,03 |
Чакмак-канты | 0,04 |
Таразага тартылуучу башка бакалея товарлары | 0,06 |
7. Тамак-аш тузунун табигый кемүү ченемдери
16. Идиштеги жана эндей аш тузун бир жылдан ашык сактоодо табигый кемүү ченеми 3 жыл ичинде ар бир кийинки чейрек үчүн 0,17 пайызга көбөйөт. Тузду 3 жылдан ашыгыраак сактоодо үч жылдык сактоого каралган ченемдер эле колдонулат.
(Сакталып турган көлөмгө жараша пайызда)
Товардын аталышы | Кемүү ченеми, %, сактоо мөөнөттөрүндө | ||
1 айга чейин | 6 айга чейин | 12 айга чейин | |
Тамак-аш тузу: |
|
|
|
тунма |
|
|
|
идиштеги | 0,25 | 0,60 | 1,20 |
эндей | 0,34 | 0,75 | 1,50 |
майдалана элек |
|
|
|
идиштеги | 0,04 | 0,13 | 0,25 |
эндей | 0,08 | 0,25 | 0,50 |
тунма |
|
|
|
идиштеги | 0,17 | 0,42 | 0,75 |
эндей | 0,25 | 0,60 | 1,20 |
8. Азык-түлүк товарларды кабыл алууда, сактоодо жана берүүдө табигый кемүү ченемдерин колдонуунун тартиби
17. Ченемдер айкын массада чыгарылган стандарттык товарларга, алар боюнча төмөнкүлөрдөн улам түптөлгөн жоготуулардын ордун толтурууга карата белгиленген:
- кургатуу жана шамалдоо;
- ээрүүнүн;
- суюк товарларды чыгарууда куюлуунун жана агып калуунун.
18. Товарлардын бузулушунун, идиштердин жарака кетүүсүнүн, ошондой эле айкын массасы менен траферет боюнча массасынын ортосундагы айырмадан улам келип чыккан жоготуулар бул табигый кемүү ченемине камтылган эмес.
19. Табигый кемүү ченемдери төмөнкүлөргө колдонулбайт:
- таразага тартпастан кампага кабыл алынган же андан чыгарылган товарларга (эсеп же траферет боюнча);
- кампанын жалпы жүгүртүүсүндө эсепке алынган, бирок кампада сакталбаган товарлар боюнча (транзиттик операциялар).
20. Бекитилген ченемдер акыркы болуп саналат жана товарлардын чындап эле бар экендигин текшерүү учурунда эсептеги калдыктарга карата кем чыгуулар аныкталган учурларда гана колдонулат.
21. Товарлардын табигый кемүүсү айкын өлчөмдөрү боюнча, бирок белгиленген ченемдерден ашпаган өлчөмдө материалдык жоопкерчиликтүү адамдардан алынып коюлат.
22. Бүтүндөй ишкана же анын түзүмдүк бөлүмү боюнча табигый кемүүнүн өлчөмү отчеттук мезгилде материалдык жактан жоопкерчиликтүү адамдын катышуусунда ишкананын (уюмдун) бухгалтери тарабынан түзүлгөн эсептөөлөрдүн негизинде аныкталат жана ишкананын (уюмдун) жетекчиси тарабынан бекитилет.
23. Кемүүнүн белгиленген ченемдеринин чегинде товарлардын кем чыгуусу товарлар кириштелген баа боюнча материалдык жактан жоопкерчиликтүү адамдан алынат.
24. Товарлардын табигый кемүүсүн алып салуу белгиленген тартипте түзүлгөн жана бекитилген тиешелүү эсептөөлөрдүн негизинде инвентаризациялоодон кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Табигый кемүүнүн өлчөмү айкын сактоо мөөнөтүнө ылайык ар бир товар боюнча өзүнчө аныкталат.
25. Товарларды каралган чектүү мөөнөттөрдөн ашыгыраак сактоодо ченемдерди андан ары чегерүү жүргүзүлбөйт.
26. Товарларды партиялар боюнча эсепке алууда табигый кемүү алардын кампада сакталуусунун айкын мөөнөттөрү боюнча, ар бир товар келип түшкөн жана чыгарылган алгачкы күнгө жараша чегерилет.
9. Азык-түлүк товарлары салынган айнек жана желим идиштеринин сынышынан улам жоготуулардын ченемдери
Товардын аталышы | Ташуу идиштеринин түрү | Жоготуу ченемдери, % |
чакмак кант жана кумшекер боюнча - 1 жылга чейин; кошулмасыз макарон азыктары боюнча- 6 айга чейин, кошулмалары менен - 3 айга чейин. | Бардык түрлөрү | 0,03 |
айнек жана желим идиштериндеги өсүмдүк майы, сүт, сүт жана башка тамак-аш товарлары. | Бардык түрлөрү | 0,02 |
10. Азык-түлүк товарлары салынган айнек жана желим идиштеринин сынышынан улам жоготуулардын ченемдерин колдонуунун тартиби
27. Айнек жана желим идиштеринин сынышынан улам жоготуулардын ченемдери мамлекеттик резервдеги тамак-аш азыктарына да таркатылат.
28. Айнек жана желим идиштердеги товарларга жана бош айнек идиштерге ченемдер бул товарларды кабыл алууда, иргөөдө, сактоодо, ошондой эле темир жол жана авто унаалары менен ташууда болушу ыктымал болгон сындыруулардын ордун толтурууга белгиленген.
29. Ченемдерди белгилөө акыркы болуп саналат жана айнек же желим идиштеринде товарлардын айкын бар экендигин текшерүүдө, тиешелүү таризделген актылар менен тастыкталган, идишти сындыруунун эсебинен түптөлгөн эсептеги калдыктарга каршы кем чыгуулар орун алган шартта гана колдонулат.
30. Жоопкерчиликтүү сактоо ишканаларында жана мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органдын кампаларында айнек жана желим идиштерин сындыруудан улам жоготуулардын чектүү өлчөмүн аныктоо, бул баалуулуктарды сактоо мөөнөтүнө көз карандысыз текшерүү мезгили үчүн төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- айнек жана желим идиштеги товарлар (идиштин ар бир түрү боюнча өзүнчө) жана товар боюнча;
- экиге бөлүштүрүлгөн айнек жана желим идиштин алынган жана чыгарылган санынан.
31. Айнек идиштеги жана желим идиштердеги товарларды авто унаа менен ташууда өзүнчө коштомо документ менен таризделген (товардык-транспорттук жолдомо) алынып келинген товардын (идиштин) бардык партиясына карата колдонулат.
32. Айкын жоготуулар белгиленген ченемдерден ашып кеткен учурларда жоготуулардын наркы (эсептөө бааларында) ташылып келинген продукциянын сакталышына материалдык жактан жооп берген жак (уюм) тарабынан орду толтурулууга тийиш.
33. Ал эми товар салынган айнек идиштерди сындыруудан жоготуулар белгиленген ченемдер боюнча 1 шишени, банканы ж.б. түзсө, ченемди чегерүүдө продукциянын 0,5 бирдикке чейинки үлүшү алынып салынат, ал эми 0,5тен жогорусу бирдикке чейин тегеректелет.
34. Жооптуу сактоочу ишканаларында жана мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органдын кампаларында ташуу учурунда айнек жана желим идиштериндеги товарлардын кем чыгууларын материалдык жактан жооптуу жактардан ченемдин чегинде эсептеп алып салуу, белгиленген тартипте түзүлгөн жана бекитилген тиешелүү эсептөөлөрдүн негизинде айкын өлчөмдөр боюнча, бирок чектүү ченемдерден жогору болбогон өлчөмдө жүргүзүлөт.
35. Айнек жана желим идиштердеги товарлар боюнча эсептеп алып салуу товарлар кириштелген баа боюнча (идиши менен кошо) жүргүзүлөт.
36. Товарлардын сакталышына жооп берген жактар азык-түлүк товарлары салынган айнек жана желим идиштерди сындыруудан улам ченемден ашык жоготуулардын ордун эсептөө баалары боюнча толтурушат.
11. Данды жана анын кайра иштетилген азыктарын автомобиль транспорттору менен ташууда табигый кемүүнүн ченемдери
37. Табигый кемүүнүн ченемдери ташууда 100 кмден ашкандан кийин ар бир кийинки 100км үчүн 0,001пайызга (%) жогорулайт.
38. Көрсөтүлгөн табигый кемүүнүн ченемдери чек болуп саналат жана жүктүн накталай массасы жетишпеген учурда гана колдонулат.
Дан эгиндеринин жана продукциянын аталышы | Аралыгы | Эндей | Идиште |
Буудай, кара буудай, арпа | 25 кмге чейин | 0,048 | 0,024 |
25ден 50кмге чейин | 0,062 | 0,038 | |
50дөн 100кмге чейин | 0,08 | 0,06 | |
Кебек, буудай чары, | 25 кмге чейин | 0,047 | 0,026 |
25ден 50кмге чейин | 0,058 | 0,035 | |
50дөн 100кмге чейин | 0,07 | 0,05 |
Кыргыз Республикасынын илим-изилдөө мекемелери тарабынан материалдык баалуулуктардын табигый кемүүлөрүнүн ченемдерин мүмкүн болгон иштеп чыгууларын эске алып, көрсөтүлгөн ченемдер 2020 жылга чейин жарактуу.
Кампалардагы табигый кемүүнүн ченемдеринин таблицасы (пайыз менен)
Тиркелген файлды караңыз