Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы № 258 буйругу менен бекитилди |
Мамлекеттик резервдин жооптуу сактоочу ишканаларында көмүрдү узак мөөнөткө сактоо жөнүндө НУСКАМА
1. Жалпы жоболор
1. Көмүр мамлекеттик резервдин материалдык баалуулугунун номенклатуралык кору болуп эсептелет жана аны чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде жүргүзүлөт. Көмүрдүн коруна кол салбоону бузган күнөөлүү жактар белгиленген тартипте жоопкерчилигин алат.
Мамлекеттик резервден көмүрдү берүүнүн негизи болуп аткаруу жана контролдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык мамлекеттик резервдер тутуму менен жетектеген функцияларын ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген (мындан ары - мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органы) иш көрсөтмөсү эсептелет.
2. Мамлекеттик резервдин көмүрүн сактоо мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органы жана сактоого жооптуунун өз ара келишиминин негизинде сактоого жооптуу ишканаларда иш жүзүнө ашырылат.
Көмүрдү сактоого жооптууларга төмөндөгүлөр жүктөлөт:
- көмүрдү киргизүү үчүн кампаларды жана аянттарды өз убагында даярдоо;
- көмүрдү салуу;
- бул Нускаманын талаптарына ылайык көмүрдүн санынын жана сапаттуулугунун сакталышын камсыздоо;
- бул Нускаманын талаптарына ылайык көмүрдү жаңылоо;
- көмүргө тийиштүү бардык жумуштарды көмүрдү сактоо боюнча төмөнкү жетишээрлик билими бар, тажрыйбалуу материалдык жактан жооптуу жактар тарабынан ишке ашырылуусу: көмүрдү жайгаштыруу боюнча аянттарды даярдоонун талаптарын сактоо, көмүрдүн маркасын, мөөнөтүн, сактоо шарттарын жана аны сактоодо өрт коопсуздугун тутуу, ченемдик-техникалык документацияны пайдаланууну билүү, көмүрдү кабыл алуу жана берүү боюнча зарыл документтерди так тариздөө.
3. Көмүрдүн санынын жана сапаттуулугунун сакталышын көзөмөлдөө сактоого жооптуу ишканалардын жетекчилери, ошондой эле бул ишканаларды көзөмөлдөгөн министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү тарабынан ишке ашырылат. (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 26-майындагы "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" № 78 Мыйзамынын 10-беренесине ылайык).
Жооптуу сактоочу мамлекеттик резервдеги көмүрдүн, ал эми көмүрдү бардык көлөмдө сактоодо ишкананын пайдаланылган ресурстарынын эсеби жана кыймылы тууралуу бардык маалыматтарды мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органына берүүгө милдеттүү.
4. Мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органы материалдык баалуулуктардын сакталуусуна контрол жүргүзөт.
Жооптуу сактоочу ишканаларда көмүрдү киргизүү жана жаңылоо мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органынын каттары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде ишке ашырылат.
5. Жооптуу сактоочулар тарабынан биринчи топтогу көмүрдү жаңылоо сактоонун белгиленген мөөнөтүн, ошондой эле көмүрдүн сапаттуулугун эсепке алуу менен мамлекеттик материалдык резервдин ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуусу боюнча сергитилгенди берүүнүн жана келип түшкөн көмүрдүн киргизүүсүнүн ортосундагы убактысын үзбөстөн, б.а. саны боюнча тең келген, баалуулугу бирдей, же болбосо сапаты боюнча жакшы болгон, узак убакытка сактоого жарамдуу жана Бишкек шаарынын ЖЭБинин пайдалануусуна керектелүүчү көмүрдү алдын-ала киргизүү жолу менен өз алдынча жүргүзүлөт.
6. Ишкананын жылуулук берүү тартиби өзгөргөндө (жылытуунун башка түрлөрүнө өткөндө) сактоого жооптуу ишканадан жогору турган уюм (министрлик, ведомство ж.б.) мамлекеттик резервдеги көмүрдү мамлекеттик материалдык резервдин ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуусу боюнча башка ишканаларга кайра брондон чыгарууну жүргүзүүсү керек.
7. Алынган көмүрдүн төлөө эсебин штабельге күрөгөндөн кийин жана кабыл алуу актысын каттоодон өткөргөндөн кийин (сактоо жоопкерчилиги) мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органына көрсөтөт. Көмүрдү киргизүү, башка жерге ташуу жана берүү менен байланышкан чыгымдар сактоого жооптуу ишкана тарабынан көрсөтүлгөн нагыз чыгымдардын эсебинен нарк эсепке ылайык жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн эсеп-фактура монополияга каршы саясат боюнча Ыйгарым укуктуу орган менен алдын-ала макулдалышы керек.
8. Нускамада каралбаган, ассортиментте узакка сактоого жараксыз деп табылган көмүрдү мамлекеттик резервге алып келгендиги (күрөгөндүгү) үчүн, ошондой эле алып келүүнү (киргизүүнү) мөөнөтүнөн кечиктиргендиги, алып келбегендиги (толук эмес күрөгөндүгү) үчүн жооптуу сактоочу ишканага Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамына ылайык, белгиленген өлчөмдө айыптык санкция колдонулат - көлөмдөр мамлекеттик контракт - келишим менен аныкталат.
9. Жооптуу сактоочу ишкана мамлекеттик резервиндеги көмүрдүн эсебин күнүмдүк белгиленген эсептен өзүнчө бөлүп жүргүзүшөт. Сактоого жооптуу ишкана мамлекеттик резервдин ыйгарым укуктуу органына мамлекеттик резервиндеги көмүрдүн бар болгондугу жана кыймылы жөнүндө белгиленген көлөмгө ылайык ар бир айдын 5-күнүндө жарым жылдык жана жылдык эсеп-кысабын көрсөтөт, кийинкисин - эсеп-кысап берүү мезгилинде.
Сактоого жооптуу ишканаларда мамлекеттик резервдеги көмүрдү каттоо күнүмдүк дайындоонун ресурстарын каттоо менен бирге жүргүзүлөт.
2. Терминдер жана аныктамалар
10. Ушул нускамада төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
ыйгарым укуктуу орган - аткаруучу жана контролдоочу иш-милдеттерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик резервдин тутумун жетектөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;
сактоо милдеттенмелеринин актысы - жооптуу сактоочу тарабынан толтурулуп, жетекчи, башкы бухгалтер, лаборатория башчысы жана материалдык жактан жооптуу адам тарабынан күбөлөндүрүлүп жана мөөр басылуучу документ;
иш көрсөтмө - жооптуу сактоочуну мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын чыгарууга, которуштурууга, алмаштырууга милдеттендирген документ. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан берилет.
узак мөөнөткө сактоо - сактоонун белгиленген мөөнөттөрүнө ылайык сактоо;
штабель - белгиленген талаптарга ылайык ар бир товар үчүн белгиленген ыкма менен салынган материалдык баалуулуктар.
жооптуу сактоочу ишканалардын эскплуатациондук фонду - мамлекеттик резервдин көмүрүн эсепке албай, жылуулук сезонун өткөрүү үчүн ишкананын көмүрүнүн запасы.
3. Кабыл алуу жана кампага киргизүү
11. Мамлекеттик резервге киргизүү үчүн алынып келген көмүрдү кабыл алуу өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукцияны кабыл алуу тартиби тууралуу колдонуудагы нускамаларга ылайык материалдык жооптуу жактын жана сапат боюнча адистин катышуусунда транспорттук уюмдун өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Мамлекеттик резервге кабыл алынган көмүргө кабыл алууну ишке ашырган жактар, ошондой эле сактоого жооптуу ишкананын жетекчиси жана башкы бухгалтери тарабынан кол коюла турган кабыл алуу акты (сакталуучу милдеттер) 1-тиркемеге ылайык түзүлөт.
12. Кабыл алуу актылары (сакталуучу милдеттер) көмүрдүн ар бир кабыл алынган партиясына 2 нускада (анын белгисин жана классын көрсөтүү менен) жазылат жана катталган мезгилден тартып суткалык мөөнөттөн ашырбастан төмөндөгүлөргө жиберилет: биринчи нуска - мамлекеттик материалдык резервдин ыйгарым укуктуу органына, ал эми экинчи нуска сактоого жооптуу ишканада калат.
13. Мамлекеттик резервге салынган көмүрлөр жана антрациттер ченемдик документация менен белгиленген сапаттын көрсөткүчтөрүнө ылайык келүүсү зарыл.
14. Көмүрдү мамлекеттик резервге кабыл алуу, кабыл алуу далили боюнча аны таразага тартуу жолу менен жүргүзүлөт. Көмүрдү жоголгонун жана уурдалганын байкап калган учурда темир жолдун Уставынын талаптарына ылайык коммерциялык акт түзүлөт.
15. Көмүрдү мамлекеттик резервге кабыл алууда анын сапаты түшүрүү документтери, ошондой эле сырткы кароо жолу менен текшерилет. Алып келинген көмүр ченемдик документация менен белгилердин, класстардын (бөлүктөрдүн көлөмү боюнча) ылайык келиши, минералдык кошулмалардын курамы жана башка сапат көрсөткүчтөрү аныкталат.
Эскертүү. Көмүрдүн сапаты жөнүндө тастыктын жок болгон, же текшерүү жолу менен анын ченемдик документацияга жооп бербегендиги табылган учурда сактоого жооптуу ишкана тарабынан ылайыктуу талаптарга ылайык акыркы үлгүлөрдүн жана анализдердин тандалуусу жүргүзүлөт. Жүргүзүлгөн анализдин маалыматтарынын негизинде көмүрдүн бул партиясын сактоого кабыл алуу мүмкүнчүлүгү чечилет.
16. Мамлекеттик резервге алып келүүдөн жана киргизүүдөн төмөндөгүлөр четтетилет:
- өнөр жай продукту жана шлам;
- сапат көрсөткүчүнүн белгиленген ченемдери жок болгон көмүрлөр жана антрациттер;
- үчүнчү жана төртүнчү топтогу көмүрлөр.
17. Көмүрдү мамлекеттик резервге түшүрүүдө жөнөтүүчү темир жол коштомо кагазында акыркы анализдин жыйынтыгы боюнча көмүрдүн күлдүүлүгүн, шахтанын, көмүр оюгунун же байытуу фабрикасынын аталышын көрсөтүүгө милдеттүү. Көмүрдү жүктөгөндөн кийин кабыл алуучуга (ишканага, жооптуу-сактоочуга) шайкештик сертификатты, сапаты жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн салып жиберет
18. Эгерде ишкананын лабораториясы тарабынан көмүр ченемдерге ылайык биринчи топко киргизүү үчүн жараксыз деп табылса (күлдүн же минералдык кошулмалардын курамы, башка нерселер тарабынан булганышы, майдалардын көп санда болгондугу, белгиленген ченемдеринен ашуу жана башкалар), анда ал өзүнчө кампага киргизилет, убактылуу сактоого катталат жана белгиленген тартипте мамлекеттик резервге киргизүү үчүн жарактуу болгон көмүр менен алмаштырылат.
19. Мамлекеттик резервдин биринчи тобундагы көмүрдүн штабели келип жаткан көмүрдү түшүрүү үчүн жакшы шарттарды камсыздоону, кампанын керектүү аянтын туура пайдаланууну, жаңылоо, өзүнөн өзү жылыган көмүрдүн очогун жоюу, транспорттун тоскоолсуз кыймылы боюнча иштерди өндүрүүдөгү шарттарды эсепке алуу менен кампанын аймагында жайгаштырылышы керек.
Башка резервдеги аянттар жок болгон учурларда жооптуу сактоочу тарабынан Ыйгарым укуктуу орган менен макулдашып мамлекеттик резервдин көмүрүн сактоону жалпы көлөмдө жүргүзүү чечилет.
20. Көмүрдү штабелдерге салуу көмүрдүн өзүнөн өзү жылуусуна, кампанын өзгөчөлүгүнө, механизациялаштыруу каражаттарына, штабелдин тереңдигине жана төмөндөгү тартипте бир убакта келип жаткан көмүрдүн санына жараша жүргүзүлүшү керек:
- вагондордун бир партиясында келген көмүр штабелге түшүрүүнүн чеги боюнча токтоосуз салынат. Ушул белгидеги көмүрдүн андан аркы келишинде (бир класстагы антрацит) түзүлүүнү баштаган штабел керек болгон көлөмгө чейин чоңоёт.
- көмүрдүн штабелинин түзүлүүсү жантайма бурчу 45º болгон туура калыптагы штабелдин алдындагы аянттын бардык узундугуна катмарлап салуу жолу менен анын бийиктигин өстүрүү менен жүргүзүлүшү керек;
- көмүрдү штабелге кампалоодо көмүр чоң бөлүктөрү боюнча жаатка бөлүнүп кетүүсүнөн алыс болуу зарыл - көмүрдү штабелге салууну мындайча жүргүзүү керек, штабелдин ар бир катмарында көмүрдүн кесек жана майда жааттары тегиз жайгаштырылышы керек;
- штабелди жайуудагы тыгыздоочу жүктөм 3 кг/см2 аз болбошу керек.
21. Көмүрдү штабелге грейфердик крандын жардамы менен салууда, көмүр бар грейферди көмүрдүн үстүнкү катмарынан эки метр көп эмес бийиктиктен ачуу зарыл.
22. Туруктуулугу аз көмүрдү узакка сактоодо, кычкылдануунун жана өзүнөн өзү жылуусунун күчөшүн төмөндөтүү үчүн көмүрдүн штабелинин үстүнкү катмарын (айрыкча жантаймалардын ылдыйкы бөлүгүн) майда көмүр катмары менен жабуу жүргүзүлөт жана андан ары толтуруп тыгыздоо же аба чыгарбай турган кара чайырдуу-чопо топурактуу паста менен катмарланат.
23. Ылгамдалган көмүрлөр жана антрациттер ошондой эле байытылган көмүрлөр (ылгамдалган концентраттар) штабелге катмардык тыгыздоосуз салынат.
Кезектеги антрацит жана воркутиндик көмүрдү тыгыздоо бир гана үстүнкү негиздөөсү жана штабелдин жантаймасы боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул учурда кычкылдануунун күчөшүн төмөндөтүү үчүн ошондой эле көмүрдүн штабелдерин аба өткөрбөгөн жабууларды өндүрүү зарыл.
24. Көмүрдүн штабелинин бүт бойдон түзүлүү мөөнөтү партиянын салмагына, өзүнчө келген көмүрдүн партияларынын ортосундагы убакыттын үзүлүүсүнө жана аны бир штабелге салуусуна жараша кыска болушу мүмкүн, бирок аны жүктөгөндөн кийин 2 күндөн кеч болбошу керек.
25. Көмүрдүн штабелинин бийиктиги көмүрдүн өзүнөн өзү жылуусуна шыктуулугуна жараша, өзүнөн өзү жылуу очогун бат жоюу мүмкүнчүлүгүнө, механизациянын бар болгон жолдоруна жараша белгиленет жана төмөндөгүдөй болуусу зарыл:
Биринчи топтогу көмүрлөр жана антрациттер үчүн - чектелбейт;
Экинчи топтогу таш көмүрлөр үчүн - 10 метрге чейин.
Эскертүү. Порталдык же көпүрө крандар менен, ашыра жүктөөчү же скрепердик орнотмолор менен жабдылган күйүүчү май кампаларында көмүрдүн штабелинин бийиктиги бул механизмдердин тыш өлчөмдөрү менен чектелет.
26. Ылгамдалган көмүрлөрдүн, кокстолуп жаткан көмүрлөрдүн майдаланып кетүүсүнөн алыстоо үчүн технологиялык максаттар үчүн, аларды белгилери боюнча кампалоо пайдалануудагы кокстолуп жаткан көмүрлөр менен бирге ишке ашырылат.
Мамлекеттик материалдык резервдин ыйгарым укуктуу органынын макулдашуусу боюнча сактоого жооптуу тарабынан белгиленген шихтанын чегинде жаңылоо максатында (алдын ала киргизүү менен) бир белгидегилерди кокстолуп жаткан көмүрдүн башка белгилери менен алмаштырууга уруксаат берилет.
27. Ар кандай белгидеги, класстагы жана кен чыккан жердеги көмүрлөрдү жана антрациттерди мамлекеттик резервде узак убакытка, бир штабелде сактоого тыюу салынат.
Эскертүү. Кампанын аянты жетишпеген, өзгөчө учурда кузнец көмүрүнүн белгисинин бир класстагысын СС ОС, караганда көмүрүнүн белгисинин бир класстагысын СО, К жана антрацитти АК, АКО АО бир штабелде сактоого мүмкүн болот.
28. Көмүрдүн жана антрациттин ар бир штабелинде штабелдин номуру, көмүрдүн белгиси жана классы, штабелдин киргизүү убагы көрсөтүлгөн штабелдик тактасы болуусу керек.
4. Сактоо тартиби, көмүрдүн сакталышынын көзөмөлү
29. Көмүрдүн сыртынын бузулбагандыгын аныктоо жана өзүнөн өзү жылуу белгилерин табуу максатында көмүрдүн штабелдерине сыртынан кароо жолу менен, ошондой эле штабелдеги көмүрдүн температурасын өлчөп туруу жолу менен үзгүлтүксүз байкоо бекитилиши зарыл (күкүрт жытынын, буулануунун пайда болушу, жаандан кийин же шүүдүрүмдөн кийин штабелдин үстүндө нымдуулуктун текши эмес кургашы, кыш мезгилинде штабелдин айрым жерлеринде кардын проталинин пайда болушу).
30. Штабелде сактоодо туруктуулугу аз көмүрдүн кычкылдануу жана өзүнөн өзү жылуу процессин айрыкча жай айларында көмүрдүн температурасын тутумдук өлчөп туруу менен көзөмөлгө алуу зарыл.
Көмүрдүн температурасын өзгөртүү үчүн термометрдин жардамы менен штабелге диаметри 25-50 мм болгон көзөмөлдөөчү темир түтүктөр тигинен орнотулат, алардын төмөнкү жагы учталып жана бүтөлөт, ал эми өйдөңкү жагы тыгыз тыгын менен бекитилет. Тыгынга 15-20 мүнөткө түтүктүн ичине салынып туруучу шпурга илинген термометрди илип коюшат.
31. Штабелде түтүктү орнотуу штабелдин жогорку бөлүгүнүн негизинде шахматтык тартипте, ар биринин ортосунун аралыгы 25 м көп болбогон орнотууну жүргүзүү керек, түтүктөрдүн ылдыйкы жагы штабелдин төмөнкү негизине штабелдин бийиктигинин 1/4 аралыгында тийбей туруусу зарыл. Ар бир көзөмөл түйүнү (түтүк) көмүрдүн штабелинин тышынан 0,2-0,3 м чыгып турган түтүктүн аягына коюлуучу катар номуруна ээ болуусу керек. Штабелге түтүктөрдү орноткондон кийин түтүктөрдүн айланасындагы штабелдин тышкы катмары аябай тыгыздалат.
32. Кычкылданууга туруктуу болгон көмүрлөрдү жана антрициттерди (антрациттик штыбдар АШ, начар Н, экибастузтук) киргизүүдө көмүрдүн температурасын ченөө үчүн коюла турган темир түтүктөр орнотулбайт. Мындай учурда көмүрдүн температурасын акыркы текшерүүлөрдө аныктоо үчүн алып жүрүүчү термощуптун болуусу зарыл.
Температуралык көзөмөл темир түтүктөрдү орнотпостон, алып жүрүүчү термощуптун жардамы менен төмөндөгүчө жүргүзүлөт:
- штабелдин үстүңкү негизи боюнча 3 кесүү боюнча - борборунан жана чыгып тургандардан штабелдин узундугунун 0,25 аралыгынан;
- штабелдин жантаймалары боюнча - штабелдин ылдыйкы жээгинен 2 м аралыкта.
Жантаймаларда температураны ченөө түйүндөрүнүн ортосундагы аралык штабелдин үстүнкү бөлүгүнүн негизиндегидей эле (борборунан жана анын узундугун төмөнкү негизи боюнча эсептөө менен чыгып тургандардан штабелдин узундугунун 0,25 аралыгынан).
Штабелдин аянтында температураны ченөөдө термощупту көмүргө тик ылдый, ал эми жантаймаларда - алардын сыртына перпендикулярдуу түшүрүшөт; температураны ченеп бүткөндөн кийин термощуптан келип чыккан көмүрдүн штабелиндеги тешикти, ошондой эле үстүндөгү тамандын издерин көмүр менен жаап коюшат; көмүрдүн температурасын ченөөдө термощуптун штабелге кирген тереңдиги 1,25-1,5 м түзөт.
Эскертүү. Эгерде температураны көзөмөлдөөчү түйүндөрдө көмүрдүн катуу тоңуп калган катмары байкалса, анда бул түйүндөрдө температура тоңуп калбайт.
33. Штабелдин бийиктиги 5 метр болгон кезде, көмүрдүн температурасын ченөө ар бир түтүктүн бир түйүнүндө, штабелдин 1/2 бийиктигинде жүргүзүлөт. Штабелдин бийиктиги 5 метрден бийик болгон кезде, көмүрдүн температурасын ченөө ар бир түтүктүн эки түйүнүндө: штабелдин жогорку негизинен терең жагында 1/3 жана 2/3 бийиктигинде жүргүзүлөт.
Таш көмүрлөрүнүн температурасын ченөө көмүрдүн температурасы 40 градус болуп турганда декадада бир жолу жүргүзүлөт.
Көмүрдүн температурасын ченөөнүн жыйынтыктары (ар бир түтүктө) узакка сакталуучу көмүрдүн температурасын көзөмөлдөө журналына киргизилип туруусу керек.
Эскертүү. Ылгамдалган антрациттердин штабелинде түтүктөрдү орнотуу жана температураны ченөө жүргүзүлбөйт.
34. Көмүрдүн өзүнөн өзү жылуунун кооптуу очогу болуп температурасы +600 ºС жана андан жогору болгон штабелдин аймагы эсептелинет. Көмүрдүн температурасын түшүрүү боюнча иш-чаралар 8-бөлүктө жазылган.
Көмүрдү муздатуу боюнча иштерди жүргүзүү жөнүндө, алмаштыруу үчүн алынган көмүрдүн өзүнөн өзү жылуу себептерин жана санын көрсөтүү менен температураны көзөмөлдөө журналына жазылат.
35. Сактоо процессинде калыбын жоготкон же сырткы тышы бузулган (жуулуп кеткен) көмүрдүн штабелдери кайра оңдолуусу зарыл (оңдоо), башка нерселерден жана таштандыдан тазаланышы керек. Штабелдин үстүндөгү жаракалардын, оюлуулардын жана башка бузулуулардын пайда болушун байкаганда штабелди оңдоо жана ушул эле штабелдеги көмүрдүн майдасы менен аларды айрыкча жарака болгон жерлерди алдын ала толтуруу зарыл.
36. Көмүрдүн штабелдеринин чыгып турган жантаймаларына трапалар орнотулушу керек.
37. Штабел түзүлүп бүткөндөн кийин штабелдин көлөмүн ченөө жана эсептөө, ошондой эле көмүрдүн чачылган салмагынын бир куб метрин жана штабелдин узундугунун бир метрине барабар болгон (3, 4-тиркеме) көмүрдүн салмагын эсептөө жүргүзүлөт. Ченөөнүн маалыматтары штабелдик эсеп китебине киргизилет.
Эскертүү. Сактоо шарттары боюнча туура кесилген пирамиданын штабелдеринин калыптары туруктуш бере албаган электростанциялардын күйүүчү майларынын кампаларында жана башка сактоого жооптууларда көмүрдүн штабелдердеги санын ченөө маркшейдер ыкмасы менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
38. Биринчи топтогу көмүрдүн сапатын көзөмөлдөө, көзөмөл үлгүлөрүн тандоо жана ченемдерге ылайык алардын лабораториялык анализин жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат. Көзөмөл үлгүлөр бир гана сакталуу убагында көмүрдүн сапатынын өзгөрүшүн аныктоо үчүн кызмат кылат жана сапатын эсептөө боюнча нааразычылыктарды билдирүү үчүн жана которулуучу тең баалардын өзгөрүлүүсү үчүн негиз боло албайт.
Көмүрлөрдүн көзөмөл үлгүлөрүн штабелден тандоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- алып келүүчүнүн тастыгынын жок болгон кезинде анын сапатын аныктоо үчүн көмүрдүн ар бир штабелинин өз убагында түзүлүүсүндө;
- көмүрдү сактоонун белгиленген мөөнөтүнүн бүтөөрүнө чейин бир ай мурун.
Көмүрдүн үлгүлөрүн штабелден тандоо, үлгүлөрдү бөлүштүрүү жана анализдерди жүргүзүү ылайык келген ченемдик документация менен жүргүзүлүшү керек.
39. Сапаттын көрсөткүчтөрүн аныктоо төмөндөгүчө жүргүзүлөт:
- күлдүүлүгү;
- күйүүчү майдын иштелүү абалындагы жалпы нымдуулугунун жалпы энчи;
-кесек классындагы төмөнкү чектен кичинерээк бөлүктүн жалпы энчи;
- иштелүүчү күйүүчү майдын күйүүсүнүн төмөнкү жылуулугу;
- бөлүктөрдүн 25 мм жана андан өйдө көлөмүндөгү минералдык кошулмалардын жалпы чени.
5. Жаңылоо тартиби
40. Көмүрлөрдүн жана антрациттердин сактоо мөөнөттөрү колдонулуп жаткан ченемдик-техникалык документацияга ылайык кабыл алынат.
Көмүрдү жаңылоо жооптуу сактоочу ишкана тарабынан сактоо мөөнөтү жеткен маалда өз алдынча мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун макулдугу менен алдын ала көмүр коюу менен жаңы салынган көмүргө кабыл алуу актысын жана сапатын, коюуну аныктоочу төмөнкү документтерин берүү менен ишке ашырат:
- дал келүү сертификаты;
- келип чыгуу сертификаты;
- радиалогиялык сыноосунун протоколу;
- сыноо протоколу.
41. 600 ºС жогору температурадагы өзүнөн өзү жылууга же өзүнөн өзү күйүүгө дуушар болгон көмүрдүн штабелдери же өзүнчө аймактары алар үчүн белгиленген сактоо мөөнөттөрүнө карабастан токтоосуз жаңылоого (алмаштырууга) тийиштүү.
42. Резервдик аянттар жок болгон өзгөчө учурларда мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуусу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде биринчи топтогу көмүрдү алдыдагы пайдаланылып жаткан көмүрдүн жалпы массасына, жаңыртуу үчүн ЖЭБнун керектөөсүнө келип түшө турган көмүргө бошотулуп жаткан аянтка бир убакта эле киргизүү менен сактоого жооптуу тарабынан жаңылатуу жүргүзүлөт.
43. Биринчи топтогу көмүрдү өз убагында жаңылатууну камсыздоо үчүн сактоого жооптуулар жана алардын жогору турган ылайыктуу уюмдар (министрликтер, ведомстволор ж.б.) алып келүүчүлөргө, алып келгендиги үчүн, керектөөлөргө бериле турган разнарядкаларында өзүнчө сап менен сактоого жооптуу ишканалардын пайдаланылуучу фонддорунун эсебинде биринчи топтогу көмүрдү жаңылоо үчүн зарыл болгон санын көрсөтүүлөрү керек.
44. Мамлекеттик резервдеги биринчи топтогу көмүрдү жаңылоо ЖЭБдин же сактоого жооптуу ишкананын пайдалануусуна келип түшкөн көмүрдүн сапатындагыдай эле көмүр менен жүргүзүлөт.
6. Берүү
45. Мамлекеттик резервдин көмүрүн берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
46. Көмүрдү берүүнүн негизи болуп берилип жаткан көмүрдүн баасын алдын ала төлөгөндөн кийин же жаңылатуу тартибинде көмүрдү киргизүүгө берилген актыны (сактоого милдеттеме) көрсөткөндө гана мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органынын иш көрсөтмөсү (2-тиркеме) эсептелет. ЖЭБнан көмүрдү алып туруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүргүзүлөт.
Тереңдиктин бир куб метрине же штабелдин узундугунун бир метрине барабар болгон көмүрдүн накта салмагынын эсебинен караганда берүү штабелдер менен же салмагы же ченеми боюнча бөлүп-бөлүп жүргүзүлөт.
47. Көмүрдү берүү биринчи кезекте киргизүүнүн же жаңылоого тийиштүү болгондун эртерээк мөөнөттөрүндө жүргүзүлөт.
48. Биринчи топтогу көмүрдү көмүрдүн бир нече белгилеринен же класстарынан шихтада иштеген ишканаларга берүү, бул ишкана иштеп жаткан көмүрдүн шихтасына ылайык жүргүзүлүшү керек.
7. Көмүрдү ташуу
49. Мамлекеттик резервге киргизүү үчүн көмүрдү жүктөөнү алып келүүчү оңдолгон, аябай тазаланган вагондордо жүргүзүүгө милдеттүү.
50. Көмүрдү ташуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 2-июнундагы № 315 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын темир жолунун Уставынын талаптарына ылайык ачык темир жол вагондорунда, транспорттун ушул түрлөрүнө тийиштүү болгон жүктөрдү ташуу тартибин сактоо менен автоунааларда толтура жүктөө менен жүргүзүлөт.
51. 1-октябрдан 15-апрелге чейинки мезгилде көмүрдү жүктөөдө жолдо тоңуп калууга дуушар болгон күйүүчү майдын иш абалындагы жалпы нымдуулуктун массалык энчи 7% жогорураак болсо, жүк жөнөтүүчү алардын тоңуп калуусуна жол бербей турган профилактикалык чараларды колдонуусу керек (кургатуу, көмүрдү эритүү, жыгачтын опилкасын чачуу ж.б.).
52. Майда класстагы көмүрлөрдү ташууда жүк жиберүүчү көмүрдүн тышын пленкага окшогон материал менен жабуусу, же ташууда көмүрдүн жоголушуна алып келбеген башка чараларды колдонуусу керек.
53. Ылгамдарга бөлүнгөн көмүрлөрдү жүктөөдө транспорттук каражаттан көмүрдүн кулашы 2 м ашпоосу керек. Ылгамдарга бөлүнгөн көмүрлөрдү кампалоо катмардуу тыгыздалуусуз жүргүзүлүшү керек.
54. Көмүрлөрдүн кесегинин ар кандай белгилерин жана класстарын аралаштырууга жол берилбейт.
8. Кампаларга болгон талаптар
55. ЖЭБдин көмүр кампаларында биринчи топтогу көмүрдү бул нускаманын бардык талаптарын аткаруу шарты менен биринчи топтогу көмүрдүн санынын жана сапатынын сакталышын камсыздоо боюнча электростанциялардын керегине пайдаланыла турган көмүр менен бирге сактоону жүргүзөт.
56. Көмүр кампасынын курулушу колдонулуп жаткан ченемдерге ылайык кыймылдуу курамды жана транспорттун башка түрлөрүн жүктөөгө жана жүктү түшүрүүгө тоскоолсуз берүүнү камсыздашы зарыл.
57. Биринчи топтогу көмүрдү сактоо үчүн кампанын аймагы төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- кургатуу каналдарын жана кюветтерди орнотуу жолу менен жазгы, жаан жана жер астындагы суу каптоодон, ошондой эле өндүрүштүк таштандылардан булгануудан коргонуп турушу;
- кирме жолдорго кошулуу, узакка сакталуучу көмүрдү кампалоо менен байланышпаган кампанын иши жүктөөдөн-түшүрүүдөн көз карандылыгын камсыздап туруу;
- мамлекеттик резервдин көмүрү жайгашкан кампанын аймагы тосулуп туруусу керек;
- көмүр кампасы жана айрыкча иштин өндүрүлүп жаткан жери иштин коопсуздугун камсыздап турган ченемдердин чегинде жарык болуусу керек;
- көмүр кампасындагы аянттардын курамы көмүрдү туура кесилген пирамида же башка геометриялык туура фигура калыбындагы штабелдерге жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуусу керек.
Эскертүү. Көмүрдү калыпсыз үймөктөрдө сактоого тыюу салынат, бул анын кычкылдануунун күчөтүлүшүнө, шамал менен учуп кетүүсүнө жана атмосферанын тунмасы менен жуулуп кетүүсүнө алып келет.
58. Көмүр кампаларында төмөндөгүлөр болушу керек:
- көмүрдү вагондордон жана башка транспорттук каражаттардан түшүрүүнү жана жете ала турган максималдуу бийиктигинде аны үстүртөн жана катмарлап тыгыздоо менен узак убакытка сактоого көмүрдү өз убагында штабелдерге салууну, жаңылоону жана көмүрдү пайдалана турган жерлерге бат жеткирүүнү камсыздоочу зарыл болгон механизмдер;
- узакка сакталуучу көмүрдү жаңылоо үчүн, ошондой эле өзүнөн өзү жылуучу көмүрдү муздатуу үчүн кампанын керектүү сыйымдуулугунун 5%дан кем болбогон көлөмдөгү резервдик аянттар.
59. Көмүрдү кампалоого арналган аянттарды алдын ала түздөшөт, шлактардан, таштандылардан, темир-тезектен, жыгач калдыктарынан, чөптөрдөн жана башка нерселерден тазалашат. Штабелдердин астындагы аянт туруктуу жана киргизүү жана көмүрдүн штабелин иштетүү процессинде анын үстү менен унаалардын жана механизмдердин жүрүшүнө эсептелген болушу керек. Органикалык заттарды, колчедандарды, тоо кендеринин калдыктарын жана жыгач төшөмдөрдү өзүнүн ичине камтыган топурактар штабелдин алдына негиз катары колдонулбайт.
60. Кычкылданууга туруктуу көмүрлөрдү сактоо үчүн (биринчи жана экинчи топ) көмүрдүн жоголуусуна жол бербеген жана жылуулукту жакшы кайтарып берүүнү камсыз кылган бекем негиздер колдонулат.
Даяр боло элек аянтка көмүрдү төгүүгө тыюу салынат.
61. Кампалардын ичин кеңейтүү жана көмүрдү сактоо шарттарын жакшыртуу үчүн бетон плиталарынан жана башка туруктуу материалдардан жердин үстүнө же жерге киргизилген кагаттар жана траншеялар орнотулат.
62. Ар түрдүү байланыштардын астындагы көмүрдүн штабелдери үчүн (буу өткөргүчтөр, газ өткөргүчтөр, электр зымдары) жана жер алдынан менен өткөн курулмалардын (тоннелдер, түтүк өткөргүчтөр, электр зымдары) үстүнө аянттарды орнотууга тыюу салынат.
63. Мамлекеттик резервдин биринчи тобунун көмүрүн сактоо үчүн арналган жана бекитилген көмүр кампасынын аянты ченелиши керек жана анын көлөмү жөнүндөгү маалыматтарды кампанын паспортуна киргизишет.
64. Биринчи топтогу көмүрдү сактоочу кампаларга төмөндөгүлөр киргизилбейт:
- өрттөнүүгө кооптуу болгон бат күйүп кетүүчү материалдарды жана суюктуктарды сактоо, ошондой эле от жагуу жана жылытуучу каражаттарды колдонуу;
- аянтты сөңгөктүн жана башка нерселердин калдыктары менен булгоо, ошондой эле буу крандарынын күл түшө турган жерин тазалоо, штабелдин жантаймасында трапы жок басууга.
9. Өрт коопсуздугуна каршы чаралар
65. Биринчи топтогу көмүрдү көмүр кампаларына жайгаштырууда төмөндөгү талаптар сакталышы керек:
- штабелдердин ортосундагы өрттөнүү жолдору - 6 м кем эмес;
- штабелдердин ортосундагы өткөөлдөр - 2 м кем эмес;
- штабелден күйүүчү жана майлоочу материалдардын кампаларынын ортосундагы аралык - 60 м кем эмес;
- штабелден турак жай же чарбалык куруулардын ортосундагы аралык - 10 м кем эмес;
- кампанын темир жол бутагынын жакын жаткан рельсасынын башынан штабелге чейинки аралык - 1,5 м кем эмес.
66. 600 Сº жана андан өйдө температурада көмүрдүн өзүнөн өзү жылуу очогу пайда болгондо штабелдин үстүңкү негизи боюнча өзүнөн өзү жылуу очогунун сыртын гана кынап тыгыздабастан, өзүнөн өзү жылуу очогу пайда болгон штабелдин жантаймаларынын бөлүктөрүн изоляциялоочу жабдуу менен (ошол эле белгидеги көмүрдүн майдасы) жабуу керек.
Эгерде көрүлгөн чаралардан кийин өзүнөн өзү жылуу очогунда көмүрдүн температурасы 600Сден ашып турса байкалган көмүрдүн өзүнөн өзү жылуу очогун штабелден алуу жана штабелдин чыгып турган жеринен алынган ошол эле белгидеги көмүр менен алмаштыруу зарыл.
Штабелден алынган өзүнөн өзү жылуучу көмүр 0,5 метрге чейин катмар болуп салынат, көп көлөмдө суу куюлуп, андан ары белгиленген тартипте жаңыланат.
67. Өнөр жай ишканаларды курулуштук долборлоонун өрткө каршы ченемдерине ылайык көмүр кампалары өрткө каршы суу түтүктөрү менен камсыздалышы керек.
Өрткө каршы суу түтүктөрүнүн гидранттары көмүр төгүлбөгөн аянттарда жайгаштырылышы керек, каалаган гидранттан көмүрдүн төшөлгөн жерине чейинки аралык 100 м көп эмес болуусу керек.
Өрткө каршы суу түтүктөрүнүн гидранттары биринчи жана экинчи топтогу көмүрлөр үчүн секундуна 10 литрден аз эмес, үчүнчү жана төртүнчү топтогу көмүрлөр үчүн секундуна 20 литрден аз эмес суу берүүнү камсыз кылып туруусу керек.
Көмүр кампалары өнөр жай, кампалык бөлмөлөр үчүн өрттү өчүрүүчү алгачкы каражаттардын ченемдерине ылайык өрткө каршы инвентарлар менен камсыздалышы керек.
1-тиркеме
10 күндүн ичинде Мамматрезервдер фондусуна жөнөтүлөт
___________________________________________________________ (сактоого жооптуу ишкананын аталышы жана дареги)
Кабыл алуу актысы (сактоо милдеттемеси)
201__ж. "___"_______________
Биз төмөндө кол койгондор, ____________________________________________________________
(жетекчинин кызматы жана сактоого жооптуу болгон ишкананын аталышы)
____________________________________________________________________________________
___________________________, башкы бухгалтер _______________________________________,
(аты жөнү) (аты жөнү)
сапаты боюнча адис _________________________________________________________________
(аты жөнү, кызматы)
жана материалдык жактан жооптуу жак _________________________________________________
(аты жөнү, кызматы)
Мамлекеттик резервге бул күнү төмөндөгү тартипте кабыл алынды _______________________
___________________________________________________________________________________
(келишим, карызын жабуу, убактылуу алынган товарлар ж.б. боюнча)
_______________________________________________________, келип түшкөн төмөнкү товарлар (материалдар):
Товарлардын аталыштары, түрлөрү, ылгамдары, белгилери, көлөмдөрү, өлчөп ороосу ж.б. качанын аталышы жана түрү | Товарлардын саны | Товарлардын баасы | ||
Орундардын саны | Накта салмагы, саны | Баа | Сумма | |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Товарлардын жана качалардын сапаттык көрсөткүчтөрү:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
Кабыл алуу үчүн негиздер:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
Арткы бети
Мамлекеттик материалдык резервдин Ыйгарым укуктуу органына тийиштүү болгон, ушул акт боюнча жооптуу сактоого кабыл алынган товарлар (материалдар) Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун иштеп жаткан тартиптерине жана нускамаларына ылайык ушул абалында жана толугу менен сакталышын камсыздоо менен сактоого жана Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун иш көрсөтмөсү жок аларды коротпоого милдеттендирилет.
Сактоо тартиптерин бузгандыгы, жараксыз болгондугу, сапатынын төмөндөшү, ошондой эле жооптуу сактоого кабыл алынган товарларга кол салбоосу бузулгандыгы үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилигин тартабыз.
Мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарынын сандык жана сапаттык сакталышын камсыз кылбагандыгы үчүн жооптуу сактоочулар, ошондой күнөөлүү адамдар мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарынын жетишпеген же эсептен чыгарылган кесепетинин наркынын 50 пайызы өлчөмүндө үстөк айыпты, ошондой эле жетишпеген материалдык баалуулуктарды мамлекеттик резервге толук калыбына келтиргенге чейинки ар бир күн үчүн алардын наркынын 0,2 пайызы өлчөмүндө туумду тең орток төлөйт.
Мамлекеттик резервге материалдык баалуулуктарды салуу боюнча товардык эмес операцияларды жол-жоболоштурууда жооптуу сактоочу мамлекеттик резервге салынбаган материалдык баалуулуктардын наркынын 20 пайызы өлчөмүндө үстөк айып, ошондой эле көрсөтүлгөн операцияны жол-жоболоштуруу учурунан тартып мамлекеттик резервге материалдык баалуулуктарды иш жүзүндө салганга чейин ар бир күн үчүн алардын наркынын 0,2 пайызы өлчөмүндө туум төлөйт, ал эми күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Тиркеме :_________________________________________________________________________
(сапат жөнүндө документ ж.б.)
Жетекчи ___________________________________ Башкы бухгалтер _______________________
Сапат боюнча адис ________________________________________________________________
Материалдык жактан жооптуу жак _______________ МП
Мамматрезервдер фондусуна жөнөтүлөт "____" _____________________ 20__-ж.
2-тиркеме
ИШ КӨРСӨТМӨ № _____________
Кимге ____________________________________________________________________________
(сактоого жооптуунун аталышы)
Дареги ___________________________________________________________________________
Берүү ____________________________________________________________________________
ишеним каты боюнча № ___________________________________________________ 20____-ж.
(жүктү кабыл алуучунун аталышы жана анын дареги)
Сиздин жооптуу сактооңузда болгон төмөндө жазылган товарлар (материалдар)
Товарлардын (материалдардын) жана качалардын аталыштары | Ылгам, белги | Бир бирдикке болгон баа, сом | Ченөө бирдиги | Саны | Сумма, сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Сөз менен жазылган саны (салмак же бир даана) ______________________________________
Берүү төмөнкү тартипте жүргүзүлөт __________________________________________________
Брондон чыгаруу, жаңылоо, ордун которуу, убактылуу алуу
Берүүнүн бөтөнчө шарттары ________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
Иш көрсөтмө "____" __________________20___-жылга чейин жарактуу жана бул мөөнөтү бүткөндөн кийин
өзүнүн күчүн толугу менен же колдонулбаган бөлүгүндө жоготот.
Негиз:
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
Берүүнү иш көрсөтмөнүн арткы бетинде басылган форма боюнча акт менен каттагыла жана анын экинчи нускасын
Мамматрезервдин Ыйгарым укуктуу органына берилген күндүн кийинки күнүнөн кечиктирбестен салып жибергиле.
Жетекчи ________________________________________________________
Башкы бухгалтер ________________________________________________
Арткы бети
АКТ № ___________________
Иш көрсөтмөнү аткаруу № ___________________ "____" __________________ 20____-жылы
Шаар _____________________________________, "_____" _________________20_____-жылы
Биз төмөндө кол койгондор ________________________________________________________
________________________________________________________________________________
(жетекчинин кызматы, ишкананын, мекеменин аталышы аты жөнү)
________________________________________________________________________________
башкы бухгалтер ________________________________________________________________
(аты жөнү)
Материалдык жактан жооптуу жак _________________________________________________
(кызматы, аты жөнү)
Бул акты Мамматрезервдер фондусунун "___" ____________ 20___-жылдын №______ иш көрсөтмөсүнө ылайык
жооптуу сактоодо турган төмөндө аталган товарларды (материалдарды) берүү үчүн түзүштү:
Товарлардын (материалдардын) жана качалардын аталыштары | Ылгам, белги | Бир бирдикке болгон баа, сом | Ченөө бирдиги | Саны | Сумма, сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Сөз менен жазылган саны (салмак же бир даана) ____________________________________
Кошумча маалыматтар __________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
Жетекчи ______________________________________________________________________
Башкы бухгалтер ______________ техкөзөмөл бөлүмүнөн ____________________________
Материалдык жактан жооптуу жак ________________________________________________
Мамматрезерв фондусунун "_____" ____________ 20____-жылдын № _________________
иш көрсөтмөсүнүн негизинде төмөндө аталган товарларды (материалдарды) алдык:
Товарлардын (материалдардын) жана качалардын аталыштары | Ылгам, белги | Бир бирдикке болгон баа сом | Ченөө бирдиги | Саны | Сумма, сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ишеним кат № _____________________________________ "___" ______________ 20___-ж.
Алдым: ______________________________________________________________________
(колу, аты жөнү)
3-тиркеме
Штабелдеги көмүрдүн көлөмүн жана санын аныктоо
1.Көмүрдүн штабелинин көлөмү төмөнкү формула менен эсептелиши мүмкүн (бийиктиги 4 м чейин болгон штабелдер үчүн)
О - штабелдин көлөмү куб метр менен;
Дн - штабелдин төмөнкү негизинин узундугу - метр менен;
Дв - штабелдин жогорку негизинин узундугу - метр менен;
Шн - штабелдин төмөнкү негизинин туурасы - метр менен;
Шв - штабелдин жогорку негизинин туурасы - метр менен;
Н - штабелдин бийиктиги - метр менен.
Бийиктиги 4 м. чейин болгон штабелдер үчүн төмөндөгү формула колдонулат:
О = 1/6 Н (2Дн + Дв) Шн + (2Дв + Дн) Шв
Штабелдердин төмөнкү негиздин, ошондой эле жогорку негиздин узунун жана туурасын аныктоо үчүн эки тарабынан ченелет жана алынган сан экиге бөлүнөт. Айрыкча штабелдин бийиктиги жакшылап ченелиши керек. Штабелдин орточо бийиктиги бийиктиктерден алынган сумманы ченелгендердин санына бөлүү жолу менен аныкталат. Штабелдин бийиктигин ченөө 4-8 жерден жүргүзүү зарыл.
2. Штабелге салынган көмүрдүн салмагы штабелге жүктөлгөн көмүрдүн вагондорунун санына ылайык темир жолдук белгилөө станциясынын таразаларында келген көмүрү бар вагондорду кайра тартуу жолу менен аныкталат (ал эми алар жок болсо - алып келүүчүнүн жүктөө документтери жана темир жол иш көрсөтмөсү боюнча).
3. Штабелдеги бир куб метрдин төгүлмө салмагы бул штабелге салынган көмүрдүн салмагын анын көлөмүнө бөлүү менен аныкталат:
Q = P/O
Q - штабелдеги көмүрдүн бир куб метринин төгүлмө салмагы - т/куб.м.;
Р - штабелдеги көмүрдүн жалпы салмагы - тонна менен;
О - штабелдин көлөмү - кубметр менен.
4. Штабелдин узундугунун бир метрине дал келген көмүрдүн салмагы төмөнкү формула боюнча аныкталышы мүмкүн:
В - штабелдин узундугунун бир метрине дал келген көмүрдүн салмагы;
Р - штабелдеги көмүрдүн жалпы салмагы - тонна менен;
Дн - штабелдин төмөнкү негизинин узундугу - метр менен;
Дв - штабелдин жогорку негизинин узундугу - метр менен.
4-тиркеме
Көмүрдүн төкмө салмагынын болжолдоочу маалыматтары
Көмүрдүн аталышы | Белги | Кезектүүлүгү боюнча классы | Төкмө салмагы т/куб.м | |
Индекс | Бөлүктөрдүн көлөмү, мм | |||
Донецк |
|
|
|
|
Узака жалындоочу катардагы | Д | ДР | 0-200 | 0,83-0,90 |
Газдуу катардагы | Г | ГР | 0-200 | 0,80-0,95 |
Майлуу катардагы | Ж | ЖР | 0-200 | 0,86-1,08 |
Начар катардагы | Т | ТР | 0-200 | 0,89-1,1 |
Антрацит катардагы | А | АРШ | 0-100 | 1,01-1,27 |
плиттүү | А | АП | 100дөн көп | 0,95-1,05 |
кесек | А | АК | 50-100 | 0,98-1,05 |
жаңгак | А | АКО, АО | 25-50 |
|
майда | А | АМ | 13-25 | 0,95-1,0 |
семечко | А | АС | 6-13 | 0,93-1,0 |
штыб | А | АШ | 0-6 | 1,0-1,1 |
Кузнецк |
|
|
| |
Узакка жалындоочу катардагы | Д | ДР | 0-200 | 0,85 |
Газдуу катардагы | Г | ГР | 0-200 | 0,85 |
Майлуу катардагы | Ж | ЖР | 0-200 | 0,78-0,85 |
Жай күйүлүүчү катардагы | СС | ССР | 0-200 | 0,88-0,97 |
Начар катардагы | Т | ТР | 0-200 | 0,95-0,97 |
Кизеловск |
|
|
| |
Газдуу катардагы | Г | ГР | 0-200 | 082-1,05 |
Майлуу катардагы | Ж | ЖР | 0-200 | 0,82-1,05 |
Печорсктук бассейн |
|
|
| |
Интинсктик катардагы | Д | ДР | 0-200 | 0,90-1,05 |
Воркуталык катардагы | Ж | ЖР | 0-200 | 0,90-1,01 |
Подмосковный |
|
|
| |
Бура катардагы | Б | БР | 0-200 | 0,84-0,95 |
кесек | Б | БК | 50-100 | 0,82-0,90 |
Челябинск |
|
|
| |
Бура катардагы | Б | БР | 0-200 | 0,85-1,0 |
Черемховск |
|
|
| |
Узакка жалындоочу катардагы | Д | ДР | 0-200 | 0,84-0,90 |
Райчихинск |
|
|
| |
Бура катардагы | Б | БР | 0-300 | 0,80- 0,95 |
Сучанск |
|
|
| |
Газдуу катардагы | Г | ГР | 0-200 | 1,05-1,1 |
Майлуу катардагы | Ж | ЖР | 0-200 | 0,91-1,0 |
Сахалинск |
|
|
| |
Узакка жалындоочу катардагы | Д | ДР | 0-200 | 0,96-0,98 |
Львовско-Волынск |
|
|
| |
Газдуу катардагы | Г | ГР | 0-200 |
|
Караганда |
|
|
| |
Кокстук | К | КР | 0-200 | 0,85-1,0 |
Эскертүү: Төкмө салмактын болжолдоочу маалыматтары ар бир айкын учурда ченелүүсү боюнча табылып чыккан төкмө салмакты салыштыруу үчүн, алынган эсептин туура экендигине ишенүү үчүн гана келтирилген.