Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК
2017-жылдын 8-ноябры №3
«Учкучтар, диспетчердик курамды, бортоператорлорду, борттук коштоочуларды, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын окуу жайларына окууга тапшырган жана окуп жаткан жактарды медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө Жобону бекитүү туралуу»
Жарандык авиация эл аралык уюмунун Стандарттарына жана Сунуш кылган практикасына ылайык келтирүүнү камсыздоо максатында 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруучу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө» токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Учкучтар, диспетчердик курамды, бортоператорлорду, борттук коштоочуларды, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын окуу жайларына окууга тапшырган жана окуп жаткан жактарды медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө тиркемедеги Жобо бекитилсин.
2. Бул буйрук расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги бул буйрукту аткарууга кабыл алсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Г.К.Абдралиевага жүктөлсүн.
Министрдин орун басары А. И.Жусубалиев