Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 24-январы № 12-нпа
Кыргыз Республикасындагы шааркуруу документтерине коомдук угууларды өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Шаар куруу документтерин иштеп чыгууда жана бекитүүдө калктын пикирин эске алуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура" Мыйзамынын 36-беренесинин 2-бөлүкчөсүнө, "Кыргыз Республикасынын шааркуруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүкчөсүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасындагы шааркуруу документтерине коомдук угууларды өткөрүү тууралуу жобо (мындан ары - жобо), тиркеме ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шаар куруу документтеринин коомдук угууларын өткөрүүдө ушул жобо жетекчиликке алууга сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) басма сөз катчысы жана Мамкурулушка караштуу Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институту менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча иш чараларды аткарышсын.
4. Мамкурулушка караштуу Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институтуна:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик каттоо үчүн ченемдик укуктук актынын жарыяланган булагын көрсөтүү менен кагаз жана электрондук түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин;
- буйрук күчүнө кирген убактан тартып үч күндүн ичинде маалымат үчүн буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилсин.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Учурдагы буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары А.А.Абдыкаровго жүктөлсүн.
Статс-катчы |
| С.Борубаев |