Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 24-январындагы№ 12нпа буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасындагы шаар куруу документтеринин коомдук угуулары жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасындагы шааркурулуш документтеринин коомдук угуулары жөнүндө ушул жобо (мындан ары - жобо) "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шааркуруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык иштелип чыгып, шаар куруу документтерин (башкы пландардын долбоорлорун, райондордун деталдуу пландоонун пландарын, кварталдардын пландоосун, шаар куруу чийиндерин, инженердик жана транспорттук коммуникациялардын схемаларын) талкуулоо максатында коомдук угууларды өткөрүү тартибин белгилейт, шаар куруу документтерин камсыздоого, аларды ишке ашыруу, ошондой эле шаар куруу жана архитектура чөйрөсүнө түздөн-түз таасирин берет.
2. Жобо шаар куруу чечимдерин кабыл алуу процесстеринде айлана-чөйрөнүн абалы жана коомчулуктун катышуусу тууралуу так жана толук маалыматты өз убагында алууга багытталган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана коомдук уюмдарынын конституциялык укуктарын камсыздоо принциптерине негизделген.
3. Ушул жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
Коомчулук - бир же бирден көп жеке же юридикалык жактар, алардын ассоциациялары, уюмдар же топтор, коомдук бирикмелер;
Кызыкдар коомчулук - курулуш жана архитектурага тийиштүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине тийешеси болгон же тийешеси бар, же ушул процессте кызыкчылыгы болгон коомчулук;
Коомдук угуулар - бул коомдук угууларды өткөрүү милдеттүү түрдө каралган, учурдагы мыйзамдык актылардын талаптарына ылайык шаар куруу чечимдерин эл алдында талкуулоо үчүн ачык жыйындарды өткөрүү аркылуу мамлекеттик жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу процесстерине коомчулуктун катышуу укуктарын ишке ашыруу формаларынын бири болуп эсептелет;
Тапшырыкчы - жеке же юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аларга берилген жер участкаларына камсыз кылуучу же тийиштүү райондук пландоонун, башкы пландардын долбоорунун, деталдуу пландоо долбоорлордун, кварталдардын куруулардын, шааркурулуш түйүндөрүнө, ошондой эле өзүнчө имараттарды жана курулмаларды, инженердик тарамдарды, жабдыктарды жана башка долбоорлоого документтерин, же өзүнүн же башка каражаттарын колдонуу менен тийиштүү атайлаштырылган долбоордук уюмдар менен келишим түзүүчү жактар;
Шаар куруу документтери - аймакты өнүктүрүүнү жана курууну пландаган шааркурулуш тууралуу шаардын, калктуу конуштардын башкы планы, шартын чегинин долбоору, пландоо, куруулардын долбоорлору, куруунун долбоорунун эскиздери болгон документтердин комплекси, муниципалдык түзүлүштөрдүн аймактарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын тийиштүү ыйгарымдарын ишке ашырууну камсыздаган шааркурулуш чөйрөсүндөгү башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн башка зарыл документтер.
2. Материалдарды даярдоо жана коомдук угууларды уюштуруу
4. Шаар куруу чөйрөсүнө олуттуу таасирин бере турган, шаар куруу ишмердигинде каралган долбоор алдындагы жана долбоордук материалдар коомдук угууларга тапшырылат.
5. Коомдук угуу талкууланып жаткан маселеге тийиштүү жана купуя маалыматтарды камтыбаган, документалдык маалыматтарды карап чыгуунун негизинде талкуулануучу маселе боюнча өзүнүн аргументтүү оюн айтканга укукту бардыгы үчүн бирдей берет.
6. Коомдук угуулардын катышуучулары төмөнкүлөр:
1) коомчулуктун кызыкдары;
2) коомдук уюмдар жана бирикмелер;
3) талкуулануучу чечимдерди кабыл алууга тийешеси бар райондун мамлекеттик администрациясы, республикалык же облустук маанидеги шаарлардын мэриясы, мамлекеттик органдар;
4) массалык маалымат каражаттары (мындан ары - ММК).
7. Шаар куруу документтеринин долбоорлорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды тийиштүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары (иштерди жүргүзүү пландалган аймакта) уюштурушат. Коомдук угуулар ар бир калктуу конуштарда өткөрүлөт.
8. Өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органы коомдук угууларды өткөрүү тууралуу убактысын жана боло турган жерин (иштерди жүргүзүүнү пландаган тийиштүү аймакта) калкка болгон маалыматтык каражаттары аркылуу билдирет. Кулактандырууну жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилде, коомдук угууларды өткөргөнгө чейин кеминде 2 ай мурда башкы пландардын, райондордун жана кварталдардын деталдык пландаштыруу пландарынын долбоорлорун бир убакта жайгаштыруу менен көрсөтүлгөн органдардын расмий сайтында жана жалпыга жеткиликтүү болуу үчүн кызматтык имараттарга жайгаштырат.
9. Кулактандырууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) коомдук угууну өткөрүү күнү, убагы жана жери;
2) коомдук угууга коюлуучу долбоор же пландын долбоору;
3) коомчулуктун өкүлдөрү шаар куруу документтеринин долбоорлорунун материалдары менен кагаз жүзүндө таанышууга мүмкүн болгон жердин дареги;
4) материалдар электрондук вариантта жайгаштырылган өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын электрондук дареги;
5) өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтында материалдар жок болсо, электрондук түрдө материалдарды сурап кайрылганга электрондук дарек көрсөтүлөт;
6) эскертүүлөрдү жана сунуштарды кабыл алуучу электрондук почтанын дареги.
10. Шаар куруу документтеринин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштуруу тууралуу кулактандыруу расмий жарыялаган күндөн тартып, жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорго коомчулуктун өкүлдөрү кирип көрүүсүн тапшырыкчы камсыз кылат, ал эскертүүлөрдү жана сунуштарды кагаз жана электрондук түрдө кабыл алып жана каттайт.
3. Коомдук угууларды өткөрүү тартиби
11. Коомдук угууну өткөрүү күнүндө белгиленген убакта жана жерде келген катышуучуларды каттайт (угуунун алдында 15-30 мин чейин).
12. Коомдук угууларды тийиштүү аймактын өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы ачат.
13. Катышуучулардын көпчүлүк добушу менен күн тартиби, регламент бекитилет, төрагасы жана жооптуу катчысы шайланат.
14. Тапшырыкчынын өкүлдөрүнүн долбоорлору жана (же) пландардын долбоорлору тууралуу докладдар угулат.
Докладда төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:
коомдук угууга алып чыгарылган шаар куруу документинин долбоору же алдыдагы чечими тууралуу;
коомдук угууларга чыгарылган шаар куруу документинин долбоору боюнча чечим кабыл алуучу жооптуулар, мамлекеттик органдар тууралуу.
15. Белгиленген регламентке ылайык угууларда бардык каалоочулар оюн айтууга жана доклад берүүчүгө суроо берүүгө укук берилет. Доклад берүүчү коомчулуктун өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.
16. Тапшырыкчы жазууларды уюштурат жана докладдарды, суроолорду жана сүйлөнгөн сөздөрдү топтойт. ММКнын расмий өкүлдөрү тарабынан аудио-видео жазуулар жүргүзүлө турган учурда, угуулардын бардык катышуучуларына ал тууралуу билдирилет.
17. Коомдук угуулардын жыйынтыктары коомдук угуулардын протоколу менен жол-жоболонуп, төрага жана катчы тарабынан кол коюлат. Протоколдо бардык келип түшкөн сунуштар жана эскертүүлөр жана алардын кароосунун жыйынтыктары көрсөтүлөт. Шаар куруу документтеринин долбоорлорунун жыйынтыктары боюнча коомдук угуулардын протоколунун бир нускасы жергиликтүү аткаруу органдарына берилет.
Протокол эркин формада түзүлөт.
18. Коомдук угуулар өткөндөн кийин беш иш күндөн кеч эмес мөөнөттө коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча протокол жергиликтүү аткаруучу органдын расмий сайтында жайгаштырылат.
19. Коомдук угууларга катышкан коомчулук, протоколдук мазмуну боюнча өздөрүнүн сунуштарын жана эскертүүлөрүн аны жайгаштырган күндөн тартып жети календардык күндүн ичинде берүүгө жана аны коомдук угууларды уюштурган жергиликтүү аткаруучу органга жиберүүгө укуктуу.
Коомчулуктун кайрылууларын "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралат.
20. Коомчулуктун кайрылуусунун негизинде, аймактын тийиштүү жергиликтүү өз алдынча органдар өзгөртүүлөрдү коомдук угуулардын протоколуна киргизет же киргизүүдөн баш тартуу боюнча себебин көрсөтүү менен четке кагат.
Ушул жобонун 18-пунктундагы тартипке жана мөөнөттөргө ылайык коомдук угуулардын протоколу жайгаштырылат.
21. Коомчулуктун кайрылуулардын кароолорунун жыйынтыктары менен макул болбогон учурда жергиликтүү аткаруучулук органынан жоопту алган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу.
22. Тапшырыкчы коомдук угуулардын жыйынтыктарынын анализин жүргүзөт жана коомчулуктун пикирин эске алуу менен шаар куруу документтерин кайра иштеп чыгуу тууралуу чечимин чыгарып жана шаар куруу документтерин кайра иштеп чыгууда эсепке алуу үчүн архитектура жана шаар куруунун аймактык органдарына жиберет.
23. Белгиленген убакытка жана жерге келген кызыкдар коомчулуктун катышуусунда коомдук угуулар өткөрүлдү деп эсептелет.
24. Коомдук угуулар өткөрүлгөн жок деп эсептелген учурда, тапшырыкчы ушул Жободо бекитилген тартиптерге ылайык кайрадан коомдук угууларды өткөрөт. Ошол эле учурда, кулактандырууда коомдук угуулардын кайрадан өткөрүлөөрү көрсөтүлөт, ал эми кулактандыруу угууларды өткөрүүгө чейин он календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө жарыяланат.
25. Архитектура-курулуш ишмердиги чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын аймактык түзүмдөрүнүн жана шаар куруу жана архитектура жаатындагы жергиликтүү аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен коомдук угуулар өткөрүлөт.
26. Калктуу конуштун башкы планы калктуу конуштун өз алдынча башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.