Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
токтом
2018-жылдын 27-февралы № 115/07/1-1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тууралуу
2018-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттарын аныктоо жана ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 20 жана 46-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылышат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
С.Исаков |
| Т.Абдыгулов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 27-февралындагы № 115/07/1-1 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН БИЛДИРҮҮСҮ
2017-жылдагы улуттук экономиканын өнүгүүсү дүйнөлүк экономиканын калыбына келүүсү жана региондогу геосаясий тобокелдиктердин төмөндөөсү менен коштолуп, Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөш мамлекеттеринин экономикасындагы экономикалык активдүүлүктүн калыбына келүү шартында жүрдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) аракеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга иш-аракеттер планын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы № 53 токтому) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги чаралар планын (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 609 буйругу), Орто мөөнөттүү мезгилге акча-кредит саясатынын негизги багыттарын (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын 2014-жылдын 17-декабрындагы № 55/3 токтому) өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууга багытталган.
Өкмөттүн жана Улуттук банктын 2017-жылдагы макулдашылган экономикалык саясаты өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга жардам берди.
2017-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 104,5%ды түздү, ички дүң продуктунун (мындан ары - ИДП) көлөмү 439,3 млрд. сом суммасына барабар болду. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албастан ИДПнын реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү. Инфляциянын жылдык көрсөткүчү декабрь айында 3,7% (2016-жылдын декабрына карата 2017-жылдын декабры), ал эми жылдык орточо көрсөткүчү 3,2% деңгээлинде түзүлдү (2016-жылдын тиешелүү мезгилине карата).
Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 2017-жылдын январь-ноябрында ИДПга карата 2,4% түздү. 2017-жылдын 30-ноябрына карата мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 62,7% түздү.
Өкмөттүн жана Улуттук банктын 2018-жылга карата саясатынын негизги максаты экономикалык өсүштүн оң динамикасын кармоо, улуттук экономиканын атаандашуу жөндөмүн жогорулатуу жана баалардын туруктуулугун камсыздоо аркылуу макроэкономикалык жана финансылык туруктуулукту сактоо болот.
Болжолдонуп жаткан мейкиндиктеги экономикалык өнүгүү тышкы факторлордун таасири (АКШнын федералдык резервдик системасынын ставкасынын мүмкүн болуучу жогорулоосу; дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсү; негизги соода өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык өсүштүн уланышы; сырьелук товарларга, анын ичинде мунайзатка дүйнөлүк баанын өзгөрүшү; негизги стратегиялык өнөктөштөрдө алмаштыруу курсунун өзгөрмөлүүлүгү) жана ички факторлордун (жагымсыз табигый климаттык шарттардын тобокелдиги, чек арага жакын жана тышкы соодадагы тоскоолдуктарды акырындык менен жеңүү же сактоо, керектөө суроо-талаптарын калыбына келтирүү, тариф саясатын өзгөртүү) астында соода жана акча которуулар аркылуу жүрөт.
Бул шарттарда 2018-жылдагы экономикалык саясат өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн мүмкүн болуучу тышкы шоктордун кесепеттерин жумшартууга багытталган.
2018-жылдагы экономикалык саясаттын негизги багыттары:
- орто мөөнөттүү мезгилде 5-7 пайыздык чекте баанын туруктуулугуна жана туруктуу экономикалык өсүшкө жетүү жана колдоо аркылуу өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу;
- экономиканын финансылык секторун бекемдөө аркылуу финансылык туруктуулукту сактоо;
- региондорду тең салмакта өнүктүрүү.
Орто мөөнөттүү мезгилде 5-7 пайыздык чекте баанын туруктуулугуна жана туруктуу экономикалык өсүшкө жетүү жана колдоо аркылуу өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу
Өкмөттүн жана Улуттук банктын саясаты координацияланган акча-кредит жана салык-бюджет саясаты жана инфляцияны максаттуу диапазондун деңгээлинде кармоо аркылуу реалдуу экономикалык өсүштүн максаттуу параметрлерине жетишүүгө багытталган.
Өкмөттүн артыкчылыктуу милдети - калктын экономикалык бакубаттуулугун, социалдык бакубаттуулукту, коопсуз жана жагымдуу чөйрөнү камсыз кылуу, ошондой эле Программанын алкагында ачык жана айкын мамлекетти түзүү жана санариптик трансформациялоо боюнча жогорку технологиялуу долбоорлорду илгерилетүү сыяктуу негизги үч багыттан турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023" программасын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому) натыйжалуу ишке ашыруу болуп эсептелет.
2018-жылдын аралыгындагы Улуттук банктын акча-кредит саясаты өлкөдө орто мөөнөттүү мезгилде 5-7 пайыздык чектеги баанын туруктуулугун камсыз кылууга багытталат. Акча-кредит саясатынын каражаттары боюнча тактикалык чечимдерди кабыл алууда ички жана тышкы рыноктордогу тенденциялар жана экономикалык кырдаал эсепке алынат.
Акча-кредит саясаты Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү улуттук өнүктүрүү стратегиясынын милдеттерин жана максаттарын ишке ашырууга багытталат. Анын ичинде акча-кредит саясатын иштеп чыгуу өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизүүчү келечектеги убактылуу интервалдарга (лагдарга) багытталат.
Кыргыз Республикасындагы фискалдык саясат 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясынын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому) алкагында түзүлөт, мамлекеттик саясаттын иштелип чыккан чараларын аткарууга жана экономиканы тең салмактуу өнүктүрүүгө багытталат.
Бюджеттик саясат Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017-2025-жылдарга карата стратегиясына (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-декабрындагы № 696 токтому) жана 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарына (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-июлундагы № 423 токтому) ылайык ишке ашырылат жана бюджеттин туруктуулугун камсыз кылууга багытталат.
Мамлекеттик финансыларды башкаруу түзүмүн жана мыйзамдык базаны өркүндөтүү багытында Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин өркүндөтүү жана ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине шайкеш келтирүү боюнча иштер улантылат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызды башкаруу саясаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карыздарын башкаруу стратегиясына (туруктуу негизде жаңыланып туруучу) ылайык ишке ашырылат жана зайым тартуу менен байланышкан тобокелдиктерди азайтууга багытталат. Мамлекеттик карызды башкаруу жаатындагы Өкмөттүн аракеттери жеңилдетилген мамлекеттик тышкы карызды тартууга жана мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө багытталат.
Лицензиялык уруксат берүү системасын жана мамлекеттик органдардын контролдук көзөмөлдөө ишин өркүндөтүү аркылуу бизнес-климатты жакшыртуу боюнча иштер улантылат. Ишкердикти өнүктүрүүнү колдоо максатында Кыргыз Республикасындагы орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн программасы иштелип чыгат жана кабыл алынат, ал ишкердикти жүргүзүү шарттарын жакшыртуу боюнча реформалардын курсун улантат.
Көмүскө экономика секторуна комплекстүү жана сектордук изилдөө жүргүзүп, аны кыскартуу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу пландалууда.
Инвестициялык жагымдуулукту арттыруу, ишкер климатты жакшыртуу жана жагымдуу ишкер чөйрөсүн түзүү багытында негизги көңүл ар бир облустун артыкчылыгы менен өзгөчөлүгүн эске алуу менен өлкөнүн инвестициялык потенциалын жогорулатууга жана региондордун жагымдуулугун арттырууга; инвестициялык ишти жөнгө салуучу мыйзамдарды андан ары өркүндөтүүгө; мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоорлорун, 2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 327 токтому) даярдоо жана ишке ашыруу жол-жоболорун өркүндөтүүгө; МЖӨнүн шарттарында турак-жай коммуналдык жана жол чарбасын өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу аркылуу инвестициялык процесстерди активдештирүүгө; ишкердикти интенсивдүү өнүктүрүүнү жана региондордун аймактарына инвестициялоону чектөөчү административдик тоскоолдуктарды жоюуга бурулат.
Өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу максатында "DoingBusiness" рейтингинде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча иштер улантылат.
Евразия экономикалык бирлигине интеграциялоо боюнча иштер улантылат. Иштин негизги багыты болуп ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө экспорттоону андан ары өстүрүү, евразия мейкиндигинде өз ара соода жүргүзүүдө техникалык же башка тоскоолдуктарды жоюу, электр энергиясынын бирдиктүү рыногуна этап менен өтүү, ошондой эле экономиканы санариптик кайра форматтоо эсептелет.
Атаандаштыкты жаратуу, өнүктүрүү жана коргоо үчүн шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын эң маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп кала берет, 2018-жылы монополияга каршы жана атаандаштык саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөргө багытталат: ишкердикти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө, керектөөчүлөр менен табигый монополия субъекттеринин кызыкчылыктарынын балансына жетишүүгө, алар сатуучу товарлардын керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, ошондой эле табигый монополия субъекттеринин натыйжалуу иштешине; Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 токтому) ишке ашыруу аркылуу кыйыр салыктардын толук төлөнүшүн камсыз кылууга.
Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, туруктуу өнүктүрүү, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык тармагынын туруктуу жана ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу максатында жаңы Кыргыз Республикасынын 2018-2023-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тариф саясаты иштелип чыгат, анда тарифтерди өзгөртүү этаптары аныкталат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу мамлекеттик ишканалардын ишинин ачыктыгын арттырууга багытталган мамлекеттик ишканалардын иштөө маселелерин регламентөө боюнча иш-чаралар, алардын финансылык-чарбалык ишине контролду күчөтүү жана мамлекеттик ишканалардын ишине стратегиялык пландоо принциптерин киргизүү аркылуу ишке ашат. Мамлекеттик бюджетке мамлекеттик ишканалардан түшкөн каражаттардын көлөмүн көзөмөлдөө жолу менен экономикада мамлекеттин катышуусун кыскартуу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугу туруктуу контролдонот, анын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ишканалардын саны оптималдаштырылат.
Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды коргоо системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары 2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын иш-чаралар планында (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-июлундагы № 424 токтому) жана Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясында (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 79 токтому) чагылдырылган жана аларга ылайык ишке ашырылат.
Жогоруда аталган саясатты ишке ашыруу экономиканын секторлорун андан ары өнүктүрүү үчүн негиз болот.
Экономиканын агроөнөр жай сектору өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун жана калкты иш менен камсыз кылуунун эң негизги сектору болуп кала берет, анын негизги максаты өндүрүштү өстүрүү, продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Айыл чарбасын өнүктүрүү төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттарга топтолот: өлкөнүн калкын базалык азык-түлүк товарларынын зарыл болгон көлөмү менен камсыз кылуу; кайра иштетүү ишканаларын чийки зат менен камсыздоо; айыл чарба өндүрүшүнүн кирешелүүлүгүн жогорулатуу; ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүү жана тамак-аш азыктарын өндүрүү үлүшүн көбөйтүү, агроөнөр жай продуктуларынын өндүрүшүн жана экспортунун өсүшүн колдоо; айыл чарба өндүрүшүн сервистик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу; суу жана жер ресурстарын үнөмдүү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасын жана Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-мартындагы № 191 токтому), "Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды финансылоо - 1" долбоорун (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 272-б буйругу) ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылат. 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу пландалууда, анда өнөр жайда адекваттуу, иштеп кетүүчү жана атаандаштыкка жөндөмдүү өнөр жай потенциалын түзүү боюнча чаралар каралат.
ЕАЭБ алкагында энергетика тармагы үчүн артыкчылык ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү программасына (Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрында № 20 чечими менен бекитилген) ылайык ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун этабы менен түзүү боюнча иштерди улантуу болот.
Экономиканын курулуш секторун өнүктүрүү транспорт жана энергетика тармагындагы ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну улантуунун/аяктоонун эсебинен улуттук экономиканын туруктуу өсүшүн камсыздаган маанилүү багыттардын бири болуп калат, ал курулушту өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот. 2018-жылы курулуштагы артыкчылыктуу багыттар төмөнкүлөр болот: жеке турак-жай курулушунун объекттери; транспорттук магистраль жана энергетика объекттери (электр берүү линияларын куруу боюнча иштер); айыл чарба объекттери (ирригациялык курулмалар) жана башкалар.
2018-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен капиталдык салымдар артыкчылыктуу түрдө социалдык-экономикалык маанидеги, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү объекттерди, турак-жай курулуш объекттерин курууга жана реконструкциялоого багытталат.
2018-жылы жол тармагындагы негизги багыттар төмөнкүлөр болот: жалпы колдонуудагы жолдорду оңдоону жана күтүүнү камсыздоо боюнча иштерди улантуу, жолдордун ички түйүндөрүн жакшыртуу, ошондой эле өлкөнүн транзиттик потенциалын өнүктүрүү.
2018-жылы туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки программасына (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 192 токтому) ылайык ишке ашырылат жана эл аралык аренада өлкөнүн имиджин көтөрүү жана анын ИДПдагы үлүшүн 7%га көбөйтүү аркылуу туризмдин экономикага салымын жогорулатуу максатында ата мекендик туристтик индустрияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле республиканын туристтик потенциалын жыл бою пайдалануу үчүн туристтик иштердин ар кандай түрлөрүн ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталат.
2018-жылы тышкы соода ишин өнүктүрүү башка өлкөлөр менен соода мамилелерин өнүктүрүүгө жана жөнгө салууга, экспорттун көлөмүн өстүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана өлкө ичиндеги өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталат. Иштин негизги багыты артыкчылыктуу секторлорду өнүктүрүү аркылуу өлкөнүн экспорттук потенциалын өстүрүү болот. 2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча жаңы программа кабыл алынат, ал кошумча наркы жогору болгон продукцияны өндүрүүчү секторлорду колдоого, ассортиментин көбөйтүүгө жана кеңейтүүгө жана экспорттолуучу продукциянын сапатын жакшыртууга, экспорттун географиялык түзүмүн кеңейтүүгө багытталат.
2018-жылы социалдык өнүктүрүү саясаты мамлекеттин кепилдик берилген социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарууга, жашоо деңгээлин жогорулатууга жана мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен социалдык жактан коргоого муктаж жарандардын абалын жакшыртууга багытталган.
Экономиканын финансылык секторун чыңдоо аркылуу финансылык туруктуулукту сактоо
Улуттук банк акча-кредит саясатынын трансмиссиялык механизмин өркүндөтүүгө жана экономиканын финансылык жана реалдуу секторлоруна анын таасир этүү деңгээлин жогорулатууга болгон аракетин жумшайт. Улуттук банк акча-кредит саясатынын негизги инструменти болгон Улуттук банктын эсепке алуу ставкаларынын таасирин күчөтүү боюнча ишти жана банктар аралык акча рыногунун активдүүлүгүн жогорулатуу, банк системасындагы ликвиддүүлүктүн баланстуулугун камсыз кылуу максатында акча-кредит саясатынын башка инструменттеринин натыйжалуулугун жана ийкемдүүлүгүн арттыруу боюнча иштерин улантат. Бул багытта банк системасынын ликвиддүүлүгүн болжолдоону өркүндөтүү боюнча моделдик аппаратты кеңейтүү иштери күчөтүлөт.
Банк системасындагы ликвиддүүлүктүн профицити сакталган учурда Улуттук банк ашыкча ликвиддүүлүктү алып салуу боюнча стерилдөөчү операцияларды көбөйтөт. Бул негизинен акча-кредит саясатынын чараларын ишке ашыруу жана талдоо инструменти катары натыйжалуу кыйыр кирешелүүлүктү түзүүгө жол берүүчү ачык рынокто операцияларды жүргүзүү алкагында ишке ашырылат.
Улуттук банк узак мөөнөттүү мезгилге экономикалык өсүшкө көмөк көрсөтүү үчүн экономикадагы акчалай сунуштун деңгээлин тең салмакта кармап турууга түрткү берет.
Улуттук банк Кыргыз Республикасында кабыл алынган алмашуу курсунун өзгөрүлмө режимин улантат. Ички валюта рыногунда Улуттук банктын аракеттери алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салууга багытталат. Эл аралык резервдерди башкаруу резервдик активдердин ликвиддүүлүгүн колдоо жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги принциптерди сактоого негизделген. Дүйнөлүк финансылык рыноктогу кырдаалды эске алуу менен эл аралык резервдердин көлөмүн толтуруу максатында өлкөнүн ички рыногунда улуттук валютага алтын сатып алуу боюнча операциялар улантылат.
Баалуу металлдар рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча иштер улантылат. Өлкө калкына топтоонун жана инвестициялоонун альтернативдүү инструменттерин сунуштоо максатында, Улуттук банк тарабынан чыгарылган аффинаждалган өлчөмдүү алтын куймалар запасы туруктуу негизде толукталып, ээсиз металл эсептери менен операцияларды андан ары өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук база өркүндөтүлөт.
Улуттук банк 2018-жылы банктар жана микрофинансылык секторлор менен биргеликте орто мөөнөттө эсептелген банк жана микрофинансылык секторлорду жана төлөм системаларын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иштерди улантат. Финансылык сектордогу атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү, финансылык ортомчулук деңгээлин жогорулатуу, анын ичинде банк жана микрофинансылык секторлордо инновацияларды киргизүү менен өбөлгөлөрдү түзүү, кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды төмөндөтүү үчүн өбөлгөлөрдү жана шарттарды түзүү, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу жана ага жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, жоопкерчиликтүү кредиттөө принциптерин киргизүү, апекс институттары жана өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар үчүн шарттарды түзүү, ислам каржылоо принциптерин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө колдоо көрсөтүү бул программалардын максаттуу багыттары болот. 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашыруу улантылат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 токтому).
Коммерциялык банктардын ишиндеги тобокелдиктерди азайтуу максатында тобокелдиктерди башкаруу системасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулат. Коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын ишинде тобокелдик даражасын жана тобокелдерди башкаруунун сапатын баалоо боюнча тобокелдикке багытталган көзөмөлдөөнү жайылтуу иштери улантылат, бул финансылык секторду андан өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына реформа жүргүзүүнүн алкагында ченемдик укуктук актыларды андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө шайкеш келтирүү максатында, ошондой эле тобокелдикти көзөмөлдөөнү андан ары жайылтуу алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт.
Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн көлөмүн жогорулатуу жана төлөм системасынын коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде финансылык-кредиттик жана төлөм уюмдары үчүн маалыматтык коопсуздук жаатында жөнгө салуу жана өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү эсептешүү мейкиндигин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү 2018-жылга алгылыктуу багыттардан болуп эсептелет.
Мамлекеттин макулдашылган бирдиктүү макроэкономикалык саясатын түзүү максатында финансы-экономикалык чөйрөдө мамлекеттик башкаруу органдары менен тыгыз өз ара аракеттер жүргүзүлөт. Улуттук банктын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин акча-кредиттик жана фискалдык саясат маселелери боюнча аракеттерин координациялоо Ведомстволор аралык координациялык кеңештин алкагында улантылат.
Интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүү максатында, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктары менен тиешелүү келишимдерде каралган багыттар боюнча өз ара аракеттенүү иштери улантылат.
Коммуникациялык саясатты активдүү ишке ашыруу аркылуу Улуттук банк экономикалык субъекттерде сарамжалдуу инфляциялык күтүүлөрдү жана акча-кредит чөйрөсүндөгү келечектеги чечимдерге байланыштуу күтүүлөрдү түптөөгө түрткү берет. Экономикадагы тенденцияларга жана акча-кредиттик саясат маселелери боюнча чечимдерге тиешелүү маалыматтарды активдүү чагылдыруу улантылат.
Балансташкан региондук өнүктүрүү
2018-жылы аракеттер региондорду өнүктүрүүгө багытталат, анда калктын бакубаттуулугун, региондордун экономикалык абалын жакшыртуу, атаандаштыкка жөндөмдүү инвестициялык жана бизнес чөйрөнү түзүү каралган. 2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясынын негизги багыттарын ишке ашыруу максатында (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому) региондук экономикалык борборлор - өнүктүрүү шаарлары түзүлөт, "Шаар - региондук өнүгүү башаты (баскычы)" программасы иштелип чыгат, ал фискалдык саясаттын инструментин колдонуу, финансылык ресурстарга жетүүнү жакшыртуу, ошондой эле региондордо калктын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу аркылуу экономикалык секторду өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Ошентип, 2018-жылы Өкмөт менен Улуттук банктын биргелешкен экономикалык саясаты өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга, экономикалык өсүштүн оң динамикасын сактоого мүмкүндүк берет, ал өлкөнүн ИДПсын түзүүчү экономиканын бардык тармактары тарабынан колдоого алынат. Инфляция орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүчтө 5-7 пайыздын чегинде сакталып турат.
Белгиленген чаралар баланстоочу мүнөзгө ээ болот, бул андан аркы стабилдүү жана ырааттуу экономикалык өсүштү камсыздоого көмөктөшөт.
Аталган чараларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Өкмөт менен Улуттук банк өлкөдөгү экономикалык кырдаалга жана дүйнөлүк экономиканын өнүгүү тенденциясына туруктуу түрдө мониторинг жүргүзүп турат. Ата мекендик экономикага терс таасирин тийгизүүчү дүйнөлүк экономикада же тышкы экономикалык чөйрөдө кошумча дисбаланс/тобокелдик пайда болгон учурда 2018-жылга Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатына тиешелүү түзөтүүлөр киргизилет.
Өкмөт менен Улуттук банк өз кезегинде Биргелешкен билдирүүдө жана программалык документтерде каралган негизги багыттардын ишке ашырылышына мыйзам чыгаруу бийлиги, ишкер коомчулук тарабынан колдоо көрсөтүлөөрүнө ишеним артат.