Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
токтом
2018-жылдын 27-февралы № 113/3-1
Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара байланышынын регламенти жөнүндө
Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын тартибин белгилөө жана өз ара байланышын координациялоону камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык финансы уюмдарына мүчөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 9-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20 жана 46-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара байланышынын регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир жумалык мөөнөттө Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара байланышынын регламентин Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнө жиберсин.
3. Эл аралык валюта фондуна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен кат алышууда (отчеттор, материалдар, каттар) жумушчу тил катары орус тилин колдонуу сунушталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы | |
| С.Исаков |
| Т.Абдыгулов | |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 27-февралындагы № 113/3-1 токтому менен бекитилген |
| |||
Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара байланышынын РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент Эл аралык валюта фонду менен (мындан ары - ЭВФ) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын координацияланган өз ара байланышын камсыздоо боюнча иштерди уюштуруунун тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы № 11 буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кыргыз Республикасынан ЭВФда башкаруучу, Кыргыз Республикасынын Финансы министри Кыргыз Республикасынан ЭВФда башкаруучунун альтернаты болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарынын ЭВФ менен өз ара байланыштары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) аркылуу ишке ашырылат.
4. Ушул Регламенттин 3-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирдиктүү позициясын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өз ара байланышын жана аны координациялоону толук көлөмдө камсыздайт, ошондой эле "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ЭВФ менен кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине маалымдайт.
5. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары менен Улуттук банктын өз ара байланышы Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары жана ЭВФнын өз ара байланышындай эле дарек ээси катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен ишке ашырылат.
6. ЭВФ менен Кыргыз Республикасынын өз ара байланышы төмөнкүдөй багыттар боюнча ишке ашырылат:
1) ЭВФнын кредиттик механизмдеринин алкагындагы экономикалык программалар;
2) ЭВФнын Макулдашууларынын тиешелүү беренелери боюнча консультацияларды өткөрүү;
3) ЭВФ көрсөтүүчү техникалык жардам;
4) ЭВФ менен кызматташуунун башка маселелери боюнча.
2. Өз ара байланышуу тартиби
7. Улуттук банк төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) ЭВФда Кыргыз Республикасынын позициясын көрсөтүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын атынан ЭВФ менен кат жазышууга жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
3) зарыл болгондо ЭВФ менен кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилиги жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жумушчу жолугушууларды демилгелөөгө;
4) белгиленген тартипте ЭВФ менен кызматташуу багыттары боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан (Финансы министрлиги аркылуу) жана башка мамлекеттик органдардан маалыматтарды сурап алууга;
5) ушул Регламенттин 6-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында аталган ЭВФ менен Кыргыз Республикасынын кызматташуу маселелери боюнча ЭВФга жөнөтүү үчүн арналган маалыматтарды/жоопторду/материалдарды аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан (Финансы министрлиги аркылуу) жана башка мамлекеттик органдардан алууга;
6) ушул Регламенттин 6-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларын ишке ашыруунун алкагында каралган дайыма берилүүчү статистикалык отчеттордун көчүрмөлөрүн жана ушул Регламенттин 6-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларында аталган маалыматтарды аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан алууга;
7) ушул Регламенттин 6-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында аталган Кыргыз Республикасынын ЭВФ менен кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Финансы министрлигине маалымдоого.
8. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
1) ушул Регламенттин 4-пунктуна ылайык Финансы министрлиги аркылуу ЭВФ менен өз ара байланышты ишке ашырышат;
2) ЭВФдан маалымат, корутунду, экспертиза же башка документ берүү жөнүндө суроо-талапты алууда Финансы министрлигине белгилеген тартипте тиешелүү жоопту беришет.
Андан ары Улуттук банкка жиберүү үчүн Финансы министрлигине маалыматтарды берүүдө коштомо катта сөзсүз түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт: "ЭВФга жөнөтүү үчүн жиберилет";
3) ушул Регламенттин 6-пунктунда аталган ЭВФ менен Кыргыз Республикасынын кызматташуусунун бардык маселелери боюнча маалыматты\жоопторду\материалдарды Финансы министрлигине беришет.
Финансы министрлигине жөнөтүлүүчү маалыматтын ыкчамдыгы үчүн электрондук форматта берилип, андан кийин кагазга чыгарылган версиясы сөзсүз түрдө кошумча жиберилет;
4) ЭВФга дайыма берилүүчү статистикалык отчетторду өз алдынча жиберишет жана көчүрмөсүнө Улуттук банктын жана Финансы министрлигинин жооптуу адамдарынын даректерин көрсөтүшөт.
9. Ушул Регламенттин 3 жана 4-пункттарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
1) ушул Регламенттин 6-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында аталган ЭВФга жөнөтүү үчүн арналган ЭВФ менен Кыргыз Республикасынын кызматташуу маселелери боюнча маалыматты/жоопту/материалдарды аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан сурап алууга (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты аркылуу) жана андан ары ЭВФга жөнөтүү үчүн Улуттук банкка жиберүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдашылган бирдиктүү позициясын координациялоого жана иштеп чыгууга;
3) ушул Регламенттин 6-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында аталган ЭВФ менен кызматташуу маселелери боюнча Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирдиктүү макулдашылган позициясын жөнөтүүгө;
4) ЭВФ менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын Улуттук банк менен бирдикте иштеп чыгууга.
Улуттук банкка жөнөтүлүүчү ар бир маселе боюнча маселенин маңызын баяндоо менен так баяндалган чечимдин/позициянын долбооруна коштомо кат берилет.
Андан ары ЭВФга жөнөтүү үчүн Улуттук банкка маалымат берүүдө коштомо катта милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт: "ЭВФга жөнөтүү үчүн жиберилет".
Ыкчамдык үчүн Улуттук банкка жиберилүүчү маалымат электрондук форматка көчүрүлөт жана ЭВФда алуучулардын даректерин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу адамга электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт;
5) ушул Регламенттин 6-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларында аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЭВФнын кызматташуусунун багыты боюнча ЭВФ менен өз ара байланышты өз алдынча ишке ашырат, мында жиберилген каттын көчүрмөсүн Улуттук банкка жөнөтүшөт.
10. Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары:
1) ушул Регламенттин 6-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында аталган кызматташуунун багыттары боюнча ЭВФ менен өз ара байланышты Улуттук банк аркылуу ишке ашырышат;
2) ушул Регламенттин 6-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында аталган кызматташуунун багыттары боюнча ЭВФдан маалымат, корутунду, экспертиза же башка документ берүү жөнүндө суроо-талап алынган учурда, андан ары ЭВФга жиберүү үчүн Улуттук банкка белгиленген тартипте тиешелүү жооп беришет. Улуттук банкка жиберилүүчү ар бир маселе боюнча маселенин маңызын жана чечимдин/позициянын долбоорун так баяндоо менен коштомо кат берилет. Андан ары ЭВФга жөнөтүү үчүн Улуттук банкка маалымат берүүдө коштомо катта милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт: "ЭВФга жөнөтүү үчүн жиберилет".
Ыкчамдык үчүн Улуттук банкка жиберилүүчү маалымат электрондук форматка көчүрүлөт жана ЭВФда алуучулардын даректерин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу адамга электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт;
3) ушул Регламенттин 6-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн кызматташуунун багыттары боюнча ЭВФ менен өз ара байланышууну өз алдынча ишке ашырышат, мында жиберилген каттын көчүрмөсүн Улуттук банкка жиберишет;
4) ЭВФга дайыма статистикалык отчетторду өз алдынча жиберип турушат жана көчүрмөсүндө Улуттук банктын жооптуу адамдарынын даректерин көрсөтүшөт.
11. "КПҮ" камтыган маалыматтарды берүү "КПҮ" графиги бар документтер менен иштөө тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
3. ЭВФнын миссиясынын визиттери
12. ЭВФнын миссиясынын алдыда боло турган Кыргыз Республикасына визиттери жөнүндө ЭВФнын кайрылуусу боюнча Улуттук банк Финансы министрлиги менен бирдикте ЭВФнын миссиясынын визитинин сунушталган датасынын алгылыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алышат.
13. Улуттук банк аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары (Финансы министрлиги аркылуу) жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен бирдикте ЭВФнын миссиясынын визитинин алкагында жолугушуу графигин жана талкуулануучу маселелерди координациялоону жана макулдашууну камсыздайт.
14. Улуттук банк ЭВФнын миссиясынын визитинин суралган датасынын алгылыктуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын позициясын жана пландалуучу жолугушуулардын графигин ЭВФга жиберет.
15. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер министринин, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин ЭВФнын өкүлдөрү менен жолугушууларынын максатка ылайыктуулугу жана деңгээли Улуттук банк аркылуу аныкталат.
16. Бардык мамлекеттик органдар макулдашылган жолугушуулардын графигине ылайык белгиленген компетенциясынын алкагындагы маселелер боюнча ЭВФнын миссиясы менен жумушчу жолугушууларды өткөрөт, анын жыйынтыктары боюнча Улуттук банкка жолугушуу протоколун беришет.
17. Улуттук банктын өкүлдөрү ЭВФнын миссиясы менен мамлекеттик бийликтин бардык органдарынын жолугушууларына катыша алышат. Финансы министрлигинин өкүлдөрү ЭВФнын миссиясы менен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жолугушууларына катыша алышат.
4. Субъекттердин өз ара байланышуу жоопкерчиликтери
18. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери ушул Регламентти тиешелүү түрдө аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
5. Корутунду жоболор
19. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын тиешелүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын иштеп чыгуу, кабыл алуу жана чагылдыруу максатында дайыма маалымат алмашып турушат.
20. Бул Регламентти ишке ашырууга катышуучу ар бир мамлекеттик орган өзүнүн ведомствосунда бир жооптуу байланыш адамын аныктайт, ал аркылуу ЭВФ менен кызматташуу маселелери боюнча Улуттук банк жана Финансы министрлиги менен өз ара байланыш ишке ашырылат.