Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 206 токтому менен бекитилген |
2018-жылдын 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-базар комплексинин жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын иш тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. 2018-жылдын 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-базар комплексинин жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Зыян тарткан Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттеринин тизмеси зыяндын өлчөмүн көрсөтүү менен Комиссия тарабынан бекитилет.
3. Комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (мындан ары - Комиссиянын катчылыгы) тарабынан ишке ашырылат.
2. Комиссиянын иш тартиби
4. Кыргыз Республикасынын зыян тарткан ишкер субъекттери Комиссиянын катчылыгына арыз беришет.
5. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттеринин уюштуруу документтеринин жана каттоо жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
- эгерде жак өзүнүн өкүлү аркылуу аракеттенсе, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделип өкүлгө берилген ишеним кат;
- салык төлөөчүнү салыктык каттоо жөнүндө аймактык салык органынын маалымкаты;
- ушул базарда иштегендигин тастыктоочу базардын администрациясынын маалымкаты;
- товардын келип чыгуусун жана суммасын тастыктоочу документтер (эсеп-фактуралардын, коштомо-кагаздардын, сатып алуу актыларынын көчүрмөлөрү ж.б.);
- зыяндын өлчөмүн аныктоо жана баалоо үчүн зарыл болгон башка документтер.
6. Комиссиянын катчылыгы:
- белгиленген тартипте арыздарды кабыл алат жана каттайт, ошондой эле Комиссиянын ишине байланышкан уюштуруу-методикалык мүнөздөгү башка функцияларды аткарат;
- 5 күндүк мөөнөттө арыз ээсине Комиссия кабыл алган чечим жөнүндө билдирүү жиберет.
7. Комиссия Кыргыз Республикасынын ишкер субъекти 2018-жылдын 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-базар комплексинин жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен зыян тарткандыгын ырастоо жана зыяндын өлчөмүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ишкердик субъектин зыян тарткандардын тизмесине киргизүү жөнүндө чечим чыгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Комиссиянын чечими ачык добуш аркылуу, добуштардын көпчүлүгү менен кабыл алынат.
Комиссиянын жыйыны ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн 2/3 катышса мыйзамдуу болуп эсептелет.
Добуштар бирдей санда болсо, Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот.
9. Комиссиянын чечими протокол менен таризделип, ага Комиссиянын төрагасы жана орун басарлары кол коюшат.
10. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жыйынга катышкандардын тизмеси;
- Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттеринин арыздарын кароонун жыйынтыктары.
11. Эгерде арыз берген жак ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тапшырбаса же туура эмес маалыматтарды көрсөтсө, арыз ээсине мамлекеттик колдоо көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
12. Кыргыз Республикасынын зыян тарткан ишкер субъекттеринин тизмесине киргизилген арыз ээлери Комиссиянын чечиминин негизинде белгиленген тартипте мамлекеттен колдоо алууга укуктуу.
13. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттери тарабынан берилген документтердин тууралыгын жана чечим кабыл алуу үчүн керектүү башка маалыматтарды текшерүүгө;
- зарылдыгына жараша өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, ошондой эле көз каранды эмес эксперттерди тартууга;
- зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте сурап алууга;
- арыз ээлеринин Кыргыз Республикасынын зыян тарткан ишкер субъекттеринин тизмесине киргизүү жөнүндө даттанууларын жана зыяндын өлчөмүн баалоонун тууралыгын кароого.
3. Комиссиянын чечимине даттануунун тартиби
14. Арыз ээлери Комиссиянын чечиминин үстүнөн Комиссиянын кабыл алынган чечими жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде даттанышса болот.
15. Комиссия түшкөн даттанууларды бир жумалык мөөнөттө карап чыгууга жана кабыл алынган чечим жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.