Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-апрели № 206
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
2018-жылдын 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-базар комплексинин жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
2018-жылдын 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-базар комплексинин жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Комиссия 2018-жылдын 10-июнуна чейинки мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттери тарткан зыяндын өлчөмүн бааласын жана аныктасын;
- 2018-жылдын 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-базар комплексинин жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттеринин тизмесин бекитсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттеринен документтерди кабыл алууну уюштурсун (тийиштүү жайларды, оргтехниканы берүү, консультация берүү үчүн телефондорду орнотуу менен ж.б.).
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Комиссия бекиткен тизмеге ылайык карыздын суммасына карата пайыздарды жана өнбөгөн калдыктын суммасы боюнча туумду эсептебестен Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине 2018-жылдын 14-апрелине карата салыктык карыздарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырсын (узартсын).
6. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Комиссия бекиткен тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттеринин 2018-жылдын 14-апрелине карата камсыздандыруу төгүмдөрү жана финансылык санкциялары боюнча карыздардын суммаларын төлөөнү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган мөөнөткө банктык кепилдикти, күрөөнү жана кепилчиликти бербестен, мөөнөтүн кийинкиге жылдырсын (узартсын).
7. Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарына Комиссия бекиткен тизмеге киргизилген Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан ишкердик субъекттеринин кредиттик карыздарын реструктуризациялоо сунушталсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
1-тиркеме
2018-жылдын 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-базар комплексинин жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча), Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Жалал-Абад шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы (макулдашуу боюнча);
"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча).