Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-апрели № 210
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
мамлекеттик колдоо - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун ыңгайлуу жана өз ара пайдалуу шарттарын түзүүгө багытталган мамлекеттик финансылык колдоо, мамлекеттик экономикалык колдоо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуулар боюнча мамлекеттик өнөктөрдүн милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу;
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) - мамлекеттик өнөк тарабынан инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө, реконструкциялоого, ошондой эле иштеп жаткан же жаңы түзүлгөн инфратүзүмдүк объекттерди башкарууга жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүгө жеке өнөктү тартуу маселелери боюнча мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн узак мөөнөттүү (50 жылга чейин) өз ара аракеттенүүсү;
мамлекеттик кепилдиктер - МЖӨ долбоорлоруна ишке ашырылуучу инвестицияларды коргоо максатында жеке өнөктөргө жана/же долбоорлоо компанияларына берилүүчү кепилдиктер;
финансылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган - МЖӨ долбоорлору менен байланышкан финансылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;
мамлекеттик өнөк - бир же бир нече аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары, мамлекеттик, муниципалдык ишканалары жана мекемелер, добуш берүүчү акцияларынын элүү же андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдор;
кызыкдар жак - тендерге катышууга жана/же МЖӨ долбоорун демилгелөөгө кызыкдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет элдик мамлекеттин мыйзамдарына ылайык катталган жеке ишкер, юридикалык жак, консорциум;
тендерге катышуу үчүн квалификацияларга суроо-талап - мамлекеттик өнөк иштеп чыккан жана бекиткен документ, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- МЖӨ долбоорун баяндоону;
- тендердин катышуучуларына карата квалификациялык талаптарды;
- МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды;
- жеке өнөктү баалоо жана тандоо критерийлерин;
- квалификациялык тандоого катышууга билдирүүлөрдү берүү мөөнөтүн;
- башка маалыматтарды;
тендерге катышуу үчүн сунуштарга суроо-талап - мамлекеттик өнөк иштеп чыккан жана бекиткен, тендердин катышуучуларынын техникалык жана финансылык сунуштарына карата талаптарды камтыган документ;
инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөр - социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфратүзүмдүк объектти пайдалануу менен жана/же инфратүзүмдүк объектти тейлөө боюнча жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр;
инфратүзүмдүк объект - мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;
консорциум - юридикалык жактын статусуна ээ болбогон жана келишимдин же башка документтин негизинде аракеттенген эки же андан көп жеке ишкерлердин жана/же юридикалык жактардын тендерге бирге катышуусу үчүн түзүлгөн убактылуу бирикмеси;
МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптар - МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык, эксплуатациялык, коммерциялык жана башка мүнөздөгү минималдуу милдеттүү талаптар;
МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш - төмөнкүлөрдү камтыган документ:
- МЖӨ долбоорун баяндоону;
- МЖӨ долбоорунун максаттарын жана ишке ашыруу милдеттерин;
- тиешелүү инфратүзүмдүк объектке жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө карата МЖӨнү колдонуунун максатка ылайыктуулугун негиздөөнү;
- МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтүн;
- финансы-экономикалык жана юридикалык талдоону, анын ичинде МЖӨ долбоорун ишке ашыруудан МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын киреше алуу ыктымалдыгын баалоону жана инвестициялардын шартталган көлөмүн;
- мамлекеттик финансылык жана/же мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүнүн түрлөрүн жана шарттарын;
- МЖӨ долбоорун демилгелөө зарылдыгын жана демилгеленген МЖӨ долбоорунун мамлекеттин кызыкчылыгына шайкештигин негиздеген башка документтер;
МЖӨ долбоору - мамлекеттик өнөк тарабынан инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө, реконструкциялоого, иштеп жаткан же жаңы түзүлгөн инфратүзүмдүк объекттерди башкарууга жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүгө жеке өнөктү тартуу боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынган өз ара мамилелердин комплекси;
долбоорлоочу компания - МЖӨ долбоорун ишке ашыруу негизги иши болуп саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак;
МЖӨ жөнүндө макулдашуу - мамлекеттик жана жеке өнөктүн ортосундагы тараптардын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун башка шарттарын аныктоочу жазуу жүзүндөгү келишим;
каржылоо жөнүндө макулдашуу - мамлекеттик өнөк менен жеке өнөктүн жана/же долбоорлоочу компания менен финансылык мекеменин ортосунда МЖӨ жөнүндө макулдашууну колдонуу мөөнөтүндө алардын өз ара аракеттенүү шарттарын жана тартибин жөнгө салуу максатында, ошондой эле МЖӨ жөнүндө макулдашууну өзгөртүүдө жана токтотууда түзүлүүчү жазуу жүзүндөгү келишим;
тендердик сунуш - тендердин катышуучуларынын техникалык жана финансылык сунуштарын камтыган документтердин пакети;
тендердик документтер - тендерге катышуу үчүн квалификацияларга суроо-талап, тендерге катышуу үчүн сунуштарга суроо-талап жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - МЖӨ чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик орган;
тендердин катышуучусу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык катталган жеке ишкер, юридикалык жак, консорциум, тендерге катышкандар;
финансылык мекеме - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык катталган банктык жана башка финансы-кредиттик уюмдар, ошондой эле МЖӨ долбоорлорун каржылоого жана/же кепилдик берүүгө катышкан эл аралык финансылык уюмдар;
жеке өнөк - тендердин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик өнөк менен МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзгөн жак.
2-берене. Кыргыз Республикасынын МЖӨ жөнүндө мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын МЖӨ жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан, ушул Мыйзамдын негизинде кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. МЖӨнү колдонуу
1. МЖӨ төмөнкү чөйрөлөрдөгү инфратүзүмдүк объекттерге жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө карата колдонулат:
1) электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүү;
2) автомобиль, темир жол, суу, аба, шаардык транспорт;
3) автомобиль жана темир жолдор (анын ичинде көпүрөлөр жана тоннелдер);
4) коммуналдык чарба жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр;
5) медицина, дарылоо-профилактикалык жана саламаттык сактоо системасындагы башка иштер;
6) билим берүү, тарбиялоо, маданият жана социалдык тейлөө;
7) кыймылдуу, стационардык байланыш жана телекоммуникациялар;
8) туризм, рекреация жана спорт;
9) суу ресурстары;
10) электрондук башкаруу;
11) керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө кызмат көрсөтүү менен байланышкан башка чөйрөлөр.
2. МЖӨ жер казынасын пайдалануу, мамлекеттик сатып алуулар жана менчиктештирүү менен байланышкан мамилелерге карата колдонулбайт.
3. Жеке өнөктү тандоо боюнча тендерди өткөрүү жана МЖӨ жөнүндө макулдашууну аткаруу жол-жоболору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарын колдонбостон, Кыргыз Республикасынын МЖӨ жөнүндө мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
4-берене. МЖӨ принциптери
Кыргыз Республикасында МЖӨ мыйзамдын үстөмдүгү, адилеттүүлүк, ачык-айкындуулук, атаандаштык, келишим эркиндиги жана айлана-чөйрөнү коргоо принциптерине негизденет жана иштейт.
5-берене. Мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүү
Мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүү МЖӨ долбоорунун милдеттүү шарты болуп саналат жана МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен белгиленет.
6-берене. Жеке өнөктөрдүн МЖӨ долбоорлоруна катышуу формалары
1. Жеке өнөктүн МЖӨ долбоорлоруна катышуусу инфратүзүмдүк объекттин жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүнө, алардын тармактык таандыктыгына, МЖӨ долбоорунун максатына жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын келишимдерин жараша түрдүү формаларда ишке ашырылышы мүмкүн.
2. Жеке өнөктүн МЖӨ долбоорлоруна катышуу формаларын колдонуу боюнча нускамалар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет, рекомендациялык жана методологиялык мүнөзгө ээ болот.
7-берене. Мамлекеттик өнөктүн компетенциясы
1. Мамлекеттик өнөктүн компетенциясына МЖӨ долбоорун даярдоо, тендер өткөрүү, МЖӨ долбоорун ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу кирет.
2. МЖӨ долбоору даярдалган жана тендерди эки же андан ашык мамлекеттик өнөк өткөргөн учурда, алардын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби ушул мамлекеттик өнөктөрдүн ортосунда макулдашуу боюнча аныкталат. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу процессиндеги мамлекеттик өнөктөрдүн компетенциясы МЖӨ жөнүндө макулдашууга ылайык аныкталат.
3. МЖӨ долбоорун даярдоо, тендер өткөрүү, МЖӨ долбоорунун ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн мамлекеттик өнөк көз карандысыз консультанттарды тартууга укуктуу.
8-берене. Мамлекеттик финансылык колдоо
1. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик өнөк жеке өнөккө жана/же долбоорлоочу компанияга мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүүгө же анын көрсөтүлүшүнө көмөктөшүүгө укуктуу.
2. Мамлекеттик финансылык колдоо мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен берил көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. Мамлекеттик финансылык колдоо жеке өнөккө жана/же долбоорлоочу компанияга төмөнкү түрлөрдө көрсөтүлүшү мүмкүн:
1) мамлекеттик өнөктүн милдеттенмелеринин аткарылышына кепилдиктерди берүү;
2) субсидияларды берүү;
3) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл каражаттардын бир бөлүгүн каржылоо;
4) МЖӨ долбоорунун финансылык кудуреттүүлүгүн камсыз кылуу максатында анын минималдык кирешелүүлүгүнө кепилдик берүү;
5) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн тартылуучу каражаттар боюнча валюталардын алмашуу курстары жана/же пайыздык ставкалары өзгөрө берген учурда колдоо көрсөтүү;
6) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү.
9-берене. Мамлекеттик экономикалык колдоо
1. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик өнөк жеке өнөккө жана/же долбоорлоочу компанияга мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүгө же анын көрсөтүлүшүнө көмөктөшүүгө укуктуу.
2. Мамлекеттик экономикалык колдоо жеке өнөккө жана/же долбоорлоочу компанияга төмөнкүдөй түрлөрдө көрсөтүлүшү мүмкүн:
1) инфратүзүмдүк объектке укуктарга кошумча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка кыймылдуу же кыймылсыз мүлккө укуктарды берүү;
2) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн объекттерине сервитутту берүү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик же/жана муниципалдык менчикте турган мүлктү колдонууга ижара акынын жеңилдетилген ставкасын белгилөө;
4) МЖӨ жөнүндө түзүлгөн макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана/же муниципалдык жеңилдиктерди берүү;
5) мамлекеттик өнөк тараптан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген колдоолордун башка түрлөрү.
10-берене. Мамлекеттик кепилдиктер
МЖӨ долбоорунда жеке инвестицияларды коргоого кепилдик берүү максатында жеке өнөккө жана/же долбоорлоочу компанияга төмөнкүлөргө кепилдик берилет:
- МЖӨ жөнүндө макулдашууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жеке өнөктүн жана/же долбоорлоочу компаниянын экономикалык ишине мамлекеттик өнөктүн кийлигишпөөсү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жеке өнөктүн жана/же долбоорлоочу компаниянын мүлкүн улутташтыруудан же башка эквиваленттик чаралардан коргоо;
- МЖӨ долбооруна салынган инвестицияларга жана алардан алынган кирешелерге жана пайдаларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган максаттарда эркин ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында накталай же накталай эмес улуттук жана/же чет элдик валютаны сатуу-сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет элдик валютаны чет өлкөдөн алып келүүгө (чыгаруу жана киргизүү) жана чек арадан тышка чыгарууга укук;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык мамлекеттик органдардын жана/же муниципалдык органдардын, алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында жеке өнөккө жана/же долбоорлоочу компанияга келтирилген зыяндын ордун толтурууга укук;
- МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралган шарттарда салыштырмалуу жеке өнөк жана/же долбоорлоочу компания тарабынан МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун шарттарынын начарлашына алып келген ченемдик укуктук актылар кабыл алынган учурда МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарын кайра кароого же МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда бузуу жана келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алууга укук.
11-берене. МЖӨ долбоорунун баскычтары
МЖӨ долбоорунун баскычтары төмөнкүлөр болуп саналат:
- МЖӨ долбоорун даярдоо;
- тендер өткөрүү;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу.
12-берене. МЖӨ долбоорун даярдоо
1. МЖӨ долбоорун даярдоо мамлекеттик өнөк тарабынан ишке ашырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушту даярдоо;
2) тендердик документтерди даярдоо;
3) тендердик комиссия түзүү.
2. Мамлекеттик өнөк мамлекетти социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, МЖӨнү өнүктүрүү программаларын, тармактык программаларды, ошондой эле башка программаларды жана өнүктүрүү пландарын эске алуу менен МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушту даярдайт,
3. Мамлекеттик өнөк тарабынан МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун даярдоо жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
4. МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш бекитилгенден кийин мамлекеттик өнөк тендердик документтерди даярдоону жана бекитүүнү ишке ашырат.
5. Эгерде МЖӨ долбоору мамлекеттик бюджеттен каржылоо алууну караса тендердик документтер мамлекеттик өнөк тарабынан бекитилгенге чейин бюджеттик тобокелдиктердин пайда болушуна финансылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашылат. Ушул бөлүктө каралган финансылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органдар менен макулдашылбаган учурда, тендердик документтер мамлекеттик өнөк тарабынан бекитилбейт.
6. Тендердик документ бекитилгенден кийин мамлекеттик өнөк МЖӨнүн ар бир долбоору боюнча тендердик комиссия түзөт жана бекитет.
Тендердик комиссияны түзүү, бекитүү тартиби, иштөөсү жана ыйгарым укуктары тендер өткөрүү тартиптери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле турган МЖӨ чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
13-берене. Тендер өткөрүү
1. Жеке өнөктү тандоо тендер өткөрүү аркылуу ишке ашырылат.
2. Тендер ушул Мыйзамда, тендер өткөрүү тартибинде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте өткөрүлөт.
3. Тендер эки этапты камтыйт:
1) квалификациялык тандоо;
2) тендердин жеңүүчүсүн тандоо.
14-берене. Квалификациялык тандоо
1. Квалификациялык тандоо этабында мамлекеттик өнөк тендерге катышуу үчүн квалификацияларга болгон суроо-талапты жалпыга маалымдоо каражаттарына жана/же өзүнүн расмий веб-сайтына жарыялайт.
2. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү топтоо тендердик комиссия тарабынан тендерге катышуу үчүн квалификацияга болгон суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде, бирок тендерге катышуу үчүн квалификацияларга болгон суроо-талап жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.
3. Квалификациялык тандоону жүргүзүү үчүн квалификациялык тандоого катышууга бир билдирүүнү берүү жетиштүү болот. Тендерге катышуу үчүн квалификацияларга болгон суроо-талапта көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга шайкеш келбеген квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөр тендердик комиссия тарабынан четке кагылат.
15-берене. Тендердин жеңүүчүсүн тандоо
1. Тендердин жеңүүчүсүн тандоо этабында мамлекеттик өнөк квалификациялык тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендерге катышуу үчүн сунуштарга суроо-талапты жана МЖӨ долбоорун берет.
2. Техникалык жана финансылык сунуштарды камтыган тендердик сунуштарды чогултуу тендерге катышуу үчүн сунуштарга суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде, бирок квалификациялык тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендерге катышуу үчүн сунуштарга суроо-талапты жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун жөнөтүү датасынан 30 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.
3. Тендердин жеңүүчүсүн тандоо үчүн бир тендердик сунуш берүү жетиштүү.
4. Тендердин катышуучусу тендерге катышуу үчүн сунуштарга суроо-талапта аныкталган шартта тендердик сунушка кепилдикти камсыздоого тийиш.
5. Тендердик комиссия тарабынан техникалык жана финансылык сунушу тендерге катышуу үчүн сунуштарга суроо-талапка шайкеш келди деп таанылган жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун эң мыкты шарттарын камтыган тендердин катышуучусу тендердин жеңүүчүсү деп таанылат. Тендердик комиссия бардык катышуучулардын техникалык жана финансылык сунуштарын тендерге катышуу үчүн сунуштарга суроо-талапка шайкеш келбейт деп тааныган учурда, тендер болгон жок деп таанылат жана тендердик комиссия кайталап тендер жарыялоого укуктуу.
6. Тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына же/жана мамлекеттик өнөктүн расмий веб-сайтына жарыялайт.
7. Тендерге катышууга байланыштуу тендердин катышуучуларынын чыгымдары тендердин жыйынтыгына карабастан кайтарылбайт.
8. Тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсү берген маалыматтын чындыкка туура келбестигин аныктаган учурда, мындай шайкеш келбестик документтик түрдө ырасталган шартта тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн дисквалификациялоо жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
9. Тендердин жеңүүчүсү дисквалификацияланган учурда, ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган тартипте, тендердик комиссия тендердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүсүнөн кийинки орунду ээлеген тендердин катышуучусун тендердин жеңүүчүсү деп таанууга укуктуу.
16-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүү
1. МЖӨ жөнүндө макулдашуу тендердин жеңүүчүсү жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же мамлекеттик өнөктүн расмий веб-сайтында жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде түзүлүшү керек. Ушул Мыйзамдын 19-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган учурда консорциум тарабынан түзүлгөн долбоорлоочу компания менен МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүү мөөнөтү кошумча 30 календардык күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
2. Мамлекеттик өнөк тендердин жеңүүчүсү менен МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарын талкуулоо максатында сүйлөшүү жүргүзүүгө укуктуу. Сүйлөшүү процессинде МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттары өзгөрүшү мүмкүн. МЖӨ долбооруна карата минималдуу талап болуп саналган шарттар тараптардын өз ара макулдашуусу менен мындай талаптар жогорулоосу боюнча гана өзгөрүшү мүмкүн.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөт аяктаганда тендердин жеңүүчүсү МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол койбосо, тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн дисквалификациялоо жөнүндө чечим кабыл алууга жана тендердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүдөн кийинки орунду ээлеген тендердин катышуучусун тендердин жеңүүчүсү деп жарыялоого жана тендердин биринчи жеңүүчүсүн дисквалификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүүнү сунуштоого укуктуу. Тендердин жаңы жеңүүчүсү МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу сунушту ага жөнөткөн датадан тартып 30 календардык күндүн ичинде мамлекеттик өнөккө жооп берүүдөн баш тарткан учурда тендердик комиссия тендер болгон жок деп тааныйт жана тендердик комиссия кайталап тендер жарыялоого укуктуу.
4. Тендердин жеңүүчүсү мамлекеттик өнөккө МЖӨ жөнүндө макулдашуу боюнча тендердин жеңүүчүсүнүн милдеттеринин аткарылышына кепилдик камсыз кылууну бериши керек, анын шарттары тендерге катышуу үчүн сунуштарга суроо-талапта жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашууда аныкталат.
17-берене. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана ишке ашырылышын баалоо
1. МЖӨ долбоору МЖӨ жөнүндө макулдашууга ылайык ишке ашырылат.
2. Мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун ишке ашырууга мониторингди жана баалоону МЖӨ жөнүндө макулдашууга ылайык ишке ашырат.
3. Жеке өнөк жана/же долбоорлоочу компания жыл сайын, учурдагы жылдын 1-майынан кечиктирбестен мамлекеттик өнөккө МЖӨ долбоорунун ишке ашырылышы жөнүндө отчёт жана мурунку жыл үчүн финансылык отчёт берүүгө милдеттүү. Ар жылдык финансылык отчёт көз каранды эмес аудитор тарабынан алдын ала ырасталууга тийиш.
4. Мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө отчёттун жана өткөн жыл үчүн финансылык отчёттун көчүрмөсүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана финансылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү, эгерде МЖӨ долбоору мамлекеттик бюджеттен каржылоо алса жеке өнөктөн жана/же долбоорлоочу компаниядан тиешелүү отчётторду алган датадан тартып 30 календардык күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
18-берене. Кызыкдар жактардын МЖӨ долбоорун демилгелөөсү
1. Кызыкдар жак МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушу менен мамлекеттик өнөккө кайрылууга укуктуу.
2, МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө мамлекеттик өнөк мындай сунушту карап чыгууга (кабыл алууга же баш тартууга) милдеттүү.
3. МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш четке кагылган учурда, мамлекеттик өнөк кызыкдар жакка ал берген документтердин түп нускасын жана көчүрмөлөрүн, кызыкдар жактын чыгымдарынын орун толтуруусуз кайтарышы керек.
4. МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө кызыкдар жактын сунушу менен мамлекеттик өнөк макул болгон учурда мамлекеттик өнөк ушул Мыйзамга ылайык МЖӨ долбоорун даярдоону жана тендер өткөрүүнү ишке ашырат.
19-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптары жана МЖӨ жөнүндө макулдашууга карата колдонулуучу укук
1. МЖӨ жөнүндө макулдашуу мамлекеттик өнөк менен тендердин жеңүүчүсүнүн ортосунда түзүлөт.
2. Долбоорлоочу компания МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тарабы боло алат.
3. Консорциум тендердин жеңүүчүсү болуп жарыяланган учурда МЖӨ жөнүндө макулдашуу мамлекеттик өнөк менен консорциум түзгөн долбоорлоочу компаниянын ортосунда түзүлөт.
4. МЖӨ жөнүндө макулдашууга карата колдонулуучу укук болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдары саналат.
5. МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун алкагында МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптары МЖӨ жөнүндө макулдашууга кошумча үчүнчү жактар менен башка келишимдерди түзүүгө укуктуу.
20-берене. ШКӨ жөнүндө макулдашуунун милдеттүү жоболору
1. МЖӨ жөнүндө макулдашуу төмөнкү милдеттүү жоболорду камтуусу тийиш:
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун предметин;
- тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин;
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу процессинде көрсөтүлүүчү инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу көлөмүн, көрсөтүү тартибин жана сапат стандарттарын;
- мамлекеттик финансылык жана мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүнүн түрлөрүн жана шарттарын;
- жеке өнөктүн жана/же долбоорлоочу компаниянын МЖӨ долбоорун ишке ашыруу менен түздөн-түз байланышпаган иштин башка түрлөрүн ишке ашыруусунун тартибин;
- МЖӨ долбоорун ишке ашырууга байланышкан тобокелдиктердин МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын ортосунда бөлүштүрүлүшүн;
- инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө тартибин;
- инфратүзүмдүк объектке ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө тартибин;
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын милдеттерин аткарууну камсыз кылуу ыкмаларын;
- МЖӨ долбоорунун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартибин;
- МЖӨ долбоорун камсыздандыруу боюнча талаптарды;
- мамлекеттик өнөккө инфратүзүмдүк объектти жана МЖӨ жөнүндө макулдашууну аткарууга байланыштуу берилген башка укуктарды МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда кайтарып берүү тартибин;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу убагында айлана-чөйрөнү коргоо жана жумуштарды же/жана кызматтарды коопсуз көрсөтүү боюнча талаптарды;
- эгерде МЖӨ долбоору жарандарды көчүрүүнү караса, жарандарды көчүрүүнүн жана тиешелүү компенсацияларды төлөп берүүнүн тартибин;
- форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда тараптардын иш-аракеттерин;
- МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралган шарттарга салыштырмалуу МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун шарттары жеке өнөк үчүн начарлашына алып келген ченемдик укуктук актылар кабыл алынган учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруунун тартибин;
- МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда токтотуунун негизин кошкондо, МЖӨ жөнүндө макулдашууну өзгөртүүнүн, узартуунун жана токтотуунун тартиби менен шарттарын жана МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндардын ордун толтуруунун тартибин;
- МЖӨ жөнүндө макулдашуудан келип чыккан жана МЖӨ долбоорун ишке ашырууга байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү тартибин.
2. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун милдеттүү жоболоруна кошумча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболор каралышы мүмкүн.
21-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуу боюнча жеке өнөктүн жана долбоорлоочу компаниянын укуктарына жана милдеттерине жол берүү
Жеке өнөктүн жана долбоорлоочу компаниянын укуктарына жана милдеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана мамлекеттик өнөктүн алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жол берилиши мүмкүн.
22-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү
1. МЖӨ жөнүндө макулдашуу 50 жылга чейинки мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.
2. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралган учурларда узартылышы мүмкүн.
23-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу
МЖӨ жөнүндө макулдашуу төмөнкү учурларда өз колдонулушун токтотот:
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү аяктаганда;
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугунун негизинде;
- МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралган тартипте, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын биринин демилгеси боюнча;
- жеке өнөктүн жана/же долбоорлоочу компаниянын иши токтотулган же жеке өнөк жана/же долбоорлоочу компания банкрот (кудуретсиз) деп таанылган учурда.
24-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуунун кесепеттери
1. Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда жеке өнөк жана/же долбоорлоочу компания төмөнкү иш-аракеттерди аткарууга милдеттүү:
1) инфратүзүмдүк объектти жана мамлекеттик өнөктөн алынган башка активдерди мамлекеттик өнөккө өткөрүп берүүнү, алар МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык үчүнчү жактар тарабынан кандайдыр бир чектөөлөрдөн эркин болуулары тийиш;
2) инфратүзүмдүк объектти эксплуатациялоо жана материалдык-техникалык тейлөө маселелери боюнча жана/же инфратүзүмдүк кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча мамлекеттик өнөктүн персоналын даярдоону;
3) эгерде мындай талап кылынса, инфратүзүмдүк объектти жана башка активдерди мамлекеттик өнөккө өткөрүп бергенден кийин 3 айдан кеч эмес мөөнөттүн ичинде запастык бөлүктөрдү жеткирип берүүнү кошкондо, инфратүзүмдүк жана башка кызматтарды көрсөтүүнүн жана ресурстарды берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууну.
2. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын биринин күнөөсү боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу бул тарап үчүн экинчи тараптын МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушунун мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна байланыштуу тарткан зыяндарынын ордун толтуруу боюнча милдеттенмелерге алып келет.
25-берене. Долбоорлоочу компания
1. Жеке өнөк МЖӨ долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоорлоочу компанияны уюштурууга укуктуу.
2. Мамлекеттик өнөк анын катышуусу долбоорлоочу компаниянын мүлкүнө катышуу үлүшүнүн үчтөн биринен ашпоого тийиш болгон жана мындай катышуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган шартта долбоорлоочу компаниянын тең уюштуруучусу катары чыгууга укуктуу. Мамлекеттик өнөктүн долбоорлоочу компанияга катышуусунун шарттары тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында жана/же МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралууга тийиш.
3. Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача айтылбаса, жеке өнөктүн жана/же долбоорлоочу компаниянын ишин токтотуу, мүлкүн күрөөгө коюу, ажыратуу же акцияларын (мүлктөгү үлүшүн, пайларды) күрөөгө коюу, жеке өнөктүн жана/же долбоорлоочу компаниянын уставдык (пайлык) капиталынын өлчөмүн өзгөртүү мамлекеттик өнөккө алдын ала жазуу жүзүндө кабарлоосуз жүргүзүлбөйт.
26-берене. МЖӨ долбоорун каржылоо
1. Жеке өнөк жана долбоорлоочу компания зайымдарды, кредиттерди тартууга же МЖӨ долбоорун каржылоонун башка ыкмаларын пайдаланууга укуктуу.
2. МЖӨ долбоорун каржылоо максатында жеке өнөк жана/же долбоорлоочу компания өзүнө тиешелүү мүлктү күрөөгө коюуга, мамлекеттик өнөктүн макулдугусуз милдеттенмелерди камсыз кылуунун башка ыкмаларын пайдаланууга укуктуу.
3. Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача айтылбаса, мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жана жеке өнөккө жана/же долбоорлоочу компанияга убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берилген мүлк күрөөгө коюлбайт.
4. МЖӨ долбоорун каржылоо максатында мамлекеттик өнөк, жеке өнөк жана/же долбоорлоочу компания финансылык мекеме менен каржылоо жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу.
27-берене. Инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктары
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, МЖӨ долбоорун ишке ашыруу процессинде жеке өнөк жана/же долбоорлоочу компания инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө карата бирдей мамилени камсыз кылууга милдеттүү.
2. Жеке өнөк жана/же долбоорлоочу компания менен инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
28-берене. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
1. Тендерди өткөрүү процессинде тендердин катышуучулары менен тендердик комиссиянын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте чечилет.
2. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын ортосунда МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүүгө, аткарууга жана токтотууга байланыштуу келип чыккан жана талаш-тартыштар МЖӨ жөнүндө макулдашуунун жоболоруна ылайык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет. Тараптардын талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жүргүзүү жолу менен чечүүлөрү мүмкүн болбогон учурда, талаш-тартыш эгерде тараптар талаш-тартышты жөнгө салуу үчүн башка жол-жобо жөнүндө макулдашууга келишпесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын сот органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бейтарап соттору же эл аралык коммерциялык арбитраж тарабынан каралууга тийиш.
29-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2012-жылдын 28-февралы, № 17);
- Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2016-жылдын 28-июну, № 57).
4. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып даярдоо же тендер өткөрүү баскычында турган МЖӨ долбоору ушул Мыйзамда же Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамында белгиленген жол-жоболорго ылайык мамлекеттик өнөктөштүн тандоосу боюнча ишке ашырылышы мүмкүн экендиги белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|