Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО ИШТЕРИ
БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
БУЙРУК
2017-жылдын 27-октябры № 3
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы ишти уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иштин маселелерин иретке келтирүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы ишти уюштуруу тартиби бекитилсин.
2. Аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысы төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:
- катталгандан тартып үч жумушчу күндүн ичинде "Эркин Тоо" гезитине расмий түрдө жарыялоо же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жайгаштыруу;
- ченемдик актынын жарыяланган булагын көрсөтүү менен буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдөгү эки нускадагы көчүрмөсүн, расмий жарыялангандан тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат катары жиберүү.
3. "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы көзөмөлдөө тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин 1999-жылдын 15-июнундагы № 155 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын (материалдык-техникалык камсыздоо боюнча) орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы полковник |
| М.Касымкулов |
| Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын 2017-ж. 27 октябрындагы №3 буйругуна тиркеме |
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы көзөмөлдөө жөнүндө ушул тартип (мындан ары - Тартип), коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык иштелип чыкты.
Жобо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кургактагы аскерлеринин, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн, Улуттук гвардиясынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин (мындан ары – КР Коргоо комитети) кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин (мындан ары – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин) санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы камсыздоону уюштурууга жалпы талаптарды аныктайт.
2. Санитардык-эпидемиологиялык кызмат – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн медициналык кызматынын санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу бөлүкчөсү.
Санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылык – калктын саламаттыгын сактоону камсыздаган, ден соолук үчүн зыянсыз эмгектенүү, тамактануу, тиричилик, тарбиялоо, окутуу, эс алуу, дене тарбия менен машыгуу шарттарын түзүү боюнча мыйзамдык, долбоордук, техникалык, санитардык-гигиеналык, санитардык-эпидемияга каршы жана уюштуруу иш-чараларынын комплекси менен калктын коомдук саламаттыгын сактоону жана бекемдөөнү камсыздаган адамды курчаган чөйрөнүн абалы.
Санитардык-эпидемиологиялык отряд – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы көзөмөл жүргүзгөн медициналык кызматтын өзүнчө бөлүгү.
3.. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү санитардык-эпидемиялык көзөмөл жугуштуу ооруларды, айлана чөйрөнүн (көлмөлөрдүн, топурактын жана абанын) булганышын алдын алууга, бөгөт коюуга жана жоюуга, аскерлердин эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга, өздүк курамдын ден соолугун бекемдөөгө багытталган санитардык-гигиеналык жана санитардык эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү жана контролдоо тутумун элестетет жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аймагында жайгашкан объекттерде санитардык-эпидемияга каршы эрежелердин жана ченемдердин аткарылышын алдын алуучу жана күнүмдүк көзөмөл формасында жүзөгө ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн санитардык-эпидемиологиялык кызматынын негизин, КР Коргоо комитетинин аскердик-медициналык башкармалыгынын дарылоо жана алдын алуу бөлүмүнүнө караштуу санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иштөө бөлүмчөсү түзөт. Санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иштөө бөлүмчөсү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн, мекемелеринин медициналык кызматтарынын жана санитардык-гигиеналык мекемелеринин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыкты камсыздоо иштерин жетектейт.
5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн санитардык-эпидемиологиялык кызматы өзүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жалпы аскердик уставдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын, Коргоо комитетинин төрагасынын жана алардын орун басарларынын буйруктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарын жана методикалык колдонмолорун, КР Коргоо комитетинин аскердик-медициналык башкармалыгы жөнүндө жобону жана ушул Тартипти жетекчиликке алат.
6. Санитардык-эпидемиялык көзөмөлдүн тапшырмалары:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери жайгашкан жердеги эпидемиялык кырдаалды байкоо жана аскерлердин санитардык-эпидемиялык абалына байкоо жүргүзүү;
- аскерлердин (күчтөрдүн) санитардык-эпидемиялык абалы жана алардын жайгашкан жериндеги санитардык-эпидемиялык кырдаал боюнча маалыматты жыйноо, иштеп чыгуу жана анализдөө;
- аскер кызматчыларынын күжүрмөн-окуу иштерин, күнүмдүк жашоосун, дене боюнун калыптанышын, ооруларды жана башка ден соолукка байланыштуу көрсөтмөлөрдү изилдөө;
- жугуштуу жана кесиптик оорулардын, ошондой эле жашоо чөйрөсүнүн, эмгектин, тиричиликтин жагымсыз факторлорунун ден соолукка тийгизген зыяндуу таасирлери менен шартталган жапырт жугуштуу эмес оорулардын жана уулануулардын алдын алууга багытталган санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү;
- ооруларды божомолдоо, өздүк курамдын эмгек жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга, жугуштуу жана кесиптик оорулардын, ошондой эле жашоо чөйрөсүнүн, эмгектин, тиричиликтин жагымсыз факторлорунун ден соолукка тийгизген зыяндуу таасирлери менен шартталган жапырт жугуштуу эмес оорулардын жана уулануулардын алдын алууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин күнүмдүк окуу-күжүрмөн ишмердигинде жана жашоосунда санитардык эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин өздүк курамынын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгына тиешелүү Жалпы аскердик уставдардын талаптарын сактоо менен санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды иштеп чыгууну, уюштурууну жана өткөрүүнү көзөмөлдөө;
- ичилүүчү суунун, азык-түлүктүн жана башка тышкы чөйрөнүн объекттеринин (топурак, аба) сапатын, коопсуздугун жана андан аркы колдонууга мүмкүндүгүн санитардык-эпидемиологиялык экспертизалоо;
- санитардык көзөмөлдөгү объекттерде тышкы чөйрөнүн терс таасирлерин жана алардын аскер кызматчыларынын ден соолугуна тийгизген зыяндуу таасирин аныкташ үчүн лабораториялык, инструменталдык изилдөөлөрдү, эпидемиялык диагностиканы жүргүзүү жана сынамдарды алуу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин медициналык кызматына өздүк курамдын турмуш-тиричилигин медициналык көзөмөлдөөдө методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү;
- районду тейлөөчү дарылоо-алдын алуу мекемелеринде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүргүзүү, адистерди окутуу жана эпидемияга каршы иштөө режимин уюштурууда жана эпидемияга каршы катуу режимине өтүүдө жардам көрсөтүү;
- аскерлерде өткөрүлүп жаткан санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын сапатын жана натыйжалуулугун баалоо;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин өздүк курамынын жашоо тиричилик шарттарынын сапатына мониторинг өткөрүү жана анын жыйынтыктарын жалпылоо;
- аскерлердин өздүк курамын гигиеналык окутуу жана тарбиялоо иштерине катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн, мекемелеринин жана дарылоо-алдын алуу мекемелеринин медициналык кызматынын иштерин жыйынтыктоо боюнча текшерүүлөргө катышуу;
- аскердик гигиена жана аскердик эпидемиология маселелери боюнча илимий-практикалык иштерди өткөрүү;
- аскерлерди кайра жайгаштыруу райондорунда санитардык-эпидемиологиялык чалгындоо өткөрүү;
- аскерлерди тейлөө районунда медициналык кызматка жүктөлгөн эпидемияга каршы камсыздоо боюнча иш-чараларды пландоону жана уюштурууну өз убагында өткөрүү үчүн ооруларга ыкчам жана ретроспективдүү талдоо жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери жайгашкан райондо жагымсыз эпидемиологиялык кырдаалдын келип чыккандыгы, айлана чөйрөнүн абалы жана санитардык-эпидемиялык иш-чараларды өткөрүү зарылдыгы жөнүндө маалыматты өз убагында жеткирүү;
- аскерлерди эпидемияга каршы коргоонун жана санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөөнүн актуалдуу маселелери боюнча медициналык курамдын окуу-методикалык жыйындарын жана машыгууларын өткөрүүгө катышуу;
- аскерлердин санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы жана иммунологиялык мекемелери, укук коргоо, жаратылышты коргоо жана башка органдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу.
7. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын функциялары:
- лабораториялык, полигондук жана жаңы чыккан модернизациялануучу стационардык курулмаларды жана аскердик жүрүүчү техникаларды, атайын кийимдерди жана жеке коргонуу каражаттарын сыноолордо медициналык кызматтын адистеринин катышуусун камсыздоо;
- жаратылыш чөйрөсүнүн (көлмөлөр, топурак, аба) булгануусун алдын алууга жана жоюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу жана контролдоо;
- жугуштуу жана карантиндик оорулардын жугуусунан жана таркалуусунан аскерлерди санитардык коргоо иш-чараларын өткөрүүнү контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин медициналык кызматынын санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы көзөмөлдөө иштерин башкаруу.
8. Санитардык эпидемиологиялык кызмат төмөнкү учурларда санитардык-гигиеналык жана санитардык эпидемияга каршы эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдойт:
- жер тилкелерин тандоодо, аскер шаарчаларын, окуу борборлорун пландоодо жана курууда, объекттерди жана курулмаларды долбоорлоодо, курууда жана реконструкциялоодо, ошондой эле аларды пайдаланууга кабыл алууда;
- пластикалык көлөмдөрдү жана алардан жасалган буюмдарды, полимердик материалдарды колдонууда;
- азык-түлүк тамак-аштарын ташууда жана сактоодо, аларды кайра иштетүүдө жана сатууда.
9. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар алардын медициналык кызматы тарабынан КР Коргоо комитетинин аскердик-медициналык башкармалыгынын санитардык-эпидемиологиялык кызматы менен макулдашылып жүргүзүлөт;.
10. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгы капиталдык курулуш, электромагниттик нур чыгаруу талаасы бар күч жана генератордук орнотмолорду колдонууга киргизүү маселелерин кароодо, казармалык фондду, имараттарды жана курулуштарды капиталдык оңдоодо, полимердик заттарды колдонууда, ошондой эле химиялык жана радиоактивдүү заттар менен иштөө жана аларды ташууда КР Коргоо комитетинин аскердик-медициналык башкармалыгына жана санитардык-эпидемиологиялык кызматына кыска мөөнөттүн ичинде кабарлоого милдеттүү.
11. КР Коргоо комитетинин аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысы, бөлүмдөрүнүн (бөлүмчөлөрүнүн) башчылары кирген санитардык-эпидемиологиялык кызматына, өзүнчө санитардык-эпидемиологиялык отряддардын командирлерине, врач-эпидемиологдорго, гигиенисттерге, бактериологдорго, санитардык врачтарга өздөрүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүдөй укуктар берилет:
- эч бир тоскоолсуз, кайсы учурда болбосун кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл объекттерине санитардык-гигиеналык жана санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды контролдоо үчүн баруу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын, Коргоо комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы башкармалыктарына, башкармалыктарына, өзүнчө бөлүмдөрүнө, Куралдуу Күчтөрдүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн командирлерине жана мекемелеринин башчыларына санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүп керектүү күжүрмөн даярдоо иш-чараларын өткөрүүнү сунуштоо;
- КР Коргоо комитетинин санитардык-эпидемиологиялык отряддарынын, аскердик ооруканаларынын командирлеринен, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин медициналык кызматынын башчыларынан аскер кызматчыларынын санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы бакубатчылыгын камсыздоо маселелери боюнча оперативдүү маалыматтарды алуу;
- эпидемияга каршы керектүү иш-чараларды жана аны аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен эпидемиологиялык териштирүүлөрдү өткөрүү;
- адамдын ден соолугуна коркунуч келтирүүчү химиялык заттарды, пластикалык жана полимердик көлөмдөрдү, айыл-чарба өсүмдүктөрүнө, жаныбарларга өсүү стимуляторун колдонуу, азык-түлүк өнүмдөрүн тазалоодо химиялык заттардын колдонулушуна тыюу салуу;
- даяр тамак-аш азыктары жана суу жараксыз болуп таанылса, аларды колдонууга жана ичүүгө тыюу салуу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн, мекемелеринин командирлерине сөзсүз түрдөгү медициналык текшерүүлөрдү, кароолорду толук өтпөгөн, санитардык минимумду тапшырбаган жана санитардык-гигиеналык талаптарды өзүнүн атайын деңгээлинде билбеген адамдарды жана өзүнүн жумушу аркылуу жугуштуу ооруулардын таркалышына себепкер болгон бактериясы бар адамдарды жумуштан убактылуу четтетүүнү сунуштоо (табылган кемчиликтерди жоюуга чейин);
- лабораториялык анализ жана гигиеналык экспертиза үчүн азык-түлүк тамак-ашын, буюмдарды, заттарды жана материалдарды алуу, ошондой эле тамак-аштын жана даяр тамактын сынамын алуу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн, мекемелеринин жана аскер шаарчаларынын аймагында жашаган аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жумушчуларынын жана кызматчыларынын жугуштуу оорулар менен ооругандарын сөзсүз түрдө башкаларга жугуп калуу коркунучун алдын алуу үчүн стационардык дарылануусун талап кылуу;
- жугуштуу ооруулар менен ооруган адамдар менен байланышы болгондорго карантиндик иш-чараларды жүргүзүү;
- оорулуу колдонгон жана инфекциялык ооруларды жуктуруп алуу коркунучун туудурган буюмдарды, ошондой эле ал турган жайды жана аны курчаган аймакты сөзсүз дезинфекциялоону талап кылуу;
- адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген зыяндуу физикалык таасирлерден (ызы-чуу, электромагниттик нурдануу ж.б) абаны сактоо маселелери боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- эпидемиялык көрсөткүчтөр бар болгондо, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин органдары менен макулдашуу боюнча өздүк курамды профилактикалык эмдөө маселесин чечүү;
- объекттин санитардык-эпидемиологиялык абалын билүү үчүн кызмат адамдарынан керектүү маалыматтарды жана документтерди, Кыргыз Республикасынын Улуттук эмдөө календарына ылайык өздүк курамды профилактикалык эмдөө жөнүндө документтерди талап кылуу;
- санитардык-эпидемиологиялык бузууларды четтетүүдө сунуштарды берүү жана методикалык жардам көрсөтүү;
- санитардык-гигиеналык жана санитардык-эпидемияга каршы ченемдердин жана эрежелердин бузулушуна күнөөлүү кызмат адамдарын тартип жоопкерчилигине тартуу маселесин коюу;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана башка мамлекеттик органдар менен биргелешип, санитардык-эпидемиялык маселелер боюнча өз-ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу;
- өздүк курамды ташуучу автотранспорттун жана азык-түлүк ташуучу санитардык автотранспорттун санитардык абалы канааттандарлык эмес жана аскер кызматчыларынын ден соолугуна зыян келтирүү коркунучу бар болсо аларды колдонууга тыюу салуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
12. КР Коргоо комитетинин санитардык-эпидемиологиялык кызматы төмөнкүлөр боюнча корутунду берет:
- жалпы аскердик имараттарды, атайын объекттерди, аскер шаарчаларын, окуу борборлорун жана башка аскер объекттерин долбоорлоо жана куруу ченемдери боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн, мекемелеринин объекттерин курууга жер участокторун берүү, суу алгычтын ордун, агынды сууларды агызуунун, абага бөлүп чыгаруунун шарттарын жана катуу таштандыларды чогултуу, зыянсыздандыруу жерлерин аныктоо боюнча;
- колдонуудагы ченемдердин жана эрежелердин талаптарынан четтөө зарылчылыгы келип чыкканда, ошондой эле бекитилген ченемдер жана эрежелер жок болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн имараттарын, курулуштарын жана ишканаларын курууга техникалык (техникалык-жумушчу) долбоорлор жана жумушчу чиймелер боюнча;
- даяр объекттерди кабыл алуу боюнча мамлекеттик комиссиялардын иштерине катышуу жана алардын санитардык-гигиеналык жана санитардык-эпидемияга каршы ченемдерге, эрежелерге жана бекитилген долбоорлорго ылайыктыгы жөнүндө;
- иштеп жаткан өндүрүш объекттерин жана өндүрүш жабдууларын, коммуналдык жана гидротехникалык курулмаларды, коомдук тамактануу жана соода ишканаларын, маданият, тиричилик тармагындагы имараттарды жана башка объекттерди алардын санитардык абалы начар учурда же ден соолукка зыяндуу таасири болгондо, санитардык жана эпидемияга каршы иш-чараларын өткөргөнгө чейин колдонууга тыюу салууга жана токтотууга;
- санитардык-гигиеналык жана санитардык-эпидемияга каршы ченемдер жана эрежелер, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген долбоорлор бузулган учурда, курулмалардын жана имараттардын курулушундагы айрым иштерди токтотууга.
Объектердин курулушун убактылуу токтотуу жана колдонууга тыюу салуу жөнүндө чечимдер, бул объекттер баш ийген тиешелүү командирлерге (башчыларга) жана медициналык кызматтын жогору турган башчыларына жеткирилет.
13. КР Коргоо комитетинин санитардык-эпидемиологиялык кызматынын санитардык-эпидемиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- санитардык мыйзамдардын бузулушун алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыкты камсыздоого багытталган ыйгарым укуктарды өз убагында жана толук көлөмдө аткарууга;
- профессионалдык, жалпы жугуштуу эмес жана жугуштуу оорулардын чыгуу шарттарын табуу жана себептерин белгилөөгө;
- санитардык-эпидемиологиялык абалды жана аскер кызматчыларынын ооруларын талдоонун негизинде ден соолукту чындоо иш-чараларын өткөрүү сунушун тиешелүү командачылыктын кароосуна киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн командирлеринин жана мекемелеринин башчыларынын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылык маселелери боюнча кайрылууларын карап чыгууга жана тиешелүү чараларды көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин өздүк курамынын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар жана санитардык-эпидемиологиялык абал жөнүндө жогору турган командачылыкка баяндоого;
- КР Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык мекемелери менен биргеликте КР КК кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин өздүк курамынын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүгө;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда аларга маалым болгон мамлекеттик, врачтык жана башка мыйзам менен коргоого алынган купуя маалыматтарды сактоого;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин башчыларынан, командирлеринен, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилеринен санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы эрежелердин жана ченемдердин сакталбагандыгына байланыштуу кемчиликтерди жоюуну талап кылууга жана эпидемияга каршы иш-чаралардын аткарылбагандыгына байланыштуу күнөөлүү адамдарга тартип жазасын берүү маселесин коюуга.
14. Пландуу санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөттөрү:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүнүндө жана мекемелеринде санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы текшерүүлөр КР Коргоо комитетинин санитардык-эпидемиологиялык кызматы тарабынан бардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алынган объекттерде ай сайын өткөрүлөт (оорук кызматынын, суу менен жабдуунун, казармалык фонддун, окуу процессинин, автопарк кызматынын, аскер шаарчасынын жана турак жай фондунун, кароол кызматынын объекттери);
- ичилүүчү сууну гигиеналык жана бактериологиялык текшерүүлөр КР Коргоо комитетинин өзүнчө санитардык эпидемиологиялык отрядынын лаборант-бактериологдору жана гигиенисттери тарабынан өткөрүлөт:
а) жер астындагы суулар жана борбордук эмес суу менен жабдуу үчүн – квартал сайын;
б) жер үстүндөгү булактар үчүн – ай сайын;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин өздүк курамынын арасында чыккан жугуштуу жана жугуштуу эмес массалык жана кээде болуучу ооруларды эпидемиологиялык териштирүүлөр врач-эпидемиолог тарабынан жүргүзүлөт;
- ашканалардагы тамак-ашты күнүмдүк сактоочу кампадагы жана азык-түлүк кампаларындагы тамак-аш азыктарынын сапатын жана коопсуздугун гигиеналык жана бактериологиялык текшерүү квартал сайын КР Коргоо комитетинин өзүнчө санитардык эпидемиологиялык отрядынын лаборант-гигиенисттери тарабынан жүргүзүлөт;
- азык-түлүктүн жайгаштырылышына карата даяр тамактын шайкеш чыгуусун аныктоо (таразалоо ыкмасы менен), ашкана жана тамак даярдоочу идиштерди жуучу ванналардагы суунун температурасын өлчөө, ашкана идиштеринин таза жуулушун жана жугушсуздандыруунун сапатын аныктоо, суткалык рациондун калориясын жана химиялык курамын аныктоо КР Коргоо комитетинин өзүнчө санитардык-эпидемиологиялык отрядынын лаборант бактериологдору жана гигиенисттери тарабынан ай сайын жүргүзүлөт;
- хлордуу акиташтагы, хлораминдеги жана башка хлор камтыган препараттагы хлордун активдүүлүгүн аныктоо – анализдердин келишине жараша ай сайын;
- декреттелген контингенттерге бактериологиялык текшерүүлөрдү жүргүзүү: жумушка кирип жатканда – бир жолу жана андан кийин бир жылда 1 жолу;
- декреттелген контингенттердин санитардык-техникалык минимумду билиши боюнча сабак өтүү менен зачет алуу – жумушка кирип жаткан учурда бир жолу жана андан кийин бир жылда 1 жолу.
15. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча командачылыкка төмөнкү чечимдер даярдалып сунушталат:
1. Санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы текшерүүнүн актысы ошол текшерген жерде КР Коргоо комитетинин өзүнчө санитардык эпидемиологиялык отрядынын врач-адистери тарабынан эки нускада түзүлөт же санитардык-эпидемиялык профильдеги врач-адистер тарабынан сөзсүз түрдө кызмат ордун, текшерген күнүн, текшерүү объектисин белгилөө менен табылган кемчиликтерди жана аларды жоюу боюнча так убакытты көрсөтүү менен сунуштар берилет. Текшерүү актысы менен таанышкандан кийин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан кол коюлат.
2. Эпидемиологиялык териштирүү актысы эки нускада түзүлөт:
- оорулуунун өзү менен маектешип оорунун анамнезин (баянын) топтоодо;
- оорулуу табылган түздөн-түз көзөмөл объектисинде.
Эпидемиологиялык териштирүү актысы сөзсүз түрдө териштирүү жүргүзүлгөн күндү, ордун, оорунун баянын (туулган жылы, аскер комиссариатын көрсөтүү менен аскерге чакырылган убагы, ооруган күнү, аныкталган учуру жана госпитализация болгон күнү, эпидемиологиялык баяны) көрсөтүү менен толтурулат. Көзөмөл объектисинде эпидемиологиялык териштирүү актысын түзүүдө оорунун таркалышына жана жугушуна себептүү бардык санитардык-гигиеналык режимдин бузулушу көрсөтүлөт.
3. Санитардык жазма эскертүү – КР Коргоо комитетинин өзүнчө санитардык-эпидемиологиялык отрядынын врач-адистери тарабынан же санитардык-эпидемиялык профильдеги врач-адистер тарабынан санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы текшерүү болгон ордунда, актыга толуктоо иретинде түзүлөт.
16. Санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы текшерүүлөрдүн натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде табылган санитардык-гигеналык жана эпидемияга каршы режимди сактабоо жана аны одоно бузуу себебинен, өздүк курамдын жалпы ооруларынын келип чыгышына күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык жоопкерчилик тартат, өздүк курамдын каза болуусуна алып келген өзгөчө учурларда териштирүүгө Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын органдары кошулат.
17. КР Коргоо комитетинин санитардык-эпидемиологиялык мекемелеринин адистеринин өз компетенциясындагы маселелер боюнча чечимдери жана корутундулары көзөмөл объекттеринин командирлери, башчылары жана тиешелүү кызмат адамдары үчүн милдеттүү.
18. КР Коргоо комитетинин санитардык-эпидемиологиялык кызматынын кызматчыларынын иш-аракеттери медициналык кызматтын жогору турган кызмат адамына даттанылат. Бардык учурда даттануу берилген менен чечимдин аткарылышы токтотулбайт.
19. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын бөлүнүштөрүнүн өздүк курамы, персоналдары жалпы негиздерде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык юридикалык жоопкерчилик тартат.
КР КК санитардык-гигиеналык
жана эпидемияга каршы ишти
уюштуруу тартибине 1-тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
КОРГОО ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТ
САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ТЕКШЕРҮҮНҮН АКТЫСЫ
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аталышы
Күнү калктуу конуш
Биз,__________________________________________________________
аскердик наамы, фамилиясы, аты жөнү, ээлеген кызматы
_____________________________________________________________катышуусунда
аскердик наамы,фамилиясы,аты жөнү, ээлеген кызматы
_____________________________________________________текшерүү жүргүздүк.
Текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталды:
_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Жогоруда жазылгандардын негизинде, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, төмөнкүлөрдү сунуштайм:
1._________________________________________________________________
2._________________________________________________________________
(текшерүүчүнүн) аскердик наамы, фамилиясы, аты жөнү, ээлеген кызматы
_______________________________________________________________
(коштоочунун) аскердик наамы, фамилиясы, аты жөнү, ээлеген кызматы
КР КК санитардык-гигиеналык
жана эпидемияга каршы ишти
уюштуруу тартибине 2-тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
КОРГОО ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТ
САНИТАРДЫК ЖАЗМА ЭСКЕРТҮҮ
Күнү калктуу конуш
Кимге:____________________________
Биз,_________________________________________________________
аскердик наамы, фамилиясы, аты жөнү, ээлеген кызматы
______________________________________________________катышуусунда
аскердик наамы, фамилиясы, аты жөнү, ээлеген кызматы
санитардык көзөмөл жүргүзүлдү жана анын жүрүшүндө__________________
санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы ченемдержин жана эрежелердин бузулгандыгы аныкталды.
“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 200-ж.10.12. №778 токтому менен бекитилген Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызмат жөнүндө жобону жетекчиликке алып, аскердик кызматты жана күнүмдүк турмушту жакшыртуу жана өздүк курамдын арасындагы оорулардын чыгышын алдын алуу максатында
СУНУШТАЙМ:
1._________________________________________________________________
2._________________________________________________________________
3._________________________________________________________________4._________________________________________________________________
5._________________________________________________________________
20____ж. “____”_______чейин көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүнү өтүнөм.
__________________________________________________________________
кызматы
_________________________________________________________________
аскердик наамы, фамилиясы, аты жөнү, ээлеген кызматы
Санитардык жазма эскертүү _______________________________ тапшырылды.
аскердик наамы, фамилиясы, аты жөнү, ээлеген кызматы
КР КК санитардык-гигиеналык
жана эпидемияга каршы ишти
уюштуруу тартибине 3-тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
КОРГОО ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТ
ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ТЕРИШТИРҮҮ АКТЫСЫ
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аталышы
Күнү калктуу конуш
Биз,_______________________________________________________
аскердик наамы, фамилиясы, аты-жөнү, ээлеген кызматы
___________________________________________________катышуусунда
аскердик наамы, фамилиясы, аты-жөнү, ээлеген кызматы
________________оору табылгандыгына байланыштуу эпидемиологиялык териштирүү жүргүздүк.
Териштирүү учурунда аныкталды:
1. Фамилиясы, аты-жөнү___________________________________________
2. Туулган датасы_________________________________________________
3. Кайсы аскер комиссариатынан чакырылган жана качан_______________
________________________________________________________________
4. Ооруган датасы_________________________________________________
5. Кайрылган датасы______________________________________________
6. Госпиталга жаткан датасы________________________________________
7. Алдын ала коюлган диагнозу, датасы______________________________
8. Лабораториялык далилденген акыркы диагнозу, датасы_______________
________________________________________________________________
9. Оорулуу качан жана ким аркылуу аныкталган: денесин кароо учурда, тереңдетилген медициналык текшерүүдө, эпидкароодо, медициналык жардамга кайрылууда.
10. Оорулууну алып келген унаанын түрү_________________________
11. Акыркы иммунизациялоонун маалыматтары (пландуу, эпидкөрсөтмө боюнча, датасы, эмделген, эмделген эмес, баш тартуунун себеби)______________________________________________________
12. Лабораториялык текшерүүлөр өткөрүлгөн, өткөрүлгөн эмес.
13. Диагнозу аныкталган:
Клиникалык | Датасы | Текшерүүнүн жыйынтыгы | ||
1 |
|
| ||
лабораториялык | бактериологиялык | 2 |
|
|
микроскопиялык | 3 |
|
| |
серотологиялык | 4 |
|
| |
биохимиялык | 5 |
|
| |
башка методдор менен | 6 |
|
| |
14. Ооруну жугузуунун болжолдуу убагы:____________________________
15. Оорунун пайда болушуна маанилүү болгон жугуштуу мезгил учурунда оорулуу туш болгон өзгөчө шарттар жана жагдайлар
| Дареги, орду | Убактысы, датасы |
Башка калктуу конушта болуу (иш сапарда, кызмат боюнча которулууда, бошонууда) |
|
|
Тааныштарынын, жакындарынын, туугандарынын келүүсү |
|
|
Туруктуу жайгашкан пункттан сырткары талаа чыгуулары, чарба иштери жана башка |
|
|
Стационарда болуу (КР КК чакырууга чейин жана анык аскердик кызмат өтөө учурунда) |
|
|
Плазма жана кан куюу |
|
|
Медициналык манипуляциялар, кайсы түрү |
|
|
Үй жаныбарларын (канаттууларды) кармоо жана багуу |
|
|
Башкалар |
|
|
16. Ушул оорунун чыгышына себепкер тамак-аш азык-түлүктөрү, суу жөнүндө маалыматтар (эң негизги мүмкүн болгон факторлорго маалыматтар жазылат):
Азыктын аты, суу булагы | Алуу датасы жана жери | Колдонуу датасы жана жери | Сактоо шарттары | Оорулуунун же башка адамдардын сөздөрү боюнча сапаты |
|
|
|
|
|
17. Жугузуу булагы болушу мүмкүн болгон адамдар (оорулуулар же ушул инфекцияга шектүүлөр, реконвалесценттер, инфекция алып жүрүүчүлөр, донорлор):
Фамилиясы, аты, атасынын аты | Диагнозу жана клиникалык формасы (донорлук) | Орду, убактысы, сүйлөшүү жагдайы | Текшерүүнүн жыйынтыктары |
|
|
|
|
|
|
|
|
18. Өздүк курамдын ичинде оорунун таркалышын алдын алуу боюнча медициналык кызмат тарабынан кандай иш-чаралар өткөрүлдү:
- байланышы барларлардын санын белгилөө_________________________
- байланышы барларды байкоо барагын жүргүзүү__________________
- өздүк курамга өзгөчө профилактика өткөрү_______________________
* Эскертүү:
Оорулуу жаткызылган аскер бөлүгүндө эпидемиялык териштирүүнү жүргүзүү санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы текшерүүнүн алгоритми боюнча өткөрүлөт, мындан тышкары оорунун жугушуна, таркашына шарт түзгөн объекттерге жана жугуштуу оорунун таркалыш механизмин бузууга кандай иш-чаралар өткөрүлгөндүгүнө көңүл буруу керек (карантин, обсервация, учурдагы дезинфекция, корутунду дезинфекция, дезинсекция, дератизация).
19. Жыйынтыктар:
Булгануу аскер бөлүгүндө, а/б тышкары (убактылуу болуу районунда) болду.
Жугуштуу оорунун болжолдуу булагы: булагы табылган жок, булагы табылды (адам, жаныбар).
Очоктогу оору : _________биринчи жолкусу, ________ кийинкилери.
Жугуштуу оорунун козгогучун жугузуунун болжолдуу негизги фактору аныкталган жок, аныкталды (суу – суу түтүктөрү, кудук суусу, ачык көлмө суулары, канализациялык, суусундуктар, ширелер, сүт, каймак, уйдун майы, быштактар, эт жана балык азыктары, салаттар, ысык даяр тамактар).
Жугузуунун болжолдуу фактору: аныкталган жок, аныкталды (турмуш-тиричилик байланышы, аба аркылуу, кан, плазма, алып жүрүүчү жаныбарлар жана башкалар).
Булганууга түрткү болгон шарттар: жагдайы табылган жок, жагдайы табылды: булагын өз убагында эмес табуу жана бөлүү, өтө тыгыз жайгашуу (аскер кызматчыларынын туура эмес жайгашуусу), дезинфекциялык режимди сактабоо, өз убагында иммунизация өткөрбөө, башка эпидемияга каршы эрежелерди бузуу, жаратылыш очогуна чыгуу, өздүк курамдын жана ашкана жумушчуларынын өздүк гигиена эрежелерин сактабагандыгы, канализация жана суу түтүктөрүнүн авариясы. Төмөнкү учурларда санитардык эрежелерди бузуу: тамак жасоодо, азык-түлүктү сактоодо жана ташууда, чийки заттарды тазалоодо, ашкана шаймандарын жууганда жана дезинфекциялоодо, өндүрүш жайларын тийиштүү санитардык абалда кармоодо.
Жогоруда жазылгандардын негизинде, өздүк курамдын арасында оорунун андан ары таралышын болтурбоо максатында, төмөнкүлөрдү сунуштайм:
1._______________________________________________________________
2._______________________________________________________________
Көрүлгөн чаралар жана аткарылган иш-чаралар жөнүндө 20___-ж. «____»_________чейин билдирүүнү өтүнөм.
________________________________________________________________
(эпидтекшерүүчүнүн) аскердик наамы, фамилиясы, аты жөнү, колу, ээлеген кызматы
________________________________________________________________
(коштоочунун) аскердик наамы, фамилиясы, аты жөнү, колу, ээлеген кызматы