Загрузка документа…
КР ИИМнин 2023-жылдын 30-мартындагы № 1-буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТИРЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 04-апрели № 302
«Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалым каттарды акысыз жана акы төлөө негиздеринде берүү» мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн Администрациялык регламентин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө» №26 токтомунун 2-пунктунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» №530 токтомунун 1-тиркемесинин 2-пунктунун негиздеринде жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде «Бирдиктүү терезе» принцибин ишке киргизүү жана маалым каттардын баасы өзгөргөндүгүнө байланыштуу «Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалым каттарды акысыз жана акы төлөө негиздеринде берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн Администрациялык регламентинин процесстерин ылайыкка келтирүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдамаларды акысыз жана акы төлөмө негиздеринде берүү боюнча Администрациялык регламент тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББ, облустагы ИИБ жана Бишкек жана Ош шаарларындагы ИИБ ушул буйруктун натыйжалуу аткарылышы боюнча керектүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2018-жылдын 28-мартындагы «Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалым каттарды акысыз жана акы төлөө негиздеринде берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн Администрациялык регламентин бекитүү жөнүндө» №339 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын башчысы милициянын полковниги Б.С. Курманалиевге жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору К.С. Асановго жүктөлсүн.
Министр милициянын генерал-майору | К. Джунушалиев |
Кыргыз Республикасынын
ИИМдин 2019-жылдын 4-апрелиндеги
№ 302 буйругуна тиркеме
(2012-жылдын 10-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 85 токтомунун 39-391 - пункттарынын Маалыматтарды берүү, 6-бап: мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн Бирдиктүү реестри (тизмеси))
1. Ушул регламент төмөндөгүлөрдү аныктайт:
- Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын жарандарына же Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет элдик жарандарга, ошондой эле юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалым каттарды берүүдө арыздарды кабыл алуусунун эрежеси (мындан ары-Маалым кат);
- арыздарды кароонун, иштеп чыгуунун, ошондой эле Маалым каттарды берүүнүн тартиби;
- Маалым кат жана Типтүү келишимдин арыз формасындагы бирдиктүү талаптары;
2. Мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы (мындан ары-МТББ) ишке ашырат.
МТББнын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын ИИОнун аймактык ыйгарым укуктуу маалыматтык-аналитикалык бөлүктөрү, ушул регламенттин жоболоруна ылайык, жеке жана юридикалык жактарга маалым каттарды берүүнү камсыз кылышат.
3. Ушул тейлөөлөрдүн Администрациялык регламенти 2014-жылдын 3-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 303 токтому менен бекитилген тейлөөлөрдүн стандарттарынын талаптарына ылайык келет.
4. Берилген стандарттык тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн негизги параметри:
1) Тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
- акысыз негизде – 7 жумушчу күндөн көп эмес;
- акы төлөөнүн негизинде, тез арада алуу тартиби – 3 жумушчу күндөн көп эмес.
Эгерде маалым катты берүүдө кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, анын мөөнөтү арыз ээсинин макулдугу боюнча 3 жумушчу күнгө узартылышы мүмкүн.
Бардык арыздарды аткаруунун убагы, сутка ичинде келип түшкөн арыздардын санына жана арыздарды иштеп чыгууга тартылган персоналдын санына көз каранды болот. Арыздар алардын келип түшкөн кезегин эске алуу менен иштелип чыгат.
2) Тейлөө көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
а) жеке жактар үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын же Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет элдик жарандардын электрондук же жазуу түрүндөгү арыздары.
Электрондук арыз «Б-Маалым кат» (мындан ары – «Б-Маалым кат» тутуму) автоматташтырылган маалыматтык тутумуна автоматтык түрдө түзүлөт.
Арыз ээсинин жеке идентификациялык номери жок болуп калган учурда, арыз ээси 1-Тиркеменин белгиленген формаларына ылайык, жазуу түрүндө арыз менен кайрылышы мүмкүн.
Жазуу түрүндө арыз берүү учурунда, ага текшерилүүчүнүн өздүгүн күбөлөндүрүүчү документинин көчүрмөсү тиркелет.
Жарандар даяр болгон маалым каттарды алуу үчүн өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтерин көрсөтүүсү зарыл.
Эгерде адамдар өз алдынча маалым катты алуу үчүн органга кайрыла албаган учурларда, маалым катты алууга муктаж болгон жарандын паспортунун көчүрмөсү жана нотариалдык күбөлөндүрүү менен башка жеке же юридикалык жактар менен кайрылса болот.
б) юридикалык жактар үчүн:
- 2-Тиркеменин белгиленген формаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББгы менен келишим;
- ишке кабыл алынган жаранга же кардарга карата, анын текшерүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу менен арыз/сурамдар (Типтүү келишимдин тиркемесинин белгиленген формасы);
- текшерилүүчүнүн өздүгүн тактыктоочу документинин көчүрмөсү.
3) Акы төлөө негизинде, тез арада алуу тартиби боюнча тейлөөлөрдүн баасы:
- 3 сутка – 86 сом;
- 1 сутка – 191 сом.
4) Тейлөөнүн жыйынтыктары:
Маалым кат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын соттуулугунун бар болуусу тууралуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын соттуулугунун жок болуусу тууралуу;
- адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө маалыматтын бар болуусу тууралуу;
2. Тейлөөлөрдү көрсөтүү процессиндеги аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
5. Тейлөөлөрдү көрсөтүү өндүрүшү төмөнкүдөй жол –жоболор топтомун камтыйт:
а) жеке жактар үчүн:
№ | Жол-жоболордун аталыштары | Эскертүү |
1. | Электрондук арыздарды кабыл алуу жана каттоо
| Электрондук жол менен келген арыздар: - электрондук тейлөөлөрдүн мамлекеттик порталы; - КР ИИМдин электрондук тейлөө порталы; - КР ИИМдин электрондук тейлөө порталы тутумуна кошулган программалык-аппараттык тутуму, төлөм терминалдары. |
2. | Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугун текшерүү |
|
3. | Маалым каттарды түзүү |
|
4. | Маалым каттарга мөөр коюу жана кол белги коюу |
|
5. | Маалым каттарды курьер аркылуу МТКБна жеткирүү |
|
6. | Маалым каттарды берүү |
|
б) юридикалык жактар үчүн:
№ | Жол-жоболордун аталыштары | Эскертүү |
1. | Арыз/сурамдарды кабыл алуу жана каттоо | Көрсөтүлгөн документтердин толуктугун текшерүү менен катар тууралыгына да текшерүү жүргүзүү |
2. | Арыз/сурамдарды КР ИИМдин МТББна курьер аркылуу жеткирүү |
|
3. | Тиешелүү маалыматтарды белгилөө менен адамдарды текшерүү (Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу) |
|
4. | Маалым кат/маалыматтарды курьер аркылуу МТКБга жеткирүү |
|
5. | Маалым кат/маалыматтарды берүү |
|
6. а) жеке жактар үчүн:
б) юридикалык жактар үчүн:
7. а) жеке жактар үчүн:
1. АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ЖАНА КАТТОО | ||||
Иш-аракеттердин аталыштары | Аткаруучу кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракеттердин жыйынтыктары | Иш-аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
1. «Б-Маалым кат» тутумундагы автоматтык түрдө түзүлгөн арыздарды басып чыгаруу
Жеке идентификациялык номери жок жарандарга же чет элдик жарандарга жеке штрих-коддорду берүү
| ОКУжСУВУжСГУИТ адиси
МТКБнын оператору | 3 мүнөт.
3 мүнөт.
| Түзүлгөн арыздар
Арыз ээсине тейлөөлөрдүн электрондук порталына же төлөм терминалдарына кирүү үчүн берилген жеке штрих-коддор | 2016-жылдын 17-июнундагы КРӨТ
Кызматтык нускама
МТКБнын лицензиялоо менен мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүчү КР ИИМдин бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Нускама
|
1 –иш аракет | 1 адам | 3 мүнөт. |
| 3 документ |
Жол-жобонун жыйынтыктары: Кабыл алынган арыздар | ||||
Жол-жобонун типтери: Уюштуруу- башкаруучулук | ||||
Жол-жобонун типтери: Жарандар электрондук арыз берүү үчүн электрондук тейлөөлөр порталына же электрондук тейлөө порталы тутумуна кошулган төлөм терминалдарына, программалык-аппараттык тутумуна өзүнүн жеке идентификациялык номерин киргизүү зарыл, жыйынтыгында берген арызы автоматтык түрдө түзүлөт. Электрондук арыз берүүдө, эгерде арыз акы төлөөнүн негизинде Маалым катты тез аранын ичинде алууга арыз берилген учурда, арыз ээсине арызды кабыл алуу тууралуу тастыкталган маалыматтарды, ошондой эле зарыл төлөмдөрдү жүргүзүү тууралуу маалыматтарды көрсөтөт. Ошону менен бирге, берилген арызга номер ыйгарылат, ыйгарылган номердин негизинде арыз ээси төлөмдөрдү жүргүзөт. Электрондук арыз МТББнын адистери тарабынан кагаз түрүндө алып жүрүүгө басылып чыгарылат. Жеке идентификациялык номери жок, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандарга же чет элдик жарандарга МТКБнын оператору тарабынан жеке штрих-коддор берилет. Андан соң электрондук арыз берүү үчүн жарандар электрондук тейлөөлөр порталына же электрондук тейлөө порталы тутумуна кошулган төлөм терминалдарына, программалык-аппараттык тутумуна берилген жеке шрих-коддорун киргизүү зарыл, жыйынтыгында берген арызы автоматтык түрдө түзүлөт. МТКБнын оператору тарабынан берилген штрих-коддордун негизинде, арыз ээси Маалым катты тез арада берүү тейлөөлөрүнүн баасын төлөйт. Соттуулугу же кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы (өкүм чыгрылган күнү, сот органдары, чыгарылган чечимдер, айыптоо беренеси, жазанын түрү жана мөөнөтү, бошотулган күнү, соттуулугу жоюлган жана алынган күнү жана негизи) жөнүндө деталдаштырылган маалыматтарды алуу үчүн арыздарды “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Регламентке ылайык, КР ИИМдин Маалыматтык технология башкы башкармалыгы карайт.
| ||||
2. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА АДАМДЫН КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕ ТАРТЫЛГАНДЫГЫ, СОТТУУЛУГУНУН БАР ЖЕ ЖОКТУГУН ТЕКШЕРҮҮ
| ||||
1. Адамдарды ыкчам – маалымдама картотекадан текшерүү;
2. Арыздардын арткы бетине бар болгон маалыматтарды жазуу же адамдардын жоюлган соттуулугуна эсептөө жүргүзүү (бар болсо);
3. Аткаруучунун номерленген бурч мөөрүн жана күнүн коюу;
4. Статистика базасы боюнча адамдарды текшерүү;
5. ОКУжС базасы боюнча адамдарды текшерүү;
6. Издөө базасы боюнча адамдарды текшерүү (зарыл болгон учурларда);
7.Арыздардын арткы бетине белгиленген маалыматтарга КР ИИМдин МТББнын ОКУжСУВУжСГ башчысы тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл
| ОКУиСУВУиСГУИТ кызматкерлери | 1 мүнөт.
3 мүнөт.
10 сек.
1 мүнөт.
1 мүнөт.
1 мүнөт.
1 мүнөт. | Арыз ээси жөнүндө маалыматтарды алуу
Жүргүзүлгөн жазуулар же соттуулугун жоюу предметин эсептөө
Аткаруучунун арыздардын арткы бетине номерленген бурч мөөр коюу жана текшерилген күнүн коюу
Аткаруучунун текшерилген күнү менен коюлган бурч мөөрү
Арыз ээси жөнүндө маалыматтарды алуу
КР ИИМдин МТББнын ОКУжСУВУжСГ башчысы тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл | 2016-жылдын 17-июнундагы КРӨТ
Иш милдеттер
|
7-иш аракет | 5 адам | 8 мүнөт.10сек. |
| 2 документ |
Жол-жобонун жыйынтыктары: Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалыматтарды алуу | ||||
Жол-жобонун типтери: Уюштуруу- башкаруучулук | ||||
Жол-жобону тизмектөө: Арыз ээсинин арызы боюнча маалыматтарды текшерүүдө, МТББнын ыкчам-маалымдама картотекасынын жооптуу кызматкери арыздын арткы бетине кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы же соттуулугунун бар/же жок экендиги тууралуу маалыматтарды чагылдырат. Ошону менен бирге, эгерде кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы же анын айыптоо өкүмү тууралуу маалыматтар болгон учурда сактоо мөөнөтү боюнча чыгарылат, анда арыздын арткы бетине “маалымат жок” бурч мөөрү коюлат. Бир эле убакытта Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык, соттуулугун жоюунун (же алуунун) негиздери жана күнү тууралуу маалыматтар жана сактоо мөөнөтү боюнча эсептен чыгарылган күнү тууралуу маалыматтар чагылдырылат. Ошондой эле, текшерүүнү ишке ашырган жооптуу кызматкердин колу жана аткарган күнү көрсөтүлөт. Андан –ары арыздар ОКУиС жана статистика базасы, ошондой эле зарыл болгон учурларда издөө базасы боюнча текшерилүүгө тийиш. Белгиленген маалыматтар тууралуу контролдук текшерүүнү ОКУиСУВУиСГУИТ башчысы ишке ашырат.
| ||||
3. МААЛЫМ КАТТАРДЫ ТҮЗҮҮ | ||||
1.Маалым каттарды басып чыгаруу
| ОКУиСУВУиСГУИТ адиси | 1 мүнөт. | Мөөр жана кол белги коюуга даяр болгон түзүлгөн жана басылып чыгарылган маалым каттар | 2016-жылдын 17-июнундагы КРӨТ
Кызматтык нускама
|
1 –иш аракет | 1 адам | 1 мүнөт. |
| 2 документ |
Жол-жобонун жыйынтыктары:түзүлгөн маалым каттар | ||||
Жол-жобонун типтери: Уюштуруу- башкаруучулук | ||||
Жол-жобону тизмектөө: Арызды текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча ушул Регламенттин 3-Тиркемесинде көрсөтүлгөн формаларына ылайык А-5 кагаз форматында МТББнын расмий номерленген фирмалык бланкына басылып чыгарылат жана Маалым кат таризделет.
- «Аты-жөнү жана арыз ээсинин жеке идентификациялык номери, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок»;
- «Аты-жөнү жана арыз ээсинин жеке идентификациялык номери, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бар»;
- «Аты-жөнү жана арыз ээсинин жеке идентификациялык номери, Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылган». Деталдаштырылган маалыматтарды алуу арыздары боюнча соттуулугу же кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» Мыйзамына ылайык маалыматтар таризделет. Кыргыз Республикасынын ИИОнун аймактык тиешелүү бөлүктөрүнөн Маалым катты алуу зарылчылыктары жөнүндө арыз ээсинин сурамы боюнча Маалым кат МТББ тарабынан таризделет жана арызда көрсөтүлгөндөрдү Кыргыз Республикасынын ИИОнун аймактык тиешелүү бөлүктөрү басып чыгарат. | ||||
4. МААЛЫМ КАТКА МӨӨР ЖАНА КОЛ БЕЛГИ КОЮУ | ||||
1. Кол коюу
2. Маалым катка мөөр коюу
| МТББнын же аймактык ИИОнун ыйгарым укуктуу адамы | 1 мүнөт. | Маалым катка мөөр жана кол белги коюу | 2016-жылдын 17-июнундагы КРӨТ
Иш милдеттер
|
2-иш аракет | 1 адам | 1 мүнөт. |
| 2 документ |
Жол-жобонун жыйынтыктары: Маалым катка коюлган мөөр жана кол белги | ||||
Жол-жобонун типтери: администрациялык | ||||
Жол-жобону тизмектөө: Маалым кат таризделип жана басылып чыккандан кийин, ага Кыргыз Республикасынын ИИОнун ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан кол коюлат жана МТББнын номерленген герби бар мөөрү менен бекитилет. Номерленген герби бар мөөр 4-Тиркемеге ылайык, МТББнын жана аймактык ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу жооптуу кызматкерлерине бекитилип берилет. Маалым катка кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдары болуп төмөнкүлөр саналат: -Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын башчысы; - Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын башчысынын орун басары; - Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын Эсепке алуу жана статистика жүргүзүү башкармалыгынын башчысы; - Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын Криминалдык эсепке алуу жана статистика бөлүмүнүн башчысы; - Кыргыз Республикасынын ИИОнун тиешелүү аймактык бөлүктөрүнүн Маалым катты алуу зарылчылыктары тууралуу арыз ээсинин сурамдарында - Кыргыз Республикасынын ИИОнун аймактык маалыматтык-аналитикалык бөлүктөрүнүн башчылары. | ||||
5. МААЛЫМ КАТТАРДЫ КУРЬЕР АРКЫЛУУ МТКБна ЖЕТКИРҮҮ
| ||||
1. Маалым каттарды курьер аркылуу МТКБна жеткирүү
| МТКБнын курьери же аймактык ИИОнун адиси | 20 мин.
| МТКБга курьер аркылуу жеткирилген берүүгө даяр болгон маалым каттар
| 2016-жылдын 17-июнундагы КРӨТ
МТКБнын лицензиялоо менен мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүчү КР ИИМдин бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Нускама
Кызматтык нускама |
1-иш аракет | 1 адам | 20 мүнөт. |
| 3 документ |
Жол-жобонун жыйынтыктары: МТКБга курьер аркылуу жеткирилген берүүгө даяр болгон маалым каттар | ||||
Жол-жобонун типтери: Уюштуруу- башкаруучулук | ||||
Жол-жобону тизмектөө: Маалым катка мөөр коюлуп жана кол белги коюлгандан кийин курьер аны МТКБга жеткирүүнү ишке ашырат. | ||||
6. МААЛЫМ КАТТАРДЫ БЕРҮҮ | ||||
1. Маалым каттарды берүү
| МТКБнын оператору | 5 мүнөт.
| Арыз ээсине берилген маалым кат | 2016-жылдын 17-июнундагы КРӨТ
Кызматтык нускама
МТКБнын лицензиялоо менен мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүчү КР ИИМдин бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Нускама |
1-иш аракет | 1 адам | 5 мүнөт. |
| 3 документ |
Жол-жобонун жыйынтыктары: арыз ээсине берилген маалымкат | ||||
Жол-жобонун типтери: Уюштуруу- башкаруучулук | ||||
Жол-жобону тизмектөө: Маалым кат МТКБ же Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын маалыматтык-аналитикалык аймактык бөлүктөрүнөн (арыз ээсинин сурамы боюнча) берилет. Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын аймактык маалыматтык-аналитикалык бөлүктөрүнөн маалым каттарды берүү ушул Регламенттин 5-Тиркемесине ылайык, журналга Маалым кат берүү тууралуу зарыл маалыматтар кирген учурда ишке ашырылат. Бул журнал иш кагаздарын эсепке алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу бөлүктөрүндө каттоого алынып, номерленип, мөөр басылышы керек. Реестрдеги жазуулар так, тыкан жана көк түстөгү шариктүү калем сап менен жазылышы керек. МТКБ аркылуу Маалым катты берүү электрондук форматта берилген өзүнүн арызынын басылып чыгарылган экземплярына кол коюу жолдору менен арыз ээсинин Маалым катты алуу фактысы тастыкталганда жүргүзүлөт. Маалым кат МТКБнун же Кыргыз Республикасынын ИИОнун аймактык маалыматтык-аналитикалык бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан төмөндөгүдөй шарттарда берилет: - Маалым катты алуу учүн арыз ээсинин жеке кайрылуусу, ошондой эле арыз ээсинин паспортунун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көрсөткөн маалыматтары Маалым каттагы маалыматтарга дал келүүсү же аларды салыштыруу үчүн көрсөтүлгөн документтин көчүрмөсү; - Маалым катты алуу үчүн башка жарандар кайрылган учурда, арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсүнүн жана нотариалдык ишеним катынын бар болуусу; - акча төлөөнүн негизинде тез арада берилүүчү Маалым катты алууда, акы төлөнгөндүгүн тастыктоочу дүмүрчөгүн алуу. Ошону менен бирге, дүмүрчөк электрондук форматта көрсөтүлүшү мүмкүн. Арыз ээсинин жазуу же электрондук арызында көрсөтүлгөн туура эмес маалыматтын негизинде Маалым кат таризделген учурда, Маалым катка чагылдырылган маалыматтарга Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББгы жоопкерчиликти албайт. Мындай болгон учурларда берилген Маалым кат жокко чыгарылат. Маалым катта чагылдырылган маалыматтар, аны берген учурдан баштап актуалдуулукка ээ болот.
| ||||
б) юридикалык жактар үчүн:
1. АРЫЗ/СУРАМДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ЖАНА КАТТОО | ||||
1. Көрсөтүлгөн документтердин толуктугун текшерүү менен арыз/сурамдарды кабыл алуу
2. Арыздарды каттоо | МТКБнын оператору | 10 мүнөт.
5 мүнөт.
| Кабыл алынган арыз же документтеринин толук эместиги тууралуу арыз ээсинин кабарламасы
Катталган арыздар | 2016-жылдын 17-июнундагы КРӨТ
Иш милдеттер
МТКБнын лицензиялоо менен мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүчү КР ИИМдин бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Нускама |
2- иш аракет | 1 адам | 15 мүнөт. |
| 3 документ |
Жол-жобонун жыйынтыктары: кабыл алынган жана катталган арыздар | ||||
Жол-жобонун типтери: Уюштуруу- башкаруучулук | ||||
Жол-жобону тизмектөө: Юридикалык жактардан арыздарды алууда МТКБнын жооптуу оператору төмөндөгүлөрдү текшерүүгө милдеттүү: - юридикалык жактардын арыз/сурамдары; - МТББгы менен тиешелүү келишиминин бар болуусу (иштеп жаткан келишимдердин тизмесин МТКБга КР ИИМдин МТББнын жооптуу кызматкери тарабынан берилет); - текшерилүүчүнүн паспорттук маалыматтары же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү арыздагы анкеталык маалыматтарга туура келүүсү; - текшерилүүчү адамды текшерүүдө юридикалык жактардан алган жазуу түрүндөгү макулдугу. Көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктуу арызды каттоо жүргүзүлөт. | ||||
2. АРЫЗ/СУРАМДАРДЫ КУРЬЕР АРКЫЛУУ КР ИИМдин МТББга ЖЕТКИРҮҮ | ||||
1. Курьер аркылуу арыз/сурамдарды КР ИИМдин МТББга жеткирүү
| МТКБнын курьери же аймактык ИИОнун адиси | 20 мүнөт.
| Курьер аркылуу КР ИИМдин МТББга жеткирилген арыз/сурамдар
| 2016-жылдын 17-июнундагы КРӨТ
МТКБнын лицензиялоо менен мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүчү КР ИИМдин бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Нускама
Кызматтык нускама |
1 –иш аракет | 1 адам | 20 мүнөт. |
| 3 документ |
Жол-жобонун жыйынтыктары: Курьер аркылуу КР ИИМдин МТББга жеткирилген арыз/сурамдар | ||||
Жол-жобонун типтери: Уюштуруу- башкаруучулук | ||||
Жол-жобону тизмектөө: МТКБнын оператору арыз/сурамдарды кабыл алгандан кийин текшерүүлөрдү ишке ашыруу үчүн курьер аркылуу КР ИИМдин МТББга материалдарды жеткирүүнү ишке ашырат. | ||||
3. (КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА АДАМДЫН КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕ ТАРТЫЛГАНДЫГЫ, СОТТУУЛУГУНУН БАР ЖЕ ЖОКТУГУ ТУУРАЛУУ) ТИЕШЕЛҮҮ МААЛЫМАТТАРДЫ БЕЛГИЛӨӨ МЕНЕН АДАМДАРДЫ ТЕКШЕРҮҮ | ||||
1. Ыкчам-маалымдама картотекадан адамдарды текшерүү;
2. Арыздын арткы бетине бар болгон маалыматтарды жазуу же адамдардын жоюлган соттуулугуна эсептөө жүргүзүү (бар болсо);
3. ОКУиС базасы боюнча адамды текшерүү;
4. Издөө базасы боюнча адамды текшерүү (зарыл болгон учурда);
5. Аткаруучунун номерленген бурч мөөрүн жана күнүн коюу | МТББнын ОКУжСУВУ кызматкери | 1 мүнөт.
3 мүнөт.
1 мүнөт.
3 мүнөт.
10 сек.
| Арыз ээси тууралуу маалыматтарды алуу
Жүргүзүлгөн жазуулар же соттуулугун жоюу предметин эсептөө
Текшерилүүчүгө маалыматтарды алуу
Текшерүү күнү менен аткаруучунун коюлган бурч мөөрү | 2016-жылдын 17-июнундагы КРӨТ
Иш милдеттер
|
5 – иш аракет | 3 адам | 8 мүнөт 10 сек. |
| 2 документ |
Жол-жобонун жыйынтыктары: Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалыматтарды алуу | ||||
Жол-жобонун типтери: Уюштуруу- башкаруучулук | ||||
Жол-жобону тизмектөө: Юридикалык жактардын арыз/сурамдарын текшерүүдө, МТББнын жооптуу аткаруучусу арыз/сурамдардын арткы бетине адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылган фактыларын же соттуулугу бар же жоктугу тууралуу маалыматтарды чагылдырат. Ошону менен бирге, эгерде кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы же анын айыптоо өкүмү тууралуу маалыматтар болгон учурда, сактоо мөөнөтү боюнча чыгарылат, анда арыз/сурамдардын арткы бетине “маалымат жок” бурч мөөрү коюлат. | ||||
4. МААЛЫМ КАТ/МААЛЫМАТТАРДЫ КУРЬЕР АРКЫЛУУ МТКБга ЖЕТКИРҮҮ | ||||
1. Маалым кат/маалыматтарды курьер аркылуу МТКБга жеткирүү
| МТКБнын курьери же аймактык ИИОнун адиси | 20 мүнөт.
| МТКБга курьер аркылуу жеткирилген берүүгө даяр болгон маалым кат/маалыматтар
| 2016-жылдын 17-июнундагы КРӨТ
МТКБнын лицензиялоо менен мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүчү КР ИИМдин бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Нускама
Кызматтык нускама |
1 – иш аракет | 1 адам | 20 мүнөт. |
| 3 документ |
Жол-жобонун жыйынтыктары: МТКБга курьер аркылуу жеткирилген берүүгө даяр болгон маалым кат/ маалыматтар | ||||
Жол-жобонун типтери: Уюштуруу- башкаруучулук | ||||
Жол-жобону тизмектөө: Арыз/сурамдардагы тиешелүү маалыматтарды белгилөө жана текшерүү ишке ашырылгандан кийин курьер аны МТКБга жеткирүүнү ишке ашырат. | ||||
5. МААЛЫМ КАТТАРДЫ/МААЛЫМАТТАРДЫ БЕРҮҮ | ||||
1. Маалым каттарды/ маалыматтарды берүү
2. Анын маалыматтарын үчүнчү тарапка берүүнү жүргүзгөндүгү тууралуу маалыматтарды субъектиге кабарландыруу
| МТББнын ОКУжСУВУ кызматкери | 1 мүнөт.
5 мүнөт.
| Юридикалык жактарга берилген маалым каттар
Анын маалыматтарын үчүнчү тарапка берүүнү жүргүзгөндүгү тууралуу маалыматтардын субъектиси кабарланды
| 2016-жылдын 17-июнундагы КРӨТ
Иш милдеттер
|
2 – иш аракет | 1 адам | 6 мүнөт. |
| 2 документ |
Жол-жобонун жыйынтыктары: юридикалык жактарга берилген маалым кат/маалыматтар | ||||
Жол-жобонун типтери: Уюштуруу- башкаруучулук | ||||
Жол-жобону тизмектөө: МТББдан маалым кат/маалыматтарды алууга юридикалык жактардын ишенимдүү кызматкерлери кайрылган шарттарда гана Маалым кат берилет. Ошону менен бирге, МТББнын жооптуу кызматкери, жеке маалыматтарды берген убактан тартып, бир жумалык мөөнөттө, анын жеке маалыматтарын юридикалык жактарга берүүнү ишке ашыргандыгы тууралуу текшерилүүчү адамга маалымдайт. | ||||
5. Маалым каттар боюнча маалыматтарды сактоонун мөөнөтү жана архивдөө
8. Маалым каттарды берүүдө арыз ээси тууралуу маалыматтар, ошондой эле берилген Маалым каттар тууралуу маалыматтар, белгиленген тартипте сакталуучу жана архивделген номенклатуралык иштердин тизмеси системага салынат жана «Б-Маалым кат» тутумунда сакталат.
Берилген Маалым каттардын негизинде, бардык арыздар иш жүргүзүү чөйрөсүндөгү актылардын талаптарына ылайык, дүмүрчөктөрү (бар болсо) менен сакталып жана системага салынып, архивделет. Мөөнөтү өткөндөн кийин көрсөтүлгөн арыздар тиешелүү актыларды түзүү менен МТББнын атайын комиссиясы тарабынан жок кылынат.
Туруктуу сакталууга төмөндөгүлөр жатат:
- «Б-Маалым кат» тутумундагы маалыматтар;
- МТББдан маалым кат/маалыматтарды алууга юридикалык жактардан алынган текшерилүүчүнүн жазуу түрүндөгү макулдугу;
- анын жеке маалыматтарын юридикалык жактарга берүүнү ишке ашыргандыгы тууралуу жеке маалыматтарды субьектке маалымдоонун далили.
Ушул регламентти ишке ашыруунун алкагында, маалыматтардын купуялуулугун, жеке маалыматтар менен иштөө жана маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эсепке алуу менен МТББ камсыз кылышы керек.
6. Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритмдер)
9. а) жеке жактар үчүн:
Жол-жоболордун 5-алгоритми «Электрондук арыздарды кабыл алуу жана каттоо»:
2-Алгоритм «Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугун текшерүү» жол-жоболору:
3-Алгоритм «Маалым каттарды түзүү» жол-жоболору:
4-Алгоритм «Маалым каттарга мөөр коюу жана кол белги коюу» жол-жоболору:
5-Алгоритм «Маалым каттарды курьер аркылуу МТКБга жеткирүү» жол-жоболору:
Каухар
6-алгоритм «Документтерди берүү»: жол-жоболору
б) юридикалык жак үчүн:
1-алгоритм «Арыздарды/суроо-талапты кабыл алуу жана каттоо» жол-жоболору:
2-алгоритм «Арыздарды/ суроо-талапты
курьер аркылуу КРнын ИИМдин МТББга жеткирүү» жол-жоболору:
3-алгоритм «Тиешелүү маалыматтарды фиксациялоо менен адамдарды текшерүү (Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же
жоктугу тууралуу)» жол-жоболору:
4-алгоритм «Арыз/маалыматтарды курьер аркылуу ЦПГУ жеткирүү» жол-жоболору:
5-Алгоритм «Маалым катты/документти берүү» жол-жобосу:
6.Администрациялык регламенттин талаптарын аткарууну көзөмөлдөө
10. Администрациялык регламенттин талаптарын аткарууда ички (күндөлүк) жана сырткы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын башчысы администрациялык регламенттин талаптарын аткарууда ички (күндөлүк) көзөмөлдү жүргүзөт.
2) Ички (күндөлүк) көзөмөл администрациялык регламенттин жоболорун, ошондой эле мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү процессиндеги кабыл алынган чечимдерди кызматкерлердин (кызмат адамдардын) аткаруусуна жана сактоосуна үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү жолдору менен ишке ашырылат.
3)Ички (күндөлүк) көзөмөлдөөнүн максаты, мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүдө керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушун жоюу жана кызмат адамдарынын жана адистердин аракеттерине (аракетсиздигине) келип түшкөн даттанууларды (анын ичинде ишеним телефондору боюнча) чечүү, жоопторду даярдоо жана кабыл алынган чечимдерди кароо, табуу болуп саналат.
4)Текшерүүнү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү - чейрек сайын, ал эми тейлөөлөрдү көрсөтүү керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча пландан тышкары.
11. Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча администрациялык регламенттин талаптары бузулган учурда, аларды жоюу боюнча токтоосуз чаралар көрүлөт, ошондой эле күнөөлү адамдардын жоопкерчилик маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
1) Тейлөөлөрдүн администрациялык регламентинин талаптарын аткарууда, ички көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссиясы тарабынан ишке ашырылат.
Комиссиянын иштеринин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделет, администрациялык регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкат кол коюлган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББна жиберилет.
Маалымкат келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө табылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ошондой эле бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерине карата тартиптик жана административдик таасир чаралары көрүлүшү керек.
Зарыл болгон учурларда администрациялык регламентке белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Администрациялык регламенттин талаптарын аткарууга сырткы көзөмөл бир жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
7. Администрациялык регламенттин талаптарын бузган кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
12. Администрациялык регламенттин талаптарын бузган КР ИИМдин МТББнын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын “Администрациялык ишмердиктин жана администрациялык жол-жоболордун незиздери жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын эмгектик мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
8. Корутунду жобосу
13. Администрациялык регламент бир эле убакта кызматтардын Стандарттары менен жана керектүү учурларда, анын ичинде тейлөөлөргө жана башка себептерге тиешелүү стандарттардын талаптарын аткарууда ички жана коомдук мониторингдин (көзөмөлдөөнүн) жыйынтыктары боюнча кайра кароого жатат.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин
«Кыргыз Республикасынын аймагында
адамдын кылмыш жоопкерчилигине
тартылгандыгы, соттуулугунун бар же
жоктугу тууралуу маалым каттарды
акысыз жана акы төлөө негиздеринде берүү»
мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн
Администрациялык регламентинин
1-тиркемеси
Алдыңкы бети
Кргыз Республикасынын
ИИМдин МТББнын башчысына
__________________________
фамилиясы, инициалдары
жарандан._____________________
фамилиясы, инициалдары
жаш.жери_____________________
адреси
тел._______________________
А Р Ы З
____________________________________________________________________
Ф.А.А. (толугу менен)
_______________________________________________________________________________
(жеке идентификациялык номери – бар болсо) _______________________________________________________________________________
(жазуу жүзүндөгү арыз берүүдө - эгерде фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөн болсо – көрсөтүлсүн)
_______________________________________________________________________________
туулган жылынын датасы, туулган жери, (толугу менен)
Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы,
соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалым кат берүүңүздү суранам.
Маалым кат алуу жери______________________________________________________
(Кыргыз Республикасынын ИИО аймактык бөлүктөрү)
Мен көрсөткөн маалыматтардын, анын ичинде маалымкат (талаптар) берүү жери, ошондой эле Ф.А.А. өзгөртүлгөн эместигин жана ушулардын чындык экендигин тастыктап, кол коемун.
паспорт ___________________
берген _____________________
күнү ________________________
колу____________________
«____»__________20___-жылы
Арткы бети
БИЛДИРҮҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМКАТ
_ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _
Соттуулугу жоюулган, жоюулган эмес (сызып коюу крек)
КР ЖК _________________ бер. негизинде
____________________________
жоюулган
Сактоо мөөнөтү боюнча алынып салынган_________
күнү
_________________________________________________________________
аткаруучунун колу
Кыргыз Республикасынын ИИМдин
«Кыргыз Республикасынын аймагында
адамдын кылмыш жоопкерчилигине
тартылгандыгы, соттуулугунун бар же
жоктугу тууралуу маалым каттарды
акысыз жана акы төлөө негиздеринде берүү»
мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн
Администрациялык регламентинин
2-тиркемеси
Типтүү келишим
Бишкек шаары« » 201_ ж.
Уюмдун (мекеменин) аталышы, мындан ары «Тапшырык берүүчү», ________________негизинде иштеп жаткан директору жагынан, бир тарабынан Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы, мындан ары «Аткаруучу», Жобонуну негизинде иштеп жаткан башчысы жагынан, экинчи тараптан, бирге – Тараптар, ушул келишимди (мындан ары- Келишим) төмөнкүлөр жөнүндө түздүк:
1. Келишимдин предмети
1.1. «Тапшырык берүүчү» тапшырма берет, ал эми «Аткаруучу» Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалым каттарды/билдирүүлөрдү берүү түрүндөгү мамлекеттик тейлөөнү жүргүзөт.
1.2. «Тапшырык берүүчүдөн» алынган, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынан маалымкаттарды/билдирүүлөрдү алууга текшерилүүчү жактардын кат жүзүндөгү макулдугу болгондо «Аткаруучу» мамлекеттик тейлөөнү жүргүзөт.
2. Тараптардын милдеттери
2.1. «Тапшырык берүүчүнүн» милдеттери:
- «Аткаруучуга» ишке таризделип жаткан жарандарга, ошондой эле кардарларга карата арыз/сурам, алардын анкеталык билдирүүлөрүн арыз/сурамда көрсөтүп, текшерилип жаткандардын өздүгүн аныктоочу документтердин көчүрмөсүн тиркөө, ошондой эле текшерүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугун берүү жолу менен берилет (1-тиркеме). Көрсөтүлгөн материалдар 2 экземплярда берилет;
- арыз/сурамда берүү жана маалым каттарды/билдирүүлөрдү алууга ишенимдүү кызматкерлерди аныктоо;
- ушул Келишимдин 3 бөлүгүнө ылайык акы менен тейлөө көрсөтүлгөндүгү үчүн ар ай сайын төлөм жүргүзүү.
2.2. «Аткаруучунун» милдеттери:
- 1.1. пунктунда көрсөтүлгөн бекитилген мөөнөттө текшерүүлөрдү жүргүзүү жана «Ташырык берүүчүнүн» ишенимдүү адамдарына маалым каттарды/билдирүүлөрдү берүү. Керектүү документтер толук эмес болсо, «Аткаруучу» арыз/сурамды кароосуз калтыруу укугу бар;
- эгерде тейлөө көрсөтүүнүн акысынын баасы өзгөрсө, ал жөнгүндө «Ташырык берүүчүнү» өзгөрүлө турган убакыттан беш жумуш күнүнөн мурда билдирүү керек. Акы жылына бир жолудан көп эмес каралууга тийиш.
3. Келишимдин баасы жана эсептөөлөрдүн тартиби
3.1. «Аткаруучу» мамлекеттик тейлөө көрсөтүүнү жүргүзөт:
- 7 күн ичинде акысыз;
- 3.2. пунктуна ылайык тез арада акы төлөө менен;
3.2. тез арада акы төлөөнүн негизинде «Аткаруучу» мамлекеттик тейлөө көрсөтүү үчүн «Ташырык берүүчү» акы төлөөгө милдеттүү :
- (3 күндө) – _______________________ сом, (КР мыйзамдарында каралган бардык жыйым салыктарды кошкондо) ар бир фамилия үчүн;
- (1 күндө) – __________________ _____ сом, (КР мыйзамдарында каралган бардык жыйым салыктарды кошкондо) ар бир фамилия үчүн.
3.3. Эгерде сурамды аткарууда «Аткаруучуга» кошумча текшерүүлөр талап кылынса, «Ташырык берүүчүнүн» макулдугу менен аткаруу мөөнөтү 3 иш күнүнө узартууга болот.
3.4. Өткөн айдагы берилген сурамдардын төлөмдөрдүн суммасына келген эсептин датасынан баштап (беш) жумуш күнүнүн аралыгында Аткарылган иштердин актысына (2-тиркеме) кол коюлгандан кийин ар бир айдын аягында эсептөөлөр жүргүзүлөт.
3.5. Ушул Келишимдин 5-пунктунда көрсөтүлгөн «Аткаруучунун» эсептөө эсебине которуу жолу менен эсептөөлөр жүргүзүлөт.
4. Купуялуулук
4.1. Келишимдин шарттары жана аларды аткаруунун жүрүшүндө алынган бардык маалыматтар/документтер купуялуу экендигин Тараптар макулдашышты. Ушуга байланыштуу, Келишимди аткарууга байланыштуу жана/же алардын карамагында иштөө процессинде аларга белгилүү болгон бардык маалыматтарды/документтерди терең сыр катары сакталышына, мындай маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн айрым учурлардан тышкары, таратууга, алууга жол бербөөгө, башка жолдор менен таратууга жана ачыкка чыгарууга, маалыматтарды алууга укугу же ыйгарымы жок үчүнчү жактарга түз же кыйыр бербөөгө Тараптар милдеттендирилет.
4.2. Эгерде маалымат алуу учурунда же андан кийин ал бардыгына жеткиликтүү болсо, же аны таркатууга жана колдонууга карата эч кандай чектөөлөрсүз бардык булактардан каалаган убакытта алынса, андай маалыматтарга купуялуулук шарты сакталбайт.
4.3. Маалыматтардын купуялуулугун сактоо милдеттенмеси, ушул Келишимдин бөлдүгүндө аныкталгандай, бардык убакта, ушул келишимдин мөөнөтү бүткөнүнө, анын ичинен кандай гана себептер менен Келишим токтогонуна карабастан улантылат.
4.4. Купуя маалыматты Тараптардын кимиси тарабынан ачыкталса да, сүйлөшүү же сотко кайрылуу жолу менен чечиилет.
5. Жыйынтыктоочу жоболор
5.1. Ушул Келишим Тараптардын ар бири үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, 2 (эки) нускада, расмий тилде түзүлгөн.
5.2. Ушул Келишим Тараптардын экөөсү тең кол койгондон кийин жана бир жыл мөөнөттө күчүндө болот. Эгерде Келишимдин аяктоо мөөнөтүнөн 30 (отуз) күндөн мурда Тараптардын бирөө экинчи Тарапка Келишимди токтотуу жөнүндө өз калоосун жазуу жүзүндө билдирбесе, Келишим узартылган деп эсептелет.
5.3. Ушул Келишимдеги бардык өзгөртүүлөр жана/же кошумчалар, эгерде Тараптардын экөөсү кол коюу жолу менен жазуу жүзүндө таризделсе, анда күчүндө деп эсептелет.
5.4. Тараптардын бирөөсүнүн демилгеси жазуу жүзүндөгү билдирүүсү менен ушул Келишим күчүн жоготот. Ушул Келишимден баш тартууну каалагандар 30 (отуз) календардык күн мурун өзүнүн каалоосун экинчи Тарапка билдирет. Ал убакытта ушул Келишимге ылайык, өз милдеттерин толук аткарышат.
5.5. Сүйлөшүү жолу менен бир чечимге келе албаган Тараптар арасындагы маселелер боюнча бардык келишпестиктер жана талаштар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
5.6. Тараптар ушул Келишимде түздөн түз каралбаган бардык нерселерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алышат.
Юридикалык даректери Тараптардын реквизиттери
жана кол коюулары
«Аткаруучу» «Тапшырык берүүчү»
Кыргыз Республикасынын ИИМ МТББ
Бишкек ш. Фрунзе көч. 469
Курманалиев Б.____________
«____»____________2019-ж.
“___” ___________2019-ж
№_______ келишимге
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын
ИИМдин МТББнын
башчысына
АРЫЗ
“___” ___________2018-ж №_______ келишимге ылайык, Сизден жаран_______________________________________________________________
(толук анкеталык маалыматтары)
кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугунун жоктугун же бардыгын текшерип берүүңүздү суранам.
Текшерүүнүн максаты: __________________________________________
Уюмдун жетекчиси аты-жөнү
Арткы бети
Мен,_____________________________________________________________________
(аты-жөнү)
_____________________________________________________дареги боюнча жашайм
Өздүгүн тастыктоочу документ: _____________ сериясы__________№__________
(документтин түрү)
__________________________________________________________________ берилген
(берилген датасы) (ким тарабынан берилген)
Өз эрким менен, билип туруп Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББга мага карата кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгым жөнүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугумдун жоктугу же бардыгы жөнүндө маалым кат/маалымат берүүсүнө макулдугумду берем __________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
Мен төмөндөгүлөр менен таанышып чыктым:
1) жеке маалыматтарды берүүгө болгон макулдук ушул макулдашууга кол коюлган күндөн тартып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык “жеке жана ююридикалык жактарга кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугунун жоктугу же бардыгы жөнүндө маалым кат берүү” мамлекеттик тейлөө кызматын берүүнүн жана көрсөтүлгөн мамлекеттик тейлөө жөнүндө маалыматтарды сактоонун бардык мөөнөтү ичинде жарактуу;
2) жеке маалыматтарды берүүгө болгон макулдук эркин формада жазылган арыздын негизинде артка кайтарылышы мүмкүн;
3) жеке маалыматтарды берүүгө болгон макулдук артка кайтарылган учурда, менин жеке маалыматтарымды берүү Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалыматтарды берүү жөнүндө” мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине ылайык толугу менен же жарым-жартылай улантылышы мүмкүн.
Менин жеке маалыматтарымды берүү фактысы жөнүндө кабарлама берүү үчүн байланыш маалыматтарым (юридикалык жактын аталышы):
__________________________________________________________________________
(телефон номуру, электрондук почтанын дареги)
Жеке маалыматтардын бериле баштаган датасы_____________________________
(күнү, айы, жылы)
«_____»___________20__-ж.
_________________________________________________________________________
колу аты жөнү
“___” ___________2019-ж
№_______ келишимге
2-тиркеме
Аткарылган иштерди салыштыруу
АКТ
1.Уюмдун (мекеменин аталышы) жана Кыргыз Республикасынын ИИМ МТББ, 2018-жылдын «____» _______ №___ Келишими боюнча аткарылган арыздардын/сурамдардын аткарылгандыгынын текшерүү актысын түздүк.
2. Келишимдин 1.1. пунктун аткарууда:
- «Тапшырык берүүчү» 2018-жылдын«______»_________ баштап. 2018-жылдын «____»______ чейин ________ арыздарды/сурамдарды жөнөткөн, алардын ичинен __________ арыздар/сурамдар акы төөлөө негизинде.
- «Аткаруучу» 2018-жылдын«______»_________ баштап. 2018-жылдын «____»______ чейин ________ арыздарды/сурамдарды аткарган, алардын ичинен __________ арыздар/сурамдар акы төөлөө негизинде.
3. Аталган Акт 2 (эки) нускада түзүлгөн, бирөөсү «Тапшырык берүүчүгө» жана экинчиси «Аткаруучуга».
КР ИИМ МТББ башчысы _______________
КР ИИМ МТББ башкармалыктын башчысы _______________
Уюмдун кызматкери (Тапшырык берүүчүнүн) _______________
Кыргыз Республикасынын ИИМдин
«Кыргыз Республикасынын аймагында
адамдын кылмыш жоопкерчилигине
тартылгандыгы, соттуулугунун бар же
жоктугу тууралуу маалым каттарды
акысыз жана акы төлөө негиздеринде берүү»
мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн
Администрациялык регламентинин
3-тиркемеси
(А-5 форматындагы атайын бланкы)
Штрих-код жана бланк №
«Б-Маалым кат» тутумунан түзүлөт
КР ИИМдин МТББнын ФИРМАЛЫК БЛАНКЫ
(МААЛЫМ КАТТЫН ИДЕНТИФИКАТОРУ)
төмөндөгүлөрдөн түзүлөт:
- биринчи үч тамга фамилиясы, ошондой эле, биринчи тамга аты жана атасынын аты;
- туулган күнү (жылы/айы/күнү)
____________________
Кимге (фамилиясы, аты, атасынын аты)
Фамилиясы Аты Атасынын аты, ПИН - 11111111111111 Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Ушул маалым катта чагылдырылган маалыматтар, аны берген күндөн баштап актуалдуу болуп саналат. Ушул маалым каттын чындыгын штрих-код номери боюнча КР ИИМдин веб-сайты аркылуу текшерүү керек.
Кызмат орду______________________________________________Ф.А.А.
Герби бар мөөр/колу
КОНФИДЕНЦИАЛДУУ
Эскертүү! Ушул документ 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жеке мүнөздөгү маалыматтарды камтыйт.
(А-5 форматындагы атайын бланкы)
Штрих-код жана бланк №
«Б-Маалым кат» тутумунан түзүлөт
КР ИИМдин МТББнын ФИРМАЛЫК БЛАНКЫ
(МААЛЫМ КАТТЫН ИДЕНТИФИКАТОРУ)
төмөндөгүлөрдөн түзүлөт:
- биринчи үч тамга фамилиясы, ошондой эле, биринчи тамга аты жана атасынын аты;
- туулган күнү (жылы/айы/күнү)
____________________
Кимге (фамилиясы, аты, атасынын аты)
Фамилиясы Аты Атасынын аты, ПИН - 11111111111111 Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бар.
Ушул маалым катта чагылдырылган маалыматтар, аны берген күндөн баштап актуалдуу болуп саналат. Ушул маалым каттын чындыгын штрих-код номери боюнча КР ИИМдин веб-сайты аркылуу текшерүү керек.
Кызмат орду______________________________________________Ф.А.А.
Герби бар мөөр/колу
КОНФИДЕНЦИАЛДУУ
Эскертүү! Ушул документ 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жеке мүнөздөгү маалыматтарды камтыйт.
(А-5 форматындагы атайын бланкы)
Баркод жана бланк № «Б-Маалым кат» тутумунан түзүлөт
КР ИИМдин МТББнын ФИРМАЛЫК БЛАНКЫ
(МААЛЫМ КАТТЫН ИДЕНТИФИКАТОРУ)
төмөндөгүлөрдөн түзүлөт:
- биринчи үч тамга фамилиясы, ошондой эле, биринчи тамга аты жана атасынын аты;
- туулган күнү (жылы/айы/күнү)
____________________
Кимге (фамилиясы, аты, атасынын аты)
Фамилиясы Аты Атасынын аты, ПИН - 11111111111111 Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнан эсепке алуу жазуулары жөнүндө толук маалыматтарды алуу үчүн Сиз, “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББга арыз менен кайрылууңуз зарыл.
Ушул маалым катта чагылдырылган маалыматтар, аны берген күндөн баштап актуалдуу болуп саналат. Ушул маалым каттын чындыгын штрих-код номери боюнча КР ИИМдин веб-сайты аркылуу текшерүү керек.
Кызмат орду______________________________________________Ф.А.А.
Герби бар мөөр/колу
КОНФИДЕНЦИАЛДУУ
Эскертүү! Ушул документ 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жеке мүнөздөгү маалыматтарды камтыйт.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин
«Кыргыз Республикасынын аймагында
адамдын кылмыш жоопкерчилигине
тартылгандыгы, соттуулугунун бар же
жоктугу тууралуу маалым каттарды
акысыз жана акы төлөө негиздеринде берүү»
мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн
Администрациялык регламентинин
4-тиркемеси
Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын жана аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн ыйгарымдуу жоопкечиликтүү кызматкерлерине бекитилген ГЕРБИ БАР МӨӨРЛӨРДҮН ТИЗМЕСИ ЖАНА НОМЕРЛЕРИ
Кыргыз Республикасынын ИИМдин
«Кыргыз Республикасынын аймагында
адамдын кылмыш жоопкерчилигине
тартылгандыгы, соттуулугунун бар же
жоктугу тууралуу маалым каттарды
акысыз жана акы төлөө негиздеринде берүү»
мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн
Администрациялык регламентинин 5-тиркемеси
_________________________________________
(бөлүктүн аталышы)
Кыргыз Республикасынын аймагында
адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же
жоктугу тууралуу маалым каттарды жарандарга берүүнү эсепке алуу
Башталды «___»_________20___
Аякталды «___»_________20___
|
№ | Бөлүк тарабынан алынган малым каттын тиби | Маалым кат алуу үчүн арыз берүүчүнүн (ФАА)жана жеке коду | Арызды берген күнү | Бөлүк тарабынан малым катты алган күнү | Бөлүк тарабынан малым катты берген күнү | Маалым катты берген бөлүктүн кызматкеринин маалыматы (Ф.А.А.) | Маалым катты берген бөлүктүн кызматкеринин колу | Маалым катты кабыл алган адамдын колу |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6
| 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|