Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ,ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР
КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
БУЙРУК
2016-жылдын 28-декабры №1/1
«Жер казынасын пайдалануучулардын отчеттуулук процесстерин өркүндөтүү жөнүндө»
Жер казынасын пайдалануунун жөндөө системасын мындан ары өркүндөтүү, жер казынасынын Мамлекеттик фондусунун жер казынасын геологиялык изилдөөсүн жана жер казынасын пайдалануучулардын отчеттуулук процесстерин оптималдаштыруунун натыйжалуу эсебин жана буйруусун камсыздоо максатында жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” № 530 токтомунун 16-пунктуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
Бекитилсин:
- Отчеттуулуктун 5-ГР жана 5-ГР (көмүр) түрлөрүн жана «Катуу пайдалуу казындылардын корлорунун абалы жана өзгөрүшү жөнүндө маалыматтар» №5-ГР жана «Көмүрдүн же күйүүчү сланецтин корлорунун абалы жана өзгөрүшү жөнүндө маалыматтар» №5-ГР (көмүр) түрлөрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 1-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун 6-ГР жана «Мунайдын, газдын, конденсаттын, этандын, пропандын, бутандын, күкүрттүн, гелийдин корлорунун абалы жана өзгөрүшү жөнүндө маалыматтар» №6-ГР түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 2-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун 11-ШРП түрүн жана «Казып алууда жер казынасындагы көмүрдүн (сланецтин) жоготуулары жөнүндө маалыматтар» №11-ШРП түрүн (жер астындагы жана ачык иштер) толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 3-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун 70-ТП түрүн жана «Казып алууда катуу пайдалуу казындыларды чыгарып алуу жөнүндө маалыматтар» №70-ТП түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 4-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун 71-ТП түрүн жана « Байытуу жана металлургиялык кайра иштетүүдө катуу пайдалуу казындыларды, ачуучу тоо тектерин жана минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн калдыктарын комплекстүү пайдалануу жөнүндө маалыматтар» №71-ТП түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 5-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун ЛС-Д-УВ түрүн жана «Көмүр суутек чийки зат кендеринде казып алуу иштеринин лицензиялык макулдашуусунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар» ЛС-Д-УВ түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 6-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун ЛС-Р-УВ түрүн жана «Көмүр суутек чийки зат кендерин издөөдө жана чалгындоодо лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар» ЛС-Р-УВ түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 7-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун ЛС-Д-ТПИ түрүн жана «Катуу пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар» ЛС-Д-ТПИ түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 8-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун ЛС-Р-ТПИ түрүн жана «Катуу пайдалуу казындылардын кендеринде геологиялык чалгындоо иштеринин лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар» ЛС-Р-ТПИ түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 9-тиркемеге ылайык;
- Отчеттуулуктун ЛС-ПМВ түрүн жана «Тузсуз жана минералдык сууларды казып алууда жана чалгындоодо лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар» ЛС-ПМВ түрүн толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкцияны, 10-тиркемеге ылайык;
- «Лицензиялык макулдашууда/Лицензияда белгиленген жер казынасын пайдалануу шарттарынын аткарылышы жөнүндө» жарым жылдык маалымат отчетту түзүү боюнча Инструкцияны, 12-тиркемеге ылайык;
- Тоо кен иштеринин пландарын макулдашуу боюнча Инструкцияны, 13-тиркемеге ылайык;
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин (мындан ары - Комитет) иш кагаздарын жүргүзүү сектору ушул буйрукту белгиленген тартипте каттоо камсыз кылсын.
Комитеттин геология башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул буйрукту мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жиберсин жана аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн.
Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Комитеттин төрагасынын орун басары А.А.Сапаралиевге тапшырылсын.
Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул буйруктун көчүрмөсүн, күчүнө киргенден кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага | Д. Зилалиев |
№_____ тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2016-жылдын «___»__________ №____
№5-ГР «КАТУУ ПАЙДАЛУУ КАЗЫНДЫЛАРДЫН КОРЛОРУНУН
АБАЛЫ ЖАНА ӨЗГӨРYШY ЖӨНYНДӨ МААЛЫМАТТАР» ЖАНА
№5-ГР (КӨМYР) «КӨМYРДYН ЖЕ КYЙYYЧY СЛАНЕЦТИН
КОРЛОРУНУН АБАЛЫ ЖАНА ӨЗГӨРYШY ЖӨНYНДӨ
МААЛЫМАТТАР» ФОРМАЛАРЫН ТОЛТУРУУ ТАРТИБИ ЖӨНYНДӨ
ИНСТРУКЦИЯ
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. №5-гр «Катуу пайдалуу казындылардын корлорунун абалы жана өзгөрүшү жөнүндө маалыматтар» жана №5-ГР (көмүр) «Көмүрдүн же күйүүчү сланецтин корлорунун абалы жана өзгөрүшү жөнүндө маалыматтар» формаларын толтуруу тартиби жөнүндө ушул Инструкция (мындан ары – «Инструкция») Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Көмүр жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативтик укуктук актыларына ылайыктуу иштелип чыкты жана жер казынасын пайдалануучуларынын №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) Формаларын толтуруунун жана тапшыруунун тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында катуу пайдалуу казындыларды жана/же көмүрдү чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын пайдаланууну жүргүзүүчү бардык жер казынасын пайдалануучулар, жер казынасын пайдалануунун негизине, уюштуруу-укуктук формасына жана менчик түрүнө карабастан, жылдык негизде жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) Формалары боюнча отчеттуулук берүүгө милдеттүү.
3. №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) Формаларында берилүүчү маалыматтар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январындагы абалы боюнча жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейинки мөөнөттө кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө берилет.
4. №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) Формалары жер казынасынын пайдалануучунун карамагындагы бардык кендер (бөлүктөр, шахта талаалары, аянттар) боюнча берилет жана ар бир пайдалуу казындылар боюнча өзүнчө толтурулат. Окшош аттуу, бирок сапаты жана өнөр жайлык пайдалануусу боюнча ар түрдүү пайдалуу казындыларды бириктирүүгө жол берилбейт, мисалы:
· курулуш, цемент жана флюс акиташтары;
· курулуш жана айнек кумдары;
· ар түрдүү чополор ж.б
5. Комплекстүү рудалардын кендери боюнча (коргошун-цинктик, жез-молибдендик, калай-вольфрамдык ж.б.) корлордун кыймылы бирдиктүү отчетто түзүлөт, анда мамлекеттик баланста эсепке алынган ар бир пайдалуу компоненттин корлорунун абалы жөнүндө маалыматтар өзүнчө келтирилет.
6. Пайдалуу казындылардын кендери алардын өнөр жайлык өздөштүрүүсүнүн деңгээли боюнча төмөнкү тартипте топтолушат:
· эксплуатациялануучулар (шахталар, рудниктер, карьерлер ж.б.);
· өздөштүрүүгө даярдалып жаткандар, анын ичинде кендердин жана бөлүктөрдүн базасында курулуп же тоо кен казып алуучу ишканалардын курулушу долбоорлонуп жаткандар;
· чалгындалып жаткандар.
7. Жер казынасын пайдалануучулар пайдалуу казындылардын корлорунун отчеттук балансын, эсеп объекттери боюнча, корлордун түрлөрү жана иштетүүнүн ыкмасы боюнча бардык жыйынтыктарын келтирүү менен, берүүгө милдеттүү.
8. Эгерде жер казынасын пайдалануу объектинде (кен чыккан жерде, бөлүктөрдө) отчеттук мезгилде казып алуу иштери жүргүзүлбөсө жана сапаттык, сандык тиешеде корлордун өзгөрүшү болбосо, жер казынасын пайдалануучу отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга корлордун кыймылынын жоктугунун себептери боюнча эркин түрдөгү справканы берет.
9. №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) Формалары геологиялык-маркшейдерлик эсептин алгачкы маалыматтарынын, ошондой эле жер казынасынын алгачкы өндүрүштүк жана бухгалтердик эсебинин негизинде, ушул Инструкцияга ылайыктуу түзүлүшөт.
Эскертме:
Геология маркшрейдердик эсеп - бул пайдалуу казып алуучулардын запасынын, абалынынын кыймылын эсепке алуу (пайдалуу сузуп алууларды даярдоо ачуу).
10. Толтурулган №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) Формалары жана түшүндүрүүчү кыскача каттар жер казынасын пайдалануучу уюмдун башкы геологу жана жетекчиси, ошондой эле казып алуу, жоготуу жана кедейлентүү эсебинин тууралыгына жоопкер маркшейдерлик кызматтын жетекчиси тарабынан кол коюулат. Кол коюулар уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
11. Отчеттун берүү мөөнөтү бузулганда жана/же отчетто анык эмес маалыматтар берилгенде жер казынасын пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган жоопкерчиликте болот.
12. Отчеттукту берүүнүн белгиленген тартибин сактоого, отчеттогу маалыматтардын аныктыгына контролду жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
II. №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) ФОРМАЛАРЫНЫН «ЭКСПЛУАТАЦИЯ ОБЪЕКТИ ЖӨНYНДӨ МААЛЫМАТТАР» I-БӨЛYМYН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
13. I-Бөлүмдүн 1.1-бөлүмчөсүндө кендин (бөлүктүн), шахтанын, кесилиштин, эксплуатациялык горизонттун, пласттын, ошондой эле алардын административтик-аймактык таандыгынын аталышы көрсөтүлөт. Ошондой эле жер казынасын пайдалануучунун аталышы көрсөтүлөт. 2-сапта жер казынасын пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү документ (лицензия/лицензиялык макулдашуу, концессиялык келишим, продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу ж.б.) – аталышы, номери, берүү датасы, аракет мөөнөтү ж.б., жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
14. 1.2-бөлүмчөдө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
· кенди өздөштүрүүнүн деңгээли жөнүндө: -курулуп жаткан ишканалар үчүн – рудникти куруунун башталган жылы, кенди эксплуатацияга киргизүүнүн жылы; чалгындалып жаткандар үчүн – канчанчы жылдан чалгындоо жүрүп жатат; -чалгындалгандар үчүн – чалгындоонун аяктаган жылы жана деңгээли;
· ишкананын өндүрүштүк потенциалы жөнүндө – жылдык өндүрүмдүүлүк ж.б.;
· жер казынасында пайдалуу казындынын тоо кен-техникалык жайгашуусунун өзгөчөлүктөрүн мүнөздөмөөчү маалыматтар. Корлордун эсебинин тереңдигин, ошондой эле кенди иштетүүнүн жетишкен тереңдигин көрсөтүү керек. Корлордун эсебинин жана иштетүүнүн тереңдиги метр (жер бетинен) менен көрсөтүлүшөт. Ачык иштетүү үчүн жарактуу кабаттык жана горизонталдуу жайгашкан кендер үчүн пайдалуу калың катмардын калыңдыгы жана ачылуусунун калыңдыгы көрсөтүлүшөт.
15. 1.3- бөлүмчөдө кендин (бөлүктүн) баланстык корлорунун саны жөнүндө, аларды корлор боюнча Мамлекеттик комиссиянын бекиткен датасы жөнүндө маалыматтар берилет
III. II-БөЛYМДYН №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) «КОРЛОРДУН КЫЙМЫЛЫ ЖӨНYНДӨ МААЛЫМАТТАР» ФОРМАЛАРЫН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
16. II-Бөлүмдүн 2-графасында аракеттеги классификация боюнча пайдалуу казындынын тиби келтирилет. Мисалы, түстүү металлдар үчүн: кычкылданган, аралаш жана сульфиддик рудалар бай жана кедей, ылгый жана темгил ж.б. бөлүү менен. Ушул эле графада пайдалуу казындылардын орто кармоосу көрсөтүлөт.
«№5-ГР (көмүр) формасын», 2-графада, толтурууда кокстоо үчүн жарактуу көмүрдүн ылайыктуу маркасы жана технологиялык группасы көрсөтүлөт. Ушул эле графада казылган көмүрдүн сапаттык мүнөздөмөлөрү – нымдуулугу, күлдүүлүгү, учуучу жана амолалык заттардын кармоосу ж.б. көрсөтүлүшөт.
Бардык эсептелген пайдалуу казындылардын корлору боюнча ар түрдүүлүгү жана сорттору өзүнчө саптарда көрсөтүлөт.
Пайдалуу казындынын ар бир тиби үчүн өзүнчө (баланстык корлор үчүн – А+В+С1 категорияларынын суммасы) пайдалуу казындылардын жана зыяндуу кошумчалардын же пайдалуу казындынын чыгуусунун орто кармоосу (мисалы, каолиндин чыгуусу % менен, жасалгалоо таштарынын блокторунун чыгуусу % менен ж.б.). Пайдалуу казындылардын орто кармоосу отчеттук жылдын башындагы абал боюнча көрсөтүлөт. Кенде баланстык жана баланстан тышкаары корлор болгон учурда баланстан тышкаары корлордун пайдалуу казындыларынын кармоосу №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) формаларына түшүндүрмө кыскача катта келтирилет.
Чачыранды кендерде металлдардын жана минералдардын кармоосу кабаттын куб метрине же массасына грамм, килограмм менен көрсөтүлөт.
16.1. 3-графада аракеттеги классификация боюнча корлордун категориялары көрсөтүлөт. Категориялар боюнча корлордун эсеби жана суммасы төмөнкү тартипте жүргүзүлөт: А; В; А+В; С1, А+В+С1 жана С2.
С2 категориясынын корлору өзүнчө сапта берилет жана башка категориялар менен суммаланбайт.
16.2. 4-графада отчеттук жылдын 1 январына карата баланстык корлордун жалпы саны жөнүндө маалыматтар келтирилет, ушундайда ушул графада көрсөтүлгөн корлор ушул эле датага көрсөтүлгөн корлордун мамлекеттик балансындагы корлор менен дал келиши керек.
16.3. 5-графада кендеги эсепке алынган баланстан тышкаары корлордун саны көрсөтүлөт.
16.4. 6-графада ылайыктуу бекитилген долбоордук документте белгиленген пайдалуу казындылардын долбоордук жоготуусу көрсөтүлөт.
16.5. 7-графада пайдалуу казындылардын фактылуу казып алуусу жөнүндө маалыматтар берилет.
Казып алууга, пайдалуу казындыларды кедейлеткен бош тектерден башка, эгерде алар баланстык корлорго киргизилген болбосо, жер казынасынан жер бетине чыгарылган (ачык иштерде – карьерден ташылган) чийки заттын бардык санын киргизиш керек.
Баланстык корлордун эсебине киргизилген кедейлентүүчү тектер жана алардагы пайдалуу компоненттер казып алууга киргизилет. Казып алынган, кедейленген (чийки) руданын жана товардык руданын саны жөнүндө маалыматтар 7-графада чагылдырылбайт, алар отчеттук баланска түшүндүрмө кыскача катта келтирилет.
Өнөр жайлык казып алуу менен бирге геологиялык чалгындоо иштеринде жүргүзүлгөн кошумча казып алуу дагы көрсөтүлөт. Ушундайда казып алуу отчеттук жылдын 1-январына карата эсептеги корлордун казып алынган категорияларындай эле категорияга таандык болот.
Кандайдыр бир себептер менен мурунку жылдарда эсепке кирбей калган пайдалуу казындыларды казып алуу отчеттук жылда казып алуулар менен бирге 7-графада көрсөтүлөт, бирок, мурунку отчеттук мезгилдерде чагылдырылбаган казып алынган чийки заттын саны эскертүүдө көрсөтүлөт.
Эгерде комплекстик рудаларда корлордун балансында эсептелген кошумча компоненттер негизги пайдалуу казындылар менен бирге жер казынасынан казып алынса, бирок андан ары руданы иштетүүдө таптакыр жоголуп кетсе, ушул компоненттерди казып алууну 7-графада чагылдырыш керек, ал эми эскертүүдө эсептен чыгарылган корлор казып алынды, бирок руданы кайра иштетүүдө толугу менен жоготулду деп көрсөтүү керек.
Эгерде казып алынган чийки зат же анын бир бөлүгү байытуу фабрикасына келип түшпөй калдык жайларга (кампаларга) жыйылса, анда корлордун кыймылы дагы ошол калдык жайлар боюнча жүргүзүлөт.
Мындай учурларда жер казынасынан казып алынган чийки зат «Казып алуу» графасы боюнча эсептен чыгарылат, ал эми ушул графага эскертүүдө, канчалыгы, анын ичинде кампаланганы, көрсөтүлөт.
Мурда кампаланган чийки затты кайра иштетүүдө байытуу фабрикасына келип түшкөн чийки заттын саны кийинки отчеттук мезгилдерде «Казып алуу» графасы боюнча калдык жайдагы корлордун эсебинен чыгарылат, бирок кен боюнча жалпы жыйынтыкта ушул казып алуу жер казынасынан казып алуу менен суммаланбайт.
Эгерде казып алуу мурда эсептен чыгарылган 8-графа «Казып алууда (жер казынасында) жоготуу» корлор боюнча жүргүзүлсө, анда казып алынган руданын саны 7-грфада, жана «кошуу» белгиси менен 12-графада көрсөтүлөт.
Эгерде казып алуу баланстан тышкаары корлордон жүрсө жана казып алынган чийки зат кайра иштетүүгө түшсө, анда казып алынган чийки заттын саны 7-графада жана «кошуу» белгиси менен 10-графада (кайра баалоонун эсебинен өзгөртүүлөр) же 9-графада (эгерде бөлүктө кошумча чалгындоо жүргүзүлсө) эсепке алынат, жана ошол эле санга 16-графадагы баланстан тышкаары корлор кыскартылат.
Эгерде баланстан тышкаары рудалар баланстагылар менен бирге казып алынса, бирок өнөр жайда пайдаланылбаса же кайра иштетүүгө кондициялык чийки зат менен бирге кедейлетүүчү тек катарында түшсө, аларды казып алуу 7-графада чагылдырылбайт, бирок 16-графада баланстан тышкаары корлордун саны отчеттук жылда казып алынган баланстан тышкаары руданын санына кыскартылат.
17. 8-графада отчеттук жылда пайдалуу казындыларды казып алуудагы жоготуулар көрсөтүлөт.
Казып алуудагы жоготууларга казып алуу процессинде же тоо кен ишканасын жоюуда жер казынасында калтырылган пайдалуу казындылардын өчүрүлгөн баланстык корлорун бөлүгү кирет. Казып алуудагы жоготууларга камтуучу тектер менен бирге калдыкка ташталган пайдалуу казындылар дагы кирет.
Казып алынган пайдалуу казындыларды ташуудагы, ошондой эле кайра иштетүүдөгү жоготуулар бул графага киргизилбейт.
Пайдалуу казындылардын фактылуу жоготуулары жана кедейленүүлөрү белгиленген методикаларга ылайык аныкталат.
18. 9-графада чалгындоо иштеринин жыйынтыгында баланстык корлордун көбөйүшү жана /же азайышы көрсөтүлөт. Ушул графада төмөнкүлөр чагылдырылат:
а) алдын ала жана дыкат чалгындоонун, оозуган же эксплуатациялык-чалгындоо иштеринин жыйынтыгында корлордун көбөйүшү же азайышы;
б) КР корлор боюнча Мамлекеттик комиссиясында кайра бекитүүнүн жыйынтыгында корлордун көбөйүшү же азайышы.
Аларды МККда бекитүүдөгү корлордун өзгөрүүсү кондициянын өзгөрүүшүнүн жыйынтыгында же геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүү менен байланышпаган башка себептер боюнча болсо, анда ошол өзгөрүүлөр 9-графада эмес, а 10-графада көрсөтүлөт;
в) отчеттук жылга чейин кендердин же айрым бөлүктөрүн корлорунун өзгөрүшү ар түрдүү себептер боюнча өз убагында эсепке алынган эмес;
г) аларды бир категориядан башкага өткөрүү менен байланышкан корллордун өзгөрүшү;
д) корлордогу кошумча компоненттердин өзгөрүшү, эгерде негизги компонентке чалгындоо иштерин жүргүзүү менен байланышкан өзгөрүүлөрдө.
18.1. 10-графада кайра баалоонун жыйынтыгында корлордун санынын өзгөрүүсү келтирилет. Ушул графада төмөнкүлөр чагылдырылат:
а) кошумча геологиялык чалгындоо же эксплуатациялык иштерди жүргүзүүсүз, минералдык чийки заттын кондицияларын (рудадагы пайдалуу компоненттердин кармоосу боюнча, кабаттын калыңдыгы боюнча ж.б.) кайра кароо менен байланышкан корлордун өзгөрүшү; ушул эле графа боюнча убактылуу кондициялар боюнча чалгындалган (баланска коюулган), бирок туруктуу кондицияларды бекитүүдөн кийин өндүрүштүк эмес болуп калгандагы корлор эсептен чыгарылганда;
б) тоо-кен ишканасын долбоорлонуну негиздөөдө техникалык-экономикалык себептер боюнча иштетүү үчүн рентабелдүү эмес деп таанылгандагы корлордун эсебинен алынгандар;
в) экономикалык же тоо кен-геологиялык шарттардын өзгөрүүсүнүн себебинде иштетүү үчүн рентабелдүү эмес деп таанылган тоо кен казып алуучу ишканалардын балансында эсептелген корлордун эсебинен алынгандар.
Баланска түшүндүрүүчү кыскача катта 10-графа боюнча корлордун эсептен чыгарылышынын себептери көрсөтүлүшү керек.
19. 11-графада тоо кен казып алуучу ишкананын балансынын же геологиялык чалгындоо уюмунун баланстык корлорунун такталбагандыгынын жыйынтыгында эсептен чыгарылган сандары көрсөтүлөт:
а) эсептен чыгарууга атайын акт менен бүтүмдөлгөн жана контролдук органдар менен макулдашылган тоо кен казып алуу ишканасынын эксплуатациялык аракетинин;
б) пайдалуу компоненттин кармоосу, калың катмардын өлчөмү жана калыңдыгы, көлөмдүк салмагы, чийки заттын сапаты жөнүндө кийинки геологиялык чалгынддоо же эксплуатациялоо-чалгындоо иштери менен байланышкан жаңы маалыматтарды алуунун.
20. 12-графада техникалык чектердин жана башка себептер менен байланышкан корлордун кыймылынын өзгөрүшү көрсөтүлөт. Анда корлордун бир бөлүктөн башкага өткөрүлүшү, бир уюмдан башкага берилиши, ошондой эле казып алуу менен байланышкан, мурда «Казып алуудагы жоготуулар» графасында эсептен чыгарылган корлордун өзгөрүүлөрү жана калдыктагы корлордун эсебинин өзгөчүлүгү менен болгон өзгөрүүлөр чагылдырышат.
Мурунку жылдарда отчеттук балансты түзүүдө кетирилген каталарды оңдоо алар ката кетирген графада жүргүзүлөт. Мисалы, эгерде ката кетирүү казып алууда же чалгындоодо болсо, каталарды оңдоо ошол эле графаларда жүргүзүлөт.
21. 13-графада отчеттук мезгилде өчүрүлгөн корлордун суммасы отчеттун бардык графалары боюнча көрсөтүлөт – сумма (гр.7+гр.8+гр.9+гр.11+гр.12), 8-12-графаларында келтирилген маалыматтар суммага киргизилет, эгерде ылайыктуу графаларда алар «алуу» белгиси менен көрсөтүлсө.
22. 15-графада отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата баланстык корлордун саны көрсөтүлөт.
Мындайда, корлордун ар бир категориясы боюнча жана бүт кен боюнча, отчеттук баланстын туура түзүлүшүн текшерүү керек.
Ушундай текшерүү төмөнкүчө жүргүзүлөт: отчеттук жылдын 1-январындагы корлорун белгилөөчү сандан отчеттук жылда жер казынасынан казып алынган жана казып алууда жоготулган корлордун саны кемитилет, айырмасына чалгындоонун, кайра баалоонун, техникалык чектердин өзгөрүүсүнөн жана такталбаган корлорду эсептен чыгаруунун жыйынтыгында болгон корлордун бардык өзгөрүүлөрү кошулат (же кемитилет). Жыйынтыгында 15-графада көрсөтүлгөн корлордун санариби алынышы керек.
23. 5- жана 16- графаларда, ылайыктуу, отчеттук жылдын 1-январындагы абалы боюнча жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январындагы абалы боюнча баланстан тышкаары корлордун саны жөнүндө маалыматтар келтирилет.
Баланстан тышкаары корлордун өзгөрүү себептери (кошумча чалгындоо, кайра баалоо, казып алуу) түшүндүрүүчү кыскача катта келтирилиши керек.
№5-ГР жана №5-ГР (көмүр) формаларынын графасында ушул кен (бөлүк) боюнча КР корллор боюнча Мамлекттик комиссиясы бекиткен, алар бекитилген сандарда жана категорияларда, баланстык корлор жөнүндө маалыматтар келтирилет.
Бир эле кен боюнча корллор боюнча Мамлекеттик комиссиянын корлорду бекитүүнүн бир канча протоколу болгондо, кайталоону болтурбоо үчүн, алар кайсы бөлүккө тийиштүү экендигин так аныктоо керек, жана объекттердин, аянттардын жана эсептөөнүн тереңдиктеринин дал келишинде – корлорду бекитүүнүн акыркы (дата боюнча) протоколунун маалыматтары пайдаланылат.
24. 14-графа түстүү, асыл жана сейрек металлдар, темир, марганец жана хромит рудалары, барит, графит, плавик шпаты, күкүрт, доломиттер, каолин, кварциттер, магнезит, флюс акиташтары боюнча корлорду иштетүүдө гана толтурулушат.
IV. №5-ГР жана №5-ГР (көмүр) ОТЧЕТТОРУНА ТYШYНДYРYYЧY КЫСКАЧА КАТ
25. №5-гр жана №5-гр (көмүр) ар бир Формасына төмөнкү схема боюнча түзүлгөн Түшүндүрүүчү кыскача кат тиркелиши керек:
· кендин орун алышы; жакынкы темир жол станциясынын, калктуу пунктардын жана пайдалуу казындынын негизги пайдалануучулардын аралыгы жана багыты; кендин абсолюттук бийиктик белгиси;
· кен кайсы убактан бери белгилүү, анда качан жана ким геологиялык чалгындоо жана башка изилдөө иштерин жүргүзгөн;
· кендин жана райондун экономикалык мүнөздөмөсү (райондун өздөштүрүлүүсү, транспорттук шарттары, энергетикалык ресурстардын бардыгы, токойлор ж.б.);
· райондун жана кендин геологиялык түзүлүшү (түзүүчү тоо тектери, жатуу шарттары, руда талаасынын же продуктивтик аянттын структурасы, кендин генезиси жана жашы);
· пайдалуу казындынын катмарынын саны (зоналар, линзалар, тамырлар); алардын созулушунун жана жантайышынын узундугу; жер бетинен жатуу тереңдиги (минималдуу, максималдуу); калыңдгы; формасы; жантаюу элементтери; жооноюулардын, ичкерүүлөдүн, таралуунун бар экендиги; кендин жалпы аянты;
· пайдалуу казындылардын минералдык жана химиялык курамы (бул же башка пайдалуу компонент кандай минералдар менен берилген; негизги жана кошумча пайдалуу компоненттердин минималдуу, максималдуу жана орто кармоосу; зыяндуу аралашмалардын, шлак түзүүчү компоненттердин кармоосу жана практикалык мааниси болушу мүмкүн башка көрсөткүчтөр ( нымдуулук, күлдүүлүк, калориялуулук ж.б.);
· пайдалуу казындынын типтери жана өнөр жайлык сорттору;
· пайдалуу казындынын технологиялык касиеттери (байышы, концентраттарды кайра иштетүү);
· кендин гидрогеологиялык шарттары; ичүүчү жана техникалык суу жабдуусу;
· кенди иштетүүнүн тоо кен-техникалык шарттары; кенди иштетүүдө эксплуатацияны кыйындаткан жана атайын иш-чараларды колдонууну талап кылган факторлор, кенди (же анын бөлүгүн) ачык ыкма менен иштетүүнүн мүмкүндүгү; ачылуу үчүн тектердин жана пайдалуу калың катмардын катышы;
· кенди чалгындоо деңгээли;
· корлорду эсептөөнүн аянты жана тереңдиги; кандай негизги жана кошумча компоненттер боюнча корлор эсептелген;
· кенди өздөштүрүүнүн болжолдонгон мөөнөтү, казып алуунун долбоордук жана жетишилген деңгээли.
Кендин баяндоосу кыскартылган, конспекттик түрдө берилет. Кыскача катта баланстын таблицалык бөлүгүндө киргизилбеген кендер жөнүндө маалыматтар жайгаштырылышы керек.
Корлордун мамлекеттик балансында эсепке алынган эксплуатациялануучу кендер үчүн түшүндүрүүчү кыскача катта геологиялык же техникалык-экономикалык мүнөздөгү кошумча жүргүзүлгөн чалгындоо иштеринин жыйынтыгы боюнча алынган жаңы маалыматтар чагылдырылышы керек. Бул бөлүгүндө төмөнкүлөр чагылдырылышы керек:
· кендин геологиялык түзүлүшү боюнча жаңы маалыматтар;
· жаңы табылган жана контурланган пайдалуу казындылардын мүнөздөмөсү; алардын формасы, өлчөмдөрү, созулуу жана жантаюу боюнча узундугу; катмарды ачык ыкма менен иштетүүнүн мүмкүнчүлүгү; жүргүзүлгөн чалгындоо иштери менен байланышкан мурда аныкталган катмардын контурларынын өзгөрүшүнүн мүнөздөмөсү;
· жаңы чалгындалган пайдалуу казындылардын корлорунун сапаты (курамы, пайыздык кармоосу, сорту, маркасы);
· ишкананын (рудниктин, байытуу фабрикасынын) жылдык долбоорлук жана өндүрүштүк кубаттуулугу; пландык жана фактылык товардык продукцияны казып алуу (кедейленүүнүн эсеби менен); кардарларга жиберилген товардык продукциянын саны (кара металлдар жана металл эмес пайдалуу казындылар боюнча);
· казылып алынган товардык руданы байытуу фабрикасында кайра иштетүү жөнүндө маалыматтар (кайра иштетилген руданын саны, кайра иштетилген рудадагы металлдын саны жана кармоосу, алынган концентраттын жана андагы металлдын кармалган саны);
· жер казынасындагы пайдалуу казындылардын казып алууда, ташууда, технологиялык кайра иштетүүдө ж.б. жоготуулардын мүнөздөмөсү; долбоордук (же пландык) жоготуулардын жана кедейленүүнүн фактылык менен салыштыруусу;
· казып алынган минералдык чийки заттын комплекстүү пайдалануусунун мүнөздөмөсү (чийки затты казып алуудагы жана кайра иштетүүдө өнөр жайда пайдалануучу компоненттердин-химиялык элементтеринин же алардын кошулмаларынын тизмеси; байытууда маанилүү компоненттерди чыгарып алуунун пайызы; пайдаланууга мүмкүн, бирок пайдаланылбаган пайдалуу компоненттердин тизмеси);
· кендин өнөр жайлык келечеги жана чалгындоо иштеринин мындан аркы багыты.
№_____ тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2016-жылдын «___»__________ №____
№6-ГР «МУНАЙДЫН, ГАЗДЫН, КОНДЕНСАТТЫН, ЭТАНДЫН, ПРОПАНДЫН, БУТАНДЫН, КYКYРТТYН, ГЕЛИЙДИН КОРЛОРУНУН
АБАЛЫ ЖАНА ӨЗГӨРYШY ЖӨНYНДӨ МААЛЫМАТТАР»
ФОРМАСЫН ТОЛТУРУУНУН ТАРИБИ ЖӨНYНДӨ
ИНСТРУКЦИЯ
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. №6-ГР «Мунайдын, газдын, конденсаттын, этандын, пропандын, бутандын, күкүрттүн, гелийдин корлорунун абалы жана өзгөрүшү жөнүндө ушул Инструкция (мындан ары – «Инструкция») Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө», «Мунай жана газ жөнүндө» Мыйзамдарына жана башка нормативтик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана жер казынасын пайдалануучулардын №6-ГР Формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибин белгилейт.
2. Жер казынасын пайдалануунун негизине, уюштуруу-укуктук формасына жана менчик түрүнө карабастан, мунайды жана/же газды чалгындоо жана иштетүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында жер казынасын пайдаланууну жүргүзүүчү бардык жер казынасын пайдалануучулар жылдык негизде жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга №6-ГР Формасын боюнча отчеттуулук берүүгө милдеттүү.
3. №6-ГР Формасында берилүүчү маалыматтар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январындагы абалы боюнча жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейинки мөөнөттө кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө берилет.
4. Толтурулган №6-ГР Формасы жана түшүндүрүүчү кыскача кат №6-ГР Формасы боюнча отчетту түзүүгө жооптуу жактын жана жер казынасын пайдалануучу уюмдун жетекчисинин колдору коюулат. Кол коюулар уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
5. Отчеттун берүү мөөнөтү бузулганда жана/же отчетто анык эмес маалыматтар берилгенде жер казынасын пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган жоопкерчиликте болот.
6. Отчеттукту берүүнүн белгиленген тартибин сактоого, отчеттогу маалыматтардын аныктыгына контролду жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
II. №6-ГР (МУНАЙ, ГАЗ, КОМПОНЕНТТЕР) ФОРМАСЫН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
7. 6-ГР Формасы боюнча отчет жер казынасын пайдалануучу тарабынан отчеттук жылдын 1-январына карата абалы боюнча мамлекеттик экспертизадан өткөн корлор жөнүндө маалыматардын негизинде берилет.
8. Мунайдын, газдын жана конденсаттын келечек ресурстары жөнүндө маалыматтар №6-ГР Формасына берилүүчү түшүндүрүүчү кыскача катта өзүнчө таблицада келтирилет.
9. Мунайдын, газдын жана компоненттердин корлорунун бириктирилген балансы өзүнчө кендер боюнча, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймагы боюнча, ошондой эле газдын түрлөрү боюнча корлорду суммалашуу жолу менен түзүлөт. Андан башка, күкүрт суутектин 0,00139% жана андан жогору кармоосу менен күкүрт суутектүү газдын корлору эсептелинет.
10. Өнөр жайлык пайдаланууга тартылуу деңгээли боюнча мунайдын, газдын, компоненттердин корлору төмөнкү эки негизги категорияларга бөлүнүшөт:
· чалгындоого жана иштетүүгө лицензия алынган кендердин, бөлүктөрдүн, катмарлардын, кабаттардын корлорунун бөлүштүрүлгөн фонду;
· жер казынасын пайдаланууга укук берилбеген кендердин, бөлүктөрдүн, катмарлардын, кабаттардын корлорунун бөлүштүрүлбөгөн фонду;
Бөлүштүрүлгөн фонддун ичинде кендин корлору алардын өнөр жайлык өздөштүрүүнүн деңгээли боюнча төмөнкү тартипте бөлүнүшөт:
· иштетилүүчүлөр, пайдалуу казындылардын негизги түрлөрүнүн (мунай, газ) жок дегенде бирөө боюнча казып алуу иштери жүргүзүлсө.
Иштетилүүчү кендерде отчеттук жылда мунай жана газды казып алуу болбогон иштетилбеген горизонттор бөлүнүшөт.
· өндүрүштүк өздөштүрүү үчүн даярдалган катмарлардын корлорун иштетүүгө лицензия алынган, биорк кенди иштетүүгө даярдоо иштери жүргөндүктөн казып алуу жүргүзүлбөгөн;
· чалгындалып жаткандар.
Бөлүштүрүлбөгөн фонддун ичинде кендин корлору алардын өнөр жайлык өздөштүрүүнүн деңгээли боюнча төмөнкү тартипте бөлүнүшөт:
· иштетилүүчүлөр, аларды иштетүүгө лицензиясы жок иштетилип жаткан кендин бөлүгү, бөлүк, катмар, горизонт;
· өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган;
· чалгындалып жаткандар;
· консервациялангандар.
10.1. Иштетилип жаткандарга анын курамына кирген пайдалуу казындыларын жана компоненттерин өнөр жайлык казып алуу жүргүзүлгөн мунай жана газдын кендери кирет.
Кендин иштетилүүчүлөр тобуна, анын бардык эмес бөлүктөрүндө, катмарларында, кабаттарында пайдалуу казындыны казып алуу жүргүзүлүп жаткан, ошондой эле эгерде казып алуу менен бирге кээ бир бөлүктөрдө, катмарларында, кабаттарында геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп жаткан кендер кирет.
Иштетилип жаткандарга геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө кошумча казып алуу, ошондой эле казып алуунун жана пайдалуу казындыны кайра иштетүүнүн технологиясын изилдөө үчүн тажрыйба-өнөр жайлык иштетүүнү жүргүзүүдөгү кендер кирбейт.
Ушул кендер, аларды кабыл алынган бөлүү критерийлерине ылайыктуу, өздөштүрүнүн башка группаларына киришет:
· өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн даярдалгандарга же чалгындалып жаткандарга.
Кошумча же тажрыйба-өнөр жайлык казып алуу аларды жүргүзүүдөгү ар бир кендер боюнча эсептелет, жана жыйынтыктарды чыгарууда ишкана, Кыргызстан боюнча казып алынган чийки заттын жалпы санына киргизилет.
10.2. Өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн даярдалгандарга, мунай жана газдын чалгындалган кендери (катмарлар) же кендердин (катмарлардын) бөлүктөрү, төмөнкү шарттарды аткарууда кирет:
· мунайдын, газдын жана алардагы башка компоненттердин өнөр жайлык маанидеги геологиялык жана чыгарылуучу корлору мамлекеттик экспертизадан өтүшкөн;
· мунайдын, газдын жана конденсаттын курамы жана касиеттери, өнөр жайлык маанидеги конденсаттын жана башка компоненттердин кармоосу, кенди (катмарды) иштетүүнүн өзгөчөлүктөрү, мунайдын жана газдын дебити, гидрогеологиялык, геокриологиялык жана башка жаратылыш шарттары мунайдын кенин иштетүүнүн технологиялык схемасын же газдын кендерин тажрыйба-өнөр жайлык долбоорун түзүү үчүн башталгыч маалыматтарды алууну камсыздоо деңгээли изилденген;
· чалгындалган кендин районунда мунайды, газды жана компоненттерди казып алуучу келечек ишканалардын керектөөлөрүн канааттандырууну камсыздоочу курулуш материалдарынын жана ичүүчү жана техникалык суу менен жабдуунун мүмкүн болгон булактарынын чийки зат базасы бааланышы керек;
· өнөр жайлык жана башка булганыч сууларды төгүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө үчүн долбоордук-иликтөө иштерин жүргүзүүдө чалгындалган көзөнөктөрдө сиңдирүүчү горизонттордун бар экендиги жөнүндө маалыматтар бар;
· айлана чөйрөнү булгоону болтурбоону камсыздоо боюнча иш-чаралардын иштелип чыгуусу жөнүндө сунуштар түзүлгөн.
10.3. Чалгындалып жаткан кендерге алынган лицензиясына ылайыктуу геологиялык чалгындоо иштери жргүзүлүп жаткан же аларды жүргүзүү пландаштырылган кендер кирет. Чалгындалып жаткандарга ар түрдүү себептер менен геологогиялык чалгындоо иштери токтотулган жана мунайдын, газдын жана компоненттердин корлору болүштүрүлбөгөн фондко өткөн кендер дагы киришет.
10.4. Консервацияланган кендерге аларда чалгындоо же иштетүү токтотулгандар кирет. Иштетилип жаткан кендерди консервациялангандарга өткөрүү пайдалуу казындыларды казып алуу боюнча ишканаларды жоюу же консервациялоо тартибин регламенттештирүүчү аракеттеги нормативтик документтерге ылайык жүргүзүлөт.
10.5. Эгерде кенде өнөр жайлык өздөштүрүүнүн жана чалгындоонун ар түрдүү деңгээлиндеги бөлүктөр (катмарлар, кабаттар) болсо, анда ошол кен отчеттук баланста өндүрүштүк өздөштүрүүнүн эң жогорку деңгээлдеги деп эсептелет.
11. 6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасындагы мунайдын, газдын жана компоненттердин корлору жөнүндө маалыматтар категориялардын тартибинде жайгаштырылат: А, В, А+В, С1; А+В+С1, С2. С2 категориядагы корлор өзүнчө сап менен берилет жана башка категориядагы корлор менен суммаланбайт.
Корлорду ар бир категория боюнча өзүнчө көрсөтүүсүз корлордун категориялары боюнча бардыгын жана өзгөрүүшүн суммардуу көрсөтүүгө жол берилбейт.
12. Корлорду эсепке алуу төмөнкүчө жүргүзүлөт: мунай, конденсат, этан, пропан, бутан, күкүрт боюнча – миң т, күйүүчү газдар, азот жана көмүр кычкыл газ боюнча - млн.м3; гелий боюнча – миң м3.
13. №6-ГР (мунай, газ, конденсат) Формасын толтуруучу ар бир жер казынасын пайдалануучу объекттин эсеби, корлордун категориялары жана өндүрүштүк өздөштүрүү топтору боюнча бардык жыйынтыктарды көрсөтүү менен аны бүткөн түрдө бериши керек.
14. №6-ГР (мунай, газ, конденсат) Формасын толтуруу «Отчеттун объекти боюнча маалыматтар» I-бөлүмдөгү берилген бардык саптарды толтуруп башталышы керек. Кендердин өндүрүштүк өздөштүрүү деңгээли 10-пунктка ылайык көрсөтүлөт.
Мунай менен газдын кендери (катмарлар) төмөнкү типтерге бөлүнүшөт:
· мунайлык, газ менен ар түрдүү даражада каныккан мунайды гана кармаган;
· газмунайлуу жана мунайгаздуу (эки фазалык): газмунайлыктарда катмардын негизги бөлүгү мунайлуу, ал эми газ (газ калпагы) аз көлөмдү ээлейт; мунайгаздууларда – газ калпагы көлөмү боюнча системанын мунай бөлүгүнөн ашык; мунайгаздууга мунайлуу тегереги менен болгон газдык катмарлар дагы кирет;
· мунайгазконденсаттуу, мунай, газ жана конденсат камтыган;
· газдуу, газды гана камтыган;
· газконденсаттуу, газда конденсат камтылган.
Ушул эле бөлүмдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
· объекттин (бөлүктүн, кендин) орун алышы;
· продуктивтүү кабаттын аталышы жана жашы төмөнкүдөй кезекте (жогорудан төмөн): геохронологиялык таблицага ылайык система – бөлүк – ярус;
· коллектордун тиби (карбонаттуу же терригендүү);
· эсеп объектисинин төбөсүнүн тереңдги, башкача айтканда окшош геологиялык-геофизикалык касиеттери менен мүнөздөлгон жана иштетилип жаткан же көзөнөктөрдүн бир тору менен иштетүүлүсү мүмкүн (бирдиктүү иштетүүнүн объекти болуп саналган бир канча продуктивтүу кабаттардын бириктирилишине жол берилет) бир же бир канча продуктивтүү кабаттардын, метр менен;
· газдын түрү (эркин – Св, газ калпагы – Гш, мунайда эритилген – Р) күйүүчү газдар жана алар камтыган компоненттер үчүн.
Бириктирилген Мамлекеттик баланста, жогоруда аталгандардан башка, , ошондой эле карамагындагы кен жайгашкан ишкананын, уюмдун аталышы, область көрсөтүлөт.
15. Мунай боюнча №6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасын толтуруу
15.1 I-бөлүмдү толтуруу. Отчеттун объекти жөнүндө маалымат.
1.1 бөлүмчөдө жер казынасынын эксплуатацияланып жаткан бөлүгү жөнүндө жалпы маалыматтар келтирилет.
1.2 бөлүмчөдө продуктивтүү калың катмарды (кабат) мүнөздөөчү маалыматтар келтирилет:
· корлордун ар бир категориясынын жана А+В+С1 кат. суммасынын мунайгаздуулугунун аянты, миң м2 менен;
· корлордун ар бир категориясынын жана А+В+С1 кат. суммасынын мунайканыгуу калыңдгы (жалпы/натыйжалуу), м менен. Корлор эсебинин объектисинин жалпы мунайканыгуу калыңдгы – өткөрүүчү кабатчанын жогорку төбөсүнөн суумунай контактына же контактсыз зонадагы өткөрүүчү кабатчанын төмөнкү таманына чейинки продуктивтүү кабатты түзүүчү бардык тоо тектеринин суммардуу калыңдгы.
Корлор эсебинин объектисинин натыйжалуу мунайканыгуу калыңдыгы - өткөрүүчү кабатчанын жогорку төбөсүнөн суумунай контактына же контактсыз зонадагы өткөрүүчү кабатчанын төмөнкү таманына чейинки катмарча - коллекторлордун суммардуу калыңдгы.
А+В+С1 категорияларынын мунайканыгуу калыңдыгы (жалпы/натыйжалуу) аянт боюнча орто таразаланган катарында эсептелет:
· бирдиктин үлүшүндөгү ачык көзөнөкчөлүк (көзөнөкчөлүктүн коэффициенти);
· бирдиктин үлүшүндөгу мунайканыгуу (мунайканыгуу коэффициенти);
· бирдиктин үлүшүндөгү мунайды чыгарып алуу;
· өткөргүчтүк мкм2= мД/1000.
Көзөнөкчөлүк коллекторлор үчүн өткөргүчтүк керндик жана геофизикалык маалыматтар менен аныкталат; жаракалыктар, көзөнөкөлүк-жаракалык-каверналык коллекторлор үчүн – гидродинамикалык изилдөөлөр боюнча:
· бирдиктин үлүшүндөгү кайра эсептик коэффициент;
Кабаттын параметри (3 – 7) пункттарда ар бир категория жана А+В+С1 категорияларынын суммасында келтирилет.
Эгерде иштетүүнүн бир объектинен (катмардан) мунайды казып алуу эки же андан көп жер казынасын пайдалануучулар жүргүзүшсө, анда параметрлерди катмар боюнча толугу менен жер казынасын пайдалануучу – оператор берет.
1.3-бөлүмчөдө төмөнкү маалыматтар келтирилет:
1) жылдар:
· кендин (катмардын) ачылыш жылы;
· алынган лицензияга ылайыктуу кенди (катмарды) иштетүүгө киргизген жыл;
· аракеттеги жобого ылайыктуу кендин консервацияланган жылы;
2) ар бир катмар жана бүтүн кен боюнча отчеттук жылдагы казып алууну кошуп иштетүү башталгандан бери казып алуу. Мунайды казып алуу А, В, С1 категориялары боюнча өзүнчө жана А+В+С1 категорияларынын суммасы боюнча келтирилет.
3) корлорду бекитүү датасына карата ар бир катмар боюнча өзүнчө жана бүтүн кен боюнча казып алуу (эксперттик комиссиянын протоколуна ылайык);
4) бүтүн кендин жана ар бир өзүнчө катмардын иштетүлүүсү (% менен) иштетүүнүн башталышынан казып алуунун отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата алгачкы чыгарылуучу корлорго жана отчеттук жылдын казып алынуусунун кошуу отчеттук жылдын аягына чыгарылуучу корлордун катышы катарында аныкталат;
5) продукциянын сууланышы % менен кендер жана ар бир катмар үчүн казып алынган суунун тоннадагы санынын жыл аралыгында казып алынган суюктуктун тоннадагы санына (жылдын орто сууланышы) катышы катарында аныкталат.
6) корлорду алуунун темпи % менен (алгачкы/учурдагы) кендер жана ар бир катмар үчүн отчеттук жылдын казып алуусунун алгачкы чыгарылып алынуучу корлорго (алгачкы чыгарып алуу темпи) жана отчеттук жылдын казып алуусунун кошуу отчеттук жылдын аягына чыгарып алынуучу (учурдагы чыгарып алуу темпи) корлордун катышы катарында эсептелинет.
Талг.= | Д | Тучур.= | Д |
З + Нд | З + Д |
мында: Талг -алгачкы корлордон алуунун темпи;
Тучур -учурдагы корлордон алуунун темпи;
Д - отчеттук жылдагы казып алуу;
З -отчеттук жылдын аягына чыгарып алуу корлору;
Н д - отчеттук жылдын аягына чогултулган казып алуу.
15.2 II-бөлүмдү толтуруунун тартиби.
2-графада мунайдын сапаттык мүнөздөмөсү берилет:
а) тыгыздык, г/см3;
б) кабаттык шарттардагы илешкектик, Па* с (сП илешкектикке тең);
в) күкүрттүн кармоосу, %;
г) парафиндин кармоосу, %;
д) чайырдын асфальтендердин кармоосу, % (суммардык кармоо);
е) кабаттык температура, оС.
Мунайдын сапаттык мүнөздөмөсү А+В+С1 жана С2 корлору үчүн өзүнчө келтирилет.
3-графада корлордун категориялары көрсөтүлөт.
Категориялар боюнча корлордун эсеби жана суммаланышы 11-п. ылайыктуу жүргүзүлөт.
4-графада отчеттук жылдын 1-январына карата абалы боюнча мунайдын корлору көрсөтүлөт, алар мунайдын мурунку жылда түзүлгөн Мамлекеттик корлор балансындагылар менен дал келиши керек.
5-графада отчеттук жылда ар бир катмар боюнча мунайды казып алуу, ошондой эле кен жана ишкана боюнча ар бир категория жана А+В+С1 категориялардын суммасы жөнүндө маалыматтар берилет.
Бүтүн ишкана боюнча казып алуу жөнүндө маалыматтар ишкананын өндүрүштүк отчеттуулугунун маалыматтарына ылайыктуу болуш керек.
6-графада казып алуунун жоготууларынын жыйынтыгында корлордун өзгөрүшү көрсөтүлөт.
7-графада чалгындоо иштеринин жыйынтыгында корлордун өзгөрүүсү (көбөйүшү же азайышы) көрсөтүлөт.
Ушул графада төмөнкүлөр чагылдырылышы керек:
· жаңы кендерде (катмарларда) чалгындоо жана эксплуатациялык бургулоонун жыйынтыгында аныкталган корлор, б.а. көзөнөктөн биринчи жолу мунайдын өнөр жайлык агылуусу алынган кендер (катмарлар) жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик корлор балансында биринчи жолу эсепке алынган корлор боюнча;
· чалгындоо жана эксплуатациялык бургулоонун жыйынтыгында мурда аныкталган корлордун көбөйүшү же азайышы;
· геологиялык чалгындоо иштеринин материалдарынын мамлекеттик экспертизасынын жыйынтыгы боюнча белгиленген корлордун көбөйүшү же азайышы. Эгерде корлордун өзгөрүшү кабаттын (катмардын), кошумча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү менен байланышпаган, параметринин өзгөрүүсүнүн же башка себептерден болсо, анда ушул өзгөрүү 7-графада эмес, а 8-графада көрсөтүлөт;
· корлордун өзгөрүшү бир категориядан башка категорияга өткөрүлгөнү менен байланышканда;
· отчеттук жылга чейин чалгындалган, бирок кабаттын параметрлери жөнүндө маалыматтын жоктугунан, материалдарды камералдык иштетүүнүн кечигишинен же башка себептерден өз убагында эсепке алынбаган, кендердин же өзүнчө бөлүктөрдүн корлору.
Кошумча чалгындоо иштеринин жыйынтыгында же кенди иштетүүнүн материалдары боюнча болгон корлордун 7-графада чагылдырылган көбөйүшү же азайышы, жер казынасын пайдалануучунун - ишкананын корлорунун өсүшүн баалоодо эсепке алынат жана корлордун өсүшү жөнүндөгү отчетто чагылдырылат.
8-графада кайра баалоонун жыйынтыгындагы корлордун өзгөрүшү келтирилет. Ушул графада төмөнкүлөр чагылдырылат:
· экономикалык жана тоо кен-геологиялык шарттардын өзгөрүшүнөн иштетүү үчүн рентабелдүү эмес деп таанылган, жер казынасын пайдалануучусунун балансында эсепке алынган,эсептен чыгарылган корлор;
· мунайгаз казып алуучу ишкананы долбоорлоодо техника-экономикалык себептер боюнча иштетүү үчүн пайдалуу эмес деп таанылып негизделген эсептен чыгарылган корлор;
· кошумча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзбөстөн, кабаттын (катмардын) параметрлерин кайра кароо менен байланыштырып эсептелген корлордун өзгөрүшү (көбөйүшү же азайышы);
· эсептен чыгарылгандар, кийинки геологиялык чалгындоо иштеринин же иштетүүнүн жыйынтыгында ырасталбаган, кендин, катмардын же кабаттын параметрлери (алардын өлчөмдөрү, көзөнөкчөлүгү, өткөргүчтүгү ж.б.) жөнүндө жаңы маалыматтар аныкталганда жер казынасын пайдалануучунун балансынын корлору;
Баланска түшүндүрүүчү кыскача катта 7 жана 8-графаларда чагылдырылган корлордун өзгөрүүлөрү эмне менен байланышканын көрсөтүү керек.
9-графада бир ишкананын балансынан башканын балансына бериген жана өнөр жайлык өздөштүрүүнүн бир түрүнөн башка түрүнө өткөрүлгөн мунайдын корлору көрсөтүлөт. Мында бөлүшүрүлбөгөн фонддон алынган лицензияга ылайык жер казынасын пайдалануучуга берилген жана тескеринче болгон мунайдын корлору дагы көрсөтүлүшөт.
10-графада отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январынын абалы боюнча мунайдын корлору көрсөтүлүшөт. Мындайда баланста келтирилген маалыматтардын тууралыгын корлордун ар бир категориялары боюнча өзүнчө, ошондой эле бүтүн кен боюнча текшериш керек.
Текшерүү төмөнкүчө жүргүзүлөт: отчеттук жылдын 1-январына карата эсептелген мунайдын корлорунан (4-графа) отчеттук жылда жер казынасынан казып алынган мунайдын саны (5-графа) алынат жана айырмасына, чалгындоонун жыйынтыгында, кайра баалоонун (8-графа) жана баланстан баланска берилген (9-графа), алынган мунайдын корлору кошулат.
Жыйынтыктын санариби 10-графада көрсөтүлгөн санарибке дал келиши керек.
Мунай боюнча корлордун балансында 11- графа толтурулбайт.
12-графада кен жана өзгөчө кабаттар боюнча мамлекеттик экспертизанын жыйынтыктары боюнча аларды бекитүү датасына карата мунайдын корлору жөнүндө маалыматтар берилет.
Бир эле кен боюнча бекитүүнүн бир канча протоколу болгондо, ушул корлор кайсы кабаттар боюнча бекитилишкенин анык текшерүү керек жана маалыматтардын кошумча пайдалануусун болтурбоо үчүн акыркы бекитүү протоколунун (датасы боюнча) маалыматтарын пайдалануу керек.
13-графада отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата абалы боюнча өндүрүштүк өздөштүрүүнүн бардык топторунун кендериндеги А+В+С1 категорияларынын бекитилген корлорунун калдыгы көрсөтүлөт.
Корлордун калдыгы бекитилген корлордон мунайды казып алуунун, чалгындоонун, кайра баалоонун жана такталбагандын жыйынтыгында эсептен чыгарылган (аларды бекитүүдөн кийин) корлорду кемитүү менен аныкталат. Корлордун калганын эсептөөдө А, В, С1 категориялары бекитилген блоктордун контурунан тышкаары жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча эсептен чыгарылгандардын корлору эсептелинбейт.
Бекитилген корлордун калдыгы отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата кенде эсепке алынган А+В+С1 категорияларынын корлорунан ашык болбошу керек.
5, 7, 8, 9, 10, 12 жана 13-графаларда мунайдын бөлчөк түрүндө көрсөтүлүүчү корлор келтирилет: алымда – жер казынасында (геологиялык) алардын болгону боюнча эсепке алынган корлор, ал эми бөлүүчүдө – чыгарып алынуучу.
№6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасын толтурууда кендерди жана эсеп объекттерин бөлүү сөзсүз түрдө болуп саналат. Ар бир эсеп объекти үчүн формада белгиленген бардык маалыматтар, анын ичинде иштетүүнүн технологиялык көрсөткүчтөрү, коюулушу керек.
Кабаттын параметрлери жана мунайдын мүнөздөмөсү коюулушат, ошондой эле учурдагы жылда корлордун толук чыгарып салынышы жүргүзүлгөн учурда.
№6-ГР (мунай, газ, компоненты) формасын толтурууда алгачкы геологиялык жана чыгарылып алынуучу корлордун эсептелген параметрларына ылайыктуулугун контролдоо керек.
16. Газ боюнча №6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасын толтуруу
16.1 I-бөлүмдү толтуруу.
1.1.-бөлүмчөдө жер казынасынын эксплуатациялануучу бөлүгү жөнүндө жалпы маалыматтар келтирилет.
1.2.-бөлүмчөдө кабаттын параметрлери келтирилет – эркин газ үчүн. Ушул бөлүмчөнүн саптарында төмөнкү маалыматтар келтирилет:
1) корлордун ар бир категориясынын жана А+В+С1 категорияларынын суммасынын газдуулугунун аянты миң м2 менен;
2) корлордун ар бир категориясынын жана А+В+С1 категорияларынын суммасынын газ каныгуу калыңдыгы м менен;
3) бирдиктин үлүшүндөгү ачык көзөнөкчөлүк (көзөнөкчөлүктүн коэффициенти);
4) бирдиктин үлүшүндөгу газканыгуу (газканыгуу коэффициенти);
5) газды чыгарып алуунун коэффициенти (аны бекитүудө);
6) отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата учурдагы кабаттык басым Мпа менен. Мунайда эриген газдын кабаттык басымы көрсөтүлбөйт;
7) кабаттык шарттарда газкармоо м3/т менен.
Эгерде бир катмардан газды казып алуу эки же андан көп жер казынасын пайдалануучулар жүргүзүшсө, анда бүтүн катмар боюнча параметрлер жер казынасын пайдалануучу-оператор тарабынан берилет.
1.3.-бөлүмчөдө төмөнкү маалыматтар келтирилет:
1) жылдар:
· кендин (катмардын) ачылган жылы;
· алынган лицензияга ылайыктуу кендин (катмардын) иштетүүгө киргизилген жылы;
· кендин консервацияланган жылы (аракеттеги жобого ылайыктуу);
2) отчеттук жылдагы казып алууну жана жоготууларды кошуп, ар бир катмар жана бүтүн кен боюнча иштетүү башталгандан казып алуу жана жоготуу;
3) ар бир катмар жана бүтүн кен боюнча корлорду бекитүү датасына казып алуу жана жоготуулар;
4) ар бир катмардын жана бүтүн кендин иштетилишинин даражасы % менен;
5) 15.1-п.келтирилген формулага ылайык алгачкы/учурдагы алуунун темпи.
16.2. II-бөлүмдү толтуруунун тартиби.
2-графада газдын ммүнөздөмөсү берилет:
а) аба бонюча газдын тыгыздыгы (чоңдук – өлчөмсүз);
б) төмөнкү жылуулук түзүү жөндөмдүүлүгү, кДж;
в) оор көмүр суутектердин кармоосу, С5+жогорусуз, мольдуу%;
г) туруктуу конденсаттынучурдагы кармоосу, г/м3;
д) күкүртводороддун кармоосу, мольдуу%;
е) азоттун кармоосу, мольдуу%;
ж) көмүр кычкыл газдын кармоосу, мольдуу%;
з) кабаттык температура, оС.
3-графада корлордун категориялары көрсөтүлөт. Корлордун категориялар боюнча эсеби жана суммаланышы 4.5-п. ылайык жүргүзүлөт.
4-графада, отчеттук жылдын 1-январына карата абалы боюнча, өткөн жылдагы корлордун Мамлекеттик балансындагы корлор менен дал келишкен газдын корлору (С5+жогорусуз) келтирилет.
5-графада отчеттук жылдагы казып алуу, 6-графада - жоготуу. Мындайда газды казып алууга, газ казып алуучу ишкананын кардарларга берилген гана газдын саны киргизилет, жер казынасынан казып алынгангаздын калган бөлүгү жоготууга кирет.
Казып алуу жана жоготуу жөнүндө маалыматтар, ар бир катмар, бүтүн кен жана ишкана боюнча ар бир категория боюнча өзүнчө жана А+В+С1 категорияларынын суммасы боюнча, берилет.
Бүтүн ишкана боюнча казып алуу жана жоготуулар жөнүндө маалыматтаржер казынасын пайдалануучу тарабынан берилүүчү отчеттуулуктун башка формларында келтирилүүчү маалыматтарга дал келиши керек.
7-графада чалгындоо иштеринин жыйынтыгында газдын чыгарылуучу корлорунун өзгөрүшү (көбөйүшү же азайышы) көрсөтүлөт.
8-графада кайра баалоонун жыйынтыгында газдын чыгарылган корлорунун өзгөрүшү келтирилет.
Ушунда эле мунайлык, газмунайлык, газдык жана газконденсаттык катмарлардан чыгарылып алынган жана мунайлык (газмунайлык) катмарга толтурууга жиберилген газ түрлөрү (эритилген газ, газдуу калпактын газы, эркин) боюнча көрсөтүлөт. Ушул максатта пайдаланылган газдын саны газдуу калпакдагы газдын корлорунун көбөйүшү катарында көрсөтүлөт.
7 жана 8-графалар боюнча корлордун өзгөрүшүн эсепке алууда 15.2-п. келтирилген көрсөтмөлөр менен жетекчилик кылыш керек.
9-графада бир ишкананын балансынан башканын балансына берилген, өздөштүрүүнүн бир топбунан башкага өткөрүлгөн, ошондой эле бөлүштүрүлбөгөн фонддон жер казынасын пайдалануучуга же тескерисинче берилген, газдын корлору көрсөтүлөт.
10-графада отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата абалы боюнча газдын чыгарып алынуучу корлору көрсөтүлөт. Мындайда баланста (10-графа ), корлордун ар бир категориялары боюнча өзүнчө жана бүтүн кен боюнча, келтирилген маалыматтардын тууралыгын текшерүү керек.
Текшерүү төмөнкүчө жүргүзүлөт: отчеттук жылдын 1-январында эсепке алынган газдын корлорунан (4-графа) казып алынган жана жоготулган (5 жана 6-графалар) газдын саны кемитилет, айырмасына чалгындоонун (7-графа), кайра баалоонун (8-графа) жана баланстан баланска берүүнүн (9-графа) жыйынтыгында алынган газдын корлору кошулат (же кемитилет). Жыйынтык санарип 10-графада көрсөтүлгөн санарип менен дал келиши керек.
13-графа газдын корлорунун балансында толтурулбайт.
Эскертүү
5 жана 6-графаларда, бардык газдын казып алуулары жана жоготуулары, конденсатты (С5+жогору) алып салгандан башка, көрсөтүлөт.
17. Конденсат боюнча №6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасын толтуруу
17.1. I-бөлүмдү толтуруу.
1.1-бөлүмчөдө жер казынасынын эксплуатацияланган бөлүгү жөнүндө жалпы маалыматтар келтирилет.
1.2-бөлүмчөдө конденсаттын чыгаруусунун коэффициенти гана келтирилет.
1.3-бөлүмчөдө төмөнкү маалыматтар келтирилет:
1) кендин (катмардын) ачылган жылы;
2) иштетүүгө киргизүүнүн жылы: алымда – газга, бөлүүчүдө - конденсатты чыгаруу менен;
3) кендин консервацияланган жылы;
4) отчеттук жылда ар бир катмар жана бүтүн кен боюнча казып алууну жана жоготууну кошуп, иштетүү башталгандан конденсатты казып алуу жана жоготуу;
5) корлорду бекитүү датасына конденсатты казып алуу жана жоготуусу.
17.2. II-бөлүмдү толтуруунун тартиби.
2-графада конденсаттын сапаттык мүнөздөмөсү берилет;
1) тыгыздык, г/см3;
2) стабилдүү конденсаттын алгачкы/учурдагы кармоосу, г/м3;
3) күкүрттүн кармоосу, %;
4) катуу парафиндердин кармоосу,%.
3-графада корлордун категориялары. Корлордун категориялары боюнча эсеби жана суммаланышы 4.5-п. ылайык жүргүзүлөт.
4-графада отчеттук жылдын 1-январына карата абалы боюнча конденсаттын геологиялык чыгарылуучу корлору конденсаттын корлордун Мамлекеттик балансы менен дал келиши керек.
5-графада конденсатты казып алуу, 6-графада – жоготуусу көрсөтүлөт. Жоготуулар нормаланган, нормаланбаган жоготуулардан жана газ өткөрүүчү түтүккө газдын курамы менен келген С5+жогорулардын калдык концентрациясынан турат.
Нормаланган жоготуулар жалпы сумманын жанында кашаада көрсөтүлөт.
7, 8, жана 9-графаларда геологиялык чалгындоо иштеринин, кайра баалоонун жана бир ишкананын балансынан башканын балансына берүүнүн жыйынтыгында конденсаттын геологиялык жана чыгарылуучу корлорунун өзгөрүүсү (көбөйүшү же азайышы) көрсөтүлүшөт.
Конденсаттын эсептен чыгарылуучу корлорунун саны аларды камтыган газдын корлорунун эсептен чыгарылуусуна ылайыктуу болуш керек. Конденсаттын корлорунун өсүшү №6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасында газдын корлорунун балансында газдын корлорунун өсүшүн чагылдырган кабаттык газдын курамы боюнча эсептелет.
10-графада төмөнкүлөр көрсөтлүшөт: отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата алымда – геологиялык, бөлүүчүдө – конденсаттын чыгарып алынуучу корлору. 10-графаны толтурууда анда келтирилген маалыматтардын ар бир категориядагы корлордун өзүнчө жана бүтүн кен боюнча тууралыгын текшериш керек.
Текшерүү төмөнкүчө жүргүзүлөт: отчеттук жылдын 1-январына карата эсепке алынган конденсаттын корлорунан (4-графа) конденсатты казып алуудагы казып алынган жана жоготулган сандар кемитилет (5- жана 6-графалар) жана айырмасына чалгындоонун (7-графа), кайра баалоонун (8-графа) жана баланстан баланска берүүнүн жыйынтыгында алынган конденсаттын корлору кошулат же кемитилет. Жыйынтык санарип 13-графада көрсөтүлгөн санарип менен дал келиши керек.
11-графада отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата баланстык корлор газдын корлорунун балансынын №6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасына ылайыкка келтирилет.
18. Этан, пропан, бутан боюнча №6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасын толтуруу
18.1. №6-ГР формасын толтуруу бардык үч компоненттер боюнча бир убакта жүргүзүлөт, формада «Этандын, пропандын, бутандын корлорунун отчеттук балансы» деп көрсөтүлөт.
18.2. I-бөлүмдү толтуруунун тартиби.
1.1-бөлүмчөдө жер казынасынын эксплуатациялануучу бөлүгү жөнүндө жалпы маалыматтар келтирилет.
1.2-бөлүмчөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) газдагы этан, пропан, бутандын кармоосу А+В+С1 категориялары жана С1 категориясы боюнча эсептеги газдын корлоруна С5+жогорусуз;
2) азоттун кармоосу;
3) күкүрттүү суутектин кармоосу;
4) көмүр кычкыл газдын кармоосу, мольдуу %.
1.3-бөлүмдөтөмөнкү маалыматтар келтирилет:
1) жылдар:
· кендин ачылган жылы;
· кендин иштетүүгө киргизилген жылы (алымда – газдын, бөлүүчүдө – компоненттердин);
· консервациялоо жылы;
2) жер казынасынан отчеттук жылда чыгарылып алынгандарды кошуп, жер казынасынан иштетүү башталгандан газ менен кошо катары менен ар бир компоненттин казып алуусу жана жоготуусу;
3) корлорду бекитүү датасына компонентти казып алуу жана жоготуу.
18.3. II-бөлүмдү толтуруунун тартиби.
3-графада категориялар боюнча корлору көрсөтүлөт.
4-графада этандын, пропандын, бутандын отчеттук жылдын 1-январына карата абалы боюнча корлору этандын, пропандын бутандын корлордун Мамлекеттик балансында келтирилген корлорго ылайык болушу керек.
5-графада катары менен этанды, пропанды, бутанды казып алуу, 6-графада – окшош схема боюнча – жоготуулар көрсөтүлөт. Казып алууга газ-химия комплексинде алынган этандын, пропандын бутандын саны кирет. Жоготуулар төмөнкүлөр:
· техникалык жана технологиялык жоготуулар; факелдерде күйүүчү эриген газдагы жоготуулар;
· газды казып алуудагы жоготуулар менен байланышкан жоготуулар;
· казып алынган газдагы, бирок компоненттерди чыгарып алуу үчүн пайдаланылбаган (отун катары пайдаланылган) жоготуулар. Отун катары пайдаланылган компоненттердин саны жоготуулардын суммасынын жанында кашаада көрсөтүлөт.
7-9-графаларда чалгындоо иштеринин, кайра баалоонун жана бир ишкананын балансынан аларды башканын балансына өткөрүүнүн жыйынтыгындагы этандын, пропандын, бутандын корлорунун өзгөрүүсү (көбөйүшү же азайышы) көрсөтүлөт.
Этандын, пропандын, бутандын эсептен чыгарылган саны алар камтыган газдын корлорунун ылайыктуу эсептер менен негизделген эсептен чыгаруусуна ылайык болуш керек.
10-графада этандын, пропандын, бутандын отчеттон кийинки жылдын 1-январына карата корлордун абалы көрсөтүлөт. Мындайда баланста (10-графада) келтирилген маалыматтардын тууралыгын текшериш керек: отчеттук жылдын 1-январына карата эсепке алынган этандын, пропандын, бутандын корлорунан (4-графа) газдын курамындагы чыгарылып алынган жана газдын жоготуусундагы жоготулган этандын, пропандын, бутандын ылайыктуу саны кемитилет, ал эми айырмасына чалгындоонун, кайра баалоонун жана баланстан баланска (7-9-графалар) берүунүн жыйынтыгында алынган компоненттердин корлору кошулат (же кемитилет). Жыйынтыкталган сан 10-графада көрсөтүлгөн санарип менен дал келиши керек.
11-графада отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январындагы газдын корлорунун абалы боюнча №6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасындагы газ боюнча көрсөтүлгөндөр келтирилет.
13-графада ушул компоненттердинчыгарылып алынуучу корлору гана көрсөтүлөт.
19. Көмүр суутек эмес компоненттер (гелий, азот, көмүр кычкыл газ) боюнча №6-Гр (мунай, газ, компоненттер) формасын толтуруу
19.1. №6-Гр (мунай, газ, компоненттер) формасын толтуруу катары менен ар бир компонент боюнча келтирилет. Мындай учурда I-бөлүм толтурулбайт. Толтурулган формалар ылайыктуу «Гелийдин (азоттун, көмүр кычкыл газдын)корлорунун кыймылы жөнүндө маалыматтар» деп аталышат.
19.2. I-бөлүмдүн толтурулушунун тартиби.
1.1-бөлүмчөдө кен (кендин бөлүгү) жөнүндө жалпы маалыматтар.
1.2-бөлүмчөдө гелийдин (азоттун, көмүр кычкыл газдын) корлорун иштетүүдө маанилүү болгон катмардын кээ бир параметрлери келтирилет; отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата учурдгы кабат басымы.
Гелий негизги пайдалуу казынды болуп саналган кендер үчүн төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) газканыгуусунун аянты, миң м2;
2) газканыгуусунун калыңдгы (жалпы/натыйжалуу), м;
3) ачык көзөнөкчөлүк, бирдиктин үлүшүндө;
4) газканыгуусу, бирдиктин үлүшүндө.
1.3-бөлүмчөдө төмөнкү маалыматтар келтирилет:
1) жылдар:
· кендин же катмардын ачылыш жылы. Газдын жана гелийдин (азоттун, көмүр кычкыл газдын) корлорунун эсеби бир убакта жүргүзүлүшү керек.
Газдын корлорунун жана гелийдин (азоттун, көмүр кычкыл газдын) корлорунун эсепке алуу убактысынын бир жылдан ашык келишпестиги учурунда, компоненттердин корлорун эсепке алуу убактысы кенди ачуу жылынын жанында кашаада көрсөтүлөт;
· газ же мунай кенинин иштетүүгө киргизилген жыл – алымда жана компоненттер – бөлүүчүдө, эгерде компоненттер чыгарылып алынса;
2) бүтүн кен жана ар бир катмар боюнча өзүнчө иштетүү башталгандан жер казынасынан (казып алууну жана жоготууну кошуп) гелийдин (азоттун, көмүр кычкыл газдын) корлорунун суммардуу чыгарылып алынышы.
Жанында кашаада алардын суммардуу казып алынуусу, эгерде ал жүргүзүлсө, көрсөтүлөт.
3) бүтүн кен боюнча жана ар бир катмар өзүнчө корлордун бекитүү датасына гелийдин (азоттун, көмүр кычкыл газдын) суммардуу казып алуусу жана жоготуусу.
19.3. II-бөлүмдү толтуруунун тартиби.
2-графада газдын сапаттык мүнөздөмөсү берилет – кармоосу көлөмдүү %:
а) гелийдин;
б) азоттун;
в) күкүрттүү суутектин;
г) көмүр кычкыл газдын.
Кедин өнөр жайлык маанилүүлүгүн баалоодо азоттун кармоосу жөнүндө маалыматтардын мааниси өтө чөң, себеби акырында гелий чыгарылып алынган азоттук-гелийдин концентраттын гелий менен байышы жөнүндө күбөлөндүрөт.
Күкүрттүү суутектин кармоосу жөнүндө маалыматтар газ чийки затын комплекстүү пайдалануунун мүмкүнчүлүгүн жана андан башка, гелийдик жабдууларды иштен чыгарууга алып келүүчү анын жогорку коррозиялаштырышына байланыштуу кылдат тазалануу керектигин көрсөтөт.
2-графада чагылдырылбаган химиялык курамы боюнча маалыматтар түшүндүрүүчү кыскача катта сөзсүз түрдөгү тартипте келтирилет: алардын арасында СO; CH4; C2H6; C3H8; C4H10; С5Н12+жогору, N2+Ar, ошондой эле күкүрт-органикалык кошулмалардын (меркаптандардын) кармоосу.
3-графада газдын изилдөнүүсүнүн даражасынын эсеби менен гелийдин (азоттун, көмүр кычкыл газдын) корлорунун категориялары көрсөтүлөт (4.2-п. кара).
Категориялар боюнча корлордун эсеби жана суммаланышы №6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасында 4.5-п.ылайык жүргүзүлөт.
4-графада отчеттук жылдын 1-январына карата гелийдин (азоттун, көмүр кычкыл газдын) корлору келтирилет, алардын саны корлордун Мамлекеттик балансындагы жыйынтыкталган гелийдин (азоттун, көмүр кычкыл газдын) запастарына дал келиши керек.
5-графада кмпоненттердин казып алынуусу, 6-графада – жоготулушу көрсөтүлот. Казып алууга чыгрып алуучу жабдыктардан алынган гелийдин (азоттун, көмүр кычкыл газдын) көлөмү кирет.
Жоготууларга төмөнкүлөр киргизилет:
· казып алынган газдагы, бирок компоненттерди чыгарып алуу үчүн пайдаланылбаган жоготуулар;
· эриген газдагы, факелдерде күйгүзүлгөн, жоготуулар;
· техникалык жана технологиялык жоготуулар, алар жоготуулардын сумаасынын жанында кашаада көрсөтүлөт;
· казып алуудагы жоготуулар менен байланышкан жоготуулар.
7-графада чалгындоо иштеринин жыйынтыгында гелийдин (азоттун, көмүр кычкыл газдын) көбөйүшү же азайышы көрсөтүлот.
Бул графада төмөнкүлөр чагылдырылашат:
· чалгындоолук жана эксплуатациялык бургулоонун жыйынтыгында жаңы аныкталган корлор;
· чалгындоолук жана эксплуатациялык бургулоонун жыйынтыгында мурда аныкталган корлордун көбөйүшү же азайышы;
· бир категориядан башка категорияга өткөрүү менен байланышкан өзгөрүүлөр;
· аларды бекитүүнүн жыйынтыгында корлордун азайышы же көбөйүшү. Эгерде корлордун бекитүүдөгү өзгөрүшү кабаттын (катмардын) параметрлеринин өзгөрүшүүсүнүн жыйынтыгында же геологиялык чалгындоо иштери менен байланышпаган башка себептер менен болсо, өзгөрүүлөр 7-графада эмес, а 8-графада көрсөтүлүшөт;
· отчеттук жылга чейин чалгындалган, бирок химиялык анализдердин же башка себептер менен өз убагында эсепке алынбаган, кендердин же өзүнчө бөлүктөрдүн корлору.
8-графада кайра баалоонун жыйынтыгында өзгөрүлгөн корлордун сандары келтирилет.
Бул графада төмөнкүлөр чагылдырылыт:
· жер казынасын пайдалануучулардын балансында эсепке алынган, бирок экономикалык же тоо кен-техникалык шарттардын өзгөрүүшүсүнөн иштетүү үчүн мамлекеттик экспертиза тарабынан рентабелдүү эмес деп таанылган, эсептен чыгарылган корлор;
· гелий боюнча кондициялык эмес, бирок гелийди жана башка компоненттерди кошумча иштетүүнүн технологиялык схемасынын бар экендигинде комплекстүу кайра иштетүү үчүн рентабелдүу, алар эл чарбасында керектенүү деп таанылган жана аларды өздөштүрүү техникалык-экономикалык пайдалуулугу жөнүндө ылайыктуу ведомствонун негизделген чечими менен кендер боюнча корлору эсепке алынгандар;
· мунайда эритилген же бош газдарды эсептен чыгарууга байланыштуу гелийдин (азоттун, көмүр кычкыл газдын) корлору такталбаган катарында эсептен чыгарылгандар.
Баланска түшүндүрүүчү кыскача катта 8-графа боюнча корлордун өзгөрүүсүнүн себептери, ошондой эле кондициондуулуктун критерийлерине жооп бербөөчү кендердин корлорун баланска киргизүүнүн пайдалуулугунун техникалык-экономикалык негиздөөсү көрсөтүлүшү керек.
9-графада бир ишкананын балансынан башкага берилген же бир өнөр жайлык өздөштүрүү тобунан башкага берилген гелийдин (азоттун, көмүр кычкыл газдын) корлорунун саны көрсөтүлөт.
10-графада отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата корлордун саны көрсөтүлөт. Мындайда баланста келтирилген маалыматтардын тууралыгын, корлордун ар бир категориясынын өзүнчө жана бүтүн кен боюнча, текшерүү керек.
Текшерүү төмөнкүчө жүргүзүлөт: отчеттук жылдын 1-январына карата эсептелген гелийдин (азоттун, көмүр кычкыл газдын) корлорунан (4-графа) гелийдин (азоттун, көмүр кычкыл газдын) казып алынгадын жана жоготуулардын саны кемитилет жана айырмасына чалгындоонун (7-графа), кайра баалоонун (8-графа) жана баланстан баланска берүүнүн (9-графа) жыйынтыгында алынган корлор кошулат (же кемитилет). Жыйынтыкталган санарип 10-графада көрсөтүлгөн санарип менен дал келиши керек.
11-графада отчеттук жылдын 1-январындагы көмүр суутек эмес компоненттерди кармоочу газдын корлору көрсөтүлөт.
20. Газдуу жана мунайлуу кендерде күкүрт боюнча №6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасын толтуруу
20.1. №6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасын толтуруу күкүрт кармоочу ар бир пайдалуу казындылардын түрү боюнча жүргүзүлөт: эркин газдагы күкүрт (газ калпагынын газын кошуп), конденсаттагы күкүрт, мунайдагы күкүрт, мунайда эриген газдагы күкүрт.
20.2. I-бөлүмдү толтуруунун тартиби.
1.1-бөлүмчөдө кен, анын бөлүгү жөнүндө жалпы маалыматтар келтирилет.
1.2- бөлүмчө толтурулбайт.
1.3-бөлүмчөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) жылдар:
· кендин же катмардын ачылыш жылы;
· кендин газды же мунайды иштетүүгө киргизилген жылы алымда жана бөлүүчүдө - эгерде күкүрт чыгарылып алынса, - күкүрткө;
2) бүтүн кен боюнча жана ар бир катмарда өзүнчө иштетүүнүн башталышынан жер казынасынан (казып алууну жана жоготууну кошуп) күкүрттүн корлорун суммардуу чыгарылып алуусу;
3) кен жана ар бир катмар боюнча корлорду бекитүү датасына күкүрттүн суммардуу казып алуусу жана жоготуусу;
4) күкүрт кармалган пайдалуу казындынын түрү көрсөтүлөт.
20.3. II-бөлүмдү толтуруунун тартиби.
2-графада күкүрттүн сапаттык мүнөздөмөсү: мунайдагы жана конденсаттагы күкүрттүн кармоосу – салмактык% менен; газдагы – г/м3.
3-графада газдын жана мунайдын изилдөө даражасынын эсеби менен күкүрттүн корлорунун категориялары көрсөтүлүшөт;
4-графада отчеттук жылдын 1-январына карата күкүрттүн корлору келтирилет, алардын саны өткөн жыл үчүн түзүлгөн күкүрттүн бириктирилген мамлекеттик балансындагы саны менен дал келиши керек.
5-графада күкүрттү казып алуу, 6-графада - жоготуулар көрсөтүлөт. Казып алууга чыгарып алуучу жабдыктардан алынган күкүрттүн саны кирет. Жоготууга төмөнкүлөр киргизилет:
· казып алынган мунай жана газдагы, бирок күкүрт чыгарып алуу үчүн пайдаланылбаган жоготуулар;
· факелде күйгүзүлүүчү эритилген газдагы жоготуулары;
· газдын казып алуудагы жоготуулары менен байланышкан жоготуулар;
· техникалык жана технологиялык жоготуулар, алар жоготуулардын суммасынын жанында кашаада көрсөтүлөт.
7-графада чалгындоо иштеринин жыйынтыгында негизги пайдалуу казындылардын корлорунун өзгөрүүсүнө ылайык күкүрттүн корлорунунун көбөйүшү же азайышы көрсөтүлөт.
Ушул графада төмөнкүлөр чагылдырылат:
· чалгындоо жана эксплуатациялык бургулоонун жыйынтыгында жаңы табылган корлор;
· чалгындоо жана эксплуатациялык бургулоонун жыйынтыгында мурда аныкталган корлордун көбөйүшү же азайышы;
· корлордун бир категориядан башкага өткөнүнө байланыштуу корлордун өзгөрүшү;
· корлордун, аларды бекитүүнүн жыйынтыгында, көбөйүшү же азайышы. Эгерде корлордун бекитүүдөгү өзгөрүшү кабаттын (катмардын) параметрлеринин өзгөрүшүүсүнүн жыйынтыгында же геологиялык чалгындоо иштери менен байланышпаган башка себептер менен болсо, өзгөрүүлөр 7-графада эмес, а 8-графада көрсөтүлүшөт;
· отчеттук жылга чейин чалгындалган, бирок химиялык анализдердин же башка себептер менен өз убагында эсепке алынбаган, кендердин же өзүнчө бөлүктөрдүн корлору.
8-графада 8-графада кайра баалоонун жыйынтыгында өзгөрүлгөн корлордун сандары келтирилет.
Бул графада төмөнкүлөр чагылдырылыт:
· жер казынасын пайдалануучулардын балансында эсепке алынган, бирок экономикалык же тоо кен-техникалык шарттардын өзгөрүүшүсүнөн иштетүү үчүн мамлекеттик экспертиза тарабынан рентабелдүү эмес деп таанылган, эсептен чыгарылган корлор;
· мунайдын, эркин жана эритилген газдын корлорун эсептен чыгаруусуна ылайык жер казынасын пайдалануучунун балансынан эсептен чыгарылган күкүрттүн такталбаган корлору.
Баланска түшүндүрүүчү кыскача катта 8-графа боюнча корлордун өзгөрүүсүнүн себептери, ошондой эле кондициондуулуктун критерийлерине жооп бербөөчү кендердин корлорун баланска киргизүүнүн пайдалуулугунун техникалык-экономикалык негиздөөсү көрсөтүлүшү керек.
9-графада алынган лицензиянын же бир өздөштүрүү тобунан башкага өткөрүүгө ылайыктуу бир ишкананын балансынан башкага берүү менен байланышкан корлордун өзгөрүүсү көрсөтүлөт.
10-графада отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата корлордун саны көрсөтүлөт. Мындайда, корлордун ар бир категориялары боюнча өзүнчө жана бүтүн кен боюнча баланста келтирилген маалыматтардын тууралыгын текшериш керек.
Текшерүү төмөнкүчө жүргүзүлөт:отчеттук жылдын 1-январына карата күкүрттүн эсептеги корлорунан (4-графа)казып алынган жана жоготулган (5 жана 6-графалар) күкүрттүн саны кемитилет жана айырмасына чалгындоонун (7-графа), кайра баалоонун (8-графа) жана баланстан баланска берүүнүн (9-графа) жыйынтыгында алынган корлор кошулат (же кемитилет). Жыйынтыкталган санарип 10-графада көрсөтүлгөн санарип менен дал болушу керек.
11-графада отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата күкүрттү кармаган мунайдын, газдын, конденсаттын чыгарылып алынуучу корлору көрсөтүлөт.
12 жана 13-графаларда күкүрттүн чыгарып алынуучу корлору гана көрсөтүлөт.
21. №6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасы боюнча отчеттук баланстык корлорго түшүндүрүүчү кыскача каттар.
21.1. №6-ГР (мунай, газ, компоненттер) формасы боюнча ар бир отчеттук баланстык корлорго төмөнкү маалыматтарды камтыган түшүндүрүүчү кыскача кат тиркелет:
21.1.1. Отчеттук баланска алгачкы жолу киргизилген кендин/бөлүктүн кыскача мүнөздөмөсү.
21.1.2. Мунайдын, газдын жана компоненттердин корлорунун жалпы абалынын, аларды изилдөө, чалгындоо жана өнөр жайлык өздөштүрүү даражасынын мүнөздөмөсү. Компоненттердин корлорунун балансы үчүн газдык-гелийдик чийки заттын сапаттык мүнөзү жана газдын жалпы химиялык курамы жөнүндө маалыматтар берилет.
21.1.3. Отчеттук жылдагы мунайдын, газдын, конденсаттын жана башка компоненттердин корлорунун өсүшү үчүн практикалык маанидеги аткарылган чалгындоо жана эксплуатациялык иштердин көлөмү жөнүндө маалыматтар.
21.1.4. Кен боюнча корлордун кыймылы, анын ичинде жоготуулардын мүнөздөмөсү, ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча кабыл алынган жана сунушталган иш-чаралар.
21.15. Кийинки жылга карата геологиялык чалгындоо иштеринин негизги багыттары.
21.2. Түшүндүрүүчү кыскача катта төмөнкү маселелердин ачылышы керек:
21.2.1. Мунайдын, газдын жана компоненттердин корлорунун абалы, алардын чалгындоо даражасы; компоненттер үчүн ошондой эле аларды камтыган газдын же мунайдын корлорунун абалы.
Газдык-гелийдик чийки заттын сапатынын жалпы мүнөздөмөсүндө газдын курамындагы CH4; C2H6; C3H8; C4H10; С5Н12+жогору, N2, СО2 и СО басымдуу кармоосун көрсөтүш керек. Эгерде газдын курамында Н2S жана күкүрт-органикалык кошулмалар (меркаптандардын) болсо, алардын кармоосун көрсөтүш керек.
21.2.2.Чалгындалган корлорду стратиграфиялык комплекстер, тереңдги, коллекторлордун типтери, күкүрттүүлүгү (мунайдагы күкүрттүн кармоосу, %) боюнча бөлүү:
· аз күкүрттүү – 0,5 чейин, күкүрттүү – 0,5-2, жогору күкүрттүү – 2 жогору;
· тыгыздыгы (0,87 г/см3 чейин – жеңил, 0,87-0,9 г/см3- орто тыгыздыкта, 0,9 г/см3 жогору – оор мунай);
· коллекторлордун илеешкектиги (30 мПа с –жогорку илеешкектүү мунайлар) жана көзөнөкчөлүүлүгү, ошондой эле мунай астындагы газдардын корлорун бөлүү.
21.2.3. Чалгындалган корлордун өнөр жайлык өздөштүрүүсүнүн даражасы боюнча, иштетүүдөгү, өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн даярдалган, чалгындоодо жана консервацияда болгон корлорду көрсөтүү менен, бөлүү.
21.2.4. Кендин келечеги, ошондой эле компоненттерди пайдалануунун келечеги, жөнүндө маалыматтар келтирилет.
21.2.5. Кен (катмар) боюнча мунайдын, газдын жана компоненттердин корлорунун кыймылына түшүндүрмө төмөнкү схема боюнча берилет:
21.2.6. Кендин геологиялык түзүлүшү жөнүндө жаңы маалыматтар.
21.2.7. Мунай жана газдын табылган же контурланган катмарларынын мүнөздөмөсү, алардын созулушу, калыңдыгы, формасы, коллектор-кабаттын мүнөздөмөсү.
21.2.8. Чалгындоо иштерин жүргүзүү менен байланышкан мурда аныкталган катмарлардын контурунун өзгөрүүсүнүн мүнөздөмөсү.
21.2.9. Корлордун С1 жана С2 категорияларынын өсүшү жана, кайсы категориялардын эсебинен аларды А жана В категорияларына өткөрүүсүн көрсөтүү менен.
21.2.10. Белгиленген тартипте бүтүмдөлүп эсептен чыгаруунун актысы тиркелген кен (катмар) боюнча корлордун эсептен чыгаруу себептеринин анализи.
21.2.11. Мунайды, газды, компоненттерди жылдык казып алуу жөнүндө справка, кабаттан казып алынган мунайдагы, газдагы компоненттердин кармоосу (г/м3 же %).
21.2.12. Газдын жана компоненттердин жоготуусунун мүнөздөмөсү; жоготууларды азайтуу үчүн белгиленген иш-чаралар; технологиялык жоготууларды жана технологиялык пайдаланууну көрсөтүү.
21.3. Отчеттук баланска түшүндүрүүчү кыскача каттан башка төмөнкүлөр тиркелет:
21.3.1. Эксплуатациялануучу кен, геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жаткан кендер жана аянттар, корлордун өсүшү алынган кендер жана аянттар белгиленген райондун баяндоо картасы.
21.3.2. Продуктивтүү кабаттын үстү боюнча структуралык негизде түзүлгөн эсептөө пландары. Пландарга төмөнкүлөр түшүрүлөт: отчеттук жылдагы көзөнөктөрдү белгилөө менен бардык бургуланган көзөнөктөр жана бургулоодогу жана сыноодогу көзөнөктөр; абсолюттук сыноолор (мунай, газ, суу, дебиттер), штуцердин диаметри; отчеттук жылдын башындагы жана аягындагы мунайгаздуулуктун контурлары; отчеттук жылдын башындагы жана аягындагы мунайгаздуулуктун аянттарынын чектери жана корлордун категориялары; кабаттын бардык параметрлери жана корлору (таблица түрүндө).
21.3.3. Кернди алуунун интервалдарын, алардын чектерин, перфорациялануунун интервалдарын жана сыноонун жыйынтыгын (мунай, газ, суу, дебиттер) жана штуцердин диаметрин көрсөтүү менен аларга түшүрүлгөн корлордун өсүшүн негиздөөчү КГИ диаграммалары.
№_____ тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2016-жылдын «___»__________ №____
№11-ШРП «ЖЕР КАЗЫНАСЫНДАГЫ КӨМYРДY КАЗЫП АЛУУДАГЫ ЖОГОТУУЛАР ЖӨНYНДӨ МААЛЫМАТТАР» ФОРМАСЫН
ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ ЖӨНYНДӨ
ИНСТРУКЦИЯ
(жер астындагы жана ачык иштер)
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Ушул №11-ШРП «Жер казынасындагы көмүрдү казып алуудагы жоготуулар жөнүндө маалыматтар» (жер астындагы жана ачык иштер) Формасын толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкция (мындан ары – «Инструкция») Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Көмүр жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативтик укуктук актыларына ылайыктуу иштелип чыкты жана жер казынасын пайдалануучулардын №11-ШРП Формасын толтуруунун жана тапшыруунун тартибин белгилейт.
2. Жер казынасын пайдалануу негизине, уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчик түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында жер казындысын пайдаланууну жүргүзүүчү, көмүрдүн же күйүүчү сланецтердин кендерин иштетүүнү (шахталар жана разрездер) жүргүзүүчү бардык жер казынасын пайдалануучулар жылдык негизде жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга №11-ШРП Формасы боюнча отчеттуулукту берүүгө милдеттүү.
3. Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата абалы боюнча №11-ШРП Формасында берилген маалыматтар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейин кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөр түрүндө берилет.
4. Көмүрдү/сланецти казып алуу жана жоготуу (мындан ары – «көмүрдүн жоготуусу») жөнүндө маалыматтар миң тоннада (үтүрдөн кийин бир ондук белги менен) келтирилет.
5. Жер казынасынан көмүрдү казып алуудагы жоготуулар, казып алуудагыдай эле, корлордун балансында эсепкп алынган (кедейлетүүчү тектердин кошулмаларысыз) таза көмүр боюнча аныкталат.
6. №11-ШРП формасына жоготуунун үч түрү киргизилет:
· эксплуатациялык жоготуулар (4,5,6,7-графалар);
· геологиялык (тектоникалык) бузулуулар менен негизделген жоготуулар (8,9-графалар);
· жалпы шахталык жоготуулар (10,11-графалар).
Эскертме.
Эксплуатациялык жоготуулар – массивде пайдалуу казылып алынуучуларды (жер казынасынан) казып алууда жоготуулар жана казып алуунун технологиялык процессинде түздөн түз пайда болгон казып алуу технологиясында колдонулган жана иштетип чыгуу системасы менен байланышкан пайдалуу казылып алынуучу системаларды иштеп чыгуу менен байланышкан айрым жоготуулар.
Геологиялык бузуулар (тектонимикалык) менен негизделген (геологиялык бузуулар жана гидрогеологиялык шарттар) жоготуулар – тектоникалык бузуулардын жана иштетилүүчү участкалардын жана катмарлардын татаал гидрогеологиялык шарттарына карата көмүрдүн запастарын иштетүү коопсуз болгон жерлердеги запастар.
Жалпы шахталык (жалпы карьердик) жоготуулар – тоо иштерин коопсуз жүргүзүү үчүн ошондой эле өрткө каршы максаттагы жер үстүндөгү жаратылыш обьектилери жана түрдүү курулуштардан калган запастар; Аталган жоготуулар (жалпы шахталыктар жана геологиялык бузуулардыкы) ченемделбейт. Кендерди иштетүүдө колдонулган техника жана технологиянын өнүгүшүнүн деңгээлине жараша жоготуулар ченемделет.
7. №11-ШРП формасы ушул Инструкцияга ылайыктуу геологиялык-маркшейдерлик эсептин алгачкы маалыматтарынын, ошондой эле жер казынасын пайдалануучунун алгачкы өндүрүштүк жана бухгалтердик эсебинин негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын башка нормативтик укуктук актыларынын талаптарын эске алып, түзүлөт.
8. Толтурулган №11-ШРП формасы жана ага Түшүндүрүүчү кыскача катка отчетту түзүүгө жооптуу кызмат жагы жана жер казынасын пайдалануучу-уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюулат. Кол коюулар уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
9. Отчетту берүүнүн мөөнөтү бузулганда жана/же отчетто анык эмес маалыматтар берилгенде жер казынасын пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген жоопкерчиликте болот. Анык эмес маалымат, жумуштурун турлорун жана коломун корсотулбогон болсо жана финансылык ар кандай чыгымдар корсотулбогондук.
10. Отчеттуулукту берүүнүн белгиленген тартибин сактоого, отчеттогу маалыматтардын аныктыгына контролду жер казынасын пайдалануу чөйрөсүдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
II. ФОРМАНЫ ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
№11-ШРП «Көмүрдүн жоготуусу» Формасынын I-бөлүмү
11. 2-графада төмөнкүлөрдүн аталыштары көрсөтүлөт:
· өзгөчөлөнгөн шахталык/карьердик талаанын;
· отчеттук жылда көмүр (сланец) казып алуу жүргүзүлгөн чыгарып алынуучу бирдиктердин.
Аталган маалыматтар бөлүмдүн өзүнчө саптарында көрсөтүлүшөт.
Эскертүү: казып алуучу бирдик – салыштырмалуу бир түрдүү тоо кен-геологиялык шарттары менен пайдалуу казындылардын бөлүгү, алар иштетүүнүн бир системасы жана казып алуунун (блок, камера, лава, панель, карьер, карьердин тепкичи) технологиялык схемасы менен жүргүзүлөт, анын чегинде пайдалуу казындынын баланстык корлору бир топ аныктык менен эсептелген жана жер казынасынан пайдалуу казындыларды толук чыгарып алуунун алгачкы эсептөө мүмкүн.
3-графага отчеттук жылда өтүлгөн тазалоо жана даярдоо казмалардан маркшейдерлик ченөө боюнча көмүрдү казып алуу жөнүндө маалыматтар киргизилет. Маркшейдерлик ченөө боюнча казып алуу көмүр пачкалардын фактылуу калыңдыгынын чегинде эсептелинет. Мындайда жер казынасында жоготулган казылган көмүр маркшейдерлик ченөө боюнча казып алууга киргизилбейт.
12. Эгерде ишкана отчеттук жылда казып алууну жер астынан , ошондой эле ачык ыкма менен жүргүзсө, анда отчетто суммардык казып алуу, анын ичинде жер астынан жана ачык ыкмалар өзүнчө көрсөтүлөт.
13. Иштетилген мейкиндикте маркшейдерлик ченөөнү түздөн түз жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген иштетүүнүн системалары колдонгондо же кабаттын калыңдыгы боюнча өтө эле туруксуздугунда ж.б.,казып алуу өндүрүштүк эсептин маалыматтары боюнча жүргүзүлөт. Мындай учурда, көмүр кабаттарынын өтө татаал түзүлүштөрүн иштетүүдө, өндүрүштүк эсеп боюнча көмүрдүн казып алынуусун өнөр жайлык корлордун эсебинин тартибине, казып алууда жер казынасындагы көмүрдүн (сланецтин) жоготууларды аныктоого жана эсептөөгө ылайыктуу көмүр пачкалары боюнча казып алууга мыйзамда белгиленген төмөнкү формула боюнча кайра эсептелинет:
Мында: | Ду | - көмүр пачкалары боюнч казып алууа, миң т; |
| Дс | - статистикалык эсеп боюнча көмүрдү казып алуу, миң т; |
| - көмүрдү булгоочу тектин күлдүүлүгү, %; | |
| - көмүр пачкаларынын күлдүүлүгү, %; | |
|
| - статистикалык эсеп боюнчаказып алынган көмүрдүн күлдүүлүгү %. |
Күйүүчу сланецти казып алуунун окшош эсеби төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
мында: | Д | - жоготууну эсептөө үчүн кабыл алынган сланецтин казып алынуусу, миң т; |
| Дт | - жоготууну эсептөө үчүн кабыл алынган сланецтин казып алынуусу, миң т; |
| - товардык сланецтин күйүүнүн салыштырма жылуулугуу, ккал/кг; | |
| - булганбаган сланецтин күйүүсүнүн салыштырма жылуулугуу, ккал/кг; |
14. Өндүрүштүк эсеп боюнча казып алынган көмүрдүн көлөмүн көмүр пачкалары боюнча («таза» көмүр) казып алууну кайра эсептөө үчүн атайындашкан литературалык булактарда баяндалган башка кеңири таанылган методикаларды дагы колдонуу мүмкүн (тажрыйба жолу менен аныкталган булгоонун коэффициентин пайдалануу, ж.б.).
15. 4-графага 2-графада аталган объекттер боюнча нормативтик эксплуатациялык жоготуулар (миң т) киргизилет. Көмүрдү казып алуунун фактысы жөнүндө маалыматтардын негизинде көрсөтүлгөн жоготуулар төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында: Пн.п. - нормативтик эксплуатациялык жоготуулар, миң т;
Д – фактылуу казып алуу («таза» көмүргө кайра эсептегенд);
Пп – бекитилген нормативтик эксплуатациялык жоготуулар, %;
16. Келтирилген формула боюнча фактылуу казып алуу жана пайыздагы бекитилген жоготуулар боюнча нормативтик эксплуатациялык жоготууларды (4-гр.) кйра эсептөө бүтүн казып алуучу ишкана боюнча дагы жүргүзүлөт.
17. Шахта боюнча жылдык маалыматтардын жыйынтыгынын 4-графадагы саптар боюнча жоготуулардын суммасынан кандайдыр бир айырмасы болууга мүмкүн.
18. 5-графада маркшейдерлик эсептин маалыматтары боюнча (миң т) фактылык эксплуатациялык жоготуулар көрсөтүлүшү керек.
19. 6-графада отчеттук мезгилде белгиленген тартипте киргизилген өзгөрүүлөрдүн эсеби менен бекитилген нормативтик эксплуатациялык жоготуулар (%) көрсөтүлүшү керек.
20. 8-графада иштетилип жаткан бөлүктөрдүн же кабаттардын тектоникалык бузууларынан жана татаал гидрогеологиялык шарттарынан иштетүү мүмкүн эмес жана коркунучтуу, маркшейдерлик ченөө боюнча аныкталган, көмүрдүн фактылык жоготуулары корсотүлүшү керек, анын ичинде:
· көп сандуу майда геологиялык бузуулар менен татаалдашкандар (үзүлүштөр, жууп кетүүлөр, бырышкандар, майда складкалар, толкундар ж.б.);
· тазалоочу забойлорду өтүүгө техникалык жактан мүмкүн эмес жана коркунучтуу казып алынуучу столбдордун ичиндеги кээ бир геологиялык бузууларга такалгандар;
· өтө туруктуу эмес капталдагы (камтыган) тектер болгондор;
· болгон ыкмалар жана каражаттар менен кургатууга болбогон жана өтө сууланган кээ бир локалдык бөлүктөрү барлар.
Эскертүү: Көмүрдүн ири тектоникалык бузуулардын жана кабаттын өзүнчө бөлүнүп калган бөлүктөрдүн жанындагы корлору ишкананын балансынан техникалык-экономикалык себептерден иштетүү пайдалуу эмес катарында белгиленген тартипте эсептен чыгарылат.
21. 10-графада чек аралары белгиленген тартипте бекитилген сактоочу целиктердеги көмүрдүн жоготуулары (миң т) жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүшү керек.
22. Жалпы шахталык жоготууларга щахта стволун сактоо жана тосмо целиктерде башка капиталдык тоо казмаларын, тоо кен иштерин коркунучсуз жүргүзүү чегинин жанындагы ж.б. калтырылган жоготуулар кирет.
Эскертүү: Целикти контурлаган тоо кен казмалары өчүрүлгөн отчеттук мезгилде көрсөтүлгөн целиктердеги корлор фактылуу жоготууларга өткөрүлөт. Целик бир канча горизонттордо жайгашкан учуурларда же чоң узундукта болсо, анын корлорун фактылуу жоготууларга эсептен чыгаруу тоо кен иштеринин өнүктүрүүнүн жылдык календардык пландарында белгиленген бөлүктөр боюнча жүргүзүлөт.
№11-ШРП «Аянттар жана калыңдык боюнча эксплуатациялык жоготууларды бөлүштүрүү (ачык жана жер астындагы иштер)» Формасынын II-бөлүмү
23. 2-графаны толтуруу ушул Инструкциянын I-бөлүмүнүн 2-графасына сыяктуу жүргүзүлөт.
24. 3-6-графаларда ар бир казып алуучу бирдик боюнча маркшейдерлик эсеп боюнча фактылык жоготуулар көрсөтүлүш керек, калыңдгы жана аянт боюнча фактылуу жоготуулар боюнча (миң т) бардыгы жана пайызда, ылайыктуу, көрсөтүлүшү керек.
25. II-бөлүктүн 3 жана 5-графаларынын көрсөткүчтөрүнүн суммасы казып алуучу бирдик боюнча жана ошондой эле бүтүн ишкана боюнча (шахта, разрез) I-бөлүмдүн 5-графасынын көрсөткүчтөрүнө дал болушу керек.
№11-ШРП «Аянттар жана калыңдык боюнча эксплуатациялык жоготууларды бөлүштүрүү (жер астындагы иштер)» Формасынын III-бөлүмү
26. Отчеттун бул бөлүгүндө бүтүн шахта боюнча көмүрдү (сланецти) жер астынан казып алуу боюнча гана маалыматтар көрсөтүлөт.
27. 3 жана 4-графаларды толтуруу Инструкциянын I-бөлүмүнүн ылайыктуу графаларын толтурууга окшош жүргүзүлөт.
28. №11-ШРП Формасына Түшүндүрүүчү кыскача кат төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен тиркелет:
· жоготуулардын түзүлүшүнүн себептери жана аларды төмөндөтүү же жоюу боюнча чараларды аткаруунун натыйжалуулугу;
· аянттар жана калыңдык боюнча жоготуулардын түзүлүшүнүн себептери;
· көмүрдү даярдоонун жана чыгарып алуунун, анын ичинде целиксиз, технологияларынын жоготуулардын деңгээлине таасири;
· тоо кен иштеринин өнүктүрүү Пландарын бузулушунун себептери;
· колдонулуучу техниканын тоо-геологилык шарттарга ылайыксыздыгынын фактылары;
· кабаттардын астын иштетүу жана тандап иштетүүнүн себептери;
· ушул жоготууларга жол берген ар бир казып алуу бөлүгү (шахта, разрез) боюнча нормативтен жогору жоготуулар;
· жер үстүндөгү объекттердин алдындагы сактоо целиктеринен, корлорду консервациядан чыгарууда, көмүрдү чыгарып алуунун натыйжалуулугу.
· көмүр кармоочу ачуучу тектерден жана кедейлетилген көмүрлөрдөн товардык көмүрдү чыгарып алуунун көлөмү;
· кабаттардын бардык калыңдыгына чыгарып алуучу механизация каражаттарын киргизүү;
· баланстан тышкары, ошондой эле мурда эсептен чыгарылган же
жоготууга каралган корлорду иштетүүнүн көлөмдөрү;
· жер казынасындагы көмүрдү казып алуудагы жоготуулардын деңгээлине таасир этүүчү башка факторлор.
№_____ тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2016-жылдын «___»__________ №____
№70-ТП «КАТУУ ПАЙДАЛУУ КАЗЫНДЫЛАРДЫ КАЗЫП АЛУУДАГЫ
ЧЫГАРЫП АЛУУ ЖӨНYНДӨ МААЛЫМАТТАР» ФОРМАСЫН
ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ ЖӨНYНДӨ
ИНСТРУКЦИЯ
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Ушул 70-ТП «Катуу пайдалуу казындыларды казып алуудагы чыгарып алуу жөнүндө маалыматтар» Формасын толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкция (мындан ары – «Инструкция») Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативтик укуктук актыларына ылайыктуу иштелип чыкты жана жер казынасын сарамжалдуу жана комплекстүү пайдаланууга контролду камсыздоо максатында жер казынасын пайдалануучулар тарабынан 70-ТП Формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибин белгилейт.
2. Жер казынасын пайдалануу негизине, уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчик түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында, катуу пайдалуу казындылардын (көмүр жана күйүүчү сланецтен башка) кендерди, 1-Тиркемеде көрсөтүлгөн, иштетүү максатында жер казындысын пайдаланууну жүргүзгөн бардык жер казынасын пайдалануучулар жылдык негизде жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга №70-ТП Формасы боюнча отчеттуулук берүүгө милдеттүү.
3. №70-ТП Формасы боюнча отчетто берилген маалыматтар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата абалы боюнча жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейин кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү отчет берет.
4. №70-ТП формасы боюнча маалыматтар ишканада жүргүзүлүүчү алгачкы геологиялык-маркшейдерлик маалыматтар боюнча түзүлүшөт.
5. №70-ТП формасы боюнча отчеттор, өзүнчө казып алуучу бирдиктер боюнча маалыматтарды бөлүүсүз, жер казынасын пайдалануунун ар бир объекти боюнча бүтүн түзүлөт.
Эскертме. Сузуп алуу бирдиги – тоо-геологиялык шарттары бир жактуу болгон пайдалуу казылып алынуучу кендин участогу, аны иштетөө бирдиктөө система менен жана сузуп алуунун технологиялык схемасы (блок, камера, лава, панель, кабат, кабат алды, заходка, карьер, карьердин үстү жагы) менен ишке ашырылат, анын чегинде пайдалуу казылып алынуучунун балансалык запастары так эсептелинет жана жер казынасынан пайдалуу казылып алынуучунун эсебин так алууга мүмкүн.
II. ФОРМАНЫ ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
6. №70-ТП формасынын таблицалык бөлүгүн толтуруу төмөнкүчө жүргүзүлөт:
6.1. Пайдалуу казындылардын аталышы (1-графа), аларга берилген шифрлер жана өлчөм бирдиктери (3-графа) 2-Тиркемеге ылайыктуу келтирилет. Казып алуунун көлөмдөрү, жоготуулар жана кедейленүүлөр (казып алынуучу пайдалуу казындыга бош тоо тектеринин жана анын кедей түрлөрүнүн кошулушунан пайда болгон пайдалуу казындынын касиеттеринин сапатынын начарлашы) бир ондук белги менен келтирилишет.
6.2. Пайдалуу казындылар боюнча маалыматтар сорттор, типтер жана маркалар боюнча өзүнчө келтирилет, мындайда алардын ар бири боюнча өзүнчө сап толтурулат.
6.3. Пайдалуу казындыда кармалган пайдалуу компоненттер өнөр жайлык типтер (сорттор) боюнча бөлүү менен көрсөтүлүшөт. КР корлор боюнча Мамлекеттик комиссиясы бекиткен пайдалуу казындылар, ошондой эле, оперативтик эсеп боюнча, жер казынасын пайдалануучунун пайдалуу казындылардын корлорунун балансындагылар, эсепке алынат.
Эскертүү: Пайдалуу компонент - даяр продукцияга азыркы технологияларда же биринчи кайра иштетүүнүн жана андан ары пайдалануу үчүн минералдык чийки заттан түзүлгөн продукттарды кийинки технологиялык кайра иштетүүнүн жыйынтыгында чыгарылып алуу мүмкүн болгон пайдалуу казындынын курамынын бөлүгү.
6.4. 5-графада маалыматтар иштетүүнүн ыкмасы боюнча өзүнчө келтирилет (ачык, жер астынан, драгалык, гидравликалык).
6.5. 4-графадагы «Корлордун өчүрүлүшү» маалыматтар баланстык корлордун (5-графа) казып алынган (чыгарылып алынган) бөлүгүнүн жана казып алууда фактылуу жоготулган (7-графа) суммасы катарында аныкталышат.
6.6. 5-графада «Жер казынасынан казып алынды (чыгарылып алынды)», жер астындагы иштерде жер казынасынан жер үстүнө чыгарылган же ачык иштетүүдө карьерден ташылган жана алгачкы иштетүүдөн өткөн (техникалык долбоордо белгиленген сапаттын техникалык шарттарындагы талаптарга руданы жеткирүү боюнча операциялар жана , эреже катарында, тоо кен бөлүндүсүнүн чегинде, селективтүү чыгарып алууну, ортолоону, текти алууну, габарит эместерди талкалоону, кондициялык блокторду өндүрүүнү, сорттоону жана даяр продукциянын кампасына же кайра иштетүүчү өндүрүшкө жеткирүүнү (байытуу же брикет фабрикалары, талкалоо-сорттоо комплекстер, химиялык же металлургиялык заводдор ж.б. кошуп), пайдалуу казындылардын казып алынган баланстык корлорунун саны келтирилет. Бул корлордун санына кедейлетүүчү тектер (пайдалуу казындылар менен бирге казылып алынган бош тектер жана корлордун эсептелген контуруна киргизилбеген кондициялык эмес рудалар) киргизилбейт.
6.7. Пайдалуу казындыларды казып алуунун эсеби, эреже катарында, руданын кургак салмагы боюнча же корлорду эсептөөдө кабыл алынган нымдуулук менен (эгерде ал КР корлор боюнча Мамлекеттик комиссиянын протоколунда көрсөтүлсө) жүргүзүлөт. Табигый түрдө пайдаланылуучу пайдалуу казындылар (акиташтар, чополор, минералдык туздар ж.б.)табигый нымдуулукта эсепке алынышат.
6.8. Белгиленген нымдуулук менен казып алынган көлөм төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Д бал= Дф100 – Wф, мында:
100 – Wбал
Д бал – бекитилген баланстык корлордогу нымдуулукка келтирилген фактылык казып алуу, тонна;
Дф – фактылык казып алуу, тонна;
W бал – бекитилген корлордогу табигый нымдуулук, %;
W ф – казып алуунун фактылык нымдуулугу, %.
6.9. Баланстык корлордун казылып алынган бөлүгүндөгү казылып алынган (чыгарылып алынган) пайдалуу компоненттин саны кургак салмагы (же эсептелген нымдуулуктагы) боюнча казып алынып өчүрүлгөн корлордун бөлүгүн андагы пайдалуу компоненттин пайыздагы кармоосуна көбөйтүү жана аны 100 бөлүү менен аныкталат. Өчүрүлгөн корлордогу пайдалуу компоненттин кармоосу чалгындоо, эксплуатациялык-чалгындоо казмаларын сынамыктоонун жыйынтыгында такталат.
6.10. Норма боюнча жоготуулар (6-графа) жөнүндө маалыматтар, казып алууда жоготууларды жана кедейлетүүлөрдү нормалоо боюнча белгиленген талаптарга ылайыктуу, отчеттук жылда иштетүүгө тартылган ар бир казып алуучу бирдик үчүн техникалык-экономикалык эсепттин жолу менен аныкталган, бекитилген нормативтердин негизинде толтурулат.
6.11. Казып алуудагы фактылуу жоготуулар (7-графа) – отчеттук мезгилде казып алуучу бирдикти иштетүүдө иштетилген кендин бөлүгүндөгү жер казынасынан чыгарылбаган, ошондой эле жоготуулар түзүлгөн жери боюнча түз же кыйыр (эсептик) ыкма менен тоо кен ишкананын маркшейдерлик жана геологиялык кызматтары аныктаган казып алынган жана тектердин таштандысына жиберилген, кампалоо жеринде жүктөөдө жана тоо кен ишканасынын транспорттук жолдорунда калтырылган (жоготулган), пайдалуу казындынын баланстык корлорунун бөлүгү.
Пайдалуу компонентти жоготуу – жоготулган пайдалуу казындыдагы пайдалуу компоненттин кармоосунун саны.
Нормативтүү жоготуулар – тоо кен техникасынын жана технологиясынын учурдагы деңгээлнн абалына карата казып алууда техникалык жактан сөзсүз түрдөгү же кенди иштетүүнүн конкреттүү тоо-геологиялык шарттары үчүн экономикалык негизделген пайдалуу казындынын (компоненттин) жоготуусу.
Казып алуудагы жоготуулар - жоготуулар түзүлгөн жери боюнча түз же кыйыр (эсептик) ыкма менен тоо кен ишкананын маркшейдерлик жана геологиялык кызматтары аныктаган пайдалуу казындынын фактылуу жоготуулары.
6.12. 10 жана 11-графаларда казып алуудагы жоготуулар нормативтик жана фактылык
пайыз түрүндө келтирилет, алар жоготуунун санын (7-графа) өчүрүлгөн корлордун санына (4-графа) бөлүү жана 100 көбөйтүү менен алынат.
6.13. 12 – 15 графаларда «Кедейленүү» пайдалуу казынды менен бирге казылып алынган, бош тектердин жана корлорду эсептөөнүн контуруна киргизилбеген кондициялык эмес рудалардын саны жөнүндө маалыматтар келтирилет.
6.14. Норма боюнча кедейлентүүчү тектердин саны (12-графа) ушул рудникте колдонулуучу ар бир иштетүүнүн систеасы үчүн бекитилген нормаларга ылайыктуу тоо кен иштеринин жылдык өнүгүү пландарын түзүүдөгү эсептердин негизинде белгиленет. Фактылуу кедейлентүүчү тектердин саны (13-графа )түз жана кыйыр ыкмалар менен аныкталат.
Түз ыкмада кедейлентүүчү тектердин саны түздөн түз ченөө менен аныкталат. Эгерде түз ыкманы колдонуу мүмкүн эмес болсо, кедейлентүүчү тектердин саны казып алынган руда массасындагы негизги компоненттин жана кедейлентүүчү тектердеги ушул компоненттин кармоосунун эсеби менен жер казынасындагы өчүрүлгөн корлордун кармоолорунун катышы боюнча аныкталат.
12 жана 13-графаларда маалыматтар натуралык түрдө келтирилет.
6.15. 14 жана 15-графаларда маалыматтар пайыз түрүндө, кедейлентүүчү тектердин норма боюнча жана фактылуу сандары боюнча, келтирилет. Фактылуу сан, кедейлентүүчү тектердин фактылуу санын жер казынасынаказып алынган корлордун жана кедейлентүүчү тектердин фактылуу сандарынын суммасына бөлүп, 100 көбөйтүүдөн аныкталат.
6.16. Нормативтен жогорку жоготуулардын чоңдугу (16-графа) жоготуулардын фактылуу чоңдугу менен катуу пайдалуу казындыларды эсептөө жана нормалоо боюнча жоболорго ылайыктуу, ошондой эле пайдалуу казындыларды казып алуу боюнча иштердин бардык мезгилинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен тоо кен иштерин жылдык өнүктүрүү пландарын макулдашуусуз жүргүзгөндөгү фактылык нормативтик көрсөткүчтөрдүн айырмасы катарында, аныкталат.
Толук иштетилген (өчүрүлгөн) казып алуучу бөлүктөргө (бирдиктерге), эксплуатациянын башталыш жылына карабастан, ишкананын отчеттук жылда иштетилген, казып алуу бөлүктөрү боюнча эсептен чыгаруунун актылары түзүлгөндөр, кирет.
Бүтүн объект боюнча нормативтен жогорку жоготуулар казып алуучу бирдиктер боюнча нормативтен жогору жоготуулардын суммаланышы менен аныкталат. Кээ бир казып алуучу бирдиктердеги нормага карата жоготуулардын төмөндөшүнүн эсебинен нормадан жогору жоготуулардын чоңдугунун санын азайтууга жол берилбейт.
7. Отчетко Түшүндүрүүчү кыскача кат тиркелет, анда жоготууларды аныктоонун ыкмалары, казып алууда пайдалуу казындылардын жоготуусун жана кедейленүүсүн аныктоо, нормалоо жана эсептөө боюнча жоболор менен белгиленген классификациялоого ылайык фактылуу жоготууларды чечмелөө ыкмалары, ошондой эле нормадан жогору жоготууларды аныктоо менен анализ, ал эми жоготуулар төмөндөгөн учурда – ушуга жетишүүнүн жыйынтыгынын иш-чаралары, көрсөтүлүшөт. Түшүндүрүүчү кыскача катта төмөнкү маалыматтар дагы чагылдырылышы керек:
· казып алууда пайдалуу казындыларды чыгарып алуу бөлүгүндө жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн, долбоордук чечимдердин жана тоо кен иштеринин өнүктүрүү пландарынын шарттарын сактоо;
· кендин байыраак (пайдалуу компоненттердин кармоосу боюнча) бөлүктөрүн тандап иштетүү учурлары;
· алар бар учурунда нормативтен жогору жоготуулардын себептери.
8. Толтурулган 70-ТП Формасы жана ага Түшүндүрүүчү кыскача кат отчетту түзүү үчүн жооптуу кызмат жагы жана жер казынасын пайдалануучу –уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюулат. Кол коюулар уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
9. Отчетту берүүнүн мөөнөттөрүн бузууда жана /же отчетто анык эмес маалыматтар берилгенде жер казынасын пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген жоопкерчиликте болот.
10. Мамлекеттик отчеттулукту берүүнүн белгиленген тартибин сактоого, ага киргизилген маалыматтардын тууралыгына контролду жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
1-тиркеме
№ 70-ТП Формасы боюнча отчет берилүүчү пайдалуу казындылардын Тизмеси | |||
Код | Аталышы | Өлчөм бирдиги | |
1 | 2 | 3 | |
I. Кара металлдар | |||
1.1. | Темир рудлары | миң т | |
1.2. | Марганец рудалары | миң т | |
1.3. | Ванадийдин беш кычкылдуулугу | миң т | |
II. Түстүү жана сейрек металлдар | |||
2.1. | Жез рудалары | миң т | |
2.2. | Коргошун | миң т | |
2.3. | Цинк | миң т | |
2.4. | Никель | миң т | |
2.5. | Алюминий чийки заты | миң т | |
2.6. | Калай | миң т | |
2.7. | Вольфрам (вольфрамдын үч кычкылдуулугу) | миң т | |
2.8. | Молибден | миң т | |
2.9. | Сурьма | миң т | |
2.10. | Титан, цирконий | миң т | |
2.11. | Сымап | миң т | |
2.12. | Ниобий | т. | |
2.13. | Тантал | т. | |
2.14. | Башка сейрек жана чачылган металлдар | т. | |
2.15 | Сейрек жер элементтери | т. | |
2.16 | Уран жана башка радиоактивтүү элементтер | т. | |
III. Асыл металлдар | |||
3.1 | Алтын | кг; гр. | |
3.2 | Күмүш | кг; гр. | |
3.3 | Платиноиддер | кг; гр. | |
IV. Металл эместер | |||
4.1. | Фосфат чийки заты | миң т | |
4.2. | Калийлик туздар | миң т тыс.т. | |
4.3. | Плавик шпаты | миң т тыс.т. | |
4.4. | Барит | миң т тыс.т. | |
4.5. | Каолин | миң т тыс.т. | |
4.6. | Бентонит чополору | миң т тыс.т. | |
4.7. | Слюда-мусковит | т. | |
4.8. | Пьезооптикалык чийки зат | кг | |
4.9. | Волластонит | миң т тыс.т. | |
4.10. | Магнезиттер | миң т тыс.т. | |
4.11. | Бор рудалары | миң т тыс.т. | |
4.12. | Графит | миң т тыс.т. | |
4.13. | Тамак тузу | миң т тыс.т. | |
4.14. | Гипс | миң т тыс.т. | |
4.15. | Айнек чийки заты | миң т тыс.т. | |
4.16. | Тальк | миң т тыс.т. | |
4.17. | Цеолиттер | миң т тыс.т. | |
4.18. | Карбонат тоо тектери | миң т тыс.т | |
4.19. | Асыл, ювелирдик жана ювелирдик-жасалгалоо таштары | кг; карат | |
4.20. | Капталма таш | миң м3; м3 | |
4.21. | Глиеж | миң т. | |
№_____ тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2016-жылдын «___»__________ №____
№71-ТП «БАЙЫТУУ ЖАНА МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК КАЙРА ИШТЕТYYДӨ КАТУУ ПАЙДАЛУУ КАЗЫНДЫЛАРДЫ, АЧЫЛЫШТЫН ТОО ТЕКТЕРИН ЖАНА МИНЕРАЛДЫК ЧИЙКИ ЗАТТЫ КАЙРА ИШТЕТYYНYН КАЛДЫКТАРЫН КОМПЛЕКСТYY ПАЙДАЛАНУУ ЖӨНYНДӨ» ФОРМАНЫ
ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ ЖӨНYНДӨ
ИНСТРУКЦИЯ
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
· Ушул №71-ТП «Байытуу жана металлургиялык кайра иштетүүдө катуу пайдалуу казындыларды, ачылыштын тоо тектерин жана минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн калдыктарын комплекстүү пайдалануу жөнүндө» Форманы толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкция (мындан ары – «Инструкция») Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативтик укуктук актыларына ылайыктуу иштелип чыкты жана №71-ТП формасын, жер казынасын пайдалануучулардын жер казынасын сарамжалдуу жана комплекстүү пайдаланууга контролду камсыздоо максатында, толтуруунун жана берүүнүн тартибин белгилейт.
· Жер казынасын пайдалануу негизине, уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчик түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында, катуу пайдалуу казындылардын (көмүр жана күйүүчү сланецтен башка) кендерди, 1-Тиркемеде көрсөтүлгөн, иштетүү максатында жер казындысын пайдаланууну жүргүзгөн бардык жер казынасын пайдалануучулар жылдык негизде жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга №71-ТП Формасы боюнча отчеттуулук берүүгө милдеттүү.
· №71-ТП Формасы боюнча отчетто берилген маалыматтар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата абалы боюнча жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейин кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү отчет берет.
· Толтурулган №71-ТП Формасы жана ага Түшүндүрүүчү кыскача кат отчетту түзүү үчүн жооптуу кызмат жактын жана жер казынасын пайдалануучу-уюмдун жетекчисинин колу коюулат. Кол коюулар уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
· Отчетту берүү мөөнөттөрү бузулганда жана/же отчетто анык эмес маалыматтар берилгенде жер казынасын пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген жоопкерчиликте болот.
· Отчеттуулукту берүүнүн белгиленген тартибин сактоого, отчеттогу маалыматтардын аныктыгына контролду жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
· Ар бир пайдалуу казынды жана пайдалуу компонент боюнча маалыматтар минералдык чийки заттын ар бир түрү үчүн кабыл алынган бирдей өлчөм бирдигинде келтирилет. Мында өлчөм бирдиги – тонна, килограмм, грамм жана м3 ылайыктуу графаларда келтирилет. Отчетто берилүүчү сан көрсөткүчтөрү чийки заттын ушул түрү үчүн кабыл алынган бирдиктин ондон бири менен келтирилет.
71-ТП Формасы төрт бөлүмдөн турат:
· I-бөлүм. Байытууда пайдалуу казындыларды пайдалануу.
· II-бөлүм. Технологиялык (металлургиялык) кайра иштетүүдө пайдалуу казындыларды пайдалануу.
· III-бөлүм. Тоо кен ишканасынын таштандыларындагы, байытуу фабрикассынын калдыктарындагы жана кайра иштетүүнүн калдыктарындагы пайдалуу казындылардын корлорунун кыймылы.
· IV-бөлүм. Ачылыштын (камтуучу) тоо тектерин жана өндүрүштүн калдыктарын пайдалануу.
II. 71-ТП «БАЙЫТУУДА ПАЙДАЛУУ КАЗЫНДЫЛАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ» ФОРМАСЫНЫН I-БӨЛYМYН ТОЛТУРУУНУН ТПРТИБИ
9. I-бөлүмдү ишкананын курамында байытуу фабрикасы бар жер казынасын пайдалануучулар толтурушат. Байытуу фабрикасынын даяр продукциясы болуп химиялык анализдин негизинде ишкананын техникалык контролдоо бөлүмү тарабынан кабыл алынган, кардардын белгиленген талаптарына ылайыктуу концентрат же өнөр жайлык продукт саналат.
10. Пайдалуу казындыларды жана анда камтылган пайдалуу компоненттерди кайра иштетүүнү мүнөздөмөчүү көрсөткүчтөрдү толтурууда кайра иштетүүгө түшкөн руданын жана арадагы продукттун аталышы: бардыгы, түрлөрү боюнча жана сорттору боюнча (1-графа) жана фактылуу кайра иштетилген чийки заттын жана пайдалуу компоненттердин саны (3-графа)
Эскертүү: пайдалуу компонент - пайдалуу казындынын курамындагы бөлүк (минерал, агрегат, химиялык элемент), ал учурдагы технологияларда даяр продукцияга же алгачкы кайра иштетүүнүн жана андан ары пайдалануу үчүн минералдык чийки заттан түзүлгөн продукттарды кийинки технологиялык кайра иштетүүнүн жыйынтыгында чыгарылып алынышы мүмкүн.
11. Пайдалуу компоненттердин тизмесине корлордун балансында эсепке алынган бардык компоненттер киргизилет. Мындайда адегенде пайдалуу казындынын аталышы, мисалы, темир рудасы, жез рудасы, химиялык чийки заттын түрү ж.б., андан кийин ушул пайдалуу казындыда кармалган бардык пайдалуу компоненттердин тизмеси көрсөтүлүшү керек.
12. Пайдалуу казындылардын эсеби кургак салмак боюнча жана белгиленген тартипте бекитилген корлордун эсептөөсүндө кабыл алынган табигый нымдуулугу менен жүргүзүлөт. Кайра иштетүүгө түшкөн рудадагы пайдалуу компоненттердин саны Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аракеттеги жоболоруна ылайык аныкталат.
13. Алынган байытуу продукттарын жана чыгарылып алынган пайдалуу компоненттерди мүнөздөмөөчү көрсөткүчтөрдү толтурууда, чийки затты кайра иштетүүдөн алынган байытуу продукттун жана алар камтыган пайдалуу компоненттин (6-графа)аталышын (4-графа) жана санын көрсөтүү керек.
14. Металлды концентратка чыгарып алуунун көрсөткүчү жана байытуунун башка продукттары (7-графа) металлдын жана байытуу продукттарынан алынган башка пайдалуу казындынын салмагын рудада же башка пайдалуу казындыда кармалган бардык металлга же башка пайдалуу компонентке бөлүүдөн жана айрымын 100 көбөйтүүдөн алынат.
Мисалы:концентраттагы темирдин саны – 300 миң т., ал эми кайра иштетилген нымдуу рудада камалган темирдин саны – 360 миң т. Чыгарып алуу пайызы:
300/360х100=83,3%.
15. Байытуу фабрикаларынын же өндүрүштүн калдыктарындагы пайдалуу компоненттердин жоготуусун мүнөздөмөөчү көрсөткүчтөрдү толтурууда байытуунун калдыктарында – калдык, шлам, высевка, чаң ж.б., кармалган пайдалуу компоненттердин бардык жоголгондорунун аталыштары, ошондой эле булгануунун, жуулунун, жана табигый көлмөлөргө жана агынга жыруунун жыйынтыгында жана өндүрүштүн калдыктарын кампалоонун жана сактоонун (10-графа) кемчилиги менен шартталган башка себептерди келтириш керек.
III. 71-ТП «ТЕХНОЛОГИЯЛЫК (МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК) КАЙРА ИШТЕТYYДӨ ПАЙДАЛУУ КАЗЫНДЫЛАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ» ФОРМАСЫНЫН
II-БӨЛYМYН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
16. II-бөлүмдү катуу пайдалуу казындыларды кайра иштетүүнү жүргүзүүчү (заводдор, химиялык ишканалар, курулуш материалдар өнөр жайынын ишканалары) өзүнүн өндүрүштөрүндө, ошондой эле өзүнүн чийки затын кайра иштетүү үчүн четтик ишканалардын кызматын пайдалануучу жер казынасын пайдалануучулар толтурушат.
17. Пайдалуу казындыларды, концентраттарды, башка продукттарды жана алардагы кармалган пайдалуу компоненттерди кайра иштетүү жөнүндө көрсөткүчтөрдү толтурууда бардык кайра иштетилген чийки заттын жана анда кармалган пайдалуу компоненттердин (3-графа) аталышын (1-графа) жана фактылуу санын келтиришет. Мында адегенде пайдалуу казынды (темир рудасы, алтын кармаган руда ж.б.), руда эмес чийки заттын түрү, байытуунун продукттары (концентрат, өнөр жайлык продукт) көрсөтүлөт, андан кийин баштапкы чийки затта кармалган бардык пайдалуу компоненттердин тизмеси келтирилет.
18. Алынган пайдалуу компоненттердин товардык продукцияга көрсөткүчтөрүн толтурууда кайра иштетүүнүн бардык түрлөрүнөн пайдалуу компоненттерди чыгарылып алуунун жыйынтыктары, ошондой эле кайра иштетүүнүн продукттарынын аталышы көрсөтүлүшү керек, алардагы байытуунун продукттарын (8-графа) жана алардын фактылуу санын натуралдык түрдө жана пайыздарда (6 жана 7-графалар) көрсөтүү менен.
19. Өндүрүштүн калдыктарындагы пайдалуу казындылардын жоготуусу жөнүндө көрсөткүчтөрдү толтурууда кайра иштетүүнүн бардык түрлөрүндө, ошондой эле өндүрүштүн калдыктарында (шлактар, шламдар, чаңдар) калгандарында жоготулган пайдалуу компоненттеринин аталышын (8-графа) жана фактылуу санын (10-графа) көрсөтүү керек.
20. 11-графада кайрымсыз жоготууларды (ис, газдар ж.б.) көрсөтүү керек.
IV. 71-ТП «ТОО КЕН ИШКАНАСЫНЫН ТАШТАНДЫЛАРЫНДАГЫ, БАЙЫТУУ ФАБРИКАСЫНЫН КАЛДЫКТАРЫНДАГЫ ЖАНА КАЙРА ИШТЕТYYНYН КАЛДЫКТАРЫНДАГЫ ПАЙДАЛУУ КАЗЫНДЫЛАРДЫН КЫЙМЫЛЫ» ФОРМАСЫНЫН III-БӨЛYМYН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
21. III-бөлүм пайдалуу казындыны казып алуу жана аларды байытуу жана металлургиялык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү жер казынасын пайдалануучулар тарабынан толтурулат.
22. 1-графада тоо кен ишканасынын таштандыларынын, байытуу фабрикаларынын, кайра иштетүүнүн калдыктарынын ар биринин жана аларда камтылган пайдалуу компоненттеринин номери (аталышы) көрсөтүлөт.
23. 7-графада таштандыдагы, анын бир бөлүгүнүн жуулуунун, талкалануунун жана таштандыдагы пайдалуу казындынын корлорунун санынын жана алардагы камтылган пайдалуу компоненттердин азайуусунун башка себептеринин жыйынтыгында болгон жоготуулар чагылдырылат.
24. 9-графада жылдын аягында калган таштандылардагы жана калдыктардын башка түрлөрүндөгү пайдалуу компоненттердин кармоосу (тоннага граммда, г/м3 же пайызда) көрсөтүлөт. Пайдалуу казындылардын көпчүлүгүндө пайдалуу компоненттердин кармоосу пайдалуу казындынын салмагынын кургак же нымдуу экендигин көрсөтүү менен чийки заттын жалпы санына пайызда көрсөтүлөт. Пайдалуу казындынын кээ бир түрлөрү боюнча пайдалуу компоненттердин кармоосу тоннага граммда көрсөтүлөт. Мындай учурда көрсөтүлгөн чоңдук тоннага грамм катарында аныкталгандыгы белгиленет (тоннага 1 грамм 0,0001%) же г/м3.
V. 71-ТП «АЧЫЛЫШТЫН ЖАНА КАМТУУЧУ ТОО ТЕКТЕРИНИН ЖАНА ӨНДYРYШТYН КАЛДЫКТАРЫН ПАЙДАЛАНУУ» ФОРМАСЫНЫН IV-БӨЛYМYН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
25. IV-бөлүм пайдалуу казындыны казып алуу жана аларды байытуу жана металлургиялык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү жер казынасын пайдалануучулар тарабынан толтурулат.
26. 71-ТП Формасынын IV-бөлүмүндө ачылыштын жана камтуучу тоо тектерин пайдалануунун жана тоо кен, байытуу, металлургиялык жана башка өндүрүштөрдүн калдыктарын утилдештирүүнүн абалын чагылдыруучу маалыматтар көрсөтүлөт.
27. Ачылуучу жана камтуучу тоо тектерине пайдалуу казындыны каптоочу жана/же камтуучу рудасыз тоо тектерди же кондициясыз рудалуу тоо тектерди киргизет.
28. Фактылуу пайдаланылган ачылуучу жана камтуучу тоо тектеринен жана өндүрүштүн калдыктарынан (2 жана 3-графалар) отчеттук жылда калдыктарды пайдалануу максаттарын өзүнчө көрсөтүү керек: тоо казмаларын баштоо үчүн, курулуш материалдарын, балласты төгүүнү кошуп, өндүрүү үчүн, разрездерди, карьерлерди (ички таштандылар) толтуруу үчүн.
29. Эгерде ачылуучу жана камтуучу тоо тектер жана өндүрүштүн калдыктары башка максаттарда (өзүнүн жолдорун балластоо, жерди рекультивациялоо, суу сактагычтардын тосмолорун, калдык сактоочу жайларды куруу) пайдаланылса, анда аларды фактылуу пайдалануусу жөнүндө маалыматтар 5-графада (ачылуучу тоо тектер) же 6-графада (байытуунун калдыктары) көрсөттүлүшү керек.
30. Өзүнчө сапта (4 жана 5-графаларда) металлургиялык шлактардын калдыктарын пайдаланууну көрсөтүш керек. Эгерде байытуунун башка калдыктары пайдаланылса (шорлор, пульпа, туз калдыктары), анда ошол маалыматтар 4 жана 5-графаларда «байытуунун шламдары» деген түшүндүрүү менен көрсөтүлүшү керек. Эгерде калдыктар алардан пайдалуу компоненттерди кошумча чыгарып алууга жиберилген болсо, алар жөнүндө маалыматтар 71-ТП Формасынын IV-бөлүмүндө көрстүлбөйт.
VI. ТYШYНДYРYYЧY КЫСКАЧА КАТ
31. 71-ТП Формасы боюнча отчетко төмөнкү маалыматтарды камтыган Түшүндүрүүчү кыскача кат тиркелет:
· ишканада минералдык чийки затты кайра иштетүү боюнча техникалык долбоордун жана минералдык чийки заттын ар бир технологиялык түрү (сорту) боюнча бекитилген кайра иштетүүнүн технологиялык схемасы бар экендиги;
· ишкананын жылдык өндүрүмдүүлүгү (фактылык жана долбоордук);
· баштапкы чийки заттын жана анын продукттарын кайра иштетүүнүн ылайыктуу процесстериндеги сөзсүз түрлөрүнүн жана анализдин ыкмаларынын тизмесин белгилеген инструкциялардын комплектисинин бар экендиги;
· кайра иштетүүдө технологиялык жана товардык баланстарды түзүү тартиби;
· кайра иштетүүдө жоготууларды нормалоонун абалы;
· отчеттук мезгилде техникалык долбоор жана/же тоо кен иштерин өнүктүрүү пландары белгилеген жоготуулардын нормативтери жана аларды негиздөө (негизги жана кошумчаларды кошуп кендин бекитилген корлорундагы ар бир компонент үчүн жоготуулардын бардык түрлөрү боюнча);
· казып алынган пайдалуу казындыларды кайра иштетүү этабында , технологиялык сорттор боюнча, жоготуулардын нормативтери ар бир технологиялык сорт боюнча өзүнчө белгилениши керек;
· кайра иштетүүдө технологиялык жана товардык баланстардагы системалык, ошондой эле казып алуучу жана кайра иштетүүчү бөлүктөрдүн ортосундагы иштетүүгө түшкөн минералдык чийки заттын санын жана сапатын аныктоодогу келишпестиктер жөнүндө маалыматтар;
· жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, атайын методика менен белгиленген ушул келишпестиктерди жоюу боюнча чаралар (минералдык чийки затты кайра иштетүү боюнча ишкананын эсептик маалыматтары боюнча пайдалуу казындылардын жана компоненттердин сан жана сапат боюнча геологиялык жана маркшейдерлик эсептин маалыматтары оңдолбош керек);
· баалуу компоненттерди чыгарып алуунун деңгээлин жогорулатуу жана кайра иштетүүдө алардын жоголуусун төмөндөтүү боюнча кайра иштетүүчү ишканада иштелип чыккан жана жүргүзүлгөн чаралар.
1-тиркеме
№ 71-ТП Формасы боюнча отчет берилүүчү пайдалуу казындылардын Тизмеси | |||
Код | Аталышы | Өлчөм бирдиги | |
1 | 2 | 3 | |
II. Кара металлдар | |||
1.1. | Темир рудлары | миң т | |
1.2. | Марганец рудалары | миң т | |
1.3. | Ванадийдин беш кычкылдуулугу | миң т | |
II. Түстүү жана сейрек металлдар | |||
2.1. | Жез рудалары | миң т | |
2.2. | Коргошун | миң т | |
2.3. | Цинк | миң т | |
2.4. | Никель | миң т | |
2.5. | Алюминий чийки заты | миң т | |
2.6. | Калай | миң т | |
2.7. | Вольфрам (вольфрамдын үч кычкылдуулугу) | миң т | |
2.8. | Молибден | миң т | |
2.9. | Сурьма | миң т | |
2.10. | Титан, цирконий | миң т | |
2.11. | Сымап | миң т | |
2.12. | Ниобий | т. | |
2.13. | Тантал | т. | |
2.14. | Башка сейрек жана чачылган металлдар | т. | |
2.15 | Сейрек жер элементтери | т. | |
2.16 | Уран жана башка радиоактивтүү элементтер | т. | |
III. Асыл металлдар | |||
3.1 | Алтын | кг; гр. | |
3.2 | Күмүш | кг; гр. | |
3.3 | Платиноиддер | кг; гр. | |
IV. Металл эместер | |||
4.1. | Фосфат чийки заты | миң т | |
4.2. | Калийлик туздар | миң т тыс.т. | |
4.3. | Плавик шпаты | миң т тыс.т. | |
4.4. | Барит | миң т тыс.т. | |
4.5. | Каолин | миң т тыс.т. | |
4.6. | Бентонит чополору | миң т тыс.т. | |
4.7. | Слюда-мусковит | т. | |
4.8. | Пьезооптикалык чийки зат | кг | |
4.9. | Волластонит | миң т тыс.т. | |
4.10. | Магнезиттер | миң т тыс.т. | |
4.11. | Бор рудалары | миң т тыс.т. | |
4.12. | Графит | миң т тыс.т. | |
4.13. | Тамак тузу | миң т тыс.т. | |
4.14. | Гипс | миң т тыс.т. | |
4.15. | Айнек чийки заты | миң т тыс.т. | |
4.16. | Тальк | миң т тыс.т. | |
4.17. | Цеолиттер | миң т тыс.т. | |
4.18. | Карбонат тоо тектери | миң т тыс.т | |
4.19. | Асыл, ювелирдик жана ювелирдик-жасалгалоо таштары | кг; карат | |
4.20. | Капталма таш | миң м3; м3 | |
4.21. | Глиеж | миң т. | |
№_____ тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2016-жылдын «___»__________ №____
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Ушул ЛС-Д-УВ «Көмүр суу тек чийки заттын кендериндеги казып алуу иштеринин лицензиялык макулдашуусунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар» Формасын толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкция (мындан ары – «Инструкция») Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына ылайыктуу иштелип чыкты жана жер казынасын пайдалануучулар тарабынан ЛС-Д-УВ Формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибин белгилейт.
2. Жер казынасын пайдалануунун негизине, уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчик түрүнө карабастан, катуу пайдалуу казындыларды казып алуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында жер казынасын пайдаланууну жүргүзгөн бардык жер казынасын пайдалануучулар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жылдык негизде ЛС-Д-УВ Формасы боюнча отчеттуулук берүүгө милдеттүү.
3. ЛС-Д-УВ Формасы боюнча берилген маалыматтар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата абалы боюнча келтирилет жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейинки мөөнөттө жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз жана электрондук алып жүрүүчү түрлөрүндө берилет.
4. Толтурулган ЛС-Д-УВ Формасы жана ага түшүндүрүүчү кыскача кат отчетту түзүүгө жооптуу кызмат жагы жана жер казынасын пайдалануучу-уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюулат. Кол коюулар уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
5. Отчетту берүүнүн мөөнөттөрү бузулганда жана/же отчетто анык эмес маалыматтар берилгенде жер казынасын пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген жоопкерчиликте болот.
6. Отчеттулукту берүүнүн белгиленген тартибин сактоого, отчетто берилген маалыматтардын аныктыгына контролду жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
7. ЛС-Д-УВ Формасы төмөнкү үч бөлүмдөн турат:
· I-бөлүм. Жер казынасын пайдаланууга укук берүүчү бекитилген уруксаат жана долбоор документтеринин бар экендиги жөнүндө маалыматтар.
· II-бөлүм. Лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар.
· III-бөлүм. Жер казынасын пайдалануучунун ишинин каржы-экономикалык жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар.
8. Толтурулган ЛС-Д-УВ Формасына Түшүндүрүүчү кыскача кат тиркелет.
I. ЛС-Д-УВ ФОРМАСЫН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
9. ЛС-Д-УВ формасы боюнча «…маалыматтар» отчету жер казынасын пайдалануу укугу өзүнчө Лицензияда бүтүмдөлгөн бардык аянттар боюнча көмүр суутек чийки затты казып алууну жүргүзүүчү бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан берилет.
10. I-бөлүмдө бардык укук берүүчү (Лицензия, Лицензиялык макулдашуу), долбоордук (Кенди иштетүүгө долбоор, отчеттук мезгилге тоо кен иштерин өнүктүрүү Планы, рекультивация долбоору ж.б.), корлорду бекитүү жөнүндө документтер (геологиялык чалгындоо иштери жөнүндө отчет жана КР корлор боюнча Мамлекеттик комиссиясынын протоколу) – эгерде иштер корлору мурда бекитилген объекттерде жүргүзүлсө. Таблицанын ылайыктуу саптарында төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: документтин аталышы, аны бекитүү (берүү) жөнүндө маалыматтар, документти берген (бекиткен) же жер казынасын пайдалануу менен байланышкан бекитилген отчеттук жана долбоордук документтерди макулдашкан мамлекеттик органдын аталышы.
Өзүнчө документ жок болгон учурда ылайыктуу сапта сызык коюулат.
11. II-бөлүмдө Лицензиялык макулдашуунун берилген бардык позициялары боюнча шарттардын аткарылышы жөнүндө маалыматтар берилиши керек. 3 жана 4-графалардагы аткарылган иштердин түрлөрү боюнча маалыматтар натуралык көрсөткүчтөрдө (миң т.; т.; м3; п.м. ж.б.) келтирилет. Иштердин физикалык көлөмдөрү «план (3-графа) – факт (4-графа) түрүндө келтирилет. Бардык аткарылган иштер боюнча нарктык (фактылык) көрсөткүчтөр 5-графада берилет.
12. Отчет колдо болгон акчалай каражаттардын негизинде түзүлөт (кассалык негизде). 4-графада отчеттук мезгилдеги иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр келтирилет. 5-графада отчеттуктан кийинки жылдагы пландуу көрсөткүчтөр келтирилет.
13. Толтурулган ЛС-Д-УВ Формасына тезистик түрдө төмөнкү маалыматтар берилген Түшүндүрүүчү кыскача кат тиркелет:
· ишкананын-жер казынасын пайдалануучунун аталышы. Компаниянын юридикалык дареги жана анын салыктык каттоосунун орду. Жер казынасынын объекти жайгашкан аймактагы административтик бирдиктин аталышы;
· жер казынасынын объектинде аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматтар;
· ишканада иштөөчүлөрдүн орточо жылдык саны, анын ичинде Кыргызстандын жарандары, жөнүндө маалыматтар, жергиликтүү калктын арасынан даярдалган кадрлар жөнүндө маалыматтар;
· пландык көрсөткүчтөр аткарылбаган учурда анын себептери жана өндүрүштүн пландаштырылган көлөмдөрүнө чыгуу үчүн белгиленген чаралар баяндалышы керек;
· отчеттук мезгилде өндүрүштүн рационалдашуусу боюнча маалыматтар жана жаңы жылга белгиленген милдеттер;
· жер казынасын пайдалануучусунун региондун, жер казынасынын иштетилүүчү объектиси жайгашкан жери боюнча социалдык турмушка катышуусу жөнүндө маалыматтар.
· айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндөгү маалымат.
№_____ тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2016-жылдын «___»__________ №____
ЛС-Р-УВ «КӨМYР СУУТЕК ЧИЙКИ ЗАТТЫН КЕНДЕРИН ИЗДӨӨДӨ ЖАНА ЧАЛГЫНДООДО ЛИЦЕНЗИЯЛЫК МАКУЛДАШУУНУН ШАРТТАРЫН АТКАРУУ ЖӨНYНДӨ МААЛЫМАТТАР» ФОРМАСЫН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ ЖӨНYНДӨ
ИНСТРУКЦИЯ
II. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
8. Ушул ЛС-Р-УВ «Көмүр суу тек чийки заттын кендерин издөөдө жана чалгындоодо лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар» Формасын толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкция (мындан ары – «Инструкция») Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына ылайыктуу иштелип чыкты жана жер казынасын пайдалануучулар тарабынан ЛС-Р-УВ Формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибин белгилейт.
9. Жер казынасын пайдалануунун негизине, уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчик түрүнө карабастан, көмүр суутек кендеринде издөө жана чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында жер казынасын пайдаланууну жүргүзгөн бардык жер казынасын пайдалануучулар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жылдык негизде ЛС-Р-УВ Формасы боюнча отчеттуулук берүүгө милдеттүү.
10. ЛС-Р-УВ Формасы боюнча берилген маалыматтар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата абалы боюнча келтирилет жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейинки мөөнөттө жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз жана электрондук алып жүрүүчү түрлөрүндө берилет.
11. Толтурулган ЛС-Р-УВ Формасы жана ага түшүндүрүүчү кыскача кат отчетту түзүүгө жооптуу кызмат жагы жана жер казынасын пайдалануучу-уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюулат. Кол коюулар уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
12. Отчетту берүүнүн мөөнөттөрү бузулганда жана/же отчетто анык эмес маалыматтар берилгенде жер казынасын пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген жоопкерчиликте болот.
13. Отчеттулукту берүүнүн белгиленген тартибин сактоого, отчетто берилген маалыматтардын аныктыгына контролду жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
14. ЛС-Р-УВ Формасы төмөнкү төрт бөлүмдөн турат:
· I-бөлүм. Жер казынасын пайдаланууга укук берүүчү бекитилген уруксаат жана долбоор документтеринин бар экендиги жөнүндө маалыматтар.
· II-бөлүм. Жер казынасынын бөлүгүндөгү иштер боюнча маалыматтар.
· III-бөлүм. Лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар.
· IV-бөлүм. Жер казынасын пайдалануучунун ишинин каржы-экономикалык жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар.
14. Толтурулган ЛС-H-УВ Формасына Түшүндүрүүчү кыскача кат тиркелет.
II. ЛС-Р-УВ ФОРМАСЫН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
15. ЛС-Р-УВ формасы боюнча «…маалыматтар» отчету жер казынасын пайдалануу укугу өзүнчө Лицензияда бүтүмдөлгөн бардык аянттар боюнча көмүр суутек чийки затка геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүчү бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан берилет.
16. I-бөлүмдө бардык укук берүүчү (Лицензия, Лицензиялык макулдашуу), долбоордук (Геологиялык чалгындоо иштерине долбоор, рекультивация долбоору ж.б.), корлорду бекитүү жөнүндө документтер (геологиялык чалгындоо иштери жөнүндө отчет жана КР корлор боюнча Мамлекеттик комиссиясынын протоколу) – эгерде иштер корлору мурда бекитилген объекттерде жүргүзүлсө. Таблицанын ылайыктуу саптарында төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: документтин аталышы, аны бекитүү (берүү) жөнүндө маалыматтар, документти берген (бекиткен) же жер казынасын пайдалануу менен байланышкан бекитилген отчеттук жана долбоордук документтерди макулдашкан мамлекеттик органдын аталышы.
Өзүнчө документ жок болгон учурда ылайыктуу сапта сызык коюулат.
11. II-бөлүмдө Иштердин өнүгүү баскычтары боюнча аткарылган иштер боюнча маалыматтар берилиши керек.
12. Отчет колдо болгон акчалай каражаттардын негизинде түзүлөт (кассалык негизде). 4-графада отчеттук мезгилдеги иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр келтирилет. 5-графада отчеттуктан кийинки жылдагы пландуу көрсөткүчтөр келтирилет.
13. IV-бөлүмдө бухгалтердик эсептин, ишкананын отчеттук жылдагы ишкердигинин каржылык жыйынтыгынын негизиндеги маалыматтар келтирилет. Графада отчеттук жылдын фактылык маалыматтары көрсөтүлөт, 4-графада отчеттук мезгилдеги пландык көрсөткүчтөрү келтирилет. 5-графада отчеттук жылдан кийинки жылдын пландык көрсөткүчтөрү келтирилет.
14. Толтурулган ЛС-Р-УВ Формасына тезистик түрдө төмөнкү маалыматтар берилген Түшүндүрүүчү кыскача кат тиркелет:
· ишкананын-жер казынасын пайдалануучунун аталышы. Компаниянын юридикалык дареги жана анын салыктык каттоосунун орду. Жер казынасынын объекти жайгашкан аймактагы административтик бирдиктин аталышы;
· жер казынасынын объектинде аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматтар;
· ишканада иштөөчүлөрдүн орточо жылдык саны, анын ичинде Кыргызстандын жарандары, жөнүндө маалыматтар, жергиликтүү калктын арасынан даярдалган кадрлар жөнүндө маалыматтар;
· пландык көрсөткүчтөр аткарылбаган учурда анын себептери жана өндүрүштүн пландаштырылган көлөмдөрүнө чыгуу үчүн белгиленген чаралар баяндалышы керек;
· отчеттук мезгилде өндүрүштүн рационалдашуусу боюнча маалыматтар жана жаңы жылга белгиленген милдеттер;
· жер казынасын пайдалануучусунун региондун, жер казынасынын иштетилүүчү объектиси жайгашкан жери боюнча социалдык турмушка катышуусу жөнүндө маалыматтар;
· айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндөгү маалымат.
№_____ тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2016-жылдын «___»__________ №____
ЛС-Р-ТПИ «КАТУУ ПАЙДАЛУУ КАЗЫНДЫЛАРДЫН КЕНДЕРИНДЕ ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО ИШТЕРИНИН ЛИЦЕНЗИЯЛЫК МАКУЛДАШУУСУНУН ШАРТТАРЫН АТКАРУУ ЖӨНYНДӨ МААЛЫМАТТАР» ФОРМАСЫН
ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ ЖӨНYНДӨ
ИНСТРУКЦИЯ
III. жалпы жоболор
1. Ушул ЛС-Р-ТПИ «Катуу пайдалуу казындылардын кендеринде геологиялык чалгындоо иштеринин лицензиялык макулдашуусунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар» Формасын толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкция (мындан ары – «Инструкция»), Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана жер казынасын пайдалануучу тарабынан ЛС-Р-ТПИ Формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибин белгилейт.
2. Жер казынасын пайдалануунун негизине, уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчик түрүнө карабастан, катуу пайдалуу казындылардын кендеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында жер казынасын пайдаланууну жүргүзгөн бардык жер казынасын пайдалануучулар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жылдык негизде ЛС-Д-ТПИ Формасы боюнча отчеттуулук берүүгө милдеттүү.
3. ЛС-Р-ТПИ Формасы боюнча берилген маалыматтар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата абалы боюнча келтирилет жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейинки мөөнөттө жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз жана электрондук алып жүрүүчү түрлөрүндө берилет.
4. Толтурулган ЛС-Р-ТПИ Формасы жана ага түшүндүрүүчү кыскача кат отчетту түзүүгө жооптуу кызмат жагы жана жер казынасын пайдалануучу-уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюулат. Кол коюулар уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
5. Отчетту берүүнүн мөөнөттөрү бузулганда жана/же отчетто анык эмес маалыматтар берилгенде жер казынасын пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген жоопкерчиликте болот.
6. Отчеттулукту берүүнүн белгиленген тартибин сактоого, отчетто берилген маалыматтардын аныктыгына контролду жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
7. ЛС-Р-ТПИ Формасы төмөнкү үч бөлүмдөн турат:
· I-бөлүм. Жер казынасын пайдаланууга укук берүүчү бекитилген уруксаат жана долбоор документтеринин бар экендиги жөнүндө маалыматтар.
· II-бөлүм. Лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар.
· III-бөлүм. Жер казынасын пайдалануучунун ишинин каржы-экономикалык жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар.
8. Толтурулган ЛС-Р-ТПИ Формасына Түшүндүрүүчү кыскача кат тиркелет.
IV. ЛС-Р-ТПИ ФОРМАСЫН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
9. ЛС-Р-ТПИ формасы боюнча «…маалыматтар» отчету жер казынасын пайдалануу укугу өзүнчө Лицензияда бүтүмдөлгөн бардык аянттар боюнча катуу пайдалуу казындыларга геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүчү бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан берилет.
10. I-бөлүмдө бардык укук берүүчү (Лицензия, Лицензиялык макулдашуу), долбоордук (Жер астындагы шарттарда чалгындоо жүргүзүүгө геологиялык чалгындоо иштеринин долбоору, отчеттук мезгилге тоо кен иштерин өнүктүрүү Планы, рекультивация долбоору ж.б.), корлорду бекитүү жөнүндө документтер (геологиялык чалгындоо иштери жөнүндө отчет жана КР корллор боюнча Мамлекеттик комиссиясынын протоколу) жөнүндө маалыматтар келтирилиши керек.
Таблицанын ылайыктуу саптарында төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: документтин аталышы, аны бекитүү (берүү) жөнүндө маалыматтар, документти берген (бекиткен) же жер казынасын пайдалануу менен байланышкан бекитилген отчеттук жана долбоордук документтерди макулдашкан мамлекеттик органдын аталышы.
Өзүнчө документ жок болгон учурда ылайыктуу сапта сызык коюулат.
11. II-бөлүмдө Лицензиялык макулдашуунун берилген бардык позициялары боюнча шарттардын аткарылышы жөнүндө маалыматтар берилиши керек. 3 жана 4-графалардагы аткарылган иштердин түрлөрү боюнча маалыматтар натуралык көрсөткүчтөрдө (миң т.; т.; м3; п.м. ж.б.) келтирилет. Иштердин физикалык көлөмдөрү «план (3-графа) – факт (4-графа) түрүндө келтирилет. Бардык аткарылган иштер боюнча нарктык (фактылык) көрсөткүчтөр 5-графада берилет.
12. Отчет колдо болгон акчалай каражаттардын негизинде түзүлөт (кассалык негизде). 4-графада отчеттук мезгилдеги иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр келтирилет. 5-графада отчеттуктан кийинки жылдагы пландуу көрсөткүчтөр келтирилет.
13. Толтурулган ЛС-Р-ТПИ Формасына тезистик түрдө төмөнкү маалыматтар берилген Түшүндүрүүчү кыскача кат тиркелет:
· ишкананын-жер казынасын пайдалануучунун аталышы. Компаниянын юридикалык дареги жана анын салыктык каттоосунун орду. Жер казынасынын объекти жайгашкан аймактагы административтик бирдиктин аталышы;
· жер казынасынын объектинде аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматтар;
· ишканада иштөөчүлөрдүн орточо жылдык саны, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жөнүндө маалыматтар, жергиликтүү калктын арасынан даярдалган кадрлар жөнүндө маалыматтар;
· пландык көрсөткүчтөр аткарылбаган учурда анын себептери жана өндүрүштүн пландаштырылган көлөмдөрүнө чыгуу үчүн белгиленген чаралар баяндалышы керек;
· отчеттук мезгилде өндүрүштүн рационалдашуусу боюнча маалыматтар жана жаңы жылга белгиленген милдеттер;
· жер казынасын пайдалануучусунун региондун, жер казынасынын иштетилүүчү объектиси жайгашкан жери боюнча социалдык турмушка катышуусу жөнүндө маалыматтар;
· айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндөгү маалымат.
№_____ тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2016-жылдын «___»__________ №____
ЛС-ПМВ «ТУЗСУЗ ЖАНА МИНЕРАЛДЫК СУУЛАРДЫ КАЗЫП АЛУУДА ЖАНА ЧАЛГЫНДООДО ЛИЦЕНЗИЯЛЫК МАКУДАШУУЛАРДЫН ШАРТТАРЫН АТКАРУУ ЖӨНYНДӨ МААЛЫМАТТАР» ФОРМАСЫН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ ЖӨНYНДӨ ИНСТРУКЦИЯ
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. 1. Ушул ЛС-ПМВ «Тузсуз жана минералдык сууларды казып алууда жана чалгындоодо лицензиялык макулдашуулардын шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар» Формасын толтуруунун тартиби жөнүндө Инструкция (мындан ары – «Инструкция») Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына ылайыктуу иштелип чыкты жана жер казынасын пайдалануучулар тарабынан ЛС-ПМВ Формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибин белгилейт.
2. Жер казынасын пайдалануунун негизине, уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчик түрүнө карабастан, тузсуз жана минералдык суулардын кендеринде геологиялык чалгындоо жана казып алуу иштерин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында жер казынасын пайдаланууну жүргүзгөн бардык жер казынасын пайдалануучулар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жылдык негизде ЛС-ПМВ Формасы боюнча отчеттуулук берүүгө милдеттүү.
3. ЛС-ПМВ Формасы боюнча берилген маалыматтар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата абалы боюнча келтирилет жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейинки мөөнөттө жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз жана электрондук алып жүрүүчү түрлөрүндө берилет.
4. Толтурулган ЛС-ПМВ Формасы жана ага түшүндүрүүчү кыскача кат отчетту түзүүгө жооптуу кызмат жагы жана жер казынасын пайдалануучу-уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюулат. Кол коюулар уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
5. Отчетту берүүнүн мөөнөттөрү бузулганда жана /же отчетто анык эмес маалыматтар берилгенде жер казынасын пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген жоопкерчиликте болот.
6. Отчеттулукту берүүнүн белгиленген тартибин сактоого, отчетто берилген маалыматтардын аныктыгына контролду жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
7. ЛС-ПМВ Формасы төмөнкү үч бөлүмдөн турат:
• I-бөлүм. Жер казынасын пайдаланууга укук берүүчү бекитилген уруксаат жана долбоор документтеринин бар экендиги жөнүндө маалыматтар.
• II-бөлүм. Лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу жөнүндө маалыматтар.
• III-бөлүм. Жер казынасын пайдалануучунун ишинин каржы-экономикалык жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар.
8. Толтурулган ЛС-ПМВ Формасына Түшүндүрүүчү кыскача кат тиркелет.
I. ЛС-ПМВ ФОРМАСЫН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ
9. ЛС-ПМВ формасы боюнча «…маалыматтар» отчету жер казынасын пайдалануу укугу өзүнчө Лицензияда бүтүмдөлгөн аткарылып жаткан бардык аянттар боюнча, өзүнчө, тузсуз жана минералдык суулардын кендеринде геологиялык чалгындоо жана казып алуу иштерин жүргүзүүчү бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан берилет.
10. I-бөлүмдө бардык укук берүүчү (Лицензия, Лицензиялык макулдашуу), долбоордук (Гидрогеологиялык иштерге долбоор, рекультивация долбоору ж.б.), корлорду бекитүү жөнүндө документтер (гидрогеологиялык иштер жөнүндө отчет жана КР корлор боюнча Мамлекеттик комиссиясынын протоколу) – эгерде иштер корлору мурда бекитилген объекттерде жүргүзүлсө. Таблицанын ылайыктуу саптарында төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: документтин аталышы, аны бекитүү (берүү) жөнүндө маалыматтар, документти берген (бекиткен) же жер казынасын пайдалануу менен байланышкан бекитилген отчеттук жана долбоордук документтерди макулдашкан мамлекеттик органдын аталышы.
Өзүнчө документ жок болгон учурда ылайыктуу сапта сызык коюулат. Зарыл документтерден Лицензия жана Лицензиялык келишим болуп эсептелинет.
11. II-бөлүмдө Лицензиялык макулдашуунун берилген бардык позициялары боюнча шарттардын аткарылышы жөнүндө маалыматтар берилиши керек. 3 жана 4-графалардагы аткарылган иштердин түрлөрү боюнча маалыматтар натуралык көрсөткүчтөрдө (миң т.; т.; м3; п.м. ж.б.) келтирилет. Иштердин физикалык көлөмдөрү «план (3-графа) – факт (4-графа) түрүндө келтирилет. Бардык аткарылган иштер боюнча нарктык (фактылык) көрсөткүчтөр 5-графада берилет.
12. Отчет колдо болгон акчалай каражаттардын негизинде түзүлөт (кассалык негизде). 4-графада отчеттук мезгилдеги иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр келтирилет. 5-графада отчеттуктан кийинки жылдагы пландуу көрсөткүчтөр келтирилет.
13. Толтурулган ЛС-ПМВ Формасына тезистик түрдө төмөнкү маалыматтар берилген Түшүндүрүүчү кыскача кат тиркелет:
· ишкананын-жер казынасын пайдалануучунун аталышы. Компаниянын юридикалык дареги жана анын салыктык каттоосунун жери. Жер казынасынын объекти жайгашкан аймактагы административтик бирдиктин аталышы;
· жер казынасынын объектинде аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматтар;
· ишканада иштөөчүлөрдүн орточо жылдык саны, анын ичинде Кыргызстандын жарандары, жөнүндө маалыматтар, жергиликтүү калктын арасынан даярдалган кадрлар жөнүндө маалыматтар;
· пландык көрсөткүчтөр аткарылбаган учурда анын себептери жана өндүрүштүн пландаштырылган көлөмдөрүнө чыгуу үчүн белгиленген чаралар баяндалышы керек;
· отчеттук мезгилде өндүрүштүн рационалдашуусу боюнча маалыматтар жана жаңы жылга белгиленген милдеттер;
· жер казынасын пайдалануучусунун региондун, жер казынасынын иштетилүүчү объектиси жайгашкан жери боюнча социалдык турмушка катышуусу жөнүндө маалыматтар (подготовка кадров, трудоустройство местного населения, строительство инфраструктуры и другие условия).
· айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндөгү маалымат.
№_____ тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2016-жылдын «___»__________ №____
«Лицензиялык макулдашууда/Лицензияда көрсөтүлгөн жер казынасын пайдалануу
шарттарын аткаруу жөнүндө» жарым жылдык маалымат отчетун түзүү боюнча
Ушул «Инструкция…» Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» жана башка нормативтик-укуктук актыларынын талаптарынын жана жоболорунун негизинде жер казынасын пайдалануучулардын ишкердигинин жыйынтыктарын толук, объективтүү жана бир түрдүү камсыздоо максатында иштелип чыкты жана биринчи жарым жылдык иштердин жыйынтыгы боюнча жыл сайын жер казынасын пайдалануучулар тарабынан берилүүчү «Лицензиялык макулдашууда/Лицензияда көрсөтүлгөн жер казынасын пайдалануу шарттарын аткаруу жөнүндө» маалымат отчетунун мазмунуна негизги талаптарын жана бүтүмдөөсүн белгилейт.
Ушул документти иштеп чыгууда Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө топтолгон жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ишкердикке контролду уюштуруунун практикалык тажрыйбасы пайдаланылды.
1. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзам белгилеген тартипте жер казынасын пайдаланууну жүргүзүүчү бардык жер казынасын пайдалануучулар, жер казынасын пайдалануу негизине, уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчик түрүнө карабай, долбоорлордун өнүгүү баскычынан, аткарылып жаткан иштердин түрүнөн (издөө, геологиялык чалгындоо же кендерди эксплуатациялоо) жана казылып/чалгындалып жаткан минералдык чийки заттын түрүнөн көз карандысыз, ар жылдык негизде жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга «Лицензиялык макулдашууда/Лицензияда көрсөтүлгөн жер казынасын пайдалануу шарттарын аткаруу жөнүндө» жарым жылдык маалымат отчетун берүүгө милдеттүү.
2. «Жарым жылдык маалымат отчетундагы…» маалыматтар өндүрүштүк жана бухгалтердик эсептин оперативтик негизинде отчеттук жылдын 30-июнундагы абалына карата көрсөтүлөт жана учурдагы жылдын 15-июлуна чейинки мөөнөттө жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
3. Даярдалган маалымат отчету жер казынасын пайдалануучу уюмдун жетекчисинин колу коюулат жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
4. Отчетту тапшыруунун мөөнөтү бузулганда жана/же отчетто анык эмес маалыматтар берилгенде жер казынасын пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген жоопкерчиликте болот.
5. Отчеттукту берүүнүн белгиленген тартибин, отчеттогу маалыматтардын аныктыгын сактоого контролду жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
6. Отчеттун башында «Жарым жылдык маалымат отчету…» деген сөздөрдөн кийин төмөнкүлөр көрсөтүлүшу керек: жер казынасын пайдалануучу – ишкананын аталышы, Лицензиянын жана Лицензиялык макулдашуунун номерлери, алардын берилген даталары, жер казынасын пайдалануу объектисинин аталышы, ошондой эле отчет берилүүчү календардык мезгил.
7. Маалымат отчетунун кириш бөлүгүндө тезистик түрдө төмөнкү маалыматтардын берилиши керек:
· Долбоордун өнүгүү баскычы (долбоордук документацияны иштетүү, ишкананы куруу, казып алуу боюнча иштер, издөөдөгү жана геологиялык чалгындоодогу иштер;
· компанияда иштөөчү персоналдын саны, анын ичинде – кыргызстандын жарандары;
· ишкердиктин негизги түрүнө (административтик-башкаруу, офисти кармоого ж.б. чыгымдарсыз) түздөн-түз чыгымын көрсөтүү менен долбоорго инвестициянын пландык жана фактылык көлөмдөрү.
8. Ишкананын өндүрүштүк ишкердиги төмөнкү маалыматтар менен берилиши керек:
· жер казынасын пайдалануу шарттарын аткарууну касыздоочу негизги уюштуруу-техникалык чаралардын тизмеси;
· пландаштырылууга салыштырмалуу аткарылган иштердин негизги физикалык көлөмдөрүн берүү;
· отчеттук мезгилде өндүрүштү рационалдаштыруу боюнча ишке ашыруу чаралары жөнүндө маалыматтар;
· региондун, иш объектиси жайгашкан жер боюнча социалдык турмушуна жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө жер казынасын пайдалануучунун катышы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндөгү маалымат.
· жөнүндө маалыматтар.
9. Долбоорлоо баскычындагы ишканалар бул бөлүктө долбоор документацияны түзүүгө заказдардын жайгаштыруусу жана экспертиза өткөрүү үчүн ылайыктуу мамлекеттик органдарга иштетилип жаткан документацияларды берүүнүн болжолдонгон мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар берилиши керек.
10. Пландык көрссөткүчтөр аткарылбай калган учурларда аткарылбоонун себептери жана пландаштырылган өндүрүштүк көлөмдөргө чыгуу үчүн белгиленген чаралар жөнүндө түшүндүрмө берилиши керек.
11. Информациялык отчетко, отчеттук мезгилде жер казынасын пайдалануучунун ишкердигинин негизги каржы жыйынтыгын көрсөтүү менен, ишкананын башкы бухгалтеринин колу коюулган справка тиркелет.
тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2016-жылдын «___»__________ №____
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик геологиялык фондуна берилүүчү жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү отчеттордун электрондук версиясын даярдоо боюнча
Инструкция
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик геологиялык фондуна (МГФ) берилүүчү жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү отчеттордун электрондук версиясын даярдоо боюнча Инструкция (мындан ары – «Инструкция») Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө отчеттордын электрондук версиясын жана башка документацияны даярдоонун, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүунүн тартибин белгилейт жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө отчеттордун жана башка документациялардын электрондук версиясын түзүүдө пайдалануучу файлдардын мүмкүн болгон форматтарынын тизмесин аныктайт.
2. Компьютердик каражаттарды колдонуу менен аткарылган жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү отчеттордун текст бөлүгү, иллюстрациялар, таблицалык, тексттик жана графикалык тиркемелер фондко адаттагы алып жүрүүчүлөр (кагаз) жана сан тамгалуу маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдө (СМА) жазылган электрондук версияда берилишет. Документтердин электрондук версиясынын мазмуну МГФ берилген кагаз алып жүрүүчүнүн басылмаларына толук ылайык келиши керек.
3.Отчетту фондко берүүгө даярдоо учурунда түзүүчүлөр тарабынан ага киргизилген бардык түзөтүүлөр жана оңдоолор, ошондой эле илимий-техникалык кеңештин, корлор боюнча мамлекеттик комиссиянын, жана башка эксперттик жана контролдук органдардын сунуштары боюнча түзөтүүлөр СМАЖдагы (санариптик маалыматты алып жүрүүчүлөр жазуусу менен) файлдарга да киргизилиши керек. Отчеттун аталган структуралык элементтери бирдиктүү файл түрүндө же бир бири менен байланышпаган файлдар (текст, сүрөттөр, графикалык тиркемелер – өзүнчө файлдарда) же гипертекст түрүндө берилет.
4. Отчеттуу бир СМАЖда иш жүргүзүүдө алынган алгачкы жана башка геологиялык маалыматты, ошол эле отчеттук объект боюнча фонд системасына берүү лицензиялык макулдашууда, концессиялык келишимде же продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууда көрсөтүлгөндө, маалымат базасы, ГИС-долбоорлор, автоматтыштырылган архивдер түрүндө жазууга уруксаат берилет.
5. Бир СМАда бир гана отчеттун материалдары жазылышы мүмкүн. Маалыматтын орчундуу массивин кармаган отчеттор бир канча СМАда же WinRAR же WinZIP архиваторду пайдаланып кысылган түрдө жазылышы мүмкүн. Эгерде кысылган файлдын узундугу алып жүрүүчүнүн сыйымдуулугунан ашып кетсе аны көп томдук файлдар түрүндө жазуу керек.
6. Файлга бериген аталыш анда жазылган отчеттун структурдук элементинин аталышына же эгерде анда структурдук элементтердин (документтердин) тобу жазылса, файлдын мазмунуна максималуу ылайыктуу болуш керек.
7. Ар бир СМАЖ ведомость (3 жана 4-Тиркемелер) жана автоматтуу түзүлгөн жана файлдын толук аталышын, анын өлчөмүн, түзүү датасын жана кошумча маалыматты камтыган файлдын баяндамасы менен коштолот.
8. Мамлекеттик геологиялык фондко контракттар (келишимдер) боюнча же башка булактардагы (геологиялык-геофизикалык маалыматтар, статистикалык отчеттуулуктун түрлөрү ж.б.) СМАЖдагы отчет менен байланышпаган геологиялык маалымыт дагы ар бир СМАЖка коштоочу кат, ведомость жана баяндама менен берилет.Ушундай СМАЖ (СМАЖдарга) коштоочу катта контракттын номери жана аталышы жана жооптуу аткаруучунун аты-жөнү, ал эми маалымат базалар жана банктар үчүн – мамлекеттик эсеп номери көрсөтүлүшү керек.
9. Сунушталган программалык каражаттар жана берилүүчү маалыматтардын форматы (файлдардын кеңейиши) 1-Тикемеде келтирилген. Сунушталган Тизмеге кирбеген файлдардын кеңейишин колдонуу жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
10. СМАЖ ведомостунун (3 жана 4-Тиркемелер) андагы фактылуу жазууларга ылайык келиши жана жазуунун мазмунунун аракеттеги талаптарга жана кагаз алып жүрүүчүдөгү ошол документациянын мазмунунун ылайыктуулугу аткаруучу уюмдун жетекчисинин кол коюусу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Электрондук версияны МГФко тапшырууда кабыл алуучу жак файлдарда жазылгандарды ведомостто көрсөтүлгөндөр менен салыштырууну жүргүзөт, ал жөнүндө ведомосттун ылайыктуу бөлүгүндө салыштырма жүргүзгөн кызмат жагынын кол коюусу менен жазуу жүргүзүлөт.
11. Мамлекеттик геологиялык фондко берилүүчү документтердин электрондук версиясын жазуу үчүн алып жүрүүчү катарында акыркы пайдалануучу маалыматты бир жолу гана жазып ала турган аспап (мисалы, CD-R, DVD-R) гана колдонулушу керек. Кайра жазып алуучу аспаптарды (CD-RW, DVD-RW, DVD + RW, BD-RE ж.б. типтердеги) колонууга жол берилбейт.
12. Санарип маалымат алып жүрүүчүлөр фондко жазуу үчүн жабык түрдө берилет. МГФ берилген отчетко бекиткен же контролдук органдын чечими боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү керек болгон учурда СМАЖ жаңыга алмаштырылышы керек.
13. СМАЖ фондко кагаз алып жүрүүчүдөгү документ менен бирге берилет. Ар бир СМАЖда этикеткасы менен катуу фабрикалык таңгак болушу керек. Отчет менен бирге берилүүчү СМАЖды катуу папкага же китепке салуу сунушталат. Эгерде СМАЖ, кагаз алып жүрүүчүдөгү документтерден айрыкча, почта менен жиберилсе, механикалык бертинүүдөн жана суюктуктун куюулуусунан коргоочу транспорттук таңгакта болушу керек. .
14. СМАЖдын чектөө грифи (ӨЖ, Ж, КПY, Конфиденциалдуу, Коммерциялык сыр), эгерде аны жазуу жазылган маалыматтын мазмуну же анын ээсинин укуктары менен шарттанса, кагаз алып жүрүүчүдө аткарылган документтин версиясындагы грифке ылайык келиши керек. Чектелген пайдалануу файлдар өзүнчө СМАЖда жазылышы керек. Материалдарына чектөө киргизилбеген СМАЖдын этикеткасында жана веломостунда «Чектөө грифи» графасы толтурулбайт.
15. СМАЖ башкача жазууларды жана компьютердик вирустарды камтыбаш керек. Башка жазууларды же файлдарды камтыган СМАЖ фонддор тарабынан кабыл алынбайт.
16. Отчет Мамлекеттик геологиялык фонд тарабынан адаттагы (кагаз алып жүрүүчүлөрү) жана электрондук версияларында кемчиликтин жоктугунда же алар жоюулганда кабыл алынат, ал жөнүндө белгиленген түрдөгү бирдиктүү билдирме берилет.
17. CD, DVD үчүн этикетка (2-Тиркеме) кагаз алып жүрүүчүдөгү маалыматтарды камтыйт. СМАЖдын этикеткасын алардын футлярдарынын уячаларына салынуучу кагаз барагына жайгаштырышат.
18. СМАЖдын этикеткасындагы отчеттун аталышы кыскартылган түрдө берилиши мүмкүн; теманын (келишимдин) номери каскартылууга жатпайт жана теманын (келишимдин) ачык коюулган номерин камтыйт. Каттоо (инвентардык) номер жана каттоо датасы МГФ тарабынан СМАЖды алууда коюулат.
1-Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гнологиялык фондусуна берилүүчү геологиялык отчеттордун, долбоорлук-сметалык документациялардын жана алгачкы геологиялык материалдардын электрондук версияларынын сунушталган программалык каражаттары жана файлдары
т.б. № | Материалдардын тиби | Файлдардын сунушталган кеңейиши | Материалдарды даярдоо жана жазуу үчүн сунушталган ПК |
1 | 2 | 3 | 4 |
1. | Отчеттун тексти, текстик тиркемелер | *.doc; *.docx *.htm; *.html | MS Office Web-страница |
2. | Отчеттун таблицалары | *.doc; *.docx *.xls; *.xlsx | MS Word, MS Excel |
3. | Графикалык редакторлордо даярдалган же кагаз алып жүрүүчүлөрдөн көчүрүлгөн отчетко иллюстрациялар, графикалык тиркемелер | *.doc; *.docx *.cdr, *.tiff, *.bmp, *.jpeg, *.paf, *.pdf, *.psd | MS Word, CorelDraw, Photoshop, жана башка графикалык редакторлор.
|
4. | Тематикалык и топографиялык санариптик карталар, схемалар | *.dwg; *.dxf | AutoCad Map Info |
5. | Геологиялык-геофизикалык ГИС-долбоолор, санариптик атластар, санариптик интеграцияланган пакеттер | *.shp, *.dbf, *.shx (расширения шейп-файлов) расширения файлов покрытий PC ARC/INFO, *.accdb | ArcView GIS, PC ARC/INFO ArcInfo Workstation, ArcGIS
MS Office – Access |
6. | ГИС-долбоорлордун курамындагы геологиялык-геофизикалык маалыматтын маалымат базалары жана банктары. | *.xlsx; *.xls *.accdb | MS Office MS Access |
7. | Каротаж маалыматтары | *.xls; *.xlsx *.doc; *.docx | MS Office
|
8. | Автоматташкан архивдер жана маалымат базалар түрүндөгү геологиялык, геофизикалык, геохимиялык жана башка сүрөттөөлөрдүн, лабораториялык-аналитикалык изилдөөлөрдүн алгачкы маалыматтары (журналдар, пикетаж китепчелери, пландар, схемалар, сүрөттөмөлөр, ченөө жазуулары, операторлордун рапорттору, иштердин жыйынтыгы жөнүндө актылар ж.б.). | *.doc, *.docx *.xls; *.xlsx *.cdr, *. Растровые изображения (*.tiff, *.bmp; *.jpeg); *.pdf; *.psd
*.xlsx *.accdb
| Word MS Excel CorelDraw, Photoshop, жана башка графика-лык редакторлор
MS Office MS Access |
2-Тиркеме
(сөзсүз түрдө)
Санариптик маалымат алып жүрүүчүнүн этикеткасынын макети
Аткаруучу уюм | |
Отчеттун аталышы, теманын, келишимдин номери | |
Чектөө грифи | Даярдоо датасы |
СМАнын каттоо номери | СМАны каттоо датасы |
3-Тиркеме
(сөзсүз түрдө)
Санариптик жазууну алып жүрүүчүнүн (СМА) ведомосту. Бет жагы
Берүүчү жак тарабынан толтурулат | Тапшыруу датасы | Чектөө грифи | |
Берүүчү уюмдун аталышы |
|
|
|
СМА түрү | СМА сыйымдуулугу, Мб | Томдун номери | Томдордун жалпы саны | Берилген маалыматтардын форматы | Пайдаланган архиватордун тиби |
|
|
|
|
|
|
Документтердин мүнөздөмөсү
Документтин аталышы | Документтердин саны | Файлдын аталышы | Архивацияга чейинки файлдын өлчөмү, мб | Архивациядан кийинки файлдын өлчөмү, мб | Колдонулган ПК | ПК версиясы
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Түздү | Текшерди | Бекитти |
Кызмат орду |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кол коюу | (кол коюу) | (кол коюу) | (кол коюу) |
4-Тиркеме
(сөзсүз түрдө)
Санариптик жазууну алып жүрүүчүнүн (СМА) ведомосту. Арт жагы
СМАнын каттоо номери | СМАны каттоо датасы | Көчүрмө чыгаруу жөнүндө белги | Көчүрмөлөрдү сактоо орду |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ушул СМАга өзгөртүүлөрдүн бардыгы
Т.б.№ . | Өзгөртүү датасы | Документтин аталышы | Өзгөрүү жөнүндө билдирүүнүн каттоо номери |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Күбөлөндүрүүчү кол коюулар
| Каттады | Текшерди | Кабыл алды |
Кызмат орду |
|
|
|
Аты-жөнү. |
|
|
|
Кол коюу | (кол коюу) | (кол коюу) | (кол коюу) |
№_____ тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2016-жылдын «___»__________ №____
«ЖЕР КАЗЫНАСЫН ГЕОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ ЖӨНYНДӨ»
ОТЧЕТТОРДУ ТYЗYY, БYТYМДӨӨ БОЮНЧА ИНСТРУКЦИЯ
(мазмунуна жана бүтүмдөөгө жалпы талаптар)
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
Ушул Инструкция Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативтик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик геологиялык фондуна берилүүчү «Жер казынасын геологиялык изилдөө жөнүндө» отчеттордун мазмунуна жана бүтүмдөлүшүнө жалпы талаптарды белгилейт. Ушул документти иштеп чыгууда Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө чогулган геологиялык отчетторду даярдоонун жана бүтүмдөөнүн практикалык тажырыйбасы, ошондой эле иштердин жыйынтыгын иштеп чыгууда жана бүтүмдөөдөгү учрдагы компьютердик маалымат технологияларынын болгон тажрыйбасы пайдаланылды.
1. КОЛДОНУУ ОБЛАСТЫ
1.1. «Жер казынасын геологиялык изилдөө жөнүндө» отчетторду даярдоодо, өндүрүштүк, илимий-өндүрүштүк жана тажрыйба-методикалык иштердин бардык түрлөрү боюнча аткаруучунун жана заказчынын ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчик түрүнө карабай, ушул «Инструкциянын…» жоболору аткарылууга милдеттүү, жана иштердин жыйынтыгын толук, объективтүү жана бир түрдүү баяндоо жана отчетторду узак убакыт сактоону жана пайдаланууну камсыздоо максатында өзүнүн каражатынын эсебинен аткарылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик геологиялык фондуна сөзсүз түрдө берилүүчү отчеттордун, жана мамлекеттик каражаттын эсебинен аткарылган иштер боюнча отчеттордун бардык дааналарынын мазмунуна, түзүлүшүнө, структуралык элементтерине жана бүтүмдөлүшүнө жалпы талаптарды белгилейт. «Инструкциянын…» жоболорун «Аткаруучунун» өзүнүн каражатынын эсебинен аткарылган иштердин бардык түрлөрү боюнча «Геологиялык отчеттордун…» бардык дааналарын бүтүмдөөдө пайдалануу сунушталат. «Инструкциянын…» аракети төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
· курулуш үчүн инженердик-геологиялык изилдөө боюнча техникалык отчетторго;
· аймактык жана жергиликтүү уюмдардын заказдары боюнча айрым гидрогеологиялык көзөнөктөрдү бургулоо боюнча отчетторго;
· аяктаганда басмага берилүүчү иштер жөнүндө отчетторго.
2. ТЕРМИНДЕР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР
Ушул «Инструкцияда…» ылайыктуу аныктамалары менен төмөнкү терминдер колдонулду:
2.1. Жер казынасын пайдалануу – жер казынасын жалпы жана регионалдык геологиялык изилдөө; пайдалуу казындыларды издөө, чалгындоо, баалоо жана казып алуу; тоо кен казып алуучу жана аны менен байланышкан өндүрүштөрдүн калдыктарын пайдалануу жана көмүү; пайдалуу казындыларды казып алуу менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды куруу жана эксплуатациялоо; коллекциялык геологиялык материалдарды чогултуу; өзгөчө корголгон геологиялык объекттерди түзүү жана масштабынан жана жер казынасынын бүтүндүгүн бузуудан көз карандысыз башка иштер.
2.2. Жер казынасын геологиялык изилдөө – жер казынасын жалпы жана регионалдык изилдөө, жер титирөөнү божомолдоо, жер казынасынын абалына, жер астындагы сууларга мониторинг боюнча иштер; пайдалуу казындыларды издөө, чалгындоо жана баалоо; тоо кен казып алуучу жана аны менен байланышкан өндүрүштөрдүн калдыктарын пайдалануу жана көмүү,жер астындагы курулуштарды курууну жана эксплуатациялоону, анын ичинде геологиялык бөлүндүнү албай, негиздөө боюнча иштер.
2.3. Маалымат - ар кандай түрдө берилген материалдык объекттер, фактылар, окуялар, көрүнүштөр жана процесстер жөнүндө кабарлар.
2.4. Документ (документтелген маалымат) - баяндалган материалдык объекттер, фактылар, окуялар, көрүнүштөр жана процесстер менен байланыштырууга мүмкүндүк берүүчү реквизиттери менен кандайдыр бир алып жүрүүчүдө катталган маалымат.
2.5. Отчеттун структуралык элементтери – көпчүлүк бир типтүү отчеттордо кезигүүчү нормалаган мазмундагы документтелген маалыматтын табигый бөлүнгөн блоктору.
2.6. Отчеттун кызматтык структуралык элементтери - этикетка, титулдук барак, аткаруучулардын тизмеси, реферат, геологиялык тапшырманын көчүрмөсү, мазмун, кириш сөз, метрологиялык экспертизанын корутундусу, патенттик экспертизанын корутундусу, рецензиялар, кароонун протоколдору, алгачкы материалдарды берүү актылары, жумуштун наркы жөнүндө справка.
2.7. Отчеттун ичиндеги метамаалымат - жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча отчеттук иштердин уюштуруу, сандык жана башка мүнөздөмөлөрү жөнүндө жана отчеттун кызматтык структуралык элементтерин камтыган отчеттун өзү жөнүндө маалымат.
2.8. Маалыматтын нерсе булактары – бургулоо көзөнөктөрүнүн керни, тоо тектеринин, кабаттык суюктуктардын, газдардын жана башка геологиялык объекттердин үлгүлөрү жана сынамыктары; шлифтер, аншлифтер ж.б.
2.9. Алгачкы геологиялык маалымат – байкоонун, дистанциялыктарды кошуп, жыйынтыгында жана геологиялык объекттерди алардын табигый жатышындагы изилдөөлөрдөн (анын ичинде приборлор менен) жана үлгүлөрдөн жана сынамыктардан алынган баштапкы (отчетко чейинки) маалымат (разрездерди, маршруттарды жана байкоо чекиттерин баяндоо, оператордун журналы жана геофизикалык байкоолордун машина окуган жазуулары; тоо өткөөлчүлүк жана бургулоо иштеринин, талаалык жана көзөнөктүк байкоолордун жана сыноолордун документациясы; керндин, шлифтердин жана аншлифтердин баяндамалары; сүрөттөмөлөр; аэрокосмостук, фото, кино– жана видеоматериалдар; лабораториялык–аналитикалык изилдөөлөрдүн материалдары ж.б.).
2.10. Туунду маалымат – изилденген геологиялык объекттердин карталар, схемалар, кесилиштер, таблицалык жана тексттик баяндамалар, маалымат базасы ж.б. түрүндөгү моделдери менен берилген алгачкы маалыматты интеллектуалдык жана/же прибордук автоматташтырылган иштетүүнүн (генералдаштыруу, жалпы корутундулоо, салыштыруу, экстраполяциялоо, систематизациялоо, интерпретациялоо ж.б.), жыйынтыгында алынган маалымат.
2.11. Геологиялык маалымат ресурстары – документтердин массивинде, маалыматтардын базаларында жана банктарында камтылган геологиялык маалыматтардын биргелиши.
2.12. Отчеттун сөзсүз түрдөгү даанасы – отчеттун даанасы/дааналары, аны/аларды жер казынасын пайдалануучу менчик түрүнө карабай геологиялык маалымат системасына берүүгө милдеттүү, ал эми малекеттик контракт боюнча иштерде – ушул келишимдин шарттары боюнча отчеттун берилүүчү бардык дааналары. Сөзсүз түрдөгү дааналар ушул «Инструкциянын…» катуу талаптарына ылайык бүтүмдөлөт; алар уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек жана «негизги нуска» статусунда болушат.
2.13. Отчеттун биринчи даанасы – Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусуна берилүүчү жана аны архивдик сактоону жана пайдаланууну камсыздоо максатында анын бүтүмдөө сапатына күчөтүлгөн талаптарга ылайык даярдалган отчеттун сөзсүз түрдөгү даанасы.
3. КОЛДОНУЛГАН КЫСКАРТУУЛАР
Ушул «Инструкцияда…» төмөнкү кыскартуулар колдонулду:
Комитет – Кыргыз Республикасынын Өнор жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттин комитети;
КМК – Кыргыз Республикасынын пайдалуу казындылардын корлору боюнча Мамлекеттик комиссиясы;
КР МГФ – Комитетке караштуу геологиялык маалыматтын Мамлекеттик фонду;
СМА – санариптик маалыматты алып жүрүүчү;
НД – нормативтик документ;
ИИИ – илимий-изилдөө иштери;
ПК – программалык камсыздоо ( программалык камсыздоо пакети );
ТЭД – пайдалуу казындылардын кендерин өздөштүрүү жөнүндө техникалык-экономикалык доклад;
ТЭН – пайдалуу казындылардын кендерин өздөштүрүү жөнүндө техникалык-экономикалык негиздеме;
CD – компакт-диск;
DVD – санариптик видеодиск.
4. ЖАЛПЫ ТАЛАПТАР
4.1. Жер казынасын геологиялык изилдөө жөнүндө отчет, эреже катарында, өзүнчө каржылануусу жана аткарылган иштердин жыйынтыгын берүүнүн конкреттүү мөөнөтү бар, аяктаган иштердин же алардын этаптарынын (бөлүктөрүнүн) жыйынтыгын чагылдырган негизги маалымат продукту болуп саналат.
Отчетту берүүнүн көлөмү, курамы жана мөөнөтү, иш жүргүзүү мезгилинде расмий кабыл алынган бардык толуктоолордун жана өзгөртүүлөрдүн эсеби менен, иштин Долбоору (программасы, планы) менен аныкталат.
Заказ берүүчүнүн чарбалык- келишимдик иштери боюнча отчетко өзгөчө талаптары келишим түзүүдө макулдашылат.
Отчет аткарылган иштердин жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө, мурда аткарылган иштердин негизиндеги алынган туунду маалыматтарды, ошондой эле аткаруучунун тыянагы жана корутундуларына негизделген далилдерин кошуп, толук жана системаштырылган маалыматтарды камтыш керек.
4.2. Отчет расмий/мамлекеттик тилде түзүлүшү керек. Отчеттун курамына киргизилген түп нускасы башка тилдеги документтер, анын ичинде иллюстрациялар жана графткалык материалдар, отчет жазууда пайдаланылган тилге аутенттик котормо менен коштолушу керек.
4.3. Географиялык аталыштар иштин масштабындагы мамлекеттик топографиялык картада пайдаланылган түрдө келтирилишет; топонимдин байкалган ар түр окулушу жана башка түрлөрү отчетто терминдин биринчи кезигүүшүсү боюнча келтирилиши мүмкүн.
4.4. Отчетко жалпы талап болуп, иштин конкреттүү жыйынтыгынын баяндоосунун тактыгы, ченөөлөрдү жана эсептерди текшерүү мүмкүнчүлүгү, аларга ар түрдүү түшүнүк берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу тыянактын жана сунуштардын негиздүүлүгү, саналат.
4.5. Отчетто камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жана анын ушул «Инструкциянын…» талаптарына ылайыктуулугу үчүн заказ берүүчүнүн алдында аткаруучу уюм, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында – жер казынасын пайдалануучу же мамлекеттик контракттын генподрядчиги болот.
4.6. Иштин түрү боюнча отчеттун курамы инструкция же жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкы нормативтик документи менен аныкталат. Инструкцияда нормаланбаган курамдын өзгөчөлүктөрү иш жүргүзүүгө геологиялык (техникалык) тапшырмада же келишимде (контрактта) аныкталышы керек. Макулдашуулардын, келишимдердин, тапшырмалардын аракеттеги инструкцияларга же башка нормативтик документтерге каршы болушу анык эмес болуп саналат. Отчетту фондко берүү мөөнөтү лицензиялык макулдашууда, контрактта, келишимде белгиленет жана геологиялык (техникалык) тапшырмада жазылат.
4.7. Отчетто иштин ушул түрү боюнча инструкция менен нормаланбаган факт материалды (локалдык классификаторлор, таблицалар, колонкалар, сүрөттөмөлөр, диаграммалар ж.б.) берүү геологиялык (техникалык) тапшырмада белгиленет, ал эми ушундай белгилөө жок болгондо жооптуу аткаруучу тарабынан аныкталат.
4.8. Отчет аткаруучу уюмда сөзсүз түрдөгү норма контролдоо болууга тийиш. Отчет түзгөн уюмдун администрациясы дайындаган кызматчы норма контролдоочу болуп саналат. Эгерде ошондой жак дайындалбаса, анын функциясын иштин жооптуу аткаруучусу ишке ашырат. Норма контролдоочу отчеттун ушул Методикалык көрсөтмөлөрдүн жана аракеттеги инструкциялардын жана башка методикалык документтердин талаптарына ылайыктуулугун текшерет. Норма контролдоочу тарабынан ушул талаптардан четтөөсү отчетту коллегиялык органдын кароосуна бергенге чейин оңдолушу керек. Норма контролдоочу жана отчеттун жооптуу аткаруучусунун ортосундагы пикир келишпестик аткаруучу уюмдун жетекчилиги тарабынан чечилет.
4.9. Отчетту жер казынасын пайдалануучу уюмдун жетекчиси же анын ордундагы кызмат жак бекитет. Ишти үлүштүү каржылоодо отчетту эң ири инвестор бекитет. Мамлекеттик каражат тартылган учурда, алардын үлүшүнүн өлчөмүнө карабай, отчетту ылайыктуу ыйгарым укуктуу Мамлекеттик орган бекитет. Калган инвесторлор отчетту бекитүүнү макулдашат.
4.10. Отчет же анын айрым бөлүктөрү, багыттары ж.б. боюнча иштин сапатын ырастоочу башка маккулдашуулар киргизилиши мүмкүн.
4.11. Пайдалуу казындылардын корлорун эсептөө (кайра эсептөө), лицензиялык макулдашууга, келишимге ылайык, КР пайдалуу казындыларынын корлор боюнча Мамлекеттик комиссиясында дагы каралышы керек.
4.12. Отчеттун титулдук барагы, келишимди, тапшырманы аткарылышы боюнча көрсөтүлгөн акыркы маалымат продукту катарында, анын сертификаты катарында болот. Ошондой эле, титулдук барак ушул маалымат продуктту анын заказ берүүчүсү кабыл алганын, жер казынасын пайдаланууга лицензия боюнча иштин аяктаганы жөнүндө күбөлөндүрөт, библиографиялык жана башка функцияларды аткарат.
4.13. Заказ берүүчү бекиткен жана корлор боюнча Мамлекеттик комиссиядан апробациядан өткөн (эгерде ал лицензиялык макулдашууда, келишимде ж. б. белгиленген болсо) отчеттун сөзсүз түрдөгү дааналары Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берилет.
4.15. Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна отчет кагаз алып жүрүүчү жана, бир мезгилде, электрондук версия түрлөрүндө берилет.
4.16. Отчеттун кагаз алып жүрүүчү сөзсүз түрдөгү дааналарын бүтүмдөө жана даярдоо технологиясы, аны архив сактоочу жайдын шарттарында чектелбеген убакытта сактоо жана фонддук пайдалануу (берүү учурунда ушундай пайдаланууга чектүү грифи бардыгына карабастан) боюнча, камсыздоосу керек.
4.17. Санариптик маалымат алып жүрүүчүдөгү (СМА) версиясы мазмуну, чектөө грифтеринин бардыгы жана мааниси боюнча кагаз алып жүрүүчүдөгү отчетко ылайыктуу болушу керек. Версия кеңири пайдалануучу аппараттык каражаттарда кеңири пайдалануучу программалык камсыздоону колдонуу менен жазылышы жана маалыматтык вирустарды камтыбашы керек. Ошол эле мезгилде жазылган маалыматтарды башка форматтарга кайра түзүү мүмкүнчүлүгү камсыздалышы керек.
4.18. Геологиялык отчеттун электрондук вариантын аткаруу «Кыргыз Республикасынын МГФна берилүүчү документациянын электрондук версияларын даярдоо боюнча Инструкциянын» жоболоруна ылайыктуу жана жогоруда аталган «Инструкциянын…» 1-Тиркемесинде келтирилген тизмеге ылайыктуу форматтарда жана программалык продукттарды пайдалануу менен аткарылышы керек.
Көрсөтүлгөн тизме жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын структуралары тарабынан жыл сайын такталат жана кызыкдар жактардын көңүлүнө жеткирилет.
КР МГФна берилүүчү санариптик маалымат алып жүрүүчүлөр ишенимдүүлүктүн жана көп жылдыктын максималдуу талаптарына жооп бериши керек.
Кабыл алынуучу алып жүрүүчүлөр болуп сетифицияланган бир жолу жазуучу CD-R; DVD-R компакт-дисктер же башка маалымат алып жүрүүчүлөр саналат.
5. ОТЧЕТТУН СТРУКТУРАСЫНА ЖАНА ТYЗYЛYШYНӨ ТАЛАПТАР
5.1.Отчеттун структурасына жалпы талаптар ушул «Инструкция…» менен белгиленет; иштин түрү менен шарттанган конкреттүү талаптар – иштин ылайыктуу түрү боюнча тармактык инструкциялар менен. Айтылган документтерде белгиленбеген отчеттун структуралык өзгөчөлүктөрү аткаруучу тарабынан аныкталат, заказ берүүчү менен макулдашылат жана геологиялык (техникалык) тапшырмада же аны алмаштыруучу башка документте жазылат.
5.2. Ишкана-кошумча аткаруучулардын санына, менчик түрүнө, илимий статусуна, ведомстволук караштуусуна жана базаларынын орун алышына карабай отчет бирдиктүү структуралык документ катарында түзүлүшү керек. Ушул талапты аткарууну заказ берүүчү жана анын генералдык подрядчиги (генподрядчик) камсыздашы керек.
5.3. Жер казынасын геологиялык изилдөө жөнүндө отчет төмөнкү структуралык элементтерди камтыш керек:
· этикетка (мукабада);
· титулдук барак;
· акаруучулардын тизмеси;
· реферат;
· геологиялык (техникалык) тапшырманын, контракттын, келишимдин копиясы;
· мазмуну;
· иллюстрациялардын тизмеси (бар болгондо);
· текст бөлүгүндөгү таблицалардын тизмеси (бар болгондо);
· тексттик тиркемелердин тизмеси (бар болгондо);
· графикалык тиркемелердин тизмеси (бар болгондо);
· отчеттун электрондук версиясынын мазмуну;
· аз тараган жана жаңы терминдердин, шарттуу белгилердин, символдордун жана кыскартуулардын тизмеси (бар болгондо);
· тексттик бөлүк (кириш сөз, негизги бөлүк, корутунду);
· пайдаланылган булактардын (литература) тизмеси;
· метрологиялык экспертиза жөнүндө корутунду (справка);
· патенттик изилдөөлөр жөнүндө корутунду (эгерде алар жүргүзүлсө);
· рецензия (рецензиялар);
· отчетту кароонун протоколу (протоколдору);
· иштин наркы жөнүндө справка;
· маалыматтын буюм булактарын жана кагаз алып жүрүүчүлөрдөгү алгачкы документацияны сактоого берүү актыларынын көчүрмөсү;
· тексттик тиркемелер;
· графикалык тиркемелер (эгерде алар белгиленсе).
5.4. Отчет 5.3-пунктта көрсөтүлгөн структуралык элементтер саналган тартипте түзүлөт. Ири көлөмдөгү текст бөлүгүн жана таблицалык-тексттик тиркемелер китептерге, графика – папкаларга жана/же альбомдорго бөлүштүрүлөт; Мындай учурда отчеттун өзүнчө структуралык элементтеринин номерлениши төмөнкүчө жалпы тартипте болушу керек: тексттин китептери (тетраддары), таблицалык-тексттик тиркемелердин китептери (тетраддары), графикалык тиркемелердин папкалары. Ар бир китеп, тетрадь, альбом, папка алардын мазмунуна ылайык аталышта (отчеттун аталышына кичине ат) болуш керек.
5.5. ТЭН, ТЭД жана пайдалуу казындылардын корлорунун мамлекеттик экспертизасынын жана бекитүүнүн белгиленген тартипте бүтүмдөлгөн протоколдору өзүнчө китептер (тетраддар) же документтердин тиркелген көчүрмөлөрү түрүндө берилиши керек.
5.6. Тыянакты негиздеген, бирок отчеттун текстине кирбей калган маанилүү факты материалдарды камтыган кошумча материал, текстик тиркеме катарында литературанын тизмесинен кийин жайгаштырылат, ал эми ири көлөмдө болгондо тексттик тиркеменин өзүнчө китебине (китептерине) бөлүнөт.
5.7. Тексттин ар бир томундагы таблицалардын жана иллюстрациялардын жалпы көлөмү анын көлөмүнүн 15% ашпаш керек. Таблицалардын көптөгөн санында аларды тиркемеге чыгарыш керек. А3 жана андан жогору форматындагы таблицалар А4 форматына келтирилет. Көп сандуу бир типтеги иллюстрациялар болгондо аларды альбомдорго бириктирүү керек. А3 форматынан жогору иллюстрациялар графикалык тиркемелерге бөлүнүшү керек.
5.8. Сөзсүз түрдөгү тиркемелерди (метрологиялык экспертизанын корутундусу, геологиялык маалыматтын нерсе булактарын жана кагаз алып жүрүүчүлөрдөгү алгачкы геологиялык маалыматты сактоого берүү актыларынын көчүрмөлөрү, иштин наркы жөнүндө справка) тексттик тиркемелердин башына литература тизмесинен кийин жайгаштырылат. Аткаруучу уюмда жана заказ берүүчүдө кароонун материалдары (рецензиялар, протоколдор) тиркемелерден кийин жайгаштырылат же өзүнчө китепке (тетрадка) мукабаланат.
5.9. Отчеттун текстинин ар бир томунун (китептин) (кошумча таблицалык-текстик тиркемелерди кошуп) жана ушундай тиркемелердин ар бир китебинин, ошондой эле альбомдордун А4 же А4 форматына келтирилген А3 форматынын көлөмү 300 барактан ашык болбошу керек; мындайда мукабанын түбүнүн эни 8 см ашпашы керек.
5.10. Иштин кошумча аткаруучулары тарабынан түзүлгөн ири бөлүм, эгерде алар отчеттун структуралык өзүнчө бөлүгүн түзсө, өзүнчө китептер түрүндө мукабалынышы мүмкүн. Мындайда алынган жыйынтыктарын баяндоодон башка ушундай китептин курамына ушул аткаруучунун иштерине тийиштүү кызматчы структуралык элементтер киргизилиши мүмкүн. Ушундай китепке графикалык жана тексттик тиркемелер отчеттун жалпы түзүлүшүнө ылайык өзүнчө папкаларга жана китептерге бөлүнүшү мүмкүн.
5.11. Негизги структуралык элементтер, ошондой эле тексттин, иллюстрациялардын жана графикалык тиркемелердин өзүнчө барактары, аларды пайдаланууну чектөө жөнүндө грифдери жана белгилери болгондо, өзүнчө папкаларга бөлүнүшү мүмкүн же жалпы мазмунда жана ылайыктуу китептин мазмунунда сөзсүз чагылдыруу менен өзүнчө мукабаланат.
6. ОТЧЕТТУН СТРУКТУРАЛЫК ЭЛЕМЕНТТЕРИНЕ ТАЛАПТАР
6.1. Этикетка
6.1.1. Отчеттун этикеткасы (140–150) × (100–110) мм ченемдеги тик бурчтук түрүндө болот жана ар бир китептин, тетраддын, альбомдун, папканын мукабасынын орто бөлүгүндө жайгаштырылат. Этикетка ак же боз түстүү болуш керек жана башка текстти жана сүрөттөрдү камтыбаш керек. Этикетканы бүтүмдөө - I-тиркемеге ылайыктуу.
6.1.2. Отчеттун 1-китебинин этикеткасынын курамына, эгерде сүрөттөрү текстти түшүнүүгө жолтоо болбосо, алардын аталышынын жанына жайгашкандардын чоң ченеми боюнча 20 мм ашык эмес ченемде, заказ берүүчү жана аткаруучу (генподрядчик) уюмдардын кара-ак же түстүү расмий эмблемаларынын сүрөттөрүнүн орун алышы мүмкүн. Мукабанын бет жагына түшүрүлгөн сүрөттөрдүн үстүнөн этикетканын текстин жазууга жол берилбейт.
Этикетканын жогорку бөлүгүндө заказ берүүчүнүн, генподрядчиктин (бар болсо) жана аткаруучунун ишканаларынын аталыштары көрсөтүлөт.
6.2. Титулдук барак
6.2.1. Отчеттун ар бир китебинде (тетрадь, альбом) белгиленген түрдөгү титулдук барак болуш керек. Отчетту кароо жана бекитүү боюнча документтердин тетраддарында титулдук барактын жок болушу мүмкүн. Брошюровкаланбаган тиркемелердин папкаларында титулдук барак болбойт.
6.2.2. Отчеттун сөзсүз түрдөгү дааналарында титулдук барактар анык берилет.
6.2.3. Титулдук барактын структуралык элементтерин түзүүдө Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун эсеп үчүн штамптарына бош орун калтырылышы керек.
6.2.4. Отчеттун биринчи китебинин титулдук барагы макетке (II-Тиркеме) жана бүтүмдөөнүн мисалына (III-Тиркеме) ылайык бүтүмдөлөт.
6.2.5. Жер казынасын изилдөө боюнча отчеттук иштердин өндүрүшүнө катышкан юридикалык жактардын (компаниялар, уюмдар, ишканалар, коомдор ж.б.) расмий аталыштары титулдук баракта толук жана кыскартылган түрлөрдө келтирилет жана алар баш ийген жогорку иерархиялык деңгээлдин (бар болсо) аталышы менен. Уюмдун аталышынын алдында контрактты аткаруу системасындагы алардын оруну («Заказ берүүчү», «генподрядчик», «аткаруучу») көрсөтүлүшү мүмкүн, ошондой эле, эгерде текстти кабыл алууга жолтоо болбосо, уюмдардын кара-ак эмблемалары (алардын чоң ченеми боюнча 20 мм ашык эмес) болушу мүмкүн.
Заказ берүүчүнүн, генподрядчиктин жана аткаруучунун аталыштары туташ горизонталдык сызыктар менен бөлүнүшөт.
Иштерди үлүш каржылануу учурунда бардык заказ берүүчүлөрдүн аталыштары колонка менен жогорку бөлүү сызыгында келтирилет. Инвесторлордун тобунун курамында мамлекеттик каражаттын буйруучусу болгондо анын аталышы оң колонкада көрсөтүлөт.
6.2.6. Отчеттук иштин мамлекеттик каттоо номери титулдук барактын сол жагына аткаруучунун аталышынын астына коюлат.
6.2.7. Отчетту бекитүү 5.9 жана 5.10-пунктарына ылайык жүргүзүлөт. Макулдашуунун кол коюуларынын көп санында алардын бир бөлүгүн титулдук барактан кийин жайгашкан кошумча баракка которууга мүмкүн. Ушул барактын жогору жагында заказ берүүчүнүн жана аткаруучунун уюмдарынын толук аталышы жана отчеттун аталышы кайталанылат, алардан ылдый – керектүү кол коюулар. Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусунун кызмат жактарынын макулдашуу кол коюуларын кошумча баракка көчүрүлүшүнө жол берилбейт.
6.2.8. Алдында «Жооп. аткар.» деп көрсөткөндөн кийин жооптуу аткаруучунун (аткаруучулардын) фамилиясынан башка, титулдук баракта башка аткаруучулардын (үчтөн ашык эмес) фамилияларын көрсөтүүгө болот. Ири контрактты аткаруу боюнча татаал тармакташкан структурада биринчи болуп ушул келишим (контракт) боюнча расмий координатор – аткаруучунун фамилиясы көрсөтүлөт.
6.2.9. Отчеттун аталышы контракттагы (келишимдеги) аталышка ылайыктуу болуш керек. Отчеттун аталышына аткаруучу уюмдун структуралык бөлүктөрүнүн аталыштары, жалпы кабыл алынбаган кыскартуулар жана аббревиатуралар киргизилбейт.
6.2.10. Отчеттун аталышынын астында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
· контракттын, келишимдин, тапшырманын номери жана кол коюу датасы;
· ар түрдүү пландар жана тизмелер боюнча иштин шифрлары жана номерлери;
· жер казынасын пайдаланууга лицензиянын номери (эгерде иштер лицензиялык бөлүктө аткарылса);
· отчеттун курамындагы китептердин жана папкалардын жалпы саны (эгерде алар бирден жогору болсо);
· биринчи китептин аталышы (эгерде отчет эки же андан көп китептерден жана папкалардан турса).
6.2.11. Титулдук барактын биринчи китебинин төмөн жагында туташ сызыктын алдында аткаруучу уюмдун кызмат ордун көрсөтүү менен жана ушул уюмдун же анын бөлүгүнүн отчеттун сапатына жоопкер геологиялык кызматынын жетекчисинин кол коюулары орун алат.
6.2.12. Бир аткаруучу тарабынан түзүлгөн отчеттун экинчи жана кийинки китептеринин титулдук барактарында бекитүүчү, макулдашуучу жана башкаларда кызмат жактарынын кол коюулары болбойт.
Титулдук барактарды бүтүмдөө – IV-Тиркемеге жана V-Тиркемедеги мисалга ылайыктуу.
Жооптуу аткаруучу катарында бардык отчет (контракт) боюнча ишти аткарууга жооптуу кызматчынын фамилясы жана инициалы көрсөтүлөт. Андан ылдый ушул китептин жооптуу авторлорунун фамилялары жана инициалдары көрсөтүлүшү мүмкүн.
6.2.13. Толугу менен субподрядчик тарабынан түзүлгөн отчеттун экинчи жана кийинки китептеринин титулдук барактарында, ушул китептин аталышынын алдында, субподрядчик аткаруучунун аталышы көрсөтүлөт. Субподряд келишимине кол коюунун номери жана датасы китептин аталышынын астында көрсөтүлөт. Бардык отчет боюнча иштин аткаруучусунун фамилиясы жооптуу аткаруучу катарында көрсөтүлөт жана андан ылдый – ушул китеп, иштин бөлүгү боюнча иштин аткаруучусу.
Ушундай китептин титулдук барагынын төмөнкү бөлүгүндө туташ сызыктын астында субподрядчик уюмдун жетекчисинин жана ушул уюмдун же анын структуралык бөлүгүнүн отчеттун сапатына жооптуу геологиялык кызматынын жетекчисинин кызматын көрсөтүүсү менен кол коюусу жайгашат. Ушул кол коюулардын жогору бөлүштүрүү сызыгынын үстүндө бүткүл отчет түзгөн уюмдун жетекчисинин колу коюулат.
Китептин өзүнчө бөлүктөрүнүн аткаруучуларынын фамилиялары титулдук баракта көрсөтүлбөйт.
6.2.14. Титулдук жана кошумча барактарда кызмат жактарынын кол коюулары көк, сыя же кара паста, сыялар, тушь менен аткарылат. Бардык кол коюулар ачылышы жана даталанышы керек. Кызматчынын кызматында анын илимий даражасы жана наамы көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бекитүүчү, макулдашуучу кол коюулар, аткаруучу уюмдун жетекчисинин кол коюусу жана генподрядчы уюмдун (бар болсо) жетекчисинин кол коюусу ылайыктуу уюмдардын гербдүү (негизги) мөөрлөрү менен күбөлөндүрүлүшөт.
Китептин, тетраддын ж.б. (бар болсо) конфиденциалдык грифтери (белгилери) аткаруучу уюмдун аталышынын оң жагына коюулат. «Конфиденциалдуу», «Коммерциялык сыр» деген грифдер алардын аракетинин датасын камтыш керек.
6.3. Аткаруучулардын тизмеси
6.3.1. Аткаруучулардын тизмеси отчетту түзүүдө чыгармачылыктуу катышкан бардык жактардын (соавторлор) тизмесин камтыйт. Биринчи китептеги аткаруучулардын тизмеси адистин авторлугу жөнүндө күбөлөндүрүүчү негизги документ болуп саналат.
Соавторлордун фамилиялары беттин сол бөлүгүндө жооптуу аткаруучу белгилеген тартипте жайгашышат, жооптуу аткаруучунун фамилиясы «Жооптуу аткаруучу» деген жазуу менен биринчи жайгашат. Ар бир фамилия үчүн автордун инициалы, кызмат орду, илимий даражасы жана илимий наамы, ал эми отчетту түзүүдө кошо аткаруучулар катышканда, алардын уюмун аталышы. Беттин оң жагында автордун фамилиясынын каршылашында анан өзү же соавтордукта түзүлгөн бөлүктөрдүн (алардын бөлүгүнүн) аталышы же номери көрсөтүлөт. Отчеттун соавторлору алардын отчеттогу элесинин объективтүүлүгү менен өзүлөрүнүн макулдугун ырастаст жана алардын авторлугунун тааныштыгын көрсөтүү менен фамилиясынын оң жагына өзүнүн колун коет.
Аткаруучулардын тизмесин бүтүмдөөнүн мисалы VI-Тиркемеде келтирилген.
6.3.2. Объект боюнча иштерде (анын ичинде талаа, аныктоочу жана бүтүмдөөчү) катышкан жактардын тизмеси аткарылган иштерди мүнөздөп көрсөтүү менен авторлордун тизмесинен кийин (кол коюулбастан) же кириш сөздө келтирилиши мүмкүн.
6.3.3. Ишке катышкан жактардын тизмесинен кийин отчеттун норма контролдоочусунун фамилиясы жана инициалдары жана анын кол коюусу келтирилет.
6.3.4. Эгерде отчет эки же андан көп китептерден түзүлсө, аткаруучулардын жалпы тизмеси 1-китепте гана көрсөтүлөт. Кийинки китептерде , анын ичинде кошо аткаруучу уюмдар түзгөндөр, ушул китептин соавторлорунун тизмеси келтирилиши мүмкүн. Ушундай китептердин аткаруучуларынын тизмесинде өзүлөрүнүн кол коюулары милдеттүү эмес.
6.3.5. Отчеттун биринчи китебиндеги аткаруучулардын тизмеси, ошондой эле теманын башка шаардык кошо аркаруучулар тарабынан түзүлгөн отчеттун өзүнчө китептердин соавторлорунун тизмеси, аткаруучу ишкананын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
6.3.6. Бөлүктөрдүн (бөлүктөрдүн бөлүктөрү) авторлорунун фамилиялары жана инициалдары отчеттун жалпы мазмунунда жана анын өзүнчө китептеринин мазмунунда көрсөтүлүшү мүмкүн. Таблицалардын, иллюстрациялардын, аналитикалык аныктоолордун, таблица-тексттик жана графикалык тиркемелердин авторлугу, эгерде отчеттун авторлору керектүү деп эсептешсе, отчеттун түздөн-түз ошол элементинде көрсөтүлөт. Таблицалардын жана иллюстрациялардын, текстте авторлугу көрсөтүлбөсө, автору болуп бөлүктүн автору эсептелет.
6.4. Реферат
6.4.1. Реферат төмөнкү структуралык элементтерди камтыш керек:
· отчеттун библиографиялык баяндамасы;
· фондко отчетту берүүнүн тартиби;
· рефераттын тексти;
· отчеттун мазмунунун маанилүү сөздөрүнүн тизмеси.
6.4.2. Отчеттун библиографиялык баяндамасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
· Жооптуу аткруучунун фамилиясы жана инициалдары (баш тамгалары менен) жана аткаруучулардын тизмесинде белгиленген тартипте анын экиден көп эмес соавторлорун, эгерде соавторлор экиден көп болсо «ж.б.» деп көрсөтүү менен; отчеттун толук аталышы; тексттин беттеринин, тексттин курамындагы иллюстрациялардын,таблицалардын жалпы саны; тексттик жана графикалык тиркемелердин саны; пайдаланган литературалык булактардын саны;
· аткаруучу уюмдун кыскартылган аталышы, ал эми эгерде отчетту түзүүдө субподрядчылар катышса – генподрядчы уюмдун аталышы, анын дареги, отчеттун аякташынын айы жана жылы;
· отчеттун дааналары жиберилген жаратылыш ресурстары жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча жана уюмдардын маалымат фонддорунун аталышы (кыскартылуу тоголок кашаада); иш аянтынын административтик жана картографиялык ордун (эл аралык графалоонун 1:200 000 же 1:100 000 масштабдарындагы номенклатурасында) көрсөтүү;
· отчетту МГФ берүүнү тартиби; «жалпы негизде» же «конфиденциалдык шарттарда»; заказ берүүчүнүн эсебинен аткарылган жана конфиденциалдуулук негизде берилген отчеттор үчүн, «Отчеттун менчик ээси» деген сөздөрдөн кийин отчеттук маалыматтын аталышы, маалыматты пайдалануу маселелери боюнча кайрылууга анын почталык жана башка байланыш даректери көрсөтүлөт.
6.4.3. Рефераттын текстинде изилдөөнүн предмети, аткарылган иштердин максаттары, ыкмалары, көлөмдөрү жана жыйынтыктары жөнүндө кыскача маалыматтар, кыскача тыянактар, иштин изилдөөсүнүн натыйжалуулугун баалоо баяндалат.
6.4.4. Рефератталган отчеттун негизги мазмунун чагылдырган 30дан ашпаган маанилүү сөздөр зат атооч же атооч жөндөмөдөгү сөздүн айкалышында болот. Отчеттун маанилүү түшүнүктөрүнүн санына аны конфиденциалдык шарттарда берүү кирет.
6.4.5. Реферат кагаздын бир барагында жайгаштырылат. «РЕФЕРАТ» аты баш тамгалар менен басылат. Библиографиялык баяндаманын элементтери туташ текст менен бүтүмдөлөт; алардын маанлүү бөлүктөрү жылдызча белгиси менен бөлүнөт. Отчеттун аткаруучуларынын фамилиялары баш тамгалар менен басылат, «Отчеттун менчик ээси» – курсив менен. Рефераттын тексти абзацтан басылат; анда ички абзацтардын болушу мүмкүн. Маанилүү сөздөр үтүр аркалуу кичине тамга менен басылат, баш сөздөн кийин чоң шрифт менен «МААНИЛYY СӨЗДӨР» басылат. Маанилүү сөз «конфиденциалдуу» (эгерде ал керек болсо) саноодо акырында келтирилет.
6.4.6. Рефератка аны түзүүчү кол коет, анын кол коюусу чечмеленген болушу жана мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек.
6.5. Геологиялык (техникалык) тапшырманын, контракттын, келишимдин көчүрмөлөрү
6.5.1. Отчетто ишти аткаруунун негизи болгон геологиялык (техникалык) тапшырманын, келишимдин, контракттын же башка документтин көчүрмөсү, ошондой эле ишти аткаруу мезгилинде алгачкы тапшырмага киргизилген толуктоолорго жана тактоолорго ылайыктуу бардык документтердин көчүрмөлөрү жайгаштырылышы керек. Эгерде иштер геологиялык чалгындоону белгилеген лицензиянын чегинде аткарылса, лицензиялык макулдашуунун көчүрмөсү тиркелет.
6.5.2. Геологиялык (техникалык) тапшырманын (келишимдин, программанын ж.б.) жана аны тактоочу документтердин көчүрмөлөрү барактын бир жагына түшүрүлөт жана акырында жооптуу аткаруучунун кол коюусу менен күбөлөндүрүлөт. Копиядагы тапшырманы бекитүү датасын түшүрүү сөзсүз түрдө.
Келишимдердин, контракттардын, лицензиялык макудашуулардын жана башка документтердин каржы-экономикалык бөлүмдөрү, заказ берүүчүнүн ою боюнча, алар анын коммерциялык сырын ачыкка чыгарышса, көчүрмөга киргизилбеши мүмкүн; ушундай келишимдердин толук тексти отчеттун структуралык элементтеринин крнфиденциалдык тетрадына чыгарылышы мүмкүн.
6.6. Мазмуну
6.6.1. Мазмунда отчеттун аты бар бардык структуралык элементтеринин аталыштары, ошондой эле отчеттун түзүлүшүнө ылайык отчетко жайгаштырылган документтердин аталыштары, тексттин жана документтердин ылайыктуу рубрикалардан башталуучу беттери, ал эми брошюраланбаган тиркемелерде – алардын номерлери, көрсөтүлүшү керек.
6.6.2. Эгерде отчет бир канча китептерден жана (же) папкалардан турса, анда отчеттун биринчи китебинде бардык китептердин мазмуну келтирилет, ал эми кийинкилеринде – ушул китептин гана мазмуну.
Башка шаардык иштерди кошо аткаруучулар түзгөн отчеттун китептериндеги структуралык элементтердин аталыштарын биринчи китептин мазмунунда көрсөтүү сөзсүз түрдө болуп саналат.
6.6.3. Брошюраланбаган тиркемелердин папкаларынын мазмуну (тизмеси) жыйынтык мазмундун курамына киргизилет жана 6.7.4 жана 7.7.16 талаптарга ылайык бүтүмдөлөт.
6.6.4. Мазмунда отчеттун текстинин бөлүктөрүнүн (алардын бөлүктөрүнүн) авторлугун көрсөтүүгө жол берилет (бөлүктөрдүн аталышынан кийин кашаада авторлордун фаилиялары жана инициалдары көрсөтүлүшү мүмкүн).
6.7. Иллюстрациялардын, таблицалардын, тексттик жана графикалык тиркемелердин тизмеси
6.7.1. Иллюстрациялардын тизмеси, ал канча китепке бөлүнгөнүнө карабастан, отчеттун биринчи китебинде анын текст бөлүгүнөн кийин жайгаштырылат. Тизме китептер боюнча бүтүмдөлөт (эгерде текст бир канча китептен турса), ал алардын номерлерин жана тексттин китептеринде жайгашкан беттерин көрсөтүү менен иллюстрациялардын толук аталышын камтыйт. Текст ичиндеги таблицалардын толук тизмеси ошондой эле бүтүмдөлөт жана иллюстрациялардын тизмесинен кийин жайгашат.
6.7.2. Отчеттун кийинки китептеринде ушул китепке гана таандык иллютрациялардын жана таблицалардын тизмеси жайгаштырылат, ал эми таблицалык-тексттик тиркемелердин китептеринде – алардын мазмуну.
6.7.3. Тексттен кийин жайгаштырылган таблицалык-тексттик тиркемелердин же өзүнчө китептер түрүндө мукабалангандардын тизмеси отчеттун толук мазмунунун бөлүгү болуп саналат жана биринчи китепте 6.6.1 ылайык алардын китептер (тетраддар) боюнча түзүлүшүнө ылайык келтирилет. Тизме алардын башталышынын беттеринин номерлерин көрсөтүү менен өзүнчө документ катарындагы бардык тиркемелердин аталыштарын камтыйт.
6.7.4. Графикалык тиркемелердин тизмесинде тиркемелердин номерлери, толук аталыштары жана алардын масштабдары келтирилет. Графикалык тиркемелердин толук тизмеси папкалар боюнча (эгерде тиркемелер бир канча папкаларда жайгаштырылган болсо) түзүлөт, отчеттун жалпы мазмунунун бөлүгү болуп саналат жана таблицалык-тексттик тиркемелердин тизмесинен кийин жайгашат.
6.7.5. Иллюстрациялардын, таблицалардын, тексттик жана графикалык тиркемелердин тизмелеринде тизмеге киргизилген конкреттик структуралык элементтерге берилген чектөө грифдери көрсөтүлүшөт.
6.8. Отчеттун электрондук версиясынын мазмуну
6.8.1. Отчеттун электрондук версиясынын мазмуну алып жүрүүчүнүн тибин жана жазуунун кысылган мазмунун көрсөтүү менен СМА тизмеси түрүндө түзүлөт.
Мисал: – 1 CD – Иллюстрациялар менен отчеттун тексти;
– 2 СD – Таблицалык-тексттик тиркемелер, 1 – 3 китеп. (конфиденциалдуу);
– 3 DVD – Графикалык тиркемелер.
СМА отчеттун жалпы структурасына ылайык 5.3.-пунктка ылайык жайгаштырылат. Мазмунда ушул СМА жазылган максималдуу чектөө грифдери көрсөтүлүшү керек.
6.8.2. Отчеттун электрондук версиясынын мазмуну графикалык тиркемелердин тизмесинен кийин жайгашат жана алардын түрлөрү боюнча СМА жазуунун жыйынтык саны менен аяктайт.
Мисал – CD – 2; DVD – 1; СМА ведомосттору 13 баракта.
6.9. Аз тараган жана жаңы терминдер, шарттуу белгилер, символдор жана кыскартуулар
6.9.1. Аз тараган жана жаңы терминдер, шарттуу белгилер, символдор жана кыскартуулар алардын маанисин ачыктоо менен өзүнчө тизме түрүндө келтирилет. Физикалык чоңдуктардын бирдиктери шарттуу белгилердин жана кыскартуулардын тизмесине киргизилбейт.
6.9.2. Шарттуу белгилер жана кыскартуулар отчеттун бардык тексттери үчүн, кошо аткаруучулар аткарган бөлүктөрдү кошуп, мүмкүн болушунча бирдиктүү болушу керек. 6.10. Кириш сөз
6.10.1. Кириш сөздө төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:
· изилдөөлөрдүн максаты жана негизги милдеттери, иштин жүрүшүндөгү аларды өзгөртүүлөрдүн себеби жана мааниси;
· отчеттук иштерди уюштуруу жана алардын каржы булактары, аларды жүргүзүүнүн мөөнөттөрү жана жайлары (райондун же иш бөлүгүнүн административтик таандыгы, анын географиялык координаттары жана барактардын номенклатуралары) ушул ишти аткарууга катышкан уюмдар, ишканалар жана адистер жөнүндө маалыматтар; ушул иштин башка илимий-изилдөө жана өндүрүштүк иштер менен байланышы; аткарылган иштердин актуалдыгы жана жаңылыгы.
6.10.2. Кириш сөздө иштердин ылайыктуу түрлөрү боюнча инструкцияда белгиленген тизмедеги кошумча атайын маалыматтар дагы келтирилет.
6.10.3. Бөлүккө бөлүндүнүн бар экендигине карабай, конкреттүү бөлүктөргө туура келген иштер боюнча отчеттор үчүн сөзсүз түрдө болуп иш районунун баяндоо картасы саналат. Баяндоо картасы отчеттук иштердин бөлүгүнүн эл аралык бөлүштүрүүнүн 1:200 000 масштабындагы, же башка масштабдагы, планшеттерге, эң атактуу географиялык объекттерге (калк жашаган пункттар, дарыялар, каттама жолдор ж.б.), аймактын административтик бөлүнүүсү, керек болгондо – райондун структуралык элементтерине жана мурунку же башка өз ара байланышкан геологиялык жана казып алуу бөлүктөрүнө байланууну бериш керек.
6.10.4. Кириш сөздүн аягында мамлекеттик эмес каражаттардын эсебинен аткарылган иштер үчүн төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
· ушул отчеттун сөзсүз түрдөгү дааналары геологиялык маалымат фондуларына кайсы негизде (жалпы же конфиденциалдык) берилет;
· «конфиденциалдуу» грифи менен отчетту берүү жөнүндө чечимди ким кабыл алган;
· конфиденциалдуу отчет кимдин менчиги болуп саналат жана кайсы негизде;
· отчеттун конфиденциалдуу элементтерине чектөөнү ким жана кандай мөөнөткө белгилеген.
6.11.Отчеттун текстинин негизги бөлүгү
6.11.1. Отчеттун текстинин негизги бөлүгү төмөнкү баяндоолорду камтыш керек:
а) маселенин абалы (изилдөөнүн кыскача тарыхы, геологиялык изилдөөнүүсү ж.б.);
б) алардын жыйынтыгына таасир этүүсү мүмкүн болуучу иш жүргүзүүнүн шарттары (физикалык-географиялык, экономикалык, уюштуруу ж.б.);
в) пайдаланган техникалык жана программалык каражаттардын иш ыкмалары;
г) аткарылган изилдөөлөрдүн мазмуну, иштин маанилүү жоболорун, иштетүүнүн жыйынтыктарынын, анализдин жана алынган жыйынтыктын интерпретациялоонун негиздемеси.
Отчеттун негизги бөлүгүнүн конкреттүү структурасы жана мазмуну ушул иштин түрү боюнча тармактык инструкциялар тарабынан аныкталат, алардын өзгөчөлүктөрүн заказ берүүчү менен макулдашуусу боюнча аткаруучу тандайт жана геологиялык (техникалык) тапшырмада же аны алмаштыруучу документте жазылат.
6.11.2. 6.14.1 аталган аткарылган ченөөлөдүн жыйынтыгы пайдаланылган отчеттордо иштин метрологиялык камсыздоонун баяндамасы, ченөө объекти, ченелген чоңдуктар жана ченөө каражаттары жөнүндө маалыматтар, алардын метрологиялык мүнөздөмөлөрү, ченөө каражаттарын тандоонун (анын ичинде стандартталбагандарды) тууралыгын жана экономдуулугун баалоо жана ченөөлөрдү аткаруунун методикалары, алардын аттестациялары жөнүндө маалыматтар, ченөөлөрдүн каталыгын баалоо, алынган эксперименталдык маалыматтар болуш керек, анын ичинде төмөнкүлөр келтирилет:
а) VII-Тиркемеге ылайык ыкмалардын, ченөөлөрдүн каражаттарынын жана ченөөлөрдүн жыйынтыктарынын метрологиялык мүнөздөмөлөрүнүн чогултулган таблицалары;
б) пайдаланган сандык маалыматтар алынган литература булактарынын тизмеси;
в) иш долбоорунда (программасында) белгиленген метрологиялык камсыздоо боюнча талаптардын аткарылышы жөнүндө маалыматтар.
6.11.3. Топографиялык сүрөттөө, топографиялык-геодезиялык, маркшейдерлик жана башка инструменталдык иштерди камтыган геологиялык изилдөөлөр боюнча отчеттордо глобалдык спутниктик навигациялык системалардын жардамы менен чекиттерди байлоосу, ошондой эле мурунку жылдардын координаттык байлоолордун кайра эсептөөсү геологиялык чалгындоо иштерин топографиялык-геодезиялык жана навигациялык камсыздоо боюнча аракеттеги инструкциянын талаптарына ылайык өзүнчө глава түрүндө кыскача техникалык отчет келтирилет.
6.11.4. Картографиялык тиркемеси бар отчеттордо, КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын11-ноябрындагы № 622 токтому менен бекитилген «Инструкцияга…» ылайыктуу, жыйынтыктарды берүүнүн картографиялык камсыздоосу баяндалышы керек.
6.11.5. Аткаруу технологиясы геологиялык жана айлана чөйрөгө таасир этүүгө жөндөмдүү талаа иштери боюнча отчетко жаратылышты коргоо иш-чараларын аткаргандыгын баяндоочу бөлүк киргизилет.
Тоо кен бөлүндүсүндөгү иштер боюнча отчетто ушул эле бөлүктө лицензиялык макулдашуу шарттарына киргизилген жаратылышты коргоо иш-чараларын аткарылышы баяндалат.
6.11.6. Отчеттун негизги бөлүгү 6.11.1 белгиленген катарда түзүлөт. Көп беттүү тексттер 5.9 талаптарына ылайык китептерге бөлүнүшөт. Заказ берүүчүнүн коммерциялык же кызматтык сырын (анын ичинде ойлоп табуунун баяндамасы) алардын көлөмүнө карабастан конфиденциалдуу шарттарында берилүүчү өзүнчө тетрадь (китеп) болуп бөлүнүшү мүмкүн. Өзүнүн каражатынын эсебинен аткарылган отчеттордо аркаруучунун коммерциялык сыры болгон иштин ыкмасын баяндоо аткаруучу белгилеген конфиденциалдуулук шарттарда берилиши мүмкүн.
6.12. Корутунду
Корутунду төмөнкү маалыматты камтышы керек:
· өткөрүлгөн иштердин жыйынтыктары боюнча негизги теоретикалык, практикалык тыянак; заказ берүүчүнүн аларды пайдалануу боюнча сунуштары;
· ушул бөлүктө жана (же) региондо андан аркы изилдөөлөрдүн жана/же өндүрүштүк иштердин багыттары боюнча аткаруучунун сунуштары;
· иштердин жыйынтыгынын экономикалык, илимий же башка натыйжалуулугу (эгерде ошондой баалоо жөнүндө кабар берүү заказ берүүчүнун талаптарына каршы келбесе).
6.13. Пайдаланган литературалык булактардын тизмеси (литература)
6.13.1. Тизмеге отчеттун текстине, таблицаларга, иллюстрациялардын жана графикалык тиркемелердин жазууларына шилтеме болгон бардык жарыяланган жана жарыяланбаган (фондулук) булактардын библиографиялык баяндамасы киргизилет.
6.13.2. Жарыяланган булактардын жана жарыяланбаган ИИИ библиографиялык баяндамасы VIII-Тиркемеге ылайык аткарылат.
6.13.3. Жер казынасын геологиялык изилдөө жана башка окшош илимий-өндүрүштүк иштердин отчетторунун библиографиялык баяндамасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
· жооптуу аткаруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты жана, керек болсо, анын бир-эки соавторлору;
· отчеттун титулдук баракка ылайыктуу аталышы;
· аткаруучу уюмдун жана ал орун алган калктуу пункттун аталышы;
· отчеттун аяктоо жылы;
· отчеттук маалымат алынган геологиялык маалымат фондусунун аталышы;
· ушул фонддогу отчеттун инвентардык номери.
6.13.4. Бир автордун бир канча иштери болгондо алардын баяндамасы хронологиялык тартипте, ал эми басылма (жазуу) жылдары дал келүүдө аталыштын алфавиттик тартибинде келтирилет; андан кийин ушул автордун кошо автордукта жазылган иштердин баяндамасы келтирилет, кошо авторлордун фамилияларынын алфавиттик тартибинде, ал эми автордук коллективтердин толук дал келишинде – басылманын хронологиялык тартибинде.
6.13.5. Шилтеменин бардык түрлөрүнө эки бөлүккө бөлүнгөн бирдиктүү тизме түзүлөт: адегенде жарыялангандар, андан кийин фондулук иштер. Ушул бөлүктөрдүн ичинде катары менен алфавиттик тартипте орус тилинде, КМШ өлкөлөрүнүн тилинде, башка чет өлкөлүк тилдерде аткарылган иштердин библиографиялык баяндамасы. Литература тизмесин бүтүмдөөнүн мисалы VIII –Тиркемеде келтирилген.
6.13.6. Эгерде отчетто пайдаланган булактардын шилтемеси номерлерде кабыл алынса, анда бардык тизме үчүн алардын библиографиялык баяндамасынын катары менен номерлоо болушу керек.
6.14. Метрологиялык экспертиза жөнүндө корутунду (справка)
6.14.1. Отчетко киргизилген физикалык талааларды ченөөнүн, үлгүдөгү, көзөнөктөгү жана массивдеги тоо тектеринин петрофизикалык жана физикалык-механикалык касиеттеринин, үлгүдөгү тоо тектеринин, рудалардын, кабаттагы суюктуктардын жана газдардын ар түрдүү компоненттердин кармоосун лабораториялык ченөөлөрүнүн, алардын радиоактивдүүлүгүнүн, пайдалуу казындылардын технологиялык сыноосунун, топогеодезиялык, маркшейдерлик, навигациялык жана башка ченөө иштеринин түрлөрү боюнча аракеттеги инструкциялардын талаптарына жана долбоордун (программанын) бирдейлигин жана тактыгын камсыздоо бөлүгүнө ылайыктуулук түрү IX-Тиркемеде келтирилген метрологиялык экспертизанын корутундусу менен ырасталышы керек.
6.14.2. 6.14.1 аталган касиеттерди жана чоңдуктарды ченөөсүз аткарылган иштер боюнча отчеттор X-Тиркемеде келтирилген түр боюнча метрологиялык объекттердин жоктугу жөнүндө справка менен комплектенет.
6.14.3. IX же X-тиркемелердин түрү боюнча эксперттик корутундулар өзүнчө баракта басмаланат; аларга башкы метролог же анын функциясын аткаруучу адис кол коет.
6.15. Рецензиялар
6.15.1. Заказ берүүчүгө отчетту берүүдөн мурда отчетту ушул иштин түрүн жана ал жүргүзүлгөн райондун геологиялык өзгөчөлүктөрүн жакшы билген адиске (адистерге) сырткы рецензиялоого берилет. Заказ берүүчү отчет бекитилгенге чейин аны кайра рецензиялоого берүүгө укуктуу.
6.15.2. Отчеттун сөзсүз түрдөгү дааналарына рецензенттин кол коюусу менен күбөлөндүрүлгөн рецензиянын негизги нускасы тиркелет.
6.15.3. Эгерде рецензияларда олуттуу эскертүү пикирлери болсо, андан кийин жасалган эскертүүлөр боюнча оңдоолор киргизилгендиги же негизделген четке кагуусу жөнүндө жооптуу аткаруучу тарабынан кол коюулган справка жайгаштырылат.
6.16. Отчетту кароонун протоколу
6.16.1. Отчетту кароонун протоколунда төмөнкүлөр чагылдырылышы керек:
· отчетту караган коллегиялык органдын аталышы;
· кароонун датасы;
· протоколдун номери;
· отурумдун катышуучуларынын фамилиялары жана инициалдары;
· күн тартиби;
· отчетту талкуулоонун жүрүшү же талкуулоонун тыянагын белгилөө;
· аткарылган иштин тапшырмага ылайыктуулугун жана анын сапатын баалоо;
· сунушталган оңдоолорду отчетко киргизүү (ошондойлор бар болсо) же аларды четке кагуу жөнүндө коллегиалдык органдын чечими;
· отчеттун заказ берүүчүгө (же фондко) берүүнүн даярдык деңгээли жөнүндө тыянак;
· отчеттун дааналарын таратуу жөнүндө чечим;
· мамлекеттик каражаттын эсебинен же алардын үлүш катышуусу менен аткарылган иштер үчүн отчеттун структуралык элементтерин же бүтүндөй отчетту (заказ берүүчүнүн өкүлүнүн пикири боюнча ушул керек болсо) пайдаланууну чектөө жөнүндө чечим жана чектөө аракетинин мөөнөтү;
· отчет каралган отурумдун төрагасынын жана катчысынын кол коюуларын чечмелөө;
6.16.2. Отчеттун сөзсүз түрдөгү дааналарына отчет каралган уюмдун мөөрү менен протоколдордун анык дааналары тиркелет.
6.16.3. Рецензиялар, протоколдор жана оңдоолорду киргизүү жөнүндө справка өзүнчө тетрадь болуп бөлүнүшү мүмкүн.
6.17. Иштин наркы жөнүндө справка
6.17.1. Иштин фактылык наркы жөнүндө маалыматтар, келишимдер (контракттар) боюнча жана долбоордук-сметалык документация белгиленген алардын наркын ишти кабыл алуу актыларына салыштырмалуу, таблица түрүндө же башка түрдө келтирилет; мындайда каржылоо булагы көрсөтүлөт, ал эми үлүштүк каржылоодо иштердин жалпы наркында алардын үлүшүнүн абсолюттук жана салыштырма (пайызда) өлчөмүн көрсөтүү менен каржылоо булактары (инвесторлор) боюнча бөлүштүрүлөт. Иштөө мезгилинде КНС ставкалары сакталганда жылдар боюнча аткарууга бөлүү сөзсүз түрдө эмес; мындайда долбоордук жана фактылык иштин наркы баанын бир масштабында берилиши керек. Чет өлкөлүк валютада каржылоодо (чыгымдар), КР Улуттук Банкынын курсу боюнча инвестициялоо учурундагы курсту көрсөтүү менен, ушул валютада жана улуттук валютага (сом) кайра эсептөөдө көрсөтүлөт.
6.17.2. Справкага аткаруучу уюмдун жетекчиси жана ушул уюмдун экономикалык кызматынын жетекчиси (башкы бухгалтер) кол коюушат. Отчеттун сөзсүз түрдөгү дааналарына аткаруучу уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн анык справка тиркелет. Отчеттун сөзсүз түрдө эмес дааналарына справка аткаруучу уюмдун чечими боюнча киргизилиши мүмкүн.
Өзүнүн каражаттарына аткарылган иштер боюнча отчеттордо, заказ берүүчүнун каалоосу боюнча справка конфиденцалдуулук шарттарында, аны конфиденцалдык документтеринин тетрадына бөлүү менен, берилиши мүмкүн.
6.18. Маалымат булактарынын нерселерин жана кагаз алып жүрүүчүлөрдөгү алгачкы документацияларды сактоого берүү актыларынын көчүрмөлөрү
6.18.1. Отчетто сактоого берилген төмөнкү актылардын көчүрмөлөрү болушу керек:
· маалыматтын нерсе булактарынын – бургулоо көзөнөктөрүнүн керни;
· отчеттук иштердин жүрүшүндө алынган тоо тектеринин, рудалардын, мунайдын, газдын, суулардын, кабаттык суюктуктардын жана алардын дубликаттарынын үлгүлөрүнүн, сынамыктарынын, палеонтологиялык үлгүлөрүнүн жана препараттарынын, шлифтердин, аншлифтердин, шлихтердин, протолочкалардын жана монофракциялардын, коллекциялык материалдардын ж.б.;
· отчеттук иштердин жүрүшүндө алынган кагаз алып жүрүүчүлөрдөгү алгачкы геологиялык документациянын – разрездердин, маршруттардын жана байкоо чекиттеринин талаалык күндөлүктөрүнүн, журналдарынын жана пикетаждык китепчелеринин; каротаждык жана башка көзөнөктүк байкоолордун жана сыноолордун журналдарынын; геофизикалык, тоо өткөөлчүлүк жана бургулоо иштеринин алгачкы документацияларынын; кернди баяндоонун; сүрөттөмөлөрдүн, фото-жана видеоматериалдардын; гидрогеологиялык, гидрохимиялык, геохимиялык лабораториялык изилдөөлөрдүн материалдарынын жана башка алгачкы маалыматтар.
6.18.2. Актыда аталган материалдардын орду, мөөнөтү, сактоо жана пайдалануу шарттары көрсөтүлүшү керек. Акты эркин түрдө түзүлөт. Актыларды отчеттун жооптуу аткаруучусу жана ушул материалдардын түрлөрүнө жооптуу сактоочу кол коюушат. Актылардын көчүрмөлөрү жооптуу аткаруучунун кол коюусу менен күбөлөндүрүлөт.
6.19. Тексттик тиркемелер
6.19.1. Тексттик тиркемелер болуп алгачкы же отчеттун текстинин кошумча материалдары саналат (разрездердин, тоо казмаларынын, бургулоо көзөнөктөрүнүн баяндамалары, бургулоо көзөнөктөрүнүн координаттарынын каталогдору, палеонтологиялык калдыктардын аныктоолору, аналитикалык аныктоолордун жыйынтыктары, алгоритмдик программалардын баяндамалары, палеонтологиялык таблицалар, отчеттук иштерди уюштуруу, жүргүзүү жана контролдоо маселелери боюнча кат жазышуу ж.б.).
6.19.2.Текстик тиркемелердин тизмеси жана мазмуну иш түрлөрү боюнча нормативтик жана ыкмалык документтердин талаптары тарабынан, ал эми алардын жогунда – иштердин жана изилденүүчү объекттердин өзгөчөлүктөрүнүн эсеби менен жооптуу аткаруучу тарабынан аныкталат.
6.19.3. Ар бир тиркеменин текстке (таблицага) карата симметриялуу жогору жайгашкан аталышы болуш керек. Түшүндүрүүчү текст, эгерде ал керек болсо, тиркеменин астында жайгашат.
6.19.4. Ар бир тиркеме жаңы беттен басылышы керек.
Тиркемелер, эгерде алар эки же андан ашык болсо, араб санариптери менен номерланышы керек. Аталыштан жогору барактын оң жагында чоң тамга менен жазылган «ТИРКЕМЕ» деген сөздөн кийин.
Жалгыз тиркеме номерленбейт, жана «ТИРКЕМЕ» деп белгиленет.
«ТИРКЕМЕ» деген сөздүн астында чектоо грифдери жана белгилер, жана, эгерде документ дааналык эсепте болсо, даананын номери коюулушат.
6.19.5. Отчеттун тексти менен бир китепке бириктирилген тиркемелер отчеттун пайдаланган булактарынын тизмесинен жана ушул китептеги беттердин өтмө номерленген кызмат элементтеринен кийин жайгаштырылат. Тексттик тиркемелердин чоң көлөмүндө, ар бир китептин чегинде тиркемелердин жана барактардын өтмө номерлениши менен, өзүнчө китепке (китептерге) бөлүнөт; ар бир китепте анын мазмуну жайгашат.
6.19.6. Көп сандаган тиркемелер алардын тематикалары боюнча, аларды 6.10.1 белгилегендей жайгаштырып, топторго чогултулат. Отчеттук иштерди уюштуруу, жүргүзүү жана контролдоо маселелерине тийиштүү тиркемелердин тобу тиркемелердин блогунун башына жайгашат. Заказ берүүчүнүн коммерциялык же кызматтык сырын камтыган тиркемелер, алардын көлөмүнө карабастан, конфиденциалдык шарттарда берилүүчү өзүнчө тетрадка (китепке) бөлүнүшү мүмкүн.
6.20. Графикалык тиркемелер
6.20.1. Графикалык тиркемелерге А4 жана андан чоң форматтардагы барактарда аткарылган ар түрдүү мазмундагы жана тематикадагы карталар, стратиграфиялык колонкалар, схемалар, пландар, кесилиштер, профилдер, диаграммалар жана башка материалдар киришет.
Графикалык материалдар менен бирге фотоматериалдар жайгаштырылат.
6.20.2. Графикалык тиркемелердин тизмеси жана мазмуну НД талаптары менен аныкталат, андайлар жок болгондо – заказ берүүчү, иштин жооптуу аткаруучусу жана геологиялык (техникалык) тапшырма тарабынан аныкталат.
6.20.3. Картографиялык тиркемелер, алардын милдетине карата, КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 622 токтому менен бекитилген «Инструкцияга…» ылайык, КМШ өлкөлөрү үчүн кабыл алынган координаттардын 1942-жылкы системасында, бирдиктүү мамлекеттик 2006-жылкы координаттар системасында - «Kyrg-06», же шарттуу координаттарда аткарылат. Жердин кээ бир бөлүктөрү үчүн WGS-84, ITRF- 2005 координаттардын мейкиндик системасында колдонулушу мүмкүн.
7. ОТЧЕТТУ БYТYМДӨӨГӨ ТАЛАПТАР
7.1.Жалпы талаптар
7.1.1. Отчеттун текст бөлүгү жана тексттик тиркемелер тыгыздыгы 65-100 (80 сунушталат) г/м2, А4 (210х297 мм) форматындагы ак жазуу кагазынын бир бетине компьютерди жана принтерди же жазуучу машинканы пайдалануу менен басма ыкмада аткарылышы керек. Отчеттун бир китебинин чегинде текст жана тексттик тиркемелер үчүн бир типтүү кагаз пайдаланышы керек. Таблицалар жана тексттик тиркемелер А3 (420х297 мм) форматындагы кагазда 10 кегль менен басылышы мүмкүн.
Текст бир же бир жарым интервалда басмаланат. Башы менен тексттин аралыгы эки саптык интервалга тең болушу керек. Тексттин жана таблицалардын эни төмөнкүдөн кем болбош керек: солдо – 30 мм, оңдө – 15 мм, жогорку жана төмөнкүлөрү – 20 мм.
7.1.2. Принтерлерде текстти басмалоо үчүн TimesNewRoman, Arial, Courier (TimesNewRoman сунушталат) шрифтери, кегль – 10-14 (12 сунушталат), кара басма өңү пайдаланылат. Маанилүү жоболорду (сөздөрдү, кее бир фразаларды; суммасында бир бетте бир абзацтан көп эмес) белгилөө үчүн алдан сызуу, курсивтик, ажыратуу, семиз шрифтерге уруксаат берилет.
7.1.3. Бүткүл отчет боюнча, аткаруу ыкмасына карабастан, тексттин жана таблицалардын бир түрдүү тыгыздыгын жана айырмалулугун сактоо керек. Отчеттогу тамгалар, санариптер, белгилер жана сызыктар так, жайылбаган болушу керек.
Текстти жана таблицаларды оңдогондо, аларды аткаруунун ыкмасына карабастан, айрым сөздөрдү, формулаларды, шарттуу белгилерди кара тушь (паста, сыя) менен жазуу, басмалык жана графикалык так эместерди тазалап жана оңдолгон текстти кара тушь, сыя, паста менен жазып чачырабаган ак боек менен боео мүмкүн.
Гуашты, фломастерлерди жана отчеттогу мурунку тексттин толук эмес кетирилген тактарын, баракты бузулууга алып келүүчү сууда эриген башка боекторду колдонууга болбойт.
7.1.4. Басманын, оңдоолордун жана кошумчалардын сапаты, скандашууну кошуп, текстти ар түрдүү ыкмалар менен так кайра чыгарууну канааттандырышы керек.
7.1.5. Отчеттун текстинин негизги бөлүгү бөлүмдөргө, бөлүмчөлоргө, пункттарга жана пунктчаларга бөлүнөт. Төрт иерархалык деңгээлден ашык камтыган рубрикацияларды киргизүүгө болбойт.
7.1.6. Тексттин бөлүмдөрү, отчеттун чегинде, катарланган номерлешүүдө болуш керек; алар бөлүмдүн номеринен кийин чекит коюу менен араб санариби менен белгиленет; кириш сөз жана корутунду номерленбейт.
Болүмчөлөр, пункттар жана пунктчалар бөлүүчү чекиттери жана аягында чекит коюу менен араб санариби менен номерленишет.
Мисал – 1.2.; 1.2.1.; 1.2.1.1.
Пункттардын жана пунктчалардын ичиндеги саноолор абзацтык чегинүү менен кичине тамгалар менен басылышат. Саноолордун позициялары тире «-» белгиси менен же кашаадагы кичине тамга: а)…, б)…, в).… менен белгиленет.
Позициялардын ичинде саноолорду деталдаштыруу үчүн тамга менен белгиленген саноолорго карата эки белги оңго жылдырылган кашаадагы араб санариби пайдаланылат.
7.1.7.Тексттин бардык бөлүктөрү кыска жана ачык аттуу болушу керек.
Бөлүмдөрдүн аттары, ошондой эле КИРИШ СӨЗ жана КОРУТУНДУ беттин ортосунда чоң тамгалар менен басмаланат.
Бөлүмчөлөрдүн аттары беттин ортосунда чоң тамга менен башталып кичине тамгалар менен басмаланат.
Пункттардын жана пунктчалардын аттары абзацтан чоң тамга менен башталып кичине тамгалар менен басмаланат.
Бир сүйлөмдөн турган бардык аттар аягында чекитсиз басмаланат. Эгерде ат эки сүйлөмдөн турса, анда биринчинин аягында чекит коюулат. Сөздөрдү көчүрүүгө жана алдын чийүүгө болбойт.
7.1.8. Отчеттордун бөлүмдөрү, ошондой эле кириш сөз жана корутунду жаңы беттен басмаланат.
7.1.9. Этикетканы жана титулдук баракты бүтүмдөөнүн курамына заказ берүүчү уюмдун жана аткаруучунун чоң ченеми боюнча 20 мм чейинки өлчөмдөгү расмий эмблемаларынын элестери кошулушу мүмкүн.
7.1.10. Отчеттун ар бир китебинин көлөмү, анын бардык структуралык элементтерин кошуп, 300 барактан ашпаш керек, анын дүмүрчөгүнүн эни -80 мм ашык эмес.
7.1.11. Көлөмү 30 баракка чейинки отчеттор (тетраддар) үчүн жумшак мукаба болушу мүмкүн. Көлөмү 30 барактан ашкан китептер катуу мукабалуу болушу керек.
Китептик блок жип менен тигилет жана синтетикалык же столярдык (антисептиктерди кошуп) клейлерди пайдалануу менен мукабага бышык кошулушу керек. Оперативтүү полиграфиянын апробацияланбаган ыкмаларын, анын ичинде термоклейлик, металлдык скобаларды, резиналык жана силикаттык клейлерди, лейкопластырларды жана жабышкак ленталарды колдонууга чечкиндүү жол берилбейт.
Мукабанын капкагынын сырт жагы ак кагаз менен чапталат.
7.1.12. Отчеттун титулдук барагындагы бекитүүчү, макулдашуучу жана сапатын ырастоочу кол коюулар, реферат, отчеттун авторлорунун, чыгармачылык катышуусун көрсөтүү менен, тизмеси, рецензиялар, отчетту кароонун протоколдору, метрологиялык жана патенттик экспертизалардын корутундулары (өткөрүлгөн учурларда), иштин наркы жөнүндө справка ылайыктуу уюмдардын (ишканалардын) мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Отчеттогу кол коюулар паста, тушь же көк, сыя же кара түстөгү сыялар менен аткарылышы керек
7.2. Барактарды номерлоо
7.2.1. Отчеттун ар бир китеби(тетрадь, альбом) китептин структурасы боюнча анын мурунку мазмунунун байланышына карабай жалгыз өзүнчө (б.а. 1 баштаган) барактардын өтмө номерленишүүсү болуш керек. Номерлешүү ушул китептин номерленишүүчү барактарында жайгашкан материалдын мазмунуна жана мүнөзүнө көз каранды эмес.
Номерленишүү барактын жогорку оң бурчуна коюулган араб санариби менен жүргүзүлөт. Титулдук барак жалпы номерлешүүгө кирет, бирок ага номер коюулбайт. Отчеттун беттерин номерлешүүнү паста, тушь же көк, сыя же кара өңдөгү сыялар менен кол менен жазууга мүмкүн.
7.2.2. Тексттин арасында жайгашкан иллюстрациялуу жана таблицалуу барактар, тексттен кийинки тексттик тиркемелер ушул китептин жалпы номерленишүүсүнө киргизилет.
А3 форматындагы барактарда аткарылган иллюстрациялар и таблицалар, А4 форматына бүктөлөт жана бир барак катарында эсептелинет.
Калькада аткарылган иллюстрациялар үчүн бет болгон текстсиз ак кагаз барак намерленбейт.
7.3. Иллюстрациялар
7.3.1. Отчеттун текстине жайгаштырылуучу иллюстрациялар компьютердик тнхнологиялардын жардамы, фотографиялык же полиграфиялык ыкма менен же тушь үчүн калькага (лавсандан башка), картографиялык кагазга же ватманга тушь менен даярдалышы мүмкүн.
Иллюстрациялардагы сызыктардын минималдык калыңдгы – 0,8 мм кем эмес, тамгалардын жана санариптердин бийиктиги – 1,5 мм кем эмес.
7.3.2. Кичине форматтагы иллюстрациялар А4 форматтагы баракка синтетикалык же столярдык клей менен чапталышы керек.
А3 өлчөмүндөгү барактагы иллюстрациялар вертикаль боюнча эки бүктөлөт. Горизонталь боюнча кыйшык бүктөөлөргө жана кайрылууларга тыюу салынат.
А3 форматтан ири иллюстрациянын барактары графикалык тиркемелерге киришет.
7.3.3. Иллюстрацияларды эки катмарга – негизи жана тушь үчүн калькага (лавсандан башка) каптамага бөлүүгө мүмкүн. Каптама А4 форматында даярдалат; ал негиз менен дал келүүнүн үчтөн кем эмес чекиттерин камтыш керек.
Калькага аткарылган иллюстрациялар тексти жок ак астына салгычтуу болушу мүмкүн
Иллюстрацияларды ламинатташтырууга болбойт.
7.3.4. Картографиялык иллюстрациялар отчеттун графикалык структуралык элементтери үчүн жалпы тартиптер боюнча (п.7.7) бүтүмдөлөт. Иллюстрацияларды даярдоодо автордук түп нускадан кайра чыгарууда алардын масштабынын өзгөрүү мүмкүнчүлүгүн эске алыш керек. Картографиялык иллюстрациялардын пайдаланган картографиялык негизге көрсөтүүсү болушу керек.
7.3.5. Иллюстрациялар болуп жердин, ачыктыктардын, макро- жана микрообъекттердин фотосүрөттөрү, табигый жана жасалма жарыктагы, нурлануунун ар түр диапазондорундагы, ошондой эле синтезделген, жарык сезгич материалдарда жана санариптик түрдө аткарылган аэро– и космостук сүрөттөр, оптика-компьютердик сүрөттөр, радиографиялар, видеосүрөттөрдүн кадрларынын сүрөттөрү ж.б. сүрөттөлгөн материалдар саналат.
7.3.6. 7.3.5. көрсөтүлгөн иллюстрациялар, эгерде алар сүрөттөлгөн объекттин өлчөмүн мүнөздөсө, көрсөтүлгөн кадрда же сүрөт астындагы жазууда масштабы көрсөтүлүшү керек. Микрофотографиялар үчүн чоңойтуусу көрсөтүлөт. Эгерде сүрөттөлгөн объекттин мүнөздөмөсү спектрдин зонасына көз каранды болсо, ал сүрөт астындагы жазууда көрсөтүлүшү керек. Жерди дистанциялык зонддоонун материалдары сүрөттүн масштабын, сүрөт тартуучу аппаратуранын тибин, сүрөт тартуунун убактысын жана датасын жана спектралдык диапазонун көрсөтүү менен берилет.
7.3.7. Фотографиялык жана компьютердтк сүрөттөр түп нускасында же фотокөчүрмөсүндө, кара-ак же түстүү берилет. Сейрек кездешүүчү сүрөттөрдү берүү үчүн түп нусканын чечилиш жөндөмдүүлүгү жана сүрөттү чектелбеген убакытка сактоону камсыздоочу кайра чыгаруунун технологиясы менен компьютердик көчүрмөлөр пайдаланышы мүмкүн.
Бардык компьютердик сүрөттөр аппаратуранын чечүүчү мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү менен коштолушу керек.
7.3.8. Иллюстрацияларда кыска аталыш жана керек учурда түшүндүрүүчү текст болушу керек. Иллюстрациянын аталышы анын астына, биринчи чоң тамгадан башка, кичине тамгалар менен басмаланат жана четтери боюнча түздөлөт.
Түшүндүрүүчү маалыматтар сүрөттүн аталышынын астында абзацтан басмаланат. Түшүндүрүүчү маалыматтарды сүрөттөрдөн кийинки өзүнчө баракка, кайсы сүрөткө тиешелүү экендигин көрсөтүү менен, жайгаштырууга мүмкүн.
7.3.9. Сүрөттөгү жазуулар, сүрөттөрдүн аталыштары жана аларга түшүндүрүүчү маалыматтар отчет жазуу үчүн тандалган тилде берилиши керек. Түп нускасы башка тилде (палеонтологиялык аталыштардан башка) аткарылган иллюстрацияларга отчет тилиндеги жазууларга аутентикалык котормо менен вариант тиркелиши керек. Эки тилде жазуулары бар иллюстрацияларда негизги жазуу отчет тилинде жазылат.
7.3.10. Иллюстрациялар текстте алар жөнүндө биринчи айтылгандан кийин аларды китепти айландырбай же сааттын жебеси боюнча бир айландырып кароо мүмкүн болгондой жайгашышат.
7.3.11. Бардык типтеги иллюстрациялар (фотографиялар, сүрөттөр, схемалар, карталардын фрагменттери, сызмалар ж.б.) «Сүр.» деген кыскартылган сөз менен белгиленет жана бөлүмдүн чегинде араб санариби менен катар номерленет. Иллюстрациянын толук номери бөлүмдүн номеринен чекит аркалуу жана анын катар номеринде «№» белгисиз түзүлөт жана иллюстрациянын аталышынын алдында жайгашат.
Мисал – Сүр.1.2 (биринчи бөлүмдүн экинчи сүрөтү).
Эгерде отчетто бир гана иллюстрация болсо, ал номерленбейт жана кыскартылган «Сүр.» деген сөз коюулбайт.
7.4. Таблицалар
7.4.1. Санариптик, тексттик же аралаш материал камтыган таблицалар текстте, ал эми көп өлчөмдө болгондо - өзүнчө барактарда жайгаштырылат. 5 барактан жогору көлөмдөгү таблицаларды тиркемеге чыгаруу керек.
7.4.2. Таблицаларды бир сап аралык интервалда жана А3 форматындагы барактарда басмалоо мүмкүн.
7.4.3. Көп сандагы саптуу таблицалардын уландысы башка баракка өткөрүлүшү мүмкүн. Таблицаны өткөрүүдө биринчи барактагы анын графаларын номерлоо мүмкүн жана кийинки бардык барактарда таблицанын башында ушул гана номерлөө жайгаштырылат.
Көп сандуу мамычалуу таблицаны бөлүктөргө бөлүү мүмкүн жана бир бөлүктү башканын артына (астына) анын капталынын ар бир бөлүгү үчүн кайталоо менен.
Кайталануучу санариптерди, белгилерди, математикалык, химиялык жана башка символдорду тырмакча менен алмаштыруу мүмкүн эмес.
7.4.4. Эгерде санариптүү же башка маалыматтар кандайдыр бир графаларда жок болсо, анда ошол жерде сызыкча коюулат.
7.4.5. Ар бир таблицанын аталышы болуш керек. Аталыш таблицанын үстүндө кичине тамгалар, биринчи чоң тамга менен, аягында чекитсиз, ортосуна жайгаштырып бүтүмдөлөт.
Таблицанын саптарын же тилкелерин кийинки баракка ташымалдоо учурунда таблицанын аталышы анын биринчи эле барагында жайгашат. Кийинки барактардын үстүнө «1.1-таблицанын уландысы» же «1.1-таблицанын аягы» деген жазуулар жайгашат.
7.4.6. Таблицалар текстте алар жөнүндө биринчи эскергенден кийин китепти айландырбай же сааттын жебеси боюнча бир жолу айландыргандан кийин окулгандай кылып жайгашат.
7.4.7. Ар бир бөлүмдүн чегинде таблицалар катары менен араб санариби менен «№» белгисиз «Таблица» деген сөздүн алдында номерленишет. Таблицанын толук номери бөлүмдүн номеринин чекити жана анын бөлүмдөгү катар номеринен түзүлөт жана алар таблицанын аталышынын үстүндө барактын оң жагында жайгашат.
Мисал – 1.6-Таблица (биринчи бөлүмдүн алтынчы таблицасы).
Кириш сөздө жайгашкан таблицалар катар номерлерди бөлүмдү көрсөтбөй алышат.
Эгерде отчетто бир гана таблица болсо, ал номерленбейт жана «Таблица» деген сөз пайдаланылбайт.
7.5. Формулалар
7.5.1. Формулалар жана теңдемелер тексттен өзүнчө саптарга чыгарылышы жана орто бөлүгүндө жайгаштырылышы керек. Эгерде теңдеме бир сапка батбаса, ал барабардык белгисинен же арифметикалык амал (кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүү) белгисинен кийин ташымалданышы мүмкүн. Формуланы ташымалдоодо көбөйтүү белгисинде «×» белгиси колдонулат. Формулаларды жана теңдемелерди отчеттун текстине кара түстүү кол жазма ыкмасы менен жазуу мүмкүн.
7.5.2. Формулалар (эгерде алар бирден ашык болсо) ар бир бөлүмдүн же тиркеменин чегинде араб санариби менен номерленет. Бөлүмдүн номеринин жана формуланан катар номеринен турган формуланын номери, формуланын деңгээлинде саптын оң жагында тоголок кашаада көрсөтүлөт.
Мисал: S(Q) = Q + E. (2.4)
( 2–бөлүктүн 4-формуласы).
Эскертүү – Ушул талап таблицанын сабында жайгашкан кыска формулаларга тарабайт.
7.5.3. Символдордун жана сандык коэффициенттердин маанисин түшүндүрүүнү түздөн түз формуланын астында алар формулада берилгендей катарда келтирилет. Ар бир символдун түшүндүрүүсү жаңы саптан башталат. Түшүндүрүүнүн биринчи сабы кош чекитсиз «ал» деген сөздөн башталат.
7.6. Шилтемелер, түшүрмөлөр, цитаталар, эскертүүлөр
7.6.1. Тексттеги же иллюстрацияга жазуулардагы пайдаланылган литературалык булактарга шилтемеде, аларды квадраттык кашааларга алынган булактын тизмесиндеги ылайыктуу номер, жазуучу машинканы пайдаланууда – эки кыйшык сызыкчалар көрсөтүлөт.
Табыштамада кашаадагы автордун фамилияларынын же булактын атынын биринчи сөздөрүн жана анын басылган жылдарын көрсөтүү жолу менен шилтеме жасоо мүмкүн. Булактын тизмесинде окшош фамилиялуулар болсо фамилияларга инициалдары кошулат. Фамилияларга шилтемеде тизмедеги пайдаланылган булактар номерленбейт.
Отчеттогу шилтемелер бир типтүү болушу керек.
Фондулук иштерге шилтемеде алардын чыккан жылынан жана номеринен кийин «ф» тамгасы коюулат.
Мисалдар: [28]; /29/; [54ф]; [Ивлева, 1998]; [Убактылуу талаптар…, 2003] жана [Кононов Н.Д., 1985 ф].
7.6.2. Булактардагы сүрөттөргө, таблицаларга, формулаларга, тексттик жана графикалык тиркемелерге шилтемелер булакты, ылайыктуу бетти, кичине тамгалар менен жазылган шилтеме жасалган объекттин түрүнүн кыскача аталышын жана анын номерин көрсөтүп бүтүмдөлөт. Тексттик тиркемелерге шилтемеде кыскартылган «текст.» деген сөз, ал эми графикалык тиркемелерге шилтемеде кыскартылган «тирк.» деген сөз жазылбайт.
Мисалдар: [54ф, 1-кит., 82-б., 3.11-сүр.]; [54ф, 1-кит., 85-б., 3.7-табл.]; [54ф, 3-кит, 5-тирк.] [54ф, 1-кит., 87-б., 3.4-форм.] жана [54ф, 2-т., 23-граф., 3-б].
7.6.3. Ушул отчеттун сүрөттөрүнө, таблицаларга, формулаларга, тексттик жана графикалык тиркемелерге шилтемелер кичине тамгалар менен жазылган шилтеме жасалган объекттин түрүнүн кыскача аталышын жана анын номерин көрсөтүп бүтүмдөлөт. Тексттик тиркемелерге шилтемеде кыскартылган «текст.» деген сөз, ал эми графикалык тиркемелерге шилтемеде кыскартылган «тирк.» деген сөз жазылбайт. Мисалдар: ( 3.11-Сүр.); ( 3.7-табл.); ( 3.4-форм.); (5-тирк.) жана ( 23-граф. 3-б).
Эгерде шилтеме жасалган тексттин түрүнүн аталышы грамматикалык туура түзүлгөн фразанын элементи болсо, ал толугу менен кичине тамгадан жазылат, анын номери тоголок кашаада келтирилет.
Мисал – «Жогорку тактыктагы спектралдык анализлердин жыйынтыгынын таблицасынан (5-тирк.) көрүнгөндөй…».
7.6.4. Текстте келтирилген бардык цитаталар тырмакчага алынат жана пайдаланылган булактын жана түп нусканан бетине шилтеме менен коштойт. Цитатанын тексти шрифт менен бөлүнүшү мүмкүн.
Мисал – «Батыш блоктун рудаларында титандын бир кыйла кошундусу аныкталган»» [54ф, 1-кит., 80–81-б.].
7.6.5. Таблицалык же текстте жайгашкан башка материалдардын мазмунун тактоо керек болгондо же ушул бөлүмдүн текстинин авторлорунун макул эмес пикирин чагылдырууда түшүрмөлөрдү пайдаланса болот. Түшүрмөлөр аларга тийиштүү барактын ылдыйкы бөлүгүнө жайгаштырылат, жана беттин сол жагынын үчтөн бирине тексттен кыска туташ горизонталдык сызык менен бөлүнөт.
Түшүрмөгө тийиштүү объекттин аягынын оң жагында жылдызча же, эгерде бетте бир канча түшүрмөлөр болсо, араб санариби менен белгиленет.
7.6.6. Таблицаны, диаграмманы же отчеттун башка элементин түшүндүрүү үчүн эскертүүлөр келтирилиши мүмкүн.
Эскертүүлөр аларга тийиштүү элементтен түздөн-түз кийин жайгаштырылат. «Эскертүү» («Эскертүүлөр») деген сөз абзацтан жана асты чийилбестен чоң тамгадан басылышы керек.
Бир эскертүү номерленбейт. Бир канча эскертүүлөр «№» белгисиз чекиттүу араб санариби менен номерленүүсү керек.
7.7. Графикалык тиркемелер
7.7.1. Графикалык тиркемелер компьютердик технологияларды пайдалануу менен полиграфиялык, фотографиялык, жарык көчүрүү ыкмалары менен же жарык – жана нымга туруктуу боекторду колдонуу менен катографиялык кагазда же тушь үчүн калькада (лавсандан башка) кол менен даярдалат. Элес анын талааларын түстүү боесуз көрүнүшү жана бардык конструкциядагы аппаратураларда көп жолку кайра чыгарууну камсыздоосу керек.
Кальканы кошумча тыгыздоого жана боего гуашты, фломастерлерди пайдаланууга, жабышкак ленталарды жана ламинацияларды колдонууга тыюу салынат.
7.7.2. Графикалык тиркемелердин элементтеринин элестери нормативтик документтердин жана инструкциялардын талаптарына ылайыктуу болушу керек.
Графикалык тиркемелердеги геологиялык же ар бир талаанын башка мазмуну боелушунун бар экендигине карабастан тамгалык, санариптик же тамгалык-санариптик индекс, штрихтик темгил же анын чектеринин шарттуу белгилери менен белгилениши керек.
7.7.3. Графикалык тиркемелердин өзүнчө барагынын форматы (600х85 мм А1 ашпаш керек. Тиркемелердин барактары папкалардын өлчөмүнө (225-230)х(315-320) мм карата А4 форматына бүктөлөт.
Мамлекеттик сүрөттөө иштери боюнча отчеттордо негизги графикалык тиркемелерди 700х700 мм чейинки папкаларда берүү мүмкүн.
7.7.4. Ар бир графикалык тиркемеде барактын ылдыйкы оң бурчунда эркин өлчөмдөгү жана форматтагы бурчтук штамп клюулат. Штамп графикалык тиркеменин мазмуну жана сапаты үчүн жооптуу адистердин фамилиялары жана кол коюулары менен толукталышы мүмкүн.
Штампта уюмдун аталышы жана отчеттун аталышы кыскартууда болушу мүмкүн. Отчеттун аталышынын бир далай кыскарышында теманын, келишимдин номери сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек.
Бурчтук штамптагы негизги карталардын аталышы баш аты түрүндө кайталанышы мүмкүн.
Бурчтук штамптын сунушталган макети XI –Тиркемеде келтирилген.
7.7.5. Картографиялык тиркемелердин бурчтук штампында тиркемени түзүүдө пайдаланылган топографиялык негиз жөнүндө, жана пайдаланылган координаттардын системасы жөнүндө так маалыматтар камтылышы керек. Эгерде отчеттук картографиялык тиркемени түзүү үчүн мурунку тиркеменин картографиялык негизи пайдаланылса, баштапкы картографиялык негиз көрсөтүлөт.
7.7.6. Компьютердик технологияларды колдонуу менен түзүлгөн графикалык тиркемелердин бурчтук штампында колдонулган программалык каражат жөнүндө маалыматтар келтирилет.
7.7.7. Негизги графикалык тиркемелердин бурчтук штампынын сол бөлүгүнүн үстүндө анын чоң ченеми боюнча 20 мм чейинки өлчөмдө, эгерде аны киргизүү графиканы кабыл алууга жолтоо болбосо, аткаруучу уюмдун кара-ак түстөгү расмий эмблемасынын элесинин жайгаштырылышы мүмкүн.
Аты бар графикалык тиркемелер үчүн атынын курамына 30 мм чейинки өлчөмдөгү ушул эмблеманын киргизилиши мүмкүн.
7.7.8. Көп барактуу чиймелердин барактары араб санариби менен номерленет. Эркин графаланган көп барактуу картографиялык тиркемеде ар бир барактын ачык талаасында алардын номерлерин көрсөтүү менен ушул тиркеменин барактарынын жайланыш схемасы көрсөтүлөт. Ушул барак схемада майда үзүлмө сызык менен бөлүп көрсөтүлөт.
Эскертүү –Бир барактуу чиймеде «1-барак» белгиси коюуга тыюу салынат.
7.7.9. Отчетто көп сандаган бир типтүү графикалык тиркемелер (кесилиштердин, карталардын окшош жүктүү сериясы ж.б.) болгондо бурчтук штампты биринчи тиркемеге гана коюуга мүмкүн. Ар бир кийинки тиркемеде анын номери, барактын номери (бар болсо), иш жүргүзгөн уюмдун кыскача аталышы, ишти берүүнүн жылы жана анын шифри.
7.7.10. Чектөө грифдери жана белгилери (эгерде алар бар болсо) түздөн-түз штамптын устүнүн оң жагына коюулат.
7.7.11. Ири форматтуу графикалык тиркемелер бурчтук штамп же аны алмаштыруучу жазуулары жогору жагында жана толук көрүнгөндөй кылып папканын өлчөмүнө карата бүктөлүшөт.
7.7.12. Көп барактуу тиркемелердин жана көп сандаган бир типтүү графикалык тиркемелердин шарттуу белгилери алардын сериясынын башында жайгаштырылат.
7.7.13. Графикалык тиркемелердин курамына ар түрдүү фотоматериалдардын кириши мүмкүн. Форосүрөттөр картонго же А3 форматтагы картографиялык кагазга чапталышы керек. Фототиркемелердин барактары альбомдорго мукабаланышат же графиканын папкаларына жайгашышат. Брошюраланбаган фотографиялык тиркемелердин штампы же жазуусу болуш керек.
7.7.14. Графикалык тиркемелерди отчеттук тексттин же тексттик тиркемелердин китептеринин курамына мукабалоого же аларды чөнтөктөргө, клапандарга, конверттерге ж.б. салууга тыюу салынат.
Көп барактуу бир түрдүү А3 форматындагы графикалык тиркемелер альбом түрүндө мукабаланышы мүмкүн.
7.7.15. Ар бир папкада, бүктөлгөн түрдө алардын форматына жана калыңдыгына карабастан, 50 барактан ашык эмес тиркемелер жайгаштырылат. Папканын түбүнүн эни, анда жайгаштырылган тиркемелердин барактарынын санына карабастан, 80 мм ашык болбош керек.
Ар бир папканын жогорку чатырынын ички жагы ак кагаз менен чапталынат. Пайдалануунун ар түрдүү чектөөдөгү графикалык тиркемелерин ар түрдүү папкаларга жайгаштыруу сунушталат.
7.7.16. Ар бир папкада анда камтылган тиркемелердин тизмеси болуш керек. Тизме отчеттун мазмуну боюнча графаларында тиркеменин номери, анын аталышы, масштабы, андагы барактардын саны жана чектөө грифтери жана белгилери (бар болсо; чектөөнүн жоктугу тизмеде белгиленбейт) болгон таблица түрүндө бүтүмдөлөт. Тиркемелерге ар бир папканын чегинде араб санариби коюулган катар номер берилет. Тизме ушул папкада чектөө грифтери боюнча бөлүнгөн тиркемелердин/барактардын санынын жыйынтыгы менен аяктайт жана жооптуу аткаруучунун кол коюусу менен күбөлөндүрүлөт.
Мисалдар: 1. Жыйынтыгы: 31 тирк. 49 б., а.и. Коммерциялык сыр – 2 тирк. 2 б. Кызматтык пайдалануу үчүн – 3 тирк. 5 б.
2. Жыйынтыгы: тирк. 13/15 б., а.и. тирк. 2/4 б. Конфиденциалдуу.
Тизме папканын чатырынын ички жагынын жогорку тилкесине чапталат.
Альбомдордо тизме мазмун менен алмаштырылса болот. Альбомдун мазмуну дагы чектөө грифтерин көрсөткөн жыйынтык менен аяктайт.
7.8. Отчеттун биринчи даанасына талаптар
7.8.1. Отчеттун биринчи даанасында текст, таблицалар, иллюстрациялардын жазуулары лазердик же матрицалык принтерлерде гана же кара өңдүү мастиканы же көчүрмө лентаны колдонуу менен басма аспаптарда аткарылышы керек. Биринчи даанага нымга чыдамсыз сыяларды, компьютердик кайра чыгаруунун электр көчүрмөлөрүн пайдалануу менен агымдуу принтерлерде аткарылгандардын,көчүрмө кагаздын жардамы менен даярдалган көчүрмөлөрдүн, ошондой эле оперативтик басманын апробираланбаган башка ыкмалары менен аткарылгандардын тексти жана таблицалары киргизилбейт.
7.8.2. Биринчи даанадагы графикалык тиркемелер жана иллюстрациялар мастиканы пайдалануу менен графокуруучуларда типографиялык, литографиялык, стеклографиялык ыкма менен же колдон тушь менен аткарылышы, принтерлерде жана плоттерлерде чыгарылып берилиши керек.
Электрографиялык көчүрмөлөрдү жана жарык көчүрмөлөрдү пайдалануу калькада берилгендер менен бирге кара-ак графикалык тиркемелердин боелгон дублеттери карарында мүмкүн.
7.8.3. Түп нускасы жарык сезгич материалдарда алынган иллюстрациялар отчеттун биринчи даанасында түп нусканын чечүүчү жөндөмдүүлүгүндөгү фотобасмалар жана фотокөчүрмөлөр түрүндө берилет.
7.8.4. Отчеттун дааналык эсептеги чектүү пайдалануунун структуралык элементтери биринчи даанада эсептик №1 алышы керек.
I-ТИРКЕМЕ
(сөзсүз түрдө)
Кагаз алып жүрүүчүдөгү отчеттун этикеткасынын макети
(бүтүмдөө мисалы)
Комитет
ЖЧК_________________________________________
Гриф КПY 2-даана Жооптуу аткаруучу _______________________________(Ф.А.А.)
КӨРYНYШТYН АЛДЫН АЛА ЧАЛГЫНДООСУ ________________________ 2- китепте 1-китеп Отчеттун тексти
_____________________________ Чыгаруунун орду, жыл |
II-ТИРКЕМЕ
(сөзсүз түрдө)
Отчеттун1-китебинин титулдук барагынын макети
_____________________________________________________________________________
(ведомство)
_____________________________________________________________________________
(уюмдун толук аталышы)
УДК____________________ Гриф_______________
Мам. каттоо № ______________
Даана____________________
Инв. №__________________
«БЕКИТЕМ»
________________________________________________________________
(аткаруучу) (Ф.А.А.)
________________(кол коюусу)
20__ -ж.«____»____________
_____________________________________________________________________________
(отчеттун толук аталышы)
_____________________________________________________________________________
(аткаруучу)
_________________________________________________________________
(китептердин жана папкалардын жалпы саны)
_________________________________________________________________
(китептин номери жана анын аталышы)
Башкы геолог_____________________________(Ф.А.А.)
________________(кол коюусу)
________________________________
Чыгаруунун орду, жыл
III-ТИРКЕМЕ
(маалыматтык)
Отчеттун 1-китебинин титулдук барагын бекитүүнү макулдашуу менен бүтүмдөөнүн мисалы
Комитет
_____________________________________________________________________________
(уюмдун толук аталышы)
УДК____________________ Гриф_______________
Мам. каттоо № ______________
Даана____________________
Инв. №__________________
«БЕКИТЕМ»
________________________________________________________________
(Комитет жетекчиси)
20___ ж.«____»__________
ЦЕМЕНТ ЧИЙКИ ЗАТЫН ДЫКАТ ИЗДӨӨ
__________________________________________________________
(____________партиянын за 20__-20__ж.ж. отчету)
2-китепте
1-китеп. Отчёттун тексти
Баш. геолог _____________________________(Ф.А.А.)
Башчы _____________________________(Ф.А.А.)
________________________________
Чыгаруу орду, жыл
IV-ТИРКЕМЕ
(Сөзсүз түрдө)
Отчеттун 2-чи жана андан кийинки китептердин титулдук барагынын макети
Комитет
_____________________________________________________________________________
(уюмдун толук аталышы)
УДК____________________ Гриф___________________
Мам. каттоо № ______________
Даана____________________
Инв. №__________________
_____________________________________________________________________________
(отчеттун толук аталышы)
_____________________________________________________________________________
(китептердин жалпы саны)
_____________________________________________________________________________
(китептин номери жана аталышы)
________________________________
Чыгаруу орду, жыл
V-ТИРКЕМЕ
(маалыматтык)
Отчеттун 2-чи жана андан кийинки китептердин титулдук барагынын бүтүмдөөнүн мисалы
Комитет
УДК____________________ Гриф_______________
Мам. каттоо № ______________
Даана____________________
Инв. №__________________
ЦЕМЕНТ ЧИЙКИ ЗАТЫН ДЫКАТ ИЗДӨӨ
__________________________________________________________
____________ партии 20___-20___ж.ж. отчету
2-китепте
2-китеп. Графикалык тиркемелер
________________________________
Чыгаруу орду, жыл
VI-ТИРКЕМЕ
(маалыматтык)
Аткаруучулардын тизмеси
(бүтүмдөөнүн мисалы)
Жооптуу аткаруучу:______________________________________________(Ф.А.А.)
(кол коюусу)
(1-кит: кириш сөз, 2-кит.1,2,3,5,6.3-бөл.)
Отчет ишинде төмөнкүлөр катышты:
(Ф.А.А.)_______________________________________________________________________
Отчетту техникалык бүтүмдөө жана оңдоо
________________________________
Чыгаруу орду, жыл
Нормоконтролер__________________________________________________(Ф.А.А.)
(кол коюусу)
VII-ТИРКЕМЕ
(сунушталган)
Ченөөлөрдүн ыкмаларынын, каражаттарынын жана ченөөлөрдүн жыйынтыгынын метрологиялык параметрлеринин чогултулган таблицасы
№№ т.б. | Ченөөнүн объекти (тоо казмасы, тоо тек, элемент, минерал) | Ченелүүчү чоңдүк же параметр | Ченөөнүн бирдиги |
Долбоор боюнча талаптар проекту | Пайдаланылган ченөөнүн ыкмаларынын жана каражаттарынын мүнөздөмөсү методов и средств измерения | Системалык каталыктын өлчөмү | Ченөө каражаттарын акыркы мамлекеттик же ведомстволук текшерүүнүн датасы жана орду | Белгиленген НТД, метрологиялык параметрлердин текшерүүсү жана мезгилдүүлүгү | Ченөө жүргүзүүнүн датасы (мезгили) | Ченөөлөрдү ким жана кайсыл жерде жүргүзгөн | Кабыл алынган жетекчи НТД | Эскертүү | ||||
Мүмкүн болгон каталык (ченөөнүн бирдигинде) | Ченөөнүн сунушталган ыкмасы | Ченөө ыкмасы | Ченөө каражаты: анын тиби жана заводдук номери | Ченөөнүн диапазон у | Аныктоочу чоңдүктардын интервалдар боюнча кокустук каталыгынын өлчөмү | |||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
Дата |
Таблицаны түзгөн жактын кызмат орду |
(кол коюусу) |
А.А.Фамилиясы |
Эскертүүлөр:
1. Толтурулбаган графаларда (талаптуу маалыматтар жок) «-» белги болуш керек.
2. 17-графада ченөөнүн өзгөчө шарттары көрсөтүлүшү мүмкүн (талаалык, стационардык, атмосфералык ж.б.).
3. Отчетто жайгашкан чогултулган таблицада иштин түрүнө карата, ушул иштин долбоорлонгон жыйынтыгын алууга түздөн-түз таасир эткен гана ченөө боюнча маалыматтарды келтирүүнүн эсебинен графадагы чнөөлөрдүн санында жана мазмунунда болушу мүмкүн.
4. Аттестацияланган лабораторияларда (аттестация жөнүндө аракеттеги күбөлүк бар экенинде) аткарылган аналитикалык иштер үчүн 3,4,5,6,7,9,10 графалар толтурулбайт, 17-графада лабораториянын аттестациясынын датасы жана аттестация жөнүндө күбөлүктүн аракет мөөнөтү көрсөтүлөт.
5. Кыйыр ченөөлөрдө 3-графада изилдөөнүн параметринин эсептик формуласы келтирилет.
VIII-ТИРКЕМЕ
(маалыматтык)
Литературанын тизмесин бүтүмдөөнүн мисалы:
А. Жарыяланган
1. Автордук күбөлүк - А.С. 1134717 СССР. Гидромеханизация каражаттарынын жардамы менен чачыранды кендерди иштетүүнүн ыкмасы. О.А.Дробаденко, И.Л.Александров, О.А.Луконин ж.б. (СССР) - № 3634235; 08.08.83 табыштамаланган; жарыял. 15.01.85, Бюл. №2.126- б.
2. Ленинград областынын агрогеохимиялык картасы. Масштаб 1:600000 / Баш. ред. Ф.Я.Сапрыкин, М., 1978 (Аэрогеология; РИС ВСЕГЕИ).
3. Геологиялык сүрөттөө жана издөө иштериндеги геологиялык документация / А.И. Бурде, А.А.Высоцкий, А.Н.Олейников ж.б. Л.: Недра, 1984. 237б. (1:50000 масштабдагы геологиялык сүрөттөө боюнча методикалык колдонмо. 14-чыг.,Бүткүлсоюз. илим.-изил. геол.ин-т ).
4. ГОСТ 7.32-81. Илимий-изилдөө иш боюнча отчет. Бүтүмдөөнүн жалпы талаптары жана эрежелери. ГОСТ 19600-74 ордуна. 01.01.82. кирг. М.: Стандарттардын басмакан., 1981, 14-б. УДК 001.891 (047):006.354. Т62-тобу
5. Заварицкий А.Н. Атырылып чыккан тоо тектери. М.: Наука, 1961, 479-б.
6. Гидротермалдык-метосоматикалык түзүлүштөрдү изилдөөнүн ыкмасы / Е.В.Плющев, О.П.Ушаков, В.В.Шатов. Л.: Недра, 1956, 125-б. Б. Фондулук.
7. Михайлов Б.М. (илимий жетекчи), Николаев В.А., Харлашин А.П. Рудалуу талкаланган кабыктын божомол ресурстарын баалоонун ыкмачн иштеп чыгуу жана киргизүү. Отчёт ВСЕГЕИ, Л.,1988; 162-б.
IX-ТИРКЕМЕ
Метрологиялык экспертизанын корутундусу
_____________________________________________________________________
_________________________________________________________ отчетко
Автор_____________________________________________________________________________________________________________________________________
Ишти метрологиялык камсыздоо боюнча төмөнкүдөй эскертүүлөр жана сунуштар бар:
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
т.б.№ эскертүүлөр жана сунуштар
Тыянак:____________________________________________________________________________________________________________________________________
20___-ж.«____»____________
Башкы метролог ______________________________________________________________(Ф.А.А.)
(кол коюусу)
X-ТИРКЕМЕ
Метрологиялык экспертизга справка
_____________________________________________________________________
___________________________________________________________ отчетко
(иштин толук аталышы)
Автор_____________________________________________________________________________________________________________________________________
Метрологиялык экспертизага тийиши жок _____________________________________
______________________________________________________________________________
(себеп)
20___-ж.«____»____________
Башкы метролог ______________________________________________________________(Ф.А.А.)
(подпись)
XI-тиркеме
(сунушталган)
Отчеттун графикалык тиркемесине бурчтук штамп
Отчет түзүлгөн уюмдун аталышы | Отчеттун, партиянын аталышы, теманын номери ж.б. | |
Жооптуу аткаруучу (Ф.А.А) | Отчетту берүү жылы | |
Тиркеме Барак | Тиркеменин аталышы | |
Тиркеменинмасштабы
| Пайдаланган топонегиз (масштаб, чыгаруу, жыл) | |
Түздү: кызматы_____________________________(Ф.А.А) (кол коюусу) Чийди: кызматы_______________________________(Ф.А.А) (кол коюусу) | ||
№_____ тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана
жер казынасын пайдалануу
мамлекеттик комитетинин буйругу менен бекитилген
2016-жылдын «___»__________ №____
ТОО КЕН ИШТЕРИНИН ЖЫЛДЫК ПЛАНДАРЫН МАКУЛДАШУУ БОЮНЧА
ИНСТРУКЦИЯ
I.ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Ушул тоо кен иштеринин жылдык пландарын макулдашуу боюнча Инструкция (мындан ары – Инструкция) Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына жана башка нормативтик-укуктук актыларына ылайыктуу иштелип чыкты.
2. Инструкция тоо кен иштеринин жылдык пландарын (көмүр суутек чийки затын жана гидроминералдык ресурстарды иштеткен учурларда – иштердин жылдык программалары), мындан ары - «жылдык пландар», жер казынасын пайдалануучулардын жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусунун тартибин белгилейт.
3. Ушул Инструкцияда «жылдык план» жер казынасын пайдалануучулар тарабынан түзүлгөн жана тоо кен иштеринин өнүгүү багытын, паййдалуу казындыларды казып алуу көлөмдөрүн, өндүрүштүн, рекультивациялык, ачуучу жана даярдоочу иштердин, казып алынган пайдалуу казындыларды даярдоонун жана кайра иштетүүнүн көлөмдөрүн ж.б. жер казынасын пайдалануу укугун берүү шарттарында жана техникалык долбоордо (мындан ары – «долбоор» же «техникалык долбоор») көрсөтүлгөн иштердин белгиленген тартипте аныкталган казып алуудагы жана кайра иштетүүдөгү пайдалуу казындылардын жоготуусунун нормативдери, ошондой эле жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу, өндүрүштүк коопсуздук, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ишкедиктин айлана чөйрөгө терс таасирин алдын алуу боюнча багытын белгилөөчү документ деп түшүндүрүлөт.
4. «Инструкциянын» талаптары, Кыргыз Республикасынын аймагында, жер казынасын пайдалануу негизине, уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчик түрүнө карабай, жер казынасын пайдаланууну (пайдалуу казындыларды казып алууну) жүргүзүүчү бардык жер казынасын пайдалануучулар үчүн милдеттүү болуп саналат. Ушул «Инструкциянын» талаптары жер казынасын төмөнкү максатта пайдаланууда тарабайт:
· жер казынасын геологиялык изилдөөдө (издөө жана чалгындоо);
· пайдалуу казындыларды иштетүү менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды курууда жана эксалуатацтялоодо (мунай, газ ж.б. заттарды жана материалдарды сактоо, зыяндуу заттарды көмүү, жердин жылуулугун пайдалануу жана башка муктаждыктар);
· илимий, маданият, тарых, эстетика, санитардык-ден соолукту чыңдөө жана башка маанидеги өзгөчө корголуучу объекттерди түзүүдө (илимий жана окуу полигондору, геологиялык коруктар, үңкүрлөр жана башка жер астындагы боштуктар);
· коммерциялык максатта минералогиялык, палеонтологиялык коллкецияларды чогултуу;
· декоративтик максатта жана жасалгаоо таш жана курулуш материалы катарында таш материалдарды чогултуу;
· жеке старателдик ишкердикти жүргүзүү.
5. «Жылдык пландарды» макулдашуу жер казынасын пайдалануу боюнча иштерди сарамжалдуу жана коопсуз жүргүзүүнү камсыздоо, мыйзамдык жана нормативтик талаптарды, жер казынасын пайдалануу шарттарын жана долбоорду сактоо, нормативтен ашык жоготууларга жана пайдалуу казындылардын кендерин тандап иштетүүгө, тоо кен иштерин туура эмес жана мыйзамсыз жүргүзүүдөн жер казынасын бузууга жол бербөө, бузулган жерлерди өз убагында калыбына келтирүү, жер казынасын алдын ала геологиялык изилдөө, ошондой эле жер казынасын коргоо, өндүрүштүк коопсуздук жана жер казынасын пайдалануунун адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө жана айлана чөйрөгө тийгизген терс таасирин алдын алуу максатында жүргүзүлөт.
6. «Жылдык пландар» жер казынасын коргоодо, өнөр жайлык коопсуздукта жана айлана чөйрөнү сактоодо мыйзамдын талаптарына ылайык экспертизалардан өткөн «долбоордун» негизинде түзүлүшөт. Жылдык планга ишкана-жер казынасын пайдалануучунун жетекчиси жана документти иштеп чыгуучулар (тоо кен казып алуучу уюмдун башкы инженери, башкы маркшейдери, башкы геологу ж.б.) кол коюушат жана жер казынасын пайдалануучунун мөөрү басылат.
7. Макулдашылбаган жылдык плансыз, ошондой эле макулдашылган жылдык пландан тышкаары, тоо кен иштерин жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын майзамына ылайык жоопкерчиликте болушат.
8. Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамынын 51-беренесине ылайык жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузуу менен, иштегендердин жана калктын коопсуздугу, жер казынасын жана айлана чөйрөнү булгоо, кендерди сарамжалдуу эмес тандап иштетүү, минералдык чийки затты казып алууда жана кайра иштетүүдө пайдалуу казындылардын нормативтен жогору жоготууларды түзүү жана анык эмес маалыматтарды берүү үчүн коркунуч түзүүчү ыкмаларды колдонуп жүргүзгөндө жер казынасын пайдалануучу жоопкерчиликте болот.
II. ЖЫЛДЫК ПЛАНДАРДЫ КАРОО ЖАНА МАКУЛДАШУУ ТАРТИБИ
9. Жалдык пландар каралышат жана макулдашылышат.
10. Жылдык пландарды кароо жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыккан график боюнча жүргүзүлөт. Графикте жылдык пландарды кароо пландаштырылган жылдын алдындагы жылдын 1-октябрынан эрте эмес жана 15-декабрдан кем эмес мезгилде белгилениши керек. Казып алуу иштери сезондук мүнөздөгү жер казынасын пайдалануучулар үчүн жылдык пландарды кароо графикке кечирээк даталарга коюууга, бирок казып алуу сезондун башталышынан эки жумадан кем эмес мөөнөткө киргизүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
11. Жылдык планды кароонун пландаштырылган датасы жөнүндө жкр казынасын пайдалануучу кароого эки айдан кем эмес убакытта кабарланат жана кароо дайындалган датадан 30 күндөн кем эмес мөөнөттө жылдык планды ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.
Кароо датасынын өзгөрүшүнүн бардык учурларында жер казынасын пайдалануучу графикте поандаштырылган күнгө чейинки 5 күндөн кем эмес мөөнөттө кабарланат, ал эми материалдарды графиктен тышкаары же аны бузуу менен берилген учурда – жылдык планды алгандан 15 күндөн кам эмес мөөнөттө.
12. Жаңы киргизилген ишканалар жана объекттер үчүн графиктен тышкаары берилген жылдык пландарды кароонун мөөнөтү берилген күндөн баштап 30 күндөн ашпаш керек.
13. «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамдын 48-беренесине ылайык, эгерде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик орган жылдык планды берген мөөнөттөн кийин эки ай аралыгында жылдык планды карабаган учурда, жылдык план макулдашылды деп эсептелинет.
14. Жылдык планды кароонун жыйынтыгы протокол менен бүтүмдөлөт. Кароонун жыйынтыгы боюнча жылдык планды макулдашуу жөнүндө, же макулдашуу болбогондугу жөнүндө, же кароонун датасын жылдыруу боюнча чечим кабыл алынат.
15. Жылдык планды кароонун протоколуна чечим киргизилет, ошондой эле макулдашуунун шарттары жана сунуштар киргизилиши мүмкүн. Жылдык планды кароонун датасы жылдырылган учурда же макулдашуу болбогондо протоколдо себептер жана келерки кароонун датасы көрсөтүлөт (кароо жылдырылганда).
16. Жылдык план жер казынасын пайдалануучунун өкүлдөрүнүн катышуусунда, уюмдун бир жетекчисин, башкы маркшейдерди жана башкы геологду кошуп, каралат.
17. Бир жер казынасын пайдалануучунун пайдалануусундгы жер казынасын пайдаланууга бир канча объекттери боюнча жылдык пландарды кароодо ар бир жер казынасынын объекти боюнча өзүнчө чечим менен жалпы протокол түзүүгө жол берилет. Протоколдун бир нускасы 7 күндөн кем эмес мөөнөттө жер казынасын пайдалануучуга жиберилет.
18. Жылдык планды кароодо берилген пландын ушул «Инструкциянын» төмөнкү келтиртлген талаптарына ылайыктуулугуна өзгөчө көнүл бурулушу керек.
19. Мыйзамдын талаптарын олуттуу бузуулары байкалганда жана/же долбоордон четтөөлөр, калктын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч пайда болгондо жылдык пландарды макулдашууга жол берилбейт.
20. Жылдык планды макулдашууга жол берилбегенге макул эмес жер казынасын пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген тартипте кабыл алынган чечимге каршы арыздана алат.
21. Белгиленген талаптардын олуттуу эмес бузуудары байкалган учурларда макулдашууга, жер казынасын коргоону, өнөр жайлык коопсуздукту жана айлана чөйрөнү коргоону камсыздоочу шарттарда, жол берилет. Көрсөтүлгөн шарттар жылдык планды кароонун протоколуна киргизилет. Мындай учурда жылдык планды макулдашуунун шарттары менен жер казынасын пайдалануучусунун макулдугу протоколдо чагылдырылышы керек жана жер казынасын пайдалануучусунун ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюулат.
III. «ЖЫЛДЫК ПЛАНДЫН» МАЗМУНУ
22. «Жылдык план» жалпы, геологиялык, тоо кен, технологиялык жана экономикалык бөлүктөрдү камтыган кыскача түшүндүрмө каттан, графикалык жана таблицалык тиркемелерден турат.
23. «Жалдык планда» төмөнкүлөрдүн болушу керек:
· байыраак бөлүктөрдү тандап иштетүүчү, башка пайдалуу казындыларды бузууну жокко чыгаруучу жана пайдалуу казындылардын кендерин туура иштетүүнү камсыздоочу тоо кен иштерин сарамжалдуу жүргүзүү;
· казып алуучу бирдиктер боюнча казып алууда белгиленген жоготуулардын жана кедейленүүнүн нормативдеринин жана пайдалуу казындыларды кайра иштетүүдөгү жоготуулардын номативденинин, ошондой эле аларды даярдоодогу кошумча газ жана мунай жоготууларынын нормативдеринин негизделген көрсөткүчтөрү;
· катуу пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө алардын чачылышын жана көп горизонттуулугун болтурбаган тоо кен иштеринин сарамжалдуу топтолушу;
· корлорду чыгарууну жогорулатуучу технологиянын колдонушу;
· катуу пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө пландаштырылган казып алууга ачылган, даярдалган жана пайдалуу казындылардын чыгарып алууга даяр корлорун толуктоо;
· тоо кен иштетүүнүн зыяндуу таасир зонасындагы жер үстүндө жайгашкан имараттарды, курулуштарды жана жаратылыш объекттерин коргоо боюнча чаралар;
· жер астындагы объекттерди, курулуштарды жана тоо кен казмаларын коргоо боюнча тоо кен чаралары;
· тоо кен иштерин коопсуз жүргүзүү жана өнөр жайлык коопсуздук боюнча иш-чаралар;
· тоо кен иштеринин айлана чөйрөгө терс таасиринин мониторинг системасы (тоо кен-экологиялык мониторинг);
· жер казынасын коргоо, минералдык чийки затты сарамжалдуу жана комплекстүү пайдалануу боюнча иш-чаралар;
· тосмо целиктерди иштетүүгө жол бербөө;
· иштелип бүткөн тоо кен казмаларын, блоктрду, горизонтторду жоюу (консервациялоо);
· коркунучтуу зоналардын чектерин жана алардын жанындагы иштердин тартибин белгилөө;
· тоо кен иштеринен бузулган жерлерди рекультивациялоо;
· тоо кен иштерин туура эмес жүргүзүүнүн, пайдалуу казындылардын корлорун астынан же үстүнөн казып алууну кошуп, жыйынтыгында нормативтен жогору жоготууларды түзүүгө жол бербөө;
· кошумча казып алынуучу пайдалуу казындылардын, ошондой эле курулуш материалдарын чыгаруу үчүн жарактуу тоо тектеринин сакталуусу.
IV. ТYШYНДYРМӨ КЫСКАЧА КАТТЫ БYТYМДӨӨ
24. «Жылдык пландын» түшүндүрмө кыскача катында төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтар келтирилет:
· эксплуатациялык жана алдын ала чалгындоонун жыйынтыгында алынган жаңы геологиялык маалыматтар;
· алардын иштетүүгө даярдалган деңгээли боюнча (ачылган, даярдалган жана чыгарууга даяр) корлор менен камсыздыгы;
· убактылуу активтүү эмес корлордун бар экендиги, алардын пайда болушунун себептери жана аларды өчүрүүнүн белгиленген мөөнөттөрү (катуу пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө);
· иштетүүнүн колдонулган системалары, алардын жылдык казып алуу көлөмүндөгү салыштырма салмагы;
· пайдалуу казындылардын корлорун чыгарып алуу боюнча мурда макулдашылган жылдык пландардын, ошондой эле жер казынасын коргоо, өнөр жайлык коопсуздук жана экологиялык коопсуздук боюнча иш-чаралардын аткарылышы;
· минералдык чийки затты казып алууда жана кайра иштетүүдө жоготуулардын пландаштырылган нормативтеринин көрсөткүчтөрүнүн техникалык-экономикалык эсептери;
· желдетүү чарбасынын абалы жана ар бир бөлүктөрдүн жана жалпысынан рудниктин же шахтанын пландаштырылган мезгилдин башында жана аягында абанын талаптагы саны менен камсыздалышы (жер астындагы иштерде);
· пландаштырылган жылда жер казынасын коргоо жана пайдаланууну, ошондой эле өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздук боюнча, жакшыртуу боюнча иш-чаралар;
· таяныч жана сүрөттөө негиздин бардыгы, түрлөрү жана мөөнөттөрү;
· тоо кен иштерин геологиялык жана маркшейдерлик камсыздоо боюнча иштер;
· пландаштырылган тоо кен иштеринин маркшейдерлик жана геологиялык кадрлар менен фактылуу камсыздыгы жана алардын техникалык жабдылуусу;
· тоо кен иштеринде бузулган жерлерди рекультивациялоонун аткарылган жана ниеттенген багыттары жана көлөмдөрү;
· геологиялык чалгындоонун жана эксплуатациялык чалгындоонун аткарылган жана ниеттенген багыттары жана көлөмдөрү;
· асты иштетилген имараттарды, курулуштарды жана объекттерди коргоонун аткарылган жана ниеттенген чаралары;
· коркунучтуу зоналарга жакын коопсуз иш жүргүзүү боюнча ниеттелген иш-чаралар;
· пайдалуу казындыларды оптималдуу чыгарууну камсыздоочу минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн технологиялык процесстерин жетилиши боюнча иш-чаралар (кайра иштетүүчү өндүрүш бар болгондо);
· Техникалык долбоорду иштеп чыккан долбоорлоо уюм тарабынан автордук көзөмөлдүн абалы;
· кайра иштетүүгө жана кардарга берилүүчү минералдык чийки заттын санынын жана сапатынын эсебин уюштуруу.
V. ГРАФИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫ БYТYМДӨӨ
25. Пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө «жылдык пландардын» графикалык материалдары тоо кен иштеринин пландары (вертикалдуу жана горизонталдуу тегиздиктердеги проекциялары менен), кварталдар боюнча бөлүнүү жана керектүү тууралык кесилиштери менен, берилиши керек. Пландарда жана кесилиштерде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
· КР корлор боюнча Мамлекеттик комиссиясы тарабынан бекитилген баланстык корлордун контурлары, кийинки кошумча чалгындоонун жана иштетүүнүн жыйынтыктары боюнча такталган корлор, өчүрүлгөн жана пландаштырылган жылда өчүрүүгө ниеттелген, кварталдар боюнча бөлүнүшү менен, корлор, ошондой эле убактылуу активтүү эмес корлордун контурлары;
· иштетүүгө белгиленген алынуучу бирдиктин чегинде, өзгөчө шарттуу белги менен бөлүнгөн, нормаланган жоготуунун бөлүктөрү;
· коркунучтун бардык факторлору боюнча коркунучтуу зоналардын бөлүктөрү жана коопсуз иш жүргүзүүнүн чектери;
· даярдоочу жана тазалоочу забойлордогу шамалдануунун схемасы, чыгаруу механизациясынын түрлөрү, бекитүүнүн типтери, чатырды башкаруу ыкмалары, суу тартуу станцияларынын жана дренаждык казмалардын жай алышы;
· тоскоол жана коргоочу целиктердин чектери;
· дайыма суу толгон казмалардын бөлүктөрү;
· иштелип бекитилген мейкиндиктин жана өчүрүлгөн тоо кен казмаларынын бөлүктөрү;
· геолгиялык бузулуштар;
· пайдалуу казындынын чыгарылуучу калыңдыгы (фактылык жана пландаштырылган);
· тоо кен иштеринин таасир зонасына тийиштүү башка пайдалуу казындылардын жайгашуусу;
· ар түрдүү милдеттеги көзөнөктөр;
· пландаштырылган мезгилдин башындагы жана аягындагы жер астындагы тоо кен казмаларынын забойлорунун, карьер жана разрездердин урчуктарынын абалы;
· тоо кен бөлүндүсүнүн чектери;
· жер бөлүндүсүнүн чектери (жер үстүнүн пландарында жана ачык тоо кен иштеринде);
· иштетүүнүн планында жана тереңинде карьердин же разрездин капталдарынын кеңейишинин долбоордук чектери;
· бузулган, иштетилген жана рекультивацияланган жер бөлүктөрүнүн чектери (жер үстүнүн пландарында жана ачык тоо кен иштеринде);
· таштандылардын, калды - жана шлам сактоочу жайлардын, өнүмдүү кыртыш кампасынын чектери;
· минералдык чийки заттын казып алуу жеринен даяр продукция чыгарууга чейинки кыймылынын (ташылышынын) технологиялык схемасы;
· дүйнө жактары боюнча багытталган жазуулар.
26. Жер үстүнүн байкоо планы (1:25 000 масштабдан майда эмес), турак жай жана өнөр жай имараттары жана курулуштар, жердеги жана жер астындагы коммуникациялар, көлмөлөр, аракеттеги жана жоюулган казмалардын оозу, тоо кен жана жер бөлүндүлөрүнүн чектери, чалгындалган корлордун контурлары көрсөтүлөт.
27. Кенди ачуунун схемасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
· ачуучу казмалар менен кесилишкен кабаттар, рудалык тулкулар, катмарлар жана камтыган тоо тектер;
· кенди ачуунун мүнөзүн белгилеген негизги казмалар (стволдор, штольнялар, квершлагдар, уклондор, гезенктер ж.б.);
· шахтанын жана көзөнөктөрдүн оозунун, стволдун жанындагы короонун жана горизонттордун абсолюттук бийиктиктери, бийиктик сеткалары (вертикалдык проекцияда).
28. Тоо кен иштеринин горизонттор боюнча пландарында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
· кабаттын, рудалык тулкунун контурлары, анын бурчтук жантайышы жана созулушу;
· долбоор боюнча техникалык чектери;
· пландаштырылган мезгилде иштетүүнүн чектери жана иштетүүнүн факты чектери;
· блоктордун, камералардын, целиктердин номерлерин жана орто кармоосун же пайдалуу казындынын күлдүүлүгүн, кабаттын калыңдыгын, тазалап алуунун жана өчүрүлгөн бөлүктөрдүн контурларын көрсөтүү менен, чектери, коопсуз иш жүргүзүүнүн чектери;
· кенди ачуучу казмалардын оозу, капиталдык, даярдоочу, кесүүчү жана өчүрүлгөн казмалар;
· пландарга тиркелген кесилиштердин сызыгы.
29. Тоо кен иштеринин жалпы планында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
· долбоор боюнча техникалык чектер;
· тоо кен жана жер бөлүндүлөрүнүн чектери;
· пландаштырылган мезгилде иштетүүнүн чектери жана иштетүүнүн факты чектери;
· тоо кен бөлүндүсүнүн аянтындагы жер үстүнүн рельефинин негизги түрлөрү жана жер үстүнүн абалынын негизги элементтери;
· кайтарылуучу имараттар, курулуштар жана объекттер, сактоочу целиктердин контурлары, тоо кен иштеринин жер бетине зыяндуу таасирлүү зоналарынын чектери;
· тоо кен иштеринин жалпы сүрөттөмөсүн көрсөтүүчү негизги чалгындоо, тоо кен-капиталдык жана башка казмалар;
· негизги тектоникалык бузуулар, кесилиштердин жана проекциялардын сызыктары, ошондой эле, тоо кен иштеринин горизонтторунун бийиктиктери;
· казмаларды өчүрүүнүн ыкмалары;
· жер бетиндеги чуңкурлардын пайда болуу жана плывундардын жарып өтүү орундары.
30. Вертикалдык кесилиштерде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
· долбоор блюнча техникалык чектер;
· тоо кен жана жер бөлүндүлөрүнүн чектери;
· пландаштырылган мезгилде иштетүүнүн чектери жана иштетүүнүн факты чектери;
· шахталардын жана көзөнөктөрдүн стволдору, штольнялар, квершлагдар, көтөрүлүштөр, ошондой эле айрым горизонттордун, рудалык тулкулардын, катмарлардын негизги казмалары;
· эксплуатациялык блоктордун, лавалардын, камералардын, целиктердин номерлери жана аларды мүнөздөөчү маалыматтар;
· катмардын, рудалык тулкунун контурлары, алардын бурчтук жантайышы жана казмалардын бурчтук жантыгы, тазалоо алымынын жана өчүрүлгөн бөлүктөрдүн контурлары, тоо кен иштерин коопсуз иштетүүнүн чектери, казма ооздорунун белгилери ж.б.
31. Кайра иштетүүчү өндүрүш бар болгондо пайдалуу казындыларды кайра иштетүү схемасы (долбоордук жана фактылык), аппараттардын чынжырынын схемасы, пайдалуу казындыларды кайра иштетүү боюнча технологиялык процесстерди сынамыктоо жана контроль схемасы (айрым иштетүүдө – ар бир сорт же чийки зат түрү боюнча).
VI. ТАБЛИЦАЛЫК МАТЕРИАЛДАР
32. Жылдык пландардын материалдары төмөнкү таблицаларды камтыйт:
· ачылган, даярдалган жана алынууга даяр пайдалуу казындылардын абалынын жана кыймылынын пландаштырылган мезгилинин башталышына жана ушул мезгилдин аягында күтүлүшү (катуу пайдалуу казындыларды казып алууда);
· тоо кен иштеринин планы боюнча пландаштырылган мезгилде жана учурдагы жылдын аягында күтүлгөн негизги көрсөткүчтөр (план-факт);
· алынуучу бирдиктер боюнча учурдагы жыл үчүн (план-факт) жана пландаштырылган мезгилге жоготуулар жана кедейленүүлөр (катуу пайдалуу казындыларды казып алууда);
· кайра иштетүүдө минералдык чийки заттын жоготуулары (кайра иштетүүчү өндүрүш бар болгондо);
· минералдык чийки затты казып алууда жана кайра иштетүүдө калдыктардын абалы жана кыймылы;
· иштелген мейкиндикти толтуруу менен казып алуудагы боштуктар жана пландаштырылган мезгилде аларды өчүрүүнүн (толтуруунун) планы;
· эксплуатациялык-чалгындоо иштеринин (бургулоо, өткөөлдөө) көлөмдөрү (катуу пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө);
· ар бир катмар боюнча кабаттык басымды колдоо системаларында толтуруунун (агенттерди) көлөмү (мунайды казып алууда); көзөнөктөрдүн фондусунун кыймылы (мунайды жана газды казып алууда).