Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 11-июну 13-нпа
«Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнунда №372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары Мамкурулуш)жөнүндө жобону жетекчиликке алып, курулушта ченемдик документтердин тутумун түзүү жана өнүктүрүү максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
Тиркемеде берилген «Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө» жобо бекитилсин.
Мамкурулуштун пресс-катчысы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту (мындан ары ЖТТКжИДМИ) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрүшсүн.
3. Мамкурулуштун Кадрдык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү ЖТТКжИДМИ менен биргеликте:
- буйрук расмий жарыялангандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө, буйрукту жарыялаган басылманы көрсөтүп, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүшсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн баштап үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. КР КЧжЭ 10-01-99 “Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму. Негизги жоболору” колдонулуусу токтотулсун.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Директор | Б. Абдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018 жылдын 11-июнунда № 13-нпа буйругу менен бекитилген Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө жобо Колдонуу тармагы |
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө ЖОБО
(КР Мамкурулуштун 2020-жылдын 23-мартындагы № 38-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
1. Колдонуу тармагы
1. Ушул ченемдер жана эрежелер Кыргыз Республикасынын курулуштагы ченемдик документтеринин тутумунун (мындан ары - Тутум) калыптанышынын негизги принциптерин жана Тутумдун түзүмүн аныктайт, ченемдик документтерге, алардын мазмунуна болгон талаптарды, түзүлүшүнө, баяндалышына, жасалгаланышына, иштеп чыгуу иретине, кабыл алынышына жана колдонулушуна карата талаптарды аныктайт.
2. Курулуштагы ченемдик документтеринин тутумун архитектура-курулуш ишмердүүлүгү тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган калыптандырат.
3. Ушул ченемдердин жана эрежелердин талаптары курулушта ченемдик документтерди иштеп чыгып жаткан жана колдонуп жаткан менчик формасына жана таандыгына карабастан, бардык уюмдар, ишканалар жана бирикмелер үчүн бирдей.
2. Терминдер жана аныктамалар
4. Ушул ченемдердеги терминдер жана аларга тиешелүү аныктамалар 1-тиркемеге ылайык колдонулат.
3. Тутумдун негизги максаттары, түзүлүшү жана принциптери
5. Курулуштагы ченемдик документтердин системасы аткаруу бийликтин компетенттүү органдары жана курулуш башкармалыгы, ишканалар жана уюмдар кабыл алышкан өз ара байланыштуу документтердин жыйындысы, алар калк отурукташкан жерлерде пландоодо жана курууда, инженердик текшерүүдөн өткөрүүдө, өндүрүүдө, долбоорлоодо, курууда, эксплуатациялоодо, ремонттоодо, имарат жана курулуштарды кайра конструкциялоодо, курулуш материалдарын, буюмдарын, конструкцияларын өндүрүүдө колдонулат.
6. Керектөөчүнүн жана өндүрүүчүнүн кызыкчылыктарын жана укуктарын мыйзамдын негизинде коргоо болуп эсептелген стандартташтыруунун жалпы максаттарынын негизинде, продукцияны жасоонун жана колдонуунун процессинде Тутум төмөнкүлөрдү камсыздоо үчүн курулуштун алдында турган маселелерди чечүүгө түрткү болуусу керек:
- курулуш продукциясын өндүрүүдө жана иштетүүдө адамдардын жашоосуна жана ден соолугуна, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө коопсуз болуусун;
- өзгөчө кырдаалдардын болуп калуу коркунучун эске алуу менен адамдарды жана курулуш продукциясын жагымсыз таасирлерден коргоону;
- имараттардын жана башка курулуштардын инженердик жабдуу тутумунун, курулуш конструкциялардын жана түптөрдүн сапатын, бекемдигин жана узакка чейин туруусун;
- экологиялык талаптарды аткаруу, жаратылыш, материалдык, отун-энергетикалык жана эмгек ресурстарын рационалдуу пайдалануу;
- эл аралык кызматташтыкта курулуш ишмердүүлүгүн жүргүзүү учурунда техникалык жолтоолорду жоюу.
7. Тутумдун түзүлүшү (2-тиркеме) техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу жана ченеп белгилөө объектилеринин номенклатурасы менен аныкталат, алар:
- курулуш продукциясын иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана курулушта колдонууга керек болгон уюштуруу-методикалык, жалпы техникалык, функционалдык жана эксплуатациялык талаптар (ченемдер);
- инженердик изилдөөлөрдөн өткөрүү, долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо жана имараттар менен курулуштарды, алардын ичине инженердик камсыздоонун ички жана тышкы тутумун кошуп, жок кылуу процесси;
- шаар куруу ишмердүүлүгүнүн объектилери жана курулуш продукциясы - имараттар жана курулуштар жана алардын комплекстери;
- курулушта колдонулган өнөр жай продукциясы: курулуш материалдары жана буюмдары, инженердик жабдуулар, курулуш уюмдардын жана курулуш индустриясындагы ишканалардын кол аспаптары жана жабдуу каражаттары.
Бир түрдүү объекттердин ар бир тобу үчүн бирдиктүү максат жана милдеттер менен байланышкан ар кандай түрдөгү өз ара байланыштуу документтердин комплекси калыптанат. Комплекстердин курамында, зарыл болгон учурларда, негиз салуучу ченемдик документтер иштелип чыгат, аларда комплекстин объекттерине жалпы жоболор аныкталат.
8. Тутум мындан ары өнүгүү үчүн мезгил-мезгили менен керектүү болгон, курулуштагы илимий-техникалык прогресстин алдыңкы жетишкендиктерине негизделген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип туруу мүмкүнчүлүгү менен ачык бойдон калыптанат.
9. Курулуштагы ченемдик документтерди иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик стандартташтыруу тутуму кабыл алган принциптер боюнча ишке ашат жана стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдардын ченемдик документтери менен тиешелүү гармонияда болууну жана салыштырууну камсыз кылат.
4. Ченемдик документтердин түрлөрү жана аларга коюлган талаптар
10.Тутумдун курамы төмөнкү ченемдик документтерден турат:
- курулуш тармагындагы техникалык регламенттер;
- КР КЧ - Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери;
- КР КЭ - Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелери;
- КР ВКЧ -Кыргыз Республикасынын ведомстволук курулуш ченемдери;
- КМС - Кыргыз Республикасынын курулуш тармагындагы мамлекеттик стандарттар;
- УС- уюмдардын стандарттары.
Кыргыз Республикасынын ченемдик документтери катары ошондой эле анын аймагында белгиленген тартипте ишке киргизилген төмөндөгү документтер каралат:
- мамлекеттер аралык курулуш ченемдери - МКЧ (МСН);
- мамлекеттер аралык курулуш эрежелери (эрежелер жыйнагы ) - МКЭ (МСП);
- мамлекеттер аралык стандарттар - МамСтандарт (ГОСТ);
- ЕАЭБдин курулуш тармагындагы техникалык регламенттери;
- ЕАЭБдин курулуш ченемдери - ЕАЭБ КЧ;
- ЕАЭБдин курулуш эрежелери - ЕАЭБ КЭ.
11. Курулуш тармагындагы техникалык регламенттер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттарына жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге (макулдашууларга) ылайык кабыл алынат.
12. Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери, мамлекеттер аралык курулуш ченемдери жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн курулуш ченемдери Тутумдун алкагында имараттардын жана курулмалардын, ошондой эле эмгек шарттарынын коопсуздугун камсыздоо жаатында техникалык регламенттердин талаптарын тутуу максатында колдонууга арналган.
Көрсөтүлгөн курулуш ченемдердин талаптары милдеттүү болуп эсептелет жана имараттардын жана курулуштардын коопсуздугун камсыздоо боюнча маселе таризинде белгилениши керек, алар долбоорлоо жана куруу учурунда чечилүүгө тийиш жана аларды аткаруунун натыйжасында техникалык регламенттин максаттары ишке ашат.
(КР Мамкурулуштун 2020-жылдын 23-мартындагы № 38-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери (КР КЧ) курулуш продукциясынын сапатынын тиешелүү деңгээлде болушун камсыздоого багытталган негизги талаптарды, куруу, долбоорлоо үчүн инженердик изилдөөлөр боюнча жалпы техникалык талаптарды, ошондой эле имараттарга, курулуштарга, курулуш конструкцияларына, инженердик жабдуулардын негиздерине жана тутумдарына коюлган талаптарды камтууга тийиш.
Бул талаптар төмөндөгүлөрдү аныкташы керек:
- имараттардын жана курулуштардын жана алардын системаларынын эксплуатациялоонун эсептик шарттарындагы бекемдигин, курулуш конструкцияларынын жана негиздеринин бышыктыгын жана туруктуулугун;
- жер титирөөлөрдө, көчкүлөрдө, урап түшүүдө ж.б. жаратылыштын кооптуу таасирлеринин эсептик шарттарында имараттардын жана курулмалардын туруктуулугун;
- өрт болгон ж.б. эсептелген авариялык кырдаалдарында имараттардын жана курулмалардын туруктуулугун жана адамдардын коопсуздугун;
- бөлмөлөрдү эксплуатациялоодо адамдардын ден соолугун коргоо, зарыл болгон жылуулук, аба-нымдуулук, акустикалык жана жарык режимдерди;
- ар кандай милдеттерге пайдалануучу имараттардын жана курулуштардын мүнөздөмөлөрү жана параметрлери, аларды санитардык, экологиялык ж.б. ченемдерди эсепке алуу менен жайгаштыруу эрежелери;
- курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо, имараттардын жана курулуштардын энергетикалык натыйжалуулугу.
14. Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерине зарыл болгон учурларда бир же бир нече курулуш эрежелери иштелип чыгат.
15. Тутумдун алкагындагы Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелери, мамлекеттер аралык курулуш эрежелери (эрежелердин жыйындысы) жана ЕАЭБдин курулуш эрежелери Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдериндеги, мамлекеттер аралык курулуш ченемдериндеги жана ЕАЭБдин курулуш ченемдериндеги техникалык регламенттердин талаптарын милдеттүү түрдө тутууну камсыздоо максатында өз эрки менен колдонууга арналган.
16. Курулуш эрежелеринин ыктыярдуу же сунуш кылынган жоболору аларга тапшырыкчылар менен болгон келишимдеринде (долбоорлоо, изилдөө, курулуш жана башка өндүрүү иштерине), ошондой эле аларга долбоорлоо документтеринде шилтеме келтирилсе милдеттүү болуп калышат.
Кыргыз Республикасынын тиешелүү курулуш ченемдерин жана курулуш эрежелерин кабыл алганга чейин, КЧжЭлер Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелери катары колдонулат.
Зарыл болгон учурларда курулуш ченемдеринде жана курулуш эрежелеринде өрт, санитардык, экологиялык ж.б. ченемдик талаптарга шилтеме жасалат.
(КР Мамкурулуштун 2020-жылдын 23-мартындагы № 38-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
17. Курулуш тармагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик стандарттары, мамлекеттер аралык стандарттар Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдериндеги, мамлекеттер аралык курулуш ченемдериндеги жана ЕАЭБдин курулуш ченемдериндеги техникалык регламенттердин талаптарын милдеттүү түрдө тутууну камсыздоо максатында өз эрки менен колдонууга арналган.
Стандарттар имараттын жана курулуштун айрым бөлүктөрүнүн сунушталган параметрлерин жана мүнөздөмөлөрүн, курулуш материалдарына, буюмдарына коюлган талаптарды жана аларды сыноо методдорун камтууга тийиш.
Мамлекеттик стандарттар төмөндөгүлөрдү аныкташат:
- ченемдик, долбоорлоо, технологиялык ж.б. документтердин түрлөрүнө карата талаптарды;
- курулушта өлчөм жана функционалдык сыйышкычтык боюнча жана өз ара алмаштырууга талаптарды;
- бөлмөлөрдүн, имараттын жана курулуштун конструктивдүү бөлүктөрүнүн, ошондой эле инженердик тутумдардын элементтеринин контролдонуучу мүнөздөмөлөрү жана параметрлери (көрсөткүчтөрү);
- курулуш индустриясындагы жана курулуш материалдарды чыгаруучу ишканалардын бир түрдүү продукциясынын топторуна, көп чыгарылган курулуш буюмдарынын, материалдарынын жана жабдууларынын конкреттүү түрлөрүнө коюлган талаптар;
- курулушта жана курулуш буюмдарын, материалдарын жана жабдууларын өндүрүүдө кабыл алуу эрежелери жана контролдоо (сыноо жана өлчөө) методдору.
18. Кыргыз Республикасынын ведомстволук курулуш ченемдери (ВКЧ) такталган талаптарды аныктайт, аларга ведомствонун курулуш продукциялары аларды жасоодо жана эксплуатациялоодо ушул ведомствонун ишканаларынын жана уюмдарынын бөтөнчөлүгүн эске алып, жооп берүүгө тийиш.
19. Уюмдардын стандарттары ушул уюмда жасалган жана колдонулган продукцияларга, кызматтарга, процесстерге талаптарды аныкташат.
Уюмдардын стандарттары эл аралык жана улуттук ченемдерге ылайык иштелип чыгып, бекитилет жана өз алдынча колдонулат.
20. Техникалык регламенттердин айрым талаптарына же Тутумдун техникалык ченеп белгилөө объекттерине карата эл аралык, региондук жана улуттук ченемдик документтердин Тутуму жок болгон учурда жаңы тутум иштелип чыгат же мурун кабыл алынган курулуш ченемдери (КЧжЭ, КЧ, ВКЧ), эрежелер жыйнагы (ЭЖ, КЖД) колдонула берет.
21. Тутумдун ченемдик документтеринин жоболору илимдин, техниканын жана технологиялардын заманбап жетишкендиктерине, долбоорлоонун жана курулуштун алдыңкы тажрыйбаларына негизделиши керек жана техникалык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн эл аралык жана улуттук ченемдерин, ошондой эле курулуш чөйрөсүндө бийигирээк стандарттарды жана коопсуздук параметрлерин колдонууну эске алуусу зарыл.
(КР Мамкурулуштун 2020-жылдын 23-мартындагы № 38-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
22. Тутумдун ченемдик документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган жоболорго каршы келбеши керек.
Ченемдик документтердин мазмуну инвестициялык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын ортосундагы өз ара мамилелерди аныктаган укуктук ченемдерди, Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук акттары менен жөнгө салынган алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин камтый албайт.
23. Башка тармактык ведомстволордун ченемдик документтери архитектура-курулуш тармагындагы ишмердүүлүктөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына тиешелүү жоболорду камтыбашы керек.
5. Ченемдик документтердин түзүлүшү, баяндалышы жана таризделиши
24. Ченемдик документтердин түзүлүшү, баяндалышы жана таризделиши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандартташтыруунун Тутумунун жана ушул Жобонун талаптарына ылайык ишке ашат.
25. Курулуш ченемдеринин, курулуш эрежелеринин, ведомстволук курулуш ченемдеринин титулдук жана биринчи барактары 3-4-тиркемеге ылайык таризделет, ал эми аталышында сөздөрдүн түз жазылышы колдонулат.
26. Көлөмү чоң болгондуктан, документтин текстинде ченемдик шилтемелерди жана пайдаланылган терминдердин аныктамаларын колдонуу максатка ылайык эмес болгон учурда, алар тиркемелерде берилет.
27. Типографиялык жол менен басылган курулуш ченемдери жана курулуш эрежелери, адатта, 210х297 мм форматында чыгарылат.
28. Курулуш ченемдеринин, курулуш эрежелеринин жана ведомстволук курулуш ченемдеринин белгилөөлөрү (КЧ, КЭ, ВКЧ) индекстеринен, түзүмдөгү комплекстин номеринен(2-тиркемеден карагыла), дефистен кийин ушул категориядагы документтин иреттик номеринен жана кош чекиттен кийин документти кабыл алган жылдан турат. Мында КЧ, ВКЧ үчүн иреттик номерлер 01 номеринен башталат, ал эми КЭ үчүн 101 номеринен башталат.
Кыргыз Республикасында иштелип чыккан курулуш ченемдеринин, курулуш эрежелеринин белгилөөлөрүндө документтин индексине чейин бош жер калтырылып, баш тамга менен "КР" терилет, мисалы, КР КЧ 40-01:2018, КР КЭ 40-101:2018, КР ВКЧ 32-01:2018.
Ченемдик документтин курамындагы техникалык талаптар так, кыска, туура, ар түрдүү түшүндүрүүлөргө жол бербеген, логикалык ырааттуу, бири-бири менен байланышта болгон жана айтылган колдонуу чөйрөсүнө ылайык пайдаланууга жетишерлик болуп, аныкталган тартипте контролдоого уруксат берүү мүмкүндүгүнө ээ болууга тийиш.
Ченемдик документтин текстиндеги милдеттүү талаптарды баяндоодо "талап кылынат", "керек", "уруксат берилбейт", "милдеттүү", "тийиш" деген сөз жана сөз айкаштары колдонулууга тийиш.
Сунуштама мүнөздө болгон талаптарды баяндоодо "адатта", "сунушталат", "уруксат берилет", "аткаруу милдеттүү түрдө эместиги аныкталган шартта уруксат берилет" деген сөз жана сөз айкаштары колдонулат.
(КР Мамкурулуштун 2020-жылдын 23-мартындагы № 38-нпа буйругунун редакциясына ылайык)
6. Ченемдик документтерди иштеп чыгуу, кабыл алуу, жокко чыгаруу, каттоо жана басып чыгаруу
29. Курулуштагы ченемдик документтерди иштеп чыгууну азыркы ченемдерге жана эрежелерге ылайык илим-изилдөө, долбоорлоо жана башка уюмдар жана бирикмелер, ошондой эле стандартташтыруу жана ченеп белгилөө боюнча техникалык комитеттер, илимий потенциалга жана ушул тармакта керек болгон тиешелүү тажрыйбага ээ чыгармачыл жамааттар ишке ашырышат.
30. Иштеп жаткан ченемдик документтерге өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жана кайра иштеп чыгуу негизги иштеп чыккан адамдардын макулдугу менен ишке ашат.
31. Ченемдик документтерди иштеп чыгуу төмөнкү баскычтардан өтөт:
1-баскыч - документти иштеп чыгууну уюштуруу;
2-баскыч - долбоордун биринчи редакциясында иштеп чыгуу, илимий-техникалык кеңеште кароо, пикир алууга жөнөтүү;
3-баскыч - долбоордун акыркы редакциясында иштеп чыгуу жана аны буйрутма берүүчүгө көрсөтүү;
4-баскыч - документти кароо, кабыл алуу (бекитүү) жана каттоодон өткөрүү;
5-баскыч - документти басып чыгаруу.
Документти иштеп чыгууга буйрутма берүүчү катары документти кабыл алуу милдети жүктөлгөн уюм, же башка кызыкдар болгон уюм (ишкана) боло алат.
Эскертме: баскычтарды бириктирүүгө же баскычтардын ичинде айрым этаптарды бөлүүгө жол берилет, мисалы, документтин макетин иштеп чыгуу (негизги жоболорду), тажрыйба долбоорлоо.
32. Документти иштеп чыгууну уюштуруу өзүнө иштеп чыгуучу тарабынан негизделген заявканын берилүүсүн, жумуштун көлөмүн макулдашууну жана аларды аткарууга буйрутма берүүчү менен негизги иштеп чыгуучу жана кошо аткаргандар менен келишим түзүүнү камтыйт.
Келишимди түзүп жатканда зарыл болгон учурда буйрутма берүүчү ченемдик документти иштеп чыгууга кыскача техникалык тапшырманы бекитет, анда иштелип жаткан документтин негизги максаттары жана милдеттери, жумуштун этаптары жана аткарылыш мөөнөттөрү, кошо аткаруучу уюмдар, ошондой эле документти макулдашууга жөнөткөн жана ал жөнүндө пикир берүүчү уюмдар көрсөтүлөт.
Мында ченемдик документтердин жоболорунда көзөмөл органдарынын компетенциясына кирген маселелер камтылган учурда, бул документтер ушул органдар менен макулдашылышы каралат.
33. Документтин даярдалган долбоору негизги иштеп чыгуучулардын илимий-техникалык кеңешинде каралат жана негизги керектөөчүлөргө же эксперттерге жөнөтүлөт.
Документтин долбоору боюнча пикирди долбоорду алгандан кийин 1 айдан кеч эмес убакытта иштеп чыгуучуга жөнөтүү керек.
34. Ченемдик документтин долбоорун бекитүүгө берүү үчүн даярдап жаткан учурда ага берилген сын пикирлер жана сунуштар да эске алынат.
35. Иштеп чыгуучу документти бекитүүгө бергенге чейин документтин долбоорун мамлекеттик көзөмөл органдары менен жана документти иштеп чыгууга техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн башка уюмдар менен макулдашууга тийиш.
Макулдашууга документтин долбоору иштеп чыгуучунун акыркы редакциясында жөнөтүлөт. Долбоор, анын келип түшкөн күнүнөн тартып 20 иш күндүк мөөнөттө каралат. Макулдашылгандык кат түрүндө жана макулдашуу баракчасы менен таризделет. Пикир келишпестиктер болгон учурда долбоорду иштеп чыгуучу кызыкдар болгон уюмдардын жооптуу өкүлдөрү менен макулдашуу кеңешмесин өткөрөт. Кеңешмеде кабыл алынган чечимдерге протокол түзүлүп, сын пикирлердин жана сунуштардын жыйнагына киргизилет.
Пикир келишпестиктерди кызыкдар болгон уюмдар дагы карап чыккандан кийин ал боюнча чечимди архитектура-курулуш ишмердүүлүгү тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алат.
36. Ченемдик документтин долбоорун иштеп чыгуучу бекитүүгө мамлекеттик жана расмий тилдерде үч нускада берет, алардын бирөөсү биринчи болуп, жөнөтмө кат жана төмөндө көрсөтүлгөн бир нускадагы документтер менен берилет:
- архитектура-курулуш ишмердүүлүгү тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругунун долбоору мамлекеттик жана расмий тилдерде;
- документтин долбоору боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде негиздеме-маалым кат, илим-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын колдонуу жөнүндө жана эл аралык жана чет өлкөлүк стандарттар менен документти салыштыруунун натыйжалары жөнүндө маалыматы;
- кароого жөнөтүлгөн документтин (биринчи редакциясы) долбоору жана кароого жөнөтүлгөн уюмдардын тизмеси;
- документти пикирге жөнөткөн уюмдардын анык корутундулары, сын пикирлердин жана сунуштардын жыйнагы;
-илимий-техникалык кеңештин отурумдарынын, макулдаштыруучу кеңешмелердин же ченеп белгилөө жана стандартташтыруу боюнча ченемдик документтин долбоорун кароо боюнча тиешелүү техникалык комитеттин протоколдору;
- долбоордун мамлекеттик көзөмөл органдары жана башка уюмдар менен макулдашылгандыгын тастыктаган анык документтер, же пикир келишпестиктер протоколу;
- иштеп жаткан документтердин токтотулушу жөнүндө сунуштар менен же жаңы ченемдик документтин киргенине байланыштуу, аларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө долбоорлор.
37. Кабыл алуудан (бекитүүдөн) мурун ченемдик документтин долбоору архитектура-курулуш ишмердүүлүгү тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте ченемдик укуктук акттардын, иштеп жаткан ченемдик документтердин талаптарына, ченеп белгилөөнүн жана стандартташтыруунун жалпы методологиялык принциптерине, ушул ченемдердин жана эрежелердин талаптарына ылайык келгендигине текшерүүдөн өтөт. Документти кароонун жыйынтыктары боюнча иштеп чыгуучу ага зарыл болгон тактоолорду киргизет.
Ченемдик документти кабыл алган учурда анын ишке кирүү датасы аныкталат, ошол эле учурда мурунку иштеп жаткан ченемдик документтер токтотулат.
38. Техникалык регламенттер, ЕАЭБ курулуш ченемдери (ЕАЭБ КЧ) , ЕАЭБ курулуш эрежелери (ЕАЭБ КЭ) ушул Жобонун 11-пунктуна ылайык кабыл алынат.
39. Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери (КР КЧ) жана курулуш эрежелери (КР КЭ) архитектура-курулуш ишмердүүлүгү тармагында саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте кабыл алынып, ишке киргизилет, ал эми мамлекеттер аралык ченемдик документтер (МКЧ, МКЭ) архитектура-курулуш ишмердүүлүгү тармагында саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте ишке киргизилет.
40. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик стандарттары (КР Мамстандарты) Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу боюнча улуттук органы менен кабыл алынып, ишке киргизилет, ал эми мамлекеттер аралык стандарттар (МАСТ) Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу боюнча улуттук органы менен ишке киргизилет.
41. Ченемдик документтерге өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана кабыл алуу бул документтерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартибиндей эле жүргүзүлөт. Техникалык тапшырмада каралган учурларда өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу тартиби оңойлотулушу мүмкүн.
42. Ченемдик документтерди бекиткен органдар алардын токтотулушун ишке ашырышат.
43. Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери (КР КЧ) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
44. Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелери (КР КЭ) жана ведомстволук курулуш ченемдери (КР ВКЧ) архитектура-курулуш ишмердүүлүгү тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.
45. Курулуш тармагындагы мамлекеттик стандарттар жана аларга киргизилген өзгөртүүлөр Стандартташтыруу боюнча улуттук органда каттоодон өткөрүлөт.
46. Курулуш ченемдерин, мамлекеттик стандарттарды каттоо жана басып чыгаруу жана алардын архивде сакталышы архитектура-курулуш ишмердүүлүгү тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
47. Курулуш ченемдеринин (КР КЧ, КР ВКЧ) жана курулуш эрежелеринин (КР КЭ) долбоорлору бекитилген күндөн бир айдан кеч эмес убакыттын ичинде ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына электрондук түрдө жалпы колдонгон маалымат тутумуна жайгаштырылышы керек.
7. Ченемдик документтерди колдонуу
48. Тутумдун ченемдик документтери ар документте аныкталган тармактын чегинде ушул ченемдердин жоболоруна ылайык колдонулат.
49. Ченемдик документтердин талаптары бардык башкаруу жана көзөмөл органдары, ишкана жана уюмдар тарабынан, менчигинин формасына жана таандыгына карабастан, жеке ишмердүүлүк же жеке курулуш менен алектенген жарандар тарабынан, ошондой эле коомдук ж.б. уюмдар тарабынан, алардын ичинде чет элдик өнөктөштөр катышкан биргелешкен ишканалар, чет элдик юридикалык жана жеке жактар тарабынан колдонулууга тийиш.
Келишимде (контрактта) милдеттүү талаптарды камтыган ченемдик документтерге шилтемелердин жоктугу, аткаруучуну аларды тутуудан бошотпойт.
Эгерде көзөмөл органдарынын макулдугу жана компенсациялоочу иш-чаралар болсо, ушул документти Кыргыз Республикасынын аймагында ишке киргизген орган ченемдик документтин милдеттүү талаптарынан четке чыгууга уруксатты жүйөлүү учурларда бере алат.
Кыргыз Республикасынын ченемдери жок болгон учурда эл аралык ченемдерди колдонуу архитектура жана курулуш иштери боюнча башкармалыгынын мамлекеттик органы тарабынан берилген уруксаты менен ишке ашат.
50. Уникалдуу жана эксперименталдык объектилерди курууга жана долбоорлоого зарыл болгон учурларда техникалык шарттар архитектура-курулуш тармагында саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик орган аныктаган тартипте иштелип чыгат.
51. Мурун кабыл алынган ченемдик документтерге ылайык долбоорлонгон жана курулган имараттарга жана курулуштарга жаңы иштелип чыккан документтердин тиешеси жок, бирок эски ченемдик документтерге ылайык курулуп калган имараттардын жана курулуштардын мындан ары иштеши жаңы негиздерге ылайык адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуу жагдайларды түзсө, тиешелүү болот. Мындай учурларда аткаруу бийлигинин компетенттүү органдары же объекттин жеке менчик ээси реконструкциялоо, ремонттоо же турган имараттарды жана курулуштарды бузуу туурасында чечим кабыл алышы керек.
Турган имараттардын (курулуштардын) же алардын ичиндеги айрым бөлмөлөрдүн функционалдык милдетин өзгөрткөн учурда, иштеп жаткан ченемдик документтер ушул имараттардын же бөлмөлөрдүн жаңы милдеттерине ылайык колдонулушу керек.
52. Ченемдик документтерди иштеп чыккан уюмдар (бир нече аткаруучу болгон учурда жетектөөчү иштеп чыккан уюмдар) жана аларды бекиткен органдар системдүү түрдө, 5 жылда бир жолудан кем эмес убакытта, иштеп жаткан документтерди илимий-техникалык деңгээлин аныктоо максатында текшерип турушу керек, зарыл болгон учурда аларды жаңылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга тийиш.
53. Юридикалык жана жеке жактар милдеттүү талаптарды бузгандыгы үчүн жана ченемдик документтердин жоболорун туура колдонбогондугу үчүн Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" Кодексинин чегинде жооп берет.
1-тиркеме
Ченемдик документтер тутумундагы курулуш терминдери жана алардын аныктамалары
Термин жана анын англис тилиндеги эквиваленти | Аныктамалар |
1 | 2 |
1. Ченемдик документтер | |
1.1. Ченемдик техникалык документ Normative technical document | Ар кандай курулуш ишмердүүлүгүнө же анын натыйжаларына тиешеси бар эрежелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү аныктаган документ |
1.2. Техникалык регламент Technical regulation | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими же Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик документтер менен кабыл алынган документ. Бул документ техникалык жөнгө салуу объекттерине (продукцияларына, алардын ичинде имараттарга, курулуштарга, өндүрүш, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, реализациялоо жана утилизациялоо процесстерине) колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү болгон талаптарды аныктайт |
1.3. Курулуш ченемдери Building regulations | Архитектура-курулуш ишмердүүлүгү тармагында саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган милдеттүү талаптарды камтыган курулуш тармагындагы ченемдик документ. Эскертүүлөр: 1. Курулуш ченемдери техникалык регламенттин жеке иши болуп эсептелет (technical regulations) 2. Тутумда курулуш чөйрөсүнө 2-тиркемеге ылайык ченеп белгилөө жана стандартташтыруу объектилери кирет |
1.4. Курулуш эрежелери (долбоорлоо жана курулуш боюнча) Code of Practice (in building construction) | Техникалык эрежелерди же долбоорлоо, даярдоо процедурасын, техникалык тейлөөнү монтаждоону, же жабдууларды, конструкцияларды же иштеп чыгарган буюмдарды эксплуатациялоону сунуштаган документ. |
1.5. Эл аралык, регионалдык стандарт (мамлекеттер аралык), улуттук Harmonized standards | Өз ыктыяры менен көп жолу колдонуу максатында продукциянын мүнөздөлүшү, өндүрүш, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, реализациялоо жана утилизациялоо процессинин, жумуштарды аткаруунун же кызматтарды көрсөтүүнүн мүнөздөлүшү жана ишке ашыруу эрежелери. Стандарт ошондой эле терминологияга, символикага, упаковкага, маркирлөөгө же этикеткалоого карата талаптарды камтышы мүмкүн. Эскертүү: Гармониялашкан стандарттардын формасында же мазмунунда айырмалар болушу мүмкүн. |
1.6. Ведомстволук курулуш ченемдери Provincial Normativ document in building construction | Ведомствонун деңгээлинде курулуш тармагында кабыл алынган ченемдик документ |
1.7. Курулуш тармагындагы мамлекеттер аралык техникалык регламент (interstate technical regulations in construction): | КМШнын катышуучу мамлекеттеринин эл аралык келишими менен белгиленген тартипте кабыл алынган ченемдик укуктук акт, анда ошол мамлекеттерде курулуш тармагындагы техникалык жөнгө салуу объектилерине карата колдонууга жана аткарууга милдеттүү талаптар аныкталган |
1.8. Мамлекеттер аралык курулуш ченемдери (interstate building codes | КМШнын катышуучу мамлекеттеринин курулуш ишмердүүлүгүндө кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кеңеш менен бекитилген КМШнын катышуучу мамлекеттеринин регионалдык ченемдик техникалык документи, анда курулуш продукциясына карата милдеттүү түрдө колдонулуучу, ошондой эле ушул талаптарга байланышкан процесстерге карата талаптар камтылган |
1.9. Мамлекеттер аралык долбоорлоо жана курулуш боюнча эрежелер (interstate code of practice in design and building construction): | Стандартташтыруу, техникалык ченеп белгилөө жана курулушта ылайык келүүнү баалоо боюнча мамлекеттер аралык илимий-техникалык комиссия тарабынан бекитилген КМШнын катышуучу мамлекеттеринин регионалдык ченемдик техникалык документи, анда өз ыктыяры менен колдонуу үчүн техникалык эрежелер жана долбоордук чечимдер, ошондой эле процедураларга коюлган милдеттүү техникалык регламенттерге жана/же мамлекеттер аралык курулуш ченемдерине туура келүүсүнө жетишүү жолдорун аныктаган инженердик изилдөө, долбоорлоо, курулуш же курулуш продукциясын эксплуатациялоо процедуралары берилген |
2. Ченемдик документтердин аныктамалары | |
2.1. Таанылган техникалык эреже Acknowiedged rule of technology | Көпчүлүк компетенттүү адистер тарабынан таанылган техниканын өнүгүү деңгээлин чагылдырган техникалык жобо. Эскертүү: 1. Ченемдик документ таанылган техникалык эреже болуп саналат |
2.2. Ченемдик документтердин комплекси Series of normative documents | Жалпы максаттуулугу менен бириккен жана стандартташтыруунун (ченеп белгилөөнүн) өз ара байланышта болгон объектилерине макулдашылган талаптарды аныктаган ченемдик документтердин жыйындысы |
2.3. (ченемдик документтин) Жобосу Provision | Маалымдоо, нускама, сунуштоо же талап формасына ээ болгон ченемдик документтин мазмунунун логикалык бирдиги. |
2.4. Ченем (нускама) | Тутула турган критерийлерди камтыган жоболор |
2.5. Эрежелер Instruction | Аткарууга арналган иш-аракеттерди баяндаган жоболор |
2.6. Маалымат, билдирүү Statement | Маалымат камтыган жоболор |
2.7. Милдеттүү жобо (талап) | Ушул документке ылайык келиш үчүн ченемдерди милдеттүү түрдө аткаруу талабы |
2.8. Сунушталган жобо Recommendation | Милдеттүү мүнөзгө ээ болбогон, кеңеш же көрсөтмөнү (ченем же эрежени) камтыган жобо |
2.9. Маалымат үчүн жобо (Statement) | Маалымат (билдирүү) камтыган жобо |
2.10. Эксплуатациялык жобо | Продукциянын, процесстин же кызматтын, аларды пайдаланууда же аларга байланыштуу учурларда өз милдеттерине туура келүүсү жана абалы жөнүндө жобо |
2.11. Баяндоочу жобо Descriptive provision | Продукциянын, процесстин же кызматтын мүнөздөмөсү, өз милдеттерине туура келүүсү жөнүндө жобо |
2.12. Методикалык жобо Deemed-to-satisfy provision | Ченемдик документтин талаптарына жетишүүнүн бир же бир нече жолдорун көрсөткөн жобо |
3. Гармониялашкан стандарттар жана бөлөк документтер | |
3.1. Гармониялашкан стандарттар (ченемдик документтер) | Бир эле объектке стандарттоо боюнча ар кайсы органдар тарабынан бекитилген жана продукциялардын, процесстердин жана кызматтардын өз ара алмашып туруусун камсыздаган, сыноолордун же ушул стандарттарга ылайык берилген маалыматтардын жыйынтыктарын өз ара түшүнүүсүн камсыздаган стандарттар |
3.2. Окшош стандарттар (ченемдик документтер) Identical standard | Мазмуну жана формасы жактан окшош берилген гармониялашкан стандарттар |
4. Курулуштагы ченеп белгилөө жана стандартташтыруу объекттери | |
4.1. Шаар куруу ишмердүүлүгүнүн объекттери | Шаарды ж.б. адамдар жайгашкан жерлерди жана анын бөлүктөрүн орундаштыруу тутуму |
4.2. Курулуш жай (имарат, курулуштар) (building works) | Өз милдеттерине ылайык белгилүү бир керектөөчү функцияларды ишке ашыруу үчүн арналган курулуш ишмердүүлүгүнүн айрым натыйжасы |
4.3. Бөлмө (premise) | Белгилүү бир функционалдык милдетке ээ болгон жана бардык жагынан курулуш конструкциялары менен чектелген имараттын ичиндеги туюк мейкиндик |
4.4. Курулуш продукциясы (building production): | Имараттар жана башка курулуштар, ошондой эле тургузуудагы, эксплуатациялоодогу же колдонуудагы, аларга бөлүнүп берилген жер тилкесинин аймактары кошулган, алардын бардык этаптарындагы комплекстери. Эскертүү: 1. Практикада колдонулган "имараттар жана курулуштар" сөз айкашы ченемдик документтер тутумунда имараттар жана башка курулуш жайлары деп түшүндүрүлөт. 2. Курулуш ченемдик документтеринин системасында каралуучу предмет болуп имараттардын жана курулуштардын курулуш бөлүктөрү, ошондой эле тиешелүү технологиялык процесстерди жүргүзүү үчүн кадыресе шарттарды камсыздоочу функцияны аткарган инженердик жабдуулар эсептелет |
4.5. Имарат (building): | Жашоо үчүн, адамдардын туруусуна жана/же ишмердүүлүктү ишке ашырууга, өндүрүштү жайгаштырууга, продукцияны сактоого же жаныбарларды кармоого арналган жер бетиндеги бөлмөлөрдөн турган, зарыл болгон учурда көтөрүлгөн бөлүмдөрдөн турган курулуш жайы. |
4.6. (имараттын же курулуштун) түбү (пайдубалы) (foundation soil): | Имараттын же курулуштун жүгүн кабыл алган жана имаратка же курулушка жерде жаратылыш же техногендик процесстерден улам пайда болгон таасирлерди өткөрүп турган жер кыртышынын массиви |
4.7. Курулуш конструкциясы (building structure): | Имараттын же курулуштун белгилүү бир көтөрүп туруучу, тосуучу жана/же эстетикалык функцияларды аткарган бөлүгү |
4.8. Иштеп чыгарган курулуш буюму (building product) | Имараттардын жана курулуштардын курулуш конструкцияларынын жана инженердик камсыздоо тутумунун (суу менен камсыздоо, канализация жана жылытуу) элементи катары колдонууга арналган буюм |
4.9. Курулуш материалы (building material): | Имараттардын жана курулуштардын курулуш конструкцияларын, ошондой эле курулуш буюмдарын жасоо үчүн арналган материал (анын ичинде дааналанган) |
4.10. Инженердик-техникалык камсыздоонун тышкы тармагы (external supply net of engineering and technical services): | Суу, канализация, жылытуу жана энергия менен камсыздоо боюнча (анын ичинде газ менен), сигнал берүүнү, автоматташтырууну жана имараттардын ж.б. курулуш жайлардын байланышын камсыздоо боюнча функцияларды аткарууга арналган курулуш жайы (курулуштардын комплекси) |
4.11. Имаратты же курулушту инженердик-техникалык жактан камсыздоонун ички тутуму (internal supply system of engineering and technical services) | Суу, канализация, жылытуу жана энергия менен (анын ичинде газ менен) камсыздоо боюнча, жылытууну, вентиляциялоону, ички транспортту, таштандыларды чыгарууну, сигнал берүүнү, автоматташтырууну, коопсуздукту башкарууну жана камсыздоо боюнча функцияларды аткарууга арналган имараттын же курулуш жайдын бөлүгү |
2-тиркеме
Курулуштагы ченемдик документтердин тутумунун түзүлүшү
Документтердин комплекси | Стандартташтыруунун жана ченеп белгилөөнүн негизги багыттары |
1 | 2 |
1. Уюштуруу-методикалык ченемдик документтер | |
10. Стандартташтыруу, ченеп белгилөө, тастыктоо, аккредиттөө | Курулуштагы стандартташтыруу, ченеп белгилөө, тастыктоо, аккредиттөө боюнча иштердин максаты, милдеттери, объектилери, методологиясы жана уюштурулуусу |
11. Курулуш үчүн инженердик изилдөөлөрдү (текшерүү) жүргүзүү. Курулуш объектилерин долбоорлоо | Курулуш, долбоорго чейинки жана долбоордук иштерге инженердик изилдөөлөрдү (текшерүү жүргүзүүнү) жүргүзүүнүн курамы, жалпы талаптары жана тартиби. Долбоорлорду макулдашуунун, экспертизалоонун жана бекитүүнүн тартиби. Шаар куруу жана долбоорлоо-сметалык документтердин түрлөрү, мазмуну жана таризделиши |
12. Өндүрүш | Курулушту уюштуруу, технологиялык даярдоо жана курулуш өндүрүшүнүн жалпы эрежелери, курулуштун механизациясы, эмгекти коргоону камсыздоо жана курулуш учурунда айлана-чөйрөнү коргоо. Сапатты контролдоо жана бүткөн курулуш объектилерин кабыл алуу. Курулуш буюмдарын жана материалдарын өндүрүүнү уюштуруу. Технологиялык жана аткарылуучу документтердин түрлөрү, мазмуну жана таризделиши |
13. Эксплуатациялоо, ремонттоо, реконструкциялоо | Имараттардын жана курулуштардын инженердик жабдууларынын системасын жана курулуш конструкцияларынын ремонтун жана текшерүү жүргүзүүнүн, ошондой эле техникалык тейлөөнүн жалпы эрежелери. Ремонттук эксплуатациялык документтердин түрлөрү, мазмуну жана таризделиши |
14. Архитектуралык жана шаар куруу ишмердүүлүк | Архитектура жана шаар куруу органдарынын бирдиктүү тутумунун иш-милдеттери, анын катышуучулары ишке ашыруучу эрежелер жана методдор, документтердин түрлөрү, мазмуну, алардын таризделиши, шаар куруу кадастрды түзүүнүн жана жүргүзүүнүн жалпы эрежелери |
2. Жалпы техникалык ченемдик документтер | |
20. Курулуш жайларынын бекемдигинин негизги жоболору | Курулуш жайлардын, инженердик тутумдардын, конструкциялардын жана материалдардын коопсуздугун, эксплуатациялык жарактуулугун жана узакка чейин кызмат кылуусун камсыздоонун жалпы принциптери. Бекемдиктин негизги түшүнүктөрү, курулуш жайларынын, инженердик тутумдардын, конструкциялардын жана материалдардын классификациясы. Бекемдиктин негизги түшүнүктөрү, курулуш жайлардын жоопкерчилигинин, нагрузкасынын (жүктөрүнүн) жана ар кандай түрлөрдүн таасиринин деңгээли боюнча классификациялоо. Баш тартууларды классификациялоо, эсептик моделдердин параметрлери жана курулуш жайлардын, конструкциялардын жана түптөрдүн бекемдиги боюнча ченемдик талаптарды аныктоо принциптери. Курулуштагы статикалуу өткөрүп алуучу контролдун негиздери |
21. Өрт коопсуздугу | Шаар куруу, көлөмдүү-пландаштыруу жана конструкциялык маселелерди чечүүдө өрт коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы принциптери, имараттардын, курулуштардын жана алардын күйбөй турган жана өрт коопсуздугу боюнча элементтеринин классификациясы, эвакуация жолдору жана коопсуздук зоналары. Курулуш конструкцияларынын, материалдардын жана буюмдардын өрт-техникалык көрсөткүчтөрү, эсептөө, контролдоо жана сыноо методдору |
22. Кооптуу геофизикалык таасирлерден коргоо | Инженердик коргоонун жана кооптуу геофизикалык таасирлерди (сейсмика, жер көчкү, уроолор, көчкү, кар көчкү, сел, эрозия, кошумча иштетилген, карста, суу каптаган, подтопка болгон (жарым-жартылай суу каптаган) аймактар ж.б.) мүнөздөөнүн жалпы принциптери. Куруу үчүн, шаар куруу, көлөмдүү-пландаштыруу, конструкциялык жана адамдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча курулуш-технологиялык иш-чаралар, ошондой эле инженердик коргоо курулуштарын эксплуатациялоо боюнча инженердик изилдөөлөргө талаптар |
23. Көлөм жактан өз ара алмаштыруу жана төп келишүү | Курулушта көлөм жактан өз ара алмаштырууну жана төп келишүүнү камсыздоонун жалпы принциптери, көлөмдөрдү координациялоо эрежелери, геометрикалык параметрлердин допуску (уруксаты). Төп келүүчүлүктү эсептөөнүн, өлчөөнүн жана контролдоонун методдору |
24. Ички климат жана зыяндуу таасирлерден коргоо | Имараттардагы бөлмөлөрдүн жылуулук, аба-нымдуулук, акустикалык жана жарык режимин камсыздоонун жалпы принциптери. Курчап турган айлана-чөйрөнүн таасирин мүнөздөө (алардын ичинде климаттын таасири, вибрация, чуулдоо, жарык тароо, уулуу заттарды бөлүп чыгаруу), эсеп методдору жана адамдардын ден соолугун ушул таасирлерден коргоо, контролдоо жана сыноо методдору |
3. Шаар куруу, имараттар жана курулуштар боюнча ченемдик документтер | |
30. Шаар куруу | Өндүрүш күчтөрдү жайлаштыруунун, орундаштыруунун, аймактардын транспорт жана инженердик инфраструктуранын өнүгүүсүнүн негизги жоболору, айыл аралык, аймактарды, конуштарды жана алардын айрым бөлүктөрүн пландаштыруу жана имараттарды салуу |
31. Турак жайлар, коомдук жана өндүрүш имараттары жана курулуштары | Турак жайларды, коомдук, өндүрүш жана склад (кампа) имараттарды, курулуштарды жана алардын бөлүктөрүн классификациялоо жана аларга коюлган техникалык талаптар. Ишти өндүрүү боюнча негизги жоболор, кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
32. Транспорт курулуштары | Автомобилдик жана темир жол, метрополитен, деңиз, дарыя, аба, өнөр жай жана шаар транспортунун курулуштарына жана элементтерине коюлган техникалык талаптар жана геометрикалык параметрлер, таасирди жана жүктү классификациялоо. Эсептөө, долбоорлоо жана ишти өндүрүү боюнча негизги жоболор, кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
33. Гидротехникалык жана мелиоративдик курулуштар | Плотинага, каналдарга, тосмолорго, жээкти бекемдөө жана башка курулуштарына коюлган негизги талаптар, таасирди жана жүктү классификациялоо. Эсептөө, долбоорлоо жана ишти өндүрүү боюнча негизги жоболор, кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
34. Магистралдык жана промыслолук трубопроводдор | Трубопроводдорго, газ, нефть жана нефть продуктуларын сактоочу жайларга жана аларды жайгаштырууга карата техникалык талаптар жана геометрикалык параметрлер. Таасирди жана жүктү классификациялоо. Эсептөө, долбоорлоо жана ишти өндүрүү боюнча негизги жоболор, кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
35. Майыптарга жана калктын башка аз мобилдүү бөлүгүнө тиричилик аракетин оңой жүргүзүү чөйрөсүн камсыздоо | Майыптарга жана калктын башка аз мобилдүү бөлүгүнө тиричилик аракетин оңой жүргүзүү чөйрөсүн камсыздоо боюнча негизги жоболор жана жалпы талаптар |
4. Имараттардын, курулуштардын жана тышкы тармактардын инженердик жабдууларына ченемдик документтер | |
40. Суу менен жабдуу жана канализация | Керектөөчүлөрдүн жана тутумдардын классификациясы, ички тутумдарга, тышкы тармактарга жана курулуштарга жана алардын жайгаштырылуусуна коюлган техникалык талаптар. Сууну керектөө ченеми, сууга даярдоо жана арыктарды тазалоо. Иштерди долбоорлоо жана өндүрүү, эксплуатация режими боюнча негизги жоболор. Санитардык-техникалык жабдуулар, арматура, шаймандар жана канализация түтүктөрү |
41. Жылуулук менен камсыздоо, вентиляцияны жылытуу жана абаны кондициондоштуруу | Керектөөчүлөрдүн жана тутумдардын классификациясы, ички тутумдарга, тышкы тармактарга жана курулуштарга жана алардын жайгаштырылуусуна, тармактык сууларга жана жабдууларга коюлган техникалык талаптар. Жылуулукту керектөө ченеми, таштандыларды чыгарып тазалоо, экинчи жылуулук ресурстарын пайдалануу. Иштерди долбоорлоо жана өндүрүү, эксплуатация режими боюнча негизги жоболор. Жылытуу шаймандары, арматура жана воздуховоддор. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
42. Газ менен камсыздоо | Тутумдардын классификациясы, газопроводдорго, жабдууларга жана өчүрүүчү механизмдерге коюлган техникалык талаптар. Газды керектөө ченеми. Иштерди долбоорлоо жана өндүрүү, эксплуатация режими боюнча негизги жоболор. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
43. Башка инженердик тутумдарды жабдуу | Башка инженердик тутумдардын жабдылышына коюлган талаптар (электр менен камсыздоо, таштандыларды чыгаруу ж.б.) |
5. Курулуш конструкцияларына жана буюмдарына ченемдик документтер | |
50. Имараттардын жана курулуштардын түптөрү жана пайдубалдары | Жер кыртышынын эсеп мүнөздөлүшү жана классификациясы. Түптөрдү жана свая пайдубалдарын долбоорлоо жана эсептөө методдору. Иштерди өндүрүү, эксплуатация режими жана абалды диагностоо боюнча негизги жоболор. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
51. Таш жана армоташ конструкциялар | Имараттардын жана курулуштардын таш жана армоташ конструкцияларына карата жалпы талаптар. Эсептөө, долбоорлоо методдору жана конструкцияларды тургузуу, эксплуатациялоонун режими жана абалды диагностикалоо боюнча негизги жоболор. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
52. Темирбетон жана бетон конструкциялары | Темирбетондон жана бетондон жасалган монолит, курама жана курама-монолит конструкцияларга карата жалпы талаптар. Эсептөө, долбоорлоо методдору жана конструкцияларды даярдап чыгаруу жана көтөрүү боюнча, коррозиядан сактоо, эксплуатациялоонун режими жана абалды диагностикалоо боюнча негизги жоболор. Заводдо даярдалган темирбетон жана бетон конструкциялары. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
53. Металл конструкциялары | Көтөрүп турган жана тосмо конструкцияларга, алардын ичинде натыйжалуу жылуулоочулары менен, болот менен алюминдин эритмелеринен жасалган конструкцияларга жалпы талаптар. Эсептөө, долбоорлоо методдору, конструкцияларды жасап даярдоо жана монтаждоо, коррозиядан сактоо, эксплуатациялоо режими жана абалын диагностоо боюнча негизги жоболор. Заводдон чыккан металл конструкциялары |
54. Жыгач конструкциялар | Имараттардын жана курулуштардын жыгач конструкцияларына жалпы талаптар. Эсептөө, долбоорлоо методдору, конструкцияларды жасап даярдоо жана монтаждоо, коррозиядан сактоо, эксплуатациялоо режими жана абалын диагностоо боюнча негизги жоболор, жыгач конструкциялар жана заводдон жасалып чыгарылган буюмдар. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
55. Башка материалдардан жасалган конструкциялар | Асбест-цемент жана башка материалдардан жасалган конструкцияларга жалпы талаптар. Эсептөө, долбоорлоо методдору, конструкцияларды жасап даярдоо жана монтаждоо, эксплуатациялоо режими жана абалын диагностоо боюнча негизги жоболор. Заводдон чыккан конструкциялар. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
6. Курулуш материалдарына жана буюмдарына ченемдик документтер | |
60. Дубалды тургузуучу материалдар | Кышка жана ар кандай материалдардан жасалган дубал таштарына карата жалпы талаптар. Конкреттүү түрлөргө, типтерге, маркаларга техникалык шарттар. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
61. Минералдык куруштуруучу заттар | Цементке жана башка куруштуруучу заттарга жалпы талаптар. Конкреттүү түрлөргө, типтерге, маркаларга техникалык шарттар. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
62. Бетондор жана эритмелер | Ар түрдүү бетондорго, бетон аралашмаларына, курулуш эритмелерине жалпы талаптар. Конкреттүү түрлөргө техникалык шарттар. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
63. Курулуш иштери үчүн органикалык жана органикалык эмес толуктагычтар | Шагылга, гравийге, кумга, жасалма жана жаратылыш майда тешиктүү толуктагычтарга карата жалпы талаптар. Конкреттүү түрлөргө техникалык шарттар. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
64. Жылуулукту изоляциялоочу (чыгарбоочу), дабышты изоляциялоочу (чыгарбоочу) жана дабышты сиңдирип алуучу материалдар | Минералдуу кебез буюмдарына, ячеялуу бетондон жасалган буюмдарга, пенопласттын негизинде жасалган плиталарга жана башка жылуулукту изоляциялоочу (чыгарбоочу) буюмдарга жалпы талаптар. Конкреттүү түрлөргө техникалык шарттар. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
65. Үйдүн төбөсүн жаба турган, гидроизоляциялоочу жана герметизациялоочу материалдар жана буюмдар | Үйдүн төбөсүн жаба турган түрүлгөн материалдарга, үйдүн төбөсүн жаба турган мастикага, изоляциялоочу жана герметизациялоочу материалдарга жалпы талаптар. Конкреттүү түрлөргө техникалык шарттар. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
66. Жасалгалоочу жана беттелүүчү материалдар | Полимер, керамика, жыгач жана башка жасалгалоочу жана беттелүүчү буюмдарга жалпы талаптар. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
67. Асбест-цементтен жасалган буюмдар | Асбест-цементтен жасалган жалпак жана толкун листтерге, экструзиялык буюмдарга жалпы талаптар. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
68. Жол материалдары | Асфальтобетон кошундуларына жана жол материалдарына талаптар. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
69. Башка курулуш материалдары | Айнек листке, курулуш үчүн айнектен жасалган буюмдарга ж.б. курулуш материалдарына талаптар. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
7. Мобилдүү имараттарга жана курулуштарга, жабдыктарга, инвентарларга жана шаймандарга ченемдик документтер | |
70. Мобилдүү имараттар жана курулуштар | Классификациялоо жана жалпы техникалык талаптар. Имараттардын жана курулуштардын конкреттүү типтерине карата техникалык шарттар. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
71. Курулуш уюмдардын жабдыктары | Үй салуу үчүн шатыларга жана тактайдан жасалган секиче аянттарга, бетон менен иштөөгө опалубкаларга, монтаждоо жабдыктарына жана кадап бекитүүлөргө, кол шаймандарына, пакеттөө жана контейнерлөө каражаттарына жалпы техникалык талаптар. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
72. Курулуш индустрия ишканаларынын адистештирилген жабдыктары | Жабдыктарга жана формаларга жалпы техникалык талаптар. Кабыл алуу эрежелери, контролдоо жана сыноо методдору |
3-тиркеме
Ченемдик документтердин мукабасынын таризи
4 см түстүү тилке: КЧ үчүн - көк; КЭ үчүн - жашыл | КУРУЛУШТАГЫ ЧЕНЕМДИК ДОКУМЕНТТЕРДИН ТУТУМУ ____________________________________________________________________________________ (документтин түрү - Кыргыз Республикасынын ченемдик документтери, ведомстволук курулуш ченемдери, эрежелердин жыйнагы, жетектөөчү документ) |
| Түстүү тилке: КЧ үчүн - көк; КЭ жана и ВКЧ үчүн – жашыл |
4 см түстүү тилке: КЧ үчүн - көк; КЭ жана ВКЧ үчүн - жашыл | ____________________________________________________________________________________ (документтин аталышы) ____________________________________________________________________________________ (документти белгилөө)
РАСМИЙ БАСЫП ЧЫГАРУУ |
| түстүү тилке: КЧ үчүн - көк; КЭ жана ВКЧ үчүн - жашыл |
4 см түстүү тилке: КЧ үчүн - көк; КЭ жана ВКЧ үчүн - жашыл | ____________________________________________________________________________________ (документти бекиткен органдын аталышы расмий жана мамлекеттик тилдерде) ____________________________________________________________________________________ (орган жайгашкан шаар) ____________________________________________________________________________________ (чыккан жылы)
|
Ченемдик документтин баш сөзүнүн таризи
БАШ СӨЗ 1. ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ _________________________________________________________________________________________ (ченемдик документти иштеп чыккан уюмдардын аталышы) 2. КИРГИЗИЛДИ _________________________________________________________________________________________ (документти бекитүүгө берген уюмдун аталышы) 3. БЕКИТИЛДИ ЖАНА ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ _________________________________________________________________________________________ (документти бекиткен органдын аталышы) КР Өкмөтүнүн 2015-ж. 15.09 № 530 токтому менен берилген ыйгарым укуктун негизинде (ишке киргизүү датасы) _____________ № _____ 2018-ж. "__" _________ № ___ буйругу 4. КАТТАЛДЫ: КР Юстиция министрлигинде, Ченемдик укуктук акттардын мамлекеттик реестринде 2018-ж. "__" _______ № ___ 5. БИРИНЧИ ЖОЛУ КИРГИЗИЛДИ (же ...... ОРДУНА) |
Эскертүү: Мамлекеттик тилде берилген баш сөз титул барагынын арткы бетинде жайгашат, ал эми расмий тилдегиси тиешелүү тексттен мурун жайгашат.
4-тиркеме
Ченемдик документтердин биринчи бетинин таризи
_____________________________ (документтин аталышы)
_______________________________________________________________________________________ (ченемдик документтин түрү)
|
________________________________________________________________________________________________ (документтин кыргыз тилиндеги аталышы) ________________________________________________________________________________________________ (документтин орус тилиндеги аталышы) ________________________________________________________________________________________________ (документтин англис тилиндеги аталышы)
|
Ишке киргизүү датасы ______________________ (жыл, ай, күн)
ТЕКСТ
_______________________________________________________________________________________________
|