Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин 2025-жылдын 6-февралындагы № 39 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРИЛИГИ
БУРУК
2018-жылдын 04-июлу № 190
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин кийимдеринин мекемелик формасы жана айырмалоо белгилери жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-декабрындагы №829 «Атайын жана мекемелик форма кийүүнү жөнгө салуу жөнүндөгү» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунун кызматкерлеринин мекемелик форма кийүүсүн жөнгө салуу, тартипти жана жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен:
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
1) 1-тиркемеге ылайык мекемелик формадагы кийим кийүүгө жана аларга тиешелүү айырмачылык белгилерди алып жүрүүгө укуктуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин кызматтарынын (кесиптердин) тизмеси;
2) 2-тиркемеге ылайык «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин мекемелик кийимдеринин, айырмалоочу белгилеринин жана фурнитураларынын сүрөттөлүшү;
3) 3-тиркемеге ылайык жүргүнчү поезддерин жана билет кассаларын текшерүүдө жана кызматтык милдеттерин аткарууда жүргүнчүлөрдү тейлеген кызматкерлердин милдеттүү түрдө төш белгилери болгон бейджиктердин формасын жана кызматкерлердин тизмесин тагып жүрүү зарылдыгы;
2. «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасына («Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы):
1) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык мекемелик форма даярдоону камсыздасын;
2) Мекемелик форма даярдоону каржылоо үчүн өздүк бюджеттен акча каражатынын бөлүнүп берилүүсүн камсыздасын;
3. Пенсионерлерге майрам күндөрү пенсияга чыкканга чейинки ээлеп турган кызматына жараша айырмалоочу белгилери бар, мекемелик формаларын кийүүгө уруксат берилсин;
4. Кызматкерлердин айрым категорияларына (эсепчилер, экономисттер, юридикалык кызматкерлер) жүргүнчүлөрдү тейлөө, жүк жөнөтүү жана алуу, поезд кыймылы жана маневр иштери менен түздөн түз катышы болбогон кызматкерлерге жумуш учурунда жарандык кийим кийүүгө, ал эми майрам күндөрү айырмалоочу белгиси бар мекемелик форма кийүүгө уруксат берилсин;
5. Иш убактысында мекемелик кийимди башка кийим менен аралаштырып кийүү, ошондой эле учурдагы буйрукта каралбаган баш кийим, көйнөк, галстук, бут кийим кийүүгө уруксат берилбейт;
6. «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасына кызматкерлерге мекемелик кийимди бекер алууга, же узартып төлөөгө укуктуу кызматкерлердин айрым категориялары аныкталсын;
7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлигинин 2003-жылдын 25-февралындагы №40 «Кыргыз темир жолунун кызматкерлеринин мекемелик формасы жөнүндө» буйругу күчүн жоготту деп табылсын;
8. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык «Эркин-Тоо» гезитинде жарыялансын;
9. Бул буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен жөнөтүлсүн;
10. Бул буйрук расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
11. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору А.Ногойбаевге жүктөлсүн.
Министр | Ж.К. Калилов |
| 1-тиркеме . Кыргыз Республикасынын . транспорт жана жолминистрлигинин буйругуна “__”__________2018ж.№___ |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын мекемелик форма кийүүгө жана тиешелүү айырмалоочу белгилерди тагууга укуктуу кызматкерлеринин кызматтарынын (кесиптеринин) тизмеси
Кызматтардын аталышы
|
Жетекчилик курамынын категориясы
|
Айырмалоочу жылдыздардын саны |
1 | 2 | 3 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору | жогорку | 3 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы инженери |
жогорку |
2 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын аппарат жетекчиси |
жогорку |
1 |
Коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы - кыймыл коопсуздугу боюнча башкы текшерүүчү | жогорку | 1 |
Жүк ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын башчысы | жогорку | 1 |
Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын башчысы | жогорку | 1 |
Көпүрө боюнча отряддын башчысы | жогорку | 1 |
Каржы башкармалыгынын башчысы | жогорку | 1 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси | жогорку | 1 |
Ондоп-түзөө - өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы | улук | 3 |
Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын директору | улук | 3 |
Экономика, стратегиялык өнүгүү жана тарифтик саясат боюнча башкармалыктын башчысы | улук | 3 |
Техникалык саясат башкармалыгынын башчысы | улук | 3 |
Кыймыл коопсуздугу боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары, кыймыл коопсуздугу боюнча текшерүүчү | улук | 3 |
Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын башчысынын орун басары | улук | 3 |
Жүк ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары | улук | 3 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун жардамчысы | улук | 3 |
Филиалдардын башчылары | улук | 3 |
Көпүрө боюнча отряддын башкы инженери, көпүрө боюнча отряддын башчысынын орун басары, көпүрө боюнча отряддын башкы эсепчиси | улук | 3 |
Каржы башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары, каржы башкармалыгынын башчысынын орун басары, өздүк чарбанын башкы эсепчиси | улук | 3 |
Бөлүм башчысы - өрт көзөмөлү боюнча башкы тескөөчү | улук | 3 |
Ташуу документтерин карап чыгуу боюнча технологиялык борбордун башчысы | улук | 3 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы | улук | 3 |
ЖК жана атайын иш боюнча бөлүмүнүн 1-кат. инженери, ЖК жана атайын иш боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
улук |
3 |
Киреше жана чыгашаны текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы | улук | 3 |
Техникалык саясат башкармалыгынын башчысы | улук | 3 |
Экономика, стратегиялык өнүгүү жана тарифтик саясат боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары | улук | 3 |
Ондоп-түзөө - өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары | улук | 2 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы | улук | 2 |
Филиалдардын башкы инженери | улук | 2 |
Филиалдардын башчысынын орун басары, НО коопсуздугу боюнча башчысынын орун басары | улук | 2 |
Филиалдардын башкы эсепчиси | улук | 2 |
Материалдык - техникалык камсыздоо филиалынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын директорунун орун басары | улук | 2 |
Жүк ташуу жана коммерциялык иштер бөлүмүнүн башчысы, транспорттук-экспедитордук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы, кыймыл текшерүүчүсү, жүк ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын техникалык бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
1-класстагы темир жол бекетинин башчысы | улук | 2 |
Техникалык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси | улук | 2 |
Жүргүнчүлөрдү ташууну текшерүү боюнча жетектөөчү адис | улук | 2 |
Сыноо борборунун башчысы | улук | 2 |
Өрт көзөмөлү боюнча ага тескөөчү | улук | 2 |
Тарифтик саясат бөлүмүнүн башчысы | улук | 2 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары | улук | 2 |
Ондоп-түзөө - өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси | улук | 1 |
Энергетикалык көзөмөл тескөөчүсү, РЭТ, ӨУБ, РТЦБнүн башчылары | улук | 1 |
Филиалдардын башкы механиги | улук | 1 |
Филиалдардын техникалык бөлүмүнүн башчылары | улук | 1 |
Локомотивдерди алмаштыруу кампасынын башчысы, ыкчам - техникалык эсепке алуу борборунун башчысы, химиялык лабораториянын башчысы | улук | 1 |
Бөлүмчө башчысы, заводдун директору, башкы энергетик, ТТПнун башчысы | улук | 1 |
Тамактанууну уюштуруу бөлүмүнүн башчысы | улук | 1 |
Киреше бөлүмүнүн башчысы, өз ара эсептешүү бөлүмүнүн башчысы, эмгек акы төлөө бөлүмүнүн башчысы | улук | 1 |
Жүк ташуу жана коммерциялык иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, транспорттук-экспедитордук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, поезддин ага диспетчери, 2-3-класстагы темир жол бекетинин башчысы, 1-класстагы темир жол бекетинин башчысынын орун басары, Луговая темир жол бекетинин КТПнун бригадири |
улук |
1 |
Дирекциянын магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы | улук | 1 |
ЖБ башчысы | улук | 1 |
Тоскоолдуксуз көзөмөлдөө лабораториясынын башчысы, сыноо лабораториясынын башчысы, вагондорду кабылдоочу, локомотивдерди кабылдоочу, калыбына келтирүүчү поезддин башчысы, өрт коопсуздугу поездинин башчысы, |
улук | 1 |
Текшерүүчү-инструктор, кыймылдуу составдын эсепке алуу жана статистика бөлүмүнүн башчысы | улук | 1 |
Кадр бөлүмүнүн жетектөөчү адиси | улук | 1 |
Жалпы бөлүмдүн башчысы | улук | 1 |
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын 1-категориядагы юристи | улук | 1 |
Кадр башчысынын жардамчысы, экономист, коопсуздук техникасы боюнча инженер | орто | 3 |
ТТПнын инженери, ага энергетикалык диспетчер, ага эл. механик | орто | 3 |
Ага мастер, кампа кезекчиси, машинист-инструктор, инженер-технолог, эмгекти ченемдөө жана уюштуруу боюнча инженер | орто | 3 |
1-категориядагы инженер-технолог, жасалма курулуш инженери, учурдагы жасалма курулушту тейлөө мастери, таш карьеринин башчысы | орто | 3 |
Өндүрүштүк окутуу боюнча инструктор, камсыздоо инженери, ага энергетик, ага механик, өндүрүш участкасынын башчысы | орто | 3 |
Техникалык текшерүү инструктору, ага нарядчы, инструктор, ага мастер, күзөт кызматынын ага инструктору, жергиликтүү жана шаар четиндеги поезддердин бригадири | орто | 3 |
НОнун ага инструктору, куралдануу боюнча инструктор, инструктор-нарколог | орто | 3 |
РПО, Вод, АЧБ бөлүмдөрүнүн башчысы | орто | 3 |
Темир жол бекеттеринин иштери боюнча жетектөөчү адис; коммерциялык ага текшерүүчү; Днын 1-кат. инженери; Днын жетектөөчү адиси; Днын жетектөөчү инженери; акт жана даттануулар боюнча инспектор; тарифтер боюнча жетектөөчү адис; бекет башчысы; жүк райондорунун тейлөөчүсү; Днын 1-кат.инженери; эмгекти ченемдөө жана уюштуруу боюнча инженер; темир жол транспортун пайдалануу боюнча инженер; ташуу документтерин жана поезд маалыматын иштеп чыгуу боюнча технологиялык борбордун башчысы; товар конторасынын башчысы; маневр диспетчери; 4-5 класстагы темир жол бекетинин башчысы |
орто |
3 |
Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын жетектөөчү адиси | орто | 3 |
Билет группасынын башчысы; Лнын жетектөөчү адиси; жалпы бөлүмдүн башкы адиси; кыргыз тили боюнча жетектөөчү адис | орто | 3 |
Механик-диспетчер ММ | орто | 3 |
Каражаттарды текшерүү боюнча адис | орто | 3 |
ТБ сапаты боюнча инженер; калыбына келтирүүчү поезддин ага мастери; өрт коопсуздугу поездинин жетекчиси | орто | 3 |
Кадр бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; кадр бөлүмүнүн ага тескөөчүсү; архив башчысы; эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси; көзөмөл жана текшерүү бөлүмүнүн башкы адиси; стратегиялык өнүгүү жана экономика башкармалыгынын негизги жана жетектөөчү адиси | орто | 3 |
Филиалдардын 1-кат.юристи | орто | 3 |
1-класстагы темир жол бекетинин кезекчиси | орто | 3 |
МОнун прорабы; МОнун механиги | орто | 2 |
Локомотив чарбасы боюнча филиалдын мастери; техникалык текшерүү пунктунун мастери; запас базасынын машинисти; тепловоздун машинисти | орто | 2 |
Питомниктин башчысы, бөлүм башчысы | орто | 2 |
Темир жолун эксплуатациялоо боюнча инженер, 3-кат. инженер-технолог, кадрларды даярдоо инженери, жол мастери, механизм жана жол машиналарын оңдоо боюнча эксплуатациялоо мастери, кыйроого каршы колоннанын мастери |
орто |
2 |
МТК МСАБ 1-кат.инженери | орто | 2 |
Жүргүнчү поездинин башчысы | орто | 2 |
Ондоп-түзөө - өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси; ондоп-түзөө - өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү инженери; ондоп-түзөө-өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын мастери; мастер; «Локомотив» СОКтун директору | орто | 2 |
2-3 класстагы темир жол бекетинин кезекчиси | орто | 2 |
Контролдук өлчөөчү приборлорунун оператору; поезддин калыбына келтирүү мастери | орто | 2 |
Эл аралык кызматташтык боюнча бөлүмүнүн адиси; текшерүүлөрдүн жетектөөчү адиси | орто | 2 |
ББББ электромеханиги; байланыш жана электр менен камсыздоо | орто | 2 |
Электр жабдууларын оңдоо боюнча мастер | орто | 2 |
Өндүрүш участкасынын мастери; нарядчик; инженер-маркшейдер; МСАБ 2-кат.инженери; шаар четиндеги жана жергиликтүү каттам боюнча ага проводник(узатуучу); ондоп-түзөө-өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын инженери | орто | 1 |
4-5 кластагы темир жол бекетинин кезекчиси; техник; инженер – технолог; бекет кезекчиси | орто | 1 |
МО механиги | орто | 1 |
Мал доктур, НО бөлүмүнүн башчысынын орун басары | орто | 1 |
Машинисттин жардамчысы; жол унаасынын жана темир жол кранынын айдоочусу; дрезина айдоочусу; поезд электромеханиги; парк кезекчиси; ЖТФнын күзөт кызматынын кызматкери; узак каттамдагы жүргүнчү вагондорунун проводниги; жергиликтүү жана шаар четиндеги каттам боюнча проводник; жабдылбаган вагон боюнча проводник; ТЖБК астындагы оператор; оператор маалыматчы; ТЖБТБнын ташуу документтерин и ,штетүү оператору; башкы кабыл алуучу; башкы тавар кассири; 1-кат. товар кассири; жүктөрдү жакындатуу жана алып келүү боюнча маалымат бюросунун оператору; оператор-телеграф; почта кабыл алуучу; вагондорду өткөрүп берүүнү кабыл алуу агенти; башкы оператор; оператор телетайпист; справка берүү боюнча кезекчи; 1-кат.билет кассири; вагондордун кыймылын жөнгө салуучу; поезддерди түзүүчү; ага күзөтчү; башкы кинолог; инкассациянын ага күзөтчүсү | Төмөнкү |
|
Эсепчи; башкы кассир; ЭВМ оператору; катчы - машинистка, башкы кладовщик, ТТБ оператору; БББК монтеру; электр энергиясы жана байланыш; ЖКИ жана жол обходчиги; ташуу боюнча кезекчи; сактоо камерасынын кызматчысы; 2-кат.билет кассири; 2-кат.товар кассири; вагон кыймылынын ылдамдыгын жөнгө салуучу; күзөт постунун кезекчиси; поезд түзүүчүнүн жардамчысы; өрт коопсуздугунун жабдууларын жөндөө мастери; өрт коопсуздугу поездинин кызматкери; документтерди карап чыгуу боюнча оператор; күзөтчү-айдоочу; НО айдоочусу; кызматчы иттерди багуунун жетекчиси; айдоочу-инкассатор; күзөтчү-инкассатор |
катардагы |
|
Түштүк бөлүм | ||
Темир жол бөлүмүнүн башчысы | жогорку | 1 |
Темир жол бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, темир жол бөлүмүнүн башчысынын орун басары | жогорку | 1 |
Темир жол бөлүмүнүн башкы инженери | улук | 3 |
Жол бөлүмүнүн башкы тескөөчүсү - темир жол бөлүмүнүн поезд кыймылынын коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары | улук | 3 |
Темир жол бөлүмүнүн башкы эсепчиси | улук | 3 |
Темир жол бөлүмүнүн поезд кыймылынын коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн текшерүүчүсү | улук | 2 |
Башчылар: | ||
Жол чарбасынын аралыктарынын | улук | 2 |
ББББ жана байланыш - электр менен камсыздоо | улук | 2 |
ТТП - вагон чарбасынын | улук | 2 |
Локомотивди алмаштыруу кампасынын | улук | 2 |
Жол чарбасынын башкы инженери | улук | 1 |
Коммерция - жүк иштеринин | улук | 1 |
Маалымат-эсептөө борборунун | улук | 1 |
Кадр бөлүмү | улук | 1 |
ТБАК | улук | 1 |
Жүктөө - түшүрүү иштеринин механикалаштырылган пункту | улук | 1 |
Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы | улук | 1 |
Поезддин ага диспетчери | улук | 1 |
1-кат. юрист | улук | 1 |
3-класстагы темир жол бекетинин башчысы | улук | 1 |
Каржы текшерүүчүсү | улук | 1 |
Коммерция - жүк иштери боюнча текшерүүчү | улук | 1 |
Өрт коопсуздугу боюнча ага инспектор | улук | 1 |
КТнын жетектөөчү адиси | орто | 3 |
3-класстагы темир жол бекетинин башчысынын орун басары | орто | 3 |
4-класстагы темир жол бекетинин башчысы | орто | 3 |
1-кат.техникалык бөлүмдүн инженери | орто | 3 |
Эсеп бөлүмүнүн ага оператору | орто | 3 |
Жолдордун курулуш жана ремонту боюнча мастер | орто | 2 |
Кадр тескөөчүсү | орто | 3 |
МТКнын башкы адиси | орто | 3 |
Жол чарбасынын инженери | орто | 3 |
Документтерди иштеп чыгуу боюнча технологиялык борбордун 1-кат.эсепчиси | орто | 3 |
Жол боюнча ага мастер | орто | 3 |
ОШ темир жол бекетинин МЧУнун башчысынын орун басары | орто | 3 |
Машинист-инструктор | орто | 3 |
Чоң жолго кошулуучу жол тармактары боюнча тескөөчү | орто | 3 |
Локомотивдик кампанын мастери | орто | 2 |
4-класстагы темир жол бекетинин башчысынын орун басары | орто | 2 |
Вагон участкасынын мастери | орто | 2 |
Поезд диспетчери | орто | 2 |
ТБАКнүн куралдануу боюнча мастери | орто | 2 |
3-4-класстагы темир жол бекетинин кезекчиси | орто | 2 |
Локомотивдик кампанын кезекчиси | орто | 2 |
Жол мастерлери, жол чарбасы | орто | 2 |
ББББ жана байланыш - электр менен камсыздоо боюнча ага электромеханик | орто | 2 |
Жүктөө - түшүрүү иштеринин участкасынын оператору | орто | 2 |
1-2 класстагы локомотив машинисти | орто | 2 |
МЭБнун жетектөөчү адиси | орто | 2 |
МЭБнун инженер электронщиги | орто | 2 |
Вагондун башкы текшергичи | орто | 2 |
ТБАКнүн кайтаруучуларынын башчысы | орто | 2 |
3-4 класстагы парктын кезекчиси | орто | 1 |
МЧУнун бошотулган бригадири | орто | 1 |
Учурдагы жолдорду тейлөө жана оңдоо жана жасалма курулуш боюнча бошотулган бригадир | орто | 1 |
3-класстагы локомотивдин бригадири | орто | 1 |
Ош темир жол бекетинин МЧУнун бошотулган бригадири | орто | 1 |
ТБАКнүн башкы күзөтчүсү | төмөнкү |
|
Электр менен камсыздоо, байланыш жана СББнын электромеханиги | төмөнкү |
|
Шилтемелер:
Бул тиркемедеги кыскартуулардын чечмелениши төмөндөгүдөй:
Н - Башкы директор
НЗ-1 - Башкы директордун биринчи орун басары
НЗ - Башкы директордун биринчи орун басары
НА - Аппараттын жетекчиси
ПРЕССА – Басма сөз катчысы
СН - Башкы директордун кеңешчиси
НИ - Башкы директордун жардамчысы
КТ - Кыймыл коопсуздугу боюнча текшерүүчүлөрдүн башкармалыгы
КБ - Каржы башкармалыгы
КПД - Долборлоо жана магистралдык темир жолдорду куруу башкармалыгы
Д - Коммерция жана жүк ташуу иштери боюнча башкармалык
ТСБ - Техникалык саясат башкармалыгы
ОСКБ - Оңдоп-түзөө жана өндүрүш жана суу менен камсыздоо башкармалыгы
ЖТБ - Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы
ЭСТБ - Экономикалык, стратегиялык өнүгүү жана тарифтик саясат башкармалыгы
НКР - Киреше жана чыгашаны текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмү
НЖКИ - Жарандык коргоо жана өзгөчө иш бөлүмү
НЮ - Юридикалык бөлүм
НС - Жалпы бөлүм
НЭТ - Тарифтик саясат бөлүмү
НЭӨ - Стратегиялык өнүгүү жана экономика бөлүмү
НКБ - Кадр бөлүмү
НЭМ - Эл аралык кызматташтык жана коомчулук менен байланыш бөлүмү
НПБ - Долборлоо бөлүмү
НПИАБ - Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү
ӨӨБ - Өрт коопсуздугу кызматынын бөлүмү
ӨКП - Өрт коопсуздугу поезди
ККП - Калыбына келтирүү поезди
НЧ - Кыймыл составынын статистика жана эсеп бөлүмү
ТехТД - Документтерди иштетүү боюнча технологиялык борбор
НОӨБ – Оңдоп-түзөө-өндүрүш бөлүмү
НСКБ - Суу менен камсыздоо бөлүмү
МЭК - Маалыматтык-эсептөөнү камсыздоо боюнча филиалдын башчысы
ММ – «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын жүктөө-түшүрүү иштери боюнча филиалы
НО – «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын ташуу документтерин жана темир жолдун аскерлештирилген объектилеринин коопсуздугун камсыз кылуу филиалы
Т – «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын локомотивдик чарба боюнча филиалы
ШЭ – «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын электр кубаты, белги берүү жана байланыш менен камсыздоо боюнча филиалы
В – «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын вагондук чарба боюнча филиалы
МО - Көпүрө куруу отряды
П – «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын жол чарба боюнча филиалы
ЖТФ – «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалы
МТК – «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык камсыздоо филиалы
НТБ - Түштүк бөлүм
КТ - Коопсуздук техникасы
Э инспектору - Энергетикалык көзөмөл тескөөчүсү
ТБАК – «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмү
МЧУ - Жүктөө-түшүрүү ишинин механикалаштырылган дистанциянын башчысы
АЭТ - Аймактык электр тармактары
ӨУБ - Өндүрүш участкасынын башчысы
ОТЦБ - Оңдоо-текшерүү бөлүмүнүн башчысы
ТТП - Техникалык текшерүү пункту
КТП - Контролдук текшерүү пункту
ТЖБК - Темир жол бекетинин кезекчиси
ТЖБТБ - Темир жол бекетинин ташуу документтерин жана поезд маалыматын иштетүү боюнча технологиялык борбору
ТТБ - Телефондук-телеграфтык бекет
ОЖБ - Жүргүнчү поездинде орундарды бөлүштүрүү боюнча жол бюросу
ЖКИ - Жасалма курулуш инженери
АЧБ – Административдик чарба бөлүмү
ББББ – Белги берүү, борборлоштуруу, бөгөттөө
Л - Жүргүнчү
СБ - Сыноо борбору
МСАБ - Мамлекеттик сатып алуу бөлүмү.
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын . транспорт жана жол министрлигинин буйругуна «__»__________2018ж.№___ |
Кара-көк түстөгү аралаш кездемеден тигилген (көбүрөөгү пахта). Силуэти түз. Чөнтөгү ички бетине салынып, сыртынан кабатталып тигилген. Боорундагы топчулары ички бетинде (жашыруун). Жакасы кабатталган жана тик жака болуп тигилген. Аркасы түз. Жеңинде боосу жана жеңинин уч жагында топчусу бар. Ичинде жылууланган кабаты бар. Жылуулук берүүгө синтетикалык пахта жана пахта колдонулат. «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын өрт кызматы, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын темир жол объектилерин жана жүк ташуу боюнча филиалынын коргоону камсыз кылуучу аскерлештирилген күзөт кызматкерлеринин күрмөсү хаки өңүндөгү кездемеден тигилет.
Жогорку кызматтагылардын костюму камволдук кара-көк түстөгү шерсть материалдан тигилет. Көгүш-боз түстөгү костюм башкы директордун салтанаттуу күндөрдө кийилүүчү кийими.
Жогорку даражалуу кызматкерлери үчүн – боорунда формалык үч топчусу бар, кабатталган жакалуу күрмө. Жакасынын учу алтын түстүү лавр жалбырагынын формасында саймаланып тигилген (оң жана сол жагында экиден лавр жалбырагы, үстүндө бирөө). Костюмдун арт жагы желкеден ылдый түз кетет жана этегинде тилиги бар. Алдыңкы бетинде тигинен тигилген, капкакчасы бар эки чөнтөгү жана сол жагынын жогору жагында капкакча салынып тигилген чөнтөгү бар. Эки жеңи түз тигилген жана ич жагында формалык эки топчусу бар. Шымы түз тигилген, кадимки классикалык костюмдун шымы.
Ал эми улук, орто, кичүү жана катардагы кызматкерлер үчүн боорунда формалык үч топчусу бар, кабатталган жакалуу күрмө. Тигинен тигилген эки чөнтөгүнүн жогору жагында чөнтөк капкакчалары жана сол жак чөнтөгүнүн жогору жагында дагы бир чөнтөгү бар. Жеңдери түз жана жеңинин уч жагында топчу кадалган.
Улук, орто, кичүү жана катардагы кызматкерлер үчүн кара-көк түстөгү жарымы шерсть камволдук кездемеден: эркектер үчүн куртка-шым, аялдар үчүн куртка-юбка (куртка жана шым).
Куртканын боорунда формалык төрт топчусу бар. Жакасы кабатталган. Алдыңкы бетинде бүгүшү жана капкакчалуу жармаштырылып тигилген чөнтөгү бар. Арт тарабы кошулуп, бүгүлүп тигилген. Эркектердин курткасынын ылдыйкы бөлүгүндө кошумча тилинип тигилген чөнтөк жайгашкан. Жэңи манжеттүү жана формалык бир топчулуу. Күрмөнүн этек жагынын эки капталына белинин узундугуна жараша чоюлчаак резинке салынган. Эркектердин костюмунун шымы түз, классикалык үлгүдө. Аялдардын костюмунун юбкасы түз, артында тилиги бар.
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын өрт кызматы бөлүмүнүн костюму жашыл түстө тигилген.
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын темир жол объектилерин жана жүк ташуу боюнча коргоону камсыз кылуучу аскерлештирилген күзөт кызматкерлеринин костюму жарымы шерсть кездемеден токулган, кочкул жашыл-күрөң түстө (жай мезгили үчүн костюм аралаш токулган (көбүрөөгү пахта) кочкул жашыл кездемеден тигилген «сандык флора»).
Формалык баш кийим кийүү бардык бөлүмдөр үчүн салттуу көрүнүш.
Аялдын баш кийими пилоткага окшош, кырлары түстүү жип менен саймаланган, 3 мм жашыл түстөгү сукнодон, же шерсть кездемеден тигилген.
Эркектин жана аялдын баш кийимдери форма менен бирдей эле кездемеден жасалат.
Аялдын баш кийими кубанкага окшош, кара түстөгү козунун (цигейка) терисинен жасалган. Жогорку жана ага кызматтагылар үчүн - кара каракулдан жана башка категориядагы кызматкерлер үчүн – жасалма кара териден, же цигейкадан тигилген.
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын өрт кызматы, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын темир жол объектилерин жана жүк ташуу боюнча филиалынын коргоону камсыз кылуучу аскерлештирилген күзөт кызматкерлеринин баш кийими костюмдар сыяктуу эле бирдей кездемеден тигилген. Кышкы баш кийим – шапке, кулактуу тумак көгүш-боз түстөгү козу терисинен.
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын темир жол объектилерин жана жүк ташуу боюнча филиалынын коргоону камсыз кылуучу аскерлештирилген күзөт кызматкерлеринин жайкы баш кийими аралаш жеңил кездемеден токулган (көбүрөөгү пахта) "сандык флора” түрдөгү кочкул-жашыл түстө кездемеден тигилген.
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын жүргүнчүлөрдү тейлөө тармагынын проводниктери жай мезгилинде «Кыргыз темир жолунун» логотиби түшүрүлгөн, кара-көк түстө, аралаш жеңил кездемеден тигилген (көбүрөөгү пахта), баш кийим кийишет.
Эркек жана аялдардыкы пальтого окшош, бирок ичинде жылуулук берүүчү кошумчасы жок, кара - көк түстө, (көбүрөөгү пахта) аралаш токулган кездемеден жасалган.
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын өрт кызматы, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын темир жол объектилерин жана жүк ташуу боюнча филиалынын коргоону камсыз кылуучу аскерлештирилген күзөт кызматкерлери үчүн чолок– плащ хаки түстө, (көбүрөөгү пахта) аралаш токулган кездемеден жасалган.
5. Көйнөк, бут кийим
Эркектердин жана аялдардын костюм ичинен кийген көйнөгү узун жеңдүү, жакасы кабатталган жана боорунда топчусу бар. Үстү жагында жармашылып тигилген чөнтөктөрү бар. Аркасы бүгүлүп тигилген. Көйнөктүн өңү ак же көгүш түстө.
Эркектердин жана аялдардын костюм ичинен кийген жайкы көйнөгү узун, же кыска жеңдүү жана кабатталган жакалуу. Үстү жагында жармаштырылып тигилген, капкакчалары бар чөнтөктөрү бар. Аркасы бүгүлүп тигилген. Көйнөктүн этегинде белдиги бар, көгүш, ак түстө.
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын өрт кызматы, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын темир жол объектилерин жана жүк ташуу боюнча филиалынын коргоону камсыз кылуучу аскерлештирилген күзөт кызматкерлеринин көйнөгүнүн түсү ак, же зейтин өңүндө.
Темир жолдун кызматкерлеринин формалык көйнөгү жибек кездемеден тигилген.
Бут кийими булгаары, кара түстө (туфли, ботинке).
Кочкул көк түстөгү кездемеден тигилет. «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын өрт кызматы, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын темир жол объектилерин жана жүк ташуу боюнча филиалынын коргоону камсыз кылуучу аскерлештирилген күзөт кызматкерлеринин галстук – бантынын, галстугунун өңү кочкул жашыл түстө болот.
7. Айырмалоочу белгилер
Айырмалоочу белгилер ээлеген кызматына жараша коюлат. Жогорку башкаруучу курам үчүн айырмалоочу ийин белги катары (погон, жарты погон) формалык костюм жана көйнөктүн ийинине жабыштырылган жылдыз белгиси саналат.
Жогорку, улук, орто, кичүү жана катардагы курам үчүн жайкы көйнөктөгү айырмалоочу белги катары ийин белгилери кызмат кылат (погондор).
Ийин белгилери тик бурчтукка окшош, үстүнкү чети төгөрөк: туурасы 70 мм, узундугу 90 мм. Жогорку кызматтагылардын ийин белгилери үч жагынан алтын түстөгү боо менен жээктелет (ортосунан башка жерлери). Ийин белгисинин ички бөлүгү туурасы 50 мм болгон алтын түстөгү (шефрон) тасмадан жасалат. Ал эми үстү жагындагы төгөрөк бөлүгү жашыл түстөгү сукнодон тигилет. Ийин белгисиндег. алтын түстөгү жерине алтын түстөгү жип менен а 20 мм өлчөмдөгү жылдыздар бирден үчкө чейинки санда туурасынан жайгаштырылып сайма түшүрүлөт (1-сүрөт).
Улук, орто, кичүү жана катардагы курам үчүн ийин белгилери фирмалык костюмдун кездемесинен жасалат. Формасы жана өлчөмү жогорку курамдагы кызматкерлердин жарым погондоруна окшош. Ийин белгинин ортосунан башка жактары үч жагынан туурасы 3 мм болгон жашыл түстөгү сукнодон милте салып тигилет.
Улук, орто, кичүү жана катардагы курам үчүн ийин белгилеринин жогору жагында 14 мм болгон формалык топчунун илмеги узатасынан салып тигилет.
Ийин белгилеринде төмөнкүлөр жайгашкан:
- жогорку курамдагы кызматкерлер үчүн - ийин белгилер алтын түстө, металл же пластиктен диаметри 20 мм болгон, бирден үчкө чейин жылдыздар туурасынан жайгашкан (1-сүрөт).
- улук курамдагы кызматкерлер үчүн - ийин белгисинин негизинен 10 мм алыстыкта, туурасы 12 мм болгон көп бурчтукка окшош сары түстөгү эки сызык, жогору жагынан ылдый карай туурасы 4 мм, узуну 64 мм болгон чокулуу тоону элестеткен кесилген тең капталдуу эки үч бурчтук жайгашкан. Көп бурчруктун чокусу жарым погондун жогору жагына каратылган. Көп бурчруктун аралыктары 3 ммди түзөт. Көп бурчтуктун чокусунан 10 мм аралыкта алтын түстө, металл же пластиктен диаметри 16 мм болгон, бирден үчкө чейин жылдыздар туурасынан жайгашкан (2-сүрөт).
- орто курамдагы кызматкерлер үчүн - ийин белгисинин ортосунан 10 мм аралыкта сары түстө бир көп бурчтук жайгашкан. Көп бурчтуктун чокусунан 22 мм аралыкта алтын түстө, металл же пластиктен диаметри 13 мм болгон, бирден үчкө чейин жылдыздар туурасынан жайгашкан (3-сүрөт).
- төмөнкү жана катардагы кызматкерлер үчүн – жарым погондон 10 мм аралыкта, туурасы 12 ммди түзгөн көп бурчтукка окшош сары түстө бир сызык, жогору жагынан ылдый карай туурасы 8 мм болгон кесилген тең капталдуу эки үч бурчтук жайгашкан. Үч бурчтуктун чокусу жарым погондун жогору жагына каратылган. Жарым погондун ортосунан 36 мм аралыкта диаметри 20 мм болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун символу жайгаштырылган (күндүн нурлары жана түндүк) (4-сүрөт).
Формалык кийимдин курткасынын погону кочкул көк (жашыл) түстөгү кездемеден жасалат.
Жайкы көйнөктүн айырмалоочу белгилери болуп тик бурчтук катарында, негизинен туурасы 55 мм, чокусуна 45 мм, узуну 120-140 мм, жогорку чети төгөрөк болгон ийин белгилери кызмат кылат. Погондор ак, көгүш, жашыл түстөгү жибектен тигилет, милтеси жок.
Жогорку кызматтагы курамдын погондору: эки тарабынан сары түстөгү сайма түрүндө алкакталган, погондун негизинде сары түстөгү лавр гүлчамбарынын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу бар (5-сүрөт).
Улук курамдын кызматкерлеринин погондорунун белгилеринин аралыгы – туурасы 12 мм сары түстөгү көп бурчтук сыяктуу, жогорудан ылдый карай туурасы 4 мм, узундугу 50 мм болгон кесилген тең капталдуу эки үч бурчтук (6-сүрөт).
Орто курамдагы кызматкерлер үчүн - туурасы 12 мм сары түстөгү көп бурчтук катарында, жогорудан ылдый карай туурасы 4 мм, узундугу 50 мм болгон кесилген тең капталдуу бир үч бурчтук (7-сүрөт).
Жылдыздар бирден үчкө чейин узатасынан жайгашкан.
Төмөнкү жана катардагы кызматкерлер үчүн - туурасы 12 мм сары түстөгү көп бурчтук тигилген, жогорудан ылдый карай туурасы 4 мм, узундугу 50 мм болгон кесилип тигилген тең капталдуу бир үч бурчтук (8-сүрөт).
Символ – күндүн нурлары жана түндүк - погондун орто жеринде жайгашкан.
Жайкы формалык куртканын жана көйнөктүн ийин белгиси алмашылат.
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын эмблемасы канаты бар эллиптикалык дөңгөлөктү элестетет. Төш эмблемасынын өлчөмү: дөңгөлөктүн габарити 23х13мм, канаттын кулачы - 70мм. Жогорку жана улук курамдагы кызматкерлердин төш эмблемасы алтын түстүү жип менен тигилет. Орто, төмөнкү жана катардагы кызматкерлердин эмблемасы алтын түстөгү башка кездемелерден тигилиши да мүмкүн (9-сүрөт).
Эмблема жайкы көйнөктүн төш жагында жана формалык кийимдин оң тарабында болот.
Баш кийимдин кокардасы туурасы 22 мм, узуну 30 мм болгон эллипсти элестетет, алтын түстө рамкаланган канаты (канаттын кулачы 60 мм) менен кочкул жашыл түстөгү талаасы жана эллипстин ортосунда эки лавр жалбырагы бар. Талааларында алтын түстүү техникалык белгиси бар. Кокарда металлдан жасалат, жогорку жетекчилик курам үчүн саймаланып тигилиши мүмкүн.
Аялдардын баш кийиминин кокардасы алтын түстөгү алкакка салып тигилген, туурасы 27 мм, узуну 34 мм болгон эллипсти элестетет.
Жогорку курамдагы кызматкерлердин костюмунун жакасында лавр жалбырагы түрүндөгү тигиш бар.
Улук жана орто курамдагы жетекчи кызматкерлердин жакасына алтын түстөгү металлдан чекеси лавр жалбырагы менен кооздолгон түндүк тагылат.
Кичүү жана катардагы кызматкерлерге «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын техникалык белгиси тагылат. Техникалык белги диаметри 15 мм болгон кочкул жашыл түстөгү тегерек түрүндө. Ичинде кайчылаш экиге ачылма ачкыч жана балканын сүрөтү бар. Тегеректин оң жана сол жагында кыскартылган 8х5 өлчөмдөгү рессорлор жайгашкан. Техникалык белги металлдан жасалат.
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын жеңиндеги эмблема формалык кийимдин кездемесинен жасалып, кийимдин сол жеңинде ийинден 12 см аралыкта тагылат.
Эмблеманын узундугу 63 мм, туурасы 90 мм. Жогорку бөлүгү айланган, радиусу 22 мм болгон жарым тегерек. Жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын туусу жайгашкан, ортосунда чекеси алтын түстөгү лавр жалбырагынан жасалган венок түрүндө кайчылаш экиге ачылма ачкыч жана балканын сүрөтү бар. Ылдыйкы бөлүгүндө «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын эмблемасы жайгашкан. Техникалык белги менен эмблеманын ортосунда сары түстө «Кыргыз темир жолу» деген жазуу бар. «К» тамгасынын узундугу 15 мм, калгандары 12 мм. Жеңиндеги эмблемасынын сары-кара түстөгү милтеси бар.
7. Бардык категориядагы кызматкерлердин топчулары алтын түстө. Топчуларга Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Топчунун диаметри 22 мм, 14мм.
8. Форма тиешелүү абалда болушу керек, ал эми аны калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон учурда алмаштырылып берилет.
| 3-тиркеме Кыргыз Республикасынын . транспорт жана жол министрлигинин буйругуна «__»__________2018ж.№___ |
1. Төш белги визиттик карточка түрүндө жасалып, ичинде ээси тууралуу маалымат жана сүрөт жайгашат.
Төш белгинин сол бурчунда сүрөт болот. Ортосунда чоң кара тамга менен ээсинин аты-жөнү, ал эми оң бурчунда анын ээлеген кызматы, төмөн жагында иштеген жери жазылат.
Төш белги төштүн сол жагына тагылат.
ФАМИЛИЯ ИМЯ Фото 3*4 ОТЧЕСТВО должность
Место работы |
95 мм
2. Кызматтык милдеттерин аткарууда визиттик карточкаларды тагып жүрүүсү зарыл болгон кызматкерлердин кесиптеринин тизмеси:
- бекет башчысы;
- бекет кезекчиси;
- Бишкек-2 бекетинин инженер-технологу;
- билет сатуучу кассир;
- сурап-билүү кызматынын кызматкери;
- поезд башчысы;
- вагон проводниги;
- сактоо камерасынын кызматчысы.
1-сүрөт. Жогорку курамдагы башчылардын формасынын ийин белгилери (жарты погон)
Жылдыздар-20 мм
2-сүрөт. Улук курамдагы кызматкерлердин формасынын ийин белгилери (жарты погон)
Жылдыздар - 16 мм, топчулары - 14 мм
З-сүрөт. Орто курамдагы кызматкерлердин формасынын ийин белгилери (жарты погон)
Жылдыздар - 13 мм, топчулары - 14 мм
4-сүрөт. Кичүү жана катардагы кызматчьшардын формасынын ийин белгилери (жарты погон)
Топчулар - 14 мм, тундук - 20 мм
5-сүрөт. Жогорку курамдагы башчылардын погону Жылдыздар - 20 мм, топчулар - 14 мм
6-сүрөт.Улук курамдагы башчылардын погону
Жылдыздар – 16 мм, топчулар – 14 мм
7-сүрөт.Орто курамдагы башчылардын погону
Жылдыздар – 13 мм, топчулар – 14 мм
8-сүрөт.Кичүү жана катардагы кызматкерлердин погону
Түндүк – 20 мм, топчулар – 14 мм
9-сүрөт.Костюмдун сол женинде, ийинден 12см аралыкгагы кол эмблемасы