Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 19-июлу № 2
«Жер бетинде тейлөө боюнча уюмдарды сертификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 21-чи Авиациялык эрежесин бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомуна ылайык, Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бир түрдүүлүктү камсыз кылуу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. «Жер бетинде тейлөө боюнча уюмдарды сертификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 21-чи Авиациялык эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул 21-чи Авиациялык эреженин I бөлүмүнүн 9-чу пункту 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире тургандыгы бекитилсин.
3. Бул буйрук расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгы бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги бул буйрукту аткарууга кабыл алсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Ж.А.Ногойбаевге жүктөлсүн.
Министр | Ж.Калилов |
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2018-жылдын 19-июулундагы №2 буйругу менен бекитилген |
Ушул “Жер үстүндөгү тейлөө боюнча уюмдарды тастыктамалоо” 21 - Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери (мындан ары текст боюнча – Эрежелер) ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчик түрүнө карабастан, жер үстүндө тейлөө көрсөткөн авиациялык ишмердиктин субъектилерине жана өз алдынча жер үстүндө тейлөөнү ишке ашырган авиациялык ташуучуларга (аба кемелеринин эксплуатанттарына) карата жайылтылат жана аткаруу үчүн милдетүү болуп саналат.
Коммерциялык аба ташууларга багытталган аэродромдо аба кемелерин жер үстүндө тейлөө уюштурулат.
Аба кемелерин жер үстүндө тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү физикалык жак же уюм, аэродромдун/аэропорттун эксплуатанты менен аэродромдун/аэропорттун инфраструктурасын пайдаланууга келишим түзөт (аэродромдун/аэропорттун эксплуатантынын аба кемелерин жерден тейлөө боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнөн тышкары).
Аба кемелерин жер үстүндө тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү уюм, саламаттыгы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө аба транспортунда башка жүргүнчүлөр менен тең укуктуу жүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоочу тартипте кызмат көрсөтөт.
Аба кемесинин эксплуатанты тийиштүү кызматтарды көрсөтүүгө аба кемелерин жер үстүндө тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү уюмдар менен келишим түзүү боюнча чечимди өз алдынча кабыл алат.
Аба кемесинин эксплутатанты өзүнө аба кемелерин жер үстүндө тейлөө кызматтарын көрсөтө алат. Өзүн өзү тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө уруксаатты бул Эрежелерге ылайык тастыктамалоо жол-жоболору өткөрүлгөндөн кийин жана аэродромдун/аэропорттун инфраструктурасын аэродромдун/аэропорттун эксплуатанты тарабынан колдонуу боюнча келишим бар болгондо жарандык авиация органы тарабынан берилет.
Бул Эрежелер технологиялык процесстерди, өндүрүштүк түзүмдөрдү, инспекциялык текшерүү убагында аларды бул Эрежелерде көрсөтүлгөн тастыктамалык талаптарга аныктоо максатында өндүрүш каражаттарын камтыган кызматтардын багыттары жана түрлөрү боюнча жер үстүндө тейлөө кызматтарын көрсөткөн авиациялык ишмердиктин субъекттеринин Кыргыз Республикасынын аэропортторунда ишке уруксат берүүдө жана тастыктамалоодо колдонулат.
Аэродромдун/аэропорттун эксплуатантына тастыкталбаган түзүмдүк бөлүгү же
1) аба кемелерин маршалингдөө;
2) аба кемелеринин турагы;
3) аба кемелерин сүйрөө;
кызмат түрлөрү боюнча “Перрондо жана турук жайларда” тейлөө багыты боюнча колдонуудагы ылайык келген жердеги тейлөө боюнча тастыктамага ээ болгон тейлөө жер үстүндө тейлөө боюнча башка уюму жок болгондо, учуп келүү/учуп кетүү слотторду макулдашууга тыюу салынат.
Жер үстүндө тейлөө боюнча уюмдун шайкештик тастыктамасы жок жер үстүндө тейлөө ишмердигин жүргүзүүгө тыюу салынат.
Ушул Эрежелерде төмөндөгү терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
Авикомпания – аба кемелеринин эксплуатанты тастыктамасына ээ болгон юридикалык жак;
Авиациялык ташуучу – аба ташууларды жүргүзүүчү же бул тармакта өзүнүн кызматтарын сунуштоочу уюм же ишкана;
Тастыктама ээси – жер үстүндө тейлөөнү уюштурууга ылайык келген тастыктаманы белгиленген тартипте алган аиациялык ишмердиктин субъектиси;
Далилдөө документациясы – тастыктамаланган талаптарга көрсөтүүчүнүн шайкештик далилин камтыган документация.
Өтүнмө берүүчү – тастыктама ээси же тастыктамага өзгөртүү киргизүү үчүн, аба кемелерин жер үстүндө тейлөөнү уюштурууга шайкештик тастыктамасын алууга белиленген тартипте арыз берген юридикалык же физикалык жак;
Аба кемесин маршалингдөө – аба кемесине белги бергич тарабынан таякчалар же кол менен көрсөтүлүүчү стандарттык белгилерди берүү боюнча жол-жобо. Учкучка белги берүүчү көрсөткөн белгилерди түшүнүүнү жеңилдетүү максатында, таякчалар жарыктандырылган болушу мүмкүн, мында белги берүүчү аба кемесине бетме-бет туруш керек жана төмөндөгүдөй жайгашат:
1) канаты бекитилген аба кемелерине – учкучка ал жакшы көрүнгөн жагында, аба кемесинин сол тарабында;
2) тик учактар үчүн – учкучка жакшы көрүнгөн жагында.
Көзөмөлдүк жана инспекциялык контрол – Ушул Эрежелердин талаптарынын бузулушун аныктоо жана алдын алуу, ошондой эле аба кемелерин жер үстүндө тейлөө боюнча кызматтарды тийиштүү жана сапаттуу түрдө көрсөтүлүшү боюнча авиациялык ишмердиктин субъекттерин ыйгарым укук чегинде жарандык авиация органы тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү тутуму;
Жер үстүндөгү персонал – өзүнүн функцияналы жана кызматтык милдеттери боюнча аба кемелерин жер үстүндө тейлөө процессине катышкан персонал;
Аба кемелерин жер үстүндө тейлөө – жүргүнчүлөрдү, экипажды тейлөө, жол жүктөрдү, жүктөрдү, почталарды иштетүү, аба кемелерин учуу алдында жана учуп келгенден кийинки техникалык тейлөө, борттук тамак-аш менен камсыздоо, керек болгон учуу документацияларын даярдоо боюнча тейлөө кызматтары, ошондой эле аэропорттун/аэродромдун аймагында же анын чегинен тышкары аэропорт колдонуучуларга көрсөтүлүүчү, учууларды коопсуз аткаруу үчүн керек болгон кызматтар;
Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген жарандык авиация жаатында көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик орган;
Жер үстүндөгү тейлөө боюнча уюм – өз алдынча жер үстүндөгү тейлөөнү жүргүзгөн авиациялык ташуучу же жер үстүндөгү тейлөө боюнча үчүнчү жактарга бир же андан көп түрдөгү кызматтарды көрсөткөн физикалык же юридикалык жак;
Башка/бөлөк буюмзаттар – зыян келтирүүсү мүмкүн болгон, аэродромдун талабына жооп бербеген жеринде жайгашкан, АКсинин бүтүндүгүнө, атайын автотранспортуна, жердеги жабдууга, персоналга коркунуч туудуруучу жана АКсин тейлөө жана буруу зоналарында жайгашпоочу орнотулбаган объекттердин баардыгы;
Өз алдынча жер үстүндөгү тейлөө (өзүн өзү тейлөө) – жердеги тейлөө боюнча тастыктамага ээ болгон шартта авиациялык ташуучу (аба кемесинин эксплуатанты) өзүнүн каттамдарын өз алдынча жер үстүндөгү тейлөөнү жүргүзгөн жагдай;
Жер үстүндөгү тейлөө боюнча уюмдун шайкештик тастыктамасы – Тастыктамалоонун жыйынтыгы боюнча ушул Эрежелерге ылайык берилген жана жер үстүндөгү тейлөө боюнча уюмдун тастыктамалык талаптарга дал келүүсүн тастыктаган документ;
Тастыктамалык текшерүү – аба кемелерин жер үстүндөгү тейлөө боюнча кызматтардын тизмегин көрсөтүү боюнча жана ушул Эрежелер менен бекитилген тастыктамалык талаптарга жооп берүү боюнча көрсөтүүчүнүн мүмкүнчүлүктөрүн текшерүүгө багытталган иш-чараларынын комплекси;
Тастыктамалык талаптар – сапаттуу, туруктуу жана коопсуз ишти камсыздоо үчүн керек болгон жарандык авиацияда кызматташтык, жоопкерчиликти, ишмердикти жөнгө салган аба кемелерин жер үсүндө тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүү процессинде учуулардын коопсуздук деңгээлин тийиштүү камсыздоо үчүн керек болгон жана ченемдик укуктук актыларда камтылган талаптар;
Сапатты башкаруу системасы - пландоо системасы, ишмердик процесстери, уюмдун документтери жана ресурстары менен бирге уюштуруучулук түзүмдөн турган, саясатты жана максатты орнотууга жана бул максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берген, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына карата уюмдун ишмердигин контролдогон жана багыттаган өз ара байланышкан жана катышкан элементтердин жыйындысы;
Атайын машина – жер үстүндө тейлөө процессинде колдонулуучу атайын техника, перрондук механикалаштыруу каражаттары жана жер үстүндөгү жабдуулар;
Жер үстүндө тейлөө каражаттары – аба кемелеринин жер үстүндө техникалык тейлөөсүн жана 22639-2013 МамСТ ылайык жер үстүндө сакталуулугун камсыздаган техникалык каражаттардын жыйындысы (атайын техника, жер үстүндө тейлөө жана перрондук механикалаштырылган каражаттар).
Учуулардын коопсуздугун башкаруу боюнча усулдук “Учуулар коопсуздугун башкаруу” 19 - Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык, учуулардын коопсуздугун башкаруу усулдугу;
Жер үстүндө тейлөө боюнча усулдук – (иштерди аткаруу боюнча усулдук) – жер үстүндө тейлөө боюнча уюмдун технологиялык уюштуруучулук документи;
Тастыктамалоонун катышуучулары – тастыктамалоо жол-жоболоруна катышуучу жарандык авиация органынын түзүмдүк бөлүмдөрү, өзүнчө эксперттери;
Аэродромдун эксплуатанты – Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, жарандык авиация органы тарабынан тастыктамаланган, учууларга аэродромдун иштеттүүгө жарактуулугун камсыздаган жана аэродромдун жарактуулугу тууралуу тастыктамага ээ болгон юридикалык жак;
Аэропорттун эксплуатанты - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, жарандык авиация органы тарабынан тастыктамаланган, аэропортто аба кемелерин, жүргүнчүлөрдү, экипаждарды, жол жүктөрдү, почталарды, жүктөрдү жер үстүндө тейлөөнү камсыздаган жана бул максаттарга тийиштүү жабдыктары, техникалары жана персоналы бар юридикалык жак;
Ушул Эрежелерде төмөндөгү кысткартуулар колдонулат:
АК – авиациялык коопсуздук;
УК – учуулардын коопсуздугу;
ЖЖМ - жазгы-жайкы мезгил;
АК – аба кемеси
ЖТ – жердеги тейлөө;
ТЖ – аба кемеси турган жай;
ККМ – күзгү-кышкы мезгил;
АКП – авиациялык коопсуздук программалары;
ТКС – тоңууга каршы суюктук;
ЖТУ- жердеги тейлөө боюнча усулдук (иштерди аткаруу боюнча усулдук);
УККУ- учуулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча усулдук;
АКК - уюмдун авиациялык коопсуздук кызматы;
ЖТК – жердеги тейлөө каражаттары;
ПСК - пакеттөө стандарттык каражаттары: авиациялык паллетер, контейнелер;
АЖК – авиациялык жүк коштомо кагазы – ташылуучу жүк тууралуу бардык маалымат көрсөтүлгөн жүктөрдү учак менен ташууда колдонуучу негизги документ;
АТЭА (International Air Transport Association) – авиациялык транспорттун эл аралык ассоцияациясы;
ЖАЭУ – жарандык авиациянын эл аралык уюму;
12. ЖТ боюнча уюм өзүнүн жаатынын ишмердигинин иштери тууралуу кеңири жазмага ээ болушу керек.
13. ЖТ боюнча уюмдун ишмердик жаатына перрондогу ЖТ иштердин төмөндөгү түрлөрү кирет:
1) жердеги администрациялоо;
2) жүргүнчүлөрдү тейлөө жана жол жүктөрдү тариздөө;
а) жүргүнчүлөрдү жана жол жүктөрдү каттоо;
б) жүргүнчүлөрдү учуп келүүгө/учуп кетүүгө тейлөө;
в) АК нен/чейин жүргүнчүлөрдү ташуу;
3) сорттоо жана берүү зонасында жүктөрдү иштетүү;
4) турук жайларда жана перрондо тейлөө;
а) өкүлчүлүк, башкаруу жана көзөмөл;
б) АК маршалингдөө;
в) АК турук жайга коюу;
г) жердеги жабдыктарды колдонуу менен АК тейлөө, төмөнкүлөр менен камсыздоо:
- жердеги электр тогу;
- желдетүү жана жылытуу түзүлүшү;
- туалеттерди тейлөө;
- суу менен камсыздоо системасын тейлөө;
- кыймылдаткычтарды жүргүзүү;
- кысылган азот менен чыңалууну орнотуу;
- кычкылтек менен чыңалууну орнотуу;
д) турук жай манан экипаждын кабинасынын ортосундагы байланыш;
е) трапты орнотуу/телескопиялык трапты;
ж) жол жүктү, жүктү, почтаны транспортировкалоо жана жүктөө
з) АК сүйрөө
и) АК жыйноо боюнча кызматтар:
- ички жыйноо;
- тышкы тазалоо;
к) жүктөөнү контролдоо
л) тоңго каршы АК иштетүү:
- тоңго каршы иштетүү;
- тоңго каршы иштетүүнү финалдык текшерүү (сапатын контролдоо);
5) жүктү жана почтаны тейлөө;
а) жүктү жана почтаны кампалык тейлөө;
б) жүктү/почтаны комплекттөө, бөлүштүрүү;
в) АКнен/чейин жүктү/почтаны транспортировкалоо, жүктөө/түшүрүү;
6) Борттук тамак-ашты алып келип берүү.
§1. Тастыктамалоо тартиби
14. Процедуралардын ырааттуулугу:
1) тастыктамалоону жүргүзүүгө ЖТ боюнча уюмунун өтүнмөнү берүүсү;
2) өтүнмөнү алдын ала талдоо жана баалоо, чечим кабыл алуу;
3) ЖТ боюнча уюмун текшерүү жана изилдөө;
4) текшерүүнүн жана изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча талдоо жана чечим кабыл алуу;
5) ЖТ боюнча уюмун тастыктаманы берүү жана тариздөө же аны берүүдөн баш тартуу;
15. Өтүнмө түшкөн маалдан тартып тастыктамалоо 30 календардык күн ичинде жүрөт. Өтүнмөнү кароо мөөнөтү узарган учурларда, Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы бул тууралуу ЖТ боюнча уюмун өтүнмөнү кароо мөөнөтүнүн узарышынын себептерин көрсөтүү менен маалымдайт.
16. ЖТ боюнча уюмду тастыктамалоо мөөнөтү, ЖТ боюнча уюмдун негизги өндүрүштүк ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жайына эксперттик комиссиянын чыгуусуна таасир этчү аба-ырайынын кубулуштары жана форс-мажордук кырдаалдар учурунда узартылышы мүмкүн.
17. ЖТ боюнча уюму Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органына мурда берилген ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасынын бүткөнгө 30 календардык күн калганга чейин ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн формада өтүнмөнү берет.
18. ЖТ боюнча уюм өтүнмөгө ушул Эрежелердин 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн далил документациясынын комплектисин тиркейт.
19. Эгерде, ЖТ уюмунун шайкештик тастыктамалоосу биринчи ирээт жүргүзүлүп жатса, арыз комплектиси жана далил документациясы Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органына ЖТУ, УККУ жана АКП берилет.
20. ЖТУ, УККУ жана АКП кагаз түрүндө берилет жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы менен макулдашылган болушу керек. Усулдуктарга жана программаларга сунуштарды жана эскертүүлөрдү берүү, макулдашуу, тастыктамалоо текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин жарандык авиация органы тарабынан 15 жумуш күн ичинде жүргүзүлөт.
21. Өзүнүн ишмердигинде өзгөрүүлөр болгон учурларда, ЖТ боюнча уюм ЖТУ, УКК жана АКП тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизиш керек, аларды Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органына макулдашууга 15 календардык күндүн ичинде көрсөтүш керек.
22. Өтүнмөнү алдын ала талдоо жана баалоо тастыктамалоону жүргүзүүгө көрсөтүлгөн документтердин негизинде аткарылат, алардын колдонуудагы ченемдик талаптарга ылайык келүүсү текшерилет:
1) ЖТ боюнча уюмунун юридикалык статусу, анын статусун тастыктоочу документтердин бар болуусу;
2) технологиялык жабдууланышы;
3) персоналдын саны жана квалификациясы;
4) персоналдык милдеттери жана жоопкерчилиги.
23. Өтүнмөнү алдын ала талдоодо жана баалоодо ЖТ боюнча уюмунун мурдагы шайкештик тастыктамасынын жарактуу мезгилинде ЖТ уюмунун колдонуудагы ченемдерге ылайык келүүсү, ошондой эле ЖТ боюнча уюмунун тастыктамасын алуу үчүн табышталган керек болгон деңгээли жана колдонуудагы ченемдерди сактоо менен кызматтардын көлөмүн камсыздоо мүмкүнчүлүгү текшерилет.
24. ЖТ боюнча уюмун тастыктамалоого берилген өтүнмөнү жана көрсөтүлгөн документтерди кароо, түшкөн күндөн тартып календардык 15 күндүк мөөнөт ичиндө жүргүзүлөт.
25. Далил документтерин алдын ала талдоонун жана баалоонун алдын ала жыйынтыктары тууралуу ЖТ боюнча уюмун маалымдоо:
1) оң жыйынтык болгондо, Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы ЖТ боюнча уюмун жоюуну талап кылган табылган кемчиликтер жана бул уюмду мындан ары тастыктамалоо боюнча мындан аркы иштин планы тууралуу маалымдайт.
2) терс жыйынтык болгондо, документтер пакетин толук бербеген учурда өтүнмө четке кагуу себептерин түшүндүрүү менен ЖТ уюмуна кайтарылып берилет.
26. ЖТ боюнча уюмун текшерүү жана иликтөөнү тастыктамалоо боюнча комиссия жүргүзөт.
27. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы тастыктамалоону жүргүзүү мөөнөттөрүн жана тастыктамалоо боюнча комиссиясын дайындайт.
28. Тастыктамалоо боюнча комиссия төмөнкүлөрдү текшерет:
1) далилдөө документациясында камтылган ЖТ боюнча уюмунун көрсөтүлгөн маалыматтарынын ЖТУга дал келүүсү;
2) иштетүүчү процедуралар;
3) жабдуулардын жана өндүрүш аянттарынын техникалык абалы;
4) жабдууларды иштетүүнү уюштуруу;
5) тейлөө персоналынын квалификациясы;
6) сапатты жана коопсуздукту камсыздоо системасын.
29. ЖТ боюнча уюмун текшерүүнүн жана иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча, тастыктамалоо боюнча комиссия тарабынан жыйынтыктоочу акт түзүлөт, анда жыйынтыктар келтирилет, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эскертүүлөр жана аларды жоюу мөөнөттөрү берилет.
30. Жыйынтыктоочу акт Кыргыз Республикасынны жарандык авиация органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
31. ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасын тариздөө жана берүү, далилдөө документациясы боюнча оң корутундунун жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын комиссиясынын жыйынтыктоочу актысынын негизинде аткарылат (ушул Эрежелердеги 2-тиркеме).
32. ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасы белгиленген тартипте катталат. ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасы Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын жетекчиси кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
33. ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасынын жарактуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы тарабынан аныкталат, бирок эки жылдан ашык эмес убакытка чейин. ЖТ боюнча уюмунун айкештик тастыктамасы андагы жарактуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот.
34. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын комиссиясынын жыйынтыктоочу актысы терс жыйынтыктуу учурунда ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасы берилбейт.
35. ЖТ боюнча уюмуна шайкештик тастыктамасын берүүдөн баш тартканда, Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы мындай чечим кабыл алгандан кийин 15 календардык күндүн ичинде ЖТ боюнча уюмун баш тартуунун себептери тууралуу маалымдайт (жыйынтыктоочу актыны бекиткенде).
36. ЖТ боюнча тастыктамаланган уюмдарга көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы тарабынан жүргүзүлөт.
37. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы ЖТ боюнча уюмунун тастыктамалоо талаптарына ылайык келүүсүн тастыктоо жана уюмду тастыктамалоо процессинде комиссия тарабынан табылган сунуштарын, эскертмелерин толук аткарууну орнотуу максатында көзөмөл жүргүзөт.
38. Инспекциялык текшерүүлөр жылына бир жолудан кем эмес, план боюнча ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасынын жарактуу мөөнөтүнүн ичинде жүргүзүлөт.
39. Пландык эмес текшерүүлөр төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) ЖТ боюнча уюмунун ишмердик процессинде ушул Эрежелердин колдонуудагы тастыктамалоо талаптарына дал келбестиктер табылганда;
2) учуулардын коопсуздугуна, авиациялык коопсуздукка, эмгекти коргоого, өрт коопсуздугуна коркунучту пайда кыла турган ЖТ боюнча уюму тарабынан бузуулар жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаттары боюнча маалыматтарды алган учурларда;
40. Көзөмөл текшерүүлөрдүн жыйынтыктары тастыктамалоо учурундагы жыйынтыктоочу актка түрдөш акт менен таризделет.
41. Көзөмөл текшерүү актысынын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы тийиштүү чечим кабыл алат.
42. Көзөмөл тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы тарабынан орнотулат.
43. ЖТ боюнча уюму тастыктамалоону жүргүзүүгө өтүнмөнү берүүдө өзүнө төмөндөгү төлөмдөрдү төлөө милдетин алат:
1) тастыктамалоону жүргүзүү;
2) тастыктамалоону жүргүзүү боюнча комиссия мүчөлөрүнүн транспорттук чыгымдары
44. ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасын жокко чыгаруу үчүн негиздер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынан ЖТ ишмердиги боюнча ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасын албаган уюм тарабынан иш жүргүзүлүүдө;
2) ЖТ боюнча уюмунун жокко чыгаруу боюнча билдирме болгондо;
3) тастыктамалык же инспекциялык көзөмөл текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча;
4) тастыктамалык же инспекциялык текшерүүлөрдүн Актыларында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаганда;
5) учуулардын коопсуздугунун, авиациялык коопсуздуктун жана көрсөтүлүүчү кызматтардын деңгээлинин төмөндүгү жана жыл ичинде тастыктамалык талаптарды систематикалык түрдө бузууларда.
45. ЖТ боюнча уюмунун тастыктамасынын жарактыгын убактылуу токтотууга төмөнкү негиздер болуп саналат:
1) тоскоолдуктарды пайда кылуу же маалыматка, инфраструктурага, жердеги техникага жана башка жабдууларына, тастыктамалык жана инспектордук текшерүү учурларында Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын комиссия мүчөлөрүн, мамлекеттик инспекторлорду жолотпоодо;
2) инспекциялык текшерүү убагында табылган тастыктамалык талаптарды бузуу;
3) инспекциялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча табылган дал келбестиктерди жок кылуу боюнча тастыктаган документтерди, отчетторду жана пландарды көрсөтпөө же өз убагында көрсөтпөө;
4) инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча табылган дал келбестиктерди жок кылуу планын аткарбоо;
5) өз алдынча ишке уруксааты жок же ушул Жобонун талаптарына ылайык тийиштүү квалификациясы жана тастыктамасы жок ЖТ процессине тартылган персоналдын болуусу;
6) даярдоочу-заводдун талаптарын бузуу менен иштетилип жаткан жердеги жабдуулардын, перрондук механизация каражаттарынын, атайын техниканын болуусу;
7) ишмердикти фактылык жүргүзүү менен ЖТУ ортосундагы дал келишпестиктер табылган учурларда;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган, аныкталган ишмердиктин түрлөрүн жүргүзүүгө лицензиянын, жолдомонун, уруксааттын жоктугу.
46. ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасын убактылуу токтотуу же жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу тарабынан жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын буйругу менен таризделет.
47. ЖТ боюнча уюмунун тастыктамасын убактылуу токтоткон же жокко чыгарган учурда, кат түрүндө билдирүү жана буйруктун көчүрмөсүн жөнөтүү жолу менен ЖТ боюнча уюм ишмердигин жүргүзгөн аэродромдун/аэропорттун эксплуатантынын ЖТ боюнча уюмунун тастыктама ээсинин жана тастыктамалоонун катышуучуларын тастыктаманы жокко чыгаруу тууралуу буйрукту каттаган күндөн тарта 2 иш күндүн ичинде маалымдайт.
48. ЖТ боюнча уюмунун тастыктамасын убактылуу токтотуу же жокко чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын буйругун жана билдирүүсүн алгандан кийин, ЖТ боюнча уюм ишмердигин жүргүзгөн аэродромдун/аэропорттун эксплуатанты 2 иш күндүн ичинде аэропорттун/аэродромдун аймагына, инфраструктурасына ЖТ боюнча персоналдын кирүүсүнө чектөө коюш керек.
49. ЖТ боюнча ишмердиктин түрүнө же кандайдыр бир багытына ЖТ боюнча уюмунун тастыктамасынын жарактуулугун убактылуу токтотуу же жокко чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын буйругун жана билдирүүсүн алган учурда, аэродромдун/аэропорттун эксплуатанты 3 иш күн ичинде ЖТ боюнча, көрсөтүлгөн ишмердикти убактылуу токтотуу/токтотуу тууралуу түзүлгөн келишими бар авиациялык ташуучуларды маалымдашы керек.
50. ЖТ боюнча уюмдун шайкештик тастыктамасын жокко чыгарган учурда, ЖТ боюнча уюм Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органына 2 иш күндүн ичинде ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасын кайтарат.
51. ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасынын жарактуулугун убактылуу токтотуу, жокко чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын буйругуна даттануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген тартипте жүргүзүлөт.
52. ЖТ боюнча уюм төмөндөгүлөр боюнча жоопкерчилик тартат:
1) Кыргыз Республикасынын ушул жана башка авиациялык эрежелерге ылайык ишмердикти жүргүзүү;
2) аэродромдун/аэропорттун эксплуатанты менен аэропорттун/аэродромдун инфраструктурасын колдонуу боюнча генералдык келишимди өз убагында түзүү;
3) ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасында көрсөтүлгөн ишмердик тармагына ылайык, кызматтарга авиакомпаниялар менен ЖТ жөнүндө келишимди түзүү;
4) авиакомпаниялар жана аэропорттун/аэродромдун эксплуатантынын келишимдери менен шартталган ыйгарым укуктарды бөлүшүрүүгө ылайык, аэродромдун/аэропорттун ишинин технологиялык процессинин жалпы тутумунда ишмердикти жүргүзүү;
5) ЖТ боюнча уюмдун кызматтары менен колдонгон авиаташуучулардын учууларынын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо;
6) ЖТ боюнча кызматтардын сапаты;
7) аэродромдун//аэропорттун эксплуатантынын мүлкүнө зыян келтирүү;
8) учуу коопсуздук эрежелерин, авиациялык коопсуздукту, өрт коопсуздугун жана эмгекти коргоо эрежелерин сактоо;
9) Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органына жарандык авиация жаатындагы окуяларды маалымдоо;
10) аэродромдун/аэропорттун эксплуатанты менен түзүлгөн тиешелүү макулдашууларлы (келишимдерди) аткаруу;
11) аэродромдун/аэропорттун аймагында иштеген баардык кызматкерлерин учуулардын коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук боюнча мезгил-мезгили менен окутуу;
12) маневр жүргүзүү аянттарын, перронду, тиешелүү имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды алардын дайындалуусуна, классына, категориясына, техникалык параметрлерине жана өткөрүү жөндөмдүүлүктөрүнө карата үзгүлтүксүз пайдаланууну камсыздоо үчүн аэродромдун/аэропорттун эксплуатанты орноткон талаптарды, эрежелерди сактоо;
13) аба кемесинин коопсуз учуусу, конуусу, кыймылы, токтоп туруусу жана аны жер бетинде тейлөө үчүн зарыл болгон чараларды камсыздоо;
14) алар тартып келген подряддык (субподряддык) уюмдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймагында орнотулган талаптарды, эрежелерди сактоосун камсыздоо;
15) Кыргыз Республикасынын аэропортторунда орнотулган талаптарды аткарууну камсыздоо, табылган кемчиликтерди (эскертүүлөрдү) жүргүнчүлөргө, алардын мүлкүнө, ошондой эле персоналга, мүлккө, аэродромдун/аэропорттун өндүрүш процесстерине жана Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймагында өз ишмердигин жүргүзүп жаткан жана башка адамдарга кооптуулуктун ар кандай түрүнүн пайда болуусуна мүмкүндүк бербестен өз учурунда жана толук жоюу.
53. Аэропорттун/аэродромдун эксплуатанты төмөндөгүлөргө жоопкерчилик тартат:
1) авиакомпаниялар жана аэропорттун/аэродромдун эксплуатантынин келишимдери менен шартталган ыйгарым укуктарды бөлүшүрүүгө ылайык, аэродромдун/аэропорттун ишинин технологиялык процессинин жалпы схемасында учуулардын коопсуздугун контролдоону жүргүзүү;
2) аэродромдун/аэропорттун инфрастуктурасын колдонууга генералдык келишим түзгөн же жокко чыгарган ЖТ боюнча уюмдар тууралуу маалыматты мындай келишимди түзгөндөн же жокко чыгаргандан кийин 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органына берүү;
3) ЖТ боюнча ишмердиктин түрүнө же бир багытына ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасы жок болгондо, убактылуу токтотулганда же жокко чыгарылган учурда, ЖТ боюнча уюм тарабынан аэропорттун/аэродромдун аймагында кызматтарды көрсөтүүгө жол бербөө боюнча контролдукту камсыздоо;
54. ЖТ боюнча уюм ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасын чарбалык ишмердиктин башка субъектисине берүүгө укугу жок.
55. Тастыктамалоо арызында жана далилдөө документациясында камтылган маалыматтар өзгөргөн учурларда, ЖТ боюнча уюм же арыз берүүчү 10 иш күндүн ичинде бул тууралуу кат түрүндө Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органын маалымдаш керек жана документтеринин көчүрмөлөрү кагаз жана электрондук түрдө берилиши керек.
56. ЖТ боюнча уюму тарабынан ушул Эреженин бекитилген талаптарын системалык түрдө аткарбагандыгы үчүн, аэродромдун/аэропорттун эксплуатанты Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органына билдирүү жөнөтөт.
57. ЖТ боюнча уюмунун, аэропорттун/аэродромдун эксплуатантынын, АК эксплуатантынын (өзүн өзү тейлөөдө) учуулардын коопсуздугу, өндүрүм сапаты (жумуштар, кызматтар) жана авиациялык коопсуздук системасын иштөөсү боюнча жооптуу жакты дайындоо Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы менен макулдашуу боюнча болушу керек.
58. Учуулардын коопсуздугун камсыздоо системасынын иштөөсүнө жооптуу адам КРАЭ-19 талаптарына ылайык кесиптик талаптарга туура келүүсү керек.
8-Бөлүм. ЖТ боюнча ишмердүүлүктү аткаруу укугуна уруксаат берүү
59. ЖТ боюнча ишмердүүлүктү аткарууга уруксаат берүү жана тариздөө (ушул Эрежелердин 4 тиркемеси) тастыктамалоо жол-жоболорунун жыйынтыгы боюнча оң корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы менен аткарылат.
60. ЖТ боюнча ишмердүүлүктү аткарууга уруксаат жарандык авиация органы менен каралат жана 3 иш күн ичинде берилет.
61. ЖТ боюнча ишмердүүлүктү аткаруу уруксаатында уюмдун ЖТ жана ЖКУ боюнча ишмердүүлүк алкагында көргөзүлгөн аткарылуучу жумуштар түрүнүн тизмеги көргөзүлөт.
62. ЖТ боюнча ишмердүүлүктү аткарууга уруксаат аны жарандык авиация органынын жетекчиси кол коюп жана таризделген күндөн тарта күчүнө кирет.
63. ЖТ боюнча ишмердүүлүктү аткарууга уруксааттын иштөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы менен аныкталат бирок, ЖТ боюнча уюмунун шайкештик тастыктамасында көргөзүлгөн мөөнөттөн ашпашы керек. ЖТ боюнча ишмердүүлүктү аткарууга уруксаат андагы айтылган мөөнөттүн аягына чейин иштейт.
64. ЖТ боюнча уюму, ишкананын жалпы алкагында системаларды, процесстерди, жол-жоболорду жана пландарды иш жүзүнө ашырууну камсыздаган башкаруу системасына ээ болушу керек. Башкаруу системасы учуулардын коопсуздугун, авиациялык коопсуздукту, көрсөтүлүүчү кызмматтардын сапатын камсыздоо, жалпы уюм алкагында аларды бөлүштүрүү жана координациялоо үчүн, ЖТ камсыздоо үчүн жетиштүү адамдык жана өндүрүштүк ресурстардын болуусу үчүн ишкананын жогорку жетекчилигинин түз жоопкерчилигинин болуусун камсыздаган болушу керек. ЖТ бардык процесстери ушул Эрежелерге ылайык жүргүзүлүшү керек.
65. Башкаруу тутуму уюмдун ички документтеринде жазылышы керек. Максаттардын, отчеттуулук жол-жоболордун, түзүмдөрдүн, функционалдын, милдеттердин, жоопкерчиликтин, система алкагында функция менен ишмердиктин өз ара байланышынын жазылышы камсыздалышы керек. Документация уюм комплекстүү түрдө иштеген башкаруу системасынын бүтүндүгүн камсыздашы керек.
66. Башкаруу системасы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ушул Эрежелерге ылайык, ЖТ боюнча уюмунун ички стандарттарын так сактоону камсыздаш керек. Бардык технологиялык процесстер ЖТУ жазылышы керек.
67. Уюмдун саясаты учуулардын коопсузудугун, авиациялык коопсуздукту камссыздоо жана сапатуу кызмат көрсөтүү принциптеринде жүргүзүлүшү керек. Башкаруу системасы учуулардын коопсуздугун башкаруу системасын, авиациялык коопсуздукту, сапатты, эмгекти коргоо жана өрт коопсуздугун ар дайым талдоону, баалоону жана өркүндөтүүнү камсыздашы керек.
68. Уюмдун саясаты уюштуруучулук документтерде көрсөтүлүшү керек жана персоналга иш ордуларында жеткиликтүү болгон технологиялык документтер, жазылган жол-жоболору аркылуу иш жүзүнө ашырылышы керек.
69. ЖТ боюнча уюм башкаруу тутумун кайра кароону анын дайыма жарактуулугун, ылайыктыгын жана эффективдүү башкаруунун, ЖТ боюнча жол-жоболорун контролдоону дайыма камсыздоо максатында эки жылдан кем эмес аралык убакытты камтышы керек.
70. Башкаруу тутумун кайра карап чыгуу уюштуруучулук түзүмү, отчеттуулук системасы, жоопкерчилиги, саясаты, жол-жоболору жана өндүрүштүк ресурстары менен чектелбестен, камтуу менен системага өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин жана жакшыртуу боюнча баалоо мүмкүнчүлүгүн камтышы керек.
71. Башкаруу системасын кайра кароо уюштуруучулук конролдоо жана дайыма жакшыртуу процесси үчүн маанилүү түзүм болуп саналат. Башкаруу тутумун кайра кароо процесси төмөндөгүлөрдү камтып алар менен чектелбеш керек:
1) тобокелдиктерди башкаруу;
2) учуулардын коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук;
3) сапатты башкаруу системасы;
4) өндүрүштүк ресурстар менен камсыздоо;
5) оперативдүү арткы байланыш системасы;
6) учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирген фактылар жана чатактар тууралуу отчеттор;
7) компаниялардагы өзгөрүүлөр жана АК, аэродромдордун/аэропорттордун эксплуатанттарынын талаптарына өзгөртүүлөр;
8) уюштуруучулук ылайыктык жана өндүрүштүк процесс;
9) оңдоочу жана превентивдүү чаралар;
10) башкаруу системасын жакшыртуу боюнча сунуштар;
11) укуктук-ченемдик актыларды бузуу.
72. Башкаруу системасын талдоо жана кайра кароо жыйынтыгында отчет, протокол, башкаруу системасын өзгөртүү боюнча иш-план түрүндө тийиштүү документтер менен таризделген формалдашкан процесс болуп саналат (эгерде мындай өзгөрүүлөр керек болсо).
73. Учуулардын коопсуздугун , авиациялык коопсуздук башкаруу системасын, өндүрүмдөрдүн сапатын (иштер жана кызматтар), саясатты, усулдукту жана уюмдун Программасын дайыма жакшыртууну камсыздоо үчүн мезгил-мезгили менен, бирок, жылына бир жолудан кем эмес кайра каралып турушу керек.
74. Учуу коопсуздугунун, авиациялык коопсуздуктун жана ЖТ сапатынын деңгээлинин дайыма өсүп туруусун камсыздоо максатында, ЖТ боюнча уюм ички жана тышкы булактардан маалыматтын келип туруусун камсыздашы керек.
75. ЖТ процессине катышкан персонал жана уюмдун жетекчилери өндүрүштүк процессти тескеген усулдуктар, инструкциялар, технологиялык документтер менен тааныш болушу керек.
76. ЖТ боюнча уюм тийиштүү багыт боюнча аэропорттогу ташуулардын көлөмүнүн он пайызын ЖТ камсыздоо үчүн өндүрүштүк аянттарга жана ЖТК, жетиштүү сандагы өздүк персоналга ээ болушу керек.
77. ЖТ бюнча уюм ар кайсы аэропорттордо ЖТ камсыздоо үчүн ошол эле ЖТК колдоно албайт. Бул пункттун талаптары ЖТ көзөмөлдөө жана башкаруу, өкүлчүлүк боюнча кызмат көрсөткөн ЖТ уюмдарына карата колдонулбайт.
78. ЖТ боюнча уюм эл аралык стандарттардын жана тажрыйбалардын негизинде өз алдынча ЖТ сапатты башкаруу системасы, конкреттүү шарттарды, ишмердик жаатындагы ишти аткаруу жайларын иштеп чыгат.
79. Көрсөтүлгөн ишмердик жаатында ЖТ боюнча уюмдун иш аткаруу сапаты учуулардын үзгүлтүксүздүгүн жана коопсуздугун камсыздоо үчүн дайыма өркүндөтүлүп турушу керек.
80. ЖТ боюнча уюм пландалган иштин көлөмүн жетиштүү аткаруу үчүн өзүнүн ишмердигин жүргүзүү үчүн керек болгон административдик, жетекчилик, өндүрүштүк (жердеги) персонал менен толукталышы керек.
81. ЖТ боюнча уюм өзүнүн штатында төмөндөгүлөргө жооптуу болгон жетекчилик персоналга ээ болушу керек:
1) ЖТ боюнча уюумун ушул Эрежелерге ылайык кармоо;
2) ЖТ боюнча уюму тарабынан орнотулган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо;
3) ЖТ боюнча иштерди уюштуруу жана камсыздоо;
4) ЖТ коопсуздукту жана сапатты башкаруу.
82. ЖТ боюнча уюмунун авиациялык коопсуздук, учуулардын коопсуздугу системасын абалына жана иштөөсүн камсыздаган жетекчилер жана жооптуу жактар тийиштүү окуудан өтүп, тастыктама алышы керек.
83. Көрсөтүлгөн ишмердик жаат алкагында ЖТ тартылган персоналды даярдоо Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы тарабынан тастыктамаланган (жактырылган) окуу борборлорунда өтүшү керек.
84. Уюмда персоналды башкаруу бөлүмү менен бирге квалификацияны жогорулатуу жана окутуу жаатында көзөмөл жургүзө турган жооптуу адис болушу керек.
85. Тийиштүү окутуу уюмунун жана компаниянын талаптарынын идентификациялоодо окутуу боюнча жооптуу адистин негизги ролун аныктоо, тажрыйбалуу окуутууну камсыздоо жана экзамендик баанын сапатын камсыздоо жүктөлүш керек.
86. ЖТ боюнча уюмда окутуунун, ЖТ катышкан персоналды квалификацияны жогорулатуу жана аны аткарууну камсыздоо боюнча жылдын планы иштелип чыгышы керек.
87. Уюмдун ар бир кызматкерин даярдоого тийиштүү бардык жазуулар бекитилген мөөнөткө персоналды башкаруу бөлүмүндө сакталышы керек.
88. ЖТ боюнча уюмда жылына бир жолу актуалдаштырылган жана талданган, ушул Эрежелердин 6-тиркемесине ылайык, ЖТ боюнча өндүрүштүк персоналды даярдоо программасы иштелип чыгышы керек. Программанын максаты – ЖТ жаатында бардык конкреттүү функциялар жана милдеттер боюнча жабдууларды иштетүү, кызматтык милдеттерди жана жол-жоболорду аткаруу үчүн керек болгон персоналдык теоретикалык даярдоонун деңгээлин камсыздоо, ошону менен бирге:
1) баштапкы тааныштырып даярдоо (жалпы жоболор, ченемдик укуктук база, эмгек коопсуздук техникасы, жана өрт коопсуздук эрежелери);
2) иштетүү практикаларында, жол-жоболорунда, саясатта белгиленген талаптарга ылайык тереңдетилген даярдоо;
3) адамдык факторлор жаатында окутуу;
4) учуулардын коопсуздугун камсыздоо жаатында даярдоо (конкретүү иштетүү жол-жоболорун аткаруу менен байланыштуу болгон тобокел факторлору).
89. ЖТ боюнча өндүрүштүк персоналды теориялык даярдоо тестирлөө формасында же квалификация деңгээлин баалоо экзаменин бергенден кийин аяктайт (оозеки же кат түрүндө, же практикалык тапшырмаларды аткаруу жолу менен), анын жүрүшүндө жана жабдууларды иштетүү, кызматтык милдеттерди жана процедураларды аткаруу үчүн керек болгон персонал кесиптик билимин көрсөтөт.
90. ЖТ боюнча уюм жердеги персоналды даярдоонун төмөндөгү түрлөрүн камсыздашы керек:
1) баштапкы даярдоо;
2) мезгилдик кайра даярдоо;
3) квалификацияны жогорулатуу;
4) атайын даярдык;
5) мезгилдик даярдоо.
91. ЖТ процессине катышкан бардык персонал ушул Эрежелердин талаптары жана ЖАЭУ, ИATA практикалары жана сунуштары менен каралган тийиштүү окууларды өтүп, тастыктамаларды алышы керек.
92. ЖТ боюнча уюмунун жердеги жана жетекчилик персоналы акыркы даярдыкты өткөндөн кийин, эгерде башкасы керек болбосо 36 айдын ичинде бир жолудан кем эмес ирээт мезгилдик кайра даярдоодон өтөт.
93. ЖТ процессине катышкан персонал өз алдынча ишке аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттерге ылайык жана таризделген стажировка барагына ылайык, теоретикалык окуудан жана практикалык стажировкадан өткөндөн кийин уруксаат берилет.
94. ЖТ боюнча иштерди аткаруу үчүн жердеги персоналга уруксаат берүүлөрдүн бардык түрлөрү окуу жана стажировка программасын ийгиликтүү аяктагандыгын тастыктаган документи болгондо уюмдун жетекчисинин буйругу менен таризделиши керек.
95. Жердеги персоналга ЖТ боюнча иштерди аткарууда милдеттүү түрдө керек болгон ЖТ жүргүзүүгө укук берген документ (күбөлүк) берилет.
96. ЖТ боюнча уюм ЖТ жүргүзүүгө укукка ээ болгон жердеги персоналдык эсебин жүргүзөт.
97. ЖТК иштетүүчү персоналга, ЖТК бул түрүндөгү өз алдынча ишке ишкананын жетекчилигинин буйругу менен уруксаат берилиши керек.
98. ЖТК АК келүүсү/кетүүсү жооптуу жактын жетекчилиги алдында гана жүргүзулүшү керек.
99. ЖТК жана автомобильди иштеткен персонал иш нөөмөтүнүн башталганга чейин жана аяктагандан кийин милдетүү түрдө медициналык контролдон өтүшү керек жана жанында иш нөөмөт убактысында тастыктаган документи болушу керек.
100. Өндүрүштүк персонал арасында нөөмөттү тапшыруу/кабыл алуу процедурасы каралышы керек.
101. Аэропорттун чектелген жеткиликтүү корголгон зонасында ЖТ жүргүзүү боюнча өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан бардык персонал учуучу экипаж бул персоналдарды жеңил тааный тургандай жарык чагылдыруучу чыптамаларды, күрмөлөрдү кийиши керек, ошондой эле сырткы кийимде, белден жогору көрүнө тургандай болуп персоналдык жолдомолорун тагынып жүрүшү керек.
102. ЖТ боюнча уюмда учуулардын коопсуздугуна, авиациялык коопсуздукка, өндүрүмдүн (иштин, кызматтын) сапатына ЖТдө камсыздоого таасир бере турган жетекчилик менен өндүрүш персоналынын ортосунда маалымат алмашууну камсыздаган маалымат алмашуу тутуму киргизилиши керек.
103. Маалымат алмашуу системасы жол-жоболорду өзгөртүүнү жана өз-ара байланышты камсыздоо, ошондой эле жектекчилик менен өндүрүштүк персонал ортосунда маалымат алмашууну камсыздоо үчүн эффективдүү таасирденүү чараларын камсыздаш керек.
104. Эффективдүү ишти камсыздоо максатында, маалымат алмашуу системасы өзүнө аэродромдун/аэропорттун эксплуатанттарынын, авиакомпаниялардын жана башка ЖТ боюнча уюмдардын өкүлдөрүн камтыш керек.
105. Маалымат алмашуу ыкмалары ЖТ боюнча уюмдун максаттарына жана уюштуруучулук түзүмүнө жараша ар кандай болушу мүмкүн. Система жөнөкөй, колдонууда жеңил жана ЖТ тобокелдерди төмөндөтүүгө, өндүрүштүк жетишпестиктерди жоюу боюнча отчеттуулукту колдоочу болушу керек.
106. Жетекчилик менен өндүрүштүк персонал ортосундагы маалымат алмашууну камсыздоо үчүн колдоно турган байланыш каражаттары:
1) электрондук почта, интернет;
2) бюллетендер, каттар;
3) ички жарнамалар.
107. Маалымат алмашуу системасы учуулардын коопсуздугун камсыздоого, авиациялык коопсуздукка, өндүрүмдүн (иштин, кызматтардын) сапатына жана жетекчилик документтеринде өзгөрүүлөргө таасир берүүчү оперативдүү маалыматты кат түрүндө алмашууну камсыздаш керек.
108. ЖТ боюнча уюм ички жана тышкы документацияны башкаруу жана контролдоо, ошондой эле өндүрүү жана камсыздоо убагында колдонуучу маалыматтар үчүн системасына ээ болушу керек.
109. Мындай система өзүнө төмөндөгү элементтерди камтышы керек:
1) тийиштүү документтердин жана маалыматтардын күчүнө кирген датасын жана редакциясын индентификациялоо;
2) тийиштүү документтерди же/жана маалыматтарды алардын күчүнө киргенден кийин аныкталган жерлерде бардык колдонуучуларга (тышкыларды кошкондо) кепилдик берген жайылтуу жол-жоболору;
3) документтердин же/жана маалыматтардын тийиштүү контролдонуучу редакциялары үчүн багытталган маалымат алып жүрүүчүлөрдүн конкреттүү түрүн аныктоо;
4) эскирген деп эсептелген же/жана жаңыртуу керек болгон документтерди же/жана маалыматтарды аныктоо;
5) тийиштүү документтерди же/жана маалыматтарды кайра кароо жол-жоболору;
6) ЖТ боюнча кызмат берүүчү тарабынан аныкталгандай кыска мезгилдин аралыгында тийиштүү документтердин же/жана маалыматтардын мазмуунуна жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгү;
7) тийиштүү документтерди же/жана маалыматтарды мезгилдик резервдүү көчүрүү жана архивдештирүү жол-жобосу;
8) колдонуучулар үчүн документтерге жеткиликтүүлүк укугун бөлүштүрүү жана идентификациялоо жол-жобосу;
9) жеткиликтүүлүккө уруксат берүү же/жана жайылтуу жол-жобосу;
110. Документацияны башкаруунун (контролдоонун) негизги максаты болуп өндүруштүк ишмердикте колдоно турган персонал үчүн керектүү, так жана актуалдуу документация менен камсыздоо саналат.
111. Документацияны башкаруу (контролдоо) жол-жобосу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) контролдук көчүрмөсүн сактоо;
2) макулдашуу жана бекитүү;
3) жаңылоо жана сереп;
4) редакцияны контролдоо;
5) ревизияны идентификациялоо;
6) өзгөртүүлөрдү сактоо жана идентификациялоо;
7) аларды колдонуу жайларында актуалдуу экземплярдын болуусуна кепилдик берген бөлүштүрүү механизми;
8) керек болгон учурда, идентификациялоо механизми, жаңылоо, тыштан келген документтерди сактоо жана бөлүштүрүү;
9) керек болгон учурда, эскирген документтерди идентификациялоо, жаңылоо, сактоо жана жок кылуу механизми.
112. ЖТ боюнча уюму өзүнүн карамагында төмөндөгүлөрдү камтыган документтин копмлектисине ээ болушу керек:
1) Кыргыз Республикасынын Аба кодекси, Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери жана башка жарандык авиация жаатындагы ишмердикти жөнгө салган ченемдик укуктук актылар;
2) жалпы жана тескегич мүнөздөгү документтер, кызматтык жана технологиялык нускамалар (карталар), тейлөө регламенттери;
3) ЖТУ
4) УКБУ
5) АКЭ
6) Келишимге (контрактка) ылайык, буйруучунун аба кемелеринин учууларынын үзгүлтүксүздүгүн жана коопсуздугун камсыздоочу аткарылуучу иштердин суткалык көлөмү тууралуу маалыматты камтыган документтер.
113. Уюмдун көрсөтүлгөн ишмердик тармагында ЖТ боюнча иштерди аткарууну жөнгө салган документ болуп ЖТУ саналат.
114. ЖТ боюнча уюм ЖТ бардык жол-жоболорун толук кат түрүндө ЖТУ жазып, Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы менен макулдашып, ушул Эрежелердин 67 –пунктуна ылайык жаңыланып жана иш жүзүнө ашырылып туруш керек.
115. ЖТУ, ИATA ЖТ боюнча усулдук колдонуудагы редакциясын эске алуу менен колдонуудагы Кыргыз Республикасынын авиациялык Эрежелеринин талаптарына жана ушул Эрежелерге ылайык иштелип чыгууда жана өзүнө төмөндөгү мазмуундагы түзүмдү камтыйт:
1) уюштуруучулук түзүм жана уюмду башкаруу;
2) персоналды өз алдынчалык ишке жолдомо берүү жана даярдоо жол-жоболору;
3) ЖТ технологиялык процесстери;
4) АК ЖТ рейстерди тейлөө категориялары жана түрлөрү боюнча технологиялык графиктер;
5) иштетүүгө, жердеги жабдууларга жолдомо берүү жана кароого, перрондо атайын техниканын жана механикалаштырылган каражаттарга талаптар;
6) техника коопсуздугун жана эмгекти коргоону камсыздоо;
7) өрткө каршы коопсуздукту камсыздоо;
8) учуулардын коопсуздугун камсыздоо;
9) авиациялык коопсуздукту камсыздоо;
10. көрсөтүлүүчү өндүрүмдөрдүн сапаты (иштердин, кызматтардын).
116. Өзүнүн ишмердигинде өзгөрүүлөр бар болгон учурларда, ЖТ боюнча уюм өз убактысында ЖТУ тийиштүү өзгөрүүлөрдү киргизиш керек жана аларды ушул Эрежелердин 20-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органына макулдашууга көрсөтүш керек.
117. ЖТ боюнча уюм “Учуулар коопсуздугун башкаруу” 19 -Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин жана “Авиациялык коопсуздук” 17 – Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык УКБУ, АКЭ иштеп чыгып Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы менен макулдашышы керек.
118. ЖТ боюнча уюм төмөндөгүлөрдү иш жүзүнө ашыруу үчүн ЖТ колдонуучу ЖТК бар болгон түрлөрүнө документацияны жүргүзүнү жана кармоону камтыйт:
1) ЖТ боюнча аткарылуучу иштерди каттоо;
2) ЖТК конкретүү түрлөрүнүн техникалык абалын, жабдууларга тетиктерди жана башка жасалгаларды тагуу жана чечүү, жүргүзүлгөн оңдоолорду белгилөө, мезгилдик техникалык тейлөөлөрдү жана бир жолку кароолорду каттоо.
119. Каттоо укуктук ченемдик актылар, даярдоочунун документтери же ЖТ боюнча уюм тарабынан бекитилген журналдарда жана башка документтерде жүргүзүлөт (паспорт, формуляр, сервистик китепчелер).
120. ЖТ боюнча аткарылган иштерди тастыктаган документ болуп нөөмөт-карта, нөөмөт тапшырма жана ведомосттор саналат.
121. ЖТ боюнча уюм ЖТ боюнча документтерди 24 айдан кем эмес убакка сактоону камсыздашы керек.
122. ЖТ боюнча уюмунун менчигинде жайлары же болбосо өндүрүштүк жайларды ижаралоо келишими болушу керек.
123. ЖТ боюнча уюму катаал аба ырайы шарттарынан коргоону камсыздаган жана жумушчу орундарды, персоналды жайгаштырууну, ЖТК, куралдарды, кампа жана тиричилик жайларын уюштуруу үчүн жарактуу, айтылган ишмердүүлүк чөйрөсүндө иштерди аткаруу шарттарына жооп берген жайларына жана курулмаларына ээ болушу керек.
124. Жумушчу орундары, керектүү жабдуулар жана ЖТК менен камсыздалып жана эмгекти коргоо, өрт коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо талаптары боюнча талаптарына жооп бериши керек.
125. Өндүрүштүк чөйрө аткарылган жумуштарга, персоналга жумуштарды эффективдүү аткарууга шайкеш келиши керек.
126.Кампа жайлары жердеги жабдууларды, куралдарды жана материалдарды сактоо үчүн ылайыкташтырылган болушу керек.
127. ЖТ боюнча уюмунун, айтылган ишмердик чөйрөсүндө жумуштарды аткаруу үчүн зарыл ЖТК, жабдуулары, куралдары жана материалдары бар.
128. ЖТ пайдаланылган ЖТК, даярдоочу-заводдун шайкештик тастыктамасы болуусу керек.
129. АКлерин ЖТ боюнча уюму ЖТКын оң абалда кармап, ЖТКтарынын өндүрүүчүлөрүнүн талаптарына ылайык мезгил-мезгили менен аткарылган иштерин документалдык тариздөө менен ЖТКын текшерип турат.
130. Профилактикалык иштерди аткаруу мөөнөттөрү тийиштүү ЖТК эксплуатациялоо боюнча нускамалары менен аныкталат. Эгер мөөнөттөрү аныкталбаса анда ЖТК профилактикалык иштери (ЖЖМ, ККМ) мезгилдик даярданууларда документалдык тариздөө менен аткарылат
131. ЖТ процесстеринде пайдаланылган баардык ченөөчү алеттер Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология органдарынан текшерүүдөн өтүшү керек.
132. ЖТ боюнча уюмда, линияга чыгаруу жол-жоболорунун (аэродромдо иштөө үчүн), жабдуунун так тибинин өндүрүүчү-заводунун эксплуатациялоо боюнча паспортторунун жана нускамаларынын негизинде ЖТКын техникалык тейлөө регламенттери иштелип чыгышы керек.
133. ЖТ боюнча уюм, техникалык тейлөөнү аткаруу үчүн тастыктамаланган персоналы же ЖТКын техникалык тейлөөгө (тастыктамаланган уюм менен) келишими болушу керек.
134. Техникалык кароону жана линияга ЖТКын чыгарууну аткаруучу персонал, тийешелүү механиктин адистигине ээ болушу керек.
135. ЖТКын сактоо, ЖТКы жабык жайларда, чатыр алдында же ачык аянттарда кармоого атайын бөлүнгөн территорияларда аткарылат.
136. ЖТКын, жайларда жана аянттарда (жабык же чатыр астында) сактоого жайгаштыруу атайын бекитилген жана маркирленген жайгаштыруу тутумуна ылайык аткарылышы керек.
137. Кысым менен иштеген идиштер башка багытта колдонулуучу ЖТКынан бөлөк сакталышы керек.
138. Фекалдык суюктуктарды, уулуу жана жугуштуу заттарды ташуу үчүн ЖТК жана ошондой эле газ түрүндөгү күйүүчү май менен иштеген ЖТКы, тиби боюнча өзүнчө жана башка ЖТКтарынан бөлөк сакталышы керек.
139. Фекалдык суюктуктарды, уулуу жана жугуштуу заттарды ташуу үчүн ЖТКын токтоочу жайга коюунун алдында кирин дыкат тазалап чыгуу зарыл.
140. Зарыл болгондо чыкыртылган жерге токтоосуз келип калуучу өрт өчүргүч, медициналык жана техникалык жардам автомобильдер жана башка багыттагы ЖТК тоскоолдуксуз чыгуусу камсыздалган жылуу жайларда болушу керек.
141. Жайларда жана ачык аянттарда оң, эксплуатациялоо үчүн жарактуу гана ЖТКы сакталышы керек. Оңдоо иштерине муктаж бузук ЖТКы, оң ЖТКы жайгашкан ордунан чектелген атайын бөлүнгөн жерлерде сакталышы керек.
142. ЖТКтарын сактоо орду 10 техника бирдигине бир трос (штанга) эсебинде сүйрөтүүчү трос жана штангалар менен камсыз болушу керек.
143. ЖТКтарынын токтоочу жайлар орундарында техника жана жөө өтүүлөрдүн көрсөткүчтөрү орнотулушу керек. Кыймыл үчүн коркунучтуу зоналар, маркирлениши ал эми алардын чектери күндүз жана түнкү учурда көрүнүктүү эскертүүчү белгилер менен белгилениши керек.
144. Аларды сактоо жайында ЖТКтарынын ортосунан өтүп кетүү жолунун аралыгы токтотуу ордуна артка жүрүп келип (бир маневр менен) кирүү үчүн жетиштүү бош, ал эми өтүп кетүү жолунун чегинен атайын машинага чейин 0,5 метрден кем эмес болуусу керек.
145. Токтотуучу жайга ЖТКы койгондон кийин кыймылдаткыч өчүрүлүшү керек. Жайга чыгуу (кирүү) жана ошондой эле атайын жабдуулардын агрегаттарын текшерүүдөн тышкары башка максаттарда ЖТК кыймылдаткычын иштетүүгө жол берилбейт.
146. ЖТК сакталган жайларда, чатыр алдында жана ачык аянттарда төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
ченемден ашык сандагы ЖТК орноштуруу;
аларды жайгаштыруу планын бузууга, алардын ортосундагы жана ошондой эле алардан имараттардын конструктивдүү элементтерине чейинки аралыгын кичирейтүүгө;
чыгуу дарбазаларын жана өтүп кетүү жолдорун тосууга;
түтүн чыгуучу түтүктөрүндө учкунду өчүрүүчү атайын куралдары жок автомобиль, сүйрөткүчтөр, тракторлор менен кирүүгө;
ЖТК отун куюулуучу челегинин оозун ачык жана ошондой эле отундун же майдын агып турган абалында кармоого;
ЖТК күйүүчү май менен толтуруу жана андан отун куюп алууга;
ЖТК өзүндө аккумуляторлорду кубат менен толтурууга;
кыймылдаткычтарды ачык от менен жылытууга, жарык берүү үчүн ачык от булагы менен колдонууга;
ар кандай жумуштарды өрт өчүрүү каражаттары жок колдонууга;
токтоочу жерде ЖТК кыймылдаткычты ишке келтирүүчү ачкычы менен калтырууга;
Жумуш бүткөн соң ЖТКтарына май болгон сүрүүчү материалдарды жана атайын кийимдерди калтырууга;
147. ЖТКтары эксплуатацияга оң авариялык жумуш тутуму менен гана жол берилет.
148. Учуу талаасындагы орунду (оперативдүү токтоо) тандоо учууга, конууга, бурулууга жана сүйрөтүүгө тоскоол болбошу керек.
149. ЖТКтарын аэродромдо жайгаштыруу учурунда катарлардын ортосундагы аралык 10 метрден кем эмес, ЖТКтардын ортосу 1 метрден кем эмес болушу керек.
150. Өзү жүрүп кетүүсү мүмкүн болгон жантайынкы аянттарга ЖТКтарынын туругун жайгаштырууга жол берилбейт.
151. Эксплуатацияга техникалык жактан оң, өрт өчүрүүчү каражаттары, медициналык аптечка, жылтылдоочу маяк, токтотуучу калып жана сүйрөтүүчү трос менен камсыздалган гана ЖТКтарына жол берилет.
152. Перрондо эксплуатациялануу учурунда баардык ЖТКтары тийешелүү түрдө тормозго коюулушу керек, керек болсо токтотуучу калыптар менен бекитилиши керек.
153. ЖТ боюнча уюмдун жетекчиси түздөн-түз Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын алдында, мыйзамсыз кийлигишүү актыларынын алдын-алуу боюнча иш-чараларын иштеп чыгуу жана аткарылышы боюнча жооптуу жана отчет берет.
154. Авиациялык коопсуздук жаатындагы ЖТ боюнча уюмдардын жетекчилеринин милдеттерине төмөндөгүлөр кирет:
ЖТ боюнча уюмдун АКПсын аткаруу үчүн жооптуу кызматтык адамды дайындоо жарандык авиация органы менен макулдашуу боюнча;
авиациялыккоопсуздукту камсыздоочу подразделениесин дайындоо;
авиациялык коопсуздук чараларын камсыздоо үчүн зарыл ресурстардын жана каражаттардын бар болуусун камсыздоо;
ЖТ боюнча уюмдун АКПсын иштеп чыгуу жана ишке ашыруусун Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы менен макулдашуу;
авиациялык коопсуздук коркунучунун деңгээлин дайыма баалоону жана ЖТ боюнча уюмдун АКПсына зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү;
ушул талаптардын аткарылышына жана контролуна тийиштүү АКПсынын бөлүгүндө каралган талаптарды баардык кызыкдар тараптарга жеткирүү;
жарандык авиация ишмердүүлүгүндө коопсуздук жана укук тартиби жаатындагы мыйзамсыз кийлигишүү актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органын жана башка тийешелүү ыйгарым укуктуу органдарын кабарлоо;
Мыйзамсыз кийлигишүү актылары, көрүлгөн чаралар жана алардын анализ жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органына ай сайын жалпыланган маалыматтарды берүү.
155. Персоналдын,процесстин өзүнүн, ЖТдө пайдаланылуучу ЖТК жана өндүрүштүк жайлардын коопсуздугун камсыздоо үчүн ЖТ боюнча уюмунун АКПсында көрсөтүлгөн контролдун баардык чаралары колдонулат.
156. ЖТ боюнча уюму, анын карамагындагы территориясына жана жайларга (курулмаларга) жана ошондой эле курал-жарак жайына, АКсинин жарылуучу жана башка коркучтуу курулмаларына санкциясыз кирүүнүн алдын алуу үчүн коопсуздук максатында контролдоонун чараларын жана тийиштүү жол-жоболорун өзүнүн АКПсына киргизет жана ишке ашырат.
157. Аэропорттун чегинен ары жайгашкан ЖТ боюнча уюмдары, базалануу пунктунан аэропорттун контролдонуучу зонасына чейинки участокто санкциясыз кирүүдөн тийешелүү күзөтүүнү жана коргонууну камсыздайт.
158. АК ЖТ боюнча уюмдарга колдонулган коопсуздук чараларынын максаты - мыйзамсыз кийлигишүү актын ишке ашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн болгон курал-жарактардын, жардыруучу заттардын же ар кандай коркунучтуу курулмалардын алдын алуу. Бул максатты ишке ашыруу үчүн төмөндөгү жалпы принциптер колдонулат:
коопсуздук чаралары жайларда жана курулмаларда эч кандай курулма же курал-жарак ЖТ боюнча уюмдун кирүүгө ачык кайтарылган зонасына, контролдонулган зонасына алып өтүлбөсү үчүн колдонулат;
ЖТ учурунда контролдоо чаралары коопсуздукту камсыздоо үчүн колдонулат. Коопсуздукту контролдоо тастыктамасы бар ишкананын авиациялык коопсуздук боюнча адиси менен ишке ашырылат;
159. ЖТ боюнча уюму, ЖТ боюнча ишмердүүлүгүн ишке ашырууда, мыйзамсыз кийлигишүү актын ишке ашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн болгон курал-жарактардын, жардыруучу заттардын же башка ар кандай коркунучтуу курулмалардын АКсине өтүп кетүүсүнүн алдын алуу максатында аэропорттун контролдонуучу зонасына өтүүнүн алдында адамдардын жана буюмдардын кароодон өтүүсүн камсыздоосу керек.
160. Стерилдик зоналардын бүтүндүгү ушул зонага кирүүнүн потенциалдуу түйүндөрүндө бекитүүчү курулмаларды же башка контролдоо системаларын колдонуунун негизинде камсыздалат;
161. Кароо боюнча тийешелүү жол-жоболору ЖТ боюнча уюмдун АКПсында чагылдырылышы керек.
162. Тышкы инспектордук контрол:
Ушул Эрежелердин 4 бөлүмүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы, мамлекеттик инспекторлору менен жүргүзүлөт;
Жетишилген келишимдердин же алдын ала кабарландыруу боюнча өнөктөш уюмдар менен жүргүзүлөт;
163. Ички контрол (серептер, инспекциялар, аудиттер) уюмдун жетекчиси бекиткен жобонун негизинде иш-аракет кылган ЖТ боюнча уюмдун инспектору менен жүргүзүлөт.
164. Ички контролдо:
жердеги персоналдын даярдыгы жана анын квалификациясын жогорулатуунун мезгил аралыгы (кайрадан даярдоо) текшерилет;
учуу коопсуздугунун жана авиациялык коопсуздугунун камсыздалуусунун деңгээли текшерилет;
ЖТУ жана уюмдун технологиялык нускамаларында каралган баардык операциялардын тураа жана толук аткарылуусу текшерилет;
жумушту коргоо жана техника коопсуздугу, өрткө каршы коопсуздугу боюнча эрежелеринин талаптарынын сакталышы текшерилет;
документтерди контролдоп тариздөөнүн туура жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү текшерилет;
иш ордунда документтердин акыркы жоромолунун болушу текшерилет;
жабдуунун оңунун колдонулуусу текшерилет;
жабдууну техникалык тейлөө графигинин аткарылышы текшерилет;
Тастыктамалык жана инспектордук текшерүүлөрдүн сунуштарынын аткарылышы жана эскертүүлөрүнүн жоюлушу текшерилет.
165. ЖТ боюнча уюмдун инспектору, баардык ЖТ боюнча уюмдагы учуулар коопсуздугуна таасир берүүчү штаттан тышкаркы кырдаалдарга, ЖТ сапатынын начарлоо учурларына, эскертүүлөргө сереп, анализ жана жалпылоо жүргүзөт. ЖТ боюнча уюмдун инспектору штаттан тышкаркы кырдаалда түзүлгөн комиссиялардын жумушуна катышат.
166. ЖТ боюнча уюмдун инспектору өндүрүштүк процесстеги иштеп жаткан техникалык каражаттардын жана технологиялык жабдуулардын абалын контролдойт жана ошондой эле уюмдун ЖЖУунда бекитилген жол-жоболорунан четтөөсүн табат.
167. ЖТ боюнча уюмдун инспектору ЖТ менен байланышкан жабдууларды ырааттуу түрдө кароону жүргүзөт. Жабдууну кароо, ЖТ боюнча уюмдун аткарган жумуштарын, колдонулган жабдууларын жана техникалык каражаттарын эске алып иштелип чыккан формадагы инспекциялоонун типтик картасы боюнча жүргүзүлөт.
168. ЖТ боюнча уюмдун инспектору өзүнүн контролунда болгон баардык обьектилерге, ал обьектке жооптуу кызмат адамы бар болгон жана жок болгон учурунда да барат.
169. Инспекциялоонун негизинде ЖТ боюнча уюмдун инспектору инспекция актын же шайкеш келбөө протоколун түзөт. Анда байкалган шайкеш келбестиктер кемчилдиктерди оңдоо убактысы, өзүнүн кызматтык милдеттерин аркалай албаган персоналды же жабдууну алмаштыруу зарылдыгы көрсөтүлөт.
170. ЖТ башкаруу жана көзөмөл, өкүлчүлүк жүргүзгөн ЖТ боюнча уюмдар, ушул бөлүмдүн жердеги жабдууларын жана перрондук механизация каражаттарын, атайын техниканы эксплуатациялоо жана сактоо талаптарына жана жалпы талаптарга жооп бериши керек.
171. Башкаруу, көзөмөл жана өкүлчүлүктүн тейлөө көрсөтүүлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
ЖТ процесстерин уюштуруу жана координациялоо;
башка ЖТ боюнча уюмдарга ЖТ боюнча тейлөө кызматын тапшырык кылуу;
ЖТ технологиялык графигинин так аткарылуусун контролдоо;
ЖТ боюнча АКсинин экипажы менен өз ара аракеттешүү;
учууну аткарууга утуксаат алууга өтүнмө берүү;
аэродромдун территориясы боюнча экипажды коштоо.
172. Жүргүнчүлөрдү тейлөө жана жол жүктү тариздөөнү аткарган ЖТ боюнча уюм төмөндөгү талаптарга жооп бериши керек:
жарыя кылуучу тутуму же жарыя кылуучу тутумун колдонууга келишими жана АКсинин келгени жана кетүүсү жөнүндө жургүнчүлөрдү кабарлоо жол-жоболору болушу керек;
учуп кетүү жана учуп келүү терминалында жүргүнчүлөрдү, анын ичинде транзиттик/трансфердик жүргүнчүлөрдү жана алардын жол жүгүн тейлөө жол-жоболору болушу керек;
атайын жабдуу, окутулган персонал жана тейлөөнү камсыздоо үчүн жол-жоболору болушу керек:
улуулар коштобой бара жаткан жашы жете элек жүргүнчүлөрдү;
физикалык мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөрдү (СМЧА);
VIP категориядагы жүргүнчүлөрдү;
Визасы жок транзиттик жүргүнчүлөрдү;
депортацияланган адамдарды жана өлкөгө кирүүгө тыюу салынган адамдарды.
каттамды токтотуу, көпкө кармоо учурларында жүргүнчүлөрдү тейлөө жол-жоболору болушу керек;
убактылуу сактоочу кампада жол жүктү сактоону уюштурууну камсыздашы керек;
жүргүнчүлөр кайрылууларды калтыруу мүмкүндүгүн жана алардын түшкөндүгү жөнүндө авиакомпанияларды кабарлоону камсыздоосу керек.
жоголгон жол жүк, табылган жана зыянга учураган жол жүк жөнүндө кабардын берилүүсүн жана кабыл алынуусун камсыздашы керек, жана да эгер авиациялык ташуучу менен болгон келишимде каралса табылган жол жүктү жүргүнчүлөргө жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн тийешелүү ресурстары болушу керек.
жүргүнчүлөрдү жана жол жүктөрдү тейлөөнү камсыздоо учурунда пайда болгон баардык жол-жоболорунун бузулушу боюнча авиакомпанияларды кабарлоону камсыздашы керек.
салмагы боюнча жүктөөгө контрол жүргүзүүчү бөлүмүнө маалымат берүү процедурасы болушу керек:
жол жүк жайларында жайгаштырылган ченемден жогорку жол жүк;
отургузууга кирүү аркылуу өткөн ченемден жогорку жол жүк;
Андан башка баардык ченемден жогорку жөнөтүүлөр.
өзүнүн менчигинде же аэродромдун/аэропорттун эксплуатанты менен атайын жабдууланган каттоо стойкасын эксплуатациялоого келишими болушу керек.
жүргүнчүлөрдү өзү каттоочу стойкалары (күркө) бар болуп аны пайдаланса, аэродром/аэропорттун эксплуатанты менен терминалдагы жайда ижаралоо жана камсыздоо тутумун эксплуатациялоого (электр энергиясы, байланыш интернети) келишими болушу керек.
жүргүнчүлөрдү каттоо жана жол жүктү тариздөө, жөнөтүүлөрдү контролдоонун автоматташтырылган тутумдарын колдонуу менен аткарылышы керек;
жөнөтүүлөрдү контролдоонун автоматташтырылган тутумунун иштен чыккан учурунда каттамды кол менен каттоо боюнча персоналдын кыймыл-аракеттеринин жол-жоболору болушу керек.
жүргүнчүлөрдү тейлөөгө жана жол жүктү тариздөөгө катышкан персоналдын, мамлекеттик жана расмий тилинде жетиштүү деңгээлдеги билими, англис тилинде тийиштүү деңгээлдеги билими болушу керек;
каттоо учурунда отургузуу талонун ар бир жүргүнчүгө берүүнү камсыздоочу жол-жоболору болушу керек;
каттоо учурунда камсыздандыруучу төмөндөгү жол-жоболору болушу керек:
жол жүктө, билетте көрсөтүлгөндөй көздөө жайынын жана анын жүргүнчүгө тийешелүүлүгүн аныктаган жол жүктүк идентификациялык биркасынын болуусу;
эски жол жүктүк биркаларды жана/же маркирлөөлөрдү жок кылуу;
авиациялык коопсуздук талаптарына жооп бербеген жол жүктү ташуудан баш тартуу;
зыянга учураган жол жүктү ташууга кабыл алуу;
габаритсиз жол жүктү ташууга кабыл алуу.
иштеп чыгууларды камсыздоочу төмөндөгү жол-жоболору болушу керек:
катталган жол жүктөн табылган декларацияланбаган курал-жаракты;
АКсинин жол жүк жайында ташуу үчүн уруксаат берилген жана АККынын персоналы тарабынан алынып коюлган буюмдар;
аэровокзалдык комплекстин стерилдик зонасында жайгашкан дүкөндөрдөн сатылып алынган жана АКсинин жол жүк жайында ташыла турган буюмдар;
башка караштырылбаган буюмдар.
коркунучтуу материалдарды, буюмдарды жана нерселерди, курал-жаракты иштеп чыгуу жол-жоболору болушу керек.
каттоо стойкаларындагы жүктөмгө ылайык кезекти башкаруу жол-жоболору болушу керек;
каттамга жүргүнчүлөрдү каттоонун башаталышынын жана аяктоосунун убакыт параметрлери бекитилген болушу керек;
каттоо стойкасында бир жүргүнчүнү тейлөөнүн убакыт параметри бекитилиши керек;
чыгым материалдарын толуктоо жана контролдоо жол-жоболору болушу керек;
каттоо стойкаларын техникалык тейлөөнү камсыздоо боюнча тийешелүү келишими болушу керек;
каттоо учурунда берилген документтердин каттамга шайкештигин текшерүүнү камсыздашы керек;
каттоо стойкасындагы жумуш аяктагандан кийин каттоо стойкасында чыгым материалдардын болбошун жана каттоо стойкасына санкциясыз кирүүсүнө жол бербөөгө чаралар көрүнүшү керек;
жүргүнчүнү каттоо учурунда жол жүктү таразага тартып жана тийешелүү бирканы тагуусу камсыздалышы керек;
түз учууларды жана көчүрүлүп отуруу менен учууларды аткарган жүргүнчүлөр жана жол жүктөр боюнча зарыл маалыматты каттоо тутумуна киргизүүнү жана тийешелүү биркаларды тагууну камсыздашы керек;
текшерилген жана катталган жол жүктү сорттолуучу зонага транспорттоону камсыздашы керек;
габаритсиз, морт, баалуу жол жүктү тейлөө жол-жоболору болушу керек;
жол жүктүн салмагы, жана жүргүнчүлөрдүн саны боюнча АКсинин центровкасын аткаруучу ЖТ боюнча уюмга же авиакопанияга маалыматтын берилүүсү камсыздалышы керек;
каттамга түшүүдөн баш тарткан же каттамга отургузууга тыюу салынган жүргүнчүнү жана анын жол жүгүн тейлөө жол-жоболору болушу керек;
каттоодон өткөн жүргүнчүлөрдү паспорттук контролду жана авиациялык коопсуздук контролун өтүү пункттарына багыттоону камсыздашы керек;
коопсуздук жана паспорттук контрол пункттарында толуп кеткен учурларда кезекти башкаруу боюнчачараларды көрүүсү керек;
АКсинин бортуна отургузуу алдында отургузуу талондору, жүргүнчүнүн өздүгүн идентификациялаган документтерин текшерүүсүн камсыздашы керек;
каттам келгенден кийин жүргүнчүлөрдү АКсинен паспорттук жана бажылык контрол пункттарына, жол жүктү алуу зонасына багыттоо камсыздалышы керек.
173. Ылгоо зонасында жана жол жүктү берүү зонасында жол жүктү иштеп чыгууну аткарган ЖТ боюнча уюмдар төмөндөгү талаптарга жооп бериши керек:
жол жүктү иштеп чыгуу төмөнкү жол жүк биркаларына ылайык аткарылышы керек:
приоритеттүү жол жүк – түшүрүүдө жана берүү ордуна чейин жеткирүүдө приоритети бар жол жүгү;
түшүрүүдө жана берүү ордуна чейин жеткирүүдө/ылгоодо трансферт пунктундагы кыска кошулуу убактысына байланыштуу приоритети бар жол жүк;
салондо же АКсинин жол жүк жайында ташылуучу тирүү жандыктар салынган контейнерлер;
АКсинин жол жүк жайында ташылуучу морт жол жүк;
АКсинин бортуна жүргүнчү өзү жеткирген жана болжонгон пунктка жеткенден кийин алына турган жол жүк (балдар бешиги, майыптын отургучтары);
Башка жакка жиберилген жол жүк.
жол жүктү комплекттөө жана ылгоо багытына, жол жүк биркаларынын маалыматтарынын шайкештик категорияларына, жүргүнчүлөрдү тейлөө жана трансферт пункттарынын класстарына ылайык аткарылышы керек;
төмөнкү жол-жоболору болушу керек:
комплекттөө убагында жол жүк биркасы жок жол жүк табылган учурундагы кыймыл аракетине;
комплекттөөсү бузулган жол жүктү эсепке алуусуна;
“Бинго картты” же жол жүк ведомостун тариздөөсүнө;
жүргүнчүнү учуудан четтетүүдө же өзү баш тарткан учурдагы жол жүк менен болгон кыймыл-аракетине;
катталган жол жүктүн бир бөлүгүн жүктөөдө жана аны башка каттам менен жөнөтүүдөгү кыймыл аракетине;
жол жүк зыянга учураганы билинген учурдагы кыймыл аракетине;
Катталган жолжүктүн оруну жана АК бортундагы жүргүнчүлөрдүн саны шайкеш келбегени аныкталган учурда жол жүктүн жүргүнчүгө тийешелүүлүгүн аныктоодо.
тыш өлчөмсүз жол жүктүн иштеп чыгуу жол-жоболору болушу керек.
терминалдын жол жүк бөлүгүндөгү чыгым транспортерлук ленталарына жүргүнчүлөргө жол жүктөрүн берүү жол-жоболору болушу керек.
алынбаган жана башка жакка жиберилген трансфердик жол жүктөрдү сактоо камсыздалышы керек жана иштеп чыгуу жол-жоболору болушу керек.
аэропортто автоматташтырылган жол жүктү иштеп чыгуу тутуму бар болсо, өзүнө жол жүктү комплекттөөнү пландоону, кол сканерлерин колдонууну, тутумда жол жүктү сактоону, трансферттик жол жүктү тейлөөнү, келген жол жуктү жургүнчүлөргө берүү жол-жоболору камтыган жол жүктү иштеп чыгуу тутумунун жардамы менен жол жүктү иштеп чыгуу жол-жоболору болушу керек.
жол жүктү берүү жана ылгоо зоналары өрт өчүрүү тутумдары, кол өрт өчүргүчтөрү, видеобайкоо камералары, зыянга учураган (ачылып калган) жол жүктү тартуу үчүн таразалар менен жабдууланышы керек. Видеобайкоо тутуму жол жүктү берүү жана ылгоо зоналарынын периметрин толук жаап турушу керек.
жүктү берүү жана ылгоо зонасына кирүү чектелиши керек жана жол жүккө санкцияланбаган жетүүгө жол бербөө максатында аэродром/аэропорт эксплуатантынын авиациялык коопсуздук эрежелерине ылайык гана жүргүзүлүшү керек.
алынбаган, кошумча жөнөтүлгөн, зыянга учураган, башка жакка жиберилген, документи жок, жоголгон жана алмаштырылган жол жүктөрдү берүү, тариздөө, издөө жана сактоо жол-жоболору болушу керек.
174. Перрондо жана АКсинин турук орундарында тейлөө көрсөтүүчү ЖТ боюнча уюму төмөндөгү талаптарга жооп бериши керек:
АК маршалинги:
төмөнкү операцияларды жүргүзүүдө маршалинг жол-жоболору камсыз болушу керек:
АКсин сүйрөөдө;
АКсинин учуп келүүсүндө/учуусунда маневрлөөдө;
АК маршалингдөөнү аткаруучу персонал тийешелүү ички теориялык окууну жана практика түрүндө стажировкадан өтүүсү керек;
ЖАЭУ стандарттарынын талаптарына жана сунушталган практикаларына жана ИATA сунуштарына ылайык АКсинин маршалинг жол-жоболору камсыздалышы керек;
АКсинин маршалингин аткаруучу персонал төмөндөгүлөрдү аткаруусу керек:
так жана түшүнүктүү түрдө жерде АКсинин кыймылын жөнгө салуучу стандарттуу, ачык жана так сигналдарды бериши керек;
ал персоналды учуу экипажы оңой идентификациялай ала турган жарык чагылдыруучу күрмө же жилет кийип жүрүүсү керек;
күн бою жакшы көрүнүүчү жезлды жана кол каптарды колдонуусу керек;
көрүнүү жетишсиз болгон учурда же түнкү убакта жезлдин жарыгын күйгүзүү керек;
АК токтотмосу:
АКсин туругуна буруунун алдында ТОун, анда башка нерселердин, атайын техниканын, башка АКлердин жок экенин кароо аткарылышы керек;
АКни турук ордуна бекиткенден кийин, АКнин шасси түркүгүнүн дөңгөлөгүнүн алдына бекитүү калыбын орнотуу (авиакомпаниялардын талаптарына ылайык) камсыздылышы керек;
калыптар АКсинин дөңгөлөгүнүн пневматиги менен тийишкен жериин бурчу болжол менен 45 градусту түзгөн үч бурчтуу формада болушу керек;
калыптын калыңдыгы дөңгөлөктүн калыңдыгын толук жаба тургандай болушу керек;
калыптарды орнотуу, АКсинин кыймылдаткычтарын жана жалтырак берүүчү отторун өчүрүп жана кыймылдаткычтын винттеринин толук токтогонунан кийин гана уруксаат берилет;
калыптар АКсин буруу алдында гана алынышы керек;
калыптарды сактоо үчүн өзүнчө орун камсыздалышы керек;
калыптарды орноткондон кийин коопсуздук конустарын орнотуу камсыздалышы керек;
коопсуздук конустары саргыл түстө жана жарык кайтаруучу тилкелери болушу керек;
коопсуздук конустары бийиктиги 750 ммден кем эмес жана салмагы минимум 4,5 килограмм болушу керек;
авиакомпаниялардын талаптарына ылайык коопсуздук конустары төмөнкү жерлерде орнотулушу керек (ушул талаптар менен персоналкол коюп танышуусу керек):
ар бир канаттын учунун аяк жагында;
ар бир кыймылдаткычтын алдында;
АКсинин ар бир чектүү бөлүктөрүндө;
коопсуздук конустары люктар/эшиктер жабылып, АКси кыймылдаткычтарды иштетүүгө жана бурууга/сүйрөтүүгө даяр болгондон кийин алынышы керек;
Люктарды ачууну/жабууну аткарган ЖТ боюнча уюм, тейленип жаткан АКсинин ар тибине люктарды ачуу/жабуу боюнча нускама материалдарды иштеп чыгышы керек. Ачууну/жабууну аткарган персонал теориялык окууну жана практика түрүндөгү стажировканы өтүүсү керек.
Жердеги жабдууларды колдонуу менен АКсин тейлөө зонасында көрсөтүлгөн ЖТбоюнча кызматтар:
АКсин тейлөө зонасында жердеги жабдууларды жайгаштыруу каттамда ЖТнү уюштуруу үчүн жооптуу адамдын уруксааты менен аткарылышы керек;
жердеги жабдууну эксплуатациялоону аткарган персонал, теориялык окуу жана практика түрүндөгү, жердеги жабдууну өз алдынча эксплуатациялоого жолбермеси боюнча даярдыктардан өтүшү керек;
жердеги жабдууларды АКсине кошууну аткарган персонал ЖТ боюнча уюм тейлеген АКлеринин ар бир тибиндеги сервистик точкасынын жайгашкан жерин билиши керек;
жердеги жабдууларды АКсине кошуунун алдында адапторлор жана жабдуулардын өзү АКсинин тибине шайкештиги текшерилиши керек;
АКсин тейлөө зонасына жердеги жабдууларды жайгаштыруудан кийин анын туругу анын дөңгөлөгүнүн астына тирөөчү калыптарды орнотуулуусу керек;
жердеги жабдууну АКсинен өчүргөндөн кийин АКсинде зыянга учуроолордун жоктугуна ынануу максатында көрүнөө карап чыгуу аткарылышы керек;
жердеги жабдууну АКсинен өчүргөндөн кийин АКсиндеги сервистик точкалардын жабылма тешиктеринин жабылгандыгы текшерилиши керек;
жердеги жабдууларды техникалык тейлөөнүн регламенти караштырылышы керек, берилген жумуштарды аткаруучу персонал жогоруда айтылган жумуштарды аткаруу укугунун тастыктамасына ээ болушу керек;
жердеги жабдууну транспорттоонун алдында, кабелдери, түтүктөрү коопсуз түрдө өчүрүлгөндүгү жана алардын агрегатта жайгашкандыгы текшерилүүсү текшерилиши керек;
жердеги жабдууларды колдонуу менен аткарылган тейлөөлөр, АКни ЖТ технологиялык графигине ылайык аткарылышы керек;
туалеттерди тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүдө, куюп чыгаруу, тазалоо, жууп чыгуу жана атайын суюктуктар менен толтуруу камсыздалышы керек;
суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүдө, атмосфералык температура Цельсий боюнча нөлдөн төмөн болгон учурда АКсинин суу тутумунун суу агуусун текшерүү камсыздалышы керек.
Жердеги жабдууларды колдонуп АК тейлөө зонасында көрсөтүлгөн ЖТ боюнча кызматтарга төмөндөгүлөр менен камсыздоо кирет:
электр сарптоолордун жердеги булагы менен;
жылытуу жана кондициялоо орнотмолору менен;
туалеттерди тейлөө менен;
суу менен камсыздоо тутумун тейлөө менен;
кыймылдаткычты иштетүү менен;
кысылган азот менен толтуруу орнотмосу менен;
Кычкылтек толтуруу орнотмосу менен.
Экипаж кабинасы менен турук ордунун ортосундагы байланыш:
ЖТ боюнча уюм, экипаж кабинасы жана жердеги персонал ортосундагы байланышты камсыздоо үчүн тийешелүү гарнитурдун саны менен камсыз болушу керек;
экипаж кабинасы жана жердеги персонал ортосундагы байланышты аткаруучу жердеги персоналынын англис тилин билүүнүн тийешелүү деңгээли болушу керек;
экипаж менен байланышты аткаруучу персонал теориялык окууну жана практика түрүндөгү стажировканы өтүүсү керек;
экипаж кабинасы менен байланышууда стандарттуу фразеология колдонулушу керек;
экипаж кабинасы жана жердеги персонал ортосундагы байланыш төмөнкүлөр үчүн аткарылышы керек:
АКсинин келүү жол-жоболорунун камсыздоо үчүн;
жердеги жабдууларды туташтыруу/өчүрүү учурунда;
кыймылдаткычтарды иштетүүдө;
сүйрөтүү учурунда;
АКсин муз болуп тоңууга каршы иштеп чыгууну аткаруу убагында жана ошондой эле муз болуп тоңууга каршы кодун берүү.
Трапты/телескопиялык трапты орнотуу:
трап/телетрапты башкарууну аткаруучу персонал тийешелүү ички теориялык окуу жана практикалык стажировканы өтүшү керек;
трап/телескопиялык трап АКсине АКсинин кыймылдаткычын өчүргөндөн, АКсинин дөңгөлөгүнүн алдына тирөөчү калыптарды койгондон, жалтылдатуучу отторду өчүргөндөн, чектөөчү конустарды орнотуп жана ЖТ үчүн жооптуу адамдан уруксаат алгандан кийин гана орнотулат;
траптын/телескопиялык траптын АКсине жүрүү маршрутунда атайын техниканын, башка нерселердин болбошун текшерүү камсыздалышы керек;
трапты/телескопиялык трапты АКсине айдап келүүнү резина бампери АКсинин фюзеляжына тийбегидей кылып коопсуз аткарылышы керек. Трап менен фюзеляждын ортосунда 5 см.ге чейинки кичине аралык калышы керек;
объективдүү себептер менен трапты АКсине айдап келүүдө, АКси менен траптын ортосундагы аралык коркунуч туудурушу мүмкүн болгон учурда, жердеги персонал жүргүнчүлөрдү эскертүү максатында ушул коркунуч жөнүндө экипажды кабарлашы керек;
трапты/телескопиялык трапты орноткондон кийин персонал экипажга кабар берет;
жүргүнчүлөр траптарынын/телескопиялык траптарынын тепкичтерин жана адам басуучу беттерин кароону камсыздоочу, жана ошондой эле жүргүнчүлөрдү жана персоналды жаракатка алып келүүсү мүмкүн болгон шарттардын пайда болуусунун алдын алуу максатында аларды мезгил-мезгили менен текшерүү жол-жоболору караштырылган болушу керек;
жүргүнчүлүк траптын толук бөлүнгөн абалда болуусун камсыздоочу жол-жоболору болушу керек:
АКсинин келүүсүнүн алдында;
АКсинин кетүүгө кыймылын баштоосунун алдында;
анын кыймылынын алдында персоналдын, атайын техниканын жана жабдууларынын жоктугун телескопиялык траптын маневрлөө зонасын текшкерүүнү камсыздоочу жол-жоболору каралган болушу керек;
телескопиялык траптын позициялануу убагында камсыздоочу жол-жоболору каралган болушу керек:
телескопиялык трапта бир гана оператордун болушу;
эгерде оператордун көрүүсү начар (чектелүү) жана АКсине чейинки аралыкты кол белгилерин же видеобайкоо тутумун колдонуп баамдай албаса, анда айдап келүү/айдап кетүүчү башкаруучунун болушу;
АКсинин жүргүнчүлөр эшигинин жанына телескопиялык трап орнотулаары менен телескопиялык трапты автоматтык түрдө түздөө тутумун ишке киргизүүнү камсыздоочу жол-жоболору каралган болушу керек;
оператор жок учурда чоочун киши телескопиялык трапты башкаруу каражатын колдонуусунун алдын алууну камсыздоочу жол-жоболору каралышы керек;
телескопиялык траптын иштен чыккан учурунда аэродромдун/аэропорттун тийешелүү түзүмдүк подразделениесин кабарлоосун камсыздоочу жол-жоболору каралышы керек;
Жол жүктү, жүктү/почтаны жүктөө жана транспорттоо:
жол жүктү, жүктү жана почтаны транспорттоо аэродромдо перрондук механизациялоо каражаттарын жана атайын техниканын бекитилген бир жерден экинчи жерге жүрүү маршруттарына ылайык аткарылат;
эгер, ал башка технологиялык процесстерде каралбаса жол жүгү, жүгү/почтасы менен перрондук механизация каражаттарынын жүрүү бекитилген маршруттарын өзгөртүүгө тыюу салынат;
жол жүктү, жүктү/почтаны АК жүктөө/түшүрүү авиакомпаниянын жетекчилигинин же жүктөө боюнча курсун окуган жана тийешелүү тастыктамага ээ болгон персоналынын контролунда аткарылышы керек;
жол жүктү, жүктү жана почтаны АКсине/синен жүктөө/түшүрүү процессине катышкан персонал жол жүк биркаларын (башка жакка жиберилбөөнүн алдын алуу), жол жүктүн, жүктүн жана почтанын санын жана бүтүндүгүн текшерет;
АКсинен/сине жол жүктү, жүктү/почтаны жүктөө/түшүрүүнү аткарган ЖТ боюнча уюму материалдык баалуулуктарды өткөрүп алуу/тапшыруу жол-жоболору үчүн жооптуу адамдарды аныктоо максатында жол жүктү, жүктү транспорттоону камсыздоо үчүн ЖТ боюнча уюм менен өз ара кызматташуу технологиясы болушу керек;
ЖТ боюнча уюму жол жүктү, жүктү/почтаны АКсинин жүк жайларына жүктөө/түшүрүү, жайгаштыруу жана бекитүү жол-жоболорун иштеп чыгышы керек;
жол жүктү, жүктү/почтаны жүктөөнү/түшүрүүнү аткаруучу персонал тийешелүү категориядагы коркунучтуу жүктөрдү жана ташылуучу жандыктарды тейлөө боюнча иштеги тастыктамасына ээ болушу керек жана ошондой эле ар бир 24 айда кайрадан окутуудан өтүп туруусу керек;
АК жүктөөнү камсыздоочу жол-жоболору болушу керек:
жүктөө боюнча жазуу түрүндө нускамасына ылайык;
учуу убагында жол жүк, жүк/почтанын кыймылын же куюлуп кетүүсүн токтотууну камсыздоочу;
АКсин жүктөө учурунда АКсин зыянга учуратуунун жана персоналды жабыркатуулардын алдын алуу тууралуу төмөндөгү чаралардын жана талаптардын аткарылуусу камсыздалышы керек:
персонал коопсуздук талаптарын аткаруусу;
персонал коргоочу кийимди кийүү тууралуу талаптарын аткаруусу;
персонал жүктөө боюнча берилген чектөөлөрдүн талаптарын аткарууга;
жүктөө, швартовкалоо эрежелерин жана швартовкалоо каражаттарын камсыздоо;
авиакомпаниянын жол-жоболорунда караштырылган учурдан тышкары, жол жүктү, жуктү/почтаны жүргүнчүлөр отургучуна жайгаштырууга жол бербөө;
АКсинин жол жүктүк/жүктүк жабылма тешиктерин туура жабуу же ачууну камсыздоо;
мезгили менен же катуу шамал учурунда АКсинин жол жүктү/жүктүк жабылма тешиктери менен операцияларга жол бербөө;
куйрук тирөөчүн же балластты тумшук дөңгөлөгү (эгер ал каралса) үчүн пайдалануудан баш тартуу;
Атайын техниканы жана жабдууну туура эксплуатациялоону камсыздоо.
жүктөө боюнча так жана документтештирилген маалыматтардын болушу камсыздалышы керек жана ушул маалыматтар АКсинин акыркы салмагынын жана центровкасынын эсептерине жооптуу адамга берилүүчү жол-жоболору болушу керек;
АКсин жүктөп бүтөөрү менен жүктөө отчетунун даяр болуусун камсыздоочу жол жоболору болушу керек, алар:
АКсин жүктөө процессине жооптуу жана контролдоочу адам менен даярдалып жана күбөлөндүрүлүшү керек;
АКсин центровкалоо боюнча офиске берилиши керек;
жыл ичинде саталат.
төгүлгөн белгилери бар АКсине жүктөлүүгө пландаштырылган жол жүктү, жүктү/почтаны ССПны жана/же жабдууну текшерүү жол жоболору камсыздалышы керек, төгүлгөндүгү такталган учурда мындай жол жүк, жүк/почта же жабдуу АКсинин бортуна жүктөлбөйт, жана ошондой эле:
мындай төгүлүүнүн жыйынтыгында булганып калган ар кандай башка жол жүктөрдү, жүктү/почтаны же жабдууну АКсине жүктөлүүсүн табуу жана жол бербөө максатында текшерүүлөр камсыздалат;
Авиакомпаниялардын талаптарына жана/же ченемдик документтерге ылайык атайын кабарлоо камсыздалат.
АКсинин оордук борборунун жылып кетүүсүнүн алдын алууну камсыздаган жол-жоболору болушу керек;
коркунучтуу жүктөрдү иштеп чыгууну камсыздоочу жол-жоболор болушу керек, алар:
АКсин жүктөөдө/түшүрүүдө таңгактардын жана контейнерлердин зыянга учуроосунун алдын алуу керек;
төгүлгөн учурда, АК ичинде ушул материалдардын ордун бөлүүнү жана жайгаштырылышын камсыздап, курамындагылардын бири менен аралашуусунун алдын алуу керек;
АКсинин ичинде таңгактардын багытын өзгөртүп кое турган алардын кыймылын токтотуу керек;
бортто коркунучтуу жүк бардыгы жөнүндөгү АК командирине маалыматта көгөзүлгөн маалыматка шайкеш келиши керек.
зыянга учураган же төгүлгөн белгилери бар таңгактарды иштеп чыгууну камсыздоочу жол-жоболору болушу керек, жана төмөндөгүнү камсыз кылышы керек:
мындай таңгагы менен орун АКсине жүктөлбөйт;
эгер андай орун АКсине жүктөлүп калса анда ал АКсинен түшүрүлөт;
агып кеткен учурда ушул коркунучуу жүктөн агып чыккан агындылар менен кирдеген ар кандай жүктөрдүн, жол жүктөрдүн же транспорттук каражаттардын ташылуусун табуу жана алдын алуу максатында баалоо аткарылат;
авиакомпания, аэродромдун/аэропорттун эксплуатанты жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы токтоосуз кабардар болушат.
жүргүнчүлүк АКсинин бортуна “Жүктүк АКсине гана” деп маркирленген жүктүн түшүшүнүн алдын алууну камсыздоочу жол-жоболору болуш керек.
АКсине, бортто коркунучтуу жүк бардыгы жөнүндөгү АК командирине маалыматта өздүк колу менен АКсине жүктөө үчүн жооптуу адам күбөлөндүрүлүү жолу (же башка жол менен) менен аныктаган, жүктөлгөн жол жүк, жүк/почта же пакеттөө каражаттары төгүлгөн белгилери жок экендигин камсыздоочу жол-жоболору болушу керек. бортто коркунучтуу жүк бардыгы жөнүндөгү АК командирине маалымат бир жыл ичинде сакталат.
ЖАЭУ жана жарандык авиация органы бекиткен чектөөлөрдөн тышкары, АКсинин бортуна аларды экипаждын кабинасында же жүргүнчүлөр салонунда транспорттоо үчүн коркунучтуу жүктөрдү жүктөөнүн алдын алууну камсыздоочу жол-жоболору болуш керек.
АКсин сүйрөтүү:
сүйрөтүү боюнча тейлөөлөрдү тартуулаган ЖТ боюнча уюмдары, тейленүүчү АК тибине сүйрөтүүчү водилалары жана адаптерлери болушу керек;
АКсин сүйрөтүү процессине катышкан персонал, тийешелүү теориялык окуу жана практика түрүндөгү стажировканы өтүшү жана өз алдынча иштөөгө жол берме алышы керек;
сүйрөтүүчү водиланы АКсинин шассисинин алдынкы түркөгүнө кошууну аткарган персонал, тейленүүчү АКсинин ар бир тибине тийешелүү стажировканы өтүшү керек;
сүйрөтүүчү бригаданын ар бир мүчөсүнүн ыйгарым укугун жана жоопкерчилигин аныктаган АКсин сүйрөтүү жол-жоболору караштырылышы керек;
сүйрөтүү процессинде водиланын өз алдынча бөлүнүп кеткен учурунда, бөлүнүп кетүүнүн объективдүү себебин аныктоо максатында аэродромдун/аэропорттун эксплуатантынын учуулар коопсуздугу боюнча инспекторун кабарлоо камсыздалышы керек;
эксплуатациялык абалын колдоо максатында сүйрөтүүчү водилаларды жана адаптерлерди жооптуу сактоо жана туруктуу көзөмөлдөө камсыздалышы керек;
кыймыл башталгандан баштап АКсин сүйрөтүү аяктаганга чейин, тягачтын айдоочусу текшерүүсүн камсыздаган жол-жоболору караштырылышы керек:
тягач АКси менен бойлото бир сызыкта турат (эгер ал мүмкүн болсо);
сүйрөөчү водиланын дөнгөлөктөрү толугу менен көтөрүлүп турат.
төмөндөгүнү тастыктаган АКсинин кыймылынын алдында АКсин кароону өткөрүү жол-жоболору болуш керек:
күч кабельдери бириккен жеринен чыгарылган жана жүргүнчүлөрдү отургузуу үчүн орнотмолору алынган;
АКсинин сервистик панелдери жана/же жабылма тешиктери жабык жана бекитилген (сырткы кубат алуу булагынан жана гарнитура панелинен тышкары);
жабылма тешиктердин/эшиктердин кулпулары (кармагычтары) фюзеляждын деңгээли менен тең;
шассинин коопсуздук пини жана струбциналар алынган;
Фюзеляждын бетинин белгиленбеген кабырылганын же башка зыянга учуроолорун айкын белгилери жок.
сүйрөтүүнүн башталгыча төмөндөгү талаптардын аткарылуусун камсыздоочу жол-жоболору караштырылышы керек:
перрондун бетинде АКсине зыян алып келүүсү мүмкүн болгон бөлөк нерселер жок;
перрондун бетинин абалы АКсин жылдыруу боюнча операцияларды коопсуз аткарууга мүмкүндүк берет;
АКсинин кыймылы пландаштырылган жол тоскоолдуктардан бош;
АКсин жөнөтүү боюнча операцияларга катышпаган адамдардын баары аны тейлөө зонасынан тышкары;
АКсин сүйрөтүү процессине катышкан жердеги кошумча персонал ордунда. (АКсин сүйрөтүү учурунда АКсин канатынын уч жагында коштогон адистердин же башка жардамчы персоналдын болушу операция жургүзгөн ЖТЖсинде бекитилет);
калыптар АКсинин шассисинин баардык дөңгөлөктөрүнүн алдынан алынган жана атайын аныкталган жерге жайгаштырылган;
АКсин тейлөө зонасы атайын техникадан жана жердеги жабдуудан бош;
АКсин сүйрөтүү процессине катышкан персонал төмөндөгү талаптарды аткаруусун камсыздоочу жол-жоболору болуш керек:
ICAO, IATA талаптары менен каралган колу менен стандарттуу, ачык жана так белгилерди колдонуусу;
учуу экипажы аларды оңой индентификациялоочу жарык кайтаруучу жилеттерди же күрмөлөрдү кийүү.
сүйрөтүүнү баштоонун алдында АКсин турук тормозунан алынгандыгын водиланын айдоочусуна беригендигин тастыктоону камсыздоочу жол-жоболору болуш керек;
АКсин сүйрөтүү процесс убагында ага кошулган тягач иштеп турган кыймылдаткычы менен кароосуз калбастыгын камсыздоочу жол-жоболору караштырылышы керек, өзгөчө учур болуп АКсин сүйрөтүүнү аткаруу учурунда муздак аба ырайында, тягачтын дөңгөлөгүнүн астына тирөөчү калыптарды орнотуу шарты менен гана болот;
шассинин алдыңкы тирөөчүнүн кайрылуусунун өчүү тутуму менен жабдууланган АКсин сүйрөтүү жол-жоболору караштырылышы керек, анда пин:
АКсинин тибине шайкеш болушу керек;
АКсинин шассисинин тумшук түркүгүнө кошуу учуруна чейин туура орнотулушу керек;
АКсинин шассисинин тумшук түркөгүнөн водила кошулуудан чыккандан кийин четтетилүүсү керек.
көрүнүүсү начар же перрондун начар жабуусу менен шарттарында АКсин сүйрөтүүнү камсыздоочу жол-жоболору караштырылышы керек, сүйрөтүү ылдамдыгы ченемдүү шарттагыга карагандан ылдыйыраак болушу керек.
АКсин токтоткондон кийинки жол-жоболорду бүтүрүү боюнча жана водиланы тумшук түркөгүнө кошулуудан бошотуунун алдында, АКсин турук тормозуна коюу жана бурулууга уруксааттын көрүнөө белгилерин алганга чейин ушул абалда кармоо жөнүндө экипаждан көрсөтмө алууну камсыздаган жол-жоболору караштырылышы керек. Жол-жоболор жердеги персонал АКсинин турук тормозуна коюлгандыгынын тастыктаганын камсыздашы керек;
өзүнүн тартылуусу менен АКсин бурууну баштоонун алдында жердеги тейлөөчү персонал төмөнкүлөргө милдеттүү:
бурууну аткаруу үчүн кандайдыр-бир тоскоолдуктардын жоктугу жөнүндө тийешелүү белгини АКсинин экипажына көрсөтүү;
АКсинин экипажына пинди көрсөтүү;
АКсинин экипажынан тийешелүү тастыктоону алуу.
АКсин жыйноо боюнча кызматтар:
төмөндөгүлөрдү аткаргандан кийин АКсин ичиндеги жыйноо боюнча уюмдун персоналына жумушка киришүүсүнө жол берилет:
өндүрүштө теориялык жана практика түрүндөгү окууларды өтүү жана өз алдынча жумуштарга жолберме алуу;
кооптуу нерселерди тапкан учурдагы кыймыл-аракеттердин тартиби жөнүндө нускоолордон өтүү;
санитардык минимум боюнча окуудан өтүү;
өздүк санитардык китепчесине белги койдуруу менен тийешелүү медициналык кароодон өтүү.
АКсинин ичин жыйноо боюнча кызматтары АК ЖТ технологиялык графигине ылайык аткарылат;
АКсин жыйноо боюнча уюм АКсинин чыгаруучусу уруксаат берген тийешелүү жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттар жана жабдуулар, инвентарь, индивидуалдык коргонуу каражаттары, АКсинен алынган калдыктарды чогултуу жана убактылуу сактоочу аянтчага ташуу үчүн атайын машина менен камсыздалышы керек. Автомобиль персоналды жана калдыктарды ташуу үчүн бөлүнүүсү керек;
АКсин жыйноо боюнча уюму, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды, чыгым материалдарды, авиакомпаниянын сервис материалдарын, инвентарларын сактоо, жуучу/дезинфекциялоочу кошулмаларды даярдоо үчүн жайлары менен камсыз, колдонулган кошулмаларды төгүү үчүн канализацияга ээ болушу керек;
жыйноочу каражаттар так маркирленүүсү керек;
АКсинин салонун жыйноо эгер авиакомпания менен келишимде башка каралбаса, экипаждын же авиакомпаниянын өкүлүнүн байкоосунун алдында аткарылат;
Жүктөөнү контролдоону аткарган ЖТ боюнча уюмдар үчүн:
жүктөө жана АКсин центровкалоо эсеби жөнүндө маалымат алмашууну камсыздоочу жол-жоболору караштырылышы керек, алар:
кагаз же электрондук түрдө документтештирилиши керек;
АКсинин жөнөтүлөөр алдындагы акыркы центровкалоо жана АКсинин салмагынын эсеби үчүн жооптуу адам үчүн жеткиликтүү болушу керек.
центровка жана салмак эсеби менен байланышкан дал келбөөчүлүктөдүн пайда болгон учурунун жол-жоболору караштырылышы керек;
АКсинин командирине тийешелүү жана/же сураган маалыматын кечиктирүүсүз берүү;
АКсинин салмак эсебинин жана центровкасынын жазылмалары менен файлдын комплекттелүүсүн жана төмөндөгү талаптардын аткарылуусун камсыздоочу жол-жоболору караштырылышы керек:
ар бир каттам боюнча файлдар заказчы авиакомпаниянын талаптарына ылайык сакталат;
АКси учкандан кийин жыл ичи сакталуучу файлдар.
авиакомпаниялардын талаптарына ылайык ар бир АКни жүктөө боюнча нускаманы чыгарууну камсыздоочу жол-жоболор караштырылышы керек;
ар бир каттамды жүктөөнү пландоону камсыздаган жол-жоболору караштырылышы керек, ал төмөндөгүлөрдү өзүнө камты шы керек:
АКсин тейлөө үчүн даярдоо;
отунду бөлүштүрүү жана куюу (авиакомпаниялардын талаптары боюнча);
самолеттун, экипаждын, борттук тамак-аштын жабдууары;
АКсинин жайларындагы жүктөө үчүн жабдуу;
жүктөөнүн жол жайында жайгаштырууга пландаштырылган;
АКсинин чектөөлөрү;
Атайын жүктөө тууралуу талаптар.
ар бир рейсти камсыздоо үчүн төмөндөгүлөрдү иштеп чыгууну камсыздоочу жол-жоболору караштырылышы керек:
керек учурда салмактын жана центровканын алдын ала эсеби;
АК тибинин түзүмдү чектөөсүнөн ашпаган салмак эсеби;
АКсинин так центровкасын.
АКсинин салмагын жана центровкасын эсептөө процессин камсыздоочу жол-жоболору караштырылышы керек, ал:
авиакомпаниялар берген АКсинин салмагы жана центровкасы жөнүндөгү учурдагы маалыматтарга базаланат;
Авиакомпаниялардын талаптарына ылайык АКсинин иш жүзүндөгү жүктөлүүсүн эсепке алат.
авиакомпаниялардын талаптарына ылайык АКсинин салмагын жана центровкасын эсептөөдө жүргүнчүлөрдүн жана алардын жол жүктөрүнүн салмагын эсептөөнү камсыздоочу жол-жоболору караштырылышы керек;
авиакомпаниянын талаптарына ылайык экипаждын орундарында саякаттоочу адамдардын салмагын (CrewSeats) эсептөөнү камсыздоочу жол-жоболору караштырылышы керек;
жүктөө боюнча нускаманы/отчетту даярдоону жана чыгарууну камсыздоочу жол-жоболору караштырылышы керек, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
жүктөө боюнча нускама;
түшүрүүнү, жүктөөнү, транзиттик жүктөөнү жана кайрадан жүктөөнү;
жүктөө нускамасы менен кайчы пикир боюнча жазуулары үчүн өзүнчө бөлүгү бар жүктөө боюнча отчет;
жүктөө үчүн жооптуу адамдын кол тамгасы;
АКсинин жол жүк жайындагы жүктөө позицияларын бөлүштүрүү.
АКсинин командирине, АКсинин бортунда жүк катары ташылуучу коркунучтуу жүктөр жөнүндө так жана түшүнүктүү маалыматты (эрте болот, бирок учууга чейин 30 мүнөт ичинде) берүүнү камсыздоочу жол-жоболорду караштырылышы керек. Мындай маалымат өзүнө учуунун мурунку пунктунда жана андан аркы учууда ташылуучу коркунучтуу жүктөрдү камтышы керек.
эгерде ЖТ боюнча уюм жыйынтыктоочу-жүктөө ведомостун колго же электрондук түрүн даярдап чыгарса, анда төмөндөгүлөрдү камтыган жыйынтыктоочу-жүктөө ведомостунун АКсинин командирине берилүүсүн камсыздаган жол-жоболору караштырылышы керек:
АКсинин салмагы жана центровкасы жөнүндө так маалымат жана ошондой эле АКсинин тийешелүү тиби үчүн эксплуатациялык чектөөлөрдөн ашпаган самолет ичиндеги жүктөөнү бөлүштүрүү;
АКсинин тийешелүү тиби үчүн максималдуу жол берилген санынан ашпаган бортундагы жүргүнчүлөрдүн так саны;
жыйынтыктоочу-жүктөө ведомостуна киргизилген жана АКсинин командирине берилген маалыматтардын тактыгына жооптуу адамды идентификациялоо;
жүктөө боюнча отчету менен такташуу факты;
АКсинин иш жүзүндөгү жүктөлүүсү жөнүндө башка маалыматты.
АКсинде салмагы өзгөрүүлөрү жана жүктөөнү бөлүштүрүү боюнча өзгөрүүлөр аны чыгаргандан кийин пайда болгон учурда жыйынтоочу-жүктөө ведомостун оңдоону камсыздаган жол-жоболору болуш керек;
стандарттуу форматта төмөндөгү маалыматтарды даярдоону жана берүүнү камсыздоочу жол-жоболору болуш керек:
АКсинин жүктөлүүсү жөнүндө маалымат;
контейнерлердеги (паллетерде) жүктөөнү бөлүштүрүү жөнүндө кабар (CPM);
пакеттелүүчү каражаттарды эсепке алуу боюнча маалымат;
эгер авиакомпания талап кылса башкалар.
АКсин центровкалоо жана жүктөөнү контролдоо боюнча кызмат көрсөтүүчү ЖТ боюнча уюму, берилген ишмердүүлүк түрүн аткаруу үчүн тийешелүү программалык камсыздоосу болуш керек;
АКсин жүктөөнү контролдоо жана центровкалоо процесстеринде катышкан персонал зарыл окууну өтүшү жана тийешелүү тастыктама алышы керек;
Перрондо жана АКсинин турук ордунда кызмат көрсөтүү боюнча ЖТ процесстеринде катышкан персонал: АКсинин маршалингин жана токтотууну, жердеги жабдууларды колдонуу менен кызматтарын, АКсинин экипажы менен байланышын, АКсин сүйрөтүү жана тоңууга каршы иштеп чыгууну Перрондо жана АКсинин турук ордунда кызмат көрсөтүү боюнча ЖТ процесстеринде катышкан персонал тейленүүчү АКсинин тибине жана башка жумуштарга Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы тастыктамалаган окуу жайында зарыл болгон окуудан өтүп жана тийешелүү тастыктама алышы керек. Көрсөтүлгөн кызмат түрлөрү боюнча жумуштарды аткаруучу персоналга АК ЖТ аткаруу укугуна документ берилет, АК ЖТ анын болушу милдеттүү.
- Бөлүм.Жүктү жана почтаны тейлөөнү аткаруучу ЖТ боюнча уюм
175. Жүктү жана почтаны тейлөөнү аткаруучу ЖТ боюнча уюм төмөндөгү талаптарга жооп бериши керек:
ЖТ боюнча уюм экспорттук, импорттук транзиттик жана ички рейстер менен ташылуучу жүктөрдүн коопсуз сакталуусун камсыздашы керек. Жалпы жүктөрдү, тез бузулуучу жүктөрдү, коркунучтуу жүктөрдү, тирүү жандыктарды, баалуу жүктөрдү жана зыянга учураган жүктөрдү сактоо камсыздалышы керек;
кампаларды инвентаризациялоонун туруктуу процесси камсыздалышы керек;
импорт, экспорт жана ички каттамдарда ташылуучу жүктөрдүн өзүнчө сакталуусу камсыздалышы керек.
Ички каттамдарда ташылуучу жүктөрдү кабыл алуу үчүн караштырылган жалпы багыттагы кампалар бажы көзөмөл зонасынан тышкары жайгашышы керек.
кампалар өрт өчүрүүчү тутумдары, кол өрт өчүрүүчүлөр, видеобайкоо камералары, жүктөрдү өлчөө үчүн таразалар менен камсыз болушу керек;
видеобайкоо тутуму жүктөрдү сактоо зонасынын баардыгын камтышы керек;
кампаларга кирүү чектелиши керек жана жүктөргө/почтага санкциясыз кирүүгө жол бербөө максатында ыйгарым укуктуу адамдардын коштоосунда гана аткарылат;
жүктөр сактоого кабыл алынбаган жана кардарларга берилбеген мезгилде кампалар жабык жана пломбаланган болушу керек;
жүктү/почтаны сактоого кабылалууда же контролдолуучу зонага киргизүүдө авиациялык коопсуздукка контрол жургүзүлүшү керек;
ЖТ боюнча уюм почталык жөнөтүүлөрдү сактоону камсыздаса почта оператору менен өз ара кызматташуунун технологиясын иштеп чыгышы керек;
жүктү сактоого кабыл алуу авиакомпанияда таризделген авиациялык жүк жолбарагынын негизинде аткарылат. Жүктөрдү сактоого башка ташуу документтеринин негизинде кабыл алуу авиаташуучу менен макулдашуу боюнча аткарылат;
коркунучтуу жүктөрдү сактоого кабыл алуу “Коркунучтуу жүктөрдү жөнөтүүчүнүн декларациясынын” негизенде жана тийешелүү категориясы үчүн таризделген “Коркунучтуу жүктөрдүн контролдук барагынын” бар болуусунда аткарылат;
коркунучтуу жүктөрдү кабыл алуу үчүн орундун бөлүнүшү камсыздалышы керек;
коркунучтуу жүктөрдү кабыл алуу зонасы, коркунучтуу жүктөрдүн категориялары жана аларды ЖАЭУнун стандарттарына ылайык бөлөк сактоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү маалыматтык плакаттар менен жабдылышы керек;
убактылуу сакталуучу кампаларына жүктөрдү сактоого алуу, авиациялык жүктөр жолбарагына мөөр коюу жолу менен бажы органынын уруксааты менен гана кабыл алынат;
жүктү сактоого кабыл алууда көрсөтүлгөн маалыматка ылайык өлчөмүнүн жана салмагынын авиациялык жүктүк жолбарагында көргөзүлгөн маалыматка дал келүүсүн, маркирлөөсүнүн жана тийешелүү ярлыктарынын болуусун текшерүү камсыздалышы керек;
жүк АКсинин жол жүк жайынын өлчөмдөрүнөн ашпашы керек;
жүк жөнөтүүчү таңгакталуу жана маркирлөөнүн туура болушу үчүн жооптуу;
эгер таңгак экинчи ирээт колдонулуп жатса анда мурунку маркирлөөнүн жок кылынышы текшерилиши керек;
жуктү сактоого алгандан кийин ушул жүктүн эсеби, орун саны жөнүндө маалыматы, жүктү жөнөтүү пландаштырылган каттамдагы сактоо орду камсыздалышы керек;
ЖАЭУунун талаптарына ылайык коркунучтуу жүктөрдү өзүнчө жана бөлөк сакталуусу камсыздалышы керек. Сактоо зонасы ЖАЭУунун стандарттарына ылайык алардын бөлөк сакталуусунун өзгөчөлүктөрү жана коркунучтуу жүктөр категориясы жөнүндөгү маалымат плакаттары менен камсыздалышы керек;
сактоонун температуралык режимин талап кылган жүк, талап кылынган температуралык режимге ылайык сакталуусу керек. Муздатуу жана тоңдуруу камераларындагы температуранын мониторингин дайыма аткарылышы керек;
Тирүү жаныбарлар жаратылыш шайкештик эске алып жана температуралык режимин сактап, тийешелүү вентиляцияланган өзүнчө жайда сакталышы керек. Тирүү жаныбарларга тамактандыруу жана сугаруу процедуралары караштырылышы керек.
жүктү сактоого кабыл алгандан кийин жүктүн зыянга учуроосу байкалган учурда, жүк авиациялык коопсуздукка кайрадан контрол өтүшү, салмагы таразага тартылышы керек жана көрсөтүлгөн жүктүн мындан аркы кыймыл аракетин жөнүндөгү чечимди кабыл алуу максатында авиакомпаниянын өкулүнө кабар берүү зарыл. Мындай чурда авиакомпаниянын өкүлү таанышырылган жүктүн зыянга учуроосу жөнүндө Акт түзүлөт;
жүктү кароо, кайрадан таңгактоо, маркирлөө, бузулууларын оңдоо ЖТ боюнча уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда гана аткарылат;
ЖТ боюнча уюму келишимде башкасы каралбаса, анда жүктүк манифестти чогултууну камсыздашы керек;
АКсин центровкалоону аткаруучу компаниянын рейсине жүктөө боюнча маалыматтын берилүүсү камсыздалышы керек;
жүктүн сакталуусун камсыздоочу ЖТ боюнча уюму АКсинен/сине жүктү транспорттоо жана комплекттөө жол-жоболорун аткарбаган учурда, материалдык баалуулуктарды өткөрүү/кабыл алуу жол-жоболорун жана жоопкерчилигин аныктоо максатында башка уюмдар менен өз ара кызматташуу технологиясы аныкталышы керек;
АКсинде сактоого келген жүктөрдү кабыл алуу жүктүк манифесттин жана авиациялык жүктүк жолбарагынын негизинде аткарылышы керек. Жүктүк манифестте, жүктүн саны боюнча АКсинен кабыл алган адамдын кол жазмасы жана коштоочу документтери болушу керек;
АКсинде келген жүктөрдү сактоого кабыл алууда орундардын саны жана таңгактын абалы текшерилиши керек;
АКсинде келген жүктөр өзүнүн категориясына ылайык сакталышы керек;
аба транспортунда келген/жөнөтүлгөн жүктүн эсеби камсыздалышы керек;
жүктү сактоого кабыл алгандан кийин тейлөөчү компания жүк алуучуну жүктүн келгендиги тууралуу кабар берүүсү камсыздалышы керек;
жүк документтери жок жана документтер жүгү жок келген учурда жүктүн зыянга учуроосу жөнүндө акт түзүлөт. Тейлөөчү компаниянын жогоруда айтылган документтерди жана жүктөрдү иштеп чыгуу боюнча тийешелүү жол-жоболору болушу керек;
жүк алуучуга жүктү берүү учурунда жүктү алгандыгы жөнүндөгү далили таризделиши керек;
рейске жүктөрдү комплекттөө жүктүк манифесттин негизинде аткарылышы керек;
Комплекттөөнү/комплектин бузууну жана /же транспорттоону аткаруучу ЖТ боюнча уюму, материалдык баалуулуктарды кабыл алуу/өткөрүү жол-жоболорун жана жоопкерчилигин аныктоо максатында, жүктөрдүн сакталуусун камсыздоочу тейлөөчү компания менен өз ара кызматташуу технологиясы болушу керек.
комплекттөө/комплекти бузуу процесси бастырма алдында жүргүзүлүшү керек;
жүктөрдү авиациялык паллеттерге/контейнерлерге комплекттөө мындан ары ПСК авиакомпаниянын өкүлүнүн же персоналынын жетекчилигинин астында аткарылышы керек;
ташуу пландаштырылган АКсинин классына ылайык жүктөрдү комплекттөө жол-жоболорунун убакыт параметрлери бекитилиши керек;
ПСК зыянга учураганы табылган учурда тейлөөчү компания авиакомпаниянын өкүлүнө кабар бериши керек. Зыянга учураган ПСК жүктү/почтаны комплекттөөгө тыюу салынат;
комлекттөө/комплектин бузуу жол-жоболорун аткаруучу ЖТ уюм, паллетти, контейнерлерди, торчолорду, курларды, швартовкалоочу чынжырларды жана башка материалдардын уурдалуусунун же санкциясыз пайдалануусунун алдын алышы керек;
ПСК атайы жабдууланган орунда сакталуусу керек. ПСК жерде сактоого тыюу салынат. ПСК жабык шторкасы/эшикчелери менен сакталышы керек.
176. Борттук тамак-ашты жеткирип берүүнү аткаруучу ЖТ боюна уюмдары төмөндөгү талаптарга жооп бериши керек:
борттук тамак-ашты жеткирип берүү процессине катышкан персонал тийешелүү теориялык окуудан, практикалык стажировканы өтүшү жана өз алдынча иштөөгө жолберме алышы керек;
борттук тамак-аштын жана борттук камдардын авиациялык коопсуздукка контрол аркылуу өтүшүн камсыздашы керек;
цехтен чыгып бара жаткан борттук тамак-аш жана борттук камдар менен транспорттук каражаттардын баары пломбаланышы керек;
борттук тамак-аш транспорт каражаттарынын кыймылынын маршруттары жана алардын турук орундары аныкталышы керек;
АКсине/синен келүү/кетүүсүн аткаруу ЖТ үчүн жооптуу адамдын уруксааты жана келүү/кетүүсү үчүн жооптуу адамынын жетекчилиги астында аткарылат;
АКсинин бортуна борттук тамак-ашты жүктөө жол-жоболору иштелип чыгышы керек.
177. АСин тоңго каршы иштеп чыгууну аткарган ЖТ боюнча уюмдары төмөндөгү талаптарга жооп бериши керек:
АСин жердеги тоңуусунан коргоо жана тоңго каршы иштеп чыгуу боюнча жумуштарын аткаруусун регламенттөөчү документ болуп, ушул аэропортко учууларды аткаруучу авиакомпания иштеп чыккан АСин жердеги тоңуудан коргоо жана тоңго каршы иштеп чыгуу боюнча Колдонмо (Программасы) эсептелет.
ЖТ боюнча уюму ушул аэропортко учууларды аткаруучу авиакомпания иштеп чыккан жана тартуулаган АКсин жердеги тоңуудан коргоо жана тоңго каршы иштеп чыгуу боюнча колдонмону пайдаланат.
көрсөтүлгөн жол-жоболорунун өзгөчөлүгүн жана спецификасын эсепке алып АКсин жердеги тоңуудан коргоо жана тоңго каршы иштеп чыгуу боюнча өзүнүн колдонмосун иштеп чыгып жана пайдаланууга жол берилет. Бул учурда Колдонмо тейлөөчү авиакомпаниялар менен жактырылат жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы менен макулдашылат;
АКсин жердеги тоңуудан тоңго каршы иштеп чыгуу, тоңго каршы иштеп чыгуу өтүнмөсүнө ылайык аткарылат.
ЖТ боюнча уюму, ЖТ жана АКсин тоңго каршы иштеп чыгууга документтерин тариздөөнүн үлгүсүнө ээ болушу керек. Үлгү жердеги персоналдын баардыгы үчүн жеткиликтүү болушу керек.
АКсин тоңго каршы иштеп чыгуу үчүн тастыктамаланган жабдуулардын зарыл болгон санына ээ болушу керек;
АКсин тоңго каршы иштеп чыгууну аткарган ЖТ боюнча уюму төмөндөгүлөргө ээ болушу керек:
тоңго каршы суюктукка Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык экспертизасынын корутундусунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
тоңго каршы суюктуктун сапатын далилдөөчү документи, шайкештиги жөнүндөгү корутундусунун паспорту же сапат тастыктамасы;
эл аралык стандартынын талаптарына анын шайкештиги жөнүндөгү суюктуктун эл аралык лабораторияда квалификациялуу текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндөгү корутундунун көчүрмөсү;
заттын/материалдын коопсуздук паспортунун көчүрмөсү;
өндүргөн завод берген суюктукту колдонуу боюнча нускамасынын түп нускасы;
Кыргыз Республикасынын территориясында продукциясын сатууга өндүрүүчүнүн сатуучуга берген ишеним катынын түп нускасы;
АКсин тоңго каршы иштеп чыгуу боюнча технологиялык процесстеринде колдонулуучу тоңго каршы суюктуктарга мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык экспертизасынын корутундусу;
Ушул суюктуктарды колдонуу менен АКсин тоңго каршы иштеп чыгуу боюнча технологияларга мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык экспертизасынын корутундусу;
тоңго каршы суюктукту сактоо учүн тийешелүү резервуарлары болушу керек;
тоңго каршы суюктуктарды сактоо өндүрүүчүлөрдүн тийешелүү талаптарына жараша аткарылышы керек;
күз-кыш мезгилинде рейстерди тейлөөнү камсыздоо үчүн зарыл болгон суюктуктардын эсеби болушу керек;
тоңго каршы суюктуктардын сапатын контролдоо камсыз болушу керек;
АКсин тоңго каршы иштеп чыгуусун аткаргандан кийин финалдык текшерүүсү (АКсин тоңго каршы иштеп чыгуунун сапатынын контролу) камсыздалышы керек;
АКсин тоңго каршы иштеп чыгууну аткарган персонал, АКсинин экипажына төмөндөгү маалыматты камтыган тоңго каршы иштеп чыгуунун кодун берет:
суюктуктун тиби;
суюктуктун маркасы;
суюктуктун концентрациясы;
тоңдон коргоо үчүн АКсин иштеп чыгуунун башталган убагы;
Финалдык текшерүүнүн аткарылгандыгын тастыктоо (АКсин тоңго каршы иштеп чыгуунун сапатынын контролу)
17 - Бөлүм. Аэродромдун/аэропорттун территориясында жердеги башкарууну камсыздоочу аэродромдун/аэропорттун эксплуатанты
178. Аэродромдун/аэропорттун территорияснда жердеги башкарууну камсыздоочу аэродромдун/аэропорттун эксплуатанты:
жердеги кыймыл жана транспорттук каражаттарды жана ЖТКтарын аэродромдо (аэропортто) жайгаштыруу эрежелерин иштеп чыгышы керек;
АКсин жайгаштыруу жана рулдоо боюнча нускамасын иштеп чыгышы керек;
рейстердин токтотулганынын аныктамасынын жана классификациясынын жол-жоболорун иштеп чыгышы керек;
аэропортто координация слотун аткарышы керек;
аэродромдогу (аэропорттогу) учуулар коопсуздугун жана авиациялык коопсуздугун координациялоо жана контролдоо үчүн жооп тартышы керек;
персоналга жана транспорттук каражаттарына жеке өткөрмө алуу үчүн тартибин жана талаптарын иштеп чыгышы керек;
аэропорттогу ички маалыматтын табелин иштеп чыгышы керек;
УКБК жана АКП иштеп чыгып жарандык авиация органы менен макулдашышы керек;
аэродромдогу көрүнүүсү чектелген шарттагы жумуштар боюнча жол-жоболорун иштеп чыгышы керек.
| “жердеги тейлөө боюнча уюмдарды тастыктамалоо” 21 - Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине 1 Тиркеме |
Арыз ээсинин бланкында басылат
Жарандык авиация органынын жетекчисине
__________________________________
(Фамилиясы, аты, атасынын аты)
____________№_____________________
АРЫЗ
________________________________________________________________
(Ишкананын толук аталышы)
атынан ____________________________________________________
(ишкананын жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты)
____________________________ Шайкештик тастыктамасын берүүсүн өтүнөт
(Ишкананын толук аталышы)
1. Арыз ээсинин юридикалык дареги___________________________________
2. Арыз ээсинин турган жери______________________________________
3. Арыз ээсинин телефону_________________________________________
4. Арыз ээсинин факсы___________________________________________
5. Арыз ээсинин E-mail ____________________________________________
6.ИУЖК коду ____________________________________________________
(ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун коду)
7. Эсеп счету ________________________________________________
8. мындан мурунку берилген_____________, Тастыктаманын №_________,
иштөө мөөнөтү _________________
9. тастыктамалануучу жердеги тейлөө боюнча кызматтарынын багыты жана түрү
________________________________________________________________________________________________________________________________
10. кол коюу укугу бар адамдардын кызмат орду жана фамилиясы, аты , атасынын аты
________________________________________________________________
11. Арыз ээси тастыктамалоонун баардык шарттарынын жана тастыктамалоону өткөрүүгө кеткен чыгымдарды төлөөгө милдеттеме алат
12. арызга тиркелген документтердин тизмеси:
Мен, ____________________________________________________________
(ишкананын жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты)
Ушул Арызда көрсөтүлгөн маалымат жана берилген документтер так жана чын экендигин күбөлөндүрөм.
КР мыйзамдарын жана ченемдик документтердин талаптарын сактоого жана авиация коопсуздугун камсыздоого көмөктөшүүгө милдеттеме алам.
| “жердеги тейлөө боюнча уюмдарды тастыктамалоо” 21 - Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине 2 Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы
ШАЙКЕШТИК ТАСТЫКТАМА№ ______
ЖТ боюнча уюмдун аталышы _____________________
Тастыктаманын иштөө мөөнөтү_____________________________
ЖТ боюнча уюмдун негизги ишмердүүлүк кылган жери _______
ушуну менен ____________________ ЖТ боюнча уюму “жердеги тейлөө боюнча уюмдарды тастыктамалоо” 21 - Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына жооп берет экендиги аныкталат. жердеги тейлөө боюнча кызматтардын багыттары жана түрлөрү _____________________________________________________ ______________________________________________________ _______________________________________________________ ________________________________________________________ ________________________________________________________
Негиздемеси: 20__ж. “___”__________ Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын комиссиясынын корутунду акты
Ушул тастыктама жердеги телөө боюнча Колдонмодо көргөзүлгөн шарттарын сактаган учурда иштейт.
Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын жетекчиси ___________________ (Ф.А.А)
_____________________ (Колу) «____»________20___г. |
| “жердеги тейлөө боюнча уюмдарды тастыктамалоо” 21 - Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине 3 Тиркеме |
Уставга киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору (эгер болсо)
Юридикалык жактардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү жөнүндөгү маалымкаты.
Аэродромдун/аэропорттун инфраструктурасын пайдаланууга аэродромдун/аэропорттун (аэродромдун эксплуатантынын жердеги тейлөө боюнча түзүмдүк бөлүмүнөн тышкары) эксплуатанты менен эки тараптуу кол коюлган генералдык келишим.
Жердеги тейлөөнү аткарууда үчүнчү жакка келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти камсыздоо келишими.
Түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндөгү Жобо.
Жердеги тейлөө боюнча Колдонмо (жумуштарды аткаруу боюнча Колдонмо)
Бөлүмдөр арасында же башка уюмдар менен аэродромдун/аэропорттун эксплуатанты менен өз ара кызматташуу технологиялары.
Перрондук механизациялаштыруу каражаттарынын жана атайын техниканын тизмеси, тиби, саны жана атайын техниканы эксплуатациялоого жана каттоого уруксааттын көчүрмөсү менен колдонулат.
Авиациялык коопсуздук жана учуулар коопсуздугун камсыздоо боюнча жооптуу адамды дайындоо жөнүндө буйругу.
Учуулар коопсуздугун башкаруу боюнча Усулдугу.
Жердеги тейлөөнү аткарган уюмдун авиациялык коопсуздук программасы.
Ушул Эрежелердин 5 тиркемесинде келтирилген форма боюнча персонал жөнүндө маалымат.
Кыргыз Республикасынын иштеп турган мыйзамында же ченемдик укуктук актыларында бул чөйрөдө ишмердикти ишке ашырууга каралган уруксат кагаздары, сертификаттар жана башка документтер.
| “жердеги тейлөө боюнча уюмдарды тастыктамалоо” 21 - Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине 4 Тиркеме |
Ишмердүүлүк сферасы
__________________________________________________________
ЖТ боюнча уюмдун аталышы
Иштердин аталышы (кызматы) | тастыктамалоо аткарылуучу ченемдик документтер |
| |
|
|
| |
|
|
_________________________________ ____________
Жетекчинин Ф.А.А. колу М.О.
| “жердеги тейлөө боюнча уюмдарды тастыктамалоо” 21 - Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине 5 Тиркеме |
Кадрдык курамы
________________________________________________________
ЖТ боюнча уюмдун аталышы
Ф.А.А. | Кызмат орду | Өндүргөн жумуштар түрү | Базалык билими | Акыркы кайрадан даярдоодон өткөндүгү | жалпы / адистиги б/ча |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
________________________________ ____________
жетекчинин Ф.А.А. колу М.О.
| “жердеги тейлөө боюнча уюмдарды тастыктамалоо” 21 - Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине 6 Тиркеме |
Темалары | Функциялары | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
1) | баары | баары | баары | баары | баары |
2) | баары | баары | баары | баары | баары |
3) | а-е, з-о | баары | баары | баары | баары |
4) | баары | баары | баары | баары | баары |
5) | баары | баары | баары | баары | баары |
6) | баары | баары | баары | баары | баары |
7) | баары | баары | баары | баары | баары |
8) | баары | баары | баары | баары | баары |
9) | а-в, д-ж | а-в, д-ж | а-в, д-ж | баары | баары |
10) | х | х | х | баары | баары |
Мында:
§1. Функциялары
Функция 1: Аэродромдо өзүнүн милдетин аткарган персонал.
Функция 2: аэродромдо– сүйрөгүчтөрдү, транспортерлорду, жүктөгүчтөрдү ж.у.с. базалык ЖТКтарын эксплуатациялаган персонал.
Функция 3: 2 функциядай дагы атайын жабдуу бирок чектөөсүз АКсин сүйрөө үчүн жабдуу, контейнер/паллет жүктөгүчтөр, De-icers, УК машиналары, АКсин сүйрөтүүнү жана АКсин ЖТ боюнча жумуштарды аткаруусу контролдоону аткарган персонал.
Функция 4: Биринчи деңгээлдеги өндүрүш менеджерлери анын ичинде милдеттерине персоналды жана жабдууларды бөлүштүрүү, өндүрүштүк ишмердүүлүктү контролдоо кирген персонал.
Функция 5: Аэропорт башкармалыгынын менеджерлеринин деңгээли, алардын милдеттемелерине ресурстарды пландоо, эмгектин жана саламаттыктын сакталышын камсыздоо, чыгымдарды жана учуулар коопсуздугун башкаруу тутумунун иштешин контролдоо кирет.
§2. Жердеги перссоналды окутуу программаларынын мазмуну:
учуулар коопсуздугунун философиясы:
компаниянын УК жана УК программасы жаатындагы саясаты;
Администрациянын жана персоналдын УК камсыздоо жаатындагы жоопкерчилиги жана милдеттемелери.
УК ченемдик базасы:
SARP дин УК жаатындагы талаптары;
УК боюнча улуттук талаптары;
аэропорттун УК боюнча талаптары;
Коопсуздук техниканын жана эмгекти коргоо талаптары.
Коркунуч булактары:
автотранспорттун кыймылы;
жөө жүрүү кыймылы;
АКсинин кыймылы;
реактивдүү кыймылдаткычтар;
винттүү АК жана вертолеттор;
самолет антеннасы жана башка чыгып турган АКсинин бөлүктөрү;
ЖТК жана перрондук механизация каражаттары;
АКсине куюу жана отундун төгүлүшү;
татаал аба ырайы шарттарынын классификациясы;
түнкү убактагы жумуш;
бийиктиктеги жумуш;
сыйгалануу, жылуу жана жыгылуу;
ызы-чуу;
жүктөө-түшүрүү жумуштары.
Адамдык фактор:
персоналдын мотивациясы жана өз ара катнаш;
адамдын иш-аракетинин өзгөчөлүктөрү;
баарлашуу эрежелери;
стресстер;
эргономика;
наркотик жана алкогол колдонуудагы эффект;
чарчоо;
убакыттын житишсиздигинин таасири;
жетекчи менен өз ара байланыш;
кырдаалды баалоо;
бригадалык жумуштар
Аэродромдогу маркирлөөлөр жана багыттоочтор.
Авариялык кырдаалдар:
маалымдоо;
өндүрүштүк травматизм;
АК жаатындагы коркунучтар;
агып кетүүлөр;
авариялык жар салуучулар жана өчүргүчтөрдүн жайгашуу орундары;
отундун агып калуулары;
АКсинин экипажына авариялык кырдаал жөнүндө берилүүчү кол сигналдары;
өрт;
татаал аба ырайы шарттары;
Эвакуация тутумдары.
FOD эскертүү программасы.
Жеке коргонуу:
кийим жана жабдуу – жарык чагылдыруучу кийим;
угуу органы,көз, бут, тизе, чыканак, кол үчүн коргоо каражаттары;
саламаттыкты сактоо программа;
адамдын булчуң-сөөк аппаратынын зыянга учуроосунун алдын алуу программасы;
Аба ырайынын ден-соолукка таасири.
Кырсыктар жана инциденттер:
кырсыктар жана өндурүштүк травматизм;
АКсинин, АИнын инфраструктурасынын жана ЖТК зыянга учуроосу;
кабарлоо;
териштирүү;
эскертүү;
кырсыктын жана инциденттердин баасы;
тобокелдиктерди баалоо.
Учуулар коопсуздугун башкаруу:
кабарлоо тутумун жаратуу;
УК абалынын мониторинги;
аэропорттук ишмердүүлүктү координациялоо;
жумуштарды башкаруу;
чечим кабыл алуу;
пландоо.
§3. Транспорттук каражаттардын айдоочуларын даярдоонун атайын программасы:
транспорттук каражаттын (ЖТК) айдоочусунун/операторунун ролу жана жоопкерчилиги;
транспорттук каражаттардын (ЖТК) стандарттык жабдуулары;
аэродромдо жүрүүдөгү коркунучтар жана алардан пайда болуучу кооптуулук;
чектелген көрүнүү процедурасы;
кырсыктар жана инциденттер жөнүндө кабарлоонун тартиби;
перрондор, АКсинин туруктары жана аэродромдук жолдору;
аэродромдун тутуму, АК туругу, транспорттук каражаттарынын (ЖТК) кыймылы үчүн коридорлор, АКсин рулдоо маршруттары;
транспорттук каражаттардын (ЖТК) аэродромдогу кыймыл эрежелери;
маневрлөө зонасы;
транспорттук каражатты (ЖТК) эвакуациялоо эрежелери.