Загрузка документа…
КР Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА, ТАМАК-АШ ӨНӨР ЖАЙЫ
ЖАНА МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУГУ
2018-жылдын 14-ноябры №2
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы № 254 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун негизинде,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин компетенциясына кирген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү административдик регламенттери бекитилсин:
- 1-тиркемеге ылайык жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантиндик объекттерди аныктоого айыл чарба жерлерин, көчөттөрдү, иши өсүмдүктөрдөн алынуучу продукциялар, үлгүлөрдү алуу жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан ишканаларды жана ага жанаша жайгашкан аймактарды изилдөө (энтомологиялык экспертиза, гербологиялык экспертиза, фитопатологиялык экспертиза);
- 2-тиркемеге ылайык экспорттоо максатында карантинге алынчу продукциянын карантиндик фитосанитардык абалын аныктоо, анын ичинде бардык фитосанитардык анализдердин жана экспертизалардын бардык түрлөрү менен аныктоо, карантинге алынчу продукциянын карантиндик фитосанитардык карантин абалы жөнүндө корутунду/фитосанитардык документтерди берүү;
- 3-тиркемеге ылайык карантинге алынчу продукцияны, транспорт каражаттарын зыянсыздоо, кампа жайларды өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоо ченемдерине жана эрежелерине ылайык профилактикалык фитосанитардык зыянсыздоо жана зыянсыздалганын ырастоочу документти берүү.
2. Ченемдик укуктук актынын көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде 2 (эки) нускада, кагаз жана электрондук түрдө, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн жиберилсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | Н.Мурашев |
1-тиркеме
Мамлекеттик кызматтын
АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча
карантиндик объекттерди аныктоого айыл чарба жерлерин, көчөттөрдү, иши өсүмдүктөрдөн алынуучу продукциялар,
үлгүлөрдү алуу жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан ишканаларды жана ага жанаша
жайгашкан аймактарды изилдөө (энтомологиялык экспертиза, гербологиялык экспертиза, фитопатологиялык экспертиза)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасы, 19-1 пункту
1. Жалпы жоболор
1. Аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан ишке ашырылат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы №254 токтому менен бекитилген тийиштүү кызмат көрсөтүү стандарттарынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
1) Жалпы кызмат көрсөтүү мөөнөтү: 5 күнгө чейин;
2) Изилдөө боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги:
а) жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантиндик объекттерди аныктоого айыл чарба жерлерин, көчөттөрдү, иши өсүмдүктөрдөн алынуучу продукциялар, үлгүлөрдү алуу жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан ишканаларды жана ага жанаша жайгашкан аймактарга изилдөө (энтомологиялык экспертиза, гербологиялык экспертиза, фитопатологиялык экспертиза) жүргүзүүгө берилген арыз;
б) ким экендигин ырастаган документ;
в) кызмат көрсөтүү акысы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
г) юридикалык жактын атынан, анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу (ишеним кат) кошумча документ берет.
3) Кызмат көрсөтүү акысы – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүү акысы агрардык өнөржай комплекси жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылган баалардын прейскурантында көрсөтүлгөн (www.agroprod.kg). Акы төлөө шарттары: төлөөгө берилген эсептин негизинде накталай эмес эсептешүү.
4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:
- Карантиндик объекттерди аныктоо;
- лабораториялык экспертиза жүргүзүү;
- карантинге алынуучу продукциянын коопсуздугун камсыздоо, анын жыйынтыгы боюнча карантиндик фитосанитардык экспертиза жөнүндө күбөлүк жана текшерүү актысы же карантиндик сертификат толтурулат.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
4. Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболордун топтомунан турат:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Арызды кабыл алуу жана изилдөө жүргүзүү үчүн тапшырылган документтерди алдын ала карап чыгуу
| Арызды карап чыгуу жана каттоо, изилдөө жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу жакты дайындоо |
2. | Карантиндик фитосанитардык изилдөө жүргүзүү | Изилдөө методун тандоо жана изилдөөнү жүргүзүү |
3. | Лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү (сынамдарды) тандап алуу
| Үлгүлөрдү (сынамдарды) белгиленген санда тандап алуу жана аларды тариздөө, лабораторияга жөнөтүү |
4. | Карантиндик лабораториялык экспертизаны жүргүзүү жана корутунду берүү – Карантиндик фитосанитардык экспертизнын күбөлүктөрү
| Өсүмдүктөрдүн жана отоо чөптөрдүн зыянкечтеринин, ооруларынын түрүн аныктоо жана идентификациялоо үчүн экспертизаларды жүргүзүү |
2-таблица
Жол-жобонун жана иш-аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ | Иш-аракеттердин натыйжасы
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Арызды кабыл алуу жана жана изилдөө жүргүзүү үчүн тапшырылган документтерди алдын ала карап чыгуу | ||||
1.1 Иш-аракет Изилдөө жүргүзүүгө арызды кабыл алуу | Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн адиси
| 10 мүн. | - «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы (7-берене); - «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы (10-берененин 2-пункту); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы №376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө» жобосу - Евразиялык экономикалык бирликтин карантиндик объектттердин бирдиктүү тизмеги, Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №158 чечими; - Евразиялык экономикалык бирликтин бажы чек арасындагы жана бажы аймагындагы карантиндик продукцияларга жана карантиндик объекттерге коюлган бирдиктүү карантиндик фитосанитрадык талаптар, Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №157 чечими; - Евразиялык экономикалык бирликтин бажы аймагындагы өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуунун бирдиктүү эрежелери жана ченемдери, Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №159 чечими; | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү тартиби жана жол-жоболору жөнүндө кардарга маалымат берүү |
1.2 Иш-аракет Мамлекеттик кызматты алуу үчүн керектүү документтерди топтоо жана карап чыгуу
| 10 мүн. | А) Изилдөө жүргүзүүгө керектүү документтердин болушу Б) Документтер бекитилген талаптарга жооп бербесе, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| ||
1.3 Иш-аракет Арызды каттоо | 5 мүн. | Эгерде документтер талаптарга жооп берсе, арызды каттоо
| ||
3 иш-аракет | 1 адам | 25 мүн. чейин | 3 ЧУА |
|
1-жол-жобонун натыйжасы: Берилген документтерди карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантиндик объекттерди аныктоого айыл чарба жерлерин, көчөттөрдү, иши өсүмдүктөрдөн алынуучу продукциялар, үлгүлөрдү алуу жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан ишканаларды жана ага жанаша жайгашкан аймактарды изилдөө (энтомологиялык экспертиза, гербологиялык экспертиза, фитопатологиялык экспертиза) үчүн кызмат адамын дайындайт, же мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 25 мүнөткө чейин | ||||
Жол-жобонун түрү 1: Административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2. | ||||
2-жол-жобо. Карантиндик фитосанитардык изилдөө жүргүзүү | ||||
2.1 Иш-аракет Изилдөө жүргүзүү | Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу адиси
| 24 саатка чейин | 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө» жобо 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобо; 3) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин 2017-жылдын 27-февралындагы буйругу менен бекитилген Фитосанитардык сертификатты, реэкспорттук фитосанитардык сертификатты берүү боюнча нускама
| А) Изилдөөгө чыгуу Б) Лаборатория-лык экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандап алууга даярдануу
|
1 иш-аракет | 1 адам | 24 саатка чейин | 3 ЧУА |
|
2-жол-жобонун натыйжасы: Изилдөө жүргүзүү, лабораториялык экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандап алууга даярдануу. | ||||
2- жол-жобонун узактыгы: 24 саатка чейин | ||||
Жол-жобонун түрү 2: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3. | ||||
3-жол-жобо. Лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү (сынамдарды) тандап алуу | ||||
3.1 Иш аракет Үлгүлөрдү (сынамдарды) лабораториялык экспертизага тандап алуу
| Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу адиси
| 2 саатка чейин | 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобо; 2) ГОСТ 12430-66 Айыл чарба продукциясы. Карантиндик кароо жана экспертиза жүргүзүү учурунда үлгүлөрдү тандап алуу ыкмасы (№1, 2 өзгөртүүлөрү менен) ГОСТ 12430-66; 3) Евразиялык экономикалык бирликтин Коллегиясынын 2016-жылдын 10-майындагы № 41 чечими менен бекитилген Карантиндик фитосанитардык чараларды лабораторияларда камсыз кылуу тартиби;
| Тандалып алынган, таризделген жана таңгакталган үлгүлөр (сынамдар) өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга жеткирилет
|
3.2 Иш аракет Үлгүлөрдү (сынамдарды) тариздө жана таңгактоо | ||||
2 Иш аракет | 1 адам | 2 саатка чейин | 3 ЧУА |
|
3-жол-жобонун натыйжасы: Тандалып алынган, таризделген жана таңгакталган үлгүлөр (сынамдар) өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга жеткирилет. | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 2 саатка чейин | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4. | ||||
4-жол-жобо. Лабораториялык экспертизаны жүргүзүү жана лабораториялык корутунду берүү | ||||
4.1. Иш аракет Алынган үлгүлөрдү (сынамдарды) каттоо | Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын адистери | 20 мүнөткө чейин | 1) Евразиялык экономикалык бирликтин Коллегиясынын 2016-жылдын 10-майындагы № 41 чечими менен бекитилген Карантиндик фитосанитардык чараларды лабораторияларда камсыз кылуу тартиби; 2) Кыргыз Республикаснын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиораци министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директорунун 2017-жылдын 15-февралындагы №13 буйругу менен бекитилген Менеджмент системасынын жол-жоболору ЦЛКР – 13 3) Кыргыз Республикаснын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиораци министрлигинин 2015-жылдын 17-мартындагы №109 буйругу менен бекитилген карантиндик организмдерди идентификациялоо боюнча методикалык көрсөтмөлөр | Үлгүлөрдү (сынамдарды) экспертиза жүргүзүүчүлөрдүн арасында бөлүштүрүү
|
4.2. Иш аракет Лабораториялык экспертизаларды жүгүзүү: энтомологялык, гербологиялык, фитопатологиялык жана нематологиялык | 3 жумушчу күнгө чейин | А) Экспертизанын протоколун түзүү; Б) Карантиндик фитосанитардык экспертизанын күбөлүгүн берүү.
| ||
2 иш-аракет | 5 адам | 3 жумушчу күнгө чейин | 3 ЧУА |
|
Жол-жобонун натыйжасы: Карантиндик фитосанитардык экспертизанын күбөлүгүн берүү. | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 3 жумушчу күнгө чейин | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
5. Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритмдери)
1-схема. Арызды кабыл алуу жана изилдөө жүргүзүүгө берилген документтерди алдын ала карап чыгуу
2-схема. Карантиндик фитосанитардык изилдөөнү жүргүзүү
3-схема. Лабораториялык экспертиза үчүн үлгүлөрдү
(сынамдарды) тандап алуу
4-схема. Лабораториялык экспертизаны жүргүзүү жана лабораториялык корутундуну берүү
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
ички (учурдагы) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин жетекчиси ички көзөмөлдөө иштерин алып барат.
2) Ички көзөмөл кызмат адамдары жана кызматчылар тарабынан административдик регламенттердин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышына жана аткарылышына үзгүлтүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.
3) Текшерүүлөр ар кварталда бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын бузууларды жоюу чаралары текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат, ошондой эле күнөөлүү жактардын жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл жүргүзөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары справка түрүндө таризделет, бул справкага административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар киргизилет.
2) Справкага кол коюлгандан тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде, ал ушул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жиберилет.
Справка келген күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде табылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу чаралары, тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарын жана кызматчыларды тартипке чакыруу жана административдик чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарылдыгына жараша, административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү белгиленген тартипте демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл жылына бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
8. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызмат адамдары жана кызматчылары административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү жеке жана/же юридикалык жактарга аутсорсингге берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги ушул кызматты берүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандарттары менен бир убакта жана зарылдыгына жараша кайрадан каралып чыгууга тийиш.
1. Мазенов Бакытбек Амангельдиевич – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин, Өсүмдүктөрдүн карантини башкармалыгынын башчысы;
2. Кабылова Райла Турдуевна – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин, фитосанитардык сертификациялоону, зыянсыздандырууну жана лабораториялык камсыздоону уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси.
2-тиркеме
Мамлекеттик кызматтын
АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
Экспорттоо максатында карантинге алынчу продукциянын карантиндик фитосанитардык абалын аныктоо, анын ичинде бардык фитосанитардык анализдердин жана экспертизалардын бардык түрлөрү менен аныктоо, карантинге алынчу продукциянын карантиндик фитосанитардык карантин абалы жөнүндө корутунду/фитосанитардык документтерди берүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасы, 23-пункту
11. Жалпы жоболор
1. Аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан ишке ашырылат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы № 254 токтому менен бекитилген тийиштүү кызмат көрсөтүү стандарттарынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
1) Жалпы кызмат көрсөтүү мөөнөтү: 5 күнгө чейин;
2) фитосанитардык жана/же реэкспорттук фитосанитардык сертификатты (мындан ары – ФСС жана РФС) берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги:
а) фитосанитардык жана/же реэкспорттук фитосанитардык сертификатты алууга арыз берүү;
б) ким экендигин ырастаган документ;
в) товарды коштоочу документтердин нотариалдык жактан ырасталган көчүрмөлөрүн берүү;
г) Кыргыз Республикасынын аймагынан карантиндик продукцияларды анын негизинде алып чыгуу жүргүзүлгөн келишимдин (контракттын) көчүрмөсү, эгерде мындай келишим (контракт) бар болсо;
д) кызмат көрсөтүү төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
е) юридикалык жактар, анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу (ишеним кат) кошумча документ берет;
ж) РФС алынган убакта, ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн-мүчөлөрүнүн бажы аймактарынын чегинен тышка чыгарууга багытталган (реэкспорт), Кыргызстанга киргизилген карантинге алынчу продукцияга экспортер-өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, фитосанитардык сертификат.
3) Кызмат көрсөтүү акысы – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүү акысы агрардык өнөржай комплекси жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылган баалардын прейскурантында көрсөтүлгөн (www.agroprod.kg). Акы төлөө шарттары: төлөөгө берилген эсептин негизинде накталай эмес эсептешүү.
4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Карантинге алынган продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу жана карантиндик зыяндуу жана жөнгө салынуучу өсүмдүктөрдүн зыяндуу организмдеринин жайылышын алдын алуу, анын жыйынтыгы боюнча карантиндик фитосанитардык экспертиза жөнүндө күбөлүк жана фитосанитардык сертификат же реэкспорттук фитосанитардык сертификат таризделет.
12. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболордун топтомунан турат:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Арызды кабыл алуу жана ФСС жана/же РФС алуу үчүн тапшырылган документтерди алдын ала карап чыгуу | Мамлекеттик кызматты алууга керектүү документтерди топтоо |
2. | Карантиндик продукцияны карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөрүү |
|
3. | Лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү (сынамдарды) тандап алуу |
|
4. | Лабораториялык экспертизаны жүргүзүү жана лабораториялык корутунду берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысы төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтин болушу |
5. | Карантиндик текшерүү актысын түзүү, ФСС жана/же РФС тариздөө же берүүдөн баш тартуу |
|
13. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
Фронт-офис | ||||||
| ||||||
|
| |||||
|
|
| ||||
14. Жол-жоболордун сыпаттамасы жана алардын мүнөздөмөлөрү
2-таблица
Жол-жобонун жана иш-аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ | Иш-аракеттердин натыйжасы
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Арызды кабыл алуу жана ФСС жана/же РФС алуу үчүн тапшырылган документтерди алдын ала карап чыгуу | ||||
1.1 Иш-аракет ФСС жана/же РФС алууга арызды кабыл алуу | Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн адиси
| 10 мүн. | 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү жөнүндө жобо 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө» жобо 3) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин 2017-жылдын 27-февралындагы буйругу менен бекитилген Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык сертификатты берүү боюнча нускама | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү тартиби жана жол-жоболору жөнүндө кардарга маалымат берүү |
1.2 Иш-аракет Мамлекеттик кызматты алууга керектүү документтерди топтоо жана карап чыгуу
| 10 мүн. | А) ФСС жана/же РФС алууга керектүү документтердин болушу Б) Документтер бекитилген талаптарга жооп бербесе, ФСС жана/же РФС берүүдөн баш тартуу. | ||
1.3 Иш-аракет Арызды каттоо | 10 мүн. | Эгерде документтер талаптарга жооп берсе, арызды каттоо.
| ||
3 иш-аракет | 1 адам | 30 мүн. | 3 ЧУА |
|
1-жол-жобонун натыйжасы: Берилген документтерди карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү карантинге алынчу продукциянын партиясын текшерүү үчүн кызмат адамын дайындайт, ошондой эле текшерүү жүргүзүү күнүн жана убактысын белгилейт, же сертификаттуу берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алат. | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | ||||
Жол-жобонун түрү 1: Административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2. | ||||
2-жол-жобо. Карантинге алынчу продукцияга карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүү | ||||
2.1 Иш-аракет Карантинге алынчу продукциянын партиясын текшерүү
| Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу адиси
| 3 күнгө чейин | 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө» жобо 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобо; 3) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин 2017-жылдын 27-февралындагы буйругу менен бекитилген Фитосанитардык сертификатты, реэкспорттук фитосанитардык сертификатты берүү боюнча нускама | А) Эгерде карантинге алынган продукция фитосанитардык талаптарга жооп берсе, ФСС жана/же РФС берүү жөнүндө чечим чыгарылат Б) Лабораториялык экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандап алууга даярдануу
|
1 иш-аракет | 1 адам | 3 күнгө чейин | 3 ЧУА |
|
2-жол-жобонун натыйжасы: Эгерде карантинге алынчу продукция фитосанитардык талаптарга жооп берсе, ФСС жана/же РФС берүү же лабораториялык экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандап алууга даярдануу жөнүндө чечим кабыл алынат. | ||||
2- жол-жобонун узактыгы: 3 күнгө чейин | ||||
Жол-жобонун түрү 2: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3. | ||||
3-жол-жобо. Лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү (сынамдарды) тандап алуу | ||||
3.1 Иш-аракет Лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү (сынамдарды) тандап алуу | Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу адиси
| 3 саатка чейин | 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери жана Фитосанитардык сертификаттарды, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобо; 2) ГОСТ 12430-66 Айыл чарба продукциясы. Карантиндик кароо жана экспертиза жүргүзүү учурунда үлгүлөрдү тандап алуу ыкмасы (№1, 2 өзгөртүүлөрү менен) ГОСТ 12430-66 Группа С09; 3) Евразиялык экономикалык бирликтин Коллегиясынын 2016-жылдын 10-майындагы №41 чечими менен бекитилген Карантиндик фитосанитардык чараларды лабораторияларда камсыз кылуу тартиби | Тандалып алынган үлгүлөр (сынамдар) өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга жеткирилет
|
3.2 Иш-аракет Үлгүлөрдү (сынамдарды) тариздө жана таңгактоо | ||||
2 иш-аракет | 1 адам | 3 саатка чейин | 3 ЧУА |
|
3-жол-жобонун натыйжасы: Тандалып алынган, таризделген жана таңгакталган үлгүлөр (сынамдар) өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга жеткирилет. | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 3 саатка чейин | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4. | ||||
4-жол-жобо. Лабораториялык экспертизаны жүргүзүү жана лабораториялык корутунду берүү | ||||
4.1. Иш-аракет Алынган үлгүлөрдү (сынамдарды) каттоо | Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын адистери | 20 мүнөткө чейин | 1)Евразиялык экономикалык бирликтин Коллегиясынын 2016-жылдын 10-майындагы № 41 чечими менен бекитилген Карантиндик фитосанитардык чараларды лабораторияларда камсыз кылуу тартиби; 2) Кыргыз Республикаснын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиораци министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директорунун 2017-жылдын 15-февралындагы №13 буйругу менен бекитилген Менеджмент системасынын жол-жоболору ЦЛКР – 13 3) Кыргыз Республикаснын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиораци министрлигинин 2015-жылдын 17-мартындагы №109 буйругу менен бекитилген карантиндик организмдерди идентификациялоо боюнча методикалык көрсөтмөлөр | Үлгүлөрдү (сынамдарды) экспертиза жүргүзүүчүлөрдүн арасында бөлүштүрүү
|
4.2. Иш-аракет Лабораториялык экспертизаларды жүгүзүү: энтомологялык, гербологиялык, фитопатологиялык жана нематологиялык | 5 жумушчу күнгө чейин (Евразиялык экономикалык бирликтин Коллегиясынын 2016-жылдын 10-майындагы №41 чечиминин 1-тиркемесинде берилген мөөнөттөргө ылайык) | А) Экспертизанын протоколун түзүү; Б) Карантиндик фитосанитардык экспертизанын күбөлүгүн берүү.
| ||
2 иш-аракет | 5 адам | 5 жумушчу күнгө чейин | 3 ЧУА |
|
Жол-жобонун натыйжасы: Карантиндик фитосанитардык экспертизанын күбөлүгүн берүү | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 5 жумушчу күнгө чейин | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 5. | ||||
5-жол-жобо. Карантиндик текшерүү актын түзүү, ФСС жана/же РФС тариздөө | ||||
5.1 Иш-аракет Лабораториялык экспертизалардын жыйынтыктарын карап чыгуу
| Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу адиси
| 20 мүнөткө чейин | 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө» жобо 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобо; 3) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин 2017-жылдын 27-февралындагы буйругу менен бекитилген Фитосанитардык сертификатты, реэкспорттук фитосанитардык сертификатты берүү боюнча нускама | А) Карантиндик зыяндуу организмдер (КЗО) табылган жок: - карантиндик текшерүү акты түзүлөт, арыз ээсине ФСС жана/же РФС берилет. Б) Карантинге алынчу продукцияда карантиндик зыяндуу организмдердин табылгандыгы (алардын зыянга учурап, бузулгандыгы) аныкталды: карантинге алынчу продукция, менчик ээсинин тандоосу боюнча, карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу, карантиндик зыяндуу организмдерди жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратууну, же жок кылууну камсыздагын жолдор менен кайра иштетилүүгө тийиш, же ФСС жана/же РФС берүүдөн башт тартылат. |
Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу органы
| 15 мүнөткө чейин | |||
5.2 Иш-аракет Зыянсыздандыруу иштерин аткаруу | Аймактык бөлүмдүн зыянсыздандыруу боюнча ыйгарым укуктуу адиси
| 3 күнгө чейин | 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобо; 2) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2017-жылдагы буйругу менен бекитилген карантинге алынчу материалдарды жана карантиндик объекттерди зыянсыздоо иштерин аткаруу тартиби жөнүндө жобо. | Фумигация жөнүндө актыны берүү |
5.3 Иш-аракет Кайрадан текшерүү | ||||
5.4 Иш-аракет Жүргүзүлгөн зыянсыздандыруу жөнүндө актыны тариздөө
| ||||
5.5 Иш-аракет ФСС жана/же РФС тариздөө, же берүүдөн баш тартуу | Аймактык бөлүмдүн ыйгарым укуктуу адиси
| 20 мүнөткө чейин | 1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин 2017-жылдын 27-февралындагы буйругу менен бекитилген Фитосанитардык сертификатты, реэкспорттук фитосанитардык сертификатты берүү боюнча нускама 2) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин 2017-жылдын 27-февралындагы буйругу менен бекитилген Фитосанитардык сертификатты толтуруу боюнча нускама | А) ФСС жана/же РФС берүү Б) ФСС жана/же РФС берүүдөн баш тартуу
|
5 иш-аракет | 2 адам | 3 күнгө чейин | 4 ЧУА |
|
Жол-жобонун натыйжасы: 5: ФСС жана/же РФС берүү, же берүүдөн баш тартуу. | ||||
Жол-жобонун узактыгы 5: 3 күнгө чейин | ||||
Жол-жобонун түрү: 5: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
15. Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритмдери)
1-схема. Арызды кабыл алуу жана ФСС жана/же РФС алууга
берилген документтерди алдын ала карап чыгуу
2-схема. Карантиндик продукцияга карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүү
3-схема. Лабораториялык экспертиза үчүн үлгүлөрдү
(сынамдарды) тандап алуу
4-схема. Лабораториялык экспертизаны жүргүзүү жана лабораториялык корутундуну берүү
Схема 5. Карантиндик текшерүү актын түзүү, ФСС жана/же РФС тариздөө, же берүүдөн баш тартуу.
16. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (учурдагы) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин жетекчиси ички көзөмөлдөө иштерин алып барат.
2) Ички көзөмөл кызмат адамдары жана кызматчылар тарабынан административдик регламенттердин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышына жана аткарылышына үзгүлтүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.
3) Текшерүүлөр ар кварталда бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
4) Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
5) Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын бузууларды жоюу чаралары текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат, ошондой эле күнөөлүү жактардын жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантинин департаментинин чечими менен түзүлгөн комиссия кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл жүргүзөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары справка түрүндө таризделет, бул справкага административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар киргизилет.
2) Справкага кол коюлгандан тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде, ал ушул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жиберилет.
Справка келген күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде табылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу чаралары, тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарын жана кызматчыларды тартипке чакыруу жана административдик чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарылдыгына жараша, административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү белгиленген тартипте демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл жылына бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
7. Кызмат адамдарынын административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги
8. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызмат адамдары жана кызматчылары административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү жеке жана/же юридикалык жактарга аутсорсингге берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги ушул кызматты берүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
17. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандарттары менен бир убакта жана зарылдыгына жараша кайрадан каралып чыгууга тийиш
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Мазенов Бакытбек Амангельдиевич – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин, Өсүмдүктөрдүн карантини башкармалыгынын башчысы;
2. Кабылова Райла Турдуевна – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин, фитосанитардык сертификациялоону, зыянсыздандырууну жана лабораториялык камсыздоону уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси.
3-тиркеме
Мамлекеттик кызматтын
АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантинге алынчу продукцияны, транспорт каражаттарын зыянсыздоо, кампа жайларды өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоо ченемдерине жана эрежелерине ылайык профилактикалык фитосанитардык зыянсыздоо жана зыянсыздалганын ырастоочу документти берүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 8-главасы, 4-пункту
18. Жалпы жоболор
1. Аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан ишке ашырылат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы №254 токтому менен бекитилген тийиштүү кызмат көрсөтүү стандарттарынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
3) Жалпы кызмат көрсөтүү мөөнөтү: 7 күнгө чейин;
4) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги:
а) ким экендигин ырастаган документ;
б) кызмат көрсөтүүнү алууга арыз берүү;
в) кызмат көрсөтүү акысы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
г) ишеним кат (юридикалык жактардын атынан, алардын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу документ);
5) Кызмат көрсөтүү акысы – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүү акысы агрардык өнөржай комплекси жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылган баалардын прейскурантында көрсөтүлгөн (www.agroprod.kg). Акы төлөө шарттары: төлөөгө берилген эсептин негизинде накталай эмес эсептешүү.
6) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын зыянсыздоо, кампа жайларын өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоо ченемдерине жана эрежелерине ылайык профилактикалык фитосанитардык зыянсыздоо жана зыянсыздалганын ырастоочу документти берүү.
19. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболордун топтомунан турат:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Мамлекеттик кызматка суроо-талаптын берилиши | Кызмат көрсөтүүнүн зарылдыгы жөнүндө суроо-талап келип түшкөндөн кийин, адис кызмат көрсөтүү тартиби жөнүндө маалымат берет. Белгиленген үлгүдөгү арыз жана коштолуучу документтер берилет, андан соң жетекчилик кызматты аткарууга жооптуу адамды дайындоо жөнүндө резолюция чыгарат. Аткаруучу арызды карап чыгып, арызды каттоодон өткөрөт жана документтердин пакетин топтойт |
2. | Карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын, кампа жайларын зыянсыздоонун алдында текшерүү
| Зыянсыздандыруу кызматын (карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын, кампа жайларынын жайгашкан жерин, герметикалык абалын, карантинге алынуучу объекттин көлөмүн текшерүү) көрсөтүү максатында зыянсыздандыруу боюнча адис менен алдын ала иш алып баруу |
3. | Зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүү | Зыянсыздандыруу боюнча адис зыянсыздандыруу иштерин аткаруучу жерге барат |
4. | Зыянсыздандыруу иштерин аткаруу актысын берүү, карантиндик фитосанитардык зыянсыздоо актысын берүү
| Бул жол-жободо тийиштүү документтерди тариздөө жана берүү менен кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы каралат |
20. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
21. Жол-жоболордун сыпаттамасы жана алардын мүнөздөмөлөрү
2-таблица
Жол-жобонун жана иш-аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ | Иш-аракеттердин натыйжасы
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Мамлекеттик кызмат жөнүндө суроо-талаптын берилиши | ||||
1.1. Иш-аракет Кызмат көрсөтүүгө суроо-талаптын берилиши
| Секретарь-референт- Лабораториялык камсыздоо жана зыянсыздандыруу бөлүмүнүн адиси
| 10 мүнөткө чейин | Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Мыйзамы (11-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери | Кызмат көрсөтүү тартиби жана жол-жоболору жөнүндө кардарга маалымат берүү (консультациялык жардам)
|
1.2. Иш-аракет Зыянсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жазуу жүзүндөгү арыздын берилиши
| Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору/ Департаменттин түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси
| 5 мүнөткө чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июнундагы № 517 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама»
| Кызмат көрсөтүүнү ишке ашырууга жооптуу адамды дайындоо
|
1.3. Иш-аракет Белгиленген үлгүдөгү арызды жана зыянсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрун аткаруу үчүн берилген баштапкы документтерди карап чыгуу
| Лабораториялык камсыздоо жана зыянсыздандыруу бөлүмүнүн адиси
| 15 мүнөткө чейин | - Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Мыйзамы (11-берене); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы №376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери; - «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы № 254 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы №254 токтому. | Арызды каттоо жана зыянсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн аткарууга керектүү документтерди топтоо
|
|
|
|
|
|
Жол-жобонун натыйжасы: Каттоо журналына жазуу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: Карантинге алынган продукцияны, транспорттук каражаттарды, кампа жайларды зыянсыздандыруунун алдында карап чыгуу | ||||
Кийинки жол-жобону баштоо үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын берүү жолу: Арызды каттоо жана зыянсыздандыруу кызматын аткаруу үчүн керектүү документтерди топтоо | ||||
2-жол-жобо. Карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын, кампа жайларын зыянсыздандыруу үчүн изилдөө жүргүзүү | ||||
2.1 Иш-аракет Зыянсыздандыруу (карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын, кампа жайларынын жайгашкан жерин, герметикалык абалын, карантинге алынуучу объекттин көлөмүн текшерүү) жүргүзүү максатында зыянсыздандыруу боюнча адис менен алдын ала иш алып баруу.
| Борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн эксперттери
| 2 саатка чейин | -Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Мыйзамы (11-берене); -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы №376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө» жобо | Зыянсыздандыруу жүргүзүүгө тийиштүү маалыматтын толук болушу
|
Изилдөө актысын түзүү |
|
|
| Изилдөө актысы |
Жол-жобонун натыйжасы: каттоо журналына изилдөо актысын жазуу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 2 саатка чейин | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: Зыянсыздандыруу | ||||
Кийинки жол-жобону баштоо үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын берүү жолу: Изилдөө актысынын жыйынтыгы боюнча зыянсыздандыруу жүргүзүлөт | ||||
3-жол-жобо. Зыянсыздандырууну ишке ашыруу | ||||
3.1 Иш-аракет Карантинге алынган герметикалык объекттерди газациялоо ыкмасы мене зыянсыздандыруу, ачык жерлерде жайгашкан карантинге алынган объекттерди аэрозоль ыкмасы менен зыянсыздандыруу
| Борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн эксперттери
| 24 сааттан 168 саатка чейин | - Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Мыйзамы (11-берене); -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө» жобо - Айыл чарба өндүрүшүндөгү пестициддерди колдонуу, сактоо жана кампада сактоо коопсуздугу боюнча нускама. | Карантиндик объекттерди жок кылуу, жоготуу, стерилизациялоо (репродуктивдик жөндөмдүүлүктөрүнөн ажыратуу) же аларды жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу
|
3.2 Иш-аракет Өндүрүү анализи
| Борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн эксперттери
| Арыз кабыл алынгандан баштап 168 саатка чейин
| - Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Мыйзамы (11-берене); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө» жобо - Айыл чарба өндүрүшүндө пестициддерди коопсуз колдонуу, сактоо жана кампа жайларында сактоо боюнча нускама. | Жүргүзүлгөн зыянсыздандыруунун натыйжалуулугун баалоо, ошондой эле зыянсыздандыруу жүргүзүлгөндөн кийин кампа жайларындагы иштөө концентрациясын, газдын сызылып чыгышын, газдын калдык концентрациясын (дегазация) аныктоо
|
Жол-жобонун натыйжасы: Зыянсыздандыруу иштерин аяктоо | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 24 сааттан 168 саатка чейин | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу, атайын жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: Зыянсыздандыруу иштерин аткарууга акты берүү, карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу актысын берүү | ||||
Кийинки жол-жобону баштоо үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын берүү жолу: Зыянсыздандыруу иштери аткарылды | ||||
4-жол-жобо. Зыянсыздандыруу иштерин аткарууга акты берүү, карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу актысын берүү | ||||
4.1. Иш-аракет Зыянсыздандыруу иштерин аткаруу актысын, карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу актысын тариздөө
| Борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн эксперттери
|
40 мүнөткө чейин
| - Кыргыз Республикасынын «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Мыйзамы (11-берене); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелери | Зыянсыздандыруунун натыйжалары жөнүндө маалымат |
4.2 Иш-аракет Арыз ээсине зыянсыздандыруу иштерин аткарууга акты берүү, карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу актысын берүү
|
|
| Фитосанитардык сертификатка зыянсыздандыруу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө жазуу (эгерде карантинге алынган продукцияны Кыргыз Республикасынан алып чыгуу учурунда зыянсыздандыруу талап кылынса). Кызмат көрсөтүү акысы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция. | |
Жол-жобонун натыйжасы: Кызмат көрсөтүүнүн аякташы | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 40 мүнөткө чейин | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
22. Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритмдери)
1-схема. Мамлекеттик кызмат жөнүндө суроо-талаптын берилиши
2-схема. Карантинге алынган продукцияны, транспорт каражаттарын,
кампа жайларды зыянсыздандыруунун алдында кароо
Схема 3. Зыянсыздандырууну жүргүзүү
4-схема. Зыянсыздандыруу иштерин аткарууга акты берүү, карантиндик
фитосанитардык зыянсыздандыруу актысын берүү
23. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (учурдагы) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин жетекчиси ички көзөмөлдөө иштерин алып барат.
2) Ички көзөмөл кызмат адамдары жана кызматчылар тарабынан административдик регламенттердин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышына жана аткарылышына үзгүлтүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.
3) Текшерүүлөр ар кварталда бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын бузууларды жоюу чаралары текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат, ошондой эле күнөөлүү жактардын жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
5) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл жүргүзөт.
6) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары справка түрүндө таризделет, бул справкага административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар киргизилет.
7) Справкага кол коюлгандан тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде, ал ушул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жиберилет.
Справка келген күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде табылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу чаралары, тартип бузууларга жол берген кызмат адамдарын жана кызматчыларды тартипке чакыруу жана административдик чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарылдыгына жараша, административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү белгиленген тартипте демилгеленет.
8) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл жылына бир жолудан кем эмес убакыт аралыгында жүргүзүлөт.
7. Кызмат адамдарынын административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги
8. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызмат адамдары жана кызматчылары административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү жеке жана/же юридикалык жактарга аутсорсингге берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги ушул кызматты берүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандарттары менен бир убакта жана зарылдыгына жараша кайрадан каралып чыгууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. Мазенов Бакытбек Амангельдиевич – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин, Өсүмдүктөрдүн карантини башкармалыгынын башчысы;
2. Сейлакунов Арсен Омукенович – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин, фитосанитардык көзөмөлдү уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси.