Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 20-ноябры № 17-нпа
«Долбоордун башкы архитектору (башкы инженери) жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө»
Долбоорлордун башкы архитекторунун (башкы инженеринин) милдеттерин, укугун, жоопкерчилигин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнунда №372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. «Долбоордун башкы архитектору (башкы инженери) жөнүндө » жобо бекитилсин.
2. Мамкурулуштун алдындагы шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-ж. 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттарынын расмий жарыяланышынын булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн.
- буйрук расмий жарыялангандан кийин үч күндүн тартып ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө, буйрукту жарыялаган басылманы көрсөтүп, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн а Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүшсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. КР КЧжЭ 1.06.04-85 «Долбоордун башкы инженери (башкы архитектору) жөнүндө жобо» колдонулуусу токтотулсун.
4. Ушул буйрук расмий жарыялангандан күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Статс-катчы | С.Борубаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «20» ноябрь 2018-ж. № 17-нпа буйругуна тиркеме |
Долбоордун башкы архитектору (башкы инженери) жөнүндө жобо
Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо экономиканын ар кыл тармактарындагы иштеп жаткан ишканаларды, имараттарды жана курулмаларды кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу, жаңыларын куруу, шаарларды, шаар тибиндеги поселокторду жана калктуу айыл жерлерин мерчемдөө жана куруу (мындан ары – объекттерди куруу) долбоорлорунун башкы архитекторунун (башкы инженеринин) милдеттерин, укугун, жоопкерчилигин аныктайт.
2. Архитектура-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган иштеп жаткан мыйзамдарды жетекчиликке алып, экономиканын ар кыл тармактарынын объекттерин долбоорлоодогу жана куруудагы өзгөчөлүктөрдү эске алып, ушул Жобого долбоорлордун башкы архитекторунун (башкы инженеринин) милдеттерине кошумча милдеттерди киргизүүгө укуктуу.
3. Тиешелүү квалификациялуу тастыктамага ээ болгон долбоорлордун башкы архитектору (башкы инженери) долбоорлоо фирмасынын жетекчисинин буйругу менен долбоорлоонун, куруунун, объектти ишке киргизүү жана долбоордун кубаттуулугун өздөштүрүүнүн бардык мезгилдеринин аралыгында долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгууну уюштуруу жана долбоорлоо-изилдөө жүргүзүү иштерин техникалык жактан жетектөө үчүн дайындалат (жана кызматынан бошотулат).
Өнөр жай, транспорт, энергетика, байланыш, айыл чарба жана суу чарба курулуш объекттерин долбоорлоодо долбоордун башкы инженери дайындалат, ал эми жарандык курулуш объекттерин, шаарларды жана калктуу айыл пункттарын мерчемдөөнү жана курууну долбоорлоодо – долбоордун башкы архитектору дайындалат.
Ири жана татаал объекттерди же архитектуралык көрүнүш үчүн зор мааниге ээ болгон ишканалардын жана курулмалардын объекттерин долбоорлоодо долбоордун башкы архитекторун жана башкы инженерин дайындоого жол берилет. Мындай учурда жетектөөчү роль алардын бирөөсүнө жүктөлөт.
Генералдык долбоорлоо уюму ишканалардын, имараттардын жана курулмалардын, шаарларды жана калктуу айыл пункттарын мерчемдөөнүн жана куруунун бардык комплекси боюнча долбоордун башкы архитекторун (башкы инженерин) дайындайт, субподряддык долбоорлоо уюму - ушул уюм аткарган иштердин комплекси боюнча гана дайындайт.
Генералдык долбоорлоочу уюмдардын жетекчилерине өтө маанилүү объекттерди долбоорлоодо зарыл болгон учурларда башкы архитектордун (башкы инженердин) орун басарын дайындоого уруксат берилет.
4. Долбоордун башкы архитектору (башкы инженери) долбоорлоонун жана долбоорлоо-сметалык документтерди чыгаруунун бардык мезгилдеринин аралыгында долбоорду иштеп чыгуунун уюштуруучусу, долбоорлоо иштеринин техникалык жана чыгармачыл жетекчиси болот.
Долбоордун башкы архитектору (башкы инженери) өз ишмердүүлүгүндө төмөндөгүлөрдү жетекчиликке алат:
- иштеп жаткан мыйзамдарды;
- экономика тармактарынын өнүгүү жана жайгашуу схемаларын;
- экономикалык райондор боюнча өндүрүш күчтөрүнүн өнүгүү жана жайгашуу схемаларын;
- райондук мерчемдөөнүн долбоорлорун жана схемаларын;
- шаарларды жана калктуу айыл пункттарын мерчемдөөнүн жана куруунун долбоорлорун;
- өнөр жай түйүндөрүнүн генералдык мерчемдеринин схемаларын;
- тиешелүү объекттерди долбоорлоодо тармактардагы негизги багыттар боюнча документтерди;
- типтүү долбоорлоо документтеринин каталогдорун;
- курулуш ченемдерин жана курулуш эрежелерин;
- мамлекеттик стандарттарды;
- долбоорлоого бекитилген тапшырманы;
- архитектуралык-пландоо шарттарга жана инженердик-техникалык шарттарга ылайык уруксат берүүчү документтерди.
5. Долбоордун башкы архитекторунун (башкы инженеринин) максаттары долбоорлонуп жаткан объекттердин техникалык-экономикалык жактан жогорку деңгээлде болуусун жана долбоорлоо-сметалык документтердин, объекттердин наркынын сапаттуу болуусун, шаар куруу жана архитектуралык-мерчемдөө чечимдердин сапатынын жакшыруусун камсыздоо болуп эсептелет.
6. Долбоордун башкы архитекторунун (башкы инженеринин) максаттарына ылайык аларга төмөндөгү милдеттер жүктөлөт.
7. Комиссиянын курулушка аянтты (трассаны) тандоо боюнча иштерине, имаратты долбоорлоого даярдоо иштерине, иштеп жаткан ишканаларды, имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу үчүн инженердик текшерүүдөн өткөрүү иштерине катышуу.
8. Жаңы технологиялык процесттер колдонула турган объекттер үчүн жана узак мөөнөттө иштелип чыга турган, конструкциялана турган жана даярдала турган жабдыктар колдонула турган объекттерге илим-изилдөө, конструкторлук жана долбоорлоо иштерин аткаруунун комплекстүү мерчем-графигин түзүүгө катышуу.
9. Долбоорлоо-изилдөө жүргүзүү иштерин аткарууга, уюмдардын жана катышуучу-түзүмдүк бөлүмдөрдүн оротосунда долбоорду иштеп чыгууну жана долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу графигин түзүүнү бөлүштүрүүгө тапшырык берүүчү менен келишим түзүү үчүн маалыматтарды даярдоо.
10. Долбоорду иштеп чыгуучулардын курамын калыптандырууну камсыздоо, алардын ортосунда милдеттерди, максаттарды жана жоопкерчиликтерди долбоордун бөлүмдөрү жана бөлүктөрүбоюнча, көлөмү боюнча жана ылайыктуу айлык маяна фондуна жараша иштердин наркын бөлүштүрүү.
11. Субподряддык, изилдөө ж.б. уюмдар тарабынан иштелип чыккан материалдарды техникалык кабыл алууну ишке ашыруу.
12. Кабыл алынып жаткан долбоордук чечимдердин техникалык жана экономикалык деңгээлин жана долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу мөөнөттөрүн контролдоо.
13. Субподряддык долбоорлоо жана изилдөө уюмдарына аларга тапшырылган иштерге имараттарды даярдоо жана ушул уюмдарды долбоорлоого зарыл болгон баштапкы маалыматтар менен камсыздоо; долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу учурунда субподряддык уюмдарда пайда болгон бардык суроолорду өз убагында чечип берүү.
14. Типтүү жана кайталанып колдонулуучу экономдуу жеке долбоорлорду, унификацияланган көлөмдүү-мерчемдүү, конструкциялык жана технологиялык чечимдерди, түйүндөрдү, конструкцияларды жана буюмдарды долбоорлоодо кеңири колдонуу үчүн тандоо.
15. Долбоордун бардык комплекси боюнча долбоорлоо-изилдөө жүргүзүү иштерин координациялоо, тапшырык берүүчүгө ушул иштерди аткарууга келишимдеги графикте каралган мөөнөттөрдө комплекттүүдолбоорлоо-сметалык документтерди берүүнү камсыздоо, долбоорлоо-изилдөө жүргүзүү иштерине каралган каражаттардын туура сарпталуусуна үзгүлтүксүз контроль жүргүзүү.
16. Долбоорлоо менен байланышкан жана курулуш учурунда, объектти ишке киигизүү учурунда, ошондой эле объекттин кубаттуулугун өздөштүрүүдө пайда болгон суроолорду өз убагында чечүү.
17. Эң эле максаттуу жана экономдуу долбоордук чечимдерди ачып табуу үчүн керектүү варианттарды иштеп чыгууну камсыздоо.
18. Долбоорлордун долбоорлоого тапшырмаларга туура келүүсүн жана жумушчу документтердин – бекитилген долбоорго туура келүүсүн камсыздоо.
19. Долбоордо алгач ирет иштелип чыккан же пайдаланылган технологиялык процесстердин, жабдыктардын, конструкциялардын, материалдардын жана буюмдардын патентик тазалыгын текшерүү боюнча иштерди уюштуруу.
20. Долбоорлоо документтеринин курамындагы долбоордук чечимдердин көлөмүнүн жетиштүүлүгү жөнүндө чечимди кабыл алуу.
21. Долбоорлоо-сметалык документтердин көлөмүн өркүндөтүү.
22. Иштеп жаткан ченемдерден жана эрежелерден четке чыгууларды негиздөө менен аткарылган долбоорлоо документтерди аларды бекиткен мамлекеттик көзөмөл органдары жана кызыкдар болгон уюмдар менен ошол четке чыгуулар боюнча макулдашуу.
23. Ишканаларды, имараттарды жана курулмаларды курууга долбоорлоо-сметалык документтер ченемдерге, эрежелерге, нуксамаларга жана мамлекеттик стандарттарга ылайык иштелип чыккандыгы туурасында долбоордун материалдарында тиешелүү жазуу менен тастыктоо.
24. Архитектура-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипке ылайык долбоорлоо-сметалык документтерди кароого жана макулдашууга катышуу.
25. Долбоорду экспертиза органдарында жана шаар куруу кеңешинде коргоо.
26. Курулшука автордук көзөмөл жүргүзүү.
27. Долбоордук уюмдун жетекчилигине жана долбоорлоо-сметалык документтерге тапшырык берүүчүгө жумушчу долбоорго жаңы ченемдик документтердин киришине байланыштуу, курулуштун чыныгы абалын эске алып, өзгөртүүлөрдү киргизүү туурасында сунуштарды даярдоо.
28. Долбоордун башкы архитектору (башкы инженери) төмөнкүлөргө укугу бар:
29. Мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда долбоорлоо-сметалык документтерди карап чыгууда иштеп чыгуу, макулдашуу жана экспертиза суроолору боюнча, бекитилген долбоор боюнча курулушту жүргүзүүдө долбоорлоочу уюмдун атынан чыгуу жана долбоорлоочу уюм аныктаган тартипте ушул суроолор боюнча кат алышууну жүргүзүүгө.
30. Тапшырык берүүчүнүн тапшырмасы боюнча долбоорлоо жана курулуш процессинде долбоордук чечимдерди өзгөртүү боюнча чечимдерди кабыл алууга, генералдык мерчемдин долбооруна, архитектуралык чечимдерге белгилүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгөжана зарыл болгон учурларда архитектура-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашууга.
31. Эгерде курулуш-монтаждоо иштеринин айрым түрлөрү долбоордон четке чыгуу менен жүргүзүлсө, техникалык шарттар жана ушул иштерди өндүрүү бузулса, ошондой эле алардын сапаты канааттандыраарлык эмес болсо, өндүрүүнү токтотууга.
32. Долбоордун иштелип чыгуу абалын, долбоорлоо-изилдөө жүргүзүү иштерине бөлүнгөн каражаттын туура сарпталышын, долбоорлоонун белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышын жана долбоорлоо-сметалык документтердииштеп чыгуу процессиндеги долбоордук чечимдердин сапатын текшерүүгө.
33. Долбоордук уюмдун жетекчилигине объекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча жаңы ченемдик документтерди иштеп чыгууга жана иштеп жаткан ченемдик документтерге оңдоп-түзөлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш киргизүүгө.
34. Долбоордук уюмдун жетекчилигине долбоорду иштеп чыгууда үзүрлүү эмгектенген жумушчуларды сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө, уюмдардын жана аткаруучу - түзүмдүк бөлүмдөрдүн ортосунда сыйлыктарды бөлүштүрүүгө катышууга, ошондой эле долбоорлоо-сметалык документтерди сапатсыз иштеп чыккан жана мөөнөттөн кечиктирген жумушчуларга жаза берүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
35. Долбоордун башкы архитектору (башкы инженери) долбоорлоо жана курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик-техникалык документтердин талаптарын тутууга, ошондой эле ушул жободо көрсөтүлгөн баардык милдеттерди аткарууга жоопкерчиликтүү.
36. Долбоордун бөлүмдөрү боюнча долбоордун башкы архитектору менен башкы инженеринин ортосунда жоопкерчилик төмөндөгүдөй бөлүнөт:
- долбоордун башкы архитектору иштеп чыгуучулар менен бирге генералдык мерчемдин бөлүмдөрүнө жана архитектуралык чечимдерге жоопкерчиликтүү;
- долбоордун башкы инженерии иштеп чыгуучулар менен бирге «Конструкцияны эсептөө», «Конструкциялык чечимдер» бөлүмдөрүнө жоопкерчиликтүү.
Долбоорлоо-сметалык документтердин башка бардык бөлүмдөрүнө долбоордун башкы архитектору менен башкы инженери чогуу жоопкерчиликтүү болушат.
Эгерде долбоордун башкы архитектору (башкы инженери) дайындалбаса, ар бир бөлүмгө башкы адис жоопкерчиликтүү болот.