Загрузка документа…
КР Финансы Министрлигинин
2023-жылдын 11-ноябрындагы № 2-Б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТИРЛИГИ
БУЙРУК
(КР Финансы министрлигинин 2019-жылдын 12-сентябрындагы №103-Б, 2019-жылдын 12-сентябрындагы №107-Б буйругунун редакциясына ылайык )
2018-жылдын 25-декабры № 137-Б
Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруучу аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына ыйгарым укук берүү жөнүндө” токтомунун негизинде,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркелген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобо бекитилсин.
2. Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясы башкармалыгы:
1) бул буйрук катталгандан кийин үч жумуш күн аралыгында «Эркин-Тоо» газетасына мамлекеттик жана расмий тилде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн расмий веб-сайтына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына жарыяласын;
2) бул буйрук расмий жарыялангандан кийин үч жумуш күн аралыгында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө киргенден тартып, үч жумуш күн аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 97-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө”буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйрук расмий жарыялангандан жети күн аралыгында күчүнө кирет.
5. Бул буйрукту аткарууну контролдоону өзүмө калтырам.
Финансы министри | Б. Жеенбаева |