Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин
2024-Жылдын 22-Январындагы № 1-Б Буйругуна Ылайык
Күчүн Жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 11-июлу № 2-Б
Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:
1. Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяланган булагын көрсөтүү менен ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Төмөнкүлөр:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 12-сентябрындагы №103-Б “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” буйругу;
3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 16-сентябрындагы №107-Б “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” буйругу;
4) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2021-жылдын 12-августундагы №66-Б “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары - Борбордук казыналыктын директору У.О.Даникеевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин м.а. |
| Р.М.Суйналиев |